ЖУМАГУЛОВ Султан: СУЛТАН ЖУМАГУЛОВ: АСМАНДАН АКЧА ЖААГАН КҮНҮ

(Кыргызча терим-жыйым бормуласы)
Таң атпайчы, бүт Кыргызстан боюнча күпүлдөтө акча жаап таштаптыр. Элден мурда ким көргөнүн бир кудай билет, иши кылса, уйкусу түгөнгөн чал-кемпирлер үйдөгүлөрдүн баарын бачым ордунан коптуруп, мурду менен тынып, буту менен баскандар жамырай ачкарын акча терүүгө чыгышты. Жумушка баскан бир жан жок дегин, эңкейип-тоңкоюп каптарына акча шилегенле киши.
Койчулар коюна карабай, жылкычылар жылкысын түгөл агытып таштап, тоо-ташты тегиз баскан кызгылт, жашыл, көк акчаларды четинен оюп баратат дейт. Арыда койлор кошулуп, үйүр бээлердин айгырлары байтал талашып тиштешүүдө. «Мал деп жүрүп неңдур-райындыкы, өлмөк белек, биекте белен мал жатса» – деп койчулар аткулак түбүн калтырбай чукулайт. Шаарда болсо бирди-жарым каттаган автобооз жок, дүкөндөр текши жабык, көчөдө белен пул чачылып жатса кайсы жинди иштейт, эй? Аныгой, о өкматтагылар да ишке чыкпай, эл менен кошо тоңколоңдоп жүрү. Бетинде биртике кызылы бар эки-үчөө гана Ак үйгө келип, аларың да элеп-желеп, терезенин кычыгына коно калган акчаларды жымыра калышат.
КыТыРыдан элге акыл салалы десе, ал мекемеде кулпу салаңдайт. Милийсалар менен салдаттар деле тил алчу түрү жок, тапанча-мылтыктарын ыргытып салып, турсий-майкечен эл менен кошо дарбыбайбы. Кеч бешимге дейре баш көтөрбөй теришти, алдынын оозуна кара суу келип, колунан дарман качса да көгөрүп тоңколоңдойт. Кээ бир чоң муштум, кулагы сынык, мурду былчыйган эргулдары бар үйлөр уюша калып, ошо тегеректи бөлөк-бөтөндөн коруп да жиберишти. Биринчи кабаттагыларга оңойкен: терезелерин аңырайта ачып, о асмандан да жаап атыр, тергендерин да терезеден куя салып, үй ичи үймөк-үймөк.
Вот, үстүдөгү бечараларга кыйын болду да, аларың чака-чайнегин кошо көтөрө түшүп, улам буту менен ныгыра шыкап, артканын койнуна шолоп, шаты менен өйдө-ылдый зуулдашат. Лифт иштебейтле.
Акча армансызле түшкөн экен. Биртике каниет кылгандары түнкүсүн көчүк басып, бирдеме шам-шум этишти. Ысык тамак кайдан, газ жок. Акчадан көзү каткан өлөрмандары түн жамына шам жагып, жер тытып жатканы. Электр күйбөйтле. Кудай экинчи мындай акча жаадырабы, эй. Таңга жуук гана элдин көбү суй жыгылып, каптарын колдошо үйлөрүнө тарай башташты. Ошондо да артын кылчак-кылчак карап коюшат, дагы канча пул терилбей калды, ске-ейдики-ии! Ошентипчи, мына эми кыңайган кезде кайрадан асман байкуштан акча лапылдап жаап кирбеспи!
Бири-бирин жулкулдатып, уйкусу катууларына муздак суу чачып, ооздорун аңырдай ачып, оо кайра сыртка жабылышканы. Тырмалаңдап тере беришти, тере беришти, кудайдын күнү акчасын тындырбай жаай берди. Эми амалы кыйындар майдага карабай, жалаң курупныйларын иргеп тергенге көчүштү. Ушинтсе бат арбыйтле. Биздин коңшулар катуу чарчашкан экен, каптарынын оозун ачып таштап, улам көзү илине кетип, анда-мында копшоп отурушканын кара.
Кыргызстанга акча жаап жатканын уккан айлана-тегеректеги эл да жөөжалаңдап, машинелерге шыкалып, ал куспуруштар жете келишти. Атаңдыкы десе! Ошондо биздикилер кезээрип турганына карабай, кайратын жыйнап, бөтөндөрдү жолотпостун амалын көрүштү. Биринчи очурат акчасына көөп, кыргызды басынткан казакты кубалашты, андан барып сасык газын кымбат саткан өзбекти итеришти, жер талашкан тажикке тап беришти. Бирок мунуң болбогон убара экен, акча деген адамды бир паста зверь кылат тура, аларың аз кыргызды жөөлөп, сүзө качырыпле жойлоп кетишти. Арыдан аксакалкөксакалдары делегация болуп келгени: «Бир баур калкмыз гой, кудайдын бекер тенгесин аяйсыңарбы енди, кийин биз жакка будан да көп теңге жаап калса, силер деле куру калбайсыңар да» – деп алдап туру.
Бу кабар аркы Маскөөгө, о адан ары Америка менен Европаларга чейин угулбай коёбу ушу интернет заманда. Аларың самолётун, вертолётун, спутнигин минип чаап келип, жайнапле жатып калышты. Баары жалдырайт дегин, Америкасы: «Силер эгемен болгондон бери каралаштык ко эй, биз да биртике терейлиби, окей?» – деп жылмая баш ийкесе, орусу болсо: «О илгертен табакташ-аракташ, бок-жинибиз аралашкан эл эмес белек, давай делиться, брат а» – деп анысы ары жактан жалооруйт… Аны кой, аркы Ат-Башыны Ак-Сайы менен кошуп кылкылдаган кытайлар басып, эчакле жердин чаңын чыгара тытып салыптыр. Кайдагы чегарачы эй, ажосу менен кожосу кошулуп, акча терип жүрсө!
Ой, бу мамилекет имне болот энди, өкмөт кайда, депутаттар кайда да, береседент кайда? Депутаттар биз да элден чыкканбыз деп, ачыкле кошо терип жүрүштү. Өзү үчүн да. Эл үчүн терибатат дейсиңби. Өкмөт баштыгы да бетин жаппаптыр, о тыш карызды жапканга пул чогултубатам деп коёт дейт. Как будто биз ишенип койчудай болуп, бизди бир мал ойлойт да. Андан көрө айтпайбы: мен да бир пенде, менде да бала-бакыра, кара курсак бар депчи.
Мындан береседент бечарага кыйын болубатат дешти. Ошо ажо башы менен тоңколоңдоп акча терип жүргөнүн элестетсеңер, эй. Биракчы, уккан кулакта жазык жок, береседент дейт, башына парикти баса кийип, бетибашын боёнуп да алганбы, иши кылса бир жерге лапылдап көп түшпөйбү акчачы, элдин көбү ошерге жабалактап, бири-бирин төөбастыга албай коёбу. Бечара ал киши да эл менен кошо дарбып бара калган го, калайман жөөлөштө паригин байкабай түшүрүп ийип, оме-ей могу биздин береседент ко, ушу башы менен аган имне жок, буга чейин басканы жетпейби, ыя, – деп жабыла карап калыптыр дешет.
Айтору, ал киши да оңой жан эмес да ажо болгон соңчу, урматтуу шайлоочуларым, мен о баштале айткам, ар дайым элдин арасында болом депчи, могу менин тергендерим силердики, бөлүп алгыла деп, жапжаңы кытайский чоң кабын баса терген экен, анысын ортого таштай, алаканын күбүп, башка акча жааган жакка басып кетиптир. Кыскасычы, үч күн-үч түн тынбай жаады го, акча чиркинчи. Кыргыздын бастырмасы, эски сарайлары калбай пулга шыкалды. Үч күндүк жыйым-теримден суй жыгылган бечара кыргыз бир сутка былк этпей сулап жатты. Алды ачкасынан жөөлүп, табы айныды. Же алпаралы десе, эмканасы жабык.
Мынча акча көрбөгөн анча-мынчасы жинди болуп кетти, он беш жылдан бери карыздан карызга батып, счетчикке отуруп жүрүп, крышасы жылып бараткандардын көбүнүн жүрөгү кабынан чыкты. Тыйын көзүнөн учкан дагы бир тобу акча ашай берипчи, арт жагы бүтөлүп иши тамам болду дешти, капырай. Тек ганачы, үйүнө, короосуна, коюн-колтугуна дейре шыкалган акчалар жанына кубат берип, мындай анча-мынча кишилей чыгымдарга катуу ичи ооругандар болбоду. Анан… ананчы, алда кудайым ай-э, кыргыздын качан бу куу турмуштан жолу болдуле да, бу бекер олжону ыраа көрүштүле, а? Кыргыз мына эсине келип, мына эми ошол терген-жыйганынын күнүн көрөйүн, иштетип бир дивижение кылайын деп, ордунан эми козголгондо жаңкы ООН деген немечи, кыргызга жааган акчалардын куну жо-ок, жүгүрткөнгө алынба-айт деп жар салганы…