ИМИНЖАНОВ Мамыр: МАМЫР ИМИНЖАНОВ: ТОБОСУНА ТАЯНУУ

АҢГЕМЕ

(Азиз Несинди тууроо)

«Соодагердин түшүнө сом кирет, Кошоматчынын түшүнө «чоң» кирет».
(Элдик таасын ойлордон)

«Машакаттуу түш» деген аңгемени кайдан окуй койдум эле. Дагы жатаарда окуганымды көрсөң. Уйкум качты. Ысылап ооналактайм. Жуурканга башымды чулгап, уктоого далбас урам. Болбойт. Ар кандай самсаалаган ой-санаалар көңүлүмдү тынчытпайт. Мындайда түндүн узарып кеткенин айтпа. Качан уктап кеткенимди билбейм…

…Тар көчөдө баратам. Кууш жолдун эки тарабындагы көп кабаттуу үйлөр көк челет. Акыйып жогору карасам терезелерден кол булгап жатышкан адамдар көрүндү. Алардын мага салам айтып, мага таңыркап карап жатканын билдим. Мен ансайын какая басып баш ийкеп коюп бараттым. Алар кайсы бир тилде үн салып жатышты. Кайсы шаарда, кайсы мамлекетте жүргөнүмдү билбейм.

Аңгыча чоң дарбазадан кирип, килем төшөлгөн жол менен алдыга бет алдым. Жанымдагы эки киши элпек ийилип коридор менен мени кимгедир алып бараткандай.

Кош канаттуу эшикке оропара келдик. Бирөөсү кош канаттуу эшикти шаша ача салып «кириңиз» дегендей ишаарат көрсөттү. Каадамдан жазбай какая кирип бардым. Тегерек үстөлдө отурушкан бир топ киши мени эле күтүп жаткандай шарт тура калышты.

— Келиңиз, улуу өлкөнүн өкүлү!

— Төргө өтүңүз совет адамы…

Алар менен баш ийкей саламдашкан болдум. Сүйлөйүн десем үнүм чыкпады. Түшүм го деген ойго кеттим. Калыбымды бузбай алар көрсөткөн отургучка барып отурдум.

— Сизди келбейт ко дегенбиз.

— Бирок күтүп жатканбыз, сизди…

Алар мен билбеген тилде сүйлөшкөндүктөн, бирөөсү которуп берип жатты.

— Жакшы келдиңиз.

— Бизди сиздердин жашооңор кызыктырат.

— Ооба. Сиздерде жумушсуздар жок дегенге ишенбейбиз.

— Калп болсо керек?

— Эмне үчүн калп?!

Алардын жоромолдоруна териге түштүм. Бул түшүм болсо керек деп түкшүмөл болом. Кантсе да жооп берип калганым жакшы болду.

— Сиз билесизби, түш көрүп жатасыз. Ошондуктан жашырбай чынын айтыңыз.

— Ооба, чынын айтыңыз.

— Сиздерде көп иштеп, аз акы алышат экен.

— Жок, бизде ар ким иштегенине жараша акы алат.

— Койсоңузчу, сиздер эмне ант бергенсиздерби?

— Андай эмес мындай деп ооз көптүргөндүн кимге кереги бар деги?

— Эмне ишенбейсиздер? Мен сиздерге чындыкты айтып жатам. Болбосо…

— Сиз чындыкты айтпай кете албайсыз.

— Сиздер толбогон планды толду, болбогон ишти болду дейсиздер.

— Калп, калп, калп!..

— Ачууланбаңыз.

— Сиздин жашагыңыз келеби?

— Ооба, жашоону кааласаңыз, өмүр бою жашооңуз камсыздандырылат.

— Кантип? — Мен сабыр кыла аларга суроолуу тигилдим.

— Сиз деген түш көрүп жатасыз.

— Ооба, сиздин бизге айткандарыңызды эч ким билбейт.

— Мына бул алтын сиздин балдарыңыздын балдарына жетип ашат, жок дебеңиз.

Алардын азгырып жатканын көрсөң.

— Менден эмне каалайсыздар?

— Жашооңуздардын жаман экенин.

— Ооба, үйсүз көчөдө түнөп жүргөнүңүздөрдү айтыңыз.

— Такыр андай эмес! Мага ишенбесеңер… Жетишет, кетемин!

Тура калмак болгонумда эки карылуу киши эки ийнимден басты.

— Эч жакка кетпейсиз.

Менин шайым кете түштү.

— Макул өлкөңүз сиз айткандай эле болсун.

— Ооба, ошентсе да бизге теңирден тескери айтып бересиз. Ансыз кетем деп ойлобоңуз.

— Сизден эмне кетет? «Биздин өлкөдө теңдик жок, үй-жайы жок жүргөндөр канча. Ичээрге аш, жээрге нан таппай жүргөндөрдү айтпаңыз» — деп коюңуз. Өмүр бою байлыкка тунасыз.

— Ооба, бүт өмүрүңүзгө жетерлик дүйнө аласыз.

— Кана, макулсузбу?

— Жок, жок, жок!.. —Чыдабай кеттим. Күчкө салып тура калдым.

— Алпар! Тиги бурчка алпарып кекиртегинен асып салгыла!

Ушундай да түш болобу? Аргам кетти. Эркиме койбой колдорумду капшыра кайрып барып, башыма сыйыртмак салышты.

— Кана, акыркы сөз, биз айткандай сүйлөп бересиңби же?..

«Кайда барсаң бир өлүм, дүйнө» ыйманымды сатмак белем. Кандайдыр өлүмдөн коркподум.

— Жок! Ыйманымды сатпайм! Жексурлар! Жек…

Сыйыртмакты тартып ийишти. Киркиреп, тыбырчылап, үнүм чыкпай жан далбаска түштүм. А… аа!..

— Мурат! Мурат, эмне болду?!

Эсиме келсем аялым алактап мага жалбарып ойгото албай жатыптыр. Жан терге түшкөн экем.

Жүзүмдөгү терди аарчып жаткан аялыма тигиле:

— Түш экен, жакшы,— дедим.

— Жаман түш көргөнсүң го?

— Түш эле болсунчу ылайым,— дедим аялыма жалбара.

II

«Алкы бузуктун наркы бузук».
(Элдик нускадан)

«Жаман ойлобой, жакшы жок» деген кеп бар. Соода башкармасына жыйырма жылдан ашык жетекчилик кылган Мурас Келгенбаевич кызматынан шыпырылыптыр. Өзү гипертония менен ооручу, ага «жердешчил» деген илдет кошул-ташыл болуптур. Кийинки оорусу кызматынан шыпырган болсо, гипертония жаздым кылыптыр. Тарткылыкты көрчү.

Мурас Келгенбаевичтин тагдыры тынч уктатпады. Ар кандай сарсанаа аарынын уюгундай келип-кетип маземди кетирди. Көзүм илинип кеткенин билбейм…

…Бозомук тарткан бейтааныш дүйнөдө жүрөм. Ой тобо, бардык эле адамы ак кийимчен. Сүйлөгөндөрү угулбай ымдашып жатышкандай көрүндү. Бу түшүм окшойт деген ойго келдим. Бирок бул дүйнөгө сүңгүп кирип бараттым.

Мына кызык. Жанагы дүйнө жарашып, ажайып көрүнүп баратты. Бардыгы инкубатордун жөжөсүндөй опокшош. Анан бардыгы ич көйнөкчөн, жүздөрү кирсиз таза. Жанагы бозомук тарткан дүйнө сүрүлүп айдын он бешиндей ачык тартты.

Кийимдеринен аял-эркегин билип болбойт. Аң-таң болдум. Бардыгы эле үн катпай көз караш менен сүйлөшүп жаткандай көрүндү.

Бирөө: «Мурат!»— деди эле, жаңырып кетти. «Мурат, Мурат, Мурат…» Жаңырып кайталанган үн акырындап барып басылды. Үндүн кайдан чыкканын, ким чакырганын аңдай албай элеңдеп калдым. Бирөө түз эле маңдайыма басып келип, жалдырай сөзгө келди:

— Мурат, сен да келдиңби?

— Мурас Келгенбаевич!..

Биз бир нерседен чочугандай шыбырап сүйлөшүп жаттык.

— Жакшы келипсиң, Мурат.

— Мурас Келгенбаевич, ишиңиз кандай?

— Кандай болмок эле, жүрөм. Тиякта кайра куруу, тездетүү дешип шайымды оодарышчу. Быякта кудай жалгап анысы жок. Бирок жанагы тууган-туушкандарым кантип жатты экен?

— Жүрүшөт. Жанагы тайкеңиз Тагай, бажаңыз Базарбай, кайниңиз Капар, балдызыңыз Багдагүл сизден кийин эле кызматынан айдалган.

— Ошентет дегем.

— Аларыңыз жанагы аттестация дегенинен өтпөй калыптыр.

— Ка-ап, өзүм турганда го…

Туугандарын эстеп эреркеп баратты эле, ал кишини аяп сөздү башкага бурмак болдум.

— Быяк тынч бекен?

— Тынч көрүнөт. Сурак болот дешет.

— Туугандардан бар бекен?

— Биерде кыл көпүрөдөн өтө тургандар эле. Эч тааныш таппадым…

Ушул тапта «Мурас Келгенбай уулу» деген үн жаңырды. Ал улам кайталанып, акырындап сиңип кетти. Мурас Келгенбаевич менден жардам күткөндөй жалбара карайт. Жанагы үн кайра жаңырды:

«Кыл көпүрөдөн өтүүгө даярсызбы?» Мунусу да жаңырып кайталанып барып угулбай калды. Мурас Келгенбаевич тилден калгандай «ооба» дей албады. «Адилет тараза — кыл көпүрөдөн өтүп кетсең бейишке чыгасың»…

Мен түш көрүп жатканымды эстедим. «Адилет таразасы» дедиби? Эми эмне болот? Мурас Келгенбаевич наристе балдардай бейкүнөө эмес да…

Ачуу үн чыгып калды.

Мурас Келгенбаевич кыл көпүрөгө жетип жалбарып жатыптыр.

— Оо, кудай! Кечир мени!..

— Бышактабай тур өйдө! Эми жалбарганың бейпайда! «Бас алдыга!» «Бул буйрук!» «Бас алдыга!» «Бас алдыга!» «Бас алдыга!…» болуп жаңырып, алыстап барып угулбай кетти.

Кароого жүрөк даабайт. Тозок оту алоолойт. Кыпкызыл жалын төмөн жакта жээкке албууттанган дарыя шекилдүү. Жогортон карасаң ыйманың учат.

Мурас Келгенбаевичти карап туруп муундарым титиреп кирди. Тигине кыл көпүрөгө бут коюп, калчылдап токтоп калды.

— Баспайсыңбы!..

Бул буйрук «баспайсыңбы», «баспайсыңбы», «баспайсыңбы…» болуп кайра-кайра жаңырып кайталанып барып угулбай кетти.

Мен түшүм го деп ойлосом да Мурас Келгенбаевичтин басканын карап туруп демим кайтып, чыдамым кетип баратты.

— А!.. а-аа!!!.

Кыл көпүрөдөн чыңк ылдый ачуу үн салып тозок отуна сайылып бараткан Мурас Келгенбаевичти карап туруп жарыша бакырдым…

— Мурат! Мурат! Мурат!..

— А…а … Му-Мурас!..

— Көзүңдү аччы, Мурат!

— Эмне?! Эмне, эмне болду?..

— Эчтеке, сага эмне болду?

— Ох-х!.. Түшүм экен жакшы.

Өрөпкүгөн жүрөгүм көпкө басылбай «тобо» кылып жаттым. Анан Мурас Келгенбаевичтин кейиштүү тагдыры көңүлүмдү кыйлага тынчытпады.

III

«Арамдан келген дөөлөт акыр түбү мээнет».
(Элдик нускадан)

Алармандардын көптүгүнө кымыңдап кубанганымды айтпа. Анткени «койдун» этин үрүң-бараңдан «мүчөлөп» алгандыктан, шыпылдап колу-колума тийбей сатып жаттым. Кечээ союлган беш «кой» дегенимдин эти эки-үч саатка жетпей түгөнүп бараткан.

— Сиздин «кой» этиңиздин наркына эмес, өзүңүзгө ишенкиребей турабыз,— деп калды аларман бир жигит.

— Ишенкиребей турсаң, таңуулабайм, башка касапка баргының!

Мен да шек алдырбай жанагы жигитке тартылган этти башка аларманга узата бердим.

— Шашпаңыз!

— Чын эле бул желимденип, койдун этине окшобой турат ко,— деди кезеги жетип калган экинчи аларман.

— Анткени койдун эти эмес да,— деди жанагы жигит үстөм сүйлөп.

— Оозуңа карап оттогун, иним! — Менин ачуум да келе түштү.

 — Анда сатууга берилген уруксат кагазыңызды көрсөтүңүз!

Шек алдырып болобу:

— Андай уруксатты көргүң келсе, кийинчерээк келчи, мен эч жакка качпайм.

— Жок, уруксат кагазыңыз болбосо эт сатпаңыз.

— Эй иним, сен кимсиң өзү? — Омуроолой сүйлөдүм.

— Жөн эле советтик гражданинмин. Сизге ким керек эле?

Жаакташа берсем ырбап баратат. Каарданбай, казанбактай кадырымды салып кирдим. Жанагы жигит касапканада «кайым» айтышпай: «Жарайт, тийиштүү жетекчиң менен сүйлөшпөсө…» — деп басып кетти.

Ошондонбу, касапчыңдын бети курсун, уйкум качты. Учурунда атамдын дөөлөтүнө марып, зооветеринардык техникумду барып-барбай сырттан эле окуп бүтүргөм. Бирок төрт-беш жылча иштеп-иштебей касапчылыкка келип токтогом. Мурда деле көп жолу кой эти деп эчки союп саткан күндөрүм болгон. Эч ким шек албаган. Бирок бүгүнкү окуя оңдурбачудай. Көңүлүм удургуп тынчытпады. Түн жарымынан ооп калганда жаным сеп алгандай уктап кетиптирмин…

…Өңүмбү же түшүмбү таң калдым. Ушунчалык да бейпил, берешен дүйнө болобу? Бейиш дегени ушу го деп ойлодум. Анда «бейиштин ашын көрмөк бар, жемек жок дешчү». Мында түркүн-түмөн мөмө-жемишин жыйнап албай таштап коймокпу. Баш-аягына көз жетпеген жашылча талаасын айтпа.

Ээси жок ушундай керемет дүйнөнү аралап бараттым. Жол боюнда башын салып өсүп турган күн караманын данынан чагып көрмөк болдум. Мына кызык! Көргөн көзүмө ишене бербейм. Күн караманын данынан алаканыма ушалап көрдүм. Ар бир даны алаканыма чоң-кичине теңге болуп шыңгырап түшүп жатты. Теребелге алаңдап алапайымды таппай калдым. Даны нукура теңге болуп өскөн күн караманын беш-алты башын жулуп алып арылай шаштым. Алактап шашып баратып чоң-чоң түйүлгөн капустанын башына мүдүрүлүп кеттим. Мен мүдүрүлгөн капустанын жалбырагы кагаз өңдөнүп шуудурай түштү. Каңырыш болбосун дедим, капустанын жалбырагын сыйрып көрүп ансайын таң калдым.

Бир-эки кат жалбырагын сыйрып көрдүм. Ой, тобо-о! Жалаң кат-кат болгон кагаз акча. «Бир капустаны сыйрысам канча акча…» деген ойго кеттим. Өзүмдү өзүм жоготуп нес тарттым. Анан чочуп эс-учумду жыйдым. Дароо капустадан төрт-бешин жулуп алып, жылт коймок болдум. Бирөөн жулмак болуп күчөнүп тартып көрдүм, үзүлбөйт. Чиренип күчкө салдым. «Чарт» деп үзүлгөндө чалкаман кеттим. Бирок жерге жетпей чыңк ылдый камгактай учуп бараттым. Жан калган жок. Кыйкырсам үн чыкпай, буулуп бараттым. Жерге жетип «тарс» тийгенде бакырып ийдим.

— Аа-а!..

— Ай Мурат, сага эмне болду, көзүңдү аччы!

— Аа-ии, эмне?

Көзүмдү ачсам керебеттен түшүп кеткен экем, аялым жалбарып туруптур.

— Директоруң телефон чалып жатат. Тез келсин дейт.

— Тез келсин?.. Эч ким билбейт деп эчкинин этин койдуку деп сата коюп…

Жакшысы, түшүркөй күбүрөнгөн сөзүмдү өзүмөн башка эч ким укпады.