ИПТАРУУЛУ Сабыр: САБЫР ИПТАРУУЛУ: КЫРГЫЗДЫН АКЫЛЫ – МАКАЛ

Адам баласы ар убак акыйкатты таанып-билүүгө куштар. Ушул өңүттөн алганда, макал-ылакаптар буга кызмат кылган уникалдуу жана универсалдуу табериктер десе болот. Аларда тарых менен турмуштун изи таасын сакталып, элдин кулк-мүнөзү, ой-санаасы, туу туткан дөөлөттөрү шүүдүрүмдүн тамчысындай бажырайып көрүнүп турат.

Макал – нак акыл. Ылакап – ылайык кеп. Макал көбүнчө акылга (ак кыл) басым жасаса, ылакап эске таянат.  Ошондуктан акыл-эс сыяктуу макал-ылакап да чогуу айтылат. Макал турмуш көрүнүштөрүнө, адам сапаттарына ж. б. акыйкат бүтүм чыгарып, аны чулу, айкын, так туюнтуп, ыргактуу, уйкалышып айтылса («Ат, аттан кийин жат»), ылакап кайсы бир окуядан сабак алуу өңүтүндө айтылат («Тазбайматтай болбо»).

Макал-ылакаптардын улуттук-маданий семантикасы дүйнө таанытуучулук, таалим-тарбиялык, тилди жатыктыруучулук ж. б. маанилерге ээ. Элдин жазылбаган конституциясы, адеп кодекси катары, алар элдин рухий табылгаларын, жашоо эрежелерин кыска, нуска аныктап, жөнөкөй сөздү акылга, караламан көпчүлүктү элге айлантат, анын жашоосуна маңыз, максат, көркөмдүк берет.

Макал-ылакаптарда камтылбаган турмуштун эч бир тарабы жок. Алар адамдын улуттук, диний, жыныстык, курактык ж. б. өзгөчөлүктөрүн адамдык бийик чен-өлчөмдөр менен аныктап, тажрыйбада сынап, калыс тыянак чыгарат. Илимпоз жазгандай, «тарыхчы макал-ылакаптардан байыркы окуялардын чындыгын күбөлөгөн далилдерди издесе, юрист аларды элдин жашоосун тескеп турган жазылбаган мыйзамдар катары баалайт, этнограф алардан унутулуп калган каада-салттар менен үрп-адаттардын издерин көрсө, философ алар аркылуу элдин акыл күчүнүн деңгээлин аңдап-билет» (В. П. Аникин).

Албетте, ар бир макал-ылакап – адам акылынын туундусу. Ыр саптары, түрмөгү, бир шилтеми макалга, ылакапка айланып кеткен адамдар – өлбөс адамдар. Алардан, бир жагынан, жеке адамдын албан акыл күчү, дүйнө туюмунун бөтөнчөлүгү көрүнүп турса, экинчи жагынан, бүтүндөй адамзаттын тааным тамыры бир экендиги туюнтулат. Ушундан улам ар түрдүү элдердин таң каларлыктай окшош, маанилеш макал-ылакаптарын кездештирүүгө болот. «Бою бир карыш, ою миң карыш» мындай акыл берметтери жашоо деген кан жолдо «Канткенде адам уулу адам болорун» (Ч. Айтматов) эскертип турган жол боюндагы шам чырак мамыларды элестетет.

Атаганат, алардын кадырын биз жарыкта, күн тийип турганда билбейбиз, ал эми башыбызга түн түшүп, заманабыз куурулганда гана карайлап издейбиз, «кап» деп бармагыбызды тиштейбиз.

Дамамат кырынан турган жогорудагы суроого эл «Адам болуу аста-аста» деп сабырдуу жооп узатат. Атүгүл, бул үчүн зарыл болгон айрым усул-ыкмаларды да сунуш кылат: «Ийри отуруп, түз кеңеш» (жамаатташып иштөө), «Кабыргаңа кеңеш»(жупташып иштөө), «Кылганың мен үчүн, үйрөнгөнүң өзүң үчүн» (жекече иштөө), «Жылуу-жылуу сүйлөсөң, жылан ийининен чыгат» (баарлашуу адеби), «Жети өлчөп, бир кес» (акыл рефлекциясы), «Эр чекишпей, бекишпейт» (талаш-тартыш), «Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө» (сынчыл ой жүгүртүү), «Баш кесмек бар, тил кесмек жок» (ой эркиндиги), «Талаштан тактык жаралат» (талкуу), «Жатып өлгөнчө, атып өл» (акыл жарышы), «Бетке айткан сөздүн заары жок» (академиялык чынчылдык) ж. б.

Макал-ылакаптар өткөндү таанып-билүү үчүн гана эмес, өзүбүздүн бүгүнкү ордубузду так аныктап алуу үчүн да керек. Мисалы, ар бир министрликтен тартып ар бир мекеме, уюм, ишкана өзүнүн адеп парасатын, иш миссиясын чагылдырган төмөндөгүдөй макалдарды имаратынын төрүнө жазып койсо жаманбы? Ошондо өзүбүзгө да, өзгөгө да чын эле кыргыз эли тетик, сөз баккан, өткөнүн урматтаган эл экени таасын сезилип турмак.

«Кан калкын ойлойт» (Эл башы)
«Өкмөттүн укуругу узун» (Аткаруу бийлиги)
«Бир жакадан баш, бир жеңден кол» (Мыйзам чыгаруу бийлиги)
«Ак ийилет, сынбайт» (Сот бийлиги)
«Вазир жакшы, кан жакшы» (Мамлекеттик катчы)
«Ырыс алды – ынтымак» (Тышкы иштер министрлиги)
«Эр жигит эл четинде, жоо бетинде» (Коргоо министрлиги)
«Колуң менен кылганды, мойнуң менен тарт» (Ички иштер министрлиги)
«Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок» (Адилет министрлиги)
«Дүнүйө бир тыйындан куралат» (Каржы министрлиги)
«Соодада достук жок» (Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги)
«Дыйкандын түбү – кенч, сооданын түбү – борч» (Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги)
«Жолду жүргөн арбытат» (Транспорт жана байланыш министрлиги)
«Сактыкта кордук жок» (Кооптуу кырдаалдар министрлиги)
«Акыл – тозбос тон, билим – түгөнбөс кен» (Билим берүү жана илим министрлиги)
«Биринчи байлык – ден соолук» (Саламаттык сактоо министрлиги)
«Өнөрлүү – өлбөйт» (Маданият жана маалымат министрлиги)
«Аракет кылсаң, берекет» (Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги)
«Табаган эрден тубаган бээ өтөт» (Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги)
«Чептен эрдин күчү бек» (Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет)
«Бекер турганча, бекер иште» (Миграция жана иш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик агенттик)
«Бүлүнгөндөн бүлдүргү алба» (Мамлекеттик мүлк башкаруу боюнча мамлекеттик комитет)
«Кашыктап чогултканды чөмүчтөп чачпа» (Салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитет)
«Алтын алба, алкыш ал» (Бажы боюнча мамлекеттик комитет)
«Куруу кыйын, бузуу оңой» (Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик)
«Күч атасын тааныбайт» (Дене тарбия, спорт, жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттик)
«Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба» (Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик)
«Ээси келсе, бээсин бер» (Кыймылсыз мүлккө карата укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик)
«Туулган жердин топурагы алтын» (Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик)
«Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны» (Туризм боюнча мамлекеттик агенттик)
«Өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло» (Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик)
«Ар кимге туулган жери мисир» (Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик)
«Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» (Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттик)
«Кыштын камын жазда ойло» (Мамлекеттик сатып алуу жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик)
«Миң уккандан, бир көргөн» (Информациялык ресурстар жана технологиялар боюнча мамлекеттик агенттик)
«Ууруну актоо – уурулукту жактоо» (Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы)
«Эсептүү дос айрылбайт» (Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы)
«Кудайды көзүң менен көрбөсөң да, көкүрөгүң менен тааны» (Кыргызстан мусулмандар муфтияты)
«Көп түкүрсө – көл, көл толкуса – сел» (Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду)
«Эл ичинде эл жүрөт» (Кыргызстан элинин ассамблеясы) ж. б.

Айрымдар кээде жаңы макал жаратууга умтулушат, аны жардап, таңуулашат. Мисалы, мурунку бийлик «Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз» десе, кийинкиси «Мамлекет – эл үчүн. Эл – мамлекет үчүн» дегендей калпыс ой туундуларын коомго сунуш кылды. Минтип, мекенди мейманканага, элди кызматчыга айландыруу зилинде туура эмес.

Макал-ылакаптар – элдин идеологиялык эмес, философиялык акыл-оюнун тамчысы. Мисалы, «Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер» деген макалды идеологиялык өңүттө «айкөл, кечиримдүү бол» деп чечмелесе да болот. Бирок анын философиясы «толук үй-бүлө болмоюн, толукшуган турмуш болбойт» дегенди нускап турат. «Кыздын кырк чачы улуу». Идеологиясы: Аял затын ардактоо керек. Философиясы: Кызды кичинесинен тартып сыйла.

Тилекке каршы (балким, тилекке жараша), кээде макал-ылакаптар парадоксалдуу чындыкка да кызмат кылат. Айрым эл өкүлдөрү шайлоого чейин: «Калк айтса, калп айтпайт» деп элге таянат да, шайлоодон кийин «Эл оозунда элек жок» деп, аларды укпай коёт. «Берген март эмес, алган март» деп карызга ала берип, «Карыз ийне болуп кирип, төө болуп чыгарын» кийин аңдадык. Ырас, «Кеңешип кескен бармак оорубайт». Бирок «Өз акылың – өзөк менен тамыр, киши акылы – кишен менен тушоо» экенин да унутпоо керек.

«Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы» дей бербестен, «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жетелей тургандыгын», «Адат – адат эмес, жөн – адат» экендигин эстен чыгарбайлы. «Өнөр алды – кызыл тил» дейт. Бирок «Жакшынын таянганы – макал, жамандын таянганы – сакал». Туура жашагың келсе, макалды туура. Албетте, эл жашап турган соң, анын акыл тегирмени да чуркаганы чуркаган. Эртең эле эл эсине айланчу нускалар бүгүн да жаралып жатат. Айталы, «Байлык – колго тоңгон муз, Бийлик – колго конгон куш, Бала – артта калган из, Бакыт – силер менен биз» деген учкул сөз эртең эле макалга айланып кетпейт деп ким кепилдик бере алат…