РОБЕРТ КИЙОСАКИ: БАЙ АТАМ, КЕДЕЙ АТАМ

  • 21.03.2020
  • 15770

Кириш сөз

Менин эки атам бар эле, ошондуктан менде бири-бирине карама-каршы келген эки көз караштан тандоо мүмкүнчүлүгү болгон.

Менин эки атам бар эле: бири бай, экинчиси кедей. Бири билимдүү, акылдуу, илимдин докторлугуна чейин жеткен даражалуу адам эле. Ал баклаврдын төрт жылдык окуусун эки жылда эле аяктаганга жетишкен. Стэнфорд, Чикаго жана Түндүк-батыш университеттеринде өкмөт эсебинен окуган. Экинчисинин сегиз класстык билими да жок болчу.

Экөө тең өмүр бою маңдай терин төгүп эмгек кылышты, ийгиликтүү карьера жасашты. Экөө тең жакшы акча табышчу. Бирок, бири дайыма финансалык кыйынчылыктар менен күрөшүп жүрүп өттү, экинчиси Гавай аралындагы эң бай адамдардын бирине айланды. Бири үй-бүлөсүнө, чиркөөгө жана кайрымдуулук фондуларына ондогон миллион долларларды мураска калтырды, экинчиси төлөнбөгөн карыздарды калтырып кетти.

Экөө тең күчтүү, жагымдуу жана эл ишенимине татыктуу адамдар болчу. Экөө тең мага өз кеңештерин айтышчу, бирок берген кеңештери бири-бириникине окшочу эмес. Экөө тең билимдин маанисин жакшы түшүнүшчү, бирок ар башка нерселерге басым жасашчу.

Эгерде менин бир эле атам болгондо, анда мен аны менен макул болмокмун же ага каршы пикир айтмакмын. Бирок менин эки атам болгондуктан бири-бирине карама-каршы көз караштардын бирин: бай атамдын же кедей атамдын көз карашын тандап алчумун.

Экөөнүн көз караштарынын бирин тандоонун астында терең ойлонуп, салыштырып, анан өз чечимимди кабыл алчумун. Көйгөйдүн себеби ал учурда бай атам али бай боло элек болсо, кедей атам али жакырлана элек болчу. Экөөнүн тең карьералары жаңы гана башталып жаткан, экөөнө тең үй-бүлөлөрүн багышы керек эле. Ошондо алардын акчага жасаган мамилелери ар башка болчу.

Маселен, бири: “Акчаны жакшы көргөнүң, — бардык жамандыктарды башыңа үйгөнүң” десе, экинчиси: “Бардык жаман нерселер, — акчанын жогунан чыгат” — дечү.

Бала кезимде мен үчүн кадыр-барктуу эки адамдын таасиринде жашоо өтө оор эле. Мен тил алчаак жакшы бала болгум келчү, бирок экөө карама-каршы нерселерди айтышчу. Бөтөнчө, алардын акчага кылган мамилелери аябай айырмалангандыктан, чаташкан түйүндүн жандырмагын чечкенге аракет кылчумун. Алардын ар биринин кеңешин талдап көрө баштадым.

Мындай ой жүгүртүүлөргө убактымдын көбү корочу, Мен өзүмө “Ал эмне үчүн ушинтип айтты?”— деген суроо берчүмүн. Ушундай эле суроону экинчи атама да берер элем. “Анын айтканы туура, мен ага кошулам” же “Чал оюндагысын айта берет, эмне деп жатканын өзү да түшүнбөйт”— деп койсо мага жеңил болмок. Бирок эки атамды тең бирдей сыйлап, урматтаганымдан улам, ойлонуп, өз чечимимди иштеп чыгышка мажбур элем. Өз алдынча тандаганды үйрөнгөнүм мага тигилердин көз караштарын жөн гана кабыл алганга караганда көбүрөк пайдасын берди десем жаңылышпайм.

Эмне үчүн байлар байып, кедейлер кедей боюнча калып, ал эми ортоңку класска киргендер карыздан карызка батып жаткан себебинин бири: акча жөнүндөгү билимди мектепте эмес үйдө беришкенинде. Көпчүлүгүбүз акчаны кандай пайдаланышты, аны кайдан таап, кантип көбөйтүштү, дегеле акча тууралуу бардык нерселерди ата-энелерибизден үйрөнөбүз. А кедей адам акча жөнүндө баласына эмнени айтып берет? Ал жөн гана: “Мектепке бар, жакшы оку”— дегенден бөлөк эч нерсе айтып бере албайт. Баласы мектепти мыкты баалар менен бүтүшү мүмкүн, бирок финансы маселеси боюнча кедейдин ой жүгүртүүсүнөн ашып кете албайт. 

Тилекке каршы, мектепте акча тууралуу окутушпайт. Мугалимдер балдардын жалпы билим деңгээлинин өсүшүнө, айрым кесиптик жөндөмүнүн көтөрүлүшүнө басым жасашат. А финансы маселери боюнча өсүштөргө жетүүнү үйрөтүү ойлоруна да келбейт. Ошондуктан жакшы доктурлар, экономистер жана башка кесип ээлери өз иштерин мыкты өздөштүрүшсө да, финансы маселелерин чечүүгө келгенде мажирөөлүк кылышат.

Мамлекеттердин белчесинен карызга батышын да, бийлик башындагылардын, мамлекеттик кызматкерлердин, жогорку билимдүү саясатчылардын финансалык билимдери жок эле, муну маанилүү финансалык чечимдерди кабыл алышы менен түшүндүрсө туура болот.

Мени жакынкы жылдарда материалдык жана медициналык жардамдарга муктаж миллиондогон адамдардын тагдырлары көп ойлонтчу болду. Алар үй-бүлөсүнө же мамлекетке көз каранды. Пенсиялык фонддор менен медициналык фондордо акча калбай калса алар кандай күнгө туш болушар экен? Балдарга кедей ата-энелери финансалык сабак берген өкмөттүн келечеги барбы?

Мен эки атамды бирдей сыйлагандыктан, эки атамдан тең тарбия алдым. Экөөнүн тең кеңештерин талдап көрүп, адамдын ою анын жашоосуна кандай таасир берерин түшүндүм. Мисалы, бир атам мага минтип көп айтчу: “Мен андай нерсени кыла албайм”, экинчи атам болсо мындай сөздөрдү айтканга тыюу салчу. Ал мага: “Мен андай болушуна кантип жол берем?”— деп айтуумду талап кылчу. Биринчи сүйлөм — бекемдөө, ырастоо болсо, экинчи сүйлөм — суроо. Биринчиси — көңүл коштукка, алсызданууга алып келсе, экинчиси — ойлонууга түртчү.

Кийин байыган атам мага мындай түшүндүрчү: адам “Мен андай нерсени кыла албайм” – деген сүйлөмдү айтар замат, анын мээси автоматтык түрдө ал маселени чечүүдөн баш тартат. Ал муну менен көзүңө көрүнгөндүн баарын сатып ала бериш керек деп айткысы келген эмес. Ал дүйнөдөгү эң мыкты компьютер адамдын мээси экендигине жана ар дайым машыктырып туруу керектигине терең ишенчү. Ал: “Менин мээм күндөн күнгө жакшы иштеп жатат, анткени мен аны таптап, машыктырып турам. Ал эми мээм канчалык күчтүү болсо, акчаны ошончолук көп табам”—деп кайталаганды жакшы көрчү. “Мен андай нерсени кыла албайм”— деген сүйлөм, ойлонгондон да жалкоолонгон адамдын психологиясы деп эсептөөчү.

Экөө тең катуу эмгектенишкенине карабай, акча маселесине келгенде бири мээсин машыктырууга аракет кылса, экинчиси мээсин тынчтандырганга аракет кылганын  байкачумун. Убакыт өткөн сайын биринин финансалык абалы жакшыра баштады, тескерисинче, экинчисиники иши жүрбөй начарлай берди. Бул спорт залга такай барып машыккан адам менен дайыма диванга жатып алып телевизор көргөн адамдын ортосундагы айырмадай эле кеп. Туура көнүгүүлөрдү жасап, машыгып турган адамдын ден-соолугу чың, акылы сергек болору анык эмеспи.

Менин аталарым карама-каршы көз караштарды карманышчу. Бири–   байлар салыкты турмушта жолу болбой кыйналгандарга жардам катары төлөп туруш керек деп ойлосо, экинчиси: “Салык — иштеп жүргөндөр үчүн жаза, ал эми жалкоолор үчүн белек” – дечү.

Бир атам: «Жакшы окусаң, жакшы компанияга жумушка орношо аласың” десе, экинчиси: «Жакшы окусаң, жакшы компанияны сатып аласың» дечү. Бири: «Мен көп балалуу болгондуктан байый албайм» — десе, экинчиси: «мен көп баланы багыш үчүн байышым керек» — дечү.

Бири акча маселесин тамак ичип олтурганда талкуулачу, экинчиси дасторкондо олтурганда акча жөнүндө сүйлөгөнгө тыюу салчу.

Бири: «Акчаны абайлап пайдалан, тобокелчиликке салба» — десе, экинчиси: «Тобокелчиликти туура пайдалан» — дээр эле.

Бири: «Биздин үйүбүз–   биздин эң чоң инвестициябыз жана эң мыкты активибиз» — десе, экинчиси: «Менин үйүм–   бул менин пассивим, а эгерде сенин үйүң–   сенин эң чоң инвестицияңа айланса, анда сенде чоң көйгөй жаралганы ошол» — дечү.

Экөө тең карыздарын төлөп турушчу, бирок бири аны биринчи кезекте төлөсө, экинчиси эң аягына калтырчу.

Бири ал жөнүндө компания же мамлекет кам көрүшү керек деп эсептечү, дайыма айлык акынын көбөйүшү, пенсиялык фонддордун абалы, медициналык жеңилдиктер жөнүндөгү маселелер боюнча жана ушу сыяктуу маалыматтарга кызыгып, билип турчу. Ал өзүнүн эки байкесинин армияда жыйырма жыл кызмат кылып, чоң пенсияга чыгышканына сыймыктанарын жашырчу эмес. Ага армия өзүнүн кызмат өтөп бүткөн адамдарына камкордук кылып турганы жакчу. Ал университеттердеги мөөнөтсүз контрактар системасына жогорку баасын берчү. Кээде мага, ал үчүн иштин өзүнө караганда, ишке орношуу жана ал иштеги каралган жеңилдиктер маанилүүдөй сезилчү. Ал “Мен мамлекет үчүн жанымды аябай иштейм, мамлекет да мен жөнүндө кам көрүш керек”— дегенди көп айтчу.

Экинчиси финансалык жактан эч кимге көз каранды болбой, өз алдынча болууну туура деп эсептечү. Ал “жеңилдиктерди” күтүп жүргөн адамдарга алсыз жана кедей адамдарга карагандай карачу. Ал ар бир адам финансалык жактан билимдүү болуш керек деп саначу.

Бир атам бир нече долларды эптеп топтой алчу. Экинчиси акчасын дайыма ишке салганын көрчүмүн. Биринчиси жакшы иш табыш үчүн, жакшы резюме жазганды үйрөтсө, экинчиси мага эффективтүү бизнес жүргүзүп, башкаларга жумушчу орун түзүү үчүн бизнес-план түзүүнү үйрөттү.

Эки атамдын таасири менен адамдын ою, анын жашоосун өзгөртөрүн жана калыпка саларын түшүндүм. Мисалы, кедей атам дайыма мен байлыкка эч качан жетпейм дечү. Анын айтканындай эле кедей боюнча калды.

Бай атам тескерисинче, өзүн бай катары эсептечү. Ал “Мен бай адаммын, байдай аракет кылышым керек”— деп дайыма айтар эле. Ал тургай бир жолу финансылык чоң жоготуулардан кийин, банкроттук абалга кабылганда да өзүн бай катары алып жүргөн. Ал мындай деп түшүндүргөн: “Кедейчилик менен банкрот болуунун чоң айырмасы бар, банкроттук — бул убактылуу көрүнүш, кедейчилик — туруктуу нерсе.”

Кедей атам дайыма “Мени акча кызыктырбайт” же “Кеп байлыкта эмес” десе, бай атам “Акча — бул бийлик”–   дечү.

Оюбуздун күчүн ченеп аны баалаш кыйын, ошентсе да мен жаш кезимден эле өз оюң менен сөзүңө көңүл буруу кандай маанилүү экенин түшүнө баштадым. Мен кедей атамдын жакырчылыгына анын иштеп тапкан маянасынын кичине-чоңдугу эмес (ал жакшы эле иштеп тапчу), анын ою жана оюна жараша кылган аракети экенин баамдагам.

Эки атам тең билим алуума кызыкдар болушса да, окуумдун максаттарына келгенде пикирлери ачакей кетчү. Бири менин жакшы окуп, жогорку билимге ээ болушумду жана көп акчалуу жакшы ишке орношуумду каалар эле. Ал мени адвокат, бухгалтер же менеЖер болсо дечү. Экинчиси бай болууну үйрөнүү керек, акчаны кантип өзүңө иштеткенди үйрөн деп айтчу. “Мен акча үчүн иштебейм! — деп кайталачу, — акча мен үчүн иштейт.”

Тогузга чыкканда кедей атамдын илимий даражаларына карабай, мындан ары бай атамдын кеңешин угуп, андан акча тууралуу ал билгендердин баарын үйрөнөм деп чечтим.

Роберт Фросттин мага берген сабагы

Роберт Фрос — менин сүйүктүү акыным. Мага анын көп ырлары жагат, бирок ошолордун ичинен айрыкча жаккан бир ыры бар. Мен анын ал ырында айткан кеңешин күнүгө өз турмушумда пайдаланып жүрөм.

Башка жол

Күзгү токой, алдымда ачакей жол,
Бурулушта турамын ойго батып.
Дүйнө кенен, жол экөө, кайда барам,
Бөлүнө албайм экиге, калдым катып.

Түшүү керек, солго же оңду карай,
Акыры, оңду тандап, оңго салдым.
Чыйыр жок, из көрүнбөйт айланамда,
Чытырман, киши өтө алгыс жолдо калдым.

Байкасам, берки жолдон татаал сымал,
Бирок да эки жол тең бирдей, тартат,
Саргайган бариктерин, алтын сымал,
Мага түш деген өңдүү, бутка чачат.

Калтырдым жолдун бирин кийинкиге,
Кийин дал ушул жолго туш келемби.
Ай, кайдан андай учур кайталанбас,
Ал тургай, кудай билет эстээримди.

Ошол таң токойдогу алыс калган:
Эки жол, мынакей деп мага сунган.
Тандаганда оң жактагы жолго түшүп,
Тагдырымды бүгүнкү, тандап алгам.
Тагдырымды бүгүнкү, тандап алгам…

Мен бул ырды көп эстейм. Билими күчтүү атамдын акча тууралуу ой-пикирин, кеңешин  укпай коюу мага кыйынга турду, бирок бул чечим менин жашоомдун багытын аныктады.

Кимдин кеңешин угарымды аныктап алган соң, менин финансалык билим алуум башталды. Бай атам мен отуз тогузга чыкканча, отуз жыл бою окутуп келди. Мен анын айткандарын толук өздөштүргөнүмө көзү жеткен соң гана ал кеңеш бергенин токтотту.

Акча — бул, жашоодогу эң чоң күчтөрдүн бири. Андан да чоң күч финансы тууралуу алган билим. Акча келет, кетет, бирок анын кандай иштээрин билсеңиз, аны башкара аласыз, башкарганды үйрөнсөңүз–   бай адам болосуз. Туура ойлонуу аздык кылат, көпчүлүк адамдар мектептен акчаны кандай иштетиш керектиги тууралуу билим албай чыгышат, натыйжада өмүр бою өздөрү иштешет.

Мен билим ала баштаганда болгону тогуз жашта элем, ошондуктан атам эң жөнөкөй нерселерден баштады. Анын мага отуз жыл бою үйрөткөн нерселерин негизинен алты эле сабакка бөлсө болот. Бул китепте мен ал сабактарды бир кезде бай атам мага үйрөткөндөй жөнөкөй тил менен айтып берүүгө аракет кылдым. Сиздер бул китептен конкреттүү суроолорго жоопторду эмес, биздин өзгөрүлмө жана туруксуз дүйнөбүздө кандай заманга туш келсе да балдарыңызга бай адам болууга жол көрсөткөн көрсөтмөлөрдү таба аласыздар.

БИРИНЧИ БАП

Байлар акча үчүн иштебейт

Кедейлер менен ортоңку класстагы адамдар акча үчүн иштешет. Байлар акчаны өздөрүнө иштетишет.

–   Ата, айтыңызчы, кантип бай болом?

Атам окуп жаткан гезитин ары койду да:

–   Уулум, эмне үчүн бай адам болгуң келет?

–   Анткени, бүгүн Жимминин апасы жапжаңы «кадиллагы» менен келип үй-бүлөсүн деңиз жээгиндеги үйүнө алып кетти. Жимми үч досун алып, Майк экөөбүзгө кедейдин балдарын ал жакка алып барганга болбойт деп койду.

–   Чын элеби?–   деп ишенген жок, атам.

Ооба, чын,–   дедим таарынычтуу үн менен.

Атам башын чайкап, көз айнегин оңдоп алып кайрадан гезит окуусун улантты. Ал мага эмне деп жооп берет деп күтүп турдум.

Бул 1956-жыл болчу. Мен тогуз жашта элем. Мектепте байлардын балдары менен окучумун. Биздин шаарыбыз кант плантациясынын айланасында пайда болгон. Плантациянын башчылары, жакшы турмушта жашаган доктурлар, ишкерлер, банкирлер, — өз балдарын бул жердеги мектепке алтынчы класска чейин окутуп, андан кийин жеке менчик мектептерге которуп кетише турган.

Биздин үйүбүз бул көчөдө турган мектепке жакын болгондуктан мени ошол мектепке кийиришкен. Эгерде башка көчөдө жашасак анда башка мектепте, биздикиндей кедей үй-бүлөлөрдүн балдары менен окумакмын. Алтынчы класстан кийин биздей балдар жеке менчик мектептерде эмес, мамлекеттик мектептерде окуубузду уланчубуз.

Атам кайрадан гезитин жерге койду. Анын ойлонуп жатканы билинип турду.

–   Анда эмесе, уулум,–   деп жай баштады ал,–   байыгың келсе, акча тапканды үйрөнүшүң керек.

–   А акчаны кантип табам?–   дедим.

–   Өзүң ойлонуп көр,–   деп күлүп койду. Бул анын «Мен мындан башка эч нерсе айтпайм», же «Мен эмне деп айтаарымды билбейм, башымды оорутпа»–   дегени болчу.

Биринчи өнөктөштүк

Кийинки күнү атам менен болгон сөздү эң жакын досум Майкка айттым. Менин билишимче бул мектепте окуган кедейлердин балдарынан Майк экөөбүз эле болчубуз. Ал дагы бул мектепке тагдырдын тамашасы менен кирип калган. Кимдир-бирөө райондогу мектептерди көчөлөргө карап бөлүштүргөндө, биз байлардын балдары окуган мектепке туш болгонбуз. Биз анча деле кедей эмес элек, бирок бизге ошондой сезилчү, анткени башка балдар дайыма жаңы бейсбол мээлей кийип, жаңы велосипеддерди тебе турган, аларда бардык нерсе жаңы эле.

Атам менен апам бизге керектүү нерселер менен камсыз кылып турушчу: үстүбүздө үйүбүз, астыбызда ашыбыз бар болчу, кийимибиз бүтүн эле. Болду андан ашык жок болчу. Атам дайыма мындай дечү: “Эгер бирдеме керек болсо, иштеп акча тап”. Бизге көп нерсе керек эле, бирок биздей тогуз жашар балдарга ким жумуш бермек?

–   Кантип акча табабыз?–   деди Майк.

–   Билбейм,–   дедим.–   А сен менин өнөктөшүм болгуң келеби?

Ал макул болду, ошентип ошол ишембиде алгачкы ишкер-өнөктөшүм пайда болду. Биз көпкө чейин акча табуунун жолдорун издедик. Азыр кээде Жимминин пляждагы үйүндө жыргап эс алып жатышкан “байларды” эстеп коёбуз. Аларга таарычыбыз бар, бирок ал таарыныч бизге пайда алып келер таарыныч эле, анткени биз баюу жолун издей баштаганбыз. Түштөн кийин акыры бир ой келди. Бул идеяны Майк бир илимий-популярлуу журналдан окуган экен. Биз бири-бирибизге көңүлдүү жылмайып, көзүбүздү кысып койдук. Өнөктөштөрдүн алгачкы жеке бизнеси пайда болду.

Кийики аптада күнүгө көчөдөгү үйлөрдү кыдырып, тиш жууган пастанын бошогон жумшак тюбиктерин ыргытпай, чогултуп коюуларын суранып жүрдүк. Чоң кишилер буга таң калып, анан күлүп макул болушту. Айрымдары эмне кылып жатканыбызга кызыгышканда, биз “Аны айта албайбыз, бул коммерциялык купуя сыр”— деп жооп берип жаттык.

Бир аз күндөн кийин апам тынсыздана баштады, анткени биз чогулткан  тюбиктерди мурда бошогон кетчуптун банкелери жатчу, кир жуугуч машиненин жанындагы картон кутучага чогулта баштаганбыз. Ал күндөн күнгө көбөйө берди.

Акыры апамдын чыдамы кетти, ал жуулбаган кир тюбиктерди көргүсү келбей калды:

–   Муну эмне жыйнап атасыңар?–   деп ачууланды.–   Кайдагы купуя сырыңарды айтып башымды оорутпагыла. Тез чогултуп, көзүмө көрсөтпөй жоготкула. Болбосо өзүм ыргытам.

Майк экөөбүз андан жалынып-жалбарып, дагы бир нече кошуна тиш жууган пасталары түгөнгүчө бир жума күтө турушун суранып жатып макул кылдык.

Сырткы күчтөрдүн таасири менен өндүрүшүбүздү тездетүүгө туура келди: өнөктөштөр биринчи эскертүүнү сактоочу жайдын ээсинен,— өзүмдүн апамдан алдык. Майктын милдети кошуналарга тиш догдурлар тишти эртең менен кечинде жууш керектигин эскертерин айтып, бошогон тюбиктерди жыйноо болчу. Мен өндүрүшкө керектүү нерселерди чогулта баштадым.

Кудайдын бир куттуу күнү атабыз жумуштан келип, тогуз жашар эки өспүрүмдүн өндүрүшкө жан үрөп киришип жатышканына күбө болду. Тегерете ак порошок чачылып жатты. Узун үстөл үстүндө сүттүн картон пакеттери тизилип, грилде чок кызарат.

Атам абайлап басып жакын келди. Машинасын гаражга жетпей нарыраак токтотту, анткени биздин өндүрүш линиябыз жолду тосуп калган эле. Жакын келип, чоктун  үстүндөгү көлкүлдөп коргошун эриген чөмүчтү көрдү. (Ал кезде азыркыдай пластмасс эмес, коргошун тюбиктер боло турган.) Биз тюбиктердин сырын куйкалап, андан кийин  чөмүчкө салып эритип, сүттүн пакеттерине кичинекей тешигинен кыт куюп жатканбыз.

Пакеттерде алибастр бар эле. Тегеректе чачылып жаткан дал ошол алибастр болчу. Шашып жатып капты тоголотуп, алибастр чачылып, кар жаап кеткенсип калган. Суу кошуп, андан формаларды жасап жатканбыз. Атам досу экөө биздин эриген коргошунду кантип куюп жатканыбызды карап турушту.

–   Абайлагыла,–   деди атам. Мен аны карабай, башымды ийкеп койдум.

Куюп бүтүп, чөмүчтү жерге коюп, атама карап жылмайып койдум.

–   Балдар, эмне кылып жатасыңар?–   деди ал да акырын жылмайып.

–   Биз сиз айткан нерсени жасап жатабыз. Биз байыйлык да,–   дедим мен.

–   Ооба,–   деп койду Майк, башын ийкеп.–   Биз өнөктөшпүз.

–   А тиги алебастр формалардагы эмне?–   деп кызыга сурады атам.

–   Абайла,–   дедим мен.–   Жакшы партия алат болушубуз керек.

Кичинекей балка менен бириккен жерине акырын соккулап, үстүнкү бөлүгүн акырын ажыратып алдым. Формадан монета көрүндү.

–   О кудай!–   деди атам.–   Коргошундан монета куюп жатасыңарбы!

– Туура таптыңыз,–   деди Майк.–   Биз сиз айткандай, акча жасап жатабыз.

Атамдын досу аны карап каткырып жиберди. Атам грилдеги кызарган чокту,  картон кутучадагы эритиле элек тюбиктерди, башынан бери агала болуп, өздөрүнүн кылган ишине маашырланган эки өспүрүмдү бир сыйра сыдыра карап, башын чайкап жылмайып койду. Ал биздин ишибизди токтотуп, эшик алдындагы олтургучка келип олтурушубузду суранды да, көпкө чейин жасалма акча жасоочулар жөнүндө түшүндүрүп кирди. Биздин кыялыбыз таш капты.

–   Биздин ишибиз мыйзамсызбы?–   деп сурады Майк каргылданып.

–   Ойной беришсин да,–   деди атамдын досу.–   Балким, бул аларга табигат берген талант чыгар.

Атам аны жаман көзү менен карап койду.

–   Ооба, бул мыйзамсыз нерсе,–   деди ал акырын.–   Бирок балдарым, силер өзүңөрдүн чыгармачыл жана тапкыч экениңерди көргөздүңөр. Ушинтип аракет кыла бергиле. Чынында эле мен силер менен сыймыктанам!

Жыйырма мүнөтчө шалдайып олтуруп, анан жыйнала баштадык. Өндүрүшүбүз ачылган күнү жабылды. Чачылган порошокту шыпырып жатып Майкка мындай дедим:

–   Ооба, Жимми жана анын достору чын эле айтышыптыр. Биз кедейбиз.

Атам жаңы эле кетип бараткан.

–   Балдар,–   деди ал токтой калып,–   эгерде кол куушуруп багынып берсеңер сөзсүз кедей болосуңар. Силер азаматсыңар, бир нерсе жасаганга аракет кылдыңар. Көпчүлүк адамдар кыялында байып, эч нерсе кылбай жата беришет. А силер аракет кылып жатасыңар. Кайталайм: мен силер менен сыймыктанам. Токтобогула. Күрөштү уланткыла.–   Майк экөөбүз унчукпай калдык. Жылуу сөз уккан жагымдуу дечи, бирок андан ары эмне кылышты билбей турдук.

–   А сен эмнеге байыган эмессиң, ата?–   деп сурадым.

–   Анткени мен мугалим болгум келген. Мугалимдер байлык жөнүндө ойлонушпайт. Бизге жөн гана окуткан жагат. Мен силерге жардам берейин эле дейм, бирок чындыгында акчаны кандай жасашты билбейм.

Майк экөөбүз аянтчаны шыпырууну уланттык.

–   Билесиңерби?–   деп сөзүн улады атам,–   бай болгуңар келсе кеңешти менден сурабай, Майктын атасы менен кеңешкиле.

–   Менин атам мененби?–   деп таң калды Майк.

–   Ооба, сенин атаң менен,–   деп жылмайды атам.–   Экөөбүздүн банкирибиз бир адам, ал сенин атаңдын жөндөмүн жогору баалайт. Ал дайыма сенин атаң акча жасаганды жакшы билет деп мактаганын угуп жүрөм.

–   Менин атамбы? –   деп ишене берген жок Майк.–   Анда эмнеге биздин башка байлардыкындай укмуштай машинебиз, чоң үйүбүз жок?

–   Укмуштай машине менен чоң үй байлыктын, сенин акча жасай ала турганыңдын белгиси эмес,–   деп жооп берди атам.–   Жимминин атасы кант плантациясында иштейт. Экөөбүздүн айырмабыз деле жок. Болгону ал компанияга иштейт, мен мамлекетке иштейм. Компания ага машине сатып берген. Бирок ал компаниянын финансалык көйгөйлөрү бар, Жимминин атасынын да жакында эч нерсеси калбашы мүмкүн. А сенин атаңдын иши башка, Майк. Менимче, ал өз империясын түптөп жатат, бир нече жылдардан кийин ал эң бай адамдардын катарында болот.

Атамдын бул сөздөрү бизге кубат берди. Биз жаңы күч менен өзүбүздүн алгачкы өндүрүшүбүз калтырган изди тазалап кирдик, Майктын атасы менен кантип жолугуу тууралуу талкуулай баштадык. Анткени, ал көп иштеп жумушунан кеч кайтчу. Анын кампалары, курулуш компаниясы, дүкөндөрү жана үч рестораны боло турган. Ошол ресторандарынын айынан ал үйүнө кеч келчү. Биз жыйналып бүткөн соң, Майк автобус менен үйүнө кетти. Ал бүгүн эле атасы менен сүйлөшүп, бизди кантип бай боло алабыз деген суроону бермей болду. Майк кеч болсо да атасы менен болгон сөздүн жыйынтыгын мага чалып айтып коймок. Телефон сегиз жарымда чырылдады.

–   Макул,–   дедим мен,–   келерки ишембиде.–   Трубканы койдум. Майктын атасы биз менен жолугуп сүйлөшүүгө макул болуптур. Ишемби күнү эртең менен шаардын кедейлер турчу кварталына баруучу автобуска олтурдум.

Сабактар башталды

Майк экөөбүз анын атасы менен эртең мененки саат сегизде жолугуштук. Ал бош эмес эле, бир сааттан ашык убакыттан бери ал иштеп жаткан. Мен алардын жөнөкөй, анча чоң эмес, тегереги ирээттүү үйүнө келгенде ал жерден пикап минген курулуш башчысы кетип баратыптыр. Майк мени босогодон тосуп алды.

–   Атам телефон менен сүйлөшүп жатат, бизди арткы коридордо күтө тургула дейт, — деди ал каалганы ачып жатып.

Мен босогону аттап полу кычыраган эски үйгө кирдим. Кире бериште канчалаган буттардын тебелендисинде калып, сүртүлүп өңү өчө баштаган эски, бирок таза таар салынып жатат. Биз бүгүнкү күндө антиквариат катары санаган, жумшак мебелдер коюлган ичке залга кирдик. Дивандан апамдан улуурак келген эки аял олтуруптур. Алардын маңдайында жумушчу кийимчен эркек адам жайланышыптыр. Сыртынан караганда ал кырк бештерге –  менин атамдан он жаштай улуу көрүнөт. Алар Майк экөөбүз алардын жанынан өтүп, ашкана аркылуу арт жактагы коридорго бет алганыбызда жылуу жылмайган боюнча узатып калышты. Мен да аларга жылмайып жооп бердим.

–   Булар кимдер?–   деп сурадым.

–   Алар атамда иштешет. Эркек киши кампаларды карайт, а аялдар ресторанды иштетишет.  А пикап менен кеткен адам мындан сексен километр алыс жерде жол куруп жүрөт. А үй курулушунда иштеген адам сен келердин астында эле кеткен.

–   Алар күндө келип турушабы?–   деп таң калдым.

–   Күндө эмес, бирок бат-бат келишет,–   деди да Майк мага олтургучту жылдырып, өзү да катарыма олтуруп,–   Мен атамдан акчаны кантип жасоо керек деп сурадым.

–   Ии, эмне деди?

–   Ал адегенде мени бир башкача карады да, анан силерге сунушум бар деди.

–   Ошондойбу,–   дедим да, чалкалап отургучту артка кыйшайтып дубалга жөлөндүм. Майк да мен кылгандай кылды.

–   Эмне болгон сунуш экенин билесиңби?–   дедим.

–   Жок, азыр билебиз да.

Аңгыча эски каалга шарт ачылып, шыпылдай баскан Майктын атасы кирип келди. Биз сый көрсөтүп эмес, шашып кеткендиктен тура калдык.

–   Балдар, даярсыңарбы?–   деди да олтургуч алып жаныбызга олтурду.

Биз башыбызды ийкеп, үстөлдөрүбүздү түздөп олтурдук.

Ал көлөмдүү киши эле,–   бою 180 сантиметр салмагы 90 килограммдан ашат. Менин атамдын бою бир аз бийик болгону менен салмагы бирдей, андан беш жаш улуу болчу. Экөөнүн расалары ар башка болсо да эмнегедир бири-бирине окшошуп кетчү. Экөөнүн жүргөн турганы окшоштуруп турса керек.

–   Майк акча жасаганды үйрөнгүбүз келет дейт. Ошондойбу, Роберт?

Мен өзүмө ишенимсиз баш ийкедим. Анын жагымдуу карап учурашуусу менен жылмаюусунун артында чоң күч сезилип турду.

–   Анда менин силерге сунушум бар. Мен силерди окутам, бирок силер мектепте көнгөндөй эмес. Эгер менде иштесеңер гана окутам. Иштебесеңер, окута албайм. Мектептегидей партага олтуруп окуткандан пайда аз, ошондуктан иштешиңер керек. Кааласаңар окугула, каалабасаңар анда бошсуңар.

–   Суроо берсем болобу?–   дедим.

–   Жок. Кааласаңар –   макул дегиле, каалабасаңар –   болбойт дегиле. Силер менен көпкө олтура албайм, убактым аз. Тез чечим кабыл ала албасаңар, баары бир акча жасаганды үйрөнө албайсыңар. Мүмкүнчүлүктөр пайда боло калып, кайра жок болуп турат. Учурду кармап кала алсаңар, издегениңерди табасыңар. Сабагыңар башталабы же бүтөбү –  он секундан кийин билинет,— деди Майктын атасы мыйыгынан күлүп.

–   Мен макулмун,–   дедим.

–   Мен дагы,–   деди Майк.

–   Жакшы,–   деди Майктын атасы.–   Он мүнөттөн кийин Мартин айым келет. Мен аны менен сүйлөшүп коём, силер аны менен дүкөнгө барып иштейсиңер. Ишемби күндөрү үч сааттан иштеп турасыңар, саатына он центтен төлөп берем.

–   Бирок мен бүгүн бейсболго бармакмын,–   дедим мен.

–   Кааласаң макул бол, каалабасаң өзүң бил,–   деди ал бул жолу катуу.

–   Макулмун,–   дедим, мындан ары бейсболду таштап, иштеп, окуганга макул болуп.

Отуз цент

Ошол эле күнү эртең мененки саат тогуздан баштап Мартин айым менен дүкөндө иштей баштадык. Ал ак көңүл, чыдамкай айым эле. Майк экөөбүз анын чоңоюп алып, алыс жактарда иштеп жүргөн эки уулун эске салып жатканыбызды дайыма айтар эле. Ак көңүл болгону менен жумушка келгенде бизди тындырчу эмес. Үч саат бою текчелерде тизилген консерва банкаларды алып түшүп, щеткалап тазалап кайра тизип чыкчубуз. Бул аябагандай тажатма жумуш эле!

Мен өзүмдүн бай атам деп калган Майктын атасынын буга окшогон өзүн-өзү тейлөөчү, жанында автомашиналар токтоочу жайы бар майда тогуз дүкөнү боло турган. Бул жерден эл сүт, нан, май, тамеки сатып алышчу. Тилекке каршы, Гаваяда ал кездерде кондиционерлер келе элек болчу. Ысык болгондуктан дүкөндүн эки эшиктүү каалгалары жалжайып ачык турар эле. Машиналар арттарынан калың чаң көтөрүп өткөн сайын, дүкөндүн ичи чаңдап жатып калчу. Кыскасы, Майк экөөбүз жумушсуз калчу эмеспиз.

Үч жума бою Майк экөөбүз Мартин айымдын кол алдында ар ишембиде үч сааттан иштеп, түшкө жакын өзүбүздүн он центибизди алып жүрдүк. 1956-жылы тогуз жашта болсом да бул акча анча деле көп эмес болчу. Комикс тартылган китепченин баасы он цент эле, көбүнчө бир китеп сатып алып үйүмө кайтчумун. Төртүнчү ишембиде жумушту таштап, барбай коюуга даяр элем. Мен акча жасоону үйрөнөм деп бул жумушка барган элем, үйрөнбөй эле он цент үчүн иштеген кулга айландым. Анын үстүнө баягы боюнча Майктын атасы көрүнгөн жок.

–   Мен иштебейм, кетем,–   дедим Майкка түшкү тамак учурунда. Окуган көңүлсүз болчу, мурда көптөн күтүп алчу ишемби күн азаптуу күнгө айланды. Баарынан да жинди келтиргени –  эч нерсеге жетпеген он цент.

Майк күлүп койду.

–   Күлкүлүү бир нерсе дедимби? –   дедим Майкты жактырбай.

–   Атам дал ушундай болот деген. Сен тажап кетем дегенде айтып кой деген.

–   Эмне?!–   жиндене кыйкырып жибердим.–   Ал менин тажаганымды күтүп жүрдүбү?

–   Ошентип айтса да болот,–   деди Майк.–   Атам башкалардай эмес. Ал сенин атаң сыяктуу лекция окубайт, ал көбүнчө унчукпай жүрө берет. Ишембиге чейин күтө тур. Мен атама сени даяр деп айтам.

–   Сен мунун баары атайын жасалды деген турасыңбы?

–   Эми, ушул сыяктуу. Ишембиде атам баарын түшүндүрүп берет.

Ишембидеги кезек

Мен Майктын атасы менен сүйлөшкөнгө даяр элем. Ал тургай атам да Майктын атасынын кылыгына кыжырданып жатты. Мен кедей атам деген өзүмдүн атам Майктын атасы эмгек кодексин бузуп, балдардын эмгегин туура эмес пайдаланганы үчүн сотко бериш керек деп жаткан. Атам андан менин эмгегим үчүн жыйырма беш центтен кем эмес төлөп беришимди талап кыл деп үйрөтүп жатты. Эгер макул болбосо иштебей эле кой деди.

–   Андай каргыш тийген иштин сага эмне кереги бар?–   деп ачууланды атам.

Ишембиде саат сегизде Майктын үйүнө келдим. Эшикти Майктын атасы ачты.

–   Бул жерге олтуруп, кезегиңди күт,–   деди ал, мен үйгө киргенде. Ал бурулуп уктоочу бөлмөнүн жанындагы кичинекей кабинетине кирип кетти. Айланта карап койдум: Майк көрүнбөйт. Мен жаңы келгенде көргөн эки аялдын жанына барып олтурдум. Алар жылмайып, мага кененирек болсун дегенсип орундарынан жылып коюшту.

Кырк беш мүнөт өттү, чыдамым кете баштады. Алдымда эки аял кирип, жарым сааттан кийин чыгышты, андан кийин жашап калган бир киши кирип кетип жыйырма мүнөткө жакын анда болуп чыкты. Үй ээн калды, гаваянын жаркыраган сонун күнүндө мени думуктурган үйдө, балдардын эмгегин жеген сараң адам менен сүйлөшсөм деп күтүп олтурам. Кабинетинде мени унутуп койгонсуп, бирөө менен телефон менен сүйлөшүп жатканын угуп отурдум. Туруп кетким келди, бирок эмнегедир кеткен жокмун. Акыры дагы он беш мүнөттөн кийин, туптуура сат он болгондо бай атам мени өзүнө чакырды.

–   Менин түшүнүгүмдө, сен айлык акыңды көбөйтүүмдү каалап, андай болбосо жумушту таштагың келген окшойт, туурабы?–   деди бай атам олтурган креслосун ары-бери чайпалтып.

–   Сиз келишим боюнча өз милдетиңизди аткарбай жатпайсызбы!–   дедим ыйлап жиберчүдөй. Тогуз жашар балага чоң киши менен талашыш кыйын эле болчу. –   Сиз эгерде мен иштесем, окутам дегенсиз. Мен иштеп жатам. Көп иштеп. Бейсболго да барбай калдым. Сиз болсо сөзүңүзгө турган жоксуз, ушул убакка чейин эч нерсе үйрөткөн жоксуз. Шаардагылар сизди алдамчы деп туура эле айтып жүрүшүптүр. Сиз сараң экенсиз. Өзүңүздүн акчаңыз жөнүндө эле ойлоп, сизге иштеп жаткан адамдар жөнүндө унутуп коёт экенсиз. Мени күттүрүп койдуңуз, сыйлабайсыз. Кичинекей болсом да сиз мени бир аз болсо да сыйлашыңыз керек да. –  Бай атам ээгин колу менен жөлөп, креслосуна чалкалай олтуруп, сөзүмдү бөлбөй көңүл коюп угуп олтурду да анан:

–   Жаман эмес,–   деп койду.–   Бир айга жетпеген убакытта сен менде иштеген көпчүлүк жумушчулардай сүйлөгөндү  үйрөнүп калдың.

–   Эмне дейсиз?–   таң кала түштүм. Мен анын эмнени айтып жатканын түшүнгөн жокмун, арыздануумду уланттым: –   Сизди мени окутат деп ойлогом. А сиз мени кыйнагандан башка эч нерсе кылган жоксуз! Бул туура эмес да! Таптакыр туура эмес!.

–   Мен сени окутуп жатам,–   деди бай атам камырабай.

–   Эмнени үйрөттүңүз? Эч нерсе үйрөткөн жоксуз! –   деп жиндендим.–   Болбогон акчага иштеп берем деп макул болгондон бери, мен сизди бир да жолу көргөн жокмун.Саатына он цент. Ха! Мен арызданчу жерге эчак эле барсам болмок. Бизде балдардын эмгегин пайдалануу боюнча мыйзам бар да. Билсеңиз, менин атам мамлекетке иштейт.

–   Ого!–   деди бай атам.–   Азыр сен мен жумуштан бошотуп же өздөрү бошоп кеткен адамдардай сүйлөй баштадың.

–   Сиздин мага айтарыңыз ушулбу? –  деп уланттым. Таламымды чоң кишилердей талаша баштадым.–   Сиз мени алдап кеттиңиз. Мен иштеп бердим. Сиз эч нерсе үйрөткөн жоксуз.

–   А эч нерсе үйрөтпөгөнүмдү кайдан билесиң?–   деди бай атам дагы эле камырабай.

–   Сиз бир да жолу сүйлөшкөн жоксуз. Үч жумадан бери иштеп жүрөм.Эч нерсе үйрөткөн жоксуз,–   деп бултуйдум.

–    Бирөөгө бир нерсе үйрөтүш үчүн сөзсүз эле жолугуп сүйлөшүш керекпи же лекция окуш керек дейсиңби?

–   Ооба, да.

–   Сени ошентип мектепте окутушат,–   деди ал күлүп.–   Бирок, турмуш башкача үйрөтөт, өзүң билгендей турмуш –   бул эң мыкты мугалим. Ал убактысын майда-барат сөзгө коротпойт. Ал жөн гана улам бир жагынан сокку берип турат. Анын ар бир соккусу: «Ойгон. Мен сени үйрөнсүн деп жатам» –   дегени. «Ал эмне деп жатат?–   деп ойлодум.–   Демек, турмуш сокку урганда мени менен ушинтип сүйлөшөбү?»

Мен жумуштан кетериме даана эле көзүм жете баштады. Мен жиндиканага жаткызса боло турган адам менен сүйлөшүп жаттым.

–   Эгерде турмуш берген сабакты туура түшүнүп, кабыл алсаң, бардыгы ойдогуңдай болот. Эгерде анын сабагын түшүнбөй калсаң, ал кайра-кайра сокку урат. Адамдар негизинен эки нерсени жасашат: бирөөлөрү туш болгон турмушуна баш ийип көнөт же каршылык көрсөтө баштайт. Бирок, алар башчысына, жумушуна, аялына же күйөөсүнө каршы чыгышат. Аларды ал конкреттүү адамдар эмес, турмуш өзү согуп жатканын түшүнүшпөйт. Мен эми таптакыр эч нерсе түшүнбөй калдым.

–   Турмуш бардык адамдарды согот. Бирок, бирөө багынып берет, бирөө аны менен күрөшөт. Кээси эле анын берген сабактарын туура кабыл алып, алдыга жылат. Мындай адамдар кайра турмуш соккон сайын кубанышат. Алар үчүн сокку жаңы сабак, улам жаңы нерсени өздөштүрүп алдыга кеткенди үйрөнөт. Кээси унчукпай багынып беришет, кээси сага окшоп күрөшөт.

Бай атам эчак эле оңдоону күтүп, кашеги кычырап калган терезени барып жаап койду.

–   Эгерде бул сабакты өздөштүрсөң, акылман, бай жана бактылуу жаш адамга айланасың. Эгерде өздөштүрө албасаң, өзүңө келген жагымсыз нерселердин бардыгына башкаларды, башчыңды, жумушуңду, айлыгыңды күнөөлөп жүрө бересиң. Сенин финансалык көйгөйүңдү жомоктогудай бир укмуш нерсе келип өзгөртүп кетет деп күтүп жүрүп өтөсүң. Бай атам мени угуп жатабы дегенсип карап койду. Көз караштарыбыз чагылыша түштү. Бири-бирибиздин көзүбүздөн ар кимибиз эмне ойлоп жатканыбызды окуп жаттык. Мен көзүмдү ала качтым, анткени анын айткандарын түшүнө баштадым.

Мен аныкы туура экенин түшүндүм. Мен аны күнөөлөп жаткам, чынында эле мени окутушун каалагам. Мен күрөшүп жаткам. Бай атам андан ары улантты:

–   Сенде бир өзөк жок болсо, анда ар бир сокку тийген сайын багынып бересиң, өмүр бою эрежелерден чыкпай жашайсың, дайыма боло элек, балким таптакыр болбой турган окуялардан сактанып жүрөсүң. Эч кимге кызыгың жок абышка болуп өлөсүң. Сенин досторуң көп болот, анткени сен иштерман, эч кимге зыяның тийбеген адамсың. Ар бир кадамыңды эсептеп шилтеп, эрежеден чыкпайсың. Чындыгында турмуш сокку ура баштаганда коркуп калгансың, ага баш ийип бергенсиң. Көңүлүңдүн тереңинде тобокелчиликке баргандан коркосуң. Сен жеңишке жетишкиң келчү, бирок утулуп калгандан пайда болгон коркуу сезими, жеңиштин кубанычын көрүүдөн өйдө турат. Жан-дүйнөңдүн түпкүрүндө чечкиндүүлүгүң жетишпей, тобокелчиликтен качканыңды өзүң гана билесиң.

Биздин көз караштарыбыз кайрадан жолугушту.

–   Демек, сиз мени жөн эле согуп көрдүңүзбү?

–   Ошентип айтса да болот,–   деп күлдү бай атам. –  Бирок, турмуштун даамын татып көрсүн дегеним туура болот.

–   Ал кандайча?–   дедим, алигиче ачуум тарабай, бирок кызыгуу менен.

–   Балдар, силер менден акчаны кантип жасашты сураган биринчи адамсыңар. Менде жүз элүүдөн ашык адам иштейт, бирок алардын бири да менден акча жөнүндө эмне билесиң деп сурашкан эмес. Аларга акча жөнүндө билим эмес, жан бакканга акча керек. Ошондуктан жашоолорунун жакшы жылдарын акча үчүн, кимге жана эмнеге иштеп жүрүшкөнүн түшүнбөй жүрүп өтүшөт. –  Мен кунт коюп уга баштадым.

–   Ошондуктан Майк мага келип, акча жасоонун жолун сураганда силер үчүн  реалдуу жашоодогу окуу курсун ойлоп таптым. Мен көздөрүм тунарып, акылыман айныгыча сөз менен түшүндүрсөм да силерге баары бир жетмек эмес. Ошондуктан, болгону он цент төлөп жаткам.

–   Ошондо саатына он цент алып иштегенден эмне жыйынтыкка келишим керек эле? –   дедим.–   Сиздин сараң жана өз кызматчыларын эзүүчү экениңиздиби? –  Бай атам чалкалай калып чын ниетинен каткырып жиберди. Анан эс алып алып мындай деди:

–   Сен өз көз карашыңды өзгөрт. Мени күнөөлөгөнүңдү кой. Эгерде мени күнөөлөсөң, анда мени өзгөртүшүң керек. Эгерде күнөөнү өзүңдөн издесең, өзүңдү өзгөртө аласың, акылыңа акыл кошулат. Көпчүлүк адамдар бүт дүйнөнүн өзгөрүшүн күтүшөт, өздөрүн өзгөртөлү дегендер өтө аз. А мен сага айтар элем, дүйнөнү өзгөрткөнгө караганда, өзүңдү өзгөртүү оңой.

–   Түшүнбөй жатам,–   дедим.

–   Өзүңдүн көйгөйлөрүңдү мага шылтаба,–   деди бай атам чыдамы кетип.

–   Бирок, сиз он эле цент төлөп жатпайсызбы.

–   Ага кандай баа бересиң? –  деди бай атам жылмайып.

–   Сиз сараң адам экенсиз,–   дедим.

–   Көрдүңбү, дагы эле күнөөнү менден издеп жатасың.

–   Ошондой болуп жатпайбы.

–   Макул дейли, ушинтип ойлой берсең эч нерсе үйрөнө албайсың. Эгерде, күнөө менде десең мындан ары эмне кыласың?

–   Эгерде, көбүрөөк төлөбөсөңүз же окууну баштабасаңыз экинчи бул жакка басып келбейм.

–   Жакшы айттың,–   деди бай атам.–   Адамдардын көпчүлүгү ушундай кылышат. Алар кетип, башка жактан айлыгы көп, шарты жакшы жумуш издешет. Жаңы жумуш алардын көйгөйлөрүн чечет деп ойлошот. Бирок андай болбойт.

–   Анда эмне кылыш керек?–   дедим. –   Болбогон он центке макул болуп жүрө беришим керекпи? –  Бай атамдагы дагы күлүп койду:

–   Андай адамдар да бар. Алар жөн гана чек алышат, антпесе үй-бүлөсүн багыш кыйын экенин түшүнүшөт, алар дайыма айлык акыларынын көбөйүшүн күтүшөт. Кээ бирлери ошондой эле аз акча төлөп чек менен берген экинчи жумуш таап иштөөгө мажбур. –  Мен башымды ылдый салып угуп олтурдум. Ал мага жашоо жөнүндө айтып түшүндүрүүгө аракет кылганын түшүнгөнсүп жаттым. Башымды көтөрүп баягы эле суроомду кайталадым:

–   Көйгөйдү анан эмне чечет?

–   Мына бул,–   деп ал менин башымды акырын чертип койду.–   Эки кулагыңдын ортосундагы нерсе. –  Ушул учурда ал өзүнүн башкалардан, менин кедей атамдыкынан айырмаланган, аны Гаваядагы эң бай адамга айланткан көз карашын мага түшүндүрүп жаткан. Бул көз караш эң чечүүчү көз караш эле. Бай атам муну дайыма кайталап айта берчү. Мен аны андан алган биринчи сабагым деп эсептейм: «Кедейлер менен ортоңку класстагы адамдар акча үчүн иштешет. Байлар болсо акчаны өз кызыкчылыгына иштетишет».

Бай атам биринчи сабагын улантты:

–   Мен, сенин саатына он цент төлөп жатканыма жиниң келгенине кубандым. Эгерде, сен талашпай макул болгонуңда, мындан ары окутууга макул болмок эмесмин. Түшүнөсүңбү, окуш үчүн энергия, ышкыбоздук, кумардануу сыяктуу касиеттер керек. Жек көрүү — бул ошол эле формуланын бир бөлүгү, анткени кумардануу, ышкыбоз болуу — бул жек көрүү менен сүйүүнүн аралашмасы. Акча маселесине келгенде көпчүлүк адамдар тобокелчиликке баргылары келбейт. Ошондуктан аларды ышкыбоздуулук эмес, коркунуч башкарат.

–   Ошондуктан алар аз акчага иштешкенге макул болушабы?–   деп сурадым.

–   Ооба,–   деди бай атам.–   Кээ бир адамдар мен жөнүндө айтышканда, жумушчуларга кант плантациясында жана мамлекеттин кызматындагы адамдардын алган акчасына салыштырмалуу аз төлөйт, аларды эзет деп жүрүшөт. А мен алар өздөрүн өзү эзип жүрүшөт деп эсептейм. Ал алардын коркунучтары, меники эмес.

– А сизге аларга көбүрөк төлөш керек эле деп эсептебейсизби?–   дедим.

–   Анын эмне кереги бар? Көп акча деле алардын көйгөйүн чечпейт. Өз атаңды эле карачы. Ал көп эле акча табат, бирок карыздарын төлөп үлгүрбөй келет. Көпчүлүк элдин көп акчага жеткенде, карызы да чоңоёт.

–   А мага эмне үчүн саатына он цент эле төлөдүңүз? Бул да сабактын бөлүгүбү?.

–   Туура айтасың, мисалы, ал мектепти эң мыкты баалар менен окуп бүттү, алган билими ага маянасы чоң жакшы жумушка орношууга өбөлгө болду. Бирок, акча жагынан көйгөйлөрү чечилген жок, анткени акча тууралуу мектепте да, университетте да жеткиликтүү билим беришпейт. Анысы аз келгенсип ал акча табыш үчүн иштеш керек деп эсептейт.

–   А сиз андай ойлобойсузбу?

–   Жок,–   деди бай атам.–   Эгерде акча үчүн иштегенди үйрөнгүң келсе, кадимки мектепте окууңду уланта бер. Ал жакта муну жакшы үйрөтүшөт. А эгерде, акчаны кандай иштетишти үйрөнгүң келсе анда менден оку. Албетте, чын дилиңден окугуң келсе.

–   Аны баары эле үйрөнгүсү келбейби?–   деп таң кала сурадым.

–   Жок,–  деди бай атам.–   Акча үчүн иштешти үйрөнүү оңой, бөтөнчө акча деген сөздү укканда биринчи кезекте коркунуч сезими пайда болсо.

–   Түшүнгөн жокмун,–   деп кабагымды бүркөдүм.

–   Азырынча ал жөнүндө башыңды оорутпа. Жөн гана эсиңе түйүп ал, көпчүлүк адамдарды жумушуна коркунуч кармап турат. Иштебей калса карызды кантип төлөйм, жумуштан бошотуп жиберсе не кылам, акча аз болуп калса кантип оокат кылабыз жана ушу сыяктуу коркунучтар бүт эркин бийлеп алат. Бул бир адистикти өздөштүрүп, акча үчүн иштөөнүн кызылдай баасы. Көпчүлүк адамдар ошентип акчанын кулуна айланышат… анан кожоюндарына нааразы боло башташат.

–   А акчаны башкара билүүнү окутуу –  бул эмне башкачабы?

–   Сөзсүз башкача,–   деди бай атам.–   Сөзсүз.

Биз унчукпай олтуруп калдык, сыртта гаваянын эң бир сонун ишембиси өтүп жаткан. Менин жолдошторум Кичи лигадагы бейсбол боюнча турнирде жүрүшөт. Бирок мен эмнегедир саатын он цент алып иштөөгө макулдугумду бергениме кубанып турдум. Мен алар мектептен ала албай турган билимди бул жерден алаарымды сезип жаттым.

–   Окууга даярсыңбы?–   деп сурады бай атам.

–   Сөзсүз,–   дедим мыйыгымдан жылмайып.

–   Мен өз сөзүмө турдум. Мен окутууну алыстан баштадым,–   деди бай атам.–   Тогуз жашыңда акча үчүн иштеген кандай болорун жон териң менен таанып билдиң. Эми, ушул акыркы айды элүү жылга көбөйт, ошондо сен адамдар өмүр бою эмне кылып жүргөндөрүн түшүнөсүң.

–   Түшүнө албай турам,–   дедим.

–   Сен кезек күтүп, качан чакырат деп зарыгып олтурганда өзүңдү кандай сездиң?  Биринчи жолу –  жумушка орношордо, экинчи жолу — айлыкты көбөйтүүнү сураганы келгениңде.

–   Аябай жаман ,–   дедим.

–   Эгерде акча үчүн иштесең, өмүр бою ошондой болот — башка адамдардын турмушунан эч  айырмасы жок,–   деди бай атам.–   Мартин айым үч саат жумуш кылганыңа үч монета бергенде кандай абалда болдуң?

–   Мага ал аз болчу. Аябай эле аз эле. Мен нааразы болдум.

–   Көп жумушчулар чектерин колдоруна алганда дал ошондой абалда болушат. Бөтөнчө акчасын толук алышпай салык жана башка төлөмдөрдү кармап алгандан кийин. Сен жок дегенде акчаңды толук алып жаттың да.

–   Сиз жумушчулар тапкан акчаларын толук албайт дедиңизби?–   деп таң калдым.

–   Ооба, дал ошондой!–   деди бай атам –  Адегенде өз үлүшүн өкмөт кармап алат.

–   Ал кантип алат?

–   Салыктар,–   деп түшүндүрдү бай атам.–   Сен акча тапсаң, сенден салык алынат. Акчаңа бирдеме сатып алсаң, салык алынат. Акчаңды чогултсаң да, өлсөң да салык алышат.

–   А эл ошого макул боло береби?

–    Байлар макул болушпайт,–   деп күлүп койду бай атам.–   Кедей адамдар менен ортоңку класстагы адамдар гана ага жол беришет. Мен сени менен мелдешкенге даярмын: мен атаңдан көп акча табам, бирок атаң салыктарды менден көп төлөйт.

–   А кантип?–   тогуз жашар балага мындай нерсе таптакыр түшүнүксүз болчу.

–   Адамдар өкмөттүн мындай жоругуна кантип макул болушат?

Бай атам унчуккан жок.

–   Окуганга даярсыңбы?–   деп сурады ал.

Мен акырын башымды ийкедим.

–   Жана айтпадымбы сага, сен көп нерсени үйрөнүшүң керек. Акчаны өзүңө иштетишти үйрөнүү үчүн өмүр бою окуш керек. Көпчүлүк адамдар коллежде төрт жыл окуйт да, ошол жетиштүү деп ойлошот. Менин түшүнүгүмдө адам канчалык билим алып көптү билген сайын, көп суроолор жаралат. Ошондуктан, акчаны иштетүүнү да өмүр бою окуп үйрөнүү керектигин жакшы түшүндүм. Көп адамдар эч качан бул маселе менен кызыгышпайт. Алар жумушка барышат, айлыктарын алып, карыздарын төлөшөт. Болду, башка эч нерсе кылышпайт. Анан көйгөлөр көп болуп жатат деп таң калып коюшат. Анысынан да алар көп акча болсо эле көйгөй жок болот деп ойлошот.

–   Демек, менин атамдын салык боюнча көйгөйлөрү, анын акча тууралуу билиминин аздыгынан турбайбы?–   деп сурадым.

–   Билесиңби, –  деп баштады ал,–   салыктар –   бул акчаны өзүңө иштетүү илиминин кичинекей эле бир бөлүгү. Бүгүн сенин акча жасоого болгон кызыкчылыгың жоголуп кеткен жокпу, ошону билейин дегем. Көпчүлүк адамдарда андай кызыкчылык да жок. Кана айтчы, мындан ары окууну улантайын деген ниетиң барбы?— деди бай атам.

Мен башымды ийкедим.

–   Анда жакшы,–   деди ал.–   Анда барып иштей бер. Бирок мындан ары акча албай бекер иштейсиң.

–   Эмне дейсиз?–  оозум ачыла түштү.

–   Эмне уксаң ошол. Мындан кийин жумасына мурдагыдай эле үч саат иштейсиң, бирок мен бир тыйын да төлөбөйм. Сен акча үчүн иштебегенди үйрөнөм деп жатпайсыңбы, ошондуктан эч нерсе төлөбөйм. Мен уккан кулагыма ишенген жокмун.

–   Мен Майк менен да бул жөнүндө сүйлөштүм, ал да бекер иштей баштады — консервалардын чаңын сүртүп, кайра жыйнап жүрөт. Тура бербей барып ага кошул.

–   Бирок бул туура эмес да!–   деп каяша айттым.–   Сиз төлөшүңүз керек.

–   Сен окуйм дегенсиң. Азыр үйрөнбөсөң, чоңойгондо жанагы сени менен күтүп олтурушкан эки аял менен эркек кишидей болуп бир байдын босогосунда олтурасың. Алар акча үчүн иштешет, жумуштан чыгарып жибербесин деп коркушат. Же атаңдай болуп көп акча иштеп табасың, бирок өмүр бою карызга батып жүрүп өтөсүң. Ошону кааласаң саатына он цент төлөп берип турам, болбосо башка кишилердей кетип кал, аз төлөдү деп арыздан, башка жумуш изде.

–   Анда эмне кылышым керек?

Бай атам башыман акырын сылап койду.

–   Пайдаланып кал,–   деди ал.–   Эгерде, алган билимиңди жакшы пайдалансаң, жакында эле мага алкышыңды айтчу күн келет. Чоңойгондо бай адам болосуң…

Мен ишене албай турдум, башымды тегеретип койду. Айлыгым аз деп келсем, эми биротоло бекер иштемек болдум. Бай атам кайрадан башымды сылады да:

–   Пайдаланып кал. Бар иште, — деди.

Биринчи сабак.

Байлар акча үчүн иштешпейт

Мен кедей атама бекер иштеп жатканымды айткан жокмун. Ал аны түшүнбөйт болчу, а мен өзүм жакшы түшүнбөгөн нерсени ага түшүндүргүм келген жок.

Дагы үч жума Майк экөөбүз ар бир ишембиде үч сааттан бекер иштедик. Жумуш жеңил болчу. Ага көнүп калдык. Бейсболго барбай калганым жана жаңы комикстерди сатып ала албай калганыма бир аз өкүнүп жүрдүм.

Үчүнчү жумада дүкөнгө бай атам келди. Машина келип токтоп, бай атам кирди. Мартин айым менен кучактап учурашты. Андан ал-жайды сурады да муздаткычтан эки балмуздак алып, акчасын төлөп берип, бизге карады:

–   Жүргүлө балдар, сейилдеп келели.

Биз, көчөнү кесип өтүп, бир нече киши бейсбол ойноп жаткан жашыл аянтчанын жээгиндеги пластик үстөлгө барып олтурдук. Олтургучка олтуруп ал Майк экөөбүзгө балмуздактарды карматты.

–   Иштериңер кандай?

–   Жакшы,–   деди Майк. Мен ага кошулуп баш ийкедим.

–   Жаңы бир нерсе үйрөндүңөрбү?

Майк экөөбүз бири-бирибизди карап, ийнибизди куушуруп, башыбызды чайкадык.

Жашоодогу эң коркунучтуу тузакка кантип түшпөш керек?

–  Анда эмесе балдар, ойлонууга убакыт жетти. Силердин алдыңарда турмуштун эң маанилүү сабагы турат. Бул сабакты өздөштүрүп алсаңар өмүр бою кыйналбай, кенен жашайсыңар. Эгерде, өздөштүрө албай калсаңар Мартин айым же мына мобу бейсбол ойногон адамдар сыяктуу бирөөлөргө иштейсиңер. Алар тыным албай көп иштешет, акчаны аз алат, жыл сайын чыдамсыздык менен үч жумалык эмгек өргүүсүн күтүшөт жана бир нече жылдык эмгектери үчүн жарыбаган пенсияга чыгышат. Эгерде ошолордун жолуна түшөбүз десеңер, мен айлыгыңарды азыртан баштап саатына 25 цент төлөп бергенге даярмын.

–   Бирок алар эмгекчил жакшы адамдар да. Аларды эмнеге шылдың кыласыз?–   дедим андан жооп күтүп.

Бай атам күлүп койду:

–   Мартин айымды мен энемдей көрөм. Мен аны кантип шылдыңдамак элем?  Балким менин сөздөрүм бир аз катуурак айтылгандыр, бирок мен силерге эң маанилүү нерсени түшүнсүн деп айттым. Силердин ой жүгүртүүңөрдү кеңейтип, баарына өз көзүңөр жетсе экен деп жатпаймынбы. Адамдар көбүн эсе көз караштары тар болгондуктан, бутунун алдына тартылган тузакка барып өздөрү илинет. –  Майк экөөбүз анын айткандарын түшүнүүгө аракет кылдык. Бай атам кайрадан күлүп койду.

–  Эмне, саатына жыйырма беш цент аздык кылабы? Жүрөгүңөр дүкүлдөп чыккан жокпу?

Мен башымды чайкадым: чындыгында саатына жыйырма беш цент жакшы акча болчу.

–   Мейли, саатына 1 доллардан төлөйүн, макулсуңарбы,–   деп улантты бай атам кытмыр жылмайып. Жүрөгүм эми дүкүлдөдү! Ичимде бирөө “макул бол! Макул бол!”— деп кыйкырат. Мен уккан кулагыма ишенбедим. Бирок унчуккан жокмун.

–  Болуптур, саатына эки долларга макулсуңарбы? –  Муну укканда мага окшогон тогуз жашар баланын мээси менен жүрөгү жарылып кете жаздады. 1956-жылы саатына эки доллар алсам, дүйнөдөгү эң бай балага айланмакмын. Мындай акча түшүмө да кирчү эмес. Макул деп айтканга даяр элем. Көз алдымда жаңы велосипед, жаңы бейсбол мээлейи жана теңтуштарымдын суктануулары тартыла түштү. Анын үстүнө Жимми жана анын достору мындан кийин кедейсиң деп айтмак эмес. Бирок эмнегедир тымпыйып, унчуккан жокмун.

Бал муздак эрип, балжыраган колубузда анын таякчасы эле калды. Бай атам аны көздөрүн бакырайта ачып, аны таң калып караган мээлеринде эч бир ою жок эки өспүрүмдү сынай карап турду. Ал биздин ичибизде болуп жаткан күрөштү жакшы билип турду, ал ар бир адамдын жан-дүйнөсүндө болор болбос нерселерге сатылып кетүүгө даяр начар жагы, жана да эч бир акчага азгырылбаган күчтүү, чечкүндүү сапаттары болорун жакшы түшүнчү. Маселе ал экөөнүн кимиси жеңет, кеп ошондо эле.

–   Болору болду, биротоло саатына беш доллар төлөсөм макулсуңарбы?

Ушул жерден толкундоом жоголду. Бир нерсе өзгөрүлө түштү. Бул сунуш аябай эле чындыкка окшободу. 1956-жылы анда-мында бирөө эле саатына беш доллардан ашык табышар эле. Мен бурулуп Майкты карадым. Ал да мени карады. Менин алсыз жагым жеңилип, күчтүү жагым жеңишке жетишкендей болду. Башым менен жүрөгүмдө биротоло тынчтык орноду. Майк дагы менин абалымды башынан өткөзүп жатканы көрүнүп турду.

–   Көрдүңөрбү, иштин жайын,–   деди жумшак гана бай атам.–   Көп адамды көп акчага сатып алсаң болот. Бул биздин жан-дүйнөбүздүн тереңинде коркуу менен ач көздүк жатат. Адегенде акчасы жок калам деген коркунуч жанталашып иштөөгө мажбурлайт, анан айлык маянасын алган соң анын ач көздүгү акчага ар кандай кооз нерселерди сатып алууну саматат. Ошондо оңой менен кучагынан чыгарбаган айлампа пайда болот.

–   Ал эмне болгон айлампа?–   дедим.

–   Алар эртең менен турушат, жумушка барат, эсептерин төлөйт, кайра турат, жумушка барат, эсептерин төлөйт…

Жашоону дайыма коркуу менен ач көздүк башкарат.

Аларга көбүрөк акча сунуш кылсаң, алар чыгашаларын көбөйтүп, бул айлампаны батырак тегеретишет. Мен муну дөңгөлөк ичинде чимирилген тыйын чычкандардын жарышы менен салыштырам.

–   А башкача жол барбы?–   деди Майк.

–   Ооба,–   деди бай атам .–   Бирок аны бардыгы эле биле беришпейт.

–   Ал эмне болгон жол?–   деди кызыгуусу арткан Майкл.

–   Аны мени менен чогуу иштеп, окусаңар билесиңер деп ишенем. Ошон үчүн силерге акча төлөгөндү токтотком.

–   Жок дегенде эмне кылыш керектигин айтып коюңузчу,–   деди Майк.–   Биз жумуш кыла берип тажадык, бөтөнчө бекер иштегенден.

–   Айтса айтайын, биринчи кадам калп айтпай чындыкты айтуу.

–   А биз алдаган жокпуз,–   дедим мен.

–   Мен силерди алдады дегеним жок. Мен чындыкты сүйлө дедим.

–   Кайсы чындыкты?

–   Эмнени сезип жатканыңарды. Айтмакчы, ал жөнүндө башкаларга айтып деле кажети жок. Өзүңөр мойнуңарга алсаңар эле жетиштүү.

–   Сиз азыр бул жерде бейсбол ойноп жүргөн кишилер, Мартин айым антишпейт деп ойлойсузбу?–   деп сурадым мен.

–   Алар андай кылат деп ойлобойм,–   деди бай атам.–   Анын ордуна акчасыз калсак кандай болот деп коркушат. Алар бул коркуу сезимин логикасын иштетип жеңгенге да аракет кылышпайт. Алар акыл эмес, эмоция бийлигинде болушат.

–   А качан колдоруна эки доллар тийгенде, кубанычы менен ач көздүгү кайрадан бийликти өз колуна алат, алар ойлонгондун ордуна сезимдеринин талаптарын аткарганга кирет.

–   Демек, эмоциялары акылын бийлеп алабы,–   деди Майк.

–   Туура,–   деди бай атам.–   Өзүлөрүн башкарган сезимдерди таанып, моюндарына алгандын ордуна, ойлонбой туруп ага баш ийип беришет. Алар коркууну сезишет, ишке чыксам эле ал сезимден кутулам деп ойлошот, бирок андай болбойт. Коркуу аларга тузак салып койгон: алар иштешет, акча алышат, коркунуч аларды жайына коёт деп үмүт кылып күтүшөт. Бирок эртең менен турганда коркуусу алар менен кошо турат. Миллиондогон адамдар ал коркуунун айынан уйкулары бузулуп, таң аткыча ооналактап чыгышат. Ошондуктан алган айлыктары ал жан-дүйнөсүн курттай кемирген коркуу сезиминен куткарат деп үмүттөнүшөт. Акча алардын жашоосун бийлеп алган, бирок алар аны моюндарына алгылары келбейт. Акча алардын эмоциялары менен жан-дүйнөсүн багындырып алган. –  Бай атам уккандарыбызды сиңирип алсын дегенсип унчукпай калды.

Майк экөөбүз уккандарыбыздын теңинен көбүн түшүнгөн жокпуз. Мен эмнегедир ушуга чейин дайыма эле чоң кишилер эмнеге жумушка шашып жүрүшкөнүн түшүнө албай жүргөнүмдү эстедим. Аларды ал жактан анча деле кызыктуу бир нерсе күтүп турбагандай, бактылуу сыяктуу деле көрүнүшчү эмес, бирок бир нерсе аларды жумушка шашканга мажбур кылып турчу.

Биз алыбыз жетишинче түшүүгө аракет жасаганыбызды көргөн бай атам мындай деди:

–   Балдарым, мен силерди ошол тузакка илинбей жүрүшүңөрдү каалайм. Мына силерди бай болгонго эмес, дал ошол тузактан сак болуп, ага түшпөй жүрүштү үйрөтөйүн дейм, анткени байлык эч качан ал көйгөйдү чечпейт.

–   Чечпейби?–  таң калдым.

–   Ооба, чечпейт. Мен силерге каалоо деген түшүнүк тууралуу айта элекмин. Кээси аны “сараңдык” дейт, бирок мага “каалоо” деген көбүрөк жагат. Адам дайыма жакшы нерсени: сулуулукту, көңүлдүү жана кызыктуу нерселерди, каалап турат. Мына ошондуктан каалоо — бул адамдардын акча үчүн иштеген себептеринин бири. Алар жыргалдуу жашоо үчүн акчалуу болгулары келет, алар жыргалды сатып алса болот деп ойлошот. Бирок акчага келген жыргал көпкө созулбайт, алар анан көп өтпөй мурдагыдан да бактылуурак, мурдагыдан да ыңгайлуу, мурдагыдан да бейгапар жашоону каалайт, ал үчүн мурдагыдан да көп акча керек болот. Ошондуктан, кайрадан жумушка чыгышат. Акча алардын жан-дүйнөсүн тынчт андырат деп ойлошот, бирок андай болбойт.

–   Сиз бай адамдар жөнүндө айтып жатасызбы?–   деп сурады Майк.

–   Ооба, алар тууралуу дагы,–   деди бай атам.–   Айткандай, көп байлар бай болууну каалагандан бай болушкан эмес, коркуудан улам бай болушкан. Алар жакырланып калбайын деп корккондутан, чоң байлыктарды топтошот. Бирок коркуу жоголмок турсун күчөйт, эми алар байлыгымды жоготуп албайын деп коркушат.

Менин акчалары жетиштүү болсо дагы, иштерин таштабай, тытынып иштеп жүрүшкөн жолдошторум көп. Мен миллиондору болуп туруп, коркуудан кедей кезиндегиден да көбүрөк жабыр тарткан көп адамдарды билем. Алар ушуга чейин тапкандарын жоготкондон өлө коркушат. Байытууга себеп болгон коркуу эми мурдагыдан да катуулайт. Алар чоң үйлөрүн, укмуштай машиналарын, кооз жашоолорун жоготкондон коркушат. Эгерде акча менен бийлиги колдон чыкса, эл эмне дейт деп коркушат. Сыртынан караганда шумдук жашагансып көрүнгөнү менен, алар дайыма коркуу менен жашап, ооруга чалдыгышат.

–   Демек, кедей адамдар аларга караганда бактылуубу?–   деп сурадым.

–   Андай деп ойлобойм,–   деп жооп берди бай атам.–   Акчага көңүл кош кароо ага аябай көз каранды болгондой эле нормалдуу көрүнүш эмес.

Ошол учурда атайын биздин көңүлдү буруу үчүн келгенсип, шаардагы көчөдө калган жакырлардын бири таштанды салган челекти оодара баштады. Башка учурларда биз ага көңүл бурмак эмеспиз, бирок азыр аны кызыгуу менен карап турдук.

Бай атамкапчыгынан бир доллар алып, тигини кол булгалап чакырды. Акчаны көргөндө тиги байкуш жүгүрүп жетти. Акчаны алып, башына капысынан келген бактысына ыраазы болуп, бай атама миң мертебе рахматын айтып кудуңдап сүйүнгөн боюнча жолуна түштү.

–   Бул адамдын көпчүлүк кызматкерлеримден анчалык айырмасы жок,–   деди бай атам.

«Мени акча кызыктырбайт» –   деген адамдарды көп жолуктурдум. Ошентсе да алар күнүгө сегиз саат жумуштан калбай иштеп жүрүшөт.

Алардын айтканы менен кылганы эки башка. Эгерде акча кызыктырбаса, анда эмне үчүн иштеп жүрүшөт? Бул адамдардын психикасы, акчага сараң адамдардыкына караганда көбүрөк жабыркаган. Мен бай атамды угуп олтуруп, өзүмдүн атамдын айткандарын эстедим. Ал “Мени акча кызыктырбайт, өз ишимди сүйгөн үчүн иштейм”— деп көп кайталачу.

–   Анда биз эмне кылышыбыз керек?–   деп сурадым.–   Коркуу менен ач көздүгүбүздү жеңгиче акча үчүн иштебей эле коёлукпу?

–   Жок, убакытты бекер кетирип кереги жок,— деди бай атам. Адамды адам кылган  эмоциялары. Силер өз эмоцияңардын чыныгы себебин түшүнүп, аны баш ийдирип, өз кызыкчылыгыңарга пайдаланганды үйрөнгүлө.

–   Түшүнүктүүрөк айса болобу?–   деп өтүндү Майк.

–   Макул, буга башыңарды оорутпагыла. Убактысы келгенде түшүнүп аласыңар. А азырынча өз сезимиңерге жөн эле байкоо салып, ага жооп бербей коё тургула. Көпчүлүк адамдар алардын ойлорун эмоция башкарарын билишпейт. Силер эмоцияга алдырбай, өз алдынча ойлонгонду үйрөнгүлө.

–   А мисал келтирсеңиз болобу?–   дедим.

–   Албетте,–   деди бай атам.–   Мисалы, бирөө сага айтты дейли: «Мен жумуш табышым керек». Бул учурда аны эмоциясы башкарып жатат десек болот. Анткени бул ой акчасы жок калам деген коркуудан улам чыккан ой.

–   Бирок адамдарга жашоо үчүн акча керек да,–   дедим.

–   Албетте керек,–   деп жылмайды бай ата.–   Мен жөн гана коркуу сезими көп учурларда ойду башкарат деп айткым келген.

–   Түшүнгөн жокмун,–   мойнуна алды Майк.

–   Анда башка жагынан карап көрөлү,–   деди бай атам.–   Эгерде сен акчасыз калгандан корксоң, анда сөзсүз эле болбогон акча таап, коркууңду жок кылыш үчүн жумуш издеп жөнөбөшүң керек. Андан көрө өзүңө мындай суроо бер: «Жумуш табуу келечекте болчу  көйгөйлөрдү чечүүгө жардамы тиеби?» Менимче, чече албайт. Жумуш –   бул көйгөйлөрдү убактылуу, аз убакытка гана чечүүнүн жолу.

–   Бирок атам дайыма мага: «Мектептен жакшы окуп, жакшы бааларды алсаң, кийин жакшы жумушка орношууңа оңой болот» деп жүрбөйбү, –  дедим.

–   Ооба, түшүнөм,–   деп жылмайды бай атам.–   Мындай кеңешти көп адамдар беришет. Ал көп адамдарга туура да келет. Бирок ошол кеңеш берген адам өзү коркуунун бийлигинде жашайт.

–   Демек, менин атам аны коркконунан айтып жатабы?

–   Ооба,–   деп жооп берди бай атам,–   ал сени акча таба албай калат жана коомдо ордун таба албай калат деп аябай коркот. Мени туура түшүн. Ал сени сүйөт, сага жакшылык гана каалайт. Мен дагы билим алуу жана жумуш да өтө маанилүү деп эсептейм, бирок алар коркууңду жеңип чыгышыңа жардам бере алышпайт. Анткени, мектепте ийгиликке жетишиңе кылган камкордук, аны күндө эртең менен жумушка чыгууга мажбурлаган коркуудан улам келип чыгат.

–   А сиз кандай кеңеш кыласыз?

–   Мен силерге акчадан коркуп олтурбай, акчанын күчүн пайдаланышты үйрөткүм келет. Мектепте аны окутпайт. Эгерде муну үйрөнө албасаңар, акчанын кулуна айланасыңар.

Мен акырындап түшүнө баштадым. Ал чынында эле бизге акча маселесине Мартин айым жана бул дүйнөдөгү башка адамдардан терең жана кенен кароону, алар көрбөгөн нерселерди көрүүнү үйрөтүүнү каалап жаткан. Ошол учурда анын колдонгон ыкмалары мага өтө катаалдай сезилген, бирок андан ошондо алган сабактарды өмүр бою эсимден чыгарган жокмун. Ой чабытым кеңейип, көпчүлүк адамдардын жолунда кандай тузак тартылып тургандарын түшүнө баштадым.

–   Кандай болбосун, биз баарыбыз бирөөгө иштейбиз. Бирок ар кимибиз аны ар кандай деңгээлде жасайбыз, —деп улантты бай атам.–   Балдар, силерге коркуу менен каалоо алдыңарга тарткан тузакка түшпөй, айланып өтүштү аябай үйрөткүм  келет. Ал сезимдер зыян алып келбей, пайда беришине жетишкиле. Мага силерге жөн эле көп акча табышты үйрөтүштүн кызыгы жок. Ал силерди коркуудан да, каалоодон да сактап кала албайт. Ал экөөнү жеңгенди үйрөнбөй туруп байып кетсеңер, анда жөн гана акчаны көп тапкан кулга айланасыңар.

–   Ал тузакка кантип илинбеш керек?–   дедим.

–   Жакырчылыктын жана финансалык кыйынчылыктардын негизги себеби,–   экономикада, мамлекетте жана бай адамдарда эмес, коркуу жана түркөйлүктө жатат. Адамдар капканга коркуунун жана түркөйлүктүн айынан түшүшөт. Ошондуктан балдар, мектептен билим алууңарды уланткыла, ал эми мен силерге тузакка кантип түшпөстүн жолун үйрөтөм.

–   Сен бизге көбүнчө акчасыз калам деген коркуу жөнүндө айттың. А биздин оюбуз акчалуу болууну каалообузга кандай таасир тийгизет?–   деп сурап калды Майк.

–   Мен силерге чоң айлык сунуш кылганда эмнени сездиңер? Каалооңор кандай өскөнүн байкадыңарбы? –  Биз баш ийкедик.

–   Силер эмоцияга алдырып тез жооп бербей, ойлонууга убакыт калтырдыңар. Бул аябай маанилүү. Бирок биз  коркуу менен ач көздүктөн өмүр бою кутулбайбыз.  Ошондуктан азыркы мүнөттөн баштап аны өз пайдаңарга баш ийдирип, өз оюңарды ага эч качан багындырып бербешиңер керек. Көпчүлүк адамдарда коркуу менен ач көздүгү өздөрүнө каршы иштейт. Ошондо анын түркөйлүгү башталат. Коркуу сезими менен ач көздүгү адамдарды өмүр бою айлыктын жана анын көбөйүүсүнүн, жеңилдиктер менен сыйлыктардын артынан түшүүгө жетелейт. Алар бул эмоциялардан пайда болгон ойлор каякка алып барарын түшүнүшпөйт.

Алар тумшугуна таякка байланган сабизди жейм деп, араба сүйрөп бараткан эшекти элестетет. Эшектин ээси балким барар жагына баратат, ал эми эшек элестин артынан кууп баратпайбы! Эртең эшектин тумшугунун алдында жаңы сабиз пайда болот.

–   Ошондо, мен айлыгыма жаңы бейсбол мээлейин, конфеттерди жана оюнчуктарды сатып алам деп кыялдана баштаганда, ал мен үчүн эшекти азгырып алдаган сабиз сыяктуу нерсе болгон турбайбы?–   деди Майк.

–   Ооба. А сен чоңойгондо оюнчуктарың да кымбатыраак болот. Жаңы машина, яхта, жасалгалуу чоң үй, — деп жылмайды бай атам.–   Коркуу сезими үйдөн сыртка айдап чыкса, каалоо өзүнө жумшак үнү менен алдап чакырат. Мына, тузак каякта.

–   Эмне кылыш керек?–   деп сурады Майк.

–   Коркуу –  ач көздүк, түркөйлүк, билимсиздикти күчөтөт. Мына ошондуктан байлар байлыгы көбөйгөн сайын коркуу жана ач көздүгү да көбөйөт. Акча бул –  сабиз, куру элес. Эгерде эшек абалын түшүнгөн болсо, ал сабиздин артынан кубаламак эмес.

Бай атам адамдын жашоосу — түркөйлүк менен билим алуунун күрөшү экенин түшүндүрө баштады.

–   Биз күн сайын, мүнөт сайын чечим кабыл алабыз –   өзүбүздүн аң-сезимибизди жаңы нерселерге ачабыз же аны киргизбей эшикти жабабыз. Адам качан жаңы маалымат издөөнү токтотуп, өзүнүн ички дүйнөсүн азыктандырууну токтоткондо ал түркөй адамга айланат.

–   Силер түшүнүшүңөр керек,–   мектеп бул өтө маанилүү. Мектепке, адистик алып, коомдо ордуңарды табыш үчүн барасыңар. Ар бир коомго мугалим, доктур, инженер, сүрөтчү, ашпозчу, полицей, солдаттар керек. Мектептерде ушул адистикке үйрөтүп, коомубуздун гүлдөп өнүгүшүнө шарт түзүшөт. Тилекке каршы, көп адамдар үчүн мектеп окуунун баштапкы баскычы болбостон, акыркы этабы болуп кала берет, —деди бай атам. Көпкө унчукпадык. Бай атам жылмайып койду. Ал күнү анын айтканынын баарын түшүнгөн жокмун. Бирок улуу мугалимдердин айткан сөздөрү, өмүр бою унутулбай, жашооңо багыт берет эмеспи. Бул жолу да дал ошондой сабактардын бирин алган элем.

–   Бүгүн силерге бир топ ачуу чындыкты айттым,–   деди бай атам.–   Ага себеп бар. Мен бул сүйлөшүүнү өмүр бою унутпай жүрүшүңөрдү каалайм. Силер Мартин айымды, эшекти ар дайым эстей жүргүлө. Менин айткандарым ачуу эмес. Бүт өмүрүңөрдү коркуу менен өткөзүп, кыялдарыңар ишке ашпай калса мына ошол нерсе ачуу. Акча үчүн маңдай териңерди төгүп, ал акчага сатып алган буюмдар бактылуу кылат деген жаңылыш ойго алдануу — бул да ачуу нерсе. Түн ортосунда ойгонуп: «О кудай, бул карызымды жаба албай калсамчы!» –   деп ойлонуу бул да бир азаптын азабы. Айлык акыңдын чоңдугу башкарган жашоо — жашоо деле эмес. Жумуш бейкут турмушту камсыз кылат деп ойлогондор — өзүн-өзү алдагандар. Мына көрдүңөрбү, ачуу чындык каякта, мен ошол капканга түшпөй айланып өтүшүңөрдү каалайм. Силерден суранам: акча силердин жашооңорду башкарышына жол бербегиле.

–   А түркөйлүктүн ачкөздүк жана коркуу менен кандай байланышы бар?–   деп кызыктым.

–   Ач көздүк менен коркуу адамдардын акча тууралуу билбегенинен чыгат. Мисалы, доктурду алалы. Ал үй-бүлөсүнүн турмушун жакшыртыш үчүн көп акча тапкысы келет, ошондуктан өзү көрсөткөн кызматынын акысын көтөрөт. Ал акысын көбөйткөн соң, демек бардыгына медициналык тейлөө кымбаттайт. Бул бөтөнчө кедей адамдарга оор. Доктурлар көбөйткөн соң, юристер да кызмат акысын көбөйтөт. Алар бааны көтөрсө мугалимдер да айлыгынын жогорулашын талап кылат. Демек, айлыктар өссө ар бирибизден алынган салык да өсөт. Ошентип бири-бири менен болгон жарыш уланып, байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырым чоңоёт. Будуң чаң башталып, дагы бир цивилизация талкаланып жок болот. Көп цивилизациялар дал ошол кедейлер менен байлардын ортосундагы ажырым чоңоюп кеткендиктен кыйроого туш болгон. Америка да ошол жолго түштү, тарых кайталана баштады, анткени анын сабактарын өздөштүрө алган жокпуз. Биз белгилүү даталар менен ысымдарды гана эстеп, ал берген сабактарын унуттук.

–   А эмне бааларды көтөрбөш керекпи?–   дедим.

–  Билимдүү, акыл- эстүү мамлекетте баалар акырындан ылдый түшүп туруш керек. Бул эми теория жүзүндө. Баалар түркөйлүктөн келип чыккан коркуу менен ач көздүктүн айынан көтөрүлөт. Эгерде мектептерде акчага туура мамиле кылганды окутса, мамлекет бай, баалар арзан болмок. Бирок мектептер адамдарды акча үчүн иштөөгө гана үйрөтүп, анын күчүн пайдаланганды окутпайт.

–   А ишкерлердин мектебиндечи?–   деп таң калды Майк.–   Өзүң мага иш башкаруучу магистрдын окуусуна кир деп кеңеш берген жок белең?

–   Ооба,–   деди бай атам.–   Бирок ишкерлер мектеби көбүнчө акча санаган машинадан айырмасы аз адистерди чыгарат. Ошондой адистер компания жетекчилигине келишинен кудай сактасын! Алар цифраларды жазганды, кызматкерлерди иштен бошотконду гана билет, компанияны банкроттукка алып келишет. Алар чыгымдарды азайтып, бааларды жогорулатууну гана көздөйт. Акча санаганды билген жакшы, бирок ал маселени толук чечпейт.

–   Анда эмне кылыш керек?— деди Майк.

–  Андан чыгуунун жолу бар,–   деп жооп узатты бай атам.–   Өзүңөрдүн эмоцияңарды пайдаланганды үйрөнгүлө, тескерисинче, эмоция менен чечим кабыл албагыла. Балдар, силер биринчи жолу менин болбогон акча үчүн иштегиле деген сунушума, андан кийин көп акча сунуш кылганда эмоцияга алдырып жибербей макул болгонуңарда силерге ишеничим пайда болду. Алгачкы кадамыңар жаман болгон жок.

–   А эмне үчүн бул кадам маанилүү? – дедим.

–   Аны кийин түшүнөсүңөр. Эгерде окууну улантабыз десеңер силерди элдин көбү баруудан корккон тикенектүү талаа аркылуу өткөн татаал жол менен ээрчитип жөнөйм. Силер башкалар коркуп барбаган жерге барып, алар көрбөгөндү көрөсүңөр. Мени менен болсоңор акча үчүн иштеш керек деген ойду унутуп, акчаны өзүңөргө иштетишти үйрөнөсүңөр.

–   А жашоодо тикенектүү талаа барбы?–   деп сурадым.

–   Ооба,–   деп жооп берди бай атам.–   Тикенектүү талаа –   биздин коркуубуз жана ач көздүгүбүз. Ал эмоциялар менен күрөшкөндү үйрөнүшүбүз керек. Ал эми күрөштүн жолун акыл-эсибизди, оюбузду тандоо менен таба алабыз.

–   Оюбузду тандаппы?–   деп таң калды Майк.

–   Ооба. Сезимге жетеленбей, туура ойду тандай билиш керек. Эртең менен тура калып жумушка жөнөп кете бербей, өзүңө суроо берип көр: «Бул жумуш менин көйгөйлөрүмдү чечип бере алабы?» Көпчүлүк адамдар бул маселе боюнча терең ойлонгондон коркушат, ойлонгондон көрө көргүсү келбей тажап бүткөн жумушуна мойнунан байланган иттей шылкыйып бара беришет.Ошон үчүн оюңарды тандагыла деп жатпаймынбы.

–   Акантип тандайбыз?–   деди Майк.

–   Дал ошол нерсени мен үйрөтөм. Эсиңерде болсун, жумуш бул келечектеги көйгөлөрдү кыска мөөнөткө чечүүнүн эле жолу. Көпчүлүк адамдардын башында бир эле көйгөй, анысы да кыска мөөнөттүк көйгөй, ал айдын аягына карыз болбой чыгуу. Алар ата-энелери сыяктуу эле күндө туруп, акча табыш үчүн жумушка жөнөшөт. Алардын “Башка жолу барбы?”— деп өзүнө суроо койгонго да убактылары жок. Аларды акыл-эси эмес, эмоциялары башкарат.

–   Эмоциядан пайда болгон ой менен акыл эстүү ойду кантип айырмалайбыз?— деп кызыкты Майк.

–   Ал жөнөкөй эле. Адамдардын берген суроолорун угуп көргүлөчү,–   деди бай атам.–   Мисалы: “Эмне кылабыз, иштеш керек», же «Байлардын баарын соттош керек», же «Башка жумушка кетем, айлыгы аз», «Бул жумуш мага жагат, анткени туруктуу». Бирок алар: «Балким мен бир нерсени түшүнбөй жатамбы?» –   деген суроону беришпейт. Дал ушундай суроо эмоцияга алдырбай, терең ойлонууга убакыт берет.

Биз кайра дүкөнгө жөнөдүк. Жолдон бай атам дагы бир жолу бизге байлар чындыгында акча үчүн иштешпесин, алар “акча жасашарын” түшүндүрүп барды.

Майк экөөбүз тиш жууган пастанын коргошун тюбиктеринен монета куйган кезибизде, биздин ой жүгүртүүбүз байлардыкына жакын болуптур. Көйгөй анын мыйзамга туура келбегендигинен чыккан. Эч нерсе жок жерден акча жасоонун мыйзамдуу жолдору толуп жатат деди ал. Анан ал бизге байлар акча деген эшектин  сабизиндей эле иллюзия экенин жакшы билишет деп түшүндүрдү. Миллиондогон адамдар акчаны реалдуу нерсе катары көрүшөт, алардын коркуу сезими менен ач көздүктөрү бул иллюзияны бекемдейт.

Башкалар көрбөгөндү кантип көрүш керек?

Дүкөндүн жанында турган пикапка олтуруп жатып, ал бизге мындай деди:

–   Балдар, эми иштей бергиле. Айлык жөнүндө канчалык эрте унутсаңар, кийинки жашооңор ошончолук жеңил болот. Бекер иштеп жүрө берсеңер, мээңер иштейт, мен төлөгөндөн көп акча тапканды үйрөнүп кетесиңер. Башкалар көрбөгөн нерсени көрө билгиле. Ал силердин тегерегиңерде эле турган нерсе болушу мүмкүн. Башкалар жакшы жумуш тууралуу ойлонуп жүрүшкөндүктөн изденишпейт. Жок дегенде бир жолу ошондой мүмкүнчүлүктү көрүп, таап алсаңар –  ал сапат өмүр бою силер менен калат. Башкалар көрбөгөндү көргөндү адат кылып алсаңар, анан мен силерге дагы көп нерселерди үйрөтөм. Бул сабакты өздөштүрүп алсаңар, жашооңордо салынган тузакка түшпөй өткөндү өздөштүрүп аласыңар.

Майк экөөбүз дүкөнгө келип, бир нече саат уккандарыбызды талкуулап олтурдук.

Дагы эки жума мектептен кийин дүкөндө бекер иштеп жүрдүк. Бул убакытта канча ойлонбойлук, мээбизге эч нерсе келбеди. Экинчи жуманын аягында Мартин айым менен көңүлсүз коштошуп, кетүүгө камдангам. Текчелердеги комикстерге карап көңүлүм чөгө түштү, анткени аны сатып алууга акча жок эле. Аңгыча мен Мартин айымды карап, мурда байкабаган нерсени көрө койдум. Ал комикстер тартылган китептин мукабаларынан өйдөкү бөлүгүн кесип алып, калган китептерди чоң картон кутучага ыргытып жатты. Мен андан эмне кылып жатканын сураганда ал мындай деди:

–   Бул кесип алган бөлүктөрүн комикс саткан адамга өткөзүп, жаңы комикстерди алам. Ал бир сааттан кийин келет.

– Тиги кутучадагы китептерди эмне кыласыз?

– Аны ыргытып жиберем.

Комикс сатуучу адам келгенде андан сурадым:

– Эски китептерди алсак болобу?

–   Эгерде ушул дүкөндө иштесеңер ала бергиле, бирок бир шарт — аны сатпайсыңар.

Биздин бир кезде түзгөн өнөктөштүгүбүз эсиңиздердеби?  Ошол күнү Майк экөөбүз аны кайра жаңырттык. Майктын үйүндөгү ээн жаткан жертөлөгө эски  комикстерди жыйнай баштадык. Жакын арада комикстердин китепканасын ачтык. Башкы китепканачы кылып Майктын жалаң бешке окуган карындашын алдык. Ал ар бир келген баладан он цент алып киргизип жатышты. Китепкана күндө саат 14-30тан 16-30га чейин иштей баштады. Окуучуларыбыз — кошуна үйлөрдө жашган балдар эки саат ичинде канча окуганга жетишсе ошончо окушчу. Бул аларга пайдалуу эле, анткени бир комикс дүкөндө он цент турчу, ал эми эки саатта төрт, беш китепти окуп алганга үлгүрүшчү.

Майктын карындашы балдар китепти алып кетпесин деп көз салчу, канча бала жана кимдер келгенин журналга жазып эсепке алчу. Үч ай ичинде Майк экөөбүз орто эсеп менен жумасына тогуз доллар, элүү центтен таап жаттык. Майктын карындашына жумасына бир доллар төлөп бердик. Майк экөөбүз баштагыдай эле ишемби сайын дүкөндө бекер иштеп жүрдүк, Комикс сатуучуну да алдаган жокпуз, себеби биз китептерди саткан жокпуз. Келишимдерибизди бузбай аткардык. Дагы бир жер таап филиал ачалык дедик эле, бирок Майктын карындашындай ишенимдүү китепканачы таба албадык. Ошентип алгачкы ирет кадр көйгөйүнө жолуктук.

Үч айдан кийин кошуна райондон хулиган балдар келип, китепканада мушташ чыкты. Бай атам китепкананы жаап салууну сунуштады. Бизин китепкана бизнесибиз ошентип аяктады, ошондой эле дүкөндө да иштебей калдык.

Ансыз деле бай атам бизге жаңы нерсе үйрөтмөк экен. Биз анын биринчи сабагын жакшы өздөштүргөнүбүзгө аябай кубанды. Биз акчаны өзүбүзгө иштетүүнү үйрөндүк. Дүкөндөн бекер иштеп тажагандан, ойлонууга мажбур болдук. Китепкана ачып, өзүбүздүн акчабызга өзүбүз кожоюн болгонго жеттик. Эң негизгиси, өзүбүз иштебей эле пайда таап жаттык. Биз үчүн, биздин акчабыз иштеп жатты.

Бай атам бизге акчанын ордуна, андан чоң нерсе бере алды.

ЭКИНЧИ БАП

Экинчи сабак. Финансалык билим эмне үчүн керек?

Канча акча тапканыңар эмес, акчаны сактап кала алганыңар маанилүү

1990-жылы менин эң жакын досум Майк атасынын империясын өз колуна алып, аны атасынан кем эмес башкарып келе жатат. Биз бир жылда бир, эки жолу жолугуп гольф ойноп калабыз. Бай атамдын бай империясы ишенимдүү кишинин колуна тийди, эми өз кезегинде Майк өзүнүн уулуна атасынан алган билимин берип жатат.

1994-жылы кырк жети жашымда, аялым Ким отуз жети жашында иштебей калдык. Иштебей калдык дегеним, биздин байлыгыбыз биз иштесек да, иштебесек да, инфляцияга карабай өсүүсүн токтотпой көбөйө бермек. Майк империянын ишин улантууну чечти, мен эс алууга кетүүнү туура таптым.

Лекцияларымда угуучулар мындай суроолорду көп беришет: “Эмнеден башташ керек?” “Кайсы китепти окусак болот?”, “Балдарды кантип тарбиялайбыз?” же “Кантип миллионер болсо болот, ийгилик сыры эмнеде?” Мындай учурларда бир кездерде окуган макала эсиме түшөт.

Эң бай ишкерлер

1923-жылы Чикагонун «Edgewater Beach» деген мейманканасында өлкөнүн мыкты саясатчылары менен эң бай ишкерлеринин жолугушуусу өтөт. Алардын арасында Чарльз Шваб, эң чоң көзкарандысыз компаниянын башчысы Сэмюэль Инсулл, дүйнөдөгү эң чоң муниципалдык ишкананын президенти Говард Хопсон, чоң газ компаниясынын башчысы Ивар Крюгер, «International Match Со.» аттуу  дүйнөдөгү эң чоң компаниянын президенти Леон Фрейзер, эл аралык Банктын президенти Ричард Уитни, Нью-Йорктогу биржанын президенти  Артур Коттон жана Жесси Ливермор, атактуу эки биржевиктер Альберт Фолл АКШ президентинин кабинетинин кызматкери бар болучу. Жыйырма жылдан кийин алардын арасынан он киши төмөндөгүдөй тагдырга туш болушкан: Шваб беш жыл бою карызга батып жүрүп, чөнтөгүндө бир тыйыны жок каза болот; Инсулл  банкротко учурап чоочун өлкөдө каза болот; Крюгер жана Коттондор дагы банкрот болуп өлүшөт. Хопсон жин оорусунан каза болот;

Уитни жана Альберт Фолл түрмөдөн жаңы чыгышат; Ливермор өзүн өлтүрөт.

Буларга эмне болгонун так айтыш кыйын. Бирок жолугушуу учурундагы убакытка көңүл бурсаңыз (1923-ж) ал 1929-жылкы кризистин жана ошол жылдарда болуп өткөн Улуу депрессия алдында болгонун көрөсүз. Ошол окуялар алардын тагдырларына чоң таасир тийгизген деп ишенимдүү айта алабыз.

Буларды айтып жаткан себебим: биздин заманда бардык нерселер мурдагыдан ылдам жана терең өзгөрүп жатпайбы. Келечекте бизди бул ишкерлер туш болгондон да чоң өйдө-төмөн болчу өзгөрүштөр күтүп турганы шексиз. Мындай шарттарда мени тынсыздандырганы адамдар көбүн эсе акчага байланып, эң чоң байлык билимге көңүл бурбай жатышат. Эгерде, силер ийкемдүү болуп, жаңы идеяларды кабыл алсаңар, ал өзгөрүштөр оң жагына жүрөт. Эгерде бардык көйгөйлөрдү акча чечет деп ойлосоңор — жаңылышасыңар. Финансалык билим жок болсо акча да бат эле жок болот. Көпчүлүк адамдар акчаны тапкан жетишсиз экенин, аны сактоо маанилүү экенин биле беришпейт.

Лотереядан бактылуу утушка ээ болгон адамдарды көрүп жүрбөйсүздөрбү. Алар адегенде кедей, андан кийин бай анан кайра кедей абалга туш болушат. Утушка миллион алып бапырап алышат да, бир аз убакыттан кийин мурдагы таз кейпин бат эле кийип олтуруп калышат. Же профессионал спортчуларды эстеп көргүлөчү, жыйырма жашында миллиондогон долларларды табышат да, он-он беш жылдан кийин жашоолорун көпүрөлөрдүн астында өткөрүшөт. Мындай сансыз мисалдарды келтире берсе болот. Ошондуктан акчаны тапкан соң, анын канчасын жана канча  муунга чейин сактап калуу чоң мааниге ээ.  Мен: “Эмнеден башташ керек?” же “Кантип тез арада байыса болот?”—деген суроолорго качандыр бир кездерде бай атам бизге үйрөткөндөй: “Эгерде бай болгуң келсе, финансалык билимди окуп үйрөнгүлө”— деп жооп берем. Бул ойду ал ага жолуккан сайын айта берчү. Мурда айткандай, менин билимдүү атам дайыма китеп оку деп үйрөтсө, бай атам финансалык билимиңди өркүндөт деп кайталай берчү.

Эгерде көп кабат үй салгың келсе, бир топ эле терең чуңкур казылып, анан фундамент куюлат. Ал эми кичинекей үйгө 15 см бийиктиктеги фундамент жетиштүү.  Кээ бир адамдар 15 см фундаментке «Эмпайр-стейт-билдинг» сыяктуу асман тиреген үй салгылары келет. Биздин айыл чарбасы үстөмдүк кылган убактарда түзүлгөн мектептеги окуу системасы алигиче үйдү фундаменти жок эле курса болот деп ишенет. Бул жерде тактайсыз пол модадан чыга элек. Ошондуктан бул мектептерден финансалык алгачкы базалык билимди да албай чыгышат.

Бухгалтердик эсеп, дүйнөдөгү эң кызыгы жок зериктирме жана чаташкан сабактардан болсо керек. Бирок, байыгыңыз келсе жана өмүр бою бай жашайын десеңиз, бул сабак эң маанилүү, керектүү нерсеге айланат. Бай атам бул татаал илимди балдарга кантип үйрөтүү керек деп көп толгонгон. Бул көйгөйдү көрсөтмө куралдарды пайдалануу аркылуу чечкен. Ал Майк экөөбүзгө бекем финансалык фундамент куюп бере алды. Биз ал кезде бала болгондуктан ал окутуунун оңой ыкмасын иштеп чыккан эле. Биринчи жылдары ал бизге схемаларды тартып, анан аны түшүндүрүп берчү. Качан биз жөнөкөй диаграммаларды, терминдерди, акчанын кыймылдоо принциптери менен таанышып, аны өздөштүрө баштаганда сүрөттөргө акырындап сандарды аралаштыра баштады. Убакыт өткөн сайын Майк учурдагы бухгалтериянын эң татаал ыкмаларын өздөштүрдү, анткени ал ага чоң империяны башкарууга керек эле. Менин империям аныкынан кичирек болгондуктан, билимди да ошого жараша алдым. Бирок, финансалык базалык билимибиз бирдей эле.

Эмки беттерде сиздер Майктын атасы бизге тартып көргөзгөн жөнөкөй схемаларды көрө аласыздар. Ушул жөнөкөй схемалар эки кичинекей балага чоң байлыкты топтоого бекем фундамент болуп берген.

(Уландысы бар)

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз