ИПТАРУУЛУ Сабыр: САБЫР ИПТАРУУЛУ: КЫРГЫЗДЫН ЖАН-ДҮЙНӨСҮ

  • Ыйыгы – Жараткан
  • Бийиги – Адам
  • Байлыгы – Сөз
  • Башаты – Мекен
  • Байрагы – Кызыл туу
  • Аздеги – Ат
  • Урааны – Манас
  • Тиреги – Намыс
  • Тилеги – Ыйман
  • Батасы – «Өмүрлүү бол»
  • Алкоосу – «Кем болбо»
  • Каргышы – «Тукумуң соол»
  • Урматы – Улуулук
  • Ызааты – Кичүүлүк
  • Парзы – Көз көрсөтүү
  • Сырдашы – Дос

Автордон

Абалтан эле ар бир эл адам насилин сактоо, ар бир адам эл наркын барктоо абыгерчилигин чегип келет. Арыбас жашоо мыйзамы ушу. Ай-ааламдын Ээси Жараткандан кийинки адамдын жан азыгы, ат байлар алтын казыгы: Ата-эне, Ата мекен, Эне тил. Элибиз бул туу дөөлөттөрүн үч муун жомогу, үч кыл комузу, үч бурч тумары сыяктуу кастарлап сактап, муундан муунга мурастап келет.

Эл турмушун «билүү» (окуп-үйрөнүү, өздөштүрүү) үчүн анын жан дүйнөсүн «илүү» (таануу, иликтеп-изилдөө), турмуштук туу дөөлөттөрүн «жакшы көрүү» (айкын, так, таасын көрүү; жактыруу; сүйүү), аларды «кепке келтирүү» (калыпка салуу, кынаптоо; баарлашуу, тилин табуу) керек.

Бул өңүттө этнолингвопедагогика – эне тилдеги түйүндүү түшүнүктөрдү «бириндетүү аркылуу бириктирген» синкреттик илим багыты – үзүрлүү натыйжаларды бериши мүмкүн. Андыктан, бул аныктамалар элибиздин жан дүйнөсүн дагы кенен, дагы терең таанып-билүүгө кызыкдар атуулдар үчүн орошон ой булагы болушун тилейм. Кыргыздын:

  • Медери – Бала
  • Кумары – Куш
  • Эрмеги – Комуз
  • Канаты – Жылкы
  • Азыгы – Ак
  • Ашы – Эт
  • Балбаны – Жер
  • Баатыры – Билим
  • Тазасы – Суу
  • Таттуусу – Жан
  • Ачуусу – Өлүм
  • Тунугу – Махабат
  • Жумшагы – Көңүл
  • Катуусу – Шерт
  • Саламы – «Арыбаңыз»
  • Алиги – «Бар бол»
  • Арманы – Күү
  • Арзуусу – Обон
  • Акылы – Макал
  • Эси – Дастан
  • Санаты – Санжыра
  • Адеби – Жөндүүлүк
  • Пейили – Меймандостук
  • Руху – Айкөлдүк
  • Асылы – Адамгерчилик
  • Насили – Нарктуулук
  • Калкасы – Кайрымдуулук
  • Кыяматы – Маңкурттук
  • Булагы – Билим
  • Чырагы – Илим
  • Шаары – Үй-бүлө
  • Көчү – Турмуш
  • Аяны –Түш
  • Баяны – Жомок
  • Көздөгөнү – Көркөмдүк
  • Суктанганы – Сулуулук
  • Таалими – Насаат
  • Тамгасы – Чамгарак
  • Энчиси – Эмгек
  • Эргүүсү – Өнөр
  • Дээри – Оп
  • Зээни – Эп
  • Турагы – Боз үй
  • Тумары – Ак калпак
  • Түгөйү – Жар
  • Күйөрү – Тууган
  • Мүнөзү – Сабыр
  • Мүдөөсү – Ынтымак
  • Мураты – Эркиндик
  • Кубаты – Ишеним
  • Сайраны – Той
  • Күлүгү – Ой
  • Күткөнү – Дөөлөт
  • Күрөшү – Мээнет
  • Туткасы – Салт
  • Калысы – Калк
  • Бермети – Ысык-Көл
  • Бешиги – Ала-Тоо…

Кыргыздын ыйыгы – Жараткан

Дүйнөдө ыйыгы жок бир да эл, улут, коом, жамаат жок. Алардын илим-билими, жазуу-сызуусу, өнүккөн маданий жетишкендиктери болбошу мүмкүн. Бирок карманган ишенимдеринин, кастарлаган окууларынын, тутунган диндеринин баары акыры келип Жараткандын чексиз улуу кудуретин, ченемсиз албан касиетин таанып, анын барлыгына жана бирлигине, актыгына жана адилдигине, айкөлдүгүнө жана аруулугуна, мээримдүүлүгүнө жана кечиримдүүлүгүнө… байланбай койбойт.

Кыргыздар да Жараткан, Кудай, Алла, Теңир деген сөздөр аркылуу кудурети теңдешсиз, айкөлдүгү ченемсиз ай-ааламдын Ээсин, бар-бирликтин Башкаруучусун түшүнөт. Жараткан өзүнүн токсон тогуз ыйык ысымында сыпатталгандай: Мээримдүү, Кайрымдуу, Адилет, Акылман, Акыйкат, Айкөл, Боорукер, Ишенимдүү, Сабырдуу, Кечиримдүү, Билүүчү, Угуучу, Көрүүчү, Көзөмөлдөөчү, Жазалоочу, Колдоочу, Туура жол көрсөтүүчү… улуу кудурети менен бүткүл адамзатты башкарып, элчилери (пайгамбарлар) аркылуу өз буйругун ишке ашырып турат.

«Кудайды көзүң менен көрбөсөң да, көкүрөгүң менен тааны», «Көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа» – булар Жараткандын жаңылбас эрк-чечимин, орноткон мыйзамдарын так аткарууга, жашоо-турмушун утурумдук эрежелерге эмес, уңгулуу, салттуу асылнарктарга жуурулуштуруп уюштурган кеменгер элдин кеңири дүйнө таанымынын айгагы. Андыктан, элибиз өзүнүн тарыхый узак жолунда тутунган туу ишенимдерин ушул ыйык түшүнүктөргө уютуп, «кут» деген сөздү кадырлап, Кудайдын өзүн кастарлайт.

«Тең» деген сөздү урматтап, Теңирдин өзүн сыйлайт, «ак» деген сөздү аздектеп, Алланын өзүн ардактайт, «жар» деген сөздү ызаттап, Жараткандын өзүн барктайт.

Жаратканды ыйык катары кабылдоонун рухий негиздеринин бири – анын эч кимге, эч нерсеге көз каранды эместигин жана адам жасатын эле эмес, анын жанын да «өзү каалагандай» жаратуучулук касиетин таанууда турат. Ыйык китептерде мындай деп айтылат. Жараткан ай-ааламдын баарын жасап, күн-түндү бөлгөндөн кийин алтынчы күн дегенде адамды жаратты. Болгондо да чак түштө, жөнөкөй эмес, кызыл топурактан, болгондо да өз түспөлүнө окшотуп, өз касиетиндей кудурет берди.

Адамга бардык нерсеге бийлик жүргүз деп, алардын атын үйрөттү, жанына түгөй тартуулады, атүгүл периштелерди ага баш ийдирди. Андан баш тарткан шайтан жерге кубаланды. Аттиң, андан соң Жараткандын эмес, шайтандын тилине кирип, анын каарына калып, түгөйлөр да жерге кубаланды… Булар эмненин шоораты?

Эл өзүнүн «бүтүн дүйнө» тууралу фундаменталдуу, глобалдуу гуманисттик дүйнө таанымында «Жараткан – Жаратылыш – Жаран» иерархиялык тутумун иштеп чыккан. Бул түшүнүктөрдүн уңгусун «жар» деген сөз түзөт.

Ал: 1. Түгөй (аял же эркек); 2. Бөлүнүп калган жер; 3. Бөлүү, ажыратуу деген маанилерди билдирип, жаралуу дайым жарылуу (көз жаруу), биригүү ажыроо, өнүгүү бөлүнүү менен коштоло тургандыгын туюнтуп турат.

«Иштин башы ишемби». Ал эми чак түш – мезгил менен мейкиндик ажырап, акыйкат айкын болгон маал. Өзүнө «турпатташ» жанды жаратуу чечимин Жараткан дал ушул учурда кабыл алды. Ал адамдын жасатын жандуу-жансыз жаратылыштын насили да, насиби да болгон кызыл (жетилген, бышкан) топурактан бөлүп алды. Ошол күндөн ушул күн маркумдун мүрзөсүнө ташталган же алыскы сапарга түйүп алган бир ууч топурак өлүм менен өмүрдү, адам менен мекенди, ден менен жанды данакерлеген көпүрө өңдөнүп, адамга күү-дем, күч-кубат берип келет.

Анан Жараткан адамга жан салып, өзүндөгү асыл касиеттерди: эркиндикти, мээримдүүлүктү, кечиримдүүлүктү, айкөлдүктү, адилеттүүлүктү… ыроолоду. Жакшылык-жамандыкты айра таануу, уят-сыйытты билүү, ыйман-ынсапты сактоо, башканы өзүндөй көрө билүү жөндөмүн берди. Аны эч ким жана эч нерсе: акыл да, сезим да, байлык да, бийлик да көз каранды, кул кыла албас касиет тартуулады. Аны сынаш үчүн ар түрдүү эл, коом, өң-түс, аял-эркек, бай-кедей кылып койду… Анан адам ушул үмүт-тилектерди, ишенимди аңдай, актай алдыбы?

Чынында бүгүн адамда Жараткандын бул адилет ишенимине арзуудан өткөн асыл максат жок! Анда Жараткан күткөндөй адам болуудан башка арга да жок!

…Ошентип, адам ар убак бардык изги, асыл нерселерге: актыкка, тазалыкка, кооздукка, акыйкатка умтулат. Өзү да башкалардан ушуну күтөт. Бирок ал бардык нерсеге аздап үйрөнүп, акырындап үйралган сыңары, аларды таанып-билүүгө да аздап келет. Айталы, адам өзүнүн сырын, чындыгын, кайгы-кубанычын бирөө менен бөлүшкүсү келет. Анын колдоосун күтөт. Ал качан ушинтет? Ал качан өзү ишенген, аны уга турган, түшүнө турган, эң башкысы – аны кечире турган жанды тапканда гана ушинтет.

Атаганат, турмушта андай адам дайыма эле кезиге бербейт, кээде… түк кезикпейт да. Ошондон кийин, ал адамдардан көңүлү калат. Өзү менен өзү болгусу келет. Бирок адамдын бешенесине жазылган улуу мүмкүндүк бар, ал – Жаратканга кайрылуу. Андан колдоо күтүү, ага сырын ачуу мүмкүндүгү. Адам Жаратканга табынып, ага кайрылганда гана бүтүндөй жан сырын: көңүл черин, көкүрөк күйүтүн, арзуу-тилегин, кубаныч-кайгысын ачык айта алат. Ага агынан жарылып төгүлө алат. Жараткан да арыз-муңуңду, каалоо-тилегиңди, суроо-датыңды муюп угат.

Ошентип, төгүлүп алып, толо түшөсүң. Айтып алып, агара түшөсүң, табынып жатып, тазарасың, түшүндүрүп жатып, түшүнөсүң… Демек, Жараткандын кудурети – адамга ыймандык жарык жол жандырар керемет. Ага таяныч, кубат берер кудурет. Ошон үчүн адам аны жүрөгүнүн толтосунда сактап аздектеп, ага сыйынып келет. Ошентип, Жаратканга болгон ишеним, башкадан мурда, адамдын өзүнө керек. Ал адамга тазаланууга, татыктуу жолго түшүүгө, өзүн таанууга мүмкүндүк берет. Демек, Жараткансыз жакшы турмушка жетем, Теңирсиз башкаларга тең болом, Кудайсыз куттуу коом курам, Алласыз адилеттүү турмуш орнотом деш – өзүн алдоо менен барабар. Көөдөнү бош адам дайым жарты.

Тилекке каршы, бүгүн адам баласы Жаратканды тааныбай, анын жан дүйнөсүндө акылга сыйбас алааматтар жүрүп жатат. Ал арада жаңы ишеним жаратуучулар, жашоонун чыныгы жолун билебиз, көрсөтөбүз деген «көзү ачык» окуулар көбөйдү. Өзүбүздүн эле улутташтар Теңирман, Манасман, Мусулман, Жоломан болуп бөлүнүп, эл ичинде ынтымак ыдырап, ишеним алсырап баратат.

Жараткан болсо бизден Адам бол, Адамман бол деп үмтөткөнү үмтөткөн! Ошондуктан, кыргыз урпагы өз жан дүйнөсүндөгү ыйык, бийик дөөлөттөрү менен ата-салтындагы акыйкат, аруу ишенимдерин асырап, сактап калуунун аргасын баса ойлонууга тийиш. Бул анын Жаратканга, демек, өзүнө карай жолундагы өтө жооптуу кадамы болмокчу…