ИСМАИЛОВА Ризван: РИЗВАН ИСМАИЛОВА: БӨДӨНӨПУРУШ

АҢГЕМЕ

Айылдан четирээк төшү жайкалган дөбөнүн этегинде ылай пакса менен урулган коргондун ичинен бирөө чыкты, эки жагын абайлай каранып, одуракай бөзгө оролгон бирдемени колтугуна кыскан бойдон тез-тез кадамдады. Түн көшүп, уйкуга маташкан көзүн ача албайт. Тыптынч. Ылдыйраактагы бирине-бири моюндашкан үйлөрдөн анда-санда иттин арсар үргөнү угулат. Жарыктык ай, уурту жарылгандай аппак нурларга чөмүлүп лаззаттуу балкылдайт. Айдын жарыгы чочуттубу, баягы киши пахта талаанын этегиндеги тыт катардын далдоосуна өтүп алды.
Кез-кез келме келтирип коет. Бутунун кончуна бычакты салдымбы деген кыязда эңкейип өтүгүн кармалады. Бар экен. Айдын жарыгына тыттардын бою эки-үч эсе узаргандай сезилет. Алардын катарынан эки көлөкө куушуп бараткандай ажыратыш кыйын. Көздөгөн үйдүн тушуна жеткенде жүрөгү лакылдап, алкымына кептелгендей «я, алла, өзүң кечир…» деди. Бу сөздү канча айтат. Эсеби жок. Азыр айтты, эртең-бүрсүгүнү дагы айтат, оозуна илешип калгандай жеңил айтылат. Көкүрөгүн соймоңдоп мыжыккан коркунучтан боюн түзөп, өзүн дароо токтотту. «Биринчи бараткандай болбойунчу….» деди ою.
Өзүн-өзү макул таап, заматта жүрөгү ток пейилденгенсиди. Кара-көгүш түстөгү сарт чапанынын этегин кызгылт атлес чарчы белбоосуна кыстарып, ички чөнтөгүндөгү ортосун кесип сары май сыйпап, эски гезитке оролгон шапалактай нанды кармалап, бир азга демин ичине катты. Өлгөн малдын көзүндөй коюла түшкөн чакчайган кареги эмелеки тынымда чар тарабын тегиз сыдырып келатып, шүдүгөрдөгү же катып турганы, же басып келатканы белгисиз караандан «Кишиби? Тургунбай өзүбү?…» деген ою атып чыгып, жүрөгү оозуна тыгылды. Алкымын муунткан калтырак алактоо терисине жабышкан кара курт сымал боюнан ылдый куушуруп, буттарынын алын кетирди, теңселип барып түзөлдү. Кудая тобоо, коркконго кош көрүнөт болдубу? Тургунбайдын букасы жибин үзүп, сабиз, пияз, аш көк айдаган огородун майкандап жүрөт.
Жаныбар, ачкабы апсыкканынан улам-улам башын чулгуса, оту оозунан түшүп, чайнап-чайнабаганы билинбей, утуру-утуру жутунуп жейт. Анын сары машке ити болчу эле. Көрүнбөйт. Качан көрсөң шимшилеп жерден тумшугун албай изденгени изденген. Ээсине ак кызмат кылбаган иттерди тузакка түшүрүү оңой. Алдасаң болот. Нандын, эттин, чала мүлжүнгөн сөөктүн жытын алса, эт-бетинен түшө калып, кароолчулук вазыйпасын эстен чыгарат.
Тамдын аркасынан малкана тарапка бутунун учу менен акырын басып келди. Бастырма менен үйдүн дубалын бириктирген мык илгичти өйдө көтөрдү эле, жыгачтан жасалган эптемей дарбаза оңой ачылды. Мал торпогу менен катарлаш жатат. Сааганда түркүккө кыска байлаган бойдон унутканбы, музоосу мойну муунгандай асылып турат. Энеси колу-бутун кенен таштаган калыбында кериле кепшейт. Кашаанын ичиндеги беш-алты кой башын шылкыйтып, үргүлөп, акырын кырт-кырт чайнанып, уйку-соодо жатышкансыйт.
Койлорду киши күн мурунтан көрүп, салмагын, жашын, белгилерин даана эсине тутуп алган. Жети-сегиз айлык болук козуну «шап» көтөргөндө, жанында жанаша жаткан энесине эреркегендей козунун үнү акырын мекиреп-мекиреп койду. Козунун башына капты кийгизип, мойнуна арткан киши кандай кылдаттык менен кирсе, ошондой этияттык менен тамдын артынан чоң жолду кесип өтүп, шыпылдай аттап-буттап, пахтазарды аралап, жогору көздөй шашып жөнөдү. Тыттын көлөкөсү боюн токтоткон жерге жеткенде «эч ким көрбөдүбү» деп саксына артын карады.
Тыптынч. Он бир гектарды ортолоп калганда, чекесинен тер кетип, огарыктын теңортосундагы болжошкон жалгыз тал көзүнөн учту. «Палван күтүп отургандыр. Кудай колдоду» деп шүгүрчүлүк келтирди. Талдын түбүндө үңкүйүп бирөө отурат. Эки тизесин кучактаганына караганда келгенине кыйла болгондой. Бет алдындагы айыл тараптан айрым жерлери киши боюна тең чамалаш өскөн гозолордун башын жапырып келаткан караанды көргөндө ордунан ыргып турду. Күшүлдөп-бышылдаган неме козуну мойнунан силкип түшүрүп, арыктын ичине жаткырып алып, шеригине айтты.
— И-и, баракалла палван, тайар окшойсуң…
— Каякка сатайын?
— Кампир-Абатка алып жөнө. Таң аткыча адырды ашып түшөсүң. Үрүл-бараңда сураганга пулдап ий.
Шериги ооз ачпады. Экөө алмак-салмак күн мурунтан чоттогон бирөөнүн короосуна уурулукка барышат. Изин жашырган жигит билдирбеген жолдуулугуна курсант. Кооптонбой турган жерде бири короого түшсө, экинчиси короону күзөттөйт.
* * *
Чаар чапанын чечип ыргытып, бозгуч сурптан тигилген дамбал, жегдесин кийип, белине кештелүү чарчыны үлпүлдөтө байлаган молдо жез кумганына ылымта сууну куйдуруп, шашылбай даарат алды. Кудайга жалынып, билип-билбей жасаган күнөөсүнө кечирим тилеп, кудайдын бутун өпкүдөй боло тили тешилгенче тилегин айтып, багымдат намазын окуду. Жүрөгү ордуна келип, аалам тынч экенине көзү жеткенден кийин жүзүмдүн көлөкөсүндөгү сөрүдө отуруп, чай ичти. Жуманын пайшамба, жума күндөрү Кара-Суу базарына барып, өзүнө чактап жумшак патир нан, нават, халва, көбүнчө эттүү самса алат. Ичегидей былкылдаган ысык навай нанды оозунда шашпай чайнап, нават чайды ысык-ысык ууртап, маашырланып ичти.
Бир маалда баш-аягы жети-сегиз чарчы метр жерди ээлеген бастырманын торсундарына илинген каз катар кабактардын ичинен бөдөнө муңдуу сайрап жиберди. «Кургурум, шеригин издеп жатабы» деп молдо мойнун созуп, бутунун манжасы менен жерди таканчыктап, бар ыкласы менен бөдөнөчө сайрап кирди. Экөө үн алыша кетти. Бирөө басылганда, экинчиси безеленди. Бөдөнө өзүнө жакын жердеги шеригин көрбөй жаткансып, жан жагына каранды, алда кайда уча тургансып талпынып алды да, жан алы калбай эзиле муңканды. Кишинин көңүлү түтөп, «сага түгөй таппасам, бүгүн талаадан келбейм» деп, өзүнө убада берди. «Безеленсең авазың жүрөк эзет, эй-Алла, ушундай авазды угуп жатып өлсөм, арманым жок» деп элирип, жашып да кетти.
Эки колун белине кайчылаштырып алып, таң үрүл-бүрүл атып келатканда, талаага бет алды. Элден мурун гозону чеканкалаганга жөнөгөн Мактым менен Саламкан бет маңдайында келаткан молдодон ыйбаа кылгандай, жол бошотуп, четке чыгышты. Молдо ыймандуу келиндерге ыраазылыгын билдиргендей, башын ийкегилеп-ийкегилеп, жымыңдай түшкөн көзү менен түстүүрөгүнүн башынан аягына чейин уурдана сыдырып өттү. Бир канча узай түшкөндө, Саламкан бирөө уга тургансып, пасыраак үнү менен тамшанып:
— Кудай берет деген ушу. Беш маал намаз окуса, дем салса шыпаа, оозу деле, колу деле пул дешет бул кишинин. Бөдөнө уулап, көңүлүн айттай ачык алып жүргөнүн кара. Шу баратышында дагы бөдөнө тутканы баратса керек, – деди.
— Бая күнү кичик кызына алтын кулак сырга сатып бериптир. Бизге окшоп, жанын кыйнап, кажынбаса деле ырыскысы балант экен, – деп Мактым өзүнүн турмушуна ичи чыкпай, коңшулардан уккан жаңылыкты ысыгында жеткирди.
— Катынын айтсаң. Бир жолу талаага бут баспайт. Жасанып-түзөнүп базардан калбайт. Маза ушулардыкы…
Эки аял элден бөлөкчө жашаган кишинин тумушуна четтен туруп көз артышты.
Эмнегедир бөдөнөлөр каналдын боюндагы эки гектарды көбүрөөк пааналашат. Машине жолдон алыстыгыбы, чакан чөлкөмдүн жагдайы жагабы «бытпылдык», «бытпылдык» айтып, тил безенген макулуктардын бирин-бири издеген, куушкан, арзышкан убагы пахта гүлдөгөн маал болот. Гозонун ак, сары, кызгылт, кочкул кызыл мындан да бөлөкчө түстөгү гүлдөрү аары чакыра баштаган мезгилде о-о, учу-кыйыры чексиз талаанын баш-аягын кезип жүргөндөрү алда бирдемени сүйлөшкөндөй топтолушуп, бир жөөктөн экинчисине учуп, конуп, артынан экинчиси кууп, өздөрүнүн тилинде бири-экинчисин макул таап, чогуу сайрашканда, чогуу үн безешкенде эң эле аваздуу. Жүрөгүңдүн кылына тийгенсип, качанкы бир сырдуу сезимиңди козгоп жибергенсийт…
Сыбызгыган мукамдуу обондор айлананы шаңга бөлөп, түстөн-түс кубулжуткан үндөр делебе козгоп, асыл бир жандын элеси азгырып, көңүлүңө бүлүк салат.
Молдонун бөдөнөнүн күүгө келгендеги лаззаттуу үнүн жата калып уга турган куштарлыгы бар. Шабдаалы бышып, шагында эзилип, жерге «күп» түшкөнчө пахтазардагы бөдөнө базардан кеткиси келбей, кайсалактап жүргөнү жүргөн. Ошол адаты тутканда ааламды сел алса да, кенебеген бейкапарлыгы кармайт. Күлчөтай сүзгөн чавлисине узун тутка байлап, олжосун «шап» баса калмакка жата калып, тура калып, бөдөнөнүн артынан кууп жөнөйт. Бөдөнө кургур, оңой менен карматабы?… Чөмүч баштыкка түшөрүн сезгенсип, мындайда алар өтө этиет, өтө сезимтал. Кара чекиттей коймолжум көздөрүн жалжылдатып, алды-артындагы коркунучтан сактана тырнактын бетиндей жүрөгү тыбырчылап ордунда турбайт. Күпчүктөй саксаңдаган чоң эле кишинин кылыгына кээде каткырышкансып, чогуу үн безешсе, алардын тую-сезими «меникинен күчтүүрөөкпү?» деп шаштысы кеткен молдо алапайын таппайт.
Жолу болбой чарчап келаткан молдону башына ак дүра ороп, колунун жеңин мүрүсүнө, бутунун согончогунан тизесинен өйдө түрүнгөн, ылай чачыраган жүзүн бырыштырып, терин аарчыганга шайы жоктой шашкалактаган Сапар токтотту.
— О-о, молдо аке, Тургунбай акенин семиз козусун ууру алыптыр. Биякка эртелеп келесиз, көзүңүз чалбадыбы?
Молдонун жүрөгү лакылдап кетти. Колундагы бөдөнө кармагычын жерге коюп, өзүн кармаганына карабай, үнүн дирилдегенсип:
— Ии, жүда чатак болуптур го. Кайсы найынсаптын колу барды экен.
И-м, үнү ичине түшкөн молдо, калтыс абалын билдирмексенге, бечара кишидей момурайып:
— Көзүм чалгыдай болбоду. Бөдөнө пайлап, туталбай, куру кол келатам…
— А, ар сапар тута берсеңиз, булардын жаны калабы?
— Шону айтсаң.
Молдонун жүрөгү тыбырчылай, лакылдап тез-тез согуп, «бу митаам бирдемеден шексип калганбы же пушкага алып сынадыбы» деп эки оюн ажырата албай, дүрмөттүү күмөндөн шалдайып, кайра өзүн кармап «ууру бир, күмөн миң» деп, өзүн-өзү алаксытып келатты.
Башка убакта ышкылуу күндүн акыры түндүн кара көлөкөсүндөй жыла басып, үйрөнгөн итти да каптырбай сыйлап, ала келген “сыйына”алаксып калганда тамдын терезесинен «шып» ашып түшүп, кумарлуу келиндин кучагына кулайт. Дандырдан эми эле үзүлгөн нандын ысыгындай ыпысык эрининин табына башы эңгиреп, көйнөгүнө батып-батпаган балкылдаган денесине чырмалганда чатыраган кумары таркап-таркабай, кайра кайтканча мээсин ок мелжеп тургансып, шашкалактаган кези менен бүтчү. Шашып келип-кетип, төшөктө да ит куугандай алактап, тоок бастыга алганына кумары канбаса да, «лам» деп ооз ачпай, кайсы убакта дапдаяр отурган жубандын жасакарленгенин жактырат. Султанабадка кароолчулукка кеткен күйөөсүнө билдирбей, молдонун майда-барат подаркелерине азгырылган келиндин жолугушуу күндү күтүп, үйүнө батпай калчу кези тез-тез кайталанат. Көзү чай пияладай балбылдап, кашына каш ташын үзбөй коюп, чачын жоолугуна чалыштыра өргөн аялдын ышкысы бир-эки жылча молдонун көңүлүн дегдетип, уяты ойгоно калса «кысталак, катын деген албарсты болот» деп жоон санын чымчыламыш этип, кайра үйрөнгөн адатына жеңдирип, түндү-түн дедиртпей, жанын жанга уруп, айылдын аягынан тээ башына түн жамынып, барып жүрдү.
Түндүн бир оокумунда үйгө жылып басып кирген караандын шарпасы ойготту аялды. Төшөгүнөн башын чыгарып, уйпаланган чачын жүзүнөн өйдө серпип, кучак толгон түйүндү акырын жерге коюп жаткан күйөөсүнө үн катты:
— Чал келдиңизби?
Аялдын үнү шаңдуу, ички кубанычын жашыргандай ачык чыкты.
Чалынын жолу болуптур. Үйүндө отуруп калса, тилин безеп «ичкенден башканы билбейсиң, даяр тамакка үйрөндүң» деп какшанган неме мындайда үнү тыйылып, кубанганынан үйүндөгү ити-питине деле жаман сөзү тийбейт. Түйүндө жандан башкасынын баары бар. Кант, чай-чамек, эт, балыктын жыты мурун өрдөп, шөлага деп алган койдун майлуу ичеги-карды үрүпсүп, күрүчкө жабышып, башка майда-чүйдө оокаты аралашып жатып калат. Балдары тургуча ор-ордуна коюп, казан кайнатканга үлгүрөт аял.
Палвандын өз аты кем айтылат. Тааныбаган бирөө «кимдин кызысың же баласысың?» деп сурап калганда айтылбаса, айылдагылардын баары эсинен чыгаргандай өз атынан айтышчу эмес. Олбурлуу денеси сөөк-сактуу, жомоктогу баатырлардай алп адам Максим Горькийдин кудум Макар Чудрасына окшошуп кетчү, анын бир адаты – адамдын жүзүнө тик карай албаган жалтанчаактыгы эле. Шатыдай колу-буту узун, мурду кыйгач, көзү жүлжүйүп, көзүнүн кыркасындагы терисине жабышкандай, ошол кат-кат бырыштары көз нурун, сырын, дилиндегисин жашырып алышкандай, түнөргөн кабак-кашынан атына эмес, туулганда эле затына басым коюлгансып Палван аталышы бекеринен эместей сезилет.
Адамдарга түшүнүксүзү кыялынын түнттүгү эмес, кайберендей кайып болуп кетип, каерде жүргөнү белгисиздигинде эле. Шексинип, уурулук кылат дешкени менен колунан туткан эч ким болбоду. Же милийсага түшүп, кимдир-бирөө атын айтып даттанбады. Жүрөгү бийиктикти сүйөт имиш, ошон үчүн бийик-бийик тоо-ташка барып жашаганды жактырат экен дегендер болду. Уурулардын башчысы экен, мал-кел жоголсо, канча аңдышканы менен кармалбайт, үйүндө жүргөнүн көрүп, кайра тайсалдап, «сөзүмү алдым өзүмө» дегендер болуптур. Ошентип кийик кишинин турмушуна кийлигишүү эч кимдин оюна келбеди. Бу дүйнө түшкүрүң кызык, ичи сыртынан табышмактуу пендесинин не кылып, не койгонун жашырганы жашырган…
* * *
Сапардын ич быштысы отургузбай койду. Ошол күнү пахтага суу коюп, кеч кайткан, пайнабы ылдыйкы агаттарды жеп кетсе, бригадирден жеме угарын ойлоп, түнү жакшы уктабады. Сугаттагылар көбүнчө түнкүсүн чоң арыкка жыгып коюшса, ээликкен суу батпай кетет. Орто арыкты тээп чыгып, нугу кайсыл жакка бурулса, ошоякты жеп агызып, көлдөтөт.
Тоок коночосунан козголо электе Сапар сыртка чыгып, күн чыгыш жакты тынымга тиктеп турган. Шүдүгөрдөгү эрбең-сербең эки караанды чала-була көрүп, ким экенин тааный албады. Негедир басканы тааныштай… Кимгедир окшоштурду. Өйдөлөп баратып, жер жуткандай жок болушту. Оюна күмөн кеткени менен жаман ойлогон жок. Эки бригаттын жери жанаша болгондуктан, кимисиники ким кайсы маалда түнкү сугатка келет-кетет, билип болбойт.
Эртеси айыл ызы-чуу түштү. Тургунбай өзү Кара-Суунун базарынан, балдары сай-ташты кыдырып, адырма-адыр жок издешти. Козунун дареги чыкпады. Айылдагыларды белгисиз кооптонуу бийлеп, короосун кулпулаганга, кулпу жоктор кашаасын бекемдеп, түнкүсүн ит агытышты.
Шашкалак Сапар өткөндөгү көргөнүн элес-булас элестетип, өзү деле толук аңдап тааныбаганынан эч кимге айта албады… Бирок «ошонун бирөө молдого окшош эле» деген бир ой тынчытпады. Сапар менен молдо көбүнчө талаадан кезигишет. Бирөө суу сугарып, кетмен чабат, экинчиси жаш баладай томпоңдоп бөдөнөнүн артынан кууп жүргөн болот. Басканы молдонуку, салыштырса экөө өлгүдөй окшош. Ушу ой мээсин чырмап алды. Ууру жөнүндөгү ар кыл кептердин изи сууй баштаганда, Кыдыр аксакалга оюн айтты:
— Э-й, койчу, кантип эле кадырлуу молдо ушундай ишке барсын. Бирөөгө угузба, кулагы чалып калса, көөнүнө азар кетет, – деди.
Арадан үч-төрт ай өтпөй, кеч күзгө жакын косек үзүм башталганда, эртели-кечки сууктан пахтанын бариги бүрүшүп, саргайып түшкөндө кызык иш болду. Кемпирдин кара баласы көчөнү үч көтөрүп, кыйкырып келатты.
— Эй, адамдар, ууру тутулду. Молдону кармашты. Шериги качып кетиптир… — деп кубанычын ичине батыра албай бапыраңдап, буту-бутуна тийбей, кыдырып жар салды.
Баары агылып, молдонун үйүнө жөнөштү. Баягы тамакайды так кылган бөдөнөлөр жок, кабактар бош турат.