Эдгар Аллан По: Чыркыраган жүрөк (конкурска №15)

АҢГЕМЕ

Бул чындык! Ооба, ошондо тим эле ширеңке чагып жиберсе, жалбырттап күйүп кетчүдөй, ичимдеги жиним ашынган абалда элем. Жок, эмнеге сен мени жинди экенсиң деп жатасың? Жан-дүйнөмдүн оорусу менин сезимимди талкаламак тургай, тескерисинче  курчутуп, шыктандырып жатты. Кулагымдын угуусу тим эле үкүнүн кулагындай шырп эткендин баарын угат. Угарман Маамыт сыңар жердин жети түбүндө жаткан жыландын кепшенгенин, жети кабат асмандын түпкүрүнөн чыккан белгисиз үндөрдөн бери. Ал тургай тозоктон чыгып жаткан үндөрдү да укчу болдум. Мени жинди деп жатасың, бирок мен азыр сага ошол болгон ишти бир жакшынакай, тунук акыл-эсимде айтып берем.

Бул менин оюма кандайча келген себебин  чынында айтыш кыйын. Бул ой менин башыма кирди да, чыкпаган киринедей болуп, менин башымда күнү-түнү жашап алды. Ушунун көзүн тазалайын деген деле адамым жок болчу. Мындайга каалоом да жок эле. Менин көңүлүмдү эч качан оорутпаган, мага эч кандай жамандыгы жок, бир топ жашка барып калган аксакал бар эле. Аны менен мен да ынак элем. Аны өлтүрүп, алтынын уурдап алайын деген деле ой жок болгон. Бул ишке анын көзү себеп болду окшойт. Ооба, ал абышканын тим эле “таз жорунун көзүндөй”, көпкөк көзү.  Ал чакчайган, көпкөк көзү менен кудум таз жорудай мага кадала тиктегенде, каным кайнап, өзүмдөн-өзүм жинденип кетчүмүн. Анан бир күнү, кой айланайын, ушул көк көздүн көзүн тазалап, мындан биротоло кутулайын деп чечтим.

Ошентип анын оң жак көк көзү  буга себеп болду. Сен мени даана экенсиң деп, дагы шылдындап жатасың. Түшүнүп турам аныңды, актанбай эле кой. Жинди адамдын колунан мындай иш келбейт. Көрдүңбү, бул ишке мен кандай сактык менен, кандай кыраакылык менен, бүт баарын абайлап баамдап, анан барганымды. Бир жума бою абышкага жалжактап, аркы-беркини сүйлөп, тамашалашканды токтоттум. Ар түнү, тагыраагы, тээ түн бир оокумда ордумдан туруп, абышка жаткан бөлмөнүн эшигинин туткасын ушундай чебердик менен акырын түртүп көрөм. Эшикти акырын менин башым баткыдай ченде ачып, чырактан көздөй да жарык чыкпагандай кылып алаканым менен жаап, анан башымды култ эте тартып алам. Абышканы ойготуп жибербеш үчүн башымды жыландын башындай кылып, эшиктен акырын тартып алып жатканымды көрүп алып, күлгөн адам жок да. Ушундай жол менен башымды эшиктен салып, анын уктап жатканына бүт байкоомду жүргүзүп, анан ушундай жол менен башымды эшиктен сууруп алып, анан эшикти үн чыгарбай жаап койгонго эле бир сааттай убактым коройт. Сен мени жинди дейсиң, жинди адам ушундай ишти кыла алмак беле. Андан соң, чыракты колум менен жаап, андан ийненин көзүндөй жарык чыгарып туруп, ушундай кылдаттык менен абышканын көзүнө туштайм. Көк көз уктап жатабы же жокпу билишим керек да. Ушул нерсени жети күн катары менен жасадым. Бактыга жараша, жети күн катары менен көк көз уктап жаткан болот. Анан негизги ишке өтөйүн десем, мунун айтканга оңой, кыла келгенде бир топ машакаты бар экен. Мен абышканын өзүнөн корккон деле жерим жок, болгону анын укмуштуудай көпкөк көзү апкаарытып жатты.

Ар күнү эртең менен  анын бөлмөсүнө кирип барам да, атынан айтып саламдашып, ал-акыбалын сурап, анан эчтекени билбеген адамдай түндө кандай уктадыңыз деп сурап коём. Эгерде ар түнү, тээ бир оокумда мен анын эшигинен аңдып жүргөнүмдөн шексинип эле калса, анда бул көк көз чычканга кебек алдырбаган, сак киши болмок.

Сегизинчи түнү мен адаттагыдай, мышыктай абайлап, эшикти акырын  ачтым. Сааттын минутасы адаттагыдан тез агып жаткандай туюлду. Мен ушуга дейре мендеги баамдоо сезимдер болуп көрбөгөндөй өнүгүп кеткенин сезбеген экем. Кайратым да толуп-ташып баратты. Эшикти аздан ачып баштаганымда, анын оюнда менин максатым боюнча кыпындай да шеги болбосун ойлодум. Абышка менин киргенимди угуп калып, бери оодарылып жаттыбы деген ой башыма келгенде, аз жерден бырс күлүп жибере жаздадым. Мени кайра артка кайрылып кетти деп ойлоп жатасыңбы? Жок, анткеним жок. Анын бөлмөсү көзгө сайса көрүнгүс караңгы (уурулардан шекшип, эшик-терезени жылчык калтырбай жаап алып уктачу). Мен анын бул караңгылыкта эчтекени көрө албасына көзүм жеткен соң, эшикти акырындан, ишенимдүү түрдө ача бердим.   

Мен өзүмдү жоготпостон чырактын жарыгын чоңойтуп жаткан кезде, менин манжам чырактын коло кармоочуна тийип кетип, чырк дей түшкөн кезде абышка ордунан атып туруп, кыйкырып жиберди:

- Ким бул?!

Мен турган жеримде үндөбөстөн, селейип калдым. Бир сааттай ордумдан былк этпей турган кезде, анын төшөккө кайрадан кынтая кеткенин укканым жок. Мен селейип турсам, ал турган жеринде менден бетер селейип, дубалдагы өлүм саатынын чыкылдаганын тыңшап жаткансып тура берди.

Бир маалда анын онтоп жибергенин уктум. Өлүм сааты жакындап келгенде корккондон онтоп чыккан үн. Ал оорудан же кайгыдан онтоп жаткан жери жок, албетте! Ажал периштеси жакындап келе жатканын сезип, жан-дүйнөнүн түпкүрүнөн буга кайгырыппы же коркуудан чыккан онтогон үнбү. Мага тааныш үн. Көбүнчөсү түнкүсүн, тагыраагы түн ортосу, бүткүл аалам уйкуда жатканда, мени дүрбөлөңгө салып, көкүрөгүмдөн удургуп атып чыккан үн. Ошого бул үн мага жакшы тааныш. Мен жүрөгүмдүн тээ түпкүрүнөн кытмыр аралаш күлкү чыгып жатканына карабастан, дал ушул саатта абышканын акыбалын сезип, аны ушунчалык аяп кеттим. Бечара баягы чыккан дабыштан улам, анын ички-дүйнөсүн коркунучтар ээлеп алып, кайра уктап кете албастан селейип олтурат. Ал өзүн жооткотуш үчүн, муну жакшы нерсеге жоруса да, көңүлү эч жай албай жатат. Ал өзүнчө: “Бул болгону морудан чыккан шамалдын үнү, же шыпта чычкан чуркап жүргөндүр”, же “саратан чегирткенин  чыртылдаганы болгон чыгар” деп өзүн жооткотуп жатат. Ооба, бечара өзүн ушундай ойлор менен тынчытып жатып эле, анан бир маалда оюна капыстан бир ой кылт эте түшсөчү. Капыстан бир ой. Себеби, ажал периштеси жакындап келип, анын маңдайына чоң көлөкөсүн түшүрүп, курмандыгын өз кучагына ала баштаган кезде, ар кимде бир ой кылт эте түшөрү бышык. Менин башым бул бөлмөдө турганын ал укпаган, көрбөгөн чакта деле, ажал периштесинин көлөкөсү анда кайгылуу сезимдерди козгоп жиберери анык.

Мен анын кайрадан кынтая түшүп, жата кеткенин күтө турганча, чырактын колум менен жапкан жеринен жылчыктай жарык чыгардым. Жылчыктан тим эле жөргөмүштүн желесиндей жарык нурун чыгардым да, аны чакчайган, көпкөк көзгө туштадым.   

Жумулбастан, ачык турган көздү – көпкөк панардай жанган, жалгыз көздү көргөндө, менде болуп көрбөгөндөй тажаалдык кайнап чыкты. Көпкөк, өлүк көздүн тике карап турганын даана көргөнүмдө, каардануум ичиме батпай, андан бетер жиним кайнап, карышып чыктым; бирок мен абышканын жүзүнбү же адамдын жүзүнбү, баамдай албай калдым: жөргөмүштүн желесиндей ичке жарык нурун иттей ички туюм-сезимим менен боолгоп билгендей, дал ошол  соолуп калгыр, агып түшкүр көк көзгө туштаган экем.

Азыр мен сага айткандай, мен ошондо акыл-эсимден айныбай эле, тескерисинче, менин сезимдерим жетинчи тепкичке чейин козголуп кетти. Ошондо мага пахтага ороп койгон сааттын чыкылдаган үнүндөй, үзүл-кесил, түшүнүксүз үндөр кулагыма угулуп кетти. Бул үн да мага тааныш. Бул абышканын жүрөгүнүн дүкүлдөп соккон үнү. Бул мага согушка кирип бараткан жоокердин кайратын ашырган добулбастай менин жаалданган, тажаан сезимимди андан бетер козгоп жиберди. 

Бирок ошондо да өзүмдү кармап, үндөбөстөн, акырын дем алып, чыракты кыймылдатпай кармап тура бердим. Мурдагыдай эле жарык нурун анын көзүнөн албай такап турдум. Бул мезгилде жүрөктүн соккон үнү уламдан-улам катуулап, ыргагы улам-улам тездеп жатты. Абышканын жүрөгү жарылып кетчүдөй коркунучтун туу чокусуна жетти. Бул уламдан-улам катуулап, жаңырып жатты, түшүндүңбү, уламдан-улам кулакты жарып жиберчүдөй жаңырып, мендеги тажаал сезимдер оттой алоолонуп жатты! Мына, өлүктөй жымжырт бул эски үйдө өлүм сааты жакындап калганда, кандайдыр бир таң каларлык үндөн улам өзүмдү кармана албай жаттым. Ошентсе да бир нече мүнөт өзүмдү кармап, былк этпестен тура бердим. Бирок жүрөктүн соккон үнү андан бетер катуу-катуу чыгып баштады!  Тим эле жарылып кетчүдөй согуп, эми мени дагы бир кабаатыр ой ээлеп баштады – бул үн коңшуларга да угулуп жатсачы! Чалдын да күнү бүттү! Бир кыйкырып жиберип, чырактагы жарыкты коё бердим да, бөлмөгө мышыктай секирип кирип келдим. Ал болгону бир жолу кыйкырып алгандай болду. Заматта аны керебеттен полго сүйрөп жыктым да, оор матрасты ага таштай салып, үстүнөн басып калдым. Мен иштин мүдөөсүнө жеткендей ырсая күлдүм. Чалдын жүрөгүнүн согушу уламдан-улам басаңдап өчүп баратты. Мындан кабаатыр болуштун кажети жок; дубалдын ары жагынан бул үн угулушу күмөн. Бара-бара жүрөктүн согушу токтоп калды. Чал тынчыды. Матрасты алып, өлүктү тиктедим. Ооба, чалдын денеси эчак катып калыптыр. Көкүрөгүнө колумду коюп, жүрөгүн тыңшадым. Ал өлүптүр. Эч кандай жүрөктүн соккону билинбейт. Акыры минтип көк көздөн да кутулдум.

Эгер сен мени азыр да жинди санап жатсаң, азыр мен кандай айлакердик менен сөөктү жашырганымды уккандан кийин, ал оюңдан кайтасың. Таң агарып баратат, мен акырын абайлап, шыпылдап ишке кириштим. Алгач денени жиликтеп чыктым. Башын, колдорун, буттарын денеден кесип алдым.

Андан соң полдун үч тактайын сууруп алдым да, анын алдына жиликтенген денени кынап жайгаштырып, тактайларды эч ким байкабай турган кылып кайра ордуларына кагып салдым. Бул ишти аябай кылдаттык менен жасаганым үчүн, кийимде эч кандай кандын тактары билинбейт. Шек жаратар балакеттин баары өлүк менен кошо кетти. Чалды өз үйүнө көмүп салдым. Жайлаптырмынбы?! Ха-ха-хаа!

Мен иштин аягына чыкканымда саатты карасам төрт болуптур – эшик дале караңгы. Сааттын коңгуроосу түнкү төрттү айтып кагылар замат, сырткы дарбазанын эшиги тыкылдап калды. Мен эшикти ачуу үчүн ылдыйга түшүп жөнөдүм. Жүрөгүмдүн согушу өз калыбында – менде эми корко турган эчтеке жок. Эшикти ачсам, үч киши кирип келди, тапталанып сүйлөп, полициядан келдик деп өздөрүн тааныштырып өтүштү. Түн ичинде бөлмөдөн чыккан кыйкырыкты коңшулардан бирөө угуп калып, полицияга кабар жеткирген экен, булар ошого үйдү тинтүүгө алуу үчүн жетип келишкенин айтышты. Мен кабагым-кашым дебестен, жылмаюу менен аларды үйгө кириңиздер дедим. Мен түндөсү уктап жатканда түшүркөп кыйкырчу адатым бар экенин, чалдын эки күн мурда бир жакка кеткенин айттым. Аларга үйдү бүт аңтарып, бүт карап чыксаңар да болот дедим. Бөлмөлөрдү бир четтен көргөзүп, шашылбастан карап чыгышын эскерттим. Аларды чал жаткан бөлмөгө ээрчитип кирип, анын бар дүнүйөсүн көрсөтүп бердим. Чалдын буюм-тайымы бүт ордунда. Бөлмөгө отургучтарды алып келип, аларды чарчашса бир аз олтуруп, эс алып алуусун сунуш кылып, өзүм тоодой жүрөгүм менен отургучту так ошол чалдын денеси жаткан жерге коюп, үстүнө олтура кеттим.

Полиция кызматкерлери менин ийкемдүү мамилеме ичтери жылып, эми такыр эчтекеден шек санабай калышты. Анын ордуна мага ар кандай жагымдуу суроолорду беришип, мен аларга шаңдуу жооп кайтарып, аркы-беркини сүйлөшүп олтуруп калдык. Бир маалда эле менин өңүм кубара баштап, ичимден алардын чыгып кетүүсүн ушунчалык каалап баштадым. Башым чыңала оорутуп, кулактарым чуулдап баштады. Алар болсо чыгып кетүүнүн ордуна, чоң энесинин үйүнө конокко келишкенсип, ар кайсыны бажылдап сүйлөп, козголбостон олтура беришти. Үн эми мага даана угула баштады. Мен өзүмдү алаксытайын деп көбүрөк сүйлөп баштадым, үн андан бетер катуулап чыга баштады. Акырында бул үн менин кулагымдан эмес, башка жерден чыгып жатканына көзүм жетти.

Өңүм кубарып калганына эми ишендим; мен шек алдырбайын деп эчтеке болбогондой, үнүмдү бийик көтөрүп сүйлөп жаттым. Кашайгыр үн мага өчөшкөнсүп, андан бетер катуулап чыгып баштаса болобу. Айламды алты кетирип, суй жыгылта турган болду, балакет алгыр. Кудум пахтага ороп койгон сааттын тез-тезден чыкылдап, тээ түпкүрдөн чыркырап чыгып жаткан үнүндөй. Демим кысылып, башкача болуп баратканымды офицерлердин бири да капарына алган жок. Ордумдан тура калып, тигилер менен майда-чүйдө бирдемелер жөнүндө талаша кетип, колумду силкилдетип жибергенимди айт. Тээ түпкүрдөн чыркырап чыккан үн эми мага такыр эрегишип алды. Же бул түгөттөрдүн үйдөн чыгып, кетели дей турган түрлөрү жок. Үчөөнүн тең маанайы жакшы, куруп кеткирлер. Алардын чоң энесинин үйүнө тойго келгендей олтуруп алышканына жаным кашайып, бөлмөдө ары-бери баса баштадым. Үн мени чыркырап, ээрчип алды. Кудай ай! Эми эмне кылса болот деги?!

Өзүмдөн-өзүм жаалданып, өзүм олтурган отургучту ал жерден түртө салганда, так ошол орундан оргуштап чыккан булактай үн андан бетер катуулап, чыркырап чыгып баштады. Бөлмөнүн ичи чыркырап чыккан үнгө толуп кетти. Тиги келесоолор дагы деле эчтеке болбогондой ар кайсыны айтып каткырып олтура беришти. Жараткан өзүң сакта, айланайын! Мага угулуп жаткан үндү алар кандайча угушпайт?! Жок! Жок! Алар укту! Алар баарын сезип турат! Мени кантер экен деп сынап жатышат, кыйтырлар деген ойлор мээмди тээп чыкты. Мындан өткөн азап жок! Алардын мени келекелеп күлүп жатышканына мындан ары чыдашка алым да жок! Мына ушуларды ойлоп, жөн өлбөй, бир кыйкырып өлөйүн деп чечкенимде, көзүмө эчтеке илинбей, кулагыма тээ түпкүрдөн, уламдан-улам катуулап, чыркырап  чыккан үндөн башка эчтеке угулбады.

– Энеңдурайын, эшектер! – деп кыйкырып жибердим. – Токтот тамашаңды, жалжактабай! Мына мен өлтүрдүм чалды!

Алардын күлкүсү заматта басылып, үчөө тең элейип, менин оозумду тиктеп калышты. Жүрөктүн чыркырап соккон үнү дале чыгып жатты.

– Чоң энеңдин тою түшүп жатабы бул жерде, эмне күлөсүңөр?! Мына тактайды ач да, кара ишенбесең жакшылап! Анын жүрөгү чыркырап дале согуп жатат!

1843-жыл.

Англис тилинен которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ

Аңгеме тууралуу котормочудан кыскача нускоо: “Чыркыраган жүрөк” (англис тилинде The Tell-Tale Heart) жазуучу Эдгар Аллан По жазган «коркунучтуу» аңгемелердин катарына кирет. Аңгеме Жеймс Расселл Лоуэллдин «The Pioneer» журналына 1843-жылы басылып чыккан.

Негизги каармандар катары бир үйдө жашап жаткан белгисиз адам менен карыган чал тандалып алынган. Аңгемеде негизги окуя катары белгисиз каарман чалдын «таз жорунун көзүндөй», көпкөк, жагымсыз бир көзү аны өлтүрүп салууга себепчи болот.

«Чыркыраган жүрөк» - көп кырдуу окуяларды чакан аңгемеде чагылдыруу боюнча Эдгар Аллан Понун теориясына көрүнүктүү мисал болуп бере алат.  Чыгармада негизги орунду эки көлөмдүү символ ээлейт. Алар – көз жана жүрөк. Адабият боюнча адистердин белгилөөсү боюнча жазуучу Эдгар Аллан По жазган бул чыгармадагы сюжет  атактуу жазуучу Ф. Достоевский жана башка көрүнүктүү жазуучулардын белгилүү чыгармаларына баштапкы идеяны бере алган. Котормочунун пикиринде бул чыгарма улуу жазуучу Рюноскэ Акутагаванын айрым чыгармаларынын жаралышына да түрткү болгон (караңыз, [1]). “Чыркыраган жүрөк” аңгемеси Эдгар Понун белгилүү чыгармаларынын катарын толуктайт жана классикалык готикалык жанрда жазылган аңгеме катары таанылып, көп жолу экрандаштырылган.

Бул жерде көз каармандардын байланышын көрсөткөн метафора катары берилет. “Таз жорунун көзүндөй”, көпкөк көз “тарп” жана “өлүмтүк”  менен тамактанган таз жорунун кейпиндеги адамдын образын ачып берет. Мындан көрүнүп тургандай, белгисиз каарман карыган чалга психологиялык жактан көз каранды экендигин баамдого болот. “Таз жорунун көзүндөй”, көпкөк көздөн кутулуу планы - эркиндикке умтулуу жана чалдын көз карашынын алдындагы белгисиз каармандын моралдык, адеп-ахлагын символдоштурат. Аңгеменин окурман журтуна тез таркаганы жазуучу бул жерде ар бир адамдын психологиясындагы, тээ жан-дүйнөсүнүн түпкүрүндө жашаган ойду ачыкка чыгарып бергенинде. Ар бир адам өз жашоосунда башка адамдын кандайдыр бир бийлиги астында, анын үстөмдүгүнө баш ийип өмүр кечириши турган иш. Качан адам үстөмдүк кылган экинчи адамдын кайсы бир деңгээлде адилетсиз мамилесине дуушар болгон кезде, тээ жан-дүйнөсүнүн түпкүрүнөн “ушуну колумдан келсе тирүүлөй өрттөп же балталап салмакмын” деген ой жаңырып чыгары талашсыз.

Сырттан караганда “коркунучтуу” аңгеме сыяктуу туюлганы менен, бирок Эдгар По ушуну баяндап бергиси келген, б.а., бүгүнкү күндө биздин коомдо болуп жаткан, кызыл камчы эринен кордук көрүп, кордукка чыдабай аны бир күн балталап өлтүргөн аялдын окуясын, кайненесинин адилетсиз, катаал мамилесине, кордугуна чыдабай, бир күн аны мууздап, жиликтеп, таштандыга ыргытып жиберген келиндин окуясын Эдгар По мындан дээрлик 200 жыл мурун эле жазып кеткен экен. Өгөй атасынан кордук көрүп, анын таягын жеп чоңойгон бала кийин эр жеткенде өгөй атасын өлөөрчө сабап салганы да буга мисал. Аңгеме “коркунучтуу” жазылганы менен, коомдо мындан да коркунучтуу, үрөй учурган, ушуга окшош мотивдеги  реалдуу окуялар болуп келген жана болуп жатат.

Эдгар По аңгемедеги убакыт агымынын тездигин дүкүлдөп соккон жүрөк аркылуу берген. Дүкүлдөп соккон “чыркыраган жүрөк” бул жерде убакыттын агымын (бирде тез, бирде жай, кээде кооптуу, кээде тынч) көрсөткөн метафора катары тандалып алынган, б.а., жүрөк жаралуунун, жашоонун жана өлүмдү символдоштуруу үчүн колдонулган.

Ал эми аңгемеде сырттан кирип келген үч полиция кызматкери жана каармандын сөзүн унчукпай, кайдыгер угуп олтурган адам – бул биз жашаган дүйнөнү (бизди курчаган адамдар, коом жана мамлекет) символдоштуруу үчүн кошулган. Элибизде “Кыңыр иш кырк жылда билинет” деген сөз бар. Полиция кызматкерлери каткырып олтурганы жана экинчи адамдын кайдыгер, ичинен аны жиндиге теңеп, тыңшап  олтурганына чыгыш ойчулунун “Сен эч кимге карыз эмессиң, сага да эч ким карыз эмес. Сендеги болуп жаткан алааматтар дүйнө үчүн чымын чакканчалык да сезилбейт” деген акылман сөзү шайкеш келет. Бул тууралуу улуу акын Назым Хикмет да:

...Мисалы, менин  түрмөдө
Он беш жыл куурап олтурганым,
Дүйнө үчүн бир тыйын... - деп ыр саптарында жазганы бар.

“Чыркыраган жүрөк” аңгемеси эң көп экрандаштырылган кыскача аңгемелердин бири болуп саналат.  Аңгемедеги сюжет кырктан ашуун кино, теле жана видеофильмдерде чагылдырылган.

Аңгеменин сюжетине таянып алтыдан ашуун музыкалык жанрдагы чыгармалар жазылган.

“Карарган көз” (The Dark Eye) аталыштагы компьютердик оюн 1995-жылы аңгемедеги сюжетке таянып жасалган. Бул боюнча эки мультсериал да тартылган. Ал эми аңгемени сахналаштыруу боюнча айтсак, бүгүнкү күнгө дейре аңгеме боюнча коюлган спектаклдердин так саны белгисиз.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз