ЖУНУШЕВ Ишенбек: ИШЕНБЕК ЖУНУШЕВ: ООМАЛУУ-ТӨКМӨЛҮҮ ДҮЙНӨ

АҢГЕМЕ

Анча бийик эмес дөңчөдө Калык колуна кош ооз мылтыгын кармап, улам башын чулгуй туш-тарабын чычкан аңдыган мышыктай сак олтурат. Айланасына көз нурун жиберип, кимдир бирөөнү күткөндөй элеңдей каранат. Жанында жарымы ичилип бүткөн арактын бөтөлкөсү турат.

Эс дарты издеген караан. «Аттиң, ким болсо да чыга калса, жаның жаннатта деп» сулата атаар элем. Жеңемди биринчи сулатсам сооп тапмакмын. Анын жан алгычтай уу сөздөрү тирүүлөй куйкалайт. Муну ойлогондо ит аткандай аткым келет. Агам Салык менин кейпимди кийип, шору катпайбы. Анын үстүнө артында туягы жок. Жеңемди өлө жакшы көрөт, эсинен тангандай. Өз тагдырынан көрсүн. Кезиккендин өмүрүн соолтмоюн жаным жай албайт. Атып салсам, өз ыктыярым менен түрмөгө барам» – деп оюн жыйганчакты төмөнтөн бирөө өзүн беттеп келатканын көрдү. «Кой, аракты ичип алайын армансыз, мастык менен өлтүрдү дешээр», деп бөтөлкөдөн кылкылдата жутту. Аңгыча караан жакындап калды, дапданаа көрүнөт.

Калык арагын жерге коюп, мылтыгын дүрмөттөй камданып, батрон салмакчы болду, келаткан караанга беттей мылтыгын сунмакчы болуп, оңтойлой копшолду. Караан аны байкай коюп, Калык экенин жаземдебей таанып:

– Ой, Калык акмакчылыгыңды токтот, мен досуң Момунмун, – деп үн салды.

– Ким болсоң ошол бол! Азыр батрон салып жайлаймын, – деп чөнтөгүн аңтарып кирди.

– Жинди болбо, мылтык менен ойнобо, акмак! Экөөбүздүн антыбыз ушундай беле? – деди Момун.

Калык эсин жыйып, тиги кишини тике карады. Көзү ала чакмактанып, караан кош кабаттанып көп элестер көрүндү. Бир секундга токтоло калды. Алиги үн салган киши жете келди да, Калыкты ордунан жылдырбай баса калып, мылтыкты жулуп алды.

– О, Калык сени кайсы шайтан азгырып жатат?

– Ой, сен баягы түрмөдөгү Момунсуңбу? Сени кайсы кудай айдап келди? Кандайсың?

– Калык эмне мынчалык жанкечтиликке бардың? Башыңа эмне мүшкүл түштү?

– Бул жашоодон кечтим. Кыйналып бүттүм, андан көрө түрмө бейиш окшойт. Киши өлтүрүп, түрмөгө барайын дегем. Баары бир барам, – Калык үшкүрүп, башын шылкыйтты.

– Ээ,Калык бул жоругуң жакшы эмес. Жашоо керек. Оор турмушту жеңүү керек. Үй-бүлөнү багуу керек, – деди Момун.

– Момун аке, менде үй да, үй-бүлө да жок. Коколой башым гана бар.

– Кызым бар, үй-жайым бар дебедиң беле. Алар эмне болду? – Момун Калыкты сырдуу карады.

– Мен түрмөдө жатканда аялым кызымды жетелеп, үй-жайды сатып, көз көргүс жакка кетиптир.

– Анан кайда жашап турасың?

– Бир тууган агам бар дебедим беле.

– Ооба.

– Ошол агамдыкында жашайм. Жеңем түлкүдөй мант берген эки жүздүү. Баласы жок. Агам шордуунун шордуусу. Аялынын тилинен чыкпайт. Өл десе өлөт. Биринчи жеңемди жоготоюн дегем, байкем менин кейпимди кийип калабы деп корктум. – Калык үмүтсүз отурду. – Мени кантип таптыңыз, кантип дөңдө отурганымды билдиңиз?

– Айылыңарга келип, дарегиңди билейин деп дүкөнгө кирип сурадым. Азыр эле арак ичип, бир бөтөлкөнү көтөрүп чыгып баратып, өзүнчө сөгүнүп, кимдир бирөөгө ызырынып, кекенип кеткен. Бир аздан кийин сыртка чыгып карасам дөбөдө отурат, – деп көрсөттү. Ошондон түз эле келдим.

– Эгер сен болбосоң атып салмакмын. Багың бар экен. – Калык күлүүгө аракеттенди.

– Жок, андай акмакчылык жарабайт. Мен сени эмнеге издеп келгенимди билесиңби? Баягы, түрмөдө сүйлөшкөн убада эсиңдеби?

– Эсиме эми түштү. Мен өлгөн кишидей жүрсөм,аны кантип оюма алам. Мына тээ алыстан келген сага түзүктөп чай берүүгө тартынып олтурам. Баары бир бирөөнү жайлап түрмөгө кетем.

– Калык мындай жаман оюңду кой. Эсиңди жый. Арагыңды тый. Мен жардам берем.

– Кантип?

– Ме, мобу оромодо беш миң сом бар. Керегиңе жумша, жетпегениңе жеткир, – деп төрт бүктөм кагазды Калыкка сунду.

Калык деңдароо болду. Эмне деп айтарын билбей, куландан соо боло түштү.

– Момун аке, мынчалык акчадан кантип кутулам? Өмүр бою сугатта иштесем да чеке жылытаарлык акча таппайм, мунуңузду албай койсомбу? – Калык каршы болгону менен ичинен кыпылдап турду.

– Мен жардам үчүн бердим, анан кутулуштун жолун таап берем, коркпо – деди Момун.

Калыктын денеси балкып, бүткүл бою чымырап тердеди. Экөө ээрчишип үйгө келсе, агасы Салык жаңы эле сугаттан келиптир.

– Байке, бул киши менин досум, өзү оштук. Бүгүн конокко келиптир – деди Калык.

– Жакшы, келиңиз төргө өтүңүз. Калык, женең келсин, чычкан мурун канатпасак болбойт ко. – Салык бир тууганынын шагын сындырбайын дегенчелик кылды.

– Байке кыйналбай эле коюңуз. Менде акча бар. – Калык агасына калдайган миң сомдукту сунду. Мындай акчаны көрбөгөн Салыктын көзү жайнай түштү.

– Жеңең келсин. Анын колуна карматсаң, терисине батпай кубансын. Берерге ашын таппай, карбаластайт эмеспи.

Аңгыча Зайнап чарчап-чаалыкканын доомат кылгандай үшкүрүнүп -бышкырынып кирип келди да:

– Колдоюп экөөң тең очокко от жагып койбойсуңар. Менин деле убал-сообумду ойлоп койбойсуңар. Менин жасаганыма, даярына карап турасыңар.

– Жебиребей… үйгө конок келди. Кам көр, – деди Салык. – Мен чабанга барып өзүбүздүн козубуздан өңөрүп келе калайын, – деп Салык сыртка чыгып кетти.

– Жөнө, дүнүйөң чачылып жатпайбы, – деп Калыкка заарын чачкандай карады.

– Жеңе, досум алыстан ат арытып, сапар карытып келсе да мобу акчаны ала келиптир, меңиз. Бар-жогуңузга жумшаңыз, – деп Калык миң сомдукту сунду.

Бирдеме деп ачуу сөзүн агытууга оозун эптеп калганда, акчаны көрөрү менен тили байланды. Акчаны алып өзүнчө кудуңдады.

– Байкуш абышкам бир боорум дегенде бүт дүнүйөсүн чачат, ырас эле сенден башка эмнеси бар, жөлөк-таягы да жалгыз өзүңсүң. Анан кантсин, байкушум ,– деп Зайнап бүлүнүп калды.

… Экинчи мындай сөзүңдү укпайын, үйлөнбөйм дегениңди.Мен тандап, укум-тукумуң өссүн, артында туяк калсын деген ниетим. Кежирлеген сөзүңдү экинчи укпайын. Шайыга гана үйлөнөсүң. – Атасы бүтүмдү чорт чыгарды. Ичинен кызды жактырбай туталанып, түтүнсүз күйүп жатты. Өзү жактырып, өзү сүйлөшкөн кызынан кол үзөрүнө өкүнүп, капага чөктү Калык. Кабагына кар жаап, түнөрүп олтурган. Сырттан агасы Салык кирди. Инисинин кабагын көрүп, кападар экенин сезди.

– Эмне кабагың бүркөө? – деди Салык.

– Чоңойдуңар, эр жеттиңер. Өзүнчө түтүн булаткыла. Үй-жай күт. Кандай дейсиң деп атам сураганынан… – Үйлөнсөм… анан, – дедим.

– Сүйлөшкөн кызың барбы? Тек-жааты кандай? Алым-беримдүүбү? – деп такыды. Мен сүйлөшкөн кызым туурасында айттым. Аны укканда атам так түйүлүп, азоо аттай мөңкүдү.

– Ал кимдин кызы эле? – деп кызыкты Салык.

– Тиги жогорку айылдагы Текеберди атчынын Мүрөк деген кызы.

– Атам туура мөңкүптүр. «Катын албай кайын ал» деген нак асыл сөз эмеспи. А өзү кимдин кызын сунуштады? – Салык эт-бетинен кетти.

– Өмүрдүн кара далы кызы Шайыны аласың деп бүтүм чыгарды.

– Калык башын шылкыйтты.

– Калык, атам кыраакы эмеспи, Текебердинин байбичеси атына жараша өтө жоош, момун. Өзүң деле билесиң, жүдөө, бир этегин үзө басып, бир этегин жула басат. «Энесин көрүп кызын ал» деген накыл кептин маңызы тереңде. Мен атамдын оюна кошулам. – Салык да колдоду атасын.

Ошентип, атасы айткан кызга баш кошкон. Шайы жөнсүз, келбетине чиренип, оюн-зоокко жакын, көчөдө көп басууну сүйөт. Өзү ойлогон оюн бербеген, кежирлиги ашынган, куурай башын сындырбаган ак кол, ак чүч экенин кеч билди. Алгачкы күндөрү ынак жашашты. Арадан айлар сызып, жылдар тогошо мезгил учкан куштай алга шашыла берди. Ата-энесинен бөлүнүп чыгышып, өздөрүнчө түтүн булап, короо-жай күтүштү. Калык он жылдыкты жакшы бүткөндүктөн колхоздун активдерине аралашып, чарбанын бир жагын чоюшуп, бригадирдин жардамчысы. Эртеден-кечке талаада чапкылап жүрүп, түнөгүнө дайым кеч келет.

Кечээки кандуу согуштун кесепети кичинеден унутула баштаган кез. Оор күндөр артта алыска узап баратты. Айылдарда да турмуш оңолуп калган чак. Жылдын кайсы мезгилинде болбосун биринин туулган күнү белгиленсе, бирөөнүн баласынын сүннөт тоюн берип же жөн эле чакырышып чай ичишет, чогуу эс алышат. Үйлөнгөндөрдүн үлпөт тойлору да өтөт. Андайда ичкилик ичилет, ыр ырдалат, бий бийленет, куйкум сөздөр айтылат, күлкү-шаң оболойт. Аны ким көңүлгө алмак эле, шатыра-шатман. Шайы мындай оюн-зоокко баш оту менен аралашат. Кыякчы менен комузчунун этегин баса отуруп, шаңкылдата ырдап жиберет. Бозойлор эмес, кер мурут жигиттердин көзүн кызартат.

– Бали, үнүңөн секет. Өпкөмдү чаап жиберсемби? Ха-ха-ха…

– Ох, менин жарым болуп калсачы, атаганат. – Тамшангандар отурушту дуулдатат.

Сүрөнчүлөр аны кайра-кайра ырдатышат. Ансайын эч кимдин көңүлүн калтырбай, тартынбай созолоно ырын кубулжута ырдай берет. Калык ырдай албаса да элге кошулуп, күлсө күлөт, сүрөсө сүрөйт, ичсе ичет. Шайы да беркилерден калышпай иччү болду.

Бул күнү көпкө олтурушту. Кызык үйгө келгенде болду. Шайы өтө кызуу, шалкылдап күлөт. Колунда алтын шакек. Аны көрөрү менен Калык кызыкты.

– Бу шакекти ким белекке берди, Шайы? – Калык Шайынын колун сылагандай назик кармалады.

– Ким бермек эле. Атамдын табылгасы.

– Ошондой эле болсун! Атам мындай баалуу жана кооз буюмга кызыкчу беле?

– Билбейм. Уйкум келди. – Шайы бүкүлү боюнча төшөгүнө кулады. Калык да кыйшайып, чырым этти. Шайынын кийинки күндөрү басанаагы, айылчылыгы көбөйгөнүн эми сезди. Өгүнү отоого бараткан балдардын куйканы куруштурган ыры эсине түштү.

Арак ичип ыргалган,
Арыкты көрсө кырданган.

Аттай албай арыкты,
Жыгылып арты булганган.
Теңселип туруп аңгектен,
Сыгынып куйругун курганган.

Бул ыр кимге багышталып ырдалганын этибар албаптырмын. Бу менин «сүйүктүүм» Шайыга арналган окшобойбу? Анткени Шайы кийинки күндөрү аракты көп ичип кетти. Айтсаң, аркырап беттен алат. Мына, бүгүнкү тойдо эч кимди көзүнө илбеди, улуу-кичүүнүн баарын-отурганын ойлоп койбоду. Үйгө байыр албай калды. «Күндө мас, күндө жаш». Муну кайын атама айтсам: «Жаш эмеспи, ойноп алсын, сени күтүп жүрүп төргө узак отуруп калбадыбы» – деп жооткотуп койду, тыйып койгондун ордуна. Ушуларды эстеп, өз атасынын тилин алганга кейиди, өкүндү.

Эртеси таңдан туруп, талаага барымыш болуп, чоң шашке ченде үйгө келсе, Шайы кошуна келин менен арак ичип олтуруптур.

– Мен Караколго үч күнгө командировкага кетем. Кийимдеримдин тазасын бер, – деди Калык.

Шайы Калыктын кийимдерин алып берди. Эч нерсе айтпай үйдөн чыгып кетти. Шайы Калыктын кеткенине кубанды. Кайда барарына да кызыкпады. Калык эч жакка бурулбай тоодогу ата-энесиникине барды. Ал түнү түнөп, эртеси өтө кеч кайтты. Түн жарымы оогон кезде үйүнө келди. Тиги сарайдын ичинде ат байлануу, токулуу. Ушундан нак шекшип, акырын терезени какты. Ичиндегилер шашып калышты. Каалганы шарт ачып, ичкери кирип барды. Ширеңке чагып, ким экенин турган кебетесинен тааныды.

– Сур жыландай болгон атаңды… Салмар сенсиңби. Азыр экөөңдүн жазаңарды берем, – деди Калык.

– Кечирип кой, Каке! Күнөөмдү тартып, үстүңө үй салып, алдыңа машина алып берейин, – деп Калыктын бутун кучактамакчы болду. Калык жаткыза тээп, баштан нары камчы менен эки-үч тартып жиберди.

– Жедиң, акмак, – деп алаканы менен көзүн баса калды.

Төшөгүнөн тура калган Шайыны ошол эле жерге сулайта чапты. Лампаны күйгүзсө жалынган өзүнүн башкы эсепчиси Салмар. Бети-башы кызылала. Камчы таамай тийген экен, бир көзү чанагынан чыгыптыр. Шайынын капталына тийген камчы кабырганы үзүп кетиптир.

Экөө тең ботодой боздошот.

Калык өзүнүн жасаган күнөөсүн мойнуна тартып, он жыл абакка кетти. Башкы эсепчи бир түнкү жыргалына оң көзүнөн ажырады. Шайы сынган кабыргасына кейип койбой кызын кучактап, Калыктын кириптер болгонуна кубанды. Ээн-эркин басат. Кой деген кожо, ай деген ажо жок. Калыктын оокатына ээлик кылат.

Абактын турмушуна көндү. Капастагы чымчыктын кейпин кийди. Барактагылар да, сырт да чоочун. Бороон-чапкын, ышкырат. Көз ачырбаган кар тозоңу. Сибирдин суугу жандан өтөт. Үч күнкү борошо бүгүн токтогон. Конвой келип абакчыларды алдына салып, карагай кыюуга айдап баратты. Калык кар тозоңун учурган караандай суукту биринчи көрүшү. Кечээки долуланган ызгаар жок. Эч нерсеге, эч тозоң болбогондой, көпкөк асман мелжийт. Сибири кайдан башталып, кайдан бүтөрү белгисиз. Буга Калык эмес, адамдардын көзү жетпейт, акылы жетпейт. Төрт тарабың чылк токой.

Эртең менен үрүл-бүрүлдө зонадан чыгып, конвойдун айдоосунда карагай кыйып даярдашат, ушул коктуга күнүгө келмей. Кечинде конвойдун айдоосунда зонага келмей. Бу күнүгө кайталанат. Жаңы келгенде көпкө көнө албай жүрүштү. Иштеген жумуш оор. Өлөр-тирилерине карабай, жайкы нөшөрлөгөн жамгырда, кышкы элүү градус суукка карабай нормаңды аткарышың керек. «Адам жаны иттикиндей» дегени калетсиз экен. Абактагылар жумуштун оорун, жеңилин билбей, өл, тирил нормаңды аткарганга кепил болот. Күндөрдүн биринде жаңы келген орто бойлуу, бою пас, анча толук эмес өңү мусулман киши Калык менен араа тартып калды. Жыгылган карагайларды таарып жатканда тиги абакчы чабалыраак экенин сезди Калык.

– Сиз каяктан келдиңиз. Мусулман окшойсуз,– деди Калык.

– Ооба, мусулманмын. Кыргызстандан болом. Түштүгүнөн, Оштун өзүнөнмүн. А сиз каяктансыз – деди беркиси.

– Экөөбүз тууган экенбиз. Мен да Кыргызстанданмын. Жергем Ысык-Көл. Атыңыз ким, таанышып алалы? – Калык карагайга олтуруп жатып суроо узатты.

– Атым – Момун. Шериктештерим да ушу жакта – деди.

– Улутуңуз өзбек окшойт, Момун аке! Кара жумушта иштеген эмес окшойсуз? – деп күлүп койду Калык.

– Туура баамдадыңыз. Кетмен чапкан жокмун, соода-сатык менен алектенчүмүн.

– Андай жеңил иште жүрүп эмне кирептер болдуңуз?

– Аны азырынча билбей туруңуз. Кечинде зонадан билесиз.

– Шериктештерибиз ушу Сибирде дедиңиз го? Кандайча,– деди Калык.

– Жасаган күнөөбүз окшош болсо, тагдыр да ошондой болот тура.

Талаадагы маек ушуну менен бүттү. Кечинде баракта жатып, күндүзгү маекти улантышты.

– Калык, сен ысык-көлдүк экенсиң. Бул түрмөдөн бат эле бошойбуз. Экөөбүз кол кармашып, дос бололу. Сенин аялың, кызың бар экен. Аялыңдын аягы суюктугунун кесепетин тартыпсың. Менин майда төрт балам бар. Баары мадыра баштар. Аларды өстүрүүбүз керек. Түрмөдөн аман-эсен кетсем болду, – деди Момун.

– Сиздин сунушуңузду кабыл алам. Кыргызда достошкондо төштөшөт. Бири-бирине чын дилден ант беришет, – деп Калык ордунан тура калды. Момун да туруп, экөө төштөшүп, кучакташып: «Бу жарыкчылыкта бири-бирибизге боорукерликте, жан кыйышкан дос бололу. Алыс-жакында жардамдашалы» – деп антташты.

Момун соодагерликти аркалайт экен. Апийим алып, аны сатып торго илинип, абактын эшигин түртүп, тагдырдын жазмышы менен Калык экөө түрмөнүн даамын бирге татышат. Момун өзү айткандай бирге соттолушкан шериктери Чита шаарынын абагында экен. Алар сотторун паралап, Момунду да бошотушат. Апийимдин тилинип, сырьесу чогултулуп жаткан кезде Момун келип, Калыктын жоругун тыйып олтурат.

Жайдын саратан айы. Күн аркан бою көтөрүлүп калган кез. Кенен айылдын чети тымтырс. Мал да короодон чыкпагандай. Тигинден, мындан жумуштан кайтып келгендердин карааны көбөйө берди. Эртелеп келишкен Момун менен Калыкка айылдагылар эми гана уйкудан ойгонгондой сезилди.

– Күн аркан бойдой көтөрүлгөнү менен айылда эч жан жоктой сезилди эле. Тиги биринен соң бири келип жаткандар кайдан келе жатышат? – деп Момун Калыктан сурады.

– Апийимден.

– Жаңыдан күн нуру чачса. Анан апийимден дейсиң. Алар талаага түнөп иштешеби? – Момун таңыркай карады Калыкты.

– Апийимдин сырьесун жыйноо өзүнчө тозок. Кырууга таңкы саат төрттөрдө чыгат, – деп жооп берди Калык.

– Түндө жааган жамгыр бу жакка жааган жокпу? Эл эртелеп апийимге чыгыптыр.

– Момун аке, нөшөр чакалап төккөндө да апийим жыйымы токтобойт. Эгер күн чыкканга калса апийим катып, сырьесун бербейт. – Түшүндүңбү дегенчелик карады Калык.

– Эл мындай оор түйшүккө көнгөн экен,– деди Момун.

– Көнбөй анан, апийимди тээ илгертен өстүрүшчү. Камбыл, эпчилдери аны Кытайга алып барып соодалачу. Ошондон улам, «апийим ичкен кытайдай» деген сөз чыккан. Калык тим эле эбиреп-жибереп жиберди.

– Анын таржымалын кой, ишибизди бүтүрөлү. – Момун тээ арыраакта келаткандарга көз нурун жиберип.

– Шашпа, Момун аке! Береги үй биз издеп келген эжемдики. Көрдүңбү, эшигинде кара кулпу турат.

– А, ошондой де.

– Ооба. Бул эжемдин кайнатасы да апийим менен Кытайга көп каттоочу экен. Контрабанда так Ысык-Көлдөн чыгыптыр.

– Кытайга кантип каттоочу экен?

– Ат менен. Менин таякем жыйырманчы жылы Кытайга жылыга апийим алып барып жүрүп, ошол жерден Кытай усталарына таанышып, аларды көлгө алып келип, үй салдырам деп жалдап иштете баштайт. Ошол кезде мол апийим алып, кайра Кытайга барып, бир жумадан кийин келет. Көп акча жана алтын менен келгенин эки Кытай көрүшүп, таякемди өлтүрүп, дүнүйөсүн алууну чечишет. Акыры көздөгөн максатына жетишет. Таякемди, аялын, кызын, кала берсе итин кошо өлтүрүшөт, күлүк атын минип, куралын алып, Бостериден таңга маал качып чыгышат. Торугарт аркылуу кетүүнү көздөшөт. Эртеси күн аркан бою көтөрүлгөндө бир тууган агасы Бексары малын жайытка чыгарып баратып, иниси Кытайдан келди бекен деп дүрбү салып, үйүн караса боз үйдүн түндүгү тартылбай турганын көрүп: «Булар эмнеге ушул убакка чейин укташат. Боз үйдүн айланасында кыймыл-аракет билинбейт, мал-сал көрүнбөйт. Булар ушунча убакытка уктап жатпайт эле» – деп түз эле келет. Кыбыр эткен жан жок. Алыстан үн салат, эч ким жооп бербейт. Боз үйгө жакындай берсе, суунун жээгинде кызыл-тазыл чүпүрөк жатат. Жетип келсе келининин өлүк денеси, арыкка мууздаган. Андан төмөн жагында кыздын өлүгү. Үйгө кирсе инисинин денеси канга жуурулуп жатат. Баарын койдой мууздаган. Буларды ким өлтүргөнүн Бексары дароо билди. Инисинин күлүк аты, дагы башка аты (анын эки күлүгү бар экен) да жок. Изди кууса түз эле көл жээги менен Балыкчыга бет алган.

Бексары өзүнүн күлүк атын минип, мылтыгын алып, изге түшүп кууп жөнөйт. Мыкаачылар Кытай усталар экенин сезген, катуу жүрүш менен баш кесерлерди так Сары-Камыш тарапта баратканын көрүп, тоо этектеп, алардан озуп жөнөй берет. Экөө эми кутулдук деген ойдо, калың чычырканактын ачык жерине аттан түшүшүп, аттарын бири-бирине байлаштырып, тамактанууга отурушкан экен. Учурдан так пайдаланып, Бексары калың чычырканактан ушунчалык тездик менен чыга келип, олбурлуусун эсин оодара чапты. Экинчисин ордунан тургузбай басып жыгылды да, чалкасынан баса калып, көргөн көзүң ушулбу деп, эки манжасын сөөмөйү менен ортон колун эки көзгө матырып алды. Эки карек шариктей алаканга түштү. Карайлаган Кытай өзүнчө сүйлөнүп боортоктоп жатып калды. Экинчисин бир атка таңып салды. Көзүн олуп алганын иниси Бекбасардын атына жүктөдү. Кечки саат төрт чамасында Бексары Бостериге жете келди. Бекбасардын бардык тууган-туушкандары чогулуп, ызы-чуу. Бексары эки Кытайды жетелеп келип, Бекбасардын үй-бүлөсү менен мууздаган арыктын жээгине, жаңы тигилген көк теректин көчөтүнүн түбүнө алып келип:

– Оо, эл-журт, Бекбасарды бул экөө мууздаган. Өз кылгандарын өзүнө жасайбыз. Ушул жер ыйык мазар болсун! – деп Бексары бирин мууздап салды. Экинчисин да мал мууздагандай мууздап канын агызды. Ошол мазар азыр да бар, – деп Калык аңгемесин бүтүргөн кезде эжеси да келди.

– Саламатсызбы, Калиман эже! Мени тааныбай калгансыз го. Мен иниң Калыкмын – деди.

– А, Бектурдун уулу Калыксыңбы?

– Ооба.

– Сени абакта дебеди беле? Ден-соолугуң жакшыбы?

– Баары жакшы. Келип учураша албай жүрдүм. Бу киши досум. Мейманга келиптир. Досумду ээрчитип, учурашканы келдик.

– Жакшы, үйгө киргиле.

Алар апийим тилимине чейин сүйлөшүп, бардыгына макулдашып алышты. Калиман өз апийимчилери менен апийим талаасына бет алды. Берки экөө Караколдон келаткан автобуска отуруп, Тоңдун Ак-Терегине бет алышты.

Мезгил күз. Ак төөнүн карды жарылган токчулук маал. Ысык-Көл мемиреп күн нуруна боорун кактагансыйт. Бардык аймакта апийимчилер таң азандан кырымга чыгып, күн нуру жер бетине чачыраган чакта апийимчилер сырьелорун тапшыра баштайт. Калиман да акыркы сырьесун өткөрүп, үйүнө ашыкты. Аны Калык күтүп жаткан. «Бу иним үч жылдан бери өтө ынак болуп кетти. Айылдагылардын баары менен келим-кетимдүү. Деги залалы тийбесе экен. Быйылкысы акыркысы» дегени чын болсо. Ушуларды ойлоп келатып, үйүнөн обочороок жерде машина турганын байкабады.

Үйүнө түз эле кирди. Калыкты көрө замат:

– Эрте келипсиң! – Калиман кокозосун босого тарапка коюп жатып суроо узатты.

– Келгеним жарым саатча болду. Менин буюмдарым ордундабы?

– Кайда кетмек эле. Түндө уйку көрбөй, сарсанаа болдум. Кудай өзү сактаса экен. – Калиман мурдун шуу тартты.

– Коркпоңуз. Кудай сактасын. Мен азыр түз эле Фрунзеге жөнөйм. Товарымды жеткирип алсам болду, аман-эсен.

– Жолуң шыдыр, жолдошуң кыдыр болсун. Ата-бабаңын арбактары колдосун,– деди Калиман.

– Эже, бардыгыңарга карыз эмесмин. Эми, буга чай ичип коюңуз. Жыйырма, – деп Калык чөнтөгүнөн оролгон түйүнчөгүн кармата, килейген чоң кара чемоданды төркү үйдөн көтөрүп чыкты. Эшиктин алдынан шофер тосуп алып, андан ары узады.

– Кош болуңуз эже, көрүшкөнчө. Үч жылда ишибиз эң жакшы болуп, ыраазычылыгын айткан досум. Анын аманатын айтпасам болбойт, – деп Калык машинага барып олтурду.

Зуулдаган такси Балыкчыдан суурулуп чыкты. Автошоссе жолдо каршы-терши өткөн машиналар кумурскадай жайнайт. Калык таксиде термелет. Өтө кызуу, колунда бөтөлкөнүн жарымынан арак чайпалат. Кызыл-Көпүрөгө жакындаган сайын бөтөлкөдөн жутуп коёт.

– Кызыл-Көпүрөдөн аман-эсен өтсөк болду. Бизди тосуп алат. Сен чочуба иним, мени тааныйсыңбы? – десе тааныбайм, жалдап бүт акчасын төлөгөн де. Макулбу?

Шофер «макул» дегенчелик кылып, башын ийкеп койду. Аңгыча Кызыл-Көпүрөгө жете келишти. Калык сол төшүнө колун коюп:

– Эгер милиция токтотсо жыйырманы карматайын, – деди.

Милиционер токтотту. Шоферго багажды ачкын дегендей белги берди. Калык алар менен теңселип кошо басты.

– Ач багажды, – деп өкүм бура сүйлөдү милийса.

Шофер шарт ачты. Ичинде Калыктын эң чоң чемоданы. Ага кол жаңсап милиционер:

– Бул эмине чемодан? – деди. Калык сол төш чөнтөгүнө колун салып, теңселе басып келип:

– Булбу? Апийим, – деди. Калыктын кейпин көргөн милиционер:

– Дурак. Ижай, – деп басып кетти. Калык ичинен кубана, оолжуй машинага олтурду.

– Оо, мындан кутулдук. Тээ алдыда үч машина турбайбы, бизди тоскондор болсо керек, – деп бөтөлкөдөн дагы жутту.

Таксини Момун тосту. Таксинин шоферун да, Калыкты да башка машинага отургузушту. Машинанын салонунан аракты суудай агызды. Калык бат эле уктап калды. Шоферду да тез эле мас кылышты.

Экөө тең уйкунун туткунунда болушту.

Эртеси Калык ойгонуп, көзүн ачса, диванда жатат. Маңдайкы диванда таксинин шоферу. Кайсы жер, кайсы шаар экенин экөө тең билбейт.

Сырттан Момун кирип:

– Каке, кандай эс алдыңар? Кирпичтер урап калса керек, кичине үтүктөсөк калыбына келет, – деп Момун досуна батностогу ичимдиктерди сунду.

– Момун аке, уугуп кеттик окшойт. Эмне ичип, эмне жеп атканыбызды билбейбиз. Деги биз кайсы шаардабыз? – деди Калык калтыраган боюн баса албай.

– Дос, кайда экениңдин зарылдыгы жок. Бүгүн шоферуңду узатабыз. Сен дагы эс ала бер. Кана эмесе, стакандагыны алып койгула.

– Мен бүгүн кетсем, ичпешим керек. – Шофер каршы болгонсуду.

– Кам санабаңыз. Азыр ысык шорпо келет. Жолго чыкканча соолугасыз. – Момун ишенимдүү айтканына ынанды, ысык тамак менен бир нече жолу кайталанды. Шофер шалактап, эс-учун билбей, машинага көтөрүп салган абалга жетти.

Шофердун кандай абалда кеткенин Калык да билбеди. Ал диванда чала өлүктөй сулап жатты. Үстүнө эч ким кирбеди. Келгени аптага чукулдап баратса да эч ким менен баарлашып, алып келген товары туурасында, канча төлөнөрү жөнүндө да бир ооз кеп козголбоду. «Момун досум, өзү чечет. Мынча бер деп сурабайын. Өздөрү билишсин» – деп ойлоп, бир жагынан экинчи капталына оодарылды. Так ошол учурда каалга кычырап ачылып, бирөө келатканын сезди.

Кирген киши Калык жаткан диванга түз басып келип:

– Аке, көпкө уктадыңыз. Келиңиз, – деп өзбек жигит элпек сунду батносту.

Калык ордунан козголо, башы зыңылдап ооруганын сезди. Ушундайда пахмел жасоону өтө каалады, сунган стаканды кандай алып, кандай ичип жибергенин сезбеди. Удаа эки стаканды шыңгытты.

Таңкы маалда Момун кирип:

– Каке, бүгүн сени үйүңө чейин жеткиребиз. Эч капа болбо. Мен да бала-бакырама барайын. Сен мындан ары ичкиликти таштап нак адамдай жаша, үй сал, аял ал. Кел экөөбүз коштошолу, жүз граммдан алалы, – деп стакан сунду.

Экөө ичишип, кучакташып ажырашты: «Менин товарымды бекер аласыңарбы?» – деп айткысы келди. Жок болбойт, – деди ички сезими: «Өздөрү баалашар», «Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт» эмеспи, Момундун айткан акылынын артында бир жакшылык бар экенин сезди. Кайра башы жаздыкка тиери менен коңурук тарта уйкуга кетти.

– Кадырлуу мейман, келиңиз орун алыңыз дегенде Калыкты колтуктап машинага отургузуп жатканын туйду. Жөнөтөр алдында деп дагы ичирди.

Күрөң түстүү «Волга» Боом капчыгайга кирип келгенде Калык соолукту. Рулда шофер. Анын жанында олбурлуу кара жигит.

– Аке , кандай эс алдыңыз? Кыйналган жоксузбу? Башыңыз ооруп калгандыр, жазып алыңыз деп, машинаны токтотуп, дагы ичишти.

Ортолорунда сөз болбоду. Машина зуулдап Балыкчыга кирип келди. Артында дагы бир «Волга» сая кууп келет.

– Түз милицияга, – деп буйра сүйлөдү жанагы кара тору жигит.

Калык ичинен беймаза болду. Мени ушул жерден милицияга тапшырып, кылмышкер деп отургузат тура. Бирок менин кылмышымды далилдеп көрүшсүн деп компойду эле оң жана сол төшкү чөнтөгүндө өзү алып чыккан акчалар жүрөт. «Кой, арам оюмду таштайын» дегенче болбой, алиги жигит жана артындагы машинадан экөө түшүп, милицияга кирип кетишти, эмне кыларын билбей Калыктын башы катты. Үчөө тең көпкө буйдалган да, кармалган да жок. Тез эле чыгып, машинага олтурушту. Көрсө, машинаны каттоодон өткөрүшкөн тура.

Аркардай мойнун созо күрөң жана кара «Волга» Тоң тарапка бет алды. Бир кыйла узагандан кийин кара «Волгадан» бирөө түшүп, тиги жолдун боюндагы чабанга барып, кол жаңсашып сүйлөшүп, бир койду машинага салышты.

Эки машина Калыктын агасы Салыктын үйүнүн алдына келип токтоду. Үйдө жеңеси Зайнап гана бар экен.

Саламдашып, ал-жай сурашып болгондон кийин жеңеси:

– Уул, бир аптадан бери дайының жок. Деги аманчылыкпы? – деп кызыккан болду.

– Жеңе, бардыгы жайында. Достор менен ойноп жүрүп, убакыттын өткөнүн байкабай калыптырмын. Мына, достор да келди. Байкем кайда? Меймандарды тосуп, кам көрсө болот эле? – деди Калык.

– Азыр келет. Меймандарыңды өзүң үйгө киргиз. – Зайнап жактырбаган мүнөздө күңкүлдөдү.

– Сиздер капа болбосоңуздар койду биз ала келгенбиз, Калык акенин аман-эсен агасы менен жеңесине кезиккендиги үчүн, – деп кара «Волгадан» койду көтөрүп түшүшүп жайдары күлүп коюшту.

Жигит берки кара тору жигиттин кулагына бирдеме деди да:

– Сиздер жакшы эс алыңыздар. Биздин кысталыш жумушубуз бар, эртең менен саат сегиздерде келип калабыз, – деп жөнөп кетишти.

Калык бирге келген мейманды үйгө киргизүүгө умтулду. Анын аты-жөнүн сурап албаганына ичинен өкүндү. Муну жакшы түшүнгөн жигит:

– Калык аке, өзүңүз баштаңыз, – деди.

Алар чайга жаңы отурушкан кезде Салык келип, Калык менен кучакташа көрүштү. Конокторго кой союлуп, түндүн жарымы оогончо олтурушту. Жат-жатка келгенде Карим менен Калыкка ички бөлмөгө орун салынды. Ага чейин эч кимге шек алдырбай чемоданды киргизип коюшканын эч ким билбей калышкан.

– Калык аке, сиздин мүнөзүңүздү Момун аке толук түшүндүрүп берген. Мүнөзүңүз да колдун беш салаасындай айкын болгон. Сиз товарыңызга кызыккан жоксуз, өздөрү чечсин дегенчелик кылдыңыз. Ырахмат, – деп шефиңиз да ыраазы болду. Ошентип, сизге сырттагы күрөң «Волга» белекке берилди. Ачкычы мынаңыз, – Карим ачкычты Калыктын колуна карматты. – Эми мобу чемодандагы акча сиздин өмүрүңүздүн акырына чейин жетет. Үнөмдүү пайдаланыңыз. Мындайды күтпөгөн чыгарсыз. Мен жанагы шериктерим менен кетем, – деди.

Калык өтө кубангандыктан уктай алган жок. Бийик кыялга батып, турмушунда өтө кескин бурулуш болорун сезген. Момунга түрмөдөн кезигип достошконуна кудайга терең ыраазы болуп көшүлүп жаңы гана мемирей баштаганда, Карим коштошуп чыгып кетти.

Ооба, оомалуу-төкмөлүү дүнүйө өз нугунда сапарын карытып барат.