ИПТАРУУЛУ Сабыр: САБЫР ИПТАРУУЛУ: КЫРГЫЗДЫН БАЙРАГЫ – КЫЗЫЛ ТУУ

Ак асаба, кызыл туу,
Айгайлаган ызы-чуу.
Көк асаба, кызыл туу,
Көк жаңырган ызы-чуу.
(«Манастан»)

Байыртан эле кыргыздын ар бир ханы өз туусун, урук-уруусу өз желегин, кол-кошуну өз асабасын көтөрүп, алар ар кандай: кызыл, ак, көк ж. б. түстө болгон. Манас бабабыздын колуна да ата-бабасынан келе жаткан кызыл туу мурас болуп тийгендиги жөнүндө эпосто бир нече ирет эскертилет:

«Ногойдон калган кызыл туу
Оболотуп аштады,
Тойду Жакып баштады».

Убагында айкөл Манас атабыз мына ушул туунун алдына чабылып-чачылган, кырк уруулуу кыргызды жыйнап, Евразия жайыгына даңазасы угулган улуу эл кылып кураган экен. Тегинден «кыргыз» деген сөздүн өзү кытай тилинде «кызылдар» деген маанини туюнткандыгы тарыхый даректерде жазылып калбаса керек.

Кыргыздын тарыхтагы биринчи каганы Барсбектин туусу кызыл болгондугу ташка тамга баскандай тарыхий эстеликтерде жазылып калган. Кыргыз ССРинин мамлекеттик туусунун түсү да негизинен кызыл болгон. Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин, жаңы мамлекеттик туунун түсүн аныктоодо да жогорудагы жагдайлар негизге алынган.

Туу, адатта, эки беттүү болот. Анын эки жагына өз-өзөнчө белги түшүрүүгө ылайыкташып, ал эки кат кездемеден беттештирилип жасалат. Ал эми желек жалаңкат келип, анын бир тарабына гана белги салынат.

Өлкөбүздүн мамлекеттик туусу чымкый кызыл кездемеден жасалып, анын ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түспөл күндүн, анын толтосуна кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн элеси түшүрүлгөн. Туудагы кырк нурун тегиз чачыраткан Күн – жарык жашоону, чексиз айкөлдүктү жана түбөлүктүүлүктү туюнтат. «Күн» деген сөздөн мааниси кыргыз тилинде өтө кеңири:

  1. Планета;
  2. Убакыт бирдиги;
  3. Өмүр ж. б.

Күнөстүү Кыргызстан – өлкөбүз башка элдерге дал ушундай ат менен белгилүү. Кырк – кыргыздар үчүн ыйык сан: кырк+гуз (кырк уруу), кырк чоро, кырк нөкөр, кырк күн ж. б. Күндүн толтосуна кыргыз боз үйүнүн түндүгүнүн элеси түшүрүлөт.

Түндүк – адам жашоосунун, куттуу үй-бүлөнүн, көчмөндүү тарыхтын, бекем биримдиктин символу. Түндүк көтөрүү – өз алдынча жаңы турмушка аттануунун жышааны. Ал эми түндүктүн сүрөттөлүшү болсо, элде айтылган «төгөрөктөн төрт бурчун төрт айланып бүтпөйсүң» деген парадоксалдуу чалкар философиялык түшүнүктү сыпаттап турат. Айлана – чексиздикти, эриш-аркактык – карама-каршылыкты туюнтуп, алардын биримдигинен мезгил менен мейкиндиктин бүтүндүгү жаралат.

Аалам тирлигинин туткасы – Күн, адам тирлигинин туткасы – Түн+дүк. Бул экөө – жуп, түбөлүк ажырагыс бүтүндүк. Аларды айкалыштырып берүүдө мына ушул ой негизге алынган…

Кыргыздын турагы – Боз үй

Али эсимден кете элек,
Анда мен жаш эселек.
Жашыл тулаң бетеге,
Эл жайлоодон көчө элек.

Жомок айтып шыбырап,
Жаан жаайт дыбырап.
Чоң сайдагы кашка суу
Үнү шашпай угулат.

Күнгө ысыган туурдуктан
Жүн жыттанып, буу чыгат.
Атамдын чоң тонунун
Жакасынан баш багып,
Мен жатамын апамдын
Тизесине жазданып.

Учкундары чачырап,
Арча күйөт чатырап.
Отту тиктеп телмирем,
Оюм алыс ашыгат…

Өттү-кетти жаш убагым,
Азыр жигит курагым.
Сагынгандан кайра келип,
Эски журтта турамын.
Боз үйүмдү көрсөтчү деп,
Тагдырымдан сурадым…

Боз үй да жок, апам да жок,
Суунун шары угулат.
Апамдын көп жомогундай,
Жаан жаайт дыбырап…
(Ч. Айтматов. «Фудзиямадагы кадыр түн». Сабырдын ыры).

Кыргыз эли сан кылымдык тарыхында саргарып жаратып, санаттап сактап келаткан дөөлөттөрүнүн бири, көсөм сөзү – «Манасы» болсо, экинчиси, көрөр көзү – Боз үйү.

Бул экөө – бири-бирин толуктап турган, түбү бирге түгөй дөөлөттөр. Бири сөздөн бүткөн Мунара десек, экинчиси – аны курган Адамды асырап-сактап келаткан Ак сарай.

Боз үй мындан 5 миң жыл илгери эле Евразия жайыгынын тоо-түзөңүндө жашаган түрк, монгол көчмөндөрүнүн төл мүлкү болгон. Жасалгасында темир жоктугу анын байыркылыгынан кабар берет. Чарбалык-маданий тиби жагынан кыргыздар да ушундай элдердин бири. Боз үй – көчмөн жашоо маданиятынын, анын көрөңгөлүү синкреттик-символдук дүйнө таанымынын, салттуу узануу жана уздануу өнөрүнүн классикалык үлгүсү.

Боз үйдүн тулкусунда утилитардык менен уникалдуулук, төптүк менен көркөмдүк, рухий менен материалдык, табият менен адам, аял менен эркек, акыл менен сезим… акыры келип «көк» менен «боз» (асман менен жер) айкалышта чагылып, гармониялуу бир бүтүндүккө уюган.

Боз үйгө кирген адам өзүнчө бир ажайып ааламдын моделине туш болот: керегелер – айланта курчаган тоолорду, төбөң – асман алкагын, түндүк – көктөгү күндү, ууктар – анын нурларын, ала кийиз, шырдактагы оюмдар – төрт түлүк малды, туш кийиздеги түркүн элестер – үмүт-тилекти, сыр сандык – аялуу асыл байлыкты, кабаттап жыйылган жууркан-төшөк – турмуш жүгүн… туюндурат. Үйдүн ичи эр жагы, эпчи жагы деп бөлүнүп, аял-эркектин бир бүтүн тең дүйнөсүн жаратат. Боз үйдө ар бир адамдын гана эмес, ар бир буюмдун да өз орду, аткарган кызматы бар. Артыкбаш эч нерсе жок. Боз үй көзүн ачып күндү, көзүн жумуп түндү тоскон Жер эненин карегин элестетет. Андагы жашоо мыйзамы субординацияга эмес, иерархияга баш ийет.

Боз үй – адамдын ар тараптуу, албан энциклопедиялык акыл-билиминин, аял затынын «алтын иймек, жез оймок» жөндөмү менен эркектин «жыгачка жан киргизген» өнөрүнүн үзүрү. Боз үй – кооз үй. Ал өзүнчө эле үн чыгарбай ырдап турган симфония. Себеби, уз-усталар ага өздөрүнүн жүрөк табы менен акыл-сезимин сиңирип, көз майын коротуп, билек, бел күчүн берип, аны атайын, арнап жасашкан: «Керегем, сага айтам – келиним, сен ук, уугум, сага айтам – уулум, сен ук, босогом, сага айтам – боорум, сен ук, түндүгүм, сага айтам – түгөлүм, бүт ук». Анан Жайсаң ырчы «Жалаң үйдүн борумун жарым күнү ырдабай» («Манас») эмне болуптур?!

Боз үйдүн мына ушундай заты анын атына кандайча айкалышат? Тоолук элдин дүйнө туюму анда кандай чагылган? Боз үй» деген сөз анын өңүн билдиреби, же? Кыргыз тилинде «боз» деген сөз бир нече мааниге ээ:

  1. Агыш түс;
  2. Бубак, мунарык;
  3. Кач, көч дегенге маанилеш этиш сөз;
  4. Дөбө, тоолуу жер.

Эгер биз боз үйдүн өңүнөн башка да анын абалкы жаралыш аймагын, колдонулуш чөйрөсүн, тигилиш ордун, аткарган кызматын, башкача айтканда, жогорудагы белгилерди чогуу алып карай турган болсок, анда боз үй – «дөң үй», «тоо үйү» деген мааниге жакын тургандыгын баамдайбыз. «Бозго чыгып жатышып, боздон тоодак атышып», – деп айтылат «Манаста». «Тоодагы боздо топтогон, чөптүн гүлүн оттогон» (Тоголок Молдо). Ушул ыңгайдан алганда, мисалы, «боз торгой» анын түсүн эмес, ал жашаган аймакты, «тоо торгою» деген маанини билдирет.

Боз – дайыма абасы таза, айлана тегиз көрүнүп турган, жаандын суусу, таштандылар төмөн агып, тазаланып кетүүгө ылайыктуу, жамгырдан кийин бат тоборсуган, көчкү, селден коопсуз, чөбү сейрек, мал жолобогон, жолоочуларга айкын көрүнгөн секи жер. «Боз» – башка түрк тилдеринде да талаа, дөңсөө жер деген маанилерди билдирет. Боз үйдү биз өсүмдүк сыяктуу «тигебиз» дейбиз. Ата-бабалар таза, каксоо, көрүнүктүү жер деп сөөктү да бозго (дөңгө) коюшкан.

Боз үйдүн мына ушундай бозго тигилүүчү турак экендигин С. А. Чуйков «Түбөлүктүүлүккө таазим» («Прикосновение к вечности») деген сүрөтүндө эшиги чыгышты караган тоо үйү катары таасын чагылдырган. Ал эми көп сүрөтчүлөр аны суу боюна, түз жерге ойгелди тартып жүрүшөт.

«Үй» түшүнүгү да бир нече мааниге ээ:

  1. Турак жай;
  2. Чогулт, жыйна, топто.

Эгер биз ата-бабаларыбыздын архитектуралык-куруучулук акыл-оюнун ажайып туундусу болгон боз үйдүн конструкциясын элестетсек, анда ал чынында эле үйүлүп, башкача айтканда, «курулуш материалдары» биринин үстүнө экинчиси үйүлүп, дөбөлөнүп «тургузулганын» көрөбүз. Мында «үй» деген атооч сөздүн «топто», «жыйна», «чогулт» деген этиштик төркүнү айдан ачык. Боз үйгө байланыштуу кереге, уук, кийиз, чий сыяктуу көптөгөн түшүнүктөрдүн этиштик мааниси да айгине. Бул мааниде «үй-бүлө» түшүнүгү («Үй-бүлө – капкалуу шаар») – үйгө бүлөлөрдү чогулт, бала бакыраны көбөйт дегенди билдирген.

Боз үйдү «үйүү» (тигүү) жалгыз адамдын колунан келбейт. Ал коллективдүү эмгекти талап кылат. Бири түндүгүн көтөрсө, экинчиси уугун саюуга тийиш. Мында, түндүктү эркек көтөрүш керек. Үй тигилгенден кийин, аял сырттан от тутантып, адегенде кирип, үйдү аластап, коломтонун ордун аныктайт. «Түндүк ээси – эркек, коломто ээси – аял» деген түшүнүктөр ошондон калган. Андыктан, Борбордук аянттагы эстеликтеги сол колуна түндүк көтөргөн кыркма чач аялдын кырданган келбетине карата айтылып жүргөн сын-пикирлерде жүйө бар.

Ошентип, «Түндүгүң бийик, керегең кең, уугуң учтуу, босогоң бекем болсун» деп алакан жайып көтөрүп алган турагын «топудай», «томогодой», «койкойгон» деп барктап-баалашкан. «Өз үйүм – өлөң төшөгүм», «Үйүм үстүмдө, казаным астымда», «Балалуу үй – падышалуу үй», «Балалуу үй – базар» дегендей аныктамалар үйдүн рухий-педагогикалык маңызын аныктаса, жамандык жанына баткан адам «Күлүң додо болбосун», «Үйүң күйсүн», «Түндүгүң түшкүр» деп наалат айткан.

Боз үй – үй-бүлөнүн башын кошкон. Там үй болсо алардын ар бирине өз-өзүнчө бөлмө берип, арасын алыстатып таштады. Ушул сыяктуу боз үйдөгү көчмөн турмуш калыптандырган көнүмүштөр көп эле: кыргыз баласы көп учурда каалганы кармап жаппайт, бурчтанган көчөлөр менен басуу, тийиштүү гана жерлерден өтүү, так убагында келүү…  ага кыйын. Көчмөн үйдө тартипти, тышта – эркиндикти сүйөт. Боз үйдүн босогосун аттап чыккан адам дароо ааламга аралашат. Түз, оңго, солго, атүгүл, үйдүн артына айланып кетсең да, тоскоолдук жок. Ушундай насилде калыптанган адам шаардын «отурукташкан» эрежелерине көнүшү кыйын.

Ошентип, боз үй – кыргыз баласынын тилинин да, дилинин да, билегинин да, жүрөгүнүн да, элинин да, жеринин да таасын таберик эстелиги.

Жер титирөөлөрдө, ар кандай алааматтарда бүгүн адамзаттын көбү өзү куруп алган тамынын алдында калып курман болот. Жаратылышта, айталы, чычкан үстү түшүп басып калгыдай же мышык баткыдай кең ийин казбайт.

Ал эми бүгүн адамдар кабат-кабат, дайрадай там салуунун артынан түшүп, көр дүйнөнү күрөп чогултуп, акыры алар анын түбүнө жетип жатканын ойлосоң, кабыргаң кайышат.

Атаганат, адамзат өз турагынын өзүн сактап калар жеңил, бышык, үнөмдүү, көркөм үлгүсүн өркүндөтүп кете алган жок. Бүгүн аны кайра жаратуу зарыл. Кайра жаратуу дегенибиз – өткөндүн өрнөгүндө жаңы нерсени жаратуу. Демек, биринчиден, бүгүн боз үйдүн улуттук жердигин, уникалдуулугун өзгөртпөй сактап калуу менен боз үйдүн инженердик, архитектуралык ж. б. технологиясын колдонуп, анын негизинде адам турагынын жаңы, заманбап конструкциясын жаратуу зарыл.

Экинчиден, боз үй бүгүн жамандык-жакшылыкка гана тигилген жардамчы мүлккө айланып калды. Атаганат, ар бир мекеме, ишкана, мектеп, айыл өзүнүн атап жасалган Ак өргөөсүнө ээ болсо канакей! Аны жасоого жамааттын ар бир мүчөсү өз үлүшүн кошсо… Колдон келсе, бүт эл чогулуп Кыргыз үйүн көтөрсөк канакей, атүгүл, дүйнөдөгү ар бир элге арнап, кыргыздын атынан бирден Ак өргөө тартууласак канакей! Ошондо алар адамзаттын абалкы көркөм дөөлөтүн азыркыга чейин аздектеп сактап келген тоолук элдин ким экенин, кандай экенин түшүнөр эле. Боз үй биздин улуттук эн-белги (бренд), салт сакчысы, өнөр, атүгүл, киреше булагы болушу керек.

Үчүнчүдөн, жер планетасы өзү көчмөн. Жонуна баарыбызды жүктөп алып, айланкөчөк аалам кезип келет. Көчүү, орун которуу – жаратылыш мыйзамы. Адамзат да ошол мыйзамга баш ийет. Мисалы, биз да бир доордон экинчи доорго көчтүк. Бирок көчтүн талабы дайыма адегенде жол чалуу, конуш тандоо. Бул үчүн алдын абайлаган акыл, артын унутпаган эс керек (эс-акыл). Биз болсо үйүбүздү чечип, жонубузга жүктөп алып, бирок, барар багытыбызды, конор конушубузду так билбеген дендароо элди элестетип турабыз. Жол таманындагы ташта мындай жазуу телмирет:

«Оңго барсаң – өзүң, солго барсаң – атың өлөт». Айтор, «эски журттун кадыры ашууда билинген» чак. Мындан чыгуунун бир гана жолу бар. Биз бозго, тоого тартуубуз керек!

Бизди тоо гана, тоо үйү гана, ал калыптандырган тоо насили (менталитети) гана сактап кала алат. Тоодон айлана, алыскы закымдар ачык, жакшы көрүнөт эмеспи. Коломтону айланбай, сыртка чыгалы, түзгө качырбай, тоо таяналы, калаага имерчиктебей, элетке бурулалы…