ИПТАРУУЛУ Сабыр: САБЫР ИПТАРУУЛУ: КЫРГЫЗДЫН АРМАНЫ – КҮҮ, АРЗУУСУ – ОБОН

Элибизде «Күүнүн башы – Камбаркан» деген уламыш айтылат: «Бир күнү Камбаркан аттуу адам тоо-таш кезип, аңчылык кылып жүрүп, чарчагандан бир дарактын түбүнө келип дем алып отурат. Бир маалда ал кандайдыр бир жагымдуу добушту эшитет. Айланасын караса, эч ким жок. Жагымдуу добуш бирде кубулжуп, бирде дирилдеп, бирде катуулап, кайра басайып, аңчынын сезимин кытыгылайт. Акыры добуш чыккан жакты боолголоп отуруп, ал добуш дарактын бийик бутагында илинип турган, кургап калган ичегинин желге термелген кыймылынан чыгып жатканын баамдайт. Ошентип, бул окуя комуздун жаралышына себеп болуп, ал эми аңчы чыгарган алгачкы күү Камбаркан аталып калган экен».

Тереңирээк баамдасак, уламыш бир гана комуздун пайда болушун же абалкы күүнүн аталыш тарыхын таржымалдабайт. Анда ата-бабаларыбыздын жашоо-тиричилиги, мекендеген жер шарты, айлана-чөйрөгө болгон астейдил мамилеси, атүгүл, өсүмдүк менен жаныбардын (флора менен фаунанын) ажырагыс гармониясы, табият кубулуштарынын өз ара таасири, көркөм өнөрдүн төрөлүшүнө түрткү болгон жүйө-себептер сыяктуу адамзаттын жан дүйнөсүнүн байышына негиз болгон табылгалардын бир даарынын изи бугуп жатат.

Уламыш, мындан башка да кайсы учур болбосун, ар убак олуттуу жана маанилүү болгон дагы бир жагдайды эскертип турган нускама таалим-баян сыяктанат: «Айланада бардык нерсе күү чалып турат. Ар нерсенин өз обону, өз күүсү бар.

Биринчиден, аны туюп, сезип, уга билген угарман кулак керек. Экинчиден, бул үчүн ылайыктуу шарт-жагдай зарыл. Себеби, обон-күү ызы-чуулуу, чаң-тополоң, ыплас жерге эмес, бейпилдик, бейкуттук, тынчтык өкүм сүргөн, таза, бийик жерге гана байырлайт».

«Күү» кыргыз тилинде бир нече мааниге ээ.

  1. Комузда аткарылуучу чыгарма.
  2. Бир нерсенин эпкини, илеби.
  3. Ал, күч, кайрат, дем.
  4. Жан-жаныбардын тукум улоо табиятынын жандануу мезгили («күүлөө», «күүгө келүү»).

Мындай ар түркүн кубулуштарды бир сөз менен атаган бул түшүнүктүн төркүнүнө үңүлүп көрсөк, анда ал чынында эле тышкы чөйрөдөгү кубулуштарга карата жан-жаныбардын, анын ичинде адамдын да, биологиялык, психофизиологиялык абалынын жандануусун, ден менен жандын жуурулушуп, күүлөнүүсүнөн жаралган табигый рухий кубаттуу күчтүн илебин туюнткан ары терең, ары элестүү сөз экенине ынанабыз.

Кү-ү-ү… Бул сөздүн айтылышы эле кандайдыр бир кыймылды, добушту кайталап, туурап тургандай сезилет. Арийне, табият да, адамдын жан дүйнөсү да дайыма кыймылда. Алар кандайдыр бир ыргакка баш ийиши – бузулгус эреже. Бирок кээде алар «жээгинен» ашып ташкындап, коюлган «тосмолорду» таш-талкан чыгарып кыйратып, ээ-жаа бербей ээлигип, бууракандап кирген кездери болот. Мына ушундай абалда жаралган чыгармаларды «күү» дейбиз. Залкар күүлөрдүн көбү – буулуккан сезимдердин бурганагы десе болот.

Күүлөрсүз, балким, адам баласы же жарылып, же жаныбарга айланып кетмек.

Обон. Бул сөздүн төркүнү да абдан чалкар: «обо», «аба», «асман», «көк» деген сөздөр менен үндөшүп, аларга таандык белгилерди (бийиктик, кенендик, тазалык) туюнтуп турат. Обон – обологон сезим учкуну. Күүдө көбүнчө сөз менен айтылбас жана айта алгыс армандуу туюм-сезимдер берилсе, обондо адамдын көңүл кушун көкөлөткөн көтөрүңкү маанай, арзуу сезимдери чагылат. Бекеринен сөз өнөрүнүн чебери Ч. Айтматов эки жаштын сүйүү сезимдерин даңктаган «Махабат тууралуу дүйнөдөгү эң сонун баянын» (Луи Арагон) «Обон» деп атабаган чыгар.

Бул эки түшүнүк кээде «обон-күү» деп бирге айтылып, «музыка» деген маанини берген менен, алардын бир катар айрымалуу жактары да бар. Айталы, күйүттүн күчү – күү десек, үмүттүн учу – обон. Армандын дабасы – күү болсо, арзуунун дарысы – обон. Обон-күүлөр адамдын тогуз толгонгон жүрөк-жүлүнүнөн сызылып чыгып, шакардай кайнаган албуут сезиминен кубаттанып, анан барып анын көөдөнүн жара тээп, оргуп чыккан мукамдуу, муңдуу кайрыктардан куралат. Кайрыктан обон, обондон толгоо, толгоодон күү төрөлөт. Обон – көмөкөйдүн балы болуп, күү – көкүрөктүн зары болуп элге тарайт.

Обон улам бийикке серпилсе, күү улам иримге тереңдейт. Аларды канаттуу сөздөр илип кетип, калайыктын кастарлуу энчисине, элдин көөнөрбөс кенч-казынасына айландырат. Мамлекеттик гимндин кайырмасында «Манастын» салттуу кайрыктары туюлуп турганы тегинден эмес.

Обон-күүнүн сөзгө караганда угуму да, жугуму да алдаганча күчтүү болорун психологдор аныкташкан. Атүгүл, адамдын жан дартына даба болгон музыкотерапия деген дарылоо түрү да бар.

Обон-күүнүн асыл касиети – бул турмуштун бөксө жерин толтуруп, «ду-ду»лаган дудукту да, «ке-ке»леген кекечти да, бай-кедейди да бирдей ырахатка бөлөп, өмүрдүн өктөсүн, көңүлдүн көксөөсүн бир кайрып алууга арга бергендигинде. Обон-күүнүн керемети – адамдардын ою менен сезимин, жаны менен денин жууруп, бир өзөнгө буруп, «эки сууну бир агызып», катып калган ойду, калдайган бойду балкытып, эритип, эргитип жибергендигинде.

Үн алыша обон созуп ырдаганда адамдар канчалык ырахат алары жөн жеринен эмес. Анан барып обон-күүлөр сөз бүрүнө конуп, күмүш көмөкөй, жез таңдайдан жаңырса, аларга канат бүтүп, өлбөс-өчпөс болуп калганы ошол (Токтогул. «Өмүр», Барпы. «Мөлмөлүм», Т. Байзаков, А. Жайнаков. «Кыргыз жери»). Асты, күүнүн да, обондун да тунук башаты, көркөм сыны, тутунган салты бузулбаш керек!

Мурда обон, күү, сөз автордук болуп, реалдуу адамдын жан сырын «элге жайып» жаткандыктан, алар жеңил баа болуудан айбыкчу. Кубаныч-кайгы жүрөктөн чыккандыктан, жүрөктөргө жетер эле. Чыгармалар бышып, таптуу, кундуу чыгар эле. Жеңил-желпи обондордон салмактуу күүлөр көп болчу. Азыр, тескерисинче, күү жараткандар азайып, обон чыгаргандар көбөйдү. Дегеле заман бардык нерсени бышырбай, кактап эле кабылдаганга көнүп баратат. Мунун обон-күүгө да түздөн-түз тиешеси бар. Мындай шартта нукура чыгарма да, нагыз угарман да жаралышы күмөн.

Айланабызды түгөл каптаган угумсуз кайрыктар менен жугумсуз сөздөрдүн сели кары-жашка карабай баарын бир ыргактуу айлампага имерип, калктын көркөм татымы да, өнөр кадыры да өксүп баратканы эч кимге жашыруун эмес.

Бул элдин кубаттуу, кайраттуу акыл-сезиминин мокоп, салттуу өнөрүнүн кунары качып, алсыз, азгырма сезимдерге орун бошотуп баратканын шоораттап турган жокпу?

Күү – бул симфония, ал эми обон – эстрада. Күү – күчтүү толгонууларга, обон оңой кайрыктарга ыктайт.

Күү – саябандуу, салабаттуу өмүрдүн, обон – сайран жашоонун жандоочусу. «Күүлүү» турмуш «көңүлдүү» турмушка караганда алдаганча артык экенин, улуттун уңгусун бардар адамдар эмес, күүлүү, демдүү адамдар түзөрүн далилдеп отуруунун кажети жоктур. Ал эми жаштыктын өзү дал ушул күү-деми менен керемет эмеспи.

Насилинде чыныгы обон, чыныгы күү жаралыш үчүн, чыныгы тагдыр, чыныгы күйүү, чыныгы сүйүү… керек («Кайгысы жок жүрөктөн каалагандай ыр чыкпайт»).

Азыркы арасат мамилелер менен арабөк сезимдер «кулактан кирип бойду алар» (Абай) обон-күүлөргө көрөңгө болуп береби-жокпу, айтуу кыйын…