ИСМАИЛОВА Ризван: РИЗВАН ИСМАИЛОВА: СЫЗДАДЫ ЖҮРӨК КУЛУНДАЙ ОЙНОП ТУЙЛАГАН…

АҢГЕМЕ-БАЯН

Бисмиллах ир-рахманир-рахийм!

Сегиз жүз токсон тогузунчу жылдын рамазан айында он эки жаш курагымда Фергана аймагынын падышасы болуп калдым.

Фергана – бешинчи иклимдеги (орто кылымдагы илимпоздор жер шарын жети иклимге бөлгөн жер. Күн чыгышында – Кашкар, Күн батышында – Самарканд, Күн жүрүшүндө – Бадахшан чегинин тоолору, Түндүк тарабында Отраржер.

Ферганада жети шаар бар: алардын бешөө Сейкун дарыясынын Күн жүрүүчү тарабына жайлашып, экөө анын Түндүк жээгинде.

Күн жүрүш тараптагы шаарлардын бири – Анжиан. Анжиандын төрт жыгач аралыкта Күн чыгыш-жүрүш тарабында Ош. Абасы эң сонун, агын суулары көп, мында жаз эң кооз келет. Фергана аймагында абасынын жагымдуулугу жана тазалыгы боюнча Ошко теңдеш башка шаар жок.

Сепилдин түштүк-чыгышында Бара-Кух (Сулайман-Тоо) аттуу кооз тоо бар, бул жөнүндө атайын сөз кылганымдын жүйөөсү көп. Бизден кийинки урпактар бул улуу жана касиеттүү, сырдуу жана азиз, таберик тоонун баркын сезишсин, урматтап-аздектешсин. Агерим бул тоодо нечен кылым-кыйырдагы ата-буванын руху, мусулман баласынын дил-асирети, выждан-туйгусу калган. Лекин менин жүрөк-боорума жабышып, өмүр-тагдырым, кубаныч-кайгым жана өксүгүм болуп калган Бара-Кух менин армандуу өмүрүм, бөтөн жан көрбөгөн көз жашым, көкүрөгүмө эч бир сыйбаган сагыныч-санаам, арзуу-асиретим, жан дүйнөмө жакын казалдарымдын булагы, дилиме илхам апкелип, тилиме куюлушкан сөз ыроологон кенч.

Бара-Кух Амир-Темир тукумдарынын илгертен келаткан көксөгөн бийлиги, бирде жоо-жарагын албарстай курчуткан жеңишинин, бирде кылычын кыя чаптырып, туусу жыгылган, катыны тул, кыз-келинин олжого тарттырган кыйроо-жеңишинин күбөсү.

Бара-Кух  Амир-Темир тукумунан таркагандардын кимисинин болбосун көзүн азгырды. Алардын баары энчисиндеги шаарга өкүмдарлык кылып, журт башкарып, эмирлик тактыны ээлешкенине карабай, Ошко кайдыгер эмес эле. Ошко келери менен тоого чыгып, күч-кубат алышып, зыярат кылышчу.

Алла-Тааланын кудурети менен жаралган тоонун ажайып келбети, адамды айран-таң кылган табышмагы тартып турат. Муң-зарын, үмүт-тилегин, касиретин тоого айтып, кудайдын боору жибип, андан жакшылык кайтаарына бөркүндөй ишенген мазарлардын мазары. Тоо-ташын эле аярлабастан, чөп-чарын, бир чымчым топурагына чейин эм-домуна көзгө сүртүп кетишчү.

Атам Өмөр-Шайык мырза белим ката электе жоокерчиликке үйрөттү. Эсим кирди-чыкты мезгилимдеги элестерди кантип унутайын. Чыңгыз хандын экинчи уулу Чагатайдын тукуму ошол кездеги могол элинин ханы таятам Жунус ханды атам көп чакыра турган. Аны чакырган сайын кайсы бир аймакты тартууга берчү.

Кайын атасынын алдында ээлирип кеттиби, «хан тукуму хан болот» деп, ат жалына боюм жете элек мени бир колу менен колтугумдан шап көтөрүп, ээрге отургузганда энем Кутлук Нигара ханумдун жүрөгү оозуна батпай, балапан баласын коруй албай, «кокуй жыгылбаса экен» деген энелик туюмдан чыркырап, жанын уучтап карап турган.  Өзүм курдай балдар көк чыбыкты ат кылып ойногон кезде, мени кадимкидей ээрге бек олтургузуп, түз бастырганга көндүрүшкөн, жайдакталган атты минип, шамал менен жарышкам.

Бир жолу ууга чыгып, аңдын кызыгына маашырлана чарчап-чаалыкканыбызга карабай, Анжиандын сыздуу талааларын жортуп бети-башыбызды чиркейге талатып, күүгүмдө Ошко жетип келдик.

Бара-Кухтун этегиндеги кара таман жалгыз аяк жолго бутубуз жетип-жетпей, атам атынын оозун бура тартып токтоп калды.

— Атаңдын гөрү, Султан Махмуд озунуп кеткен экен, — деп үшкүрүнүп, үнсүз селейди.

Көрсө, тоонун чокусуна Султан Махмудхан үжүрө салдырып коюптур. Таякем экөөнүн ыркы келишпей чырдашып, көп араздаша турган. Атамдын кыялынын чатактыгы, муштум менен сокконго мыктылыгы бир туугандарын чочутуп турчу.

Тоонун чокусуна кандай жеткенибизди билбейм. Атам орто бойлуу, эткээл, ак куба, тегерек сакал киши болчу. Ачуусу келгенде шашмалыгына сөз жок.

— Балам, балакаттан өтүп, эр жеткениң ушу. Ана-уу, тоонун тумшугуна, шаар анын тегерегиндегилер алаканга салгандай даана көрүнө турган жерине хан өжүрөңдү салдыргын. Көзүм тирүү турса, баш-көз болормун. Мындай опур-топур жоокерчиликте кокус көзүм жумулуп кетсе, менин сага аманат керээзим ушул болсун! – деди.

Түшүнөм, атамдын заары ичинде кайнап атты. Анын оюндагысын сезип, сырын билип алгансып, таякемдин озунуп салдырганы гыжабасын кайнатып турду.

Жай саратан чилденин аптабынан дем кысылат. Ысыкка күйүп-куйкаланган тоо ташынын чычаладай табы шаарга урат. Тоонун чокусунда чарчаганыбызга карабай, көпкө отура албадык. Төмөндө шаар аптаптан ынтыла, дем алалбай акактап турса, мында жан жыргаткан шамал согуп, уйкуңду келтирет. Бара-Кухтун бир касиети шамалды өзүнө биринчи чакырат. Шаарга этегин жайып, койнун мээлүүн желаргыга серүүндөтүп, бирлери бүлбүлдөп, айрымдары чакчайып жаркыраган ак жылдыз жамынган көк теңирге кучагын жайып турган ошондогу Бара-Кухту кайсы сүрөтчү өзүндөй, бир жерин өксүтпөй тартып берет!

Кайсы бир жолу атам менен келгенде анын жигиттери ушул тоодон ак, кызыл салаалары бар таштарды таап келишти. Өмөр-Шайык мырза эки уучун толтура, алаканын кызыткан тилла кармап тургансып:

— Эмне деген керемет таштар! Зергерин Самаркандан алдырып, сурмалуу көздөрдү азгырган асыл буюмдарды жасатам,– деп кубанды.

Асыл буюмдар кимге тартуу этилет? Апамабы?… Апамдын жумшак манжаларынан, кулагынын кебезинен, жумуру билегинен, мойнундагы мончокторунун арасынан атам айткан асыл буюмдарды, аземи артыкча жасалгаларды астыртан издеп жүрдүм… Эмнегедир энем Кутлук Нигара ханумга буюрбады.

Сейкун дарыясынын түндүк жээгиндеги шаарлардын бири – Аксыкент акын Сайфаддин Аксыкентинин мекени. Ферганадагы Анжианга теңтайлаша албаган анчалык  чоң эмес шаар. Анжиандан батышка карай Аксыга чейин тогуз жыгач жол жатат. Өмөр-Шайык мырза аны өзүнө ордо кылып алган. Сейкун дарыясы сепилдин түбүнөн агып өтөт. Аксы сепили бийик жардын үстүндө жайгашкан болчу.

Жардын башындагы кептерлердин жамыраган уясынын көптөгөн айтпа. Көрөнүн оозундай оюлган кептерканадан чурулдаган үн басылбайт. Атам кептерлерди ушунчалык жакшы көрчү. Өз колу менен жем чачып, курсагын тойгузуп, сылап-сыйпаганынан алар да атама өзгөчө үйүр. Жамырап чокусуна конуп, орун талашып түртүшкөнчө колунан жем чокуп жегенге көнүп алышкан. Алардын кылык-жоругуна, үнүнүн авазына маашырланып карап отуруу же сүйлөшүп, дидарлашмай атамдын жакшы көргөн адаттарынын бири эле. Кептеринин аттарынын көптүгүнөн бирөө эсимде калбаптыр. Атам болсо аларды чаташтырып, бир ар жолу адаштырбаган. Күндүн мурду көрүнүп, шоолалары жазылып келатканда, жар башындагы кыркалекей тизилген кептерлердин канаттары күн нуруна чагылып, түркүн түстөргө кубулуп, Асан-Үсөн нурларынан кем калышпаган көрүнүштү көрүүдөн Өмөр-Шайык мырза өмүрү тажабады.

Ошондо ойдо жок кырсык болду. Кулжа айынын төртүндө дүйшөмбү күнү атам өзүнүн кептерканасы, байкуш кептерлери менен кошо жар урап, каза болду. Эркек балдарынын тун уулу болгонумдан, он эки жашымда атамдын ордуна Фергана тактысына отурдум.

Биринчи арманымдын ачуу тагы көкүрөгүмдөн көпкө кетпей жүрдү. Атамдын көп жакшы касиеттерин, кыял-жоругун, эр жүрөк, кайраттуу өкүмдарлык салтын, жоокерлик салгылаштагы сырларын үйрөнүүгө үлгүрбөй калдым, аттиң! Боорум ката электе ишенген тоом урап, бир ныптам эңшерилип, жаш канзаадалык милдетин энем Нигара ханум менен ордонун билермандары Алибек, Мазитбектердин көрсөтмөсүндө аткарууга өттүм.

* * *

Бара-Кух тоосунун чокусуна таякем Султан Махмуд хан өжүрө тургузган дебедимби. Андан төмөнүрөөк тоонун тумшугуна хижранын тогуз жүз экинчи жылы (жаңы эсепте 1496-1497) мен дагы алдында бастырмасы бар бир өжүрө там тургуздум. Анын өжүрөсү меникинен жогору турса да, меники кыйла жакшы жайгашкан: андан шаар да, шаардын айланасы да алаканга салгандай даана көрүнүп турат.

Кичи-Алайдын суусу Оштун өңүрүн тепсеп, Анжианга агып өтөт. Суунун эки жээгин бойлой алмазарлар жайгашкан. Бактардын баары дүпүйүп сууну жаап турат. Буерлердеги бинапша гүлдөрү абдан кооз. Ошту агын суу кесип өтөт, жаз маалы артыкча кооз, жер бетин бербей жоогазындар менен атыргүлдөр жайнап чыгат. Бара-Кух тоосунун этегинде, тоо менен шаардын ортосунда Жауза-Кош мечит деп аталган мечит бар. Тоонун этеги менен чоң суу агып өтөт.

Атамдын керээзи боюнча ушул өжүрөмдү салдыргандагы экинчи арманым кез-кез ичимди тызылдатып коет. Менин өжүрөм таякемдикинен ашса ашып, асти кем калбаса экен, көргөндү суктандырып таң калтырган там болсо деп көпкө кыялданып, толкундандым. Ушерде гана менин казалдарым жаралып, саптары тизмектелип, дилимен куюлуп түшчүдөй ээлигип жүрдүм… Жан дилимден казалга берилип, жашыман жаздым. Казал өмүрүмдү коштоп келаткансыйт. Бийлик тактысына отурганда чолом болбойт деп, жеке кызыкчылыгыма бурмаланып, өзүмдү соороткон рубаилер жаап салат ко деп чочуганым бекер болуптур. Жортуулга чыксам деле, кызыл кыргында чабышып, согушта жүрсөм деле жүрөгүмдүн каалоосун аткарбай кое албадым…

Атам Өмөр-Шайык мырза көз жумаардан бир жыл мурда Сейкун суусунун боюндагы Теке-Секирген деген жерде согушта жеңип, колго түшкөн сулуу кыз-кыркынын, колунан көөрү төгүлгөн зергер, устасын туткундап, олжого апкелет. Алардын арасында Фазлиддин деген бир уста бар болчу. Өз жеринде атагы аңыз болуп айтылчу экен. Узун бойлуу, далысы кең, бүркүт кабак, эзели адамды тик багып карабаган устанын маңдайы жарылып күлгөнүн же ачууланып, кабак бүркөгөнүн көргөн киши болбоптур. Бир сырдуу, ашыкча бир сөз айтпаган, каадалуу кебетесинен жазбай иштин майын чыгарган мээнеткечтигин угуп, өжүрө салдырганы шакирттери менен кошо Бара-Кухка алдырдым. Тамдын баасын бычканы келгенде:

— Канзаадам, иш бүткөндө сурай турган бир нерсем бар,- деп баш көтөрбөй жооп берген.

— Айтканыңыз аткарылат, кадырыңыз жан болсун, — деп убада бергем карыя устага.

Өжүрөнү уста сүйүнүп курду. Анын ар бир кышын эринбей өз колу менен куюп, кургатып, анан кынап чыкты. Оймо-чиймесин келиштирип боекторго сугарды. Менин дилимдегини окуп алгансып, элге кеңири тараган рубаилеримдин төрт сабын түрк элдерине тегиз чагатай тилинде өжүрөнүн так маңдайындагы дубалга минтип жазып коюптур:

Көп элди көрүп машакат тартып ыйлаган,
Сыздады жүрөк кулундай ойноп туйлаган.
Тилегин элдин аткарса Бабур арылаар,
Азаптуу дарттан жүрөгүн эзип кыйнаган.

Менин өжүрөмдү катардагы уста курбады. Самаркан менен Гераттын, Бухара менен Маргаландын баш айланткан кооз мунара-сепилдерин курган, аты белгилүү да, аты белгисиз да колу гүл усталардан таалим алган, өнөрүнөн ызаат-сый да көрүп, өнөрүнүн курмандыгы да болгон устачылыктын пешенеге буюрган тагдырына кайыл болгон киши курду. Өз өнөрүнүн чеберчилиги менен адамды суктантып, тамшантып, ичин тарытып, ал гана эмес, көрө албастыгынан, «мындай кооздук менде гана болууга тийиш, башка кайталанбасын» деген өкүмдарлардын кордугунан көзү тазалангандарды көргөн уста курду. Туткун устанын кудайдын кулагын сүйүндүрөөр күнгө туш келтире көр, – деп басса-турса теңирден тилегенин, туткундан кутулуунун бир пайити келип, эртеңки эркиндик дегдетип, туулган жеринин топурагы тартып турганын кайдан билдим… Анын мынчалык ашыкканында бир мандем бар экенин кеч туйдум…

Болжонгон убакыттан эрте бүткөн өжүрөгө өзүм да ашык болуп калдым. Бүткөн күнү хан сарайымда түлөө өткөрүп, энем Нигара ханум устага баш-аяк сарпай кийгизди. Сүйүнгөнүмөн атайын бир жакшы бычак жасаттым. Бычактын сабы баягыда атамды баладай кубандырган так ушул тоонун ташынан болчу. Ыраазычылыгымды билдирип, хан каадасында нени кааларын сурадым:

— Мартабасы улук жаш бекмырзам! Ыйык тоонун башында берген убадаңызды унутпагандырсыз…

— Бир гана нерсени… башымдын азаттыгын сураймын…- деди ал дирилдеген  үн менен.

Оюмду жыйнай албай энеме «не дейин» деп суроолуу көз кырымды салсам, «макул бол» дегендей ишара кылды.

Оо, ошондогу Фазлиддин устанын азаттыгынын баасын аңдап болбос?!… Эскилиги   жетип,  мүрүсү күнгө агарып,  колдо  шырылган,  этеги  эн тамгадай  кыркылган сарт  чапанын желкесине илген бойдон, бирөө этектеп кала тургансып, карбаластап шашып, тоонун башынан тик ылдыйды көздөй ашыгып жөнөдү…

Кийин ойлоп атпаймынбы… Ии-й, атагы аңыз устаны токтотуп калар илаажим жок беле? Оштон үй-жайлуу кылып койсом, ошондой колу гүл устаздын учугу уланып кетпейт беле деп тымызын арманда өкүнүп калдым.

Атамдын зайыптарынын бири энем Кутлук Нигара ханум Жунус хандын ортончу кызы. Жунус хан Чыңгыз хандын экинчи уулу Чагатай хандын тукуму боло турган. Он жылдан ашыгыраак Багдатты башкарды.  Энем менин түйшүгүмдү көп тартты. Он эки жашымда такка отурганымдан баштап казаттарда, жеңген-жеңилген согуштарымда,  ачуу-таттуу күндөрүмдө бир болду. Акылдуу, өтө эле сезимтал жан эле байкушум!

Биринчи согушумда кол топтогонго жардамдашып, кийин Самарканга жүрүш жасап, жеңиш менен кайтып келгениме, эрдигиме маашырлана чоң атам Амир-Темирдин кол алдында болгон жерлердин баарын бириктирип, өзүм өкүмдарлык жүргүзүүнү эңсегениме эмнеге салкын кандуулук менен караганын кийин сездим… Көрсө, Амир-Темирден таркагандар бийлик артынан такты талашып, ич ара кырылышып-чабышып жүрүп, өкүмзорлук кумарына баш байлап өтөрүнө көзү жетип, оомал-төкмөл жашоосунун наркы-беркисине өзүн даярдап бүткөн экен. Ошондонбу сулк таштай мисирейип, кыргындагы канды, бей-бечаранын көз-жашын, күтүүсүз ажалдын азасын ичине кармап жүрүп, тез картайды.

Атам зайыптарынын ичинен өмүрүнүн акыркы жылында үйлөнгөн Кара Көз бегимди аябай жакшы көрө турган. Бара-Кухтун асыл таштарынан жасаткан аялдын ажарын ачкан, назын тарткан, каадасын кастарлаткан, шаан-шөөкөттүү жасалгаларынын не деген түрлөрүнө ошол зайыбы гана ээлик кылганына ичимден кызганып жүрдүм…

* * *

Атам Өмөр-Шайык мырза  сүйүү сезимине тез берилип, ашыктык азабын көп тартар эле. Мен анын мындай адатын жактырчу эмесмин. Пенде эмесминби, сезим сели каптабай коймокпу… Баарын ичиме салып, болгон күчүмдү махабат жөнүндөгү казалдарымдан чыгардым.

Аялзааданын көбүн көрдүм. Шарапсыз мас кылган сулуулугун, ышкы козгогон назик кыялдуусун, адамгерчилик адеби артыкча зыйнаттуусун сыйлаганым менен алардын арасында жан сырымды бөлүшөр, сырдана бирөөсү болбоду… Мен аны каным коюлуп, токтолуп калган курагымда, бийлигимдин оомал-төкмөл кезден  ооп, шаштысы кетип, аргам түгөнгөн мезгилде жолуктурдум. Кыялымда жетип, ой-дүйнөмдүн бешигинде бапестегеним менен анын азабын артыкча жедим.

Көздөрүм самап жалындуу сенин көзүңдү,
Көрсөм деп күсөп сагынып турам өзүңдү.
Саргарта мынча муң-зарга салып сыздатты,
Айткың жок мага жарым ооз жылуу сөзүңдү.

Гүл болсоң эгер мен булбул, гүлгө жарчымын,
Сен шоола болсоң күн тийген тоонун артымын.
Алдыңа тике бара албай жүргөн ийменип,
Көпчүлүк элге шах болсом, сага жалчымын.

Мен аны биринчи көргөндө эле өзүмдү жоготуп кое жаздадым. Шыңга бой, тал чыбыктай мүчөсү келишкен, тал-талдап өргөн мажүрүм чачы сеңселип, ажарлуу, апапакай жүзүнөн нур таамп, мөлтүрөгөн карегинен от-жалын чачырап тургансыйт. Көргөн көзүмө ишенбей чылк жумуп, кайра ачтым. Бул кызбы же периби? Көздөрү анын жан дүйнөсүн чагылтып тургансып, бир боорумдай өзүмө жакын сезип, имерилип калдым. Атасынын киши боюнан бир эсе бийик коргондогу дарбазасынын көзөнөгүнөн бакты шыкаалап, көзүм тешилди. Бактагы азгырган күчтүн айынан айлам түгөнүп, дарбазага кагылган мыктай кадалып, «Сүйүүнүн күчү жүрөгүн жара тилгенде, шахтын да калбайт дарманы жыргап күлгөнгө» болуп, азаптуу ышкы күчүнүн дартына чалындым.

Сурмалуу көзүң жылдыздай жанып жайнаган,
Жарашып ага каштарың жарым айлана.
Санаамды тушап чыгалгыс кылып имерип,
Чачыңдын ар бир талына бекем байлаган.

Шуудурап назик жел ыргап турган эрмендей,
Наздана карап жарым ай кашын кергенде.
Мөлтүрүп көзүң карекке турса чагылып,
Чүмкөнүп булут жарык күн болот шерменде.

Анжиан менен Самарканды колдон алдырып, бийлик кумарына эмес, ата-бувамдын өкүмдарлык салтына шек келтирбей, намыска башымды байлап, туум жыгылып турганына карабай анын дидарын бир көрүү үчүн түн катып Өзгөнгө каттап жүрдүм.

Бу жарыкчылыкта сезимдин азабынан өткөн азап, ырахатынан ашкан жыргал жокпу дейм. Эки жоокеримди жаныма алып, түндү түндөй күзөтүп, Өзгөндүн дарбазасына жеткенде гана жүрөгүм жай алчу. Канчалаган убарагерчилигимдин арты көөдөнүмө сыйбаган кубаныч тартуу эттирди. Кыз менен көзмө-көз дидарлаштым, дилиме-дилим салып асиреттештим. Анын акылынын тунуктугу, зиректиги тартып, кыл көпүрөдө турган дүйнө-тагдырыма, ой-дүйнөмө жан шерик боло ала турганына көзүм жетип, ого бетер байланып калдым.

Аны менен жолукканда бу дүйнөнүн убайым-түйшүгү унутулгансып, жеңилдеп калам. Ордонун чагымдарынан ууланган сезимдерим сергий түшөт. Ушак менен көрө албастыктан, жалаа менен жасакерликтен тутанган туугандардын жаңжалынан, алдыдагы казаттардын каары-заарынан сарсанаа тарткан жаным, баарын кечип жиберип, бу периштенин алдында тизе бүгүп, дилимен оргуп чыккан төмөнкүдөй тизмектериме жуурулушуп кетким келди.

Кол-бутум байлап кактаган күчтүү кош оттон,
Ырайым кылып азаттык берип бошотсоң.
Кул болуп сага кызматың кылып өтөйүн,
Отуңду жагып, чыгарып күлүң очоктон.

Ал да мага көңүлүн төшөп, мени деп дегдеп турат. Келеримди күтүп, жолугуу күнүбүздү санаганын, ортомчунун көңүлүн алып, энесинин көзүн эптеп жазгырып, тегереги сокмо дубалдан кулпуланган короодон кантип суурулуп чыкканын айтса, ичимен элжиреп, сүйүүгө, эргүүгө толгон көздөрүнө чөгүп кеткенсиймин… Көздөрүн жоодуратып, рубаилеримди тыңдаса, аалам ырдан бүткөнсүп, экөөбүз тең жыргайбыз. Анын ысмы татына — Латифа. Менин Латифам. Мен үчүн жаралган жан.

Кылыктан мейли, дагы да сабыр кылайын,
Мээримиң болсо, келээрсиң Күндөй кылайып.
Өмүрүм бүтүп, көмүлүп калсам эгер мен,
Басып өт башым, басыгың таанып угайын.

Кыялап учкан кыялдын сенсиң паанасы,
Көксөөсү канбас рухтун сенсиң каалоосу.
Көңүлүң күүлөп, эргитип турган Бабурду,
Жакыны сенсиң, жамалы жанган даанасы.

Өмүрүмдү бир жаркыраткан бактымдын ченелүү экенин сезгеним менен ичимде жарылганы турган жараны ашыгыма айта албадым. Күчүм жетпеди. Тагдырдын тамашасыбы, менин тууганым Султан Акмат Танбалдын бу кызга кызыкканын эшитип, ого бетер ичим тызылдап өрттөнүп кеттим. Кол курап, жакынкы арада Кабулга жортуул жасаарымды айтсам, Кабул каерде экенинен кабарсыз энөө байкушум, эч нерсени эрөөн-төрөөн албай, канча күндө кайтаарымды сураганда, минтип жооп кайтардым:

Кол курап түмөн жол тартып Кабул тарапка,
Дүйнө-мүлк үчүн талкалап шаарды караткан.
Сараңсың дебе, байлыктын жүзү курусун,
Дары издеп келем бүтпөгөн карттуу жаратка.

Ой-кырга сүйрөп жашоонун өктөм агымы,
Калтырды менден үйүмдү, мал-жай, багымды.
Таажылуу башым кириптер болуп ар ишке,
Өксүтүп кайгы сындырды далай шагымды.

Жакын арада келээримди каңкуулап, артыма кайттым…

Атамдын ордосу чак-чалакей түшүп, менин Ферганада калышыма эч бир илаажи калбады. Самаркан үчүн салгылашуудан майнап чыкпай, ордонун ант урган саткындарынын айынан жоокерлерим бөөдө кыргынга учурады. Казат артынан казат башталып кетти. Кайдан болбосун кайрылып келем сизге, өмүрүмдө арзып тапкан Латифам! Көңүлүмдүн арзуусу, азабы да өзүңсүң деп өзүмдү-өзүм сооротуп жүрдүм. Анын жоодур көздөрү эртеңки кыял-үмүттөрүмө нур чачып, бийлик-байлыкты да кечиртип, намыс үчүн бараткан күрөш жолума кубаттуу канат бүтүргөнсүдү… Анын периштедей таза дилинин мээр-шапкытын, ширин сухбатын сагынаарымды сезип, өз колунан саймаланган дасоромолун жүзүмө туттум, эсимди эки кылган элесин көкүрөгүмө каттым.

Зайыптарымдын бирөөсү да Бара-Кухтагы үжүрөмдүн астанасын аттаган эмес. Бул шыбага Латифага гана таандык деп ичимден купуя ага ыроолодум…

Атамдын көзү өткөндөн кийин Фергана вилояты тынчыбай калды. Ташкенттин акими Махумудхан тымызын кол топтоп, чабуулга даяргерчилик көрдү. Анын ишенген кожосу өзүмдүн тууганым Самаркандан Султан Акмат мырза эле. Экөөнүн күбүң-шыбыңы күчөп, жашсынтып, теңсинишпей, кандай болбосун Фергананы өзүнө каратыштын амалында жүрүшкөнү менен эгер максаттары ишке ашып калса, бирин-бири жеңип, амалкөйлөнүшүп, атамдын тактысын озунганы ээлеп кетмек. Энем Нигара ханум менин жаштыгымды аяп, Махмудханга киши жиберип, тилин таап, чабуулду токтотсок кантмек деген оюн билдиргенде, ордо кеңешчиси Алибек ойлонуп туруп, макул болбоду. Бул жолку согуш менин ар-намысымды коргоп, аскер башчылыкка даяр же даяр эместигимди сынаган биринчи оор, бирок маанилүү сынак болмокчу деди.

Бүт өзүмө караштуу аталыктарды чогулттум, жетишээрлик кол топтодум, чабуулга катуу даярдандым. Атамдын тактысын тарттырып жиберүү мен үчүн өлүм менен барабар болчу… Анын көзү тирүүсүндөгү ар бир айткандары кайра-кайра кулагыма жаңырып турду. Атамдын өкүмдарлык кылган жерлери Фергананын буюрбаганы, Ошко канатташ Анжиан менен зергерлердин уюткусу болгон Самарканды экинчи жолу басып алып, кайра тарттырып жибергеним арман эмес эле… Ичимди эңшерилтип, ийне менен тепчип өткөндөй тызылдаткан бир сезим, ал көзүмдүн карегиндей Оштон алыстаганым болчу…

Жүрөгүмдөгү купуя ой-тилектеримден кол жууганыма деле ишенген жокмун. Кайрылып кайра келем, кайра келишим керек деген үмүт-арзууларыма жетеленип, алгалай бердим. Ош-Фергана вилоятындагы бийлик тактымдын ордосу болорун канча-канча ойлоп, самап жүрдүм. Бара-Кухтагы өжүрөмдү салдырардагы изги максатым да ошондон болчу.

Самаркандагы төрт айга созулган согуштун азабы, аталаш туугандарымдын чыккынчылыгы, айрым ылым санаган кишилеримдин эки жүздүүлүгү, ордо оюндары, согуш соодасы, Оштон апта сайын алыстаганым менин мүнөзүмдү кыя чапкандай катуу, керең, кебелбес тарттырды. Согушту жектедим, а согушсуз жортуулдарым оңунан чыкпасына бөркүмдөй ишенсем да, кан кечирткен кыргынды каргадым…

Кол курап, Ооганды көздөй жолго чыгып баратып, түндөп Бара-Кухка келдим. Ажайып тактын айдарым жумшак желине жүзүмдү тутуп, көкүрөгүмдү кандырып, не деген тилектерим бийлик талаштырган кыргындар менен кошо кетеби деп кайышып турдум.

Бара-Кухка өжүрөнү бекеринен салдырганым жок. Бул Кудайдын улук кудуретинен, Азирети Сулайман пайгамбардын ниети буйруп, тептегиз жердин чок ортосунда тоонун пайда болушу, анын чокусунан айлана-тегерек алаканга толуп турушу не деген көрк эле! Ошко элдин сабатын ачууга, ислам динин  үйрөтүүгө мечит-медреселерди салдырам, соода-сатыкка бап ажайып кербен сарайларды курдурсам, илими күчтүү шайыктардын, атагы чыккан акындардын, ай-ааламды изилдеген аалымдардын мекенине айландырсам деген ниет-тилегим бар эле…

Ооганды көздөй жолдо баратып, Алтын-Бешик тоолоруна жеткенде, Ата-Мекениме кайрылып келемин деген изги үмүттө керилген кең талаанын бир жерине көк теректин чырпыгын сайып, тегерегин тостуруп койдум. Мекендин туз-насиби тартып турарын ойлоп, качан, кайсы маалда кайтаарымды Алла-тааладан башка билбесин туюп, көкжалдык менен алдыдагы максаттарга жетеленип кеттим…