ИМИНЖАНОВ Мамыр: МАМЫР ИМИНЖАНОВ: БОРЖОК

АҢГЕМЕ

                                                    «Чымындуу жерде курт күчөйт,
Ырымдуу жерде дарт күчөйт».
(Монгол эл макалы)

I

Артыктын байкоосунда көбүнесе көзү тартканда сүйүнчү эле. Ошондуктанбы, ал сол көзү тартып калса, бир нерсени көрчүдөй жаны жай таппай калчу. Эгерде кокустукка кабылбай калса «өзүмдүн сезгичтигимден тооруп келген кырсыкты торой чалып өткөрүп жибердим» деп компоюучу.

Элдик уламыштарга караганда кимдин мүчөлү (жылы – жылан, доңуз) арам болсо, сол көзү тартса сүйүнөт. А Артыктын мүчөлү – балык. Андыктан оң көзү тартканда сөзсүз сүйүнө тургандай өзүн кушубак сезет. Бирок оң көзү сейрек тартат. Өчөштүгү бардай сол көзү тез-тез тартып үшүн алат.

Артык Ата Мекендик согушка катышкан. Ал экинчи группадагы инвалид. Өткөн жылы бирди көрө жаздады. Анда көзү деле тарткан эмес. Эрөөн көргөндөр элдик наркты бузуп жатат дешип шилтеп коюшканбы, элдик кошундардын капканына «чабылып» кала жаздаган. Ошондо өзү ишенгендей оң жамбашы менен турган экен. Болбосо кан базарда «чайкагандар» менен кошо чалмага чалынмак.

Ырас эле мындай чалма аны канча жолу чалмак болду? Согуштан кайткан жылдары селолук Советтин төрагасы болуп эки жылча иштеген. Кийин бригадир, анан табелчи болду… Айыбы эле «ак молдого» азгырылган күндөн апталап жумушун унутуп салат. Ошондонбу, өң-алети да күйгөн дөңгөч түстөнүп серт. Мурду тепирейип пас болгону менен баш бармагы кошмок. А баса, ошондуктан ата-энеси Артык деп койгон чыгар.

Ал ата-энесинен жашынан ажырап калып балдар үйүндө өскөн. Бирок чоңоюп калганда балдар үйүнөн айдалып кетпесе, мүмкүн…

Андан кийин базар-учарга кем каттап калган. Качан гана оң жамбашы менен туруп, оң көзү тартып калган апталарда базарга барууну туура тапчу. Кээде андай күндөрдө ишенген кудайы «марттык» кылабы, пайда арбын түшүп, жолу болот.

Бул жолу оң көзү тарткан. Кала берсе көңүлү чоң олжонун алдын ала туйгандай элеп-желеп болгон. Таң жарышып, чочугандай аңдаштырса кудайдын кудурети оң жамбашы менен жатыптыр. Ошол калыбын бузбай шарт туруп жол тартты.

Несин айтасыңар. Чынында анын ноопазын алармандар аарыдай ороп калышты. Көктүккө салып тура берди. Далдалчылардын да анын колун бек кыскан бойдон: «Бар де, бар де эми»,— деп силке беришин жан-алдары калбады. Ноопаздын наркы өзү ойлогондон да ашып кетти. Буга мулуңдай түшүп «Береке тап» кылды. Эзели мынчалык жолу болгон эмес чыгар. Кантсе да ал өзүнчө: «Ырыс-бакыт мени эле тооруп калганбы?» — деген ойго да кетти.

Артык ал күнү кем-карчын бүтүрүп, кайра мал базардан борго байлаганга дагы бир ноопаз сатып алган соң, жайбаракат топтон суурулуп чыга берди. Көчөдөн аны карылуу жигит каршы алып, бирге жүрүүнү өтүндү. Артынан ээрчитип алды. Көп баспай короого кирип барышты. Мына кызык. Ал жерде Артыктын эртең мененки саткан ноопазы да байлануу туруптур. Ага бүшүркөп көп ишене берген эмес эле, аларманын бул жолу милиционер формасында көрүп калды.

Капилеттен аңга туш келгендей селт дей түштү. Анан өзүнчө: «Капырай, көзүм жаңылыш тарткан бейм?» — деп күбүрөндү.

II

                                                    «Бакылдын багы көгөрбөйт»
(Кыргыз эл макалы)

Артыкта мындан үч жыл мурдагы чырым жок. Анда чарбадагы тоют бригадасында иштөөчү. Бригада мүчөлөрү: «Артык беттеше түшсө жыланды да арбайт»,— дешчү. Анын да жөнү бар. Анткени Артык бир айлык жумуш күнүнүн үчтөн бирине катышчу эмес. Жумушка келбей калган күндөрү жөнүндө анын дайыма жообу белен: «Таэжем катуу ооруп калган экен догдурга алып бардым», «Үйдүн кем-карчы үчүн базарга түштүм». Бетке кармаган ушундай толгон шылтоолору түгөнбөйт. Анан ишемби, жекшемби күндөрү ар кандай опуза менен да аны базардан калтыруу кыйын эле. Үч жылдык эмгек түзөтүү лагеринен кайткан Артыктын азыркы кейпи оболкудай көрүнбөйт.

Чачы жыдып түшүп кеткен тасырайган маңдайына кара шляпасын бастыра кийип алыптыр. Жашы да эр ортосунан өтүп калгандыктанбы, кодура буудайдай суйдаң чыккан сакалын кырдырып, сербейтип мурут коюптур. Анын мындай түрүн мурда көрбөгөнгөбү, айтор арпанын сарегине окшогон тикчигий сары муруту өөн учурады.

Айылдын дал орто ченинде чоң өрүкзар. Өрүкзарды жанып өткөн жолдун аркы өйүзүндө азык-түлүк дүкөнү бар. Дүкөндө ичимдиктин куюлуп сатылбагандыгынанбы – эртели-кеч жанагы өрүкзардын ичи көчмө «буфетке» окшоп кетет. Азыр Артык ушул дүкөнгө кароол. Ал бул «постту» тиги түзөтүү лагеринде жүргөндө эле көздөгөн. Кайсы бир шаардагы стадиондун кароолу төрт-беш жылда эле жеңил машина сатып алат. Анткени стадиондун олтургучтарынын алдыларына таштап кеткен футбол күйөрмандарынын бош бөтөлкөлөрү эле бир-эки кап болчу экен. Ошондо бир айда… жылда… Ушул акылды ошондо уккан.

Артык дүкөнгө кароол болгон күндөн мектеп жашындагы эки баласына да иш табылды. Бирөөсү күндө атасына «жөлөк» болот. Балдары дүкөндүн айланасынан, өрүкзардан күн сайын отуз-кырктан бөтөлкө жыйнап келгенине ыраазы.

Кечкисин үй ичи менен жыйналган бөтөлкөлөрдү акчага чагып, бала-бакыраларын «марытып» салат.

— Атаке, сумкамдын жыртыгынан калем саптарым токтобой жатат.

— Келерки жылы жаңысын сатып берем, уулум.

— Элдин балдарындай силер эмне үчүн мектеп формасын кийбейсиңер деп жатат эжекебиз.

— Ошо порма деген аш-нан таап бермек беле.

— Ата, клубга кызык кино келиптир!

— Ии, тыйын дегени турасыңарбы, дагы. Жок! Кинодон көрө эртерээк жатып уктап албайсыңарбы.

Атасынын ушундай ак көңүлү кармаган убактысында эки уулу эки жагынан муктаждыктарын айтып калат. Анда да алдап-соолап кээде кагып-силкип жаактарын жап кылат.

Жай күндөрүнүн кечи болсо керек эле. Артыктын экинчи класста окуган чоң уулу кечкисин жыйналган бөтөлкөлөрдү капка салып көтөрүп келаткан. Жолдо көргөн бөтөлкөлөрүн да терип алгандыктан экинчи колу да бош эмес эле. Ошондуктан колдору талыкшып араң баратты. Каптын оозун бүктөй кайрып алган оң колу талыгып калды. Алсырап калгандыктан үйлөрүнүн бет алдындагы арыктан аттаарда азга өзүн тыныктыргандай болду. Арык анчалык чоң болбосо да, аттай бергенде керзовой өтүктүн жыртыгынан чубалжыган чулгоосун басып алгандыктан, арыктын кырына чабыла жыгылды. Жерге чабылган бөтөлкөлөрдүн шарактаган добушунан чочуй чыга калышкан баланын ата-энесинин үрөйү өчө түштү. Эне байкуштун бөтөлкөлөрдүн сыныгы кескилеген уулунун кызыл-жаян колун көргөндө жүрөгү канап кетти.

— Темселебей жерге кир! — Артык айкырык салды:— Көрчү канча бөтөлкөнү талкалагансың?!

— Кой-я, ошо бөтөлкөлөрүң талаада калсын! Баланы ойлосоң боло! Колдорун көрчү!

— Балаң өлбөйт. Муну көрсөң, ондон ашык бөтөлкөнүн башын жептир.

— Ал деген бөтөлкө го, акыры. Балаңан да кымбат бекен?

— Бала, бала дейсиң! Бала эмес эле балээ болду!

— Ай Артык, акыл-эсиңди бүт бойдон эле бөтөлкө, акча ээлеп алган бейм. Бу бөтөлкө дегенди да бала-бакыра деп жыйнап жатасыңбы, же?..

— Ошо бала-бакыра дегениң жерге кирсин! Силердин жаныңар эле ширин.

— Анда бөтөлкөлөрүңдү башыңа тартып ал. Сага бала-бакыра – бөтөлкө, үй-жай бөтөлкө болсо, түкүрдүм сага!

— Тарт тилиңди, макоо!

Алардын заарканууларынын аягы аянычтуу бүттү. Артык аялынан, анын ээрчитип келген өгөй балдарынан ажырап, үйүндө дагы коколой жалгыз калды.

Андан көп деле убакыт өткөн жок. Ичимдик жөнүндөгү өкмөтүбүздүн токтомунан улам айылдагы азык-түлүк дүкөнүндө ичимдик сатылбай, өрүкзардагы «буфет» жоюлуп калбаспы. Бул Артыктын турмушуна удаасынан урулган экинчи сокку болду.

III

                                                    «Арам киши адалдык жөнүндө ой жүгүртө албайт».
(Элдик таасын ойдон)

Закондуу никелешкен төртүнчү аялынын чанып кеткенине эки жылча болду. Артыкка бул турмуш көндүм өңдүү. Анткени оболку үйлөнгөн үч аялынын бирөөсүнө эле өзү талак бергени болбосо, калган экөөсү анын талагын берген. Ошондонбу, Артык аялдарынан оңой кутулганына компоюп жүрөт. Бирок анын акылына «эмне үчүн мен эмес, аялдарым чанып жатат?» деген ой келбеди.

Артыкты оору кайдан тооруган, бүткөн бою күйүп-жанып түнү менен уйку бетин көрбөдү. Эртеси колу-коңшуларынан Артыктын алын сурап келген курбалдашы Таштан эле болду.

— Ахвалың дуруспу?

— Табитим дурустай, түнкүсүн эле күйүп-жанып чыгам.

— Сууктук иче бербей күнүмдүк тамагыңды күчтөнтүбүрөөк жеп, кубат алсаң боло?

— Аны даярдаган катын кана?

Таштан жанатадан бери Артыктан ушундай жоопту күткөн.

— Бу, өзүң аркы-беркини билген жансың. Жашыбыз да алтымыштан ооп кетти. Ушундай куракта коколой жашаганыбызды кудай да эп көрбөсө керек.

Таштандын пикири жага бергендиктенби, Артык купуя сырын айтканча шашты:

— Мен да ойлоп жүргөм. Ылайыктуу зайып болбой атпайбы.

— Кайра төшөк жаңырткандан көрө, жанагы ыйкы-тыйкы болгон Бүзейнебиңди сүйлөшкөнүбүз оң го?

— А, жо-ок!

— Эмне жок?!

—  Ал мени чанып кетпедиби, жашабагыр десе!

— Жок дебегин. Аны менен тил табышып көрөйүн. Анын кол арага жарап калган балдары сага ылым санап калышкан эле.

— Бөрү баласы ит болобу дейт. Өзүңдөн тукум буйрубаган соң.

— А койсоңчу, андай кебиңди! Сен экөөбүзгө эми солкулдаган келин тиймек беле.

— Солкулдаганы тийбесе да ошо Бузейнебиңден өйдөраагы чыгып калар акыры. Ал дегениң жана айтпадымбы, жүзүмдү жер каратып, талак коюп кеткен. Эрин чанган катын менен кантип дагы бир жастыкка баш коём, ыя?

— Ач бүргөдөй секирип сеники өттү.

Жаны кашая түшкөн Таштандын жан тартып кирген Артыкка айткан соңку сөзү бул болду:

— Сен ынаган күндө да Бүзейнеп көнөт беле? Момундай ахывалыңа боорум ачып, сен үчүн арачы түшүүгө кайыл болгом. Анда өзүң бил.

Тонунун эки өңүрүн кагына, ачуулуу чыгып бараткан Таштанды Артык, ызалуу узатып калды. А түгүл ызасына чыдабай ал күнү ысытмасы ашып, түн бою ооналактап уйку бетин көрбөдү.

*   *   *

Артык бүгүн өзүн тетик сезди. Анын бир ую ноопазы менен эки соолугу, элүүдөй жөжөсү бар. Арамдан: көк дөбөтү менен таргыл мышыгы эле. Өзүн жеңил сезген Артык ошол жандыктарына жем-чөп салып, намаздигерин окуп, эрте жатып сеп алмак болду. Тоокторуна жем чачып жүрүп, бурчтагы чөптүн үстүнөн төрт жумуртка көрүп калды. Күзгү жөжөлөрүнүн чоңоюп, алды жумурткалай баштаганына бир башкача өрөпкүп кетти.

Арадан бир жумача өттү.

Артык тоокканасынан эми бир күндө эле он үч жумуртка алып чыкты. Буга ал ансайын жетине албай, өзүн коёрго жер таппагандай ээлигип басып жүрдү.

Артык кечки тамакка жумуртка кууруп, нан-чай менен жеп-ичип олтуруп, куптан намазынын алдында көлбүп, кыялга бата түштү: «Бир күндө он үч жумуртка. Кырк тооктун калганы да жумурткалай баштайт. Ошондо бир аптада… бир айда… Ох-хо-о! Үч казынанын[1] бири тоок деген кеп, төгүн эмес экен. Дагы жүз жөжө алып келип койсомбу?.. Үйдүн ичи-тышы тоок болуп кетсе…» Анын кыялында тоогу эпсиз эле көбөйүп кетип дасторконун тебелеп, тизелерине, желкесине, кала берсе башына чейин чыгып кетти. Жүдөп кеткен Артык: «Күш-а!» — деп силкингенде арбаңдаган колдору чыныдагы сары майды ыргыта койду. Сары май дасторкондун четинде олтурган таргыл мышыкка жабыла бергенде ал макулук коркконунан очок башына секире берди. Таргыл мышык бир тийген, очок башындагы консерванын челегиндеги керосин отко оодарылып жалын дүрт дей түштү. От-жалын сары майга чылана түшкөн мышыкка жабышты.

Жан алакетке түшүп, мыёолоп үйдүн туш тарабына өзүн урган мышык, эми тышкарыдагы чаркарга өзүн ала качты.

Үйдүн ичи от тутанып кеткенденби, заматта көз ачыштырган түтүнгө толо түштү. Ар кайсы жерден быкшып чатырап күйө баштаган өрттү өчүрө албай Артык да короого чыга качты. Сыртта көргөн көзүнө ишенбейт. Чаркарынын ичи-тышынан көк түтүн көтөрүлүп күйүп калыптыр.

— Өлдү-үм!.. Жарда-ам!..

Артык башын койгулап, алапайын таппай ары-бери чуркады, буркан-шаркан түштү. Анын үйү айылдан бир кыйла оолак болгондуктан эл-журттун кеч билип, өрт өчүрүүчүлөргө да кабар тез жете бербеди.

Артык эс-учун жоготкон. Анын кулагы дүрбөгөн элдин кыжы-кужусун угуп-укпайт. Суу бетиндеги боржоктогон көбүк түстөнүп тагдыры турмуш агымында калкып турду. «Ата жарыктык, ай», «Мал-дүнүйө, үй-жайдан калбаптыр», «Ушунча мал-дүнүйөдөн он бештей тоогу калыптыр, а», «Эми катын-баласы болсо кана, жарыктыктын», — деген айылдаштарынын ачынып айткандарынан улам Артык эсине келгендей болду.

Бейтааныш дүйнөгө келип калгандай айланасына чоочуркоо менен көз чаптырды. Дубалы менен тең болуп күйүп жаткан чаркарларын, үйүнүн оркойгон мору менен төрт дубалын көргөндө — Артык эс-учун дагы жоготту.

Бир-экөө анын башын жөлөй:

— Суу! Суу бергилечи! —деп калышты.

[1] Үч казына: тоок, тегирмен, зергер.