ЖУМАБАЕВ Искендер: ИСКЕНДЕР ЖУМАБАЕВ: ТЕНТИ АДЫШЕВАНЫН ТАГДЫРЫ ЖАНА ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ

Акын-жазуучулардын көркөм чыгармачылыкка келиш жолдору эң эле көп түрдүү. Т. Адышеванын биографиясы ушул акыйкатты дагы бир мертебе тастыктап турган шекилдүү.

Болочок акындын атасы Жунушбай «Манастан» тартып макал-лакаптарга чейинки кыргыз фольклорун жакшы билген. Үй-бүлөдөгү жалгыз кыз Тенти ар дайым атасын ээрчип, анын айткандарын көп уккан, бир тобун жатка билип алган. Албетте, мунун өзү кичинекей кыздын көркөм аң-сезиминин калыптанышында маанилүү роль ойногондугу талашсыз. Бирок Тенти бала чагында да, эс тарткандан кийин деле көркөм чыгармачылык менен шугулданууну көздөгөн эмес экен. Акындын «Кылы үзүлгөн комузум» аттуу эскерүү китебиндеги «Ал кезде ыр жазуунун эмне экендигин түшүнбөчүмүн. Акындар, жазуучу адамдарды бир башкача жаралган жандай баамдачумун»[1] деген сөздөрүнөн ушундай тыянак чыгарууга болот.

Бирок медицина окуу жайында билим алган кыздын тагдыры өзү ойлогондой болбой чыкты. Жазмыштын буйругу менен ал таланттуу акын Ж. Бөкөнбаевдин өмүрлүк жары болуп калды. Ошондон баштап Тенти алгачкы муундагы кыргыз акын-жазуучуларынын чөйрөсүнө аралашып, адабият иштерин жакындан биле баштады. Экинчи жагынан, өзүнүн жубайы Ж. Бөкөнбаевдин чыгармачылык ишинин тикелей күбөсү болуп калды. Албетте, бул жагдайлар табиятынан көркөм шыгы бар жаш аялдын адабиятка дитин бурушунда маанилүү роль ойногон. Т. Адышева кийинчерээк өмүрүндөгү бул чоң өзгөрүү жөнүндө: «Мен Жоомарттын гана үйүнө барбастан, совет кыргыз адабиятын курган залкар адабий ишмер, нукура таланттардын үй-бүлөсүнө, башкача айтканда, кыргыз көркөм адабиятынын, маданиятынын, искусствосунун үй-бүлөсүнө кошулдум. Тагдыр мени айлантып жүрүп отуруп, менин ордум ушул жерде экенин таап, жетелеп киргизген белем. Жоомарт айткандай, экөөбүздүн жылдызыбыздын кошулушу да дал ушул менин өмүрүмдөгү чыныгы ордумдун кайда экенин айкындаган белгиси белем»[2],— деп жазган.

Бирок болочок акындын үй-бүлөлүк бактысы узакка созулган жок. Жубайы Ж. Бөкөнбаев 1944-жылы 34 жашында трагедиялуу кырсыктан каза болду. Тагдырдын ушул оор соккусу жаш аялдын жан-дүйнөсүндө терең толгонууларды жаратты. «Мына ушул күндөн тартып ыр жазуу муктаждыгы пайда болгондой болду»[3],— деп жазган кийин ал өзү башынан өткөргөн руханий бурулуш жөнүндө.

Башка түшкөн кайгыны кандайдыр бир формада билдирүү, башкалар менен бөлүшүү дегеле адам баласына мүнөздүү табигый муктаждык болуп эсептелет. Ал эми чыгармачыл адамдардын чөйрөсүндө жашаган Т. Адышева (ал кездеги фамилиясы Жунушбаева) орду толгус жоготуусун билдирүү үчүн лирикалык ыр формасын тандап алышында таң каларлык эч нерсе жок.

Т. Адышеванын «Акын» аттуу алгачкы ыры 1947-жылы «Советтик Кыргызстан» журналына жарыяланган. Ыр Ж. Бөкөнбаевге арналган эле. Бирок төл башы ыры басма бетинде жарык көргөндөн кийин деле Т. Адышева чыгармачылыкка баш оту менен кирип, үстөккө-босток ыр жаза баштаган жок. Акындын «Корея» аттуу экинчи ыры 1949, ал эми туңгуч ыр жыйнагы — «Заманым» 1961-жылы чыккандыгы эле муну ачык көрсөтүп турат. Мындай болушу акындын чыгармачылыкка жасаган мамилесине байланыштуу. Т. Адышева чыгармачылыкты коомдук кадыр-баркка, же кандайдыр бир башка практикалык максатка жетүүнүн каражаты катары караган эмес, адам көңүлүнүн тереңинен сызылып чыккан нукура сезимдердин чагылышы деп түшүнгөн: «Деги эле мен ырды сапырылтып көп жазышты анча каалабайм. Менин көңүлүмдү, жүрөгүмдү бир нерсе ээлеп, ал мени толкутпаса кандай болсо да жазылышы керек үчүн гана өзүмдү зордой албайм. Ырдабоого, жазбоого эркиңди койбой өзүлөрү суранып турбаса анын элге жетиши да, ыр болушу да кыйын го»[4], — поэзияга карата мамилесин акын ушундай сөздөр менен билдирген.

Т. Адышеванын поэзиясы тематикасы боюнча башка акындардыкынан анчейин айырмаланбайт. Бул жагынан ал өз мезгилинин адамы, өз мезгилинин кызы. Ал өз чыгармачылыгында, мисалы, жалпы эле совет мезгилиндеги кыргыз поэзиясында кеңири орун алган замандын алмашуусу, революциядан кийин эл турмушунда болуп жаткан өзгөрүүлөр темасына кайрылган учурлары аз эмес. Ошол муундагы акындар сыяктуу кыргыз элинин тагдырындагы жагымдуу бурулуш үчүн Ленинге, партияга таазим кылып, ыраазылык билдирген ырлары да бар. Бул жагынан Т. Адышева өзүнө замандаш акындар менен бир эле сапта турат. Бирок анын ырларын башкалардыкынан өзгөчөлөнтүп турган касиет да бар. Андай касиеттердин бири — дүйнөнү, турмушту, өзү сөз кылган бардык нерселерди биринчи кезекте аялдын көзү менен көрүшү, аял катарында мамиле жасашы.

Маселен, кыргыз поэзиясында революциянын шарапаты менен жаңы замандын келиши, элдин жыргал турмушка жетиши жөнүндөгү тема эң эле кеңири орун алган өзөктүү темалардын бири. Ашкере көп иштелгендиктен бул темада оригиналдуу чыгарма жаратуу, кандайдыр бир жаңы ой айтуу акындар үчүн татаал маселеге айланган. Ал эми Т. Адышева «Кыз таалайы» аттуу ырында бул жөнүндө өзүнө гана мүнөздүү аялдык туюму менен мындайча жазат:

Кыз таалайы тайкы келип,
Тагдыр сырын чечпеген.
Эңсеп эне тилегине
Эчен кылым жетпеген.

Кыз болбогон кырчын өмүр
Кыйноо тартып өтпөгөн.
Күн болбогон күйүп эне
Күндө жашын төкпөгөн.

Мына бүгүн кыздар келет
Эч нерседен жалтанбай.
Акыл-талант эркин өсүп
Эргип чыккан фонтандай.

Албетте, ырдагы көркөмдүк мүчүлүштөр кунт коюп окуган адамга көрүнүп эле турат. Ошону менен бирге, коомдук-тарыхый процессти конкреттүү кырынан көрө билүү, аны нукура сезим менен баамдоо сыяктуу ийги касиеттер ырда бар экендигин да танууга болбойт.

Дегеле аялдар темасы Т. Адышеванын чыгармачылыгында орчундуу орун ээлейт. «Белекке кеткен кыз», «Аялдардын бактысы», «Кызы төрөгөн эне», «Аялдын жүгү», «Эне тилеги», «Укта балам» сыяктуу лирикалык ырларында акын аялдар тагдырынын түрдүү кырлары жөнүндө сөз кылат. Акын жазгандай, турмушта аялдар ар дайым оор жүк аркалап келет. Мезгил өтүп, кылымдар алмашты, бирок аялдар көтөргөн жүк жеңилдеген жок. Турмуштун түгөнбөс түйшүгүнөн аялдар эртелеп ажарынан ажырайт. Бирок алардын мээнети текке кетпейт.

Кылдырап оор тартып арабасы
Күндөн күн күчү тайып кете берет.
Энелик эбегейсиз түйшүгүндө
Эртелеп сулуу түрү өчө берет,
Бирок да көөнөрүшүн көрккө бөлөп
Түрлөнүп тиккен гүлү өсө берет.

Албетте, Т. Адышева аялдар тагдырынын жалаң гана оор жактары жөнүндө жазбайт. Энелик бакыт, махабат кубанычы сыяктуу аялдар турмушунун жаркын жактары жөнүндө сөз кылган учурлары да аз эмес. Муну жогоруда тизмеленген ырлардын аталыштарынан эле көрүүгө болот.

Т. Адышева аялдар темасына бөтөнчө кызыккандыгы поэмаларынан айрыкча байкалып турат. «Өткөндөн бир элес», «Каптагайдын кызы», «Жаңылдын элеси», «Таалай» жана «Эстелик», башкача айтканда, Адышеванын калеминен жаралган поэмалардын дээрлик бардыгы аялдар темасына арналган. Чагылдырган мезгилине карата аларды эки топко бөлүүгө болот: эгерде алгачкы үч поэмада революцияга чейинки мезгил көрсөтүлсө, акыркы экөөндө советтик мезгил тууралуу сөз болот.

Даңазалуу Жаңыл Мырза жөнүндөгү элдик баяндын сюжетине кыргыз акындары көп мертебе кайрылышкан. Тарыхта белгилүү ошол окуяны азыркы мезгилдин бийиктигинен аңдап туюнууга жасаган алардын аракети да түрдүү натыйжа берген. Т. Адышева ушул белгилүү теманы чечмелөөнүн жолун ийгиликтүү тапкан десек көтөрө чалгандык болбойт. Элдик уламага ылайык, бала көрбөй жүргөн хан төрөлгөн кызына Жаңыл Мырза деп ат коюп, эркекче кийиндирип, эркин өстүрөт. Ошого жараша Жаңыл көзгө атар мерген, эл коргогон баатыр болуп жетилет.

Бирок Т. Адышева бул сюжетке кыргыздын атактуу кызынын эрдиктерин дагы бир жолу ырга салыш үчүн гана кайрылган эмес. Чыгармада авторду кызыктырган негизги нерсе — уламышта чагылган доордун катаалдыгы, ал мезгилде жашаган кыз-келиндердин тагдырынын трагизми. Жаңыл тектүү жердин кызы болсо да, баатыр жана мерген катары атагы алыс тараса да анын адамдык бактысынын ачылышы оңойго турбайт. Анткени, акын жазгандай:

Сулуу кызга
Бойго жеткен гүл сымак,
Жуучу келбей
Хан атадан кол сурап.
Эмнегедир
Багындырып алмакка,
Баатыр келчү
Кара түмөн кол курап.

Жоокер заманда Жаңыл жаш чагынан өз элин түрдүү баскынчылардан коргоп, намысын талашып келди, ошол аркылуу баатырдык моралдык кодекстин алып жүрүүчүсү катарында калыптанды. Ошону менен бирге Жаңыл бойго жеткен сулуу кыз эле жана бул куракта ар бир адам баштан кечирүүчү сезимдер ага да тийиштүү болучу. Автордун интерпретациясы боюнча ушул эки нерсенин — баатырдык, лидерлик менен жөнөкөй пенде, кыз абалынын сыйышпастыгы Жаңылдын трагедиясынын маңызын түзөт.

Жаңыл Түлкү баатырды купулуна толтуруп жактырат жана көңүлүндө ал жөнүндө аруу сезимдерди багып жүрөт:

Айтчы Чынар,
Бул эмне өзгөрүү:
Көз алдымда
Ал Түлкүнүн көздөрү.
Кубалашып,
Кулагыма келишет,
Күлүп айткан
кермеги бар сөздөрү.
Ойлор учуп оболонуп зымырайт,
Ойноо жүрөк булкуп согуп чымырайт.
Кайда барсам караанына ээрчитип,
Кандай неме,
Анын атын шыбырайт?..

Бирок бул — Жаңыл кыздын сезимдери. Акын жазгандай, ал замандагы бардык кыргыз кыздары сыяктуу эле Жаңыл мындай сезимдерин Түлкүгө батынып билдире алмак эмес.

Ушул жерден поэмадагы окуялардын өнүгүшүндөгү маанилүү бир жагдайга токтолууга туура келет. Жоокер заманда кыргыздардан чыккан баатыр кыздардын тагдыры жөнүндө сөз кыла келип автор мындай дейт:

Бирок
Куда түшүп барышпастан,
Кыз каада урматташып алышпастан,
Багынтып баатыр кызды алуу шарты,
Кол курап, чабуул жасап намысташкан…

Бул эмне болгон фаталдык шарт, эмне болгон намыс экендиги чынын айтканда анча түшүнүксүз. Бирок эл оозунда айтылган белгилүү сюжетке Т. Адышева берген интерпретацияда дал ушул «намыс» Жаңыл менен Түлкүнүн бактысы кыргыздын эзелки каада-салтына ылайык жуучу жиберүү, куда түшүү аркылуу ачылышына кедерги болот. Ошол абстрактуу «намыстын» айынан эки жаштын мамилеси жоокердик кодекстин жоболору боюнча, чынын айтканда эрегишүү, алтурмак, душмандашуу жолунда өнүгөт жана кайгылуу аяктайт.

Жаңыл Түлкүнү өлтүргөн эпизод поэмадагы кульминациялык чекит. Ал жалаң гана Түлкү баатырдын трагедиялуу өлүмү эмес. Түлкүнү өлтүрүү менен Жаңыл өзүнүн наамына одоно сөз айткан «душманды» гана жазалаган жок. Ал ошону менен бирге өзүнүн махабатын, бакыт жөнүндөгү кыял-тилектерин, үмүтүн лакап болгон «намысына» курмандыкка чалды:

Көктөгү айдын көзүн атып салгандай,
Тунуп калды көрүнбөстөн айлана…
Жаңыл Мырза өзүн атып салгандай,
Туруп калды көкүрөгүн кармана…

Капалыкты кабагына илбеген,
Көздүн жашы эмне экенин билбеген.
Жаңыл кыздын төштөрүнө төгүлүп,
Агып жатты кирпигинен ирмеген…

Балким, сүйгөн адамын өз колу менен мерт кылган ушул окуяда Жаңыл «намыс» урааны астында жүрүп жаткан кагылыштар эч убакта жакшылыкка алып келбесин түшүнгөндүр. Анткени, ошол эле уруудан Түлкүнүн кунун кууш үчүн кайрадан кол келгенде Жаңыл эч каршылык көрсөтпөстөн, туткунга түшүп берет. Жаңыл Мырзанын күтүүсүз мындай кадамына поэмада ачык мотивировка берилбейт. Автор түрдүү түкшүмөлдөрдү айтуу менен гана чектелет:

Өткөн күндө
Өз колуңдан үзүлгөн
Махабаттын жибин улап турдуңбу?..
«Абыл өзү алар…» деген ой менен,
Аттигиң ай!
Алданып сен курдуңбу?!
Же болбосо:
«Мен турганда тынчтык жок,
Кетейин» — деп
Жолго түшүп тындыңбы?!

Бирок бул кадамды кандай ой менен жасаган болсо да ушул күндөн тартып Жаңыл үчүн караманча башка турмуш башталат. Эми ал тоо желиндей эркин жашаган Мырза кыздан бөтөн элге туткунга келген, карыган чалга соогатка берилген күнкор аялга айланат. Поэмада Жаңылдын жаңы жердеги азаптуу турмушу жөнүндө айтылат, бирок баатыр кыздын бул кордуктарга мамилеси, протести жөнүндө сөз деле болбойт. Тескерисинче, ал өзүнүн ушундай абалына моюн сунгандай, кейиштүү тагдырына биротоло багынгандай таасир калат. Ким билет, эгерде ойдо жок бир окуя болбосо Жаңыл ошо бойдон өтүп кетет беле? Бирок күндөрдүн биринде Абыл келип, «өнөрүңдү көрсөткүн» деп тынчын алат. Ошондо анын көңүлүнүн тереңинде катылуу жүргөн эркин турмуштун элестери козголот. Жоокер кийимин кайра кийип, жарагын колуна алган соң Жаңыл Мырза дымып жаткан жанар тоо кайрадан атылган сыңары эч кимге багынбаган баатыр калыбына кайрадан келет. Ушул жерде поэманын мазмунун түшүнүүдө чоң мааниге ээ болгон бир деталь бар. Жоо жарагын шайланып, эл алдына чыккан Жаңыл Мырза Абылга кайрылып мындай дейт:

Термелтип,
Тегеретип нечен ойду,
Жаңыл кыз
Түшүп берген сага торго,
Мынакей,
Жаңыл Мырза маңдайында
Эр болсоң
Түшүрүп көр эми колго!
Жаңылдын ким экенин таанытпастан
Жашынбай
Эр жигитче жаның корго!

Демек, поэма авторунун көз карашы боюнча, Жаңыл Мырза ошол кадамга махабат үчун барган экен. Бирок баатыр кыздын бул оюн, ыктыярын эч ким түшүнгөн да, сыйлаган да жок. Ага күч менен багындырылган, колго түшүрүлгөн туткун катары мамиле кылышты, баатырдык намысын, кыздын назик сезимин, адамдык ариетин одоно тебелеп-тепсешти. Жаңыл Мырза бөтөн элде эзилген укуксуз күң абалына биротоло моюн сунуп жашай алган жок. Поэманын финалында анын кетиши — турмуштун адамкерчиликсиздигине, замандын одонолугуна, доордун катаалдыгына каршы протест. Алдыда аны эмне күтөрү белгисиз. Бирок ушул кадамы менен Жаңыл Мырза адамдык, аялдык ариетин, ар-намысын сактап калгандыгын, аларсыз жашай албастыгын көрсөттү. Нечен кылым эл оозунда айтылып келген баянда жана Т. Адышеванын поэмасында даңазалуу Жаңыл Мырзанын «чуулгандуу» бул ишинин терең мааниси ушунда.

«Жаңылдын элесине» караганда «Өткөндөн бир элес» жана «Каптагайдын кызы» поэмаларынын мазмуну да, көркөм курулушу да алда канча жөнөкөй. Алардын биринчиси — он алтынчы жылдагы үркүн учурунда малга сатылган кичинекей кыздын тагдыры жөнүндө кейиштүү баян. Ал эми «Каптагайдын кызы» кыргыз адабиятында көп иштелген темага — революцияга чейинки мезгилде кыз-келиндердин теңсиз абалын көрсөтүүгө арналган. Баягы эле лакап болгон кудалашуу, күйөө бала кыздын купулуна толбой калышы — поэманын сюжетине негиз болгон кырдаал ушундай.

Көл айланасына атагы чыккан көп жылкылуу Каптагай байдын кызы Кайып болочок күйөөсүн жактырбай, той учурунда үйүнөн качып чыгат. Бирок поэма сюжетинин өзгөчөлүгү — Кайып кыз жылдызы жок жигитти жеригендиктен жана аны менен тагдырын бириктирүүдөн кутулуш үчүн гана качкан эмес. Анын максаты ушуну менен гана чектелбейт:

Качты эже теңимди табайын деп,
Таяк алып, жер кезип карайын деп.
Табылбаса бир түнү талаа жерде
Карышкырга жем болуп калайын деп.
Жар табылса жаш жанга жарашыктуу,
Жаш чырактай жаркырап жанайын деп.

Кайып кыз көп жол басат, адамдарды көрүп, сынынан өткөрөт. Айта кетүүчү нерсе, поэмада баяндалган ушул кырдаал кайсы бир даражада «Семетейде» Айчүрөк ак куу кебин кийип, Семетейди издеген сюжеттик мотивди эске салат.

Поэманын финалы ачык бойдон калат. Өз каарманы менен автор жолдо бараткан жеринен коштошот. Кыргыз кыздарынын арасында эркиндикти сүйгөндөр, ан үчүн тайманбай күрөшкөндөр дайыма болгон деп жазат акын. Азыркы даңазалуу кыз-келиндер — ошолордун салтын улагандар.

Биз кыскача сөз кылып өткөн чыгармаларынан көрүнүп тургандай, аялдар темасы Т. Адышеванын чыгармачылыгында өзгөчө орун ээлейт. Бирок ушундан улам Т. Адышева жалаң гана аялдар темасына кызыккан, кыз-келиндердин тагдыры туурасында гана чыгарма жазган деген тыянак чыгарууга болбойт. Чынында акындын поэзиясынын тематикасы эң эле ар кыл жана кеңири. Аларды жалпы жонунан Ата мекен, өмүр, тагдыр сыяктуу чоң-чоң топторго бөлүүгө болот. Адилеттик үчүн айта кетүү керек, акындын калеминен жаралган ырлардын баары эле көркөмдүк жагынан телегейи тегиз эмес. Бирок алардын арасында нукура сезимден сызылып чыккан жана ошондуктан окуган адамды кайдыгер калтырбаган саптар да аз эмес:

Карды жиреп катарыңда бир басып,
Качпай чыдап катуу суук кышыңа.
Бул өмүргө арманы жок болормун,
Сен ыраазы болсоң мендей кызыңа…

Бул Т. Адышеванын Ата журтка кайрылган ырынын бир строфасы.

Акын кыргыз жергеси тууралуу көп жазган. Анын лирикалык ырларынын арасында Ала-Тоо, Ысык-Көл, Алай, Сары-Челек, Баткен, Жети-Өгүз ж. б. жерлер туурасында ырлар бар. Аларда акын кыргыз жергесинин ажайып кооздугун, берекесин, мээримин чын дилинен эргип ырга салат:

Ж.Бөнөнбаев, Т.Адышева жана ортодогу наристе — Кулубек Бөкөнбаев.

Мөңгүдөн мончок тагынып,
Булуттан жоолук салынып.
Алайдын тоосу чалкаят
Ак ичигин жамынып.

Бетегең көлдөй толкуган
Бейиштин төрү белемсиң.
Көз чаптырса жетпеген
Көк мейкин талаа экенсиң.
Көнөктөп төгөт жамгырың
Көл болуп кетээр бекенсиң.

Көпчүлүк акындар сыяктуу эле Т. Адышева өзүнүн тагдыры тууралуу көп жазган. Бул ырлар акын басып өткөн өмүр сапарынын суугу менен ысыгынын, ачык жана бүркөө күндөрүнүн элесин сактап турат. Алардын арасында акындын жубайы Ж. Бөкөнбаевге арналган ырлары өзгөчө түрмөктү түзөт. Андагы ырлардын айрымдарында орду толгус жоготуу кайгысы оргуштап турса, кээ биринде сабырлуу муңайымдыктын илеби сезилет. Бул саптар акын тагдыры жеңил болбогондугунун күбөсү. Бирок турмуштун канчалык оор соккуларына туш болсо да акын өмүрүнүн аягына чейин адамдарга, улам кубулуп турган дүйнөгө терең ишенимин, алтургай, ысык мамилесин сактап калган:

Таалайдын таттуусунан татып ичип,
Турмуштун ачуусунан кана жуттум.
Тагдырдын татаал жолун тамтаң басып,
Эчен жолу аскасынан алыс учтум.

Өмүрдүн өжөрлөнгөн күрөшүндө,
Көп жеңилип аз гана уттум.
Бирок да жашоо нурун күндө көрүп,
Жагымдуу музыкасын дайым уктум.

Акырында, Т. Адышеванын «Кылы үзүлгөн комузум» аттуу эскерме баянына кыскача да болсо токтоло кетүү кажет. Бул чыгарма көп жагынан кызыктуу. Анда Т. Адышеванын өмүрү, адамдык турпаты жана чыгармачылыгы, коомдук позициясы жана адабий көз караштары тууралуу көп маалымат бар (алардын айрымдарын биз жогоруда пайдаландык). Эскерме китептин кайталангыс мааниси акындын ким экендигин, кандай чөйрөдө өсүп жетилгендигин, кимдер менен аралашып, кандай мамиледе болгондугун, турмушта жана көркөм чыгармачылыкта карманган принциптерин автор өз колу менен жазып калтыргандыгында. Бирок «Кылы үзүлгөн комузум» эскермесинин мааниси ушуну менен эле чектелбейт. Анын беттеринен Ж. Бөкөнбаев, М. Элебаев, А. Токомбаев, Ж. Турусбеков, Т. Үмөталиев, К. Маликов, А. Осмонов, Т. Сыдыкбеков, Г. Айтиев сыяктуу алгачкы муундагы кыргыз акын-жазуучулары, сүрөтчүлөрү, алардын өз ара мамилелелери туурасында аз эмес маалыматтарды табууга болот. Булардын ичинен өзгөчө Ж. Бөкөнбаевдин адамдык бейнеси, кулк-мүнөзү, чыгармачылык иши кеңири көрсөтүлгөн. Эскермеден биз ошондой эле И. К. Ахунбаев, М. М. Адышев, Б. М. Юнусалиев, М. Рыскулов, Б. Бейшеналиева сыяктуу чоң окумуштууларды жана искусство ишмерлерин жолуктурабыз, дегеле өткөн кылымдын отузунчу-кыркынчы жылдарындагы кыргыз коомундагы руханий, психологиялык кырдаал, чыгармачыл интеллигенциянын турмушу жөнүндө кыйла кеңири түшүнүк алабыз. Кыскасы, «Кылы үзүлгөн комузум» эскерме баяны кыргыз адабиятынын, маданиятынын тарыхын билүүгө ынтызар болгондор үчүн кызыктуу булак катары кызмат өтөп береринде күмөн жок.

[1] Адышева Т. Кылы үзүлгөн комузум. Китепте: Т. Адышева. Чыгармалар жыйнагынын бир томдугу. — Фрунзе: «Кыргызстан», 1987. — 255-бет.

[2] Ошондо. 292-бет.

[3] Ошондо. 344-бет.

[4] Ошондо. 344-бет.