ЖУМАБАЕВ Искендер: Эсимде-2 (Белгилүү Шайлообек Дүйшеев жана белгисиз Искендер Жумабаев)

(Уландысы)

БЕЛГИЛҮҮ ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВ ЖАНА БЕЛГИСИЗ ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ

Мен анчейин узак эмес өмүрүмдө камыр-жумур мамилелешкен көп деле дос күткөн жокмун. Бир жандуу деп коебу, ошол бир жандуумун. Эгер мен ким бирөө менен достошсом, мурдунун тыноо какканынан тартып, желбүүрдөй желпинген кирпигинин бир талынын “тырс” этип “сынып” түшкөнүнө  чейин сезип, жана досумдун проблемасы досумдуку гана болбостон, менин да проблемама айланганда ал адам менин чыныгы досум деп эсептечүмүн. Ар бир клеткабызга чейин арам ой калтырбай эзип достошкон досторумдун бири Шайлообек Дүйшеев эле. Кийин Шайлообек экөөбүздүн моюндашкан жаштыгыбыз менен достугубуз тигишинен ажыраган кийимдей түбүнө чейин токтоо билбей ыдырап отуруп, көп жылы экөөбүз эки башка сапарда, эки башка түшүнүктө жүрдүк.

 

Тымызын элдешпес жоодой таарынышкан учурубуз да болду. Бирок ал кандай  “достук” кылса да, “иттик” кылса да, мен аны жүрөгүм менен жаман көрө албай койдум. Мен аны дос катары да, акын катары да абдан жакшы көрөрүмдү, анын “достугун” да, “иттигин” да өңгө жандан өзгөчө жакшы билип, бир жолду баспай, бир ийинди казбай калганыбызда жакшы түшүндүм. Узак жыл жолукпасак да, сыр чечишип баарлашпасак да, мен анын өзү менен жолуккандай, сүйлөшкөндөй чыгармаларынан окуп-билип жүрдүм. Кайсы жерин чындап эле катыра жазганын, кайсы жерин калп эле кайкытып өтүп жатканын тамырын кармагандай таасын туюп турчумун. Өзүн жактырбасам да, чыгармаларын жактырып, өзүн жаман көрсөм да, чыгармаларын жакшы көрүп, Шакем менен аргамжыдай чубалжыган “заочный” достугум үзүлгөн жок.

Акыркы жыйырма эки жылда чыгармачылыкта Шайлообектей үзүрлүү эмгектенген жана эмгектенип эле тим болбой чыгармадан чыгармага өскөн, жанрдан жанрга көчкөн Шайлообектей кыргыз акыны аз экенине саресеп салып, чыгармачылыкта тийип-качып иштеп жүргөн жөн-жай мен эмес, чыгармачылыкка таптакыр баш-отун сайган, активдүү иштеген, Шайлообек менен чогуу басып, чогуу ичип достошуп жүргөн калемдеш-замандаштары анын кайсы бир чыгармасы окурман журтун “дүң” түшүрүп жарык көрүп жатканда же өзү айткандай шампан ичип шампалаңдаган Шакем кайсы бир юбилейин белгилеп жатканда чыгармачылыгы жана өмүр жолу туурасында ич күйдүлүк кылбай, тарыбай, арамданбай, түштүктүк досторум айтмакчы, агынан жарылган, чын дилинен сүйлөгөн бир кенедей жетим макала окуй албай ичимен баш чайкап, таң калып жүргөнүмдө “Агым” гезитине жарык көргөн Шакемдин “Эки дөөнүн күрөшү” аттуу “Манас” эпосунун курамына кирген мыкты жазма дастаны каканактап араң турган жандүйнөмдү жанар тоо атылгандай күтүүсүз жарды…

* * *

Курсубуз жогорулап, курсташтар үйлөнүп удаама-удаа өтүп жаткан үйлөнүү тою Шакемдин беймарал жаткан карт жүрөгү менен тымызын тымып жаткан намысын козгобой койгон жок. Адатынча Шакем сыр билгизбей, курстун шаа мүйүз аксакалы, старостасы катары курсташтардын калың тобун жетектеп тойлорго барып, жакшы олтуруп, жакшы сүйлөп, жакшы ичип жүргөнсүдү. Бирок, жүрөгүнүн тереңинде кимден чыгарып жиберерин билбеген бир арман ары-бери уйгу-туйгу түшүрүп турганын сезчүмүн. Бөтөнчө уйгу-туйгу түшүргөн ал арман өзүнөн көп кичүү курсташтары же жердеш инилери үйлөнгөндө байкала калчу. Кичүүлөрдөн тоюна барарда алдын ала кызыл винодон кыдырата тизип коюп ичип, өзү эле ичпей, жанындагы жакшы ичкичтер менен мага окшогон чала ичкичтерди кошо тое ичирип, той башталарына аз калганда асманың менен жериңди бирдей тепсеп, дуулдап кирип барчу…

Шакем орчундуу эки маселенин ортосунда ооналактап от-жалын болуп күйүп турду. Үйлөнбөйүн десе, жаш курагы өөдөлөп баратат, үйлөнөйүн десе, биринчиден, көздөгөн кызы, экинчиден, материалдык шарты жок…

Шакем деле жакшы костюмун жонуна жамынып, татынакай галстугун мойнуна тагынып, жыттуу атырынан жаба куюнуп, жакшынакай кыздарды жандап басканды кыялында жакшы көрөр эле. Бирок, ал сүйүү маселесине келгенде жанда жок коркок, эби-сыны жок эптеген жан эле. Жөн-жай турмушта купшуңдаган куудул мүнөзү таптакыр жоголуп, жалдырама тийгенсип жайбаракат басып, кылыйган көз кыйыгы менен алдыртан үмүттүү карап, буудай куурган тили бүйлөсүнөн бери өтпөй буулуп калчу…

* * *

Көптөр Шакемди жөнөкөй деп билишет. Чынында эле ошондой. Ичкен ичимдиги, тарткан тамекиси, жүргөн жүрүмү, турган туруму, кийген кийими, жасаган мамилеси, сүйлөгөн сөзү жөнөкөй. Шакемдин жөнөкөйлүгү ушунда — жыйырма жети жашына чейин кайсы размердеги кийим киерин билчү эмес экен. Колуна тийгенин, жонун жапканын, бутуна батканын кийип жүрө бериптир.

Үчүнчү курска көчкөн жылы жайкы каникулда Шакем студенттик курулуш отрядына кошулуп, Орусиянын Ярославль шаарында иштеп, капчыгы толо акча таап, жылыга эле кышкысын жука костюмчан калган Шакемдин чыкылдаган кыш чилдеси көңүлүнө көк таштай тийсе керек, ушул тапкан акчама быйыл бир жакшы пальто сатып алайын деп алдына өтө катуу максат коюп, ичпей-жебей, коротпой, андагы Фрунзе, азыркы Бишкектин кийим саткан дүкөндөрүнүн бирин койбой түрө кыдырып, пальто таппай көпкө убара болду. Ал заманда акча болсо товар жок, товар болсо акча жок, чынында эле тартыш эле. Бирок, Эрик Асаналиев сыяктуу эне-атасы интеллигент, төрт мезгилде төрт башка которуп кычырап кийим кийген курсташтарыбыз да жок эмес эле. Аларга теңелиш кайда?! Эптеп жүрүп эрте жазда алган «Чолпондун» (атыңан айланайын «Чолпонум»! Затыңдан айланайын «Чолпонум!» Ушундай аталыштагы бут кийим фабрикасы болор эле) туфлийин кийип алып, жамгырлуу жаздын нөшөрүн кечип, аптаптуу жайды аралап, тумандуу күздү узатып, бороонду кышта кар малтап, кайрадан жамгырлуу жазга жеткиче жыл бою эс албаган «Чолпондун» туфлийинин таш таманы кат-катынан ажырап, апкыты очорулуп, №5 студенттик жатакананын маңдайындагы акыр-чикир салчу челегине «эми жакшы бар, досум» деп кош колдоп коштошуп ыргытаар элек.

Жеке бут кийим эле эмес, башка кийимдерибиз деле түгөйү жок жалкы, жалаңкат, бир түрдүү болор эле. ВЛКСМ, 1-Май, Октябрдын 40 жылдыгы кийим тигүү фабрикаларынан тигилип чыккан карапайым көйнөк-кече, костюм-шым жыл бою жонубуздан түшчү эмес. Жамгырлуу жаздан аптаптуу жайга өткөндө костюмун чечип ыргытып, көйнөк-шымчан калчубуз. Күз келгенде кайрадан костюмубузду кийгенибизде, жай бою күн жеген шымыбыз эскирип, көлөкөдө илинип турган костюмубуз жаңы сыяктанып жарашпай, анан бат эле кыш келип, «жаңы» костюмубузду эски пальтобуз үстүнөн жаап калып, шым менен костюмду бири-биринен ажыратып жетим кылбай, жупташтырып кийип кетчүбүз.

Ошентип Шакем пальто таппай кыштын кап ортосуна кирип барды. Жанагы жакшынакай кийим кийген курсташтарыбыз жайкы кийимди кышта, кышкы кийимди жайда камдаган камбыл эргулдар экен. Алар жергиликтүү фабрикалардын тиккен кийимдерин жанына жакын жуутпай, чоң-чоң универмагдардан, базарлардан тааныш күтүп, жалаң чет элдик кийимдерди ошол жактан алышарын оо кийин-кийин билдик. Шакем экөөбүзгө эмне шам, же колубузда такай акча болбосо, же кийимдин жакшы-жаманын так ажыратып тааныбасак…

Бир күнү сабактан жатаканага кеч келсем барбалаңдап сүйүнүп алган Шакем баягы издеген пальтомду бүгүн таптым деп ойда төгүлүп-чачылып жууп жатыптыр. Өзүм пальтолуу болгондой мен да катуу сүйүндүм. Анткени өткөн кышта Шакем башында тумагы, жонунда пальтосу жок калып, менин жаман пальтом менен жаман тумагымды экөөбүз алмак-салмак кийип, кыштан эптеп аман-эсен чыкканбыз. Шакем кийинип кетсе мен жылаңач калып, мен кийинип кетсем Шакем жылаңач калган күндөр аяктап, менин пальтомдун кучагынан Шакем өзүнчө «түтүн булатып», өзүнүн пальтосунун кучагына өтүп жатканына кантип сүйүнбөй коебуз.

«Кана, Шаке, жаңы пальтоңду кие салчы, көрөйүн» десем эле, шамдагай Шакем жаңы пальтосун кие салганда, катуу сүйүнгөндөн койкоңдоп турган колу, кыска мойну, тыным билбей тыбырап турган буту көк тумандын ичине кирип кеткендей көрүнбөй, жаңы алган пальтосунун койнуна көмүлүп «чөгүп» кетсе болобу. Калп айтпасам, заманыбыздын опол тоодой залкар акыны Турар Кожомбердиевди көөмп калгыдай размердеги пальто сатып алыптыр.

«Шаке, мунуң бир аз чоңураак го» десем, «жок-жок, чапчак эле» деп ары басса ары чайпалып, бери басса бери чайпалып, боз үйдүн ордундай жер шыпырган чоң пальтосун чак деп мулжуңдап моюн бербей, эчен ай табылбай жүрүп табылган немени окууну бүтөр бүткүчө жонунан түшүрбөй, эсесин чыгарып жеңинен колу, этегинен буту чыкпай, сүйрөлтүп кийип жүрүп жыртты.

Шакем таптакыр эле жарашыксыз кийинчү деген ойдон да алысмын. Ат-Башыда редакцияда кабарчы, Фрунзеде айыл чарба заводунда жумушчу болуп иштеп жүргөндө сатып алган, бир аз эскире түшкөн жакшынакай көйнөктөрү, костюм-шымдары, галстуктары болор эле. Таза жуунуп, сакал-мурутун алып, чачын жарашыктуу тарап, галстук тагынып чыкыйып кийинип алганда, жөн күндөрү шампалаңдап жүргөн жөнөкөй Шакемден из калбай, интеллигент Шакеге айланып чыга келчү. Андай жарашыктуу кийимди жөн кийбей, атыр куюнуп кийгенди жакшы көрөр эле. Атыр десе Шакем жантыгынан жата калма жайы бар эле. Кай жакка кирбесин, кай жакта болбосун, терезенин кырбусунда, шкафтын текчесинде, шифонердин үстүндө турган атыр анын көзүнө биринчи урунчу. Ал атыр аялдыкы болобу, эркектики болобу, ажыратып тактабай, айлантып карабай, үй ээсине билгизбей, терезе жакты, дубал жакты карамыш болуп атырга акырын жакын барып, ыгы келе калганда моментин кетирбей шып ала коюп, алакандын отуна толтура куя салып, төбөсүнөн мойнуна чейин шыбанып жиберер эле. Ээси жок атырды көргөндө көздөрү кымыңдап, таноолору дердеңдей түшчү. Ал бир жакка мейманчылап барып келгенде чөнтөгүнөн акча да, алтын да, арак да чыкпай, жарымы бөксө атыр чыгар эле.

«Ыя, Шаке, атырды колуңа суу куйгандай эле толтуруп куюп шыбанат экенсиң. Эмне мынча атырды жакшы көрөсүң?» деп суроо салсам, «Нуке, шаардын көчөлөрүнөн айрым кишилер жаныңан жандай чаап өткөндө, артынан атырдын «бур-р» эткен жыты калат го, ошондой жытты жакшы көрөм. Мен да ким бирөөлөрдүн жанынан жандай чаап өткөндө, артыман «бур-р» эткен атырдын буруксуган жыты калышын тилек кылам» деп жооп берген жагдайы бар. Шакемдин башка мүдөөсү кечигип аткарылса да, бул мүдөөсү тез-тез аткарылып тургандыктан, ал каяка качып кетпесин, буйтап кетпесин, жанагы артынан аргамжыдай чубалжыган «бур-р» эткен атырынын жытынын артынан кууп жүрүп таап алар элек.

* * *

Биз окуп жүргөн жылдары эңкейип кетмен чаппаган, ийин жыгач менен ийрелеңдеп суу көтөрбөгөн, пахта тербеген, картошка жыйнабаган, тамеки тизбеген, кир жуубаган, уй саабаган, чөп чаппаган, ат минбеген, огород сугарбаган, отко бышпаган, күнгө күйбөгөн, жалаң витаминдүү жакшынакай тамак жеп, жарашыктуу кийинип, спорт менен машыккан, ыр-бий менен дасыккан, айдай жүзүндө тагы жок, айып коер жагы жок шаарлашкан орус группасынын көлөкөдө өскөн көркөм мүчө кыздары көзүбүзгө сулуу көрүнчү. Орусчаны ойдогудай сүйлөй албаган “бечелдигибизден”, жупуну кийимибизден, жүдөө кейпибизден улам аудиторияларда, скверлерде, кафе-ресторандарда, бий аянттарында биз аларга жолой алчу эмеспиз. Чөп чаап, чөңөр басып көрбөгөн ал кыздардын “ажалы” айыл чарба жумушу эле. Асфальт көчөлөрдө тык-тык басып, чыкчырылып теңсинбей, өрүлбөгөн чачын шамалга жайып, модалуу кийинген ал кыздар айыл чарба жумушуна – жапайы табияттын койнуна келгенде эрининдеги эндиги ээрип, көзүндөгү боегу өчүп, тик өскөн тырмагы сынып, беш маал бетмай “жеген” бети кесилип, күркүрөп аккан суудан, мал тоскон чуудан, чимирилген куюндан, сойлогон жылаандан, мөөрөгөн уйдан, кишенеген аттан, чартылдаган чагылгандан, көнөктөп жааган жамгырдан коркуп эч нерседен коркпогон эр көкүрөк айылдык жигиттердин колтугуна кире качып, денесине денесин жанаштырып тура калганда, демейде ороңдогон сөз оозунан куураган жалбырактай күбүлүп түшүп, эки көз үнсүз сүйлөшүп, эки кол үнсүз кармашып, сүйүүнүн өртү өзү эле жанып чыгаар эле…

Бир жылы жайкы айыл чарба жумушуна экинчи, үчүнчү, төртүнчү курстун орус, кыргыз, журналистика бөлүмүнүн студенттери чогуу барышат. А мен болсо адатымча айыл чарба жумушунан баш тартып, айылга кеткем. Күркүрөгөн күздө алар айыл чарба жумушунан, мен айылдан келсем, курсташтарым баштагыдан эр жетип, кең Фрунзе шаарынын чыныгы ээси боло түшкөндөй сезилди мага. Биринчи, экинчи курста бирөөнүн жеринде жүргөнсүп бүжүрөп баскан курсташтарым бирден сулуу кызды жетелеп, скверлерде, театрларла, кинотеатрларда жүрүшөт. Айыл чарба жумушуна барганда баягы асмандап баскан орус группасынын сулуулары өзүнөн өзү колго түшүп, Болот Аселди, Бейшенбек орус кызы Наташаны, Суусарбек Бурулду, Эрик бирди эле эмес, эки-үчөөнү ээрчитип, айтор, аяштардын көптүгүнөн баш адашат. Күжүлдөгөн курсташтарымдын эки сөзүнүн бир сөзү эле кыздар. Сүйлөшкөн кызы жок кезде эле күзгүнүн астынан кетпей сыланып турчу Суусарбегим бир жолу жалгыз күзгүнү таптакыр жеке өзү ээлеп, тикенектей тикирейген кайраттуу кара чачын антеннадай тик тургузуп, канжардын мизиндей түз үтүктөлгөн кара шымын жамбашына жабыштыра кийип, кара жылтыр туфлийин кайра-кайра кара баркыт чүпүрөгү менен сүрүп, Бурул келер тарапка оң капталынан бурулуп, тынчы кетип, тыбырчылап күтүп турса, Ат-Башыдан алты сөз орусча билбей келген Бейшенбек Наташа сулууга жолугардын алдында кадимки К.Юдахиндин “Орусча-кыргызча сөздүгүн” оң-тетири оодарып ачып, жалаң сүйүү терминдерин жаттап эси ооп отурса, көп кыз менен таанышып алган кыл мурут көркөм жигит Эрик кимисин тандап, кимиси менен басарын билбей, сүйүүдөн башы айланып, башын мыкчып олтурса, демейде кыз менен иши жок барбагай мурун Шакебиз да тымызын кымыңдап, ким бирөөнү издегенсийт…

Шуулдаган мүнөзүнө, кебете-кешпирине ишенген өрт жигиттер орус группасынын кыздарынын арасында күйөөлөп-чабагандап жүргөндө, “Алыбек алына жараша” дегендей, андайда жигин чыгарбай жыла баскан Шакем алысты көздөбөй, айдай сулууну эңсебей, кыргыз группасынын эле жогорку курсунда окуган, чөптө иштеген студенттерге ашпозчулук кызматын аткарып жаткан одурайган эле карапайым сулууну илип алыптыр. “Шакем жандап басар кыздуу болду” деген кабарды укканда өзүм “кыздуу” болгондой сүйүнгөн жаным дардалаңдап жетип келип, “ал ким эле?” десем, оозун кулпулап койгонсуп унчукпайт. Айт десем айтпайт, көрсөт десем көрсөтпөйт. Ошентип асылышып жатып, оо көптө барып “катардан калбайын деп мен да бирөө менен тааныштым эле” деп каткан сырын мойнуна алды. “Аты ким?” десем, “аты да эркектикине окшоп Асанбүбү” деп жер карап уялып коет. Ээн жерде эң эле сулуу көрүнгөн Асанбүбү  шаарга келгенде кадимки эле карапайым кызга айланып, калың кыздын арасына төнүп кеттиби, айтор, Шакемдин сулууну көргөндө дикилдеп чуркаган назик жүрөгү  “былк” этип бир эстеп да, бир издеп да койбой, көрүнөр-көрүнбөс болуп жылтырап тутанып келе жаткан сүйүүсү чоң сүйүүнүн астындагы кичинекей репетициядай бат эле үлпүлдөп барып өчүп калды.

Кийин да далай-далай сулууларды Шакем сыртынан “заочный” көз салып сүйдү. Бирок, бирине да батынып бара алган жок. “Жок” деген жооп укса жоголуп кетчүдөй коркту өзүнөн. Сыртынан тосуп алып, ичинен узатып жүргөн кыздардын ким бирөөсү турмушка чыгып кеткенин укса же кайсы бир жигитти колтуктап кетип бара жатканын көрсө, кадимкидей көңүлү аңтарылып, ичи ачышып, бул дүйнөдөгү сүйүүдөн бактысыз калган жалгыз адамдай жетимсирей түшүп, күйүтүнө чыдабай күчүн кызыл винодон чыгарар эле. Ичип-ичип, ичи өрттөнүп кызый түшкөндө  “ээ, Нуке, эмнени айтасың, Нарында бир врач ага-жеңем бар. Ошол жеңемдин бир сиңдиси бар экен… “Шайлообек, сага менин ошол эле сиңдим ылайык. Мен сага ошол сиңдимди тааныштырайын, сен ошону эле алып ал” деп айткан” деп Шакем сүйүүдөн көңүлү калган күндөрү өзү али тааныша элек, көрө элек жеңесинин алыстагы сиңдисинин кыялындагы элеси менен кадимкидей огожо-тирек кылып жашап, көңүлдөгү сүйүү өртүн ошону менен өчүрөр эле. Көңүлү жай күндөрү ал тааныша элек “сүйгөнүн” унутуп калчу. Курсубуз жогорулап, курсташ жигиттер университеттин моймол көз сулууларына чет-четинен шатырата үйлөнө баштаганда, туш тарабынан селдей каптаган үйлөнүү тойлору жай жаткан Шакемдин да шаштысын алып, тааныша эле сүйгөнүн тез-тез эстегенге мажбурлай баштады. “Карманарга тал жок, үйлөнөргө кыз жок” Шакем өзгөчө катар-катар келген үйлөнүү тойлорунан кызымтал болуп чыкканында “бүттү, Нуке, баягы жеңемдин сиңдисине эле үйлөнмөй болдум. Мен ошондой деп чечтим” деп так кесе жооп бере баштады. Беш жыл бою ал көрүнбөгөн сулуу Шакемдин демине дем, үмүтүнө үмүт кошуп келди. Шакем да ал сулууну эстегенде сүйлөшкөн кызы бар жигиттей компоюп сыр алдырбай калар эле.

Турмуштун кызыгын кара! Сүйүүнүн ырахатын көрүп, ылазатын татып, мен деген шуудур көйнөк, кара көз, кара каш сулууларды колунан жетелеп, Фрунзенин айлуу түнүндө, жылдыздуу асманында таң атырган, жигиттин гүлү деп аталган курсташтарым, калемдештерим, замандаштарым, сүйүү жөнүндө жүрөктү эзген, сезимди козгогон ырларды жазалбай, кызгалдактуу талааларда кубалашып ойноп-күлүп, жаштыктын сүйүүгө мас кумарлуу күндөрүн узатпаган, көңүлү сүйгөн сулуулардын бирине арзый албай, көрө элек, тааныша элек бир сулуунун кылаңгыр элесин ээрчиген, кыялы менен сүйүшүп, кыялы менен жашаган Шакем төмөндөгүдөй гениалдуу сүйүү ырларын жазганына акылым жетпей башым маң.

* * *

Шакемди жөнөкөй дей берген менен, ал жөнөкөй болчу жерде гана жөнөкөй, көпчүлүк учурда көптөрдүн акылы жете бербеген татаал адам. Ал жанындагы адамды алдыртан байкап, жомок айтсаң да, ушак айтсаң да, калп айтсаң да «ооба», «чын» деп баарына макул болгон байкуштай башын ийкеп жүрө берет. Ошентип жанындагы адамдын жакшы жагын да, жаман жагын да көңүлүнүн түпкүрүнө жыя берип, качан гана агынан карасы көбөйүп баратканда акыркы чыдамы түгөнүп, топ жарылгандай, тоо жарылгандай жарылат. Жумшак, назик, жөнөкөй сүйлөгөн Шайлообек тили заар, ташбоор, кекчил Шайлообекке айланат. Тик карагыс түрү менен да, тызылдатып чаккан тили менен да талкалап, терисин тескери сыйрып ташка жаят.

Ал адеп көргөн кишисин жактырбайт. Жанына жакын жуутпай, алыстап, сактанып турат. Качан гана ал кишинин бир гана жакшы жерин жактырып калса, бүттү, көңүлү сүт менен жуугандай агарып, шилекей алышкан кыйышпас доско айланат.

Бир карасаң ал улуу-кичүүнүн көңүлүн калтырбаган элпек, кичипейил, сыйчыл. Кандай иш тапшырба, өзүн да, өзгөнү да кыйнабай, таза, так, бышык бүтүрөт. Качан, кандай убакта жолукпа, сергек, сезимтал, жеңил. Жанда жок боорукер, жумшак, назик. Кара көңүлү кармаганда, теңирден тескери тежик, ташбоор, тоңмоюн. Жалгыз, жетим өскөн Шакем кез-кез жанда жок өзүмчүл. Көмкөрүлүп кетсең да, көмүлүп калсаң да карабайт. Улуу-кичүүнүн, дос-туугандын ортосунда эч жерде жазылбаган «милдеттер» болорун, кайгыда болобу, кубанычта болобу, туугандык, бир туугандык сезим бири-бирине жан тарткан күчтүү сезим экенин ал качан гана үй-бүлө күтүп, бала-чакалуу болгондо гана өз жон териси менен туя баштады көрүнөт. Ошондо да «бар, өзүң бүтүрүп ал» деп мулжуңдап болбойт. Чоң үй-бүлөнүн маселеси Шаке үчүн дагы эле чоң табышмак бойдон калууда. «Нуке, өзүм ата тарбиясын көрбөгөндөн кийин, балдарыма да ата тарбиясын бере албай жаткандай туюлам» деп айрым учурларда даттанып калмайы да бар.

Ал бирөөгө жакшылык кылса, жакшылык кылдым деп догун артпайт, эсептебейт. Ал бирөөнүн жакшылыгын көрсө, өзүн карыздар сезбейт, эстебейт. Жаманчылык кылган кишисин мактап, жакшылык кылган кишисин боктоп жибермейи бар. Ал өткөн-кеткен тарыхын өлүү дүйнөдөй өз башына жыйнап жүрө бербей, өрттөп, талкалап, тазалап, жаңылап, жаңыртып турат. «Баягычы…» десең, «ии, кайсы эле, ошобу» деп эсине жара чыккансып араң эстейт. Ал өзүн-өзү чүнчүтпөй, кордобой, соттобой, катачылыгы менен кемчилигин эстебей, капкачан тарап кеткен кайгы менен санаасын кайрып артка жыйнабай, башын сергек, жүрөгүн жеңил алып жүрөт. Андагы дагы бир улуу касиет — чындыкты сүйөт. Чындык үчүн чыркырап отко да, сууга да түшөт. Анын бул улуу касиети бардык кемчиликтерин жууп, тазалап турат. Ал ушундай жөнөкөй жана татаал адам. Турмуш менен тагдыр аны кенедейинен ташбилекке салып ийлеп отуруп ушундай оң-тетири мүнөз менен жаратты. Ошондуктан ал таланттуу акын, кызыктуу адам.

Менин байкашымда, Шакем бирөөгө кошомат айтпай, артынан ээрчибей, өзүнүн оюн бербей, мулжуңдап моюн толгоп турса, бери тартпай ары тартып, алыс-жакынды төшкө түртүп турган сайын иши алдыга жылат, аброю артат. Ал кантип көбүштү да билет. Бирөөлөр акчасына, дагы бирөөлөр кызматына, жөлөк-таягына, тааныштарына таянып көпсө, Шакем талант-жөндөмүнө таянып көбөт. Шакем көпсө тоодон ойго түшүп, төөдөн жерге түшүп көбөт. Кургуйга түшүп кулай турган жерден да, сулк түшүп сулай турган жерден да көбөт. Бир аз көөп, турмуш менен карсылдашып «сүзүшкөн» сайын мыкты чыгармаларды жазат. Аны көптүргөн да талант, сактаган да талант. Ырыскысы да, бакты-таалайы да талант! Анын кадыры да, даңкы да талант! Анын бар байлыгы — талант!

* * *
Шайлообек жөнүндөгү баянымды сандан-санга кобурап-жобурай берип окурмандарды тажатып жиберген жокмунбу деп кез-кез чочулап ойлоп коем. Мен анчейин узак эмес өмүрүмдө камыр-жумур мамилешкен көп деле дос күткөн жокмун. Бир жандуу деп коебу, ошол бир жандуумун. Эгер мен ким бирөө менен достошсом, мурдунун тыноо какканынан тартып, желбүүрдөй желпинген кирпигинин бир талынын «тырс» этип «сынып» түшкөнүнө чейин сезип, жана досумдун проблемасы досумдуку гана болбостон, менин да проблемама айланганда ал адам менин чыныгы досум деп эсептечүмүн. Ар бир клеткабызга чейин арам ой калтырбай эзип достошкон досторумдун бири Шайлообек Дүйшеев эле. Кийин Шайлообек экөөбүздүн моюндашкан жаштыгыбыз менен достугубуз тигишинен ажыраган кийимдей түбүнө чейин токтоо билбей ыдырап отуруп, көп жылы экөөбүз эки башка сапарда, эки башка түшүнүктө жүрдүк. Тымызын элдешпес жоодой таарынышкан учурубуз да болду. Бирок ал кандай «достук» кылса да, «иттик» кылса да, мен аны жүрөгүм менен жаман көрө албай койдум.

Мен аны дос катары да, акын катары да абдан жакшы көрөрүмдү, анын «достугун» да, «иттигин» да өңгө жандан өзгөчө жакшы билип, бир жолду баспай, бир ийинди казбай калганыбызда жакшы түшүндүм. Узак жыл жолукпасак да, сыр чечишип баарлашпасак да, мен анын өзү менен жолуккандай, сүйлөшкөндөй чыгармаларынан окуп-билип жүрдүм. Кайсы жерин чындап эле катыра жазганын, кайсы жерин калп эле кайкытып өтүп жатканын тамырын кармагандай таасын туюп турчумун. Өзүн жактырбасам да, чыгармаларын жактырып, өзүн жаман көрсөм да, чыгармаларын жакшы көрүп, Шакем менен аргамжыдай чубалжыган «заочный» достугум үзүлгөн жок.

Акыркы жыйырма эки жылда чыгармачылыкта Шайлообектей үзүрлүү эмгектенген жана эмгектенип эле тим болбой чыгармадан чыгармага өскөн, жанрдан жанрга көчкөн Шайлообектей кыргыз акыны аз экенине саресеп салып, чыгармачылыкта тийип-качып иштеп жүргөн жөн-жай мен эмес, чыгармачылыкка таптакыр баш-отун сайган, активдүү иштеген, Шайлообек менен чогуу басып, чогуу ичип достошуп жүргөн калемдеш-замандаштары анын кайсы бир чыгармасы окурман журтун «дүң» түшүрүп жарык көрүп жатканда же өзү айткандай шампан ичип шампалаңдаган Шакем кайсы бир юбилейин белгилеп жатканда чыгармачылыгы жана өмүр жолу туурасында ич күйдүлүк кылбай, тарыбай, арамданбай, түштүктүк досторум айтмакчы, агынан жарылган, чын дилинен сүйлөгөн бир кенедей жетим макала окуй албай ичимен баш чайкап, таң калып жүргөнүмдө «Агым» гезитине жарык көргөн Шакемдин «Эки дөөнүн күрөшү» аттуу «Манас» эпосунун курамына кирген мыкты жазма дастаны каканактап араң турган жандүйнөмдү жанар тоо атылгандай күтүүсүз жарды…

* * *
Курсубуз жогорулап, курсташтар үйлөнүп удаама-удаа өтүп жаткан үйлөнүү тою Шакемдин беймарал жаткан карт жүрөгү менен тымызын тымып жаткан намысын козгобой койгон жок. Адатынча Шакем сыр билгизбей, курстун шаа мүйүз аксакалы, старостасы катары курсташтардын калың тобун жетектеп тойлорго барып, жакшы олтуруп, жакшы сүйлөп, жакшы ичип жүргөнсүдү. Бирок, жүрөгүнүн тереңинде кимден чыгарып жиберерин билбеген бир арман ары-бери уйгу-туйгу түшүрүп турганын сезчүмүн. Бөтөнчө уйгу-туйгу түшүргөн ал арман өзүнөн көп кичүү курсташтары же жердеш инилери үйлөнгөндө байкала калчу. Кичүүлөрдүн тоюна барарда алдын ала кызыл винодон кыдырата тизип коюп ичип, өзү эле ичпей, жанындагы жакшы ичкичтер менен мага окшогон чала ичкичтерди кошо тое ичирип, той башталаарына аз калганда асманың менен жериңди бирдей тепсеп, дуулдап кирип барчу…

Шакем орчундуу эки маселенин ортосунда ооналактап от-жалын болуп күйүп турду. Үйлөнбөйүн десе, жаш курагы өөдөлөп баратат, үйлөнөйүн десе, биринчиден, көздөгөн кызы, экинчиден, материалдык шарты жок… Шакем деле жакшы костюмун жонуна жамынып, татынакай галустугун мойнуна тагынып, жыттуу атырынан жаба куюнуп, жакшынакай кыздарды жандап басканды кыялында жакшы көрөр эле. Бирок, ал сүйүү маселесине келгенде жанда жок коркок, уялчаак, тартынчаак, эби-сыны жок эптеген жан эле. Жөн-жай турмушта купшуңдаган куудул мүнөзү таптакыр жоголуп, жалдырама тийгенсип жайбаракат басып, кылыйган көз кыйыгы менен алдыртан үмүттүү карап, буудай куурган тили бүйлөсүнөн бери өтпөй буулуп калчу…

* * *
Мындан бир аз жылдар илгери казактын эле эмес, эсил СССРдин эстрада жылдызы Роза Рымбаева Бишкекке концерт коюп келип, көңүлү сүйүппү же ара-чолодо кыргыздардын жүрөгүн жылытайын дегенби, айтор, али өзү толук өздөштүрө элек кыргыздын мыкты обондуу ырларын ырдап жаздырган экен. Ал ырларды мен кийин-кийин кыргыз радиосунун берүүсүнөн уктум. Чыныгы мастер деп, чыныгы үн деп ошону айт. Кыргыз ырларынын канатына канат кошулуп, куйругуна куйрук улангандай эле чоң таасир калтырды. Айрыкча Ашыралы Айталиевдин «Нарындан жазган салам каты» калкылдап бийик учуп, кучагын кең дүйнөгө жайып жибергендей эле жаңырыптыр. Атаңгөрү, казак кызы деп кур намыс кылбай, кыргыздын классикалык мыкты обондуу ырларын Роза Рымбаеванын аткаруусунда жанагы ар ким уурдай качып жанын койбой жаткан алтыныбыздын бир сындырымын берсек да жаздырып алсак, мыкты иш болбойт беле деген ойго кеттим.

Болбосо, өзүбүздүн Болот Миңжылкиевдин аткаруусундагы кыргыз, орус композиторлорунун жана элдик обондуу ырларына кулак төшөп угуп көр. Эмне деген керемет үн, эмне деген керемет обон! Тилекке каршы, үнүнүн кооздугу жана уккулуктуулугу менен («нежный бас» дешчү экен) дүйнөнү дүңгүрөткөн Болот Миңжылкиев кыргыздын аз сандагы обондуу ырларын гана аткарып калтырганы бүгүнкү күндө Керим Турапов сыяктуу ортозаар ырчылардын көзүн карап олтурган кыргыз музыка сүйүүчүлөрүнүн арманы аттын башындай экенин кантип айтпай кое алабыз. Болот Миңжылкиевге окшогон зор талант кыргыз элинен жүз жылда бир чыгабы, миң жылда бир чыгабы, аны бир жараткан өзү билбесе, эч ким билбейт.
Көп элден көп талант, аз элден аз талант чыгат. Көп элдин таланты өз милдетин аткарат, аз элдин талантына көп милдет жүктөлөт.

— Кыргыздар жогорку окуу жайында студенттерди ойдогудай окута албай жатканда эчен өмүрүмдү ал жакта, энциклопедия чыгаралбай шорлогон кыргыздарды шорунан арылтайын деп нечен жылдарым бул жакта өттү. Кыргыздарым колго илинер котормо которо албай олтурганда котормодо, натыйжалуу илим изилдей албай жатканда илимде, ыр жазалбай жатканда поэзияда, роман, повесть жазалбай жатканда кара сөздө, эми мынтип баарың чогулуп келип карапайым эле кара макала жазалбай жатканыңарда шорум шорподой кайнап бул жерде макала жазып олтурбаймынбы, — деп Салижан Жигитов агабыз тамаша-чынын аралаштырып каткырып күлүп айткандай, биз аз эле таланттуу адамдары бар аз сандагы элбиз, аныбыз аз келгенсип Чыңгыз Айтматов, Салижан Жигитов, Шайлообек Дүйшеев сыяктуу таланттуу адамдарыбыздын мойнуна минип алган жалкоо элбиз. Жараткандан бак айтып, өзүбүз жалкоо болгонубуз менен таланттуу адамдарыбыз эмгекчил. Аларды ташка да салабыз, отко да салабыз. Аларды кандай ишке салба — колунан баары келет. Ошондой орошон таланттарыбыздын бири — Шайлообек Дүйшеев.

Өкмөтпү же талантты сыйлаган ыймандуу бир байбы, ар кайсы жумушка каржалтпай стипендия төлөп берсе, беш бөлмө үйүндө түйшөлүп жатып алып эмгиче кандай гана шедевр ырларды жазып берет эле. Антиш кайда?! Азыркынын байларынын бири жана тыңчыкма редактору Мелис Эшимканов иним дулдул талант Шайлообектин жону жооругуча, бели очорулуп ооругуча кандай гана каткалаң иштерге салбады. Заманында аркырап, баркырап, ыркырап, чыркырап турган «Асабаны», «Агымды» чыгартты. Анысы аз келгенсип белине «Пайшамбасын» байлап берип, көзү көр калың сүйүүнүн, жүнү булайган эски төшөктүн арасына эмне болсоң ошол бол деп түртүп жиберди эле, таланттуу кишиге айла жок экен, ал «төшөк маданиятынын» да тишин чагып, маңызын эзип жашыруун ат менен мыкты макалаларды жазды эле, карчыты кеткен карыялардан тартып кыл мурут жигиттерге чейин кыткылыктап кызыгып окушуп, бөгөттө калгандарга бала бөлөтүшүп, төрөттөн калгандарды бала төрөтүшүп, очор-бачар болуп эле жатып калдык.

Төрөлгөн балдар азыркы илим-билимдин жетишкендиктеринин негизинде сапаттуу төрөлүшүп, «Пайшамбада» иштеген «киндик аталарындай» мекенчил чыгышып, жакында болуп өткөн революцияда жок дегенде таш алып бергенге жараган мыкты жарандардан болуп өсүп жаткандарын далилдешти. С.Турдумалиев аттуу дагы бир бизнесмен-акын «Чабалекей-доор» деген гезит чыгартты эле, чаар чымчык чабалекейи аз күндүн аралыгында эле канаты калдайган бүркүткө айланып, жем чокубай эт чокуйм деп шаңшыганда, жембаштыгын сүйрөгөн С.Турдумалиев эт экен деп өзүмдү чокуп коюшпасын деп «Чабалекей-доор» гезитинин журтунан жоонун журтунан качкандай таштай качты. Андан соң Түгөлбай Казаковдун «Алас» гезитинде иштеп, аны гезиттердин «Манасына» айлантты. Ара-чолодо, атың өчкүр, атын так эстебей жатам, «Жетиген» беле, «Жетимен» беле, айтор, дагы бир адабий журнал чыгарганга катышып, ал милдетин да мыкты аткарды. Манжамды ачып-жуумп санап жатканым — бул заманда иштеген иштери. Ал эми СССРдин заманында «Нарын правдасы», филармония, «Ала-Тоо» журналы, «Кыргызстан маданияты» гезити тарыхтын бүктөмүндө калды.

Бүгүнкү күндө жаагы жай албаган «Азаттыкты» сайратып жатат. Шакем нан таап жеш үчүн, үй-бүлөсүн багыш үчүн кай жакта, кандай иште иштебесин, кара макаладан тартып адабий-көркөм жанрда кандай чыгармаларды жазбасын мээнеткеч дунгандын талаасындай отоосу жок кулпунтуп гүлдөтүп келди. Кара жерге кара чөп сепсе гүлгө айланды, каксоо жерге казык какса капталынан бүчүр чыгып, бүргө айланды.
Жана, жогортодо Роза Рымбаева менен Болот Миңжылкиевдин аткарган ырлары бөлөкчө жаңырат деп мен бул эки залкар талантты бекер жерден эскерген жокмун. Мен Шайлообек Дүйшеевдин «аткаруусундагы» же вариантындагы «Эки дөөнүн күрөшү» аттуу «Манас» дастаны таптакыр бөлөкчө түс, боек алып, дүйнөнү дүң түшүрүп жаңыча «жаңырганын» айткым келип эскердим…

* * *

Той болобу, жыйын болобу сөз сүйлөгөнгө келгенде баарыбыз Шайлообектин далысына жашынып жашадык. Баарыбыздын атыбыздан айтылчу куттуктоо сөзү болобу, көңүл айтуу сөзү болобу же жөн-жай каалоо-тилек сөзү болобу — шаа мүйүз Шакеме түртө салаар элек. Кулак тушуна эңкейип баш тамгасын эле айтып койсок, калганын камчы салдырбай өзү улап кетчү. Кичине-чоң, маанилүү-маанисиз окуя болобу — Шакеме баары бир, кичинесин чоңойтуп, маанисизин маанилеп, бабына келтирип сүйлөйт. Жөн сүйлөбөй жарпыңды жазып күлдүрүп, купшуңдап куудулданып сүйлөйт. Өтө чебер, кылдат, этият, таза, так, таамай сүйлөйт.
Тикендүү жерге тилдирбей, ийнелүү жерге илдирбей сүйлөйт. Ал канчалык кооздоп, куудулданып, кубулуп сүйлөбөсүн — чындыктан тайбай сүйлөйт. Калпты жининдей көрөт. Ал канчалык асмандатып, фантазиялап, апыртып, көбүртүп-жабыртып сүйлөбөсүн же жазбасын түбүн реалдуу турмушка байлайт. Ал өзүнүн чындыгы үчүн өлүп-талып күрөшкөн өжөр адам. Түз барып туура эмес деп бетке айтсаң, тынбай тызылдатып чаккан уу тилин агытат.

Шакемдин тилиндей уу тил жылаанда да, ажыдаарда да жок. Анын чаккан тилине чыдай албай чыңырган досторубуз: «Шаке, ушундан көрө бир жолу чаап жиберчи, эс алып калайын!» деп башын, бети-мурдун, жаагын тосуп «жалбарчу». Күч менен көндүрөм деген кишини жек көрөт. Ар жак, бер жагына чыгып жай айтсаң, жоошутуп-муютуп айтсаң, жибитип айтсаң, жашытып айтсаң жайма-жай көңүл менен жакшы көнөт. Анан ал өзүнүн чындык деп жүргөн чындыгынан акырындап баш тартып, сенин чындыгыңа оойт.

Терең кирип алгандан кийин сенин чындыгыңды ал өзүнүн чындыгындай тик туруп жан дили менен калкалап, коргоп олтуруп, ал чындыкка дагы биртоп чыргоо чындыкты кошуп, түп-орду менен өзгөртүп, өзүнүн чындыгына айлантып алат. Ал чындык аттууну ушундай жакшы көрөт, чырылдатып ыйлатып таштап кеткен, карабай кеткен чындыкты баладай багып алат, куулуп, тентип-темселеп, арып-ачып жүргөн чындыкты асырап алат. Ал тоодон, таштан, түздөн, адамдардын арасынан «жылт» эткен кенедей чындык көрсө «жетелеп» кетет. Ал өмүр бою чындык жыйнаган адам.

Өзү ким бирөөнүн маңдайына аның андай, мунуң мындай деп оңойлук менен бетке чаап сүйлөбөйт. Бир аз кызып алганда ошентиши мүмкүн. Соо кезинде антпейт. Ар жак, бер жагыңа чыгып акырын алдап сүйлөйт. Тамырыңды тартып, көңүлүңдү таап сүйлөйт. Жок деп жооп айталбай, акырындап анын чындыгына баш ийип бересиң. Бирок, анын чындыгын тартып ала албайсың. Ал өзүнүн байлыгын алдырса алдырар, эч качан чындыгын алдырбайт.

Алы жеткендерди мурунтуктап алганга маш. Өңгөнүн ойнун ойнотпой, оюн ойлотпой, өзүнө биротоло эле буруп алат. Анын айтканын айтып, кылганын кылып, жасаганын жасап, көлөкөсүндөй сүйрөлүп ээрчип жүрүшүң керек. Андай учурда сенин чындыгың чындыкка жатпай, анын чындыгы өкүм сүрөт. Эр болсоң чыпкадай жыш чындыгынан сызылып чыгып көр, капкандай жаагы катуу чындыгынан качып көр. Жолун таап чыксаң чыгасың, качсаң качасың. Бирок анда дос эмес, душманга айланасың.

Шакем кайсы жерде иштебесин чындыктын торун жайып, бир топ досторун, өң тааныштарын «туткундап» алат. Анын чындыгы тар кийимдей бутуңду өйкөбөйт, белиңди кыспайт, далыңды, тизеңди кармабайт. Чоюлчу жерден чоюлуп, жыйрылчу жерден жыйрылат. Ошондуктан анын чындыгынан көптөр качпай, канатына канат, бутагына бутак болуп жүрө берет. Шакем да ошол чындыгынын «туткунунда» жүргөндөр менен өзүн күчтүү сезет.

Шакем ар бир иште адал болууга тырышат. Чынында ал бардык жагынан адал адам. Атүгүл ал көптөр арам деп эсептеген арак, тамекини да адалдап алган чындыгы бар. Эгерде ал өзү адалдап алган чындыгына өзү ишенбесе, арагыңды ичмек эмес, тамекиңди тартмак эмес.

Шакемдин көзү, мээси, колу-буту сыяктуу эле, жүрөгү да чынчыл жүрөк. Ал бардык чындыкты жүрөгү менен кабыл алат. Ошол чындык же ыр болуп жүрөгүнөн чыгат, же ый болуп көзүнөн агат. Шайлообек үчүн чоочун чындык жок. Көзү көргөн, кулагы уккан чындыктын баары анын чындыгы.
* * *

Шакем өзүнүн кайгылуу, өкүттүү чындыгына караганда, өңгөнүн кайгы менен өкүтүн бат кабыл алат. Өзөгүнө түшкөн ал кайгы менен өкүт өчү бар оорудай жанын жай алдырбай кыйнап, акыр-аягында аркырап-шаркырап «кармаган колду калакайлатып» жалын чачып «күйгүзгөн» кыпкызыл ырга айланып чыгат.

Кандай гана полемика, талаш-тартыш маселе болбосун Салижан Жигитовдун оппонентинен жеңилгенин көргөнүм жок. Билимдүү, чечен, чынчыл Салижан агадан көптөр жалтайлап турчу. «Кың» десе баса калмай кыраандыгы да бар эле. Ошол мен билимдүү, чечен, чынчыл, кыраан деп жүргөн Салижан Жигитов агам дагы бир билимдүү, чынчыл, чечен, кыраан агабыз Ишенбай Абдуразаковдон эки-үч ирет аягына чейин «кармаша албай», жалтайлай түшкөнүнө күбө болгом. Жалтайлагыдай деле маселе эмес эле, кызыл-чеке түшүп аягына чейин талашса, балким, өзүнүн чындыгын далилдеп коет беле, бирок, Салижан аке сөздү ырбатпай дароо токтотуп, бөлөк сөзгө өтүп кеткен. Ишенбай ага сыртынан жоош, токтоо көрүнгөнү менен чала-чарпыт түшүнүгүң бар маселе боюнча талашка түшсөң, оңбогондой кырс киши. Сөзүңдү кыя чабат.

Акыл-эс, билим, тажрыйба жагынан экөө бирдей эле даражада сыяктанат, болду-болбоду Салижан ага Ишенбай аганын кырс кыялынан жалтайласа керек деп көпкө чейин өз ичимен ушундай бүтүм чыгарып жүрдүм. Бир күнү иш кабинетимде олтурсам Салижан ага адатынча жаркылдап кирип келип калды. Аркы-беркини сүйлөшүп олтуруп, сөздүн ыгы келе калганда көңүлүмдө жүргөн суроомду узатсам:
— Ээ, Нуралы, аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы, Ишенбайдын башы бүтүн адам. Ишенбай алгандай билимди биз өчөйүп өз жерибизден чыгалбай жүрүп алалган жокпуз. Ишенбайдай англис, япон тилин билбесек, Япония сыяктуу өнүккөн капиталисттик мамлекетте он беш жыл жашабасак, Арбатов сыяктуу академиктер менен, Хонда сыяктуу миллиардерлер менен маңдай-тескей олтуруп баарлашпасак, аныкындай билим-тажрыйба бизде жок болуп жатпайбы. Каймагынан ажыраган көк сүттү ичкенсип советтик цензуранын чыпкасынан өткөн орус тилиндеги китептерди окудук, бардыгы жаап-жышырылган социалисттик түзүлүштөгү мамлекетте жашадык.

Кайсы бир жөөт диссиденттердин каңырыш сөздөрү аркылуу угуп жүргөн чет тилдеги баалуу китептерди, илимий эмгектерди Ишекем бурмаланган, бычып-тонолгон орус тилинде эмес, түп нускада — англис, япон тилинде эбак эле окуп алган. Маселени мыкты билген кишиден чала билген киши чарылдап талаша бергени уят. Мен Ишекемдин түп нускадан алган билимин, дүйнөнүн тең жарымын өз көзү менен көрүп, өз жон териси менен сезип кыдырып, жашап келген турмуштук тажрыйбасы мол адам катары сыйлайм, — деп, түштүктүк досторум айткандай, агынан жарылып айткан эле.

Бул эки агамды эскерип жаткан себебим, акын Шайлообек Дүйшеев менен илимпоз Искендер Жумабаев жазуучу Салижан Жигитов менен коомдук жана мамлекеттик ишмер Ишенбай Абдуразаков сыяктуу бирин-бири толуктаган, сыйлаган, кадырлашкан достор эле. Шакем Искендердин акылга толгон, билимге шыкалган чоң башын сыйлап, маданияттуу жүрүм-турумун, тарбиясын өтө жогору бааласа, Искендер Жумабаев Шакемдин кирген суудай улам бир жагына оонап аккан жапайы талантын сыйлачу. Хандан, бектен кайра тартпаган кайран Шакем Искендердин «кылычына» далай жолу катуу урунуп токтогонуна эчен ирет күбө болдум.

Бирок Шакемдин Салижан акеден айырмасы, ал канчалык Искендерден жалтайлап, жазганып, акыл-насаатын угуп сыйлаганы менен такай тилин угуп, көзүн караганды каалачу эмес. Дегеле ал ким бирөөгө кулдук уруп, баш ийгенди жек көрөр эле. Кээде Искендер сыяктуу ичинен ак санашкан адамдарга да муштумдай түйүлгөн ички каршылыгы болоор эле. Ар дайым ичпей-жебей, урунбай-беринбей түз жүргөндөн тажаган Шакем:

«Жаман көрүп ичкенди,
Гений көрүп Искенди…» деп мага, мен аркылуу Искендерге сөздүн каймана маанисинде тийишкен ыр саптарын да жазар эле.

Нуралы КАПАРОВ