ЖУСУПОВ Ибрагим: ИБРАГИМ ЖУСУПОВ: НӨКИСТЕ ЖАЗ

Каракалпак тилинен которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

ЮМОР

Султан ага куюндай учуп кеңсеге кирди да, столунун үстүнө булгары портфелин ыргытып жиберип, энтиккен бойдон трубкага асылды… Кире бериш бөлмөдө машинка басып отурган секретарь кыз буга таң калган жок, анткени бүгүн Султан аганын аялы төрөтканага жеткирилгенин эрте менен эле шоопур жигит Мишкадан уккан. “Азыр жеңенин акыбалын билүү үчүн чалган атат ко, төрөдү бекен, мен дагы билейинчи” деп ойлогон кыз машинка басууcун тып токтотту. “Жеңе төрөсө, бир жумадан кийин мен да өзүмдүн Мишам менен тойдо отурам”.
Султан ага трубканы бир үйлөп алып, көңүлдүү энтиге сүйлөдү.
— Жаным, мени төрөт үйүнө байланыштырчы…тух, не деген кыйкырык… Алоо, төрөт үйүнө деймин!
Султан аганын ашыкканы менен телефонистканын кандай жумушу болсун, көп убакытка чейин жооп болгон жок. Жооп ордуна анын кулагын жаман-жуман үндөр өрдөп кетти. Ал үстүндө бир топ карга какылдап учуп жүргөндөй көзүн жумду да, тынчсыздануу менен звонок күтүп отурду.
Телефондо адам баласы ажыратып билүүгө мүмкүн болбогон даражада үн ташкыны өкүм сүрүп жатты. Мүмкүн, ошол чалуулардын бирөө төрөтканага жетип, бирөө угуп турган болушу ыктымал. Балким, мына “алло, алло!” деген үн Султан аганы тыңшап турган чыгар!
— Алло, — алло! – деп шырылдады аялдын үнү. Султан ага сөзүн айта албай апкаарый түшкөндө, аялдын үнү аны басмырлоого өттү:
— Эй, Коля, сен кайда жоголуп кеттиң? Угуп атасыңбы? Бүгүн театрга баралы деп атам. Билетти баягы күнкүдөй эң арткы катардан алып жүрбө, орторооктон ал. Уктуңбу? Негедир үнүн башка бирөөнүкүндөй…
— Театрдын эмнесине ашык боло бересиң, андан көрө кино көргөн жакшы го, — деди жигит, — театрда эч кандай жаңылык жок, баягы элүүнчү жылдын жазындагы ырдап жүргөн ырлары менен пьесаларын көрүшүң ыктымал.
— ККТОРГ? – деп бакырды дарылдаган бир үн, — случай, Чимбай райпосуна канча аялдын туфлийин жиберген элеңиз?.. Ошондойбу…
— Байбиче, менин кийимдеримди жанакы кичинекей кара чемоданга тактап салып кой, эгүү боюнча районго кете турчу түрүм бар. Бүгүн кетесиң деп атышат. Долуланбай турсаң… Бүгүн эле кетип атканым жок ко, эптеп жашырынсам да эртеңкиге чейин каламын. Ошондой болгон күндө да бүгүн кетүүгө туура келсе… Сүлгү салууну унутпа. Жанакы мекиянды кууруп, беш-алты жумуртка бышырып кагазга ороп салып кой…
— Жолдош Рябиков. Бул кандай акыбал эми? Түнкүсүн көчөлөр көөдөй караңгы, ал да аздык кылгансып кечээтен бери үйүбүздө жарык жок. Дизелди дагы бузуп алдыңызбы? Тфу, электростанциядан да жарыбадык!..
Бирөөнүн катуу кыйкырып, алдындагы үстөлдү муштуму менен коюп калганын уккан Султан ага селт этти.
— Мен Жазуучулар Союзун сурасам, сен эмнеге мага союз печатын бересиң?..
— Аа, бала, — деди бир салмактуу үн, — комбинаттын директоруна да ушуну айт. Түшүндүңбү? Башка заказдарыңды ашыкпай тиге бересиң, жеңендин кечээки алпарып берген көйнөгү менен менин жазкы пальтомду биринчи тигиңиз. Эмдиги шаршембиде ала турган болоюн. Жаз болсо, мына, мурункусунан эрте келди, кантип кышкы пальто менен жүрөбүз…
Султан аганын эми чыдамы түгөндү окшойт, кнопканы басып жиберди.
— Алтыным-ай, менин төрөт үйүн сураганым качан! Ошентчи эми…
— Мен угуп атам! – деди бирөө. “Врачтын нак өзү экен” – деп үнүн окшоткон Султан ага кубанып кетти.
— Ал, ал, кандай ал… Жакшыбы? Эмне болду? – деп көзү күлмүңдөп, чыдамсыздыгынан бармактары менен столду тыкылдатып.
— Иш чатак! – деди жанагы үн.
— Эмнеге чатак! — Султан ага оордунан тура калды. Үрөйү учкан секретарь кыздын башы эшиктен кылтыйып көрүндү. Секретарь кыз мекеме башчысынын чарасынан чыккан көзүнөн коркууну окуду.
— Кыйналып атат… Натыйжа чыкчуудай эмес. Өзүңүз келиңиз. Анын эбин өзүңүз таппасаңыз… Алкымынан жаны чыгып кетсе…
— Алкымынан жаны чыгып?..- деп кайталады да, катуу корккон Султан ага трубканы таштай салып, жылаңбаш эшикке чуркап чыкты. Эшиктин астында турган машинага отура калып, шоопуруна бакырды:
— Машинаңды куштай учур, баатыр! Төрөт үйүнө!
Секретар кыз стол үстүндө күбүрөнүп аткан трубканы алып көрдү эле, бирөөнүн бакырып аткан үнүн укту.
— Қайда кетти директор, — деп бакырды тааныш эмес үн, — өзү келсин, өзү. Мага бербей атат.
— Жигит, сиз кайсы директорду сурап атасыз?
— Натыйжа чыкчуудай эмес. “Бир литр бензиним жок” – деди, жазып берген кагазын тытып таштады. “Былтыркы жазда да сенин дирокторуңду сыйлап элүү литр бензинди бекер бергем” – дейт, — баары бир жакшылыкты билбейт, балдызыма жумуш таап бер десем, сөзүмдү сыйлабай койду, — дейт… – Алкымынан жаны чыкса чыгып кетер, бирок…
— Жигит, сиз кайдан чалып атасыз?
— Автоколоннадан чалып атам… Ах, сени Клава экен деп сайрап атсам, башка белең.
Секретарь кыз күлүп жиберип, дароо төрөт үйүн сурап, көп кыйынчылык менен байланышты. Ызы-чуунун арасынан ал араңдан зорго бул сөздөрдү укту.
— Султан агага салам айтыңыз, кыздуу болушу менен куттуктайбыз! Эч кыйналбай төрөдү. Кызынын салмагы төрт килограмм, супсулуу, кара көздүү.
Секретарь кыз жанараак эле мекеме башчысынын алда бир нерседен коркконуна ичи ооругуча каткырып күлдү.
— Баарына телефон станциясы айыптуу! – деди кыз терезеден сыртты карап, — бая күнү Миша мени бийге чакырам деп башка бирөөгө түшүп калыптыр. Эртеси мага эки күнгө чейин таарынып жүрдү. Баарына Нөкистин телефон станциясы жоопкер. Ушу күндөрү жашырып сүйлөшмөк түгүл, ачык сөздү оңураак сүйлөшө албайсың. Жазгы шамалдай сөзүңдү алда кайда кууп кетет. Трубкада бир жагынан радио жаңылыктары, бир жагынан башкасы. Биздин Нөкисте бир телефондун трубкасынан бүткүл эфирди да, жерди да тыңшоого болот. Газетага жазса кантер экен? Эртең жанагы жазуучу жездеге айтайын…
Секретарь кыз форточканы ачып жиберип, сыртта телеграф зымдарына конуп алып сайраган чымчыктарды тыңшады.
— Салам, жаздын келгин куштары, — деди кыз көңүлдүү, — Нөкистин телефонундагы үндөрдөн силердин сайраганыңар тартиптүү!
1953-жыл. Март.