ИПТАРУУЛУ Сабыр: САБЫР ИПТАРОВ: КЫРГЫЗДЫН МЕДЕРИ – БАЛА

«Балалуу үй – падышалуу үй». Бул макал элибиздин бала жана анын коомдогу орду тууралу кеменгер ой тыянагы десек болот. Биз анын кызматчысыбыз. «Вазир жакшы – хан жакшы» деген нусканын төркүнү ошол жакта. Демек, падыша жакшы болуш үчүн, биз жакшы болушубуз керек. Бирок бүгүн коом да, бала да, ага кызмат көрсөткөн тармак да оору.

«Биринчи байлык – ден соолук» деген менен, дал ошол билим берүү тармагы баланын ден соолугун да, жан соолугун да көп жагынан өксүтүп жатканын тана албаспыз. Демек, аны дарылаш керек. Бул үчүн адегенде, анын ичтейин изилдеп, эртеңкисин эске алып, туура диагноз коюу зарыл. Бул максатта ар түрдүү деңгээлде, ар кандай курамда, ар түрдүү темада көптөгөн жыйындар өтүп келет. Бирок негедир аларга бала чакырылбайт. Өз оюн айтууга ага шарт түзүлбөйт.

Балким, маселе дал ушул жерде – бала дүйнөсү менен чоңдордун, биздин мүдөөлөрүбүздүн ортосундагы ажырымда болуп жүрбөсүн? Адатта, консилиумда: Оорулуу өзү эмне дейт экен, биздин чечимибизге карата анын ою кандай экен» деген да суроо коюлат. Атүгүл, анын ою чечүүчү өңүттө эске алынат. Эгер баланы бүгүн билим берүү системасынын көйгөйүн талкуулаган кайсы бир жыйынга чакырсак, анда ал, балким, муну айтмак:

«Урматтуу эже-агайлар. Сиздер көбүнесе мен жөнүндө эмес, мени курчаган чөйрө тууралу сөз кылып жатасыздар. Мектепти оңдош, китепти жакшыртыш керек, компьютер бериш керек… дедиңиздер. Ырас, булар керек. Бирок алардын баары – менден тышкары турган нерселер. Мага баарынан кымбат нерсе – менин ден соолугум. Бирок тилекке каршы, мен курсактан эле оорулуу болуп төрөлдүм. Төрөлгөндөн кийин дагы төрт ооруга кабылдым.

Адегенде үй-бүлөмдүн абалын айтайын. Ата-энемдин бири – врач, бири – мугалим. Экөө тең – мамлекеттин көзүн карагандар. Айлыкты көбөйтсө, жакшы иштейбиз дешет. Билбейм. Бирок айлык менен кошо билим, боорукерлик, мээрмандык… кошо берилеби? Менимче, бүгүн аларга жашоонун маңызы жана максаты жагынан билимин, түшүнүгүн кеңейтүүлөрү керек сыяктанат. Дүйнөлүк деңгээлде ЮНЕСКО, ЮНИСЕФ сыяктуу уюмдар «Чоңдорду окутуу» маселесин көтөрүп жатышы бекер эместей.

Экинчиси – бакчадагы тарбиям. Ал жерде жылуу, курсак ток. Бирок бир аз барганым менен бат эле кайра чыгарып алышты. Тарбиячың жакшы карабайт экен дешти. Мен сыяктуу балдардын көбүнө ал жерге барууга мүмкүн болбоду. Аттиң, алар да барганда мен досторумду тапмакмын. Оюнчук, китеп, компьютер ошол жерге керек болчу. Ата-энемди, үйүмдү сагынуу бакчадан башталмак. Бирок эртең менен таттуу уйкумдан ойготуп, жетелеп келип, таштап кетишкени жакчу эмес.

Үчүнчүсү – мектеп. Ал өтө чоң. Баарыбыз топурап, «коюу чаңдын ичинде» сүрмөтоп болуп, анонимдүү жашайбыз. 35-40 бала бир класста отуруп, бири-бирибиздин жүзүбүздү эмес, желкебизди карап отуруп, 11 жыл билим алдык. Химиядан күкүрттүн реакциясын көзүм менен көрбөй, көмүр кычкыл газын мурдум менен жыттабай, обон-күүлөрдү кулагым менен укпай эле окууну «төрт», «бешке» бүтүрдүм.

5-класстан зээндүү экенсиң деп борборго топтоп, интернатка жайгаштырышты. Шарт жакшы эле болду. Бирок теңтуштарым, ата-энем, айылым, кулунум, күчүгүм – бүт айылда калды. Сагынычым күчөп, атайын начар окуй баштадым. «Жаңылыптырбыз» деп 7-класстан кайра чыгарып жиберишти. Мектептеги агай-эжелеримдин менин сабагымды жакшы окугула дегендери эмес, адам болгула дегендери эсте калды.

Анан жогорку окуу жайга өттүм. Ал жерде толук эркиндик экен. Эч ким менден эч нерсени талап кылган жок. Старостам гана сессияда зачет-экзаменге мынча сом алып келесиң деп талап кылчу. Мени ошол гана окутту. Бир күнү «бүттүң» деп диплом карматышты. Азыр чын эле ишим бүткөнүн сезип, ара жолдо турам. Жөн эле иштегенге көңүлүм жок, адистигим боюнча иштегенге билимим жок. Эң башкысы – мектепке мугалим болуп барбайм. Өзүмдөй балдарды көбөйткүм келбейт.

Үйлөнүп, балалуу болсом дейм. Баламды сүйүп, башкача тарбиялагым келет. Башкача ата, башкача эне болгум келет. Бакча, мектеп, окуу жайы, коомчулук – баары үй-бүлөгө, ата-энеге жардамчы гана экендигине көзүм жетти».

Бала мына ушуну, дагы башка көп нерселерди айтмак. Демек, коомдун бүгүнкү оңолуусу балдардын эмес, чоңдордун оңолуусуна, алардын көрсөткөн өрнөгүнө, алардын бала деп толгонуусуна, баланын кадыры, ден соолугу, көңүлү, жан дүйнөсү, бир сөз менен айтканда, баланын адамдык парасаты кандайча эске алынгандыгына байланыштуу болуп турат. Чыныгы кубанычты өзүңө өзүң эмес, өзгөлөргө жасаган ишиңден аласың. Кыргызстанда эң башкы дөөлөт, эң башкы мүдөө, эң башкы асылдык, эң башкы медер – бала, «Кыргызстан – балдардын өлкөсү» деген ураан болсо, бүт дүйнө бизди танданып карамак. Ошондо, «Бала – падыша» деген макалдын төркүнүн түшүнүп, «Бул эл ошондуктан падышачылык түзбөй, бирок, эл болуп, журт болуп, нарк сактап, маданият жаратып, маңыздуу жашап келген тура, капырай!» – деп суктанып да, тамшанып да, урматтап да карашмак.

Жерибиз менен дүйнөгө таанылалы деп максат коюу – жетишсиздик кылат. Жерге болгон мамиле менен таанылуу – татыктуу иш. Өзүн күнгө тоскон жаркырабайт. Алтын ачык жатпайт. Ал тереңде, жаратылыштын койнунда жатат. Кеп алтынды күрөп, казып алууда эмес, кеп андан бриллиант иштеп чыгарууда. Дал мына ушуну жасай турган биринчи дабагер – ата-эне, үй-бүлө, алардын жаңыча түшүнүгү, аларга жардам берүүчүлөр – бакча, мектеп, тарбиячы, мугалим, насаатчы ж. б. Кеп балага кооз буюм сатып берүүдө эмес, кеп бала жөнүндөгү ар бирибиздин көз карашыбыздын «кооз болушунда». Адегенде чоңдор, өзүбүз окуйлу. Баланы сүйүп калган кишиге китептин анча кереги жок. Себеби, анда китептегиден миң эсе кымбат, баалуу нерсе – адамдык мамиле бар, адамдык сезим бар, мээрим бар. Бала, аарынан мурда, мектептин эмес, өзүн сүйүп турган адамдын жылуулугун сезсин. Эң башкысы – биз, чоңдор, баланын табиятын түшүнөлү. Колубузда табият тартуулаган табышмактуу белегибиз, калтырар изибиз, унутулсак издээрибиз, кайгырсак кубантарыбыз, тажасак эрмегибиз, ар убак таянар медерибиз бар.

Аларды сүйөлү, алтын бербейли, адеп берели, акча бербейли, максат берели, ишеним берели, дем берели, кайрат берели. Алар жалгыз эмес экендигин сездирели, тууган-туушканы, ага-эжеси, эли-жери, салт-наркы, тили, маданияты бар элдин урпагы экенин сездирели, улуу аталарынын, энелеринин өрнөктүү өмүрүн жомоктоп айтып, бийикке талпынталы. Буга бюджеттик акчанын кереги жок. Мына ушундай реформаны – чоңдордун, ата-энелердин аң-сезимин өзгөртүүчү, таалим-тарбиялык билимин жогорулатуучу, кесиптик чеберчилигин өркүндөтүүчү системалык реформаны ишке ашыруу зарыл. Бизге азыр балага билим берүүчү реформадан да, чоңдордун, мамлекеттин, ата-энелердин балага болгон мамилесин өзгөртүүчү реформа керек болуп турат…