ИМАНАЛИЕВ Каныбек: КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: ЭНЕ ЖАЛЫНЫЧЫ

Кымбаттуу апалар, асылкеч айымдар, эжелер, жеңелер жана карындаштар, баардыгыңыздарды ажайып 8-Март майрамыңыздар менен куттуктайм! Бул «Эне жалынычы» деген ыр жана «Жалыныч» деген аңгеме Сиздерге арналат.

Эне жалынычы

Жалынып «жарыгым» деп эркелеткен,
Кагылып как жүрөгү леп-леп эткен,
Жашоодо жакшы адамдар арбын, бирок
Жан кейип кыйналганда энемди эстейм.

Айланып, чарп айланып, тегеренип,
Алдыңан «кулунум» деп эбеленип,
Жупжумшак алаканы кандай дары
Маңдайдан бир сыласа эне келип.

«Карааным», «каралдым» — деп, «чырагым» деп,
Кечкисин чырагы өчпөй убайым жеп,
Үшүсөң бооруна алып тез жылыткан
Табына жүрөгүнүн элеп-желеп.

Сагынса сабаланып «садагам» деп
Саамайын ак басканча сарсана жеп,
Мамагы зырп-зырп этет күтө берип
Тамагын сага деген миң белендеп.

Калкалап шамал жүрсө үшүдүң деп,
Аркалап кайда жүрсөң түйшүгүң жеп,
Өбөктөп орто жашап калсак деле
Бөбөктөй эркелетет «күчүгүм» деп.

«Балам» деп таңдан кечке шашылганың,
Жалбарып, тегеренип асыл жаның,
Биз үчүн нече ирээт уйку көрбөй
Кудайдан нени тилеп, жалынбадың.

Жыгылсаң жарыштарда мактап турар
Жеңилсең таймаштарда жактап турар,
Жашоодо жалгыз гана эле болот
Жамандык кылсаң дагы актап турар.
2014-жыл.

Жалыныч

(аңгеме)

Үчүнчү классты бүтүп жайкы эс алууга чыгаарым менен сыркоолоп калып, Новороссийска айылындагы ооруканага жатып калдым. Апамдын айтуусу боюнча баш кийим кийбей жүрүп мээме күн өтүп кеткен экен. Дарынын же сайган ийнесинин таасириби, адеп келип түнкүсүн да, күндүзү да уктап эле аттым. Тамак ичип алып эле кайра уктайм. Үчүнчү күн дегенде уйкудан да, дарыдан да, оорукананын тамагынан да, айрыкча оорукананын жытынан да тажадым. Үйгө кетким келет. Анын үстүнө мен жаткан 8-палатада мага теңдүүсү жок экен. Бирөөсү 3-4 жаш улуу бала, бирөөсү менден кичүү кыз. Зеригип баштадым.

Анан кечээ түшкө чамалап оорукчан бир кызды атасы көтөрүп алып кирип, биздин палатадагы бош керебетке жаткырышты. Толугураак келген апасы ыйлап алган. Атасы жапалдаш бойлуу киши экен, маанайы салыңкы. Тиги кызда үн-сөз жок. Эч нерсени сезбейт. Ашыкча кыймылы да байкалбайт. Доктурлар үймөлөктөшүп кирип алганынан улам, бу 6-7 жаштар чамасындагы кыздын ал-акыбалы оор экени түшүндүк. Адатта түшкү саат экиден төрткө чейинки убакытта уктачу элек. Бу ирээт уктаганга мүмкүнчүлүк болбоду. Берки, менден улуу бала ооруканадан биротоло чыгып кетти. Ал жаткан керебетке тиги ооруп келген кыздын ата-энеси жайгашты. Менин керебетим болсо терезе жакта.

Кээде кирип-чыкканда байкап калам, тиги кызды энеси жалынып-жалбарып, бетинен өөп, маңдайынан сылап, кээде эркелеткенсип бетке чаап аткан болот. Кызынан болсо үн-сөз жок. Энеси кайра ыйлайт. Атасы каңырыгы түтөп сыртка чыгып келет. Эшикке барып тамекисин түтөтөт. Аларды көрүп алып биздин да каңырыгыбыз түтөйт. Доктурлар келип, демин тыңшайт, желим балка менен тизеге чапкылайт. Тиги кыздын дем алганы эле болбосо өлүк же тирик экени белгисиз. Үн, сөз жок.

Атасы кирип келип энесине кайрылат:

— Доктурлар эмне дейт?

— Азырынча так диагноз кое алышпай атат. Эртең кечке чейин өзүнө келбесе, анда райондон атайын врач чакырабыз деп атышат,- деди бышаңдап.

— Эй, мен чөпкө кетээрде айттым эле го, балдарды кара, көз сал, башка бирөөнүкүнө кетип калбасын, — деп — күйөөсү күңүлдөп атырылды.

— Мен мындай болорун кайдан билейин, демейдегидей эле кошунанын кыздары менен ойноп жүргөн, — деди биз жакты бир карап алып апасы.

Мурда ичи ооруп аткан тиги бурчтагы кыз бирде куурчагы менен ойноп, бирде жаңы келген оорукчан кыздын ата-энесине карап, анан суроо салды:

— Эмне силер урушуп койсоңор, ойгонбой атабы?

— Жок, урушкан деле эмеспиз, — деди энеси актанып.

— Мен да мамам урушуп койсо ушинтип уктамыш болуп жатып алчумун, анан, мамам же папам момпосуй, же куурчак сатып келип, бетимен өпсө ойгончумун, — деди тиги сары кыз куурчагын ойнотуп атып.

Коңшу палатадагылар да бизден утуру «кыз ойгондубу» деп сурачу болду.

Бу түнү да, экинчи түнү да ал кыз эсине келбеди. Болгону, эртең түштөн кийин район борборунан атайын доктур келет деген үмүт менен жашашты.

Кечке жуук боорсок, момпосуй, эт көтөрүп алып жетимиштер чамасындагы кыздын чоң энеси келди. Кирип келээри менен үн-сөзсүз жаткан небересин көкүрөгүнө алап, бети-башынан өпкүлөп, «Күчүгүм, секетим, сени таарынтып коюштубу», — деп жалынып, жалбарып атты.

Анан ал кемпир чай кайнаттырып, келинин жумшап, палатадагы жаткан кичинекей кызга, мага чай берди. Ал кабак-кашын бүркөгөндө келини бышаңдаганын токтотуп, көзү менен тең айланып чуркап турат экен. Чай ичип бүтөрү менен кемпир келинин да, уулун да зекиди.

— Келгениңерге канча болду. Эмнеге өтүнбөй атасыңар, — деди.

— Өтүнмөк тургай, врачтарга жалынып-жалбарып, айткан акчаңарды берели, болгону кызыбыздын жанын аман алып кала көргүлө, — дедик.

— Врачтар карап, колдон келгенин кылгандай эле болуп атышат, — деди күйөөсү келинчегине болушкансып.

Кемпир жоолугун оңдоп, ого бетер көзүнөн ачууланганы билинип, бети булкулдап барып:

— Эй окшошкон… мен силерди доктурдан эмес, Кудайдан, Жараткандан тиленгиле деп атам. Кызыбыздын тагдыры бир Алланын колунда, ок кенебестер, — деди да оорукчан кыз жаткан керебетти көтөртүп келип, ортого жылдыртты. Өзү жеңилденип үстүнкү кийимин чечип алып, «ары жоголгула» деп уул-келинине ишарат берди. Тиги экөө түнкү күзөттөгү медсестралар жаткан бөлмөгө кирип кетишти.

Кемпир мурда даярданып алгансып кыз жаткан керебетти айланып:

— …Айланайын…  тегеренейин…  балекетиңди алайын…  секет кетейин, — деп жай айланып, тыныкканда тиги кыз ойгондубу дегенсип, анын жүзүн бир карап сүйүп, саамайынан сылап, анан кайра улантты:

— Оо Жараткан, жан керек болсо мына менин жанымды ала көр…  мен да бир кулуңмун… бу чүрпөмдүн не күнөөсү бар… чүрпөмдүн жанын аман сактай көр. Балекетиңди алайын, кечээ эле чуркап ойноп жүрбөдүң белең, кимдин көзү тийди… кайсы жамандын сөзү тийди… секетиң кетсин апаң сенден… сенин эле алдыңан кетейин… күчүгүм менин.

Ушул сөздөр улам-улам кайталанып, анан кемпир кышылдап чарчаганда бош керебеттин четине отуруп эс алып, бирок жалынып-жалбарып үнү басылбады. Мамасы чыдай албай эмне болуп кетти экен деп келсе керек, кайра керебетти айланып аткан кайненесин көрөрү менен «жылп» жок болду. Түнкү кезметтеги врач кирип келип,

— Апа, сиз эмне элдин тынчын алып атасыз, элге тынчтык бериңиз, оорукчандар уктасын, — деди эле, тиги кемпир:

— Мен минтип Алла-Тааладан баламдын жанын аман алып кал деп суранбасам ким суранат.

— Апа, сиз да чарчадыңыз, небереңизге болсо эртең райондон күчтүү врачтар келет, — деди да тез чыгып кетти. Дагы 2-3 саат ал кемпир жалынып, жалбарганын койбоду.

— …Оо айланайын… садагаң кетейин Кудай, ала турган болсоң мени ал… Чүрпөмдө эмнең бар… Айланайын…тегеренейин…алдыңан кетейин!… …Айланайын…тегеренейин…алдыңа кетейин…мен көрөрүмдү көрдүм, жашаарымды жашадым.

Мына ушул сөздөр кулагыма угулуп жатып уктап кетиптирмин. Түндөсү чочуп ойгонсом, кемпирдин үнү каргылданып бүтүп калганына карабай дагы деле керебетти айланып, жалынып-жалбарганын токтой албай жатыптыр. Бир убакта үнү менин кулагыма жакын угула баштады. Көрсө, терезеден тийип турган айды көрүп алып жалдырап атыптыр.

— Оо Жараткан… Күндү жараттың… Айды жараттың… Адамды жараттың. Анан бу кичинекей балада не күнөө. Ала турган болсоң мени ала көр… Алда Кудай ой, — деп үнү каргылданып араң чыгып атты.

Жуурканга чумкөнүп алып, кайра уйкуга кеттим. Түшүмдө да ушу кемпир сүйлөнүп аткандай болду. Бу ирээт узакка уктап калсам керек, кеч ойгонсом, тааныш эмес кыздын үнү угулду.

-Мамам келет ээ, көп момпосуй алып келет ээ, сиз урушпаңыз ээ.

— Эмнеге урушпайт экенмин, сени карабай айылчылап жүрсө, — деген кемпирдин шаңкылдаган үнү угулду.

Ойгонсом, үч күн бою ойгонбой, үн-тилсиз жаткан кыз эми эч нерсе болбогондой, чоң энеси менен сүйлөшүп, берки мурда жаткан кыздын куурчагы менен ойноп атыптыр. Чачын тысырайтып байлаган, көзү бакыракай, эрке өскөн кыз экен. Доктурлар кирип келип, эркин ойноп, сүйлөп аткан кызга таң калганын жашырган жок.

Аңгыча, кирип келген мамасы ойноп аткан кызын көрүп, көргөн көзүнө ишенип ишенбей:

— Күчүгүм, ырысым менин, — деп кызын басып жыгылды.

Анан папасы кирип, бөлмөбүз майрамга айланды.

2004-жыл.