ИПТАРУУЛУ Сабыр: САБЫР ИПТАРУУЛУ: КЫРГЫЗДЫН БИЙИГИ – АДАМ

Дүйнө тааным окууларында адегенде («А» дегенде) жаратылыш жаралган, андан адам төрөлгөн, анан коом курулган.

Адам – бул экөөнүн данакери. Демек, табият менен коомду таанып-билүү адамдан башталып, адамдан бүтүш керек. Ошондуктан, Адам «улуу» деп табияттын мыйзамын урматтап, «кичүү» деп коомдун эрежесин сыйлашы парз. Кыргыз баласы «ушул жерим», «бул жериме» деп денесин көрсөтүп сүйлөйт. Жер менен адамдын денеси киндиктеш, тамыры бир.

Адам төрөлгөндө өзүнүн атын оозанат: (аа-а) А-дам. Кыргыз наристелеринин тили да ушул тыбыштан баштап чыгат: «Ата» (ат берет), «А-па» («ап» – тамак берет). Наристелерге Адамбек, Адамкалый, Адамаалы деген аттар коюлат. «Манаста» адам түшүнүгү «жаран» деген сөз менен да берилет («Жабыратып айтабыз, Жарандардын көөнү үчүн»).

Абалтан ата-бабабыз Адам насилин артыкча аңдап, астейдил баалаган? «Адам адам менен адам», «Адам болуу аста-аста» – булар адам парасатын ардактоонун өрнөгү. «Адамдын адамы», «Адам экен», «Адам болуптур» – адамга мындан өткөн бийик баа жок. «Ал адам эмес», «Адамдык сапаты жок», «Адам санынан чыгып калыптыр» – булар адамдык асыл касиетин жоготкондорго чыгарылган бүтүм.

Кыргыздар бардык нерседен Адам сыпатын көрүп, ага аяр мамиле жасайт: тоо сурданат, токой күңгүрөнөт, теребел уктайт, көл көшүйт, күн жылмаят, жер ойгонот, бороон ышкырат, арпа-буудайдын башы, жүгөрүнүн чачы бар, боз үйдүн бөйрөгү, керегенин көзү, ууктун чыканагы, комуздун кулагы болот, жаныбарлардын (жаны барлардын) теги бар: Камбар-Ата, Чолпон-Ата, Зеңги-Баба, кулк (кылык)-мүнөздөр да адам сындуу: сезим уяң, акыл көрөгөч, достук чынчыл, пейил мээримдүү, махабат ишенчээк, кастык ташбоор келет…

Ушунун баары – Адам ааламынын айкөлдүгүнүн, чексиздигинин, көркөмдүгүнүн үзүрү. Кыргыз үчүн көөнөрбөс дөөлөт, алмашкыс асылнарк – адамдын кандайдыр бир белгиси: улуту, дини же даражасы эмес, анын адамдык парасаты.

Ошондуктан, кыргыздар урпагын «Кыргыз бол» деп эмес, «Адам бол» деп тарбиялайт. Ааламда ар нерсенин чеги бар, асты Адам болуунун чеги жок. «Адам болуу аста-аста» жүрөт. Ал үчүн Адам болууну каалоо, анан талбаган мээнет, тайманбаган эрк керек. Адам чечкиндүү кадамдарды жасоо менен гана Адам болуп өсүп-жетилет.

Кыргыздар Адам насили комуздун үч кылындай үч башаттан куралат деп билет. «Манас» жомогундагы үч баатырдын элеси буга таасын айгине. Манастын дили ак жана кула (Аккула). Ак – жакшылыктын символу. Коңурбайдын дили ала жана кара (Алгара). Кара – жамандыктын символу. Мына ушул эки күрөшкөн күчтүн ортосунда кимисине болушарын билбей түбөлүк азап чеккен адам касиети – акыл-эс. Мына ушундай албан акыл-эс, терең билим менен эрк-күчтүн ээсин сыпаттаган Алманбеттин дили – сары жана ала (Сарала): «Сабырдын түбү – сары алтын», «Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң».

Адамдын карама-каршылыктуу (ак, кара) ниет-пейили менен ак-эс (сары) жөндөмүнүн биримдигин сыпаттап, анын айкөл, асыл, адамгөй бир бүтүн жан дүйнөсүнө тургузулган бул рухий эпикалык эстелик – дүйнөлүк маданияттагы Тримурти (буддизм), Троица (христианчылык), Үч ирекет (мусулманчылык) сыяктуу бир бүтүн философиялык акыйкаттын уникалдуу модели. Адам акыйкатты «ооба», «жок», «калыс» деп аныктайт. Демек, баары адамдын өзүнө байланыштуу: «Жакшы болсоң – өзүңө, жаман болсоң – өзүңө, өйдө карап түкүрсөң, кайра түшөт көзүңө». Адам ушундай тандоо жөндөмүнө эгедер экендиги менен асыл, талыкпай Адам болууга талпынгандыгы менен бийик. Өкүттүү жери – «Адам асыл экенин Адам өзү сезе электиги…»