ИСАТОВ Мезгил: МЕЗГИЛ ИСАТОВ: САГЫНГАНДА

ЭССЕ

Жылт этип жыл кетти,
Жылдыз өчтү…

Каршы-терши узанган көчөлөр. Ойлор сыяктуу карама-каршы. Баскан сайын, ойлонгон сайын адаштырат. Тиги көчөдөн бул көчөгө өтөм. Дагы башкасына. Көчөлөрдөн көчөгө жүгүрөм.

Эски күндөрүмө келдим. Эски досторума… Артта калган жалгыз күндөрүм менен азыркы жалгыздыгымы көргөнү. Ошол эле ойлордо бак аралап бараттым. Күз күүгүмү күндөгүдөн башкача. Бактылуу белем? Билбейм…

Сенин жогуң коркутат мени. Аны билбешим керек. Балким… Балким деген эч нерсе жок. Өмүр боюнча жетпей турганың же капыстан жоготуп алаарың бар. Кубаныч-кайгысы аралашкан жашообуз толкун. Качан чачылып, качан төгүлөрүң белгисиз. Сагынычтын сулуулугун күздөгү дарактардан көрдүм. Ар бир талы сагынычына жараша саргайыңкы. Көздүн каректериндей кусалыгы көрүнүп турат. Баардыгы бирге, баардыгы өзүнчө. Сүйүү деңизинде…

Жаштыгымды жашырып жол келатат. Жолдош кылып жолумду мен баратам. Өмүр айыл менен шаардын аралыгындай эле. Ары-бери ташынасың. Бардыгы ошо бойдон калат. Бир күнү кайрылгыс болуп айылга кетесиң.

Сага арналган өмүрүмө өкүнбөйм. Сен мага сыр болуп катылгандай, мен деле бирөөндө айтылбай келатам.

Түндө түшүмдө жүрүпсүң. Башкалар менен шапар тээп баратасың. Кылчактап улам артыңды карайсың. Жок жоготкон жолоочудай… Көздөрүң да,ойлоруң да өзүңдүкү эмес. Жүзүңдөгү кусалыкты алаканың менен сүртүп жашыргандай болдуң. Ушаланган караштарың баягыдай эле кумарлуу. Ошондо куштай учуп жаныңа келгим келди. Кусалуу көздөрүңду жашырганы. Мени сагынгансың го. Кусалыкты кантип жашырат? Сагынычты?

БИР НЕРСЕ ДЕЧИ

Жаным бирге,
Жаным жанында…

Жаңы баракты ачтым да, атыңды жаздым. Жашоомдун экинчи барагы сендик күндөрүмө толо барактала баштады. Ак кагазга кайталанып жазылып, ак шурудай тамгаларга тизиле бериптирбиз. Азыр болсо бул ирээттүү жазууларды, сезимдерди чачып-чачып жибергим келди…

Көл толкуса, шарпылдаса, сүйүү издеп, сүйүүнүн жээгинде жүрө бериптирбиз. Жылаңайлак сезимдерге жылаңайлак из калтырып… Ошондо күндүн батканы билинбей, көздөрүндөгү көл толкунун көңүлүмө көчүрүп алыптырмын. Кээ бир көздөр тунук болот. Булак сыяктуу тазалыгы көрүнүп турат. Шыңгыр үнү угулат.

А сен болсоң жанымда чоочун немедей тура бердиң. Менден кеткен жоксуңбу же   сени коё бербей койдумбу? Эмне кылдык сүйүүбүздү?

Анан көңүлүмдөй чөгүп турган көздөрүң менен маек курдум.

— Мен сени жакшы көрөм.

— Билем.

Ушул эки сүйлөмдөй экөөбүз эч нерсе дешпедик. Сен “ишенем” дедиң. А мен ишеничти сурай бердим.

— Кетеличи, — дедиң.

— Кеч кирди деп кетпечи. Дагы бир аз узарталы күнүбүздү, жарыкчылык ичибизде го… — дейм да, кечбешим болуп келаткан кусалыкка башымды ийем. Артыбызда бир ээндик калат. Каткырып отурган жерибиз бош калат. Эки жакка кеткен экөөбүз сыяктуу көңүлсүз жана  үнсүз. Ошентип сага жолугуп келем… Күндөгүдөй, күн баткандай…

Эки жээктин ортосунда калган жакшыбы же  жаманбы? А көпүрө болгончу?..

ДАГЫ БИР ЖОЛУ

Унутулган эскерүүлөр.
Белгисиз кадамдарың
Кайда баратат?..

Бишкектин кең көчөлөрү. Жолдоруму жомоктотуп бир топ жолду жөө бастым. Жол этектеген тал-теректер менен чогуу. Араладым. Аралаштым. Кыштын аппак карынын ордуна майда-майда жамгыр төктү. Тал-теректердин жылаңач денелери суу болду. Алар үшүгөнүн же жылыганын түшүнбөй калышты. Мен сыяктуу. Кээде табигат деле адашабы? Билбейм. Бирок мен үшүдүм. Денем үшүдү. Өзүм үмүттөн үшүгөн жокмун. Дагы эле күтө берем. Тал-теректер жазды күткөндөй.

Үйгө шашып келаттым. Өмүрдүн суугунанбы же кыштын ызгаарынанбы, калдырай бопбош келдим. Сүйүүсүз, сезимсиз денем келди.

Жылуулук ичиңде болбосо үйдүн жылуулугу эч нерсе эмес экен.

Жаагымды эки колум менен таянып уктайын дегем. Бирок ойлорум ошол эле бойдон ойгоо. Бул уктоо эмес. Уктоо учмактыр. Баягы сөздөр кайра жазылды. Дагы убада бердим дептериме. Уялдым. Ишке ашпаган, куру сөздөрдөн уялдым.

Жаз топурактан башталды. Аны таманым сезди. Жылаңайлак бастым. Жаз болуп, жаз жыттандым. Чөп жыттандым. Былтыркы чөптөрдүн өлүү денелери. Таманымдан кытыгылайт. Өлүктөн өмүр уланат. Жапжашыл жалаң чөптөр жабырап калыптыр. Топурак болууга, уланууга… Көңүлүмү күн жылытты. Күн нурлары суунун үстүнө конуп алышыптыр. Жымыңдашат. Айлуу түндөгү ак жылдыздар сыяктуу. Кармалышпайт. Келатып, ушул жазда сөзсүз сөзүмө турам деп ойлодум. Баягы сөздү, баягы убаданы кайталадым. Бат эле жанымдан жаз өтүп баратты.

Күн үшүп, күз күбүлдү. Алдымда жалбырактар төшөлүп жатты. Ошондо кеч күздүн сары жалбырактарын эмес, кусалыкты кечип бараткам. Күз шамалынын сапырчу көп нерселери бар. Адамды ажарлаган кусалыгы, арзылуу карашы, мезгилдин кезектеги бариктери, дагы-дагы көп нерселер.

Коңур кечте ай сапарындай сагынычым менен сыртка чыктым.

“Өзгөрөм” дедим. “Башка адам болом”.

“Мен эмес” дейм. “Мен эмес” болуп барат дүйнөм. Кайталайм “мен эмести”. Көпкө кайталайм. Сөзүмө турам. “Эми баарын башкача баштайм” дедим да, кайрадан узак тараптардан келген баракты ачып, кайрадан узактагы сени эстедим. Дагы бир жолу.

СЕН

Сүйүнүчүң сүйүнтпөй, кайгың кайгыртпай эле келип кете берет. Анан баардыгын окшоштура берет. Өмүрүндөгү кылган иши келатып эле кетип калат. “Макул” дегени менен “Жок” дегенин окшоштуруп айтат. Ошондо же кете албайсың, же калып да кала албайсың. Мындай учурларда жашашым мүмкүн эмес.

Балким жолдорубуз окшош болгондугу үчүн өмүр башка же өмүр ушундай болгондугу үчүн жолчулук башка. Билбейм. Акырын сүйлөйм мындай убактарда. Тартышып-талашпайм деле. Ал өзү билчү. Жок дегенде эле эмне деп жооп бере тургандыгын ойлоп койгон. Эми анысын дале өзүндөй кылып айтып бере алабы? Дайыма түшүндүргөндү жаман көрчү. Кээ бир нерселерге жөн эле көзүн жуумп койчу. Кадимкидей эч нерсе болбогондой күндөр өтө берчү.

Анан унутулар эле. Азыр да ошентти. Жөн эле жатып алды. Бирок таң атканча уйку көрбөдү. Терезеден гана шамалдын үнү келет. Шамал менен кеткиси келет. Эч ким билбеген жакка… Бирок кайда?…

Акырында жибиди. Жаздагы кардын эришиндей, жүрөгүндөгү тоңгон муздары, көңүлүндөгү таарынычы кете баштады.

Жашоонун терезесин чоң ачып, кечиримдүү, сабырдуу болууну ойлоду. Мунун бардыгын шашылбастан жасады. Анткени өмүрүнүн эң маанилүү жеринде турган. Кайрадан ашык болуу, өткөн өмүрүн башынан баштоо… Сагынуу.

Эч нерсе эмес
Жаштыгым.
Келгендей кетти…

Кеч бешимде көздөрүмдү жумдум. Ирмемге көп нерселер батат. Кайгым, кубанычым, сүйүүм чогулуп келишет…

Ошондо бүт ааламды кучактагым келди. Көздөрүмү ачпайм мындайда… Кечиккен сөздөрдү уккум, күндүн батышын көргүм, куру убаданы бергим келбейт.

Коңшум жумушка кетип жатып эшикти каккылап кетет. Анан мени “ойгонуп, окуусуна кетти го” деп ойлойт. Бирок коңшум эшикти каккыласа деле эч бир үн катпайм.

— Ии, Марат байке! Уктум! Ырахмат! — деп айтпайм. Анан барып кечээкиден калган тамакты ысытып ичпейм.

Эртең менен алып койчу коңшумдун гезити жерде калат. Эч ким аны алып бут баспаган жерге койбойт. Исак алгач аудиторияны карайт, андан кийин барып ылдыйкы кабаттан чай ичет. Жыпарбектин сөздөрүн тыңдайт да, кээ бир кептерин укпаса деле башын ийкейт.

— Ээ! Ал досубуз кайда калды? Дайыма эрте келчү эле? — деп сөздү менден баштайт.

— Келатса керек- деп Жыпарбек кайрадан баягы тамашасын улантат.

Анын тамашасы биринен арта бири күлкүлүү. Сабак башталат. Немис тилден берген эжейибиз алгач жылуу көз караштары менен ар кимди өзүнө тартат. Аудитория бир азга жанданат. Ошондо бир мугалим, бир эне, жакын дос сыяктуу “Кандайсыңар?” — дейт.

— Баардыгыңар эртең мененки тамакты ичтиңерби? Курсагыңар ток, көңүлүңөр жайындабы? — деп эсендикти сурайт. Сөзүн унутпастан, мага китеп ала келет. Жок экендигими көргөндө; “Келбедиби?” — деп сырдуу сурайт.

— Жок! Келген жок, — дейт Каныбек. Ал дагы эле бир шылтоо таба албайт. “Калп айтсам, кызарып кетем” дей берет. Эже сабагын улантат. Ар ким суроо берет, жообун алат. Менин суроом дагы берилбей калат.

Алдыңкы катарда отургандыктанбы же боюмдун кыскалыгынанбы, билбейм, мага конфет, алма алып келип берет. Албай койсом, сынып кетчүдөй карайт. Алганыма жүзү күлөт, күлгөнүнө мен дагы кубанам. Чачтары кеч күздөгү куураган камыштай уйпаланып, сылтый, сыпаа басып келчү.

Кыздар анын ар күнү үстүнөн түшүрбөгөн жупуну көйнөгүн кеп кылышат. Бир жолу мени ээрчитип, эң акыркы үмүтүндөй жок даректи издеп убараландык. Мындай үйдүн жоктугун түшүнүп, алдаткандыгына чыдабай, бышактап ыйлап жиберди. Менден кечирим сурап, ыраазычылыгын айтып, ыйлаган бойдон кетти. Ордумда катып, эжейимди эмес, мени алдап кеткендей тура бердим. Мени эмнеге чакырды? “Жаныма караан болсун же бирөөлөрдөн куткараар” — дедиби? Мага ишенип, таяныч сездиби? Ушул мен – чүкөдөй болуп турсам…

— Ыйлабаңыз, балким даректи туура эмес жазып алдыңыз же телефондон жаңылдыңыз. Эртең сурасаңыз? — десем болбойт беле? Эмнеге дебедим? “Оозуңа талкан сугунуп алдыңбы?!” дечү эле энем мындайда.

Ошондон кийин эжей сабак берген жок. “Жүрөгү ооруп, кайтыш болду” дешти. Кыздар дагы эле жупуну көйнөгүн айтып жүрүшөт.