ИСМАИЛОВА Ризван: РИЗВАН ИСМАИЛОВА: «ШУУ ҮШКҮРҮП, ЫЙЛАГЫМ КЕЛЕТ МЕНИН…»

Автордон:Макала 93 жаштагы кайненем Дүйшеева Идаяттын айтуусу боюнча жазылды. Идаяттын таятасы Дайыр менен Салижан Жигитовдун чоң атасы Муса бир тууган болушкан.

Кайсы бир теле берүүдө журналист Салижан агайдан минтип сураган:

— Сиздин арманыңыз жок болсо керек?

— Арманы жок киши болобу? Апам өлдү, атам өлдү, бир тууган агам сууга чөгүп өлдү. Эки бирдей карындашым өлдү, бул арман эмей эмне?… Арманы жок киши болчу беле?…

Ырас, бу жалганда арманы жок кишини табалбайсың, бирок Салижан Жигитовдун “Элегия” деген классикалык ырынын бир өңүтү, тереңдеги кыртышы өзү туулуп-өскөн айылы Көлдүктө жатат.

Кыргыз поэзиясында, дегеле дүйнөлүк шедеврлердин арасында ар тараптуу артыкчылыгы менен баасын алып келаткан, кайсы муун болбосун кайрылууга, кайра-кайра окуп, обондуу ырга салууга аргасыз кылган сырдуулугу, муңдуулугу,терең ойлуулугу же болбосо лиризмдин күчтүүлүгүбү, жүрөккө жакынбы, айтор, магниттей өзүнө тарткан “мендик” лириканын жалпылык мүнөзгө ээ болушунун тамыры каякта, текстке объект болуп берген детал, сүртүм, образ, мазмун-маңыз сыяктуу ыр курулушунун элементтери кайдан чыкканы — тарыхый фактыларга үңүлүп кароого мажбурлайт.

Көлдүк  айылы жөнүндө ар кандай уламыштар айтылат.

Илгери-илгери өткөн замандарда Көлдүк айылы көздүн жоосун алган чалкыган көл болуптур. Көк кашка тунук суусунда жан-жаныбардын баары, кош канаттуунун кылы, куш-өрдөктүн түрү чардап жатчу экен. Туш тараптан Көлгө сугун арткандар көбөйүптүр, айрыкча калмактар кайсы маалда аңдып кирип келери белгисиз, көлгө көз артканын, басып алсак деген арам тилегин койбоптур… Көлдүн өзү не деген  сулуулук да, жака-белинде жашаган кыргыздын турмушу жаз-жай мезгилинде бейиштегидей, кышындасы чоң үйдү тигип, кереге таңууну таңып, экөөнүн аралыгына тулаң чөптөн төшөп, ортого кемеге (очок казып, түндүктөн түтүн булатып) туулга асып, тамак-ашын бышырган. Үй сыртынан ак кийизди жаап, түгөл ороп, төрдө чал-кемпир, босогодо уул-келини  жашай беришкен. Жаз-жайдагы үйдү жеңил деп унаага таңып, алыскы-алыскы жайлоого көчүп кетишкен. Абышка кемпири менен көл жээгинде кымыз ичип, эт жеп чардап жатышкан.

Ошондо кыргыздын эң чоң душманы калмактар болуптур. Каардуу калмактар түнү уурданып келип, туулганы оодара тээп, түндүгүн түшүрө чапканда, алеки заматта боз үйүн атка таңып, бала-чакасын учкаштырып, бийик-бийик тоо тарапка из жашырып кеткенге аргасыз боот кыргыздар. Болбосо, капилет кол салган душмандын жүрөгүн үзө  чаап, күлүн көккө сапырып, акыркы жоокери калганча артынан сая түшүп, канжыгага башын байлап, тебетейин асманга ыргытып, жеңишине манчыркаган кыргыз. Ошентип, баскынчыны бирде жеңип, баскынчыдан  бирде жеңилип, ата конушун душманга тарттырбаган сан миң күндөр өтүп, Көлдүк атын сактап келиптир….

Кийин арадан канча мезгилдер өткөндө,  кырчылдашкан кыргындан калган тарыхый фактылар: калмактар колдонгон көсө, кумура жана башка идиш-аяктар, аялдардын алтын, күмүштөн жасалган зер буюмдары, тагынчактары табылган.

Мезгил эмнелерди бузбайт, өзгөртпөйт, жаңылабайт, жаңыртпайт дейсиз… Доорлор алмашкан сайын бара-бара Көл тартылып, акырын соолуп, келбетинин көркү кетип, көркөмү тунарып, акыркы тамчысы бууга айланганда эл отурукташа баштаптыр….

Өзгөн районундагы азыркы Көлдүк айылы совет бийлигинин мезгилинде үч колхоздон турган. Алар “Эпкиндүү”, “Кызыл Октябрь” жана “Тоо Дыйкан” чарбалары.

Муса уулу Жигит “Кызыл Октябрь” колхозунда башкарма болгон. Колхоздун уй, кой, жылкы фермалары багылган, элдин дээрлик бардыгы мал чарбасы менен тиричилик өткөргөн. Турмуш оор, бир жагынан оокат-ашка тойбогон ачарчылык, экинчи жагынан кендирди кескен кедейчилик торуп турган. Колхоз мүлкүн адам башынан бийик койгон капсалаңдуу мезгилге карабай, Жигит элди, ага ишенип, керелиден кечке колхоз деп тишинин кирин соргон айылдаштарын ачкачылыктан сактап калууну ойлогон.

Жигит узун бойлуу, ыраң-башы көзгө толумдуу, олбурлуу, бетинде саал-саал чаары (илгери кызамык чыгып айыккан) бар, оозун ачса, сөзү тап берген чечен, баам-парасаттуу, акылдуу киши эле.

Совет маалында элдин баары сабатсыздыкка каршы күрөштү колдоп, кубаттаган эмес. Балдарын окууга жибербей ала качып, жашырып, ар кайсы шылтоолорду айтып, моюн толгогондор чекеден чыккан. Мугалимди мокочодой көргөндөр толтура болгон. Айрыкча кыз баланы окутууну трагедия катары көргөн айылдыктар мугалимдер менен мушташканга чейин барган.

Атын минип айылма-айыл, үймө-үй кыдырып, балдарды окууга чогултуп жүргөндө мындай деп көп айтчу.

— Окугула, балдарыңарды окууга жибергиле. Билим алгыла, заман өзгөрөт, окуу менен тиричилик кыласыңар. Окуу, билим жеңет, билимдүү озот. Азыр бекер, акысыз окутуп жатат. Кийин окууну өзүң менен барабар пулга сатып аласың…

Көсөм киши азыркы заманды билгендей айтыптыр… Өзү сабатсыз, кол койгондон башканы билбесе да, элди окууга үндөөдөн, эшикме-эшик жүрүп,окуунун маанисин, келечегин түшүндүрүүдөн чарчабады…..

Жигит райис болгонуна карабай, жетим-жесирге, жарды-жалчыга (райкомдон коркуп-үркпөй) өтө боорукер, кайрымдуулугунан жазбаган, ачык кол эле. Элди чогултуп, ачык айтып, оокат-аштан кыйналгандарга, жетим-жесирге ачкадан өлүп калбасын деп, колхоздун коюнан кезек-кезек менен бердирген.

Анын жубайы Самидин кызы Майрамбү орто бойлуу, ак  саргыл, жакшына өң (Салижан  апасына окшош) мээримдүү, орозгерин туу туткан камбыл аял болгон. Эшигине ким бирдеме сурап келсе, аянбай берген. Кийими жокко кийим, наны жокко нан берип, куру кол чыгарган эмес. Нанды шумдук жапкан. Тандырдан үзгөндө жыты буруксуп, коңшу-колоңдүн каңылжарын кытыгылап тамшандырган.

Ысык, былпылдаган нанды сындырганда, аарынын уясындай көзөнөкчөлөр быжырап, балдар колдон колго талашып, үйүнө жетпей түгөнгөн күндөрү  көп. Айыл-апанын, тууган-уруктун барын  бардай, жогун жоктой, кеч-карчын тегиздеп, колунда барына өйдө, колунда жокту төмөн санабаган калыс, ток пейилдиги менен кадыр-баркка эгедер болуп, эринин мартабасын ашырган.

Жигиттин даанышман көрөгөчтүгү адамдардын өң-түс, пейил-куюна карап, келечегин айтып бермей адаты, палчылыгы дейбизби, наати интуициясынын күчтүүлүгү болуш керек….Ата балага сынчы дегендей, балдарынын кичинесинде эле көзү ачыктык кылып айткан экен.

— Салижаным акын болот, чечен болот, сынчы болот!

— Мамазарим болсо өз тирилигин кылдараткан, балдарын баккан киши болот!

Жигиттин үй бүлөсү мурда Көлдүк айылынын үстүңкү тарабындагы Алай Булак деген коктуда жашашкан. Согуш жылдары өөнгө түшүп үй салып, бак тигишет. Тоодо илгертеден коргон дегенди билген эмес. Эгин-тегинди мал-кел тебелеп кетпесин деген ойдо каша кармаган. Эки тарабы тең далылуу дөбө-дөңсөлөр менен курчалган коктудагы  кут төгүлгөн айылдын жаратылышын сүрөттөп берүүгө тилим чабалдык кылат. Жазы баш бала мүнөз, жайы салкын, аптаптын булоосун кайтарган мээлүүндүгүн айтыңыз, күзү берекелүү мейманга салынган дасторкондой жайнайт. Кышы ак карга чүмкөнүп, айлана-теребел шоокумсуз тынчтыкка мемирейт. Чар тараптагы тоо чокусундагы көк муздар күн желесине  айнектей чагылып, тоолор ,жаңгактуу токойлор, катуу  суукта тундурагыдай тоңгон, жеңил кышта  музу азыраак чылпактаган Көлдүктүн суусу  көөлгүй  жымжырттыкка көшүлөт. Оо, бир убактагы атан төөдөй өркөчтүү дарыя азыр дымып, тартылып, жээги соолуп, каржайып карылыкка  моюн сунган карыядай алдан тайып, бошошкон кези….

Жигит тамын айландыра теректин көчөтүн отуругузуп жатканда, керелиден кечке оюндан башка менен иши жок Мамазаир менен Салижан чыбыктарды ат кылып минип алып, ал коктудан бу коктуга чапкылап,оюндун кызыгына батып, балалыктын кирсиз асманында ээлигип-элирип, турмуш көчү кайсы бир күнү токтоп, айрылуу деген азанын даамын таттырарын, өмүр менен өлүмдүн символикалуу гимнине айланган “Элегиянын” кантип жараларын элес алдыбы?….

«…А кезде мен бактылуу бир баламын,
эртели-кеч күлкү-оюн уулаганым,
уйку ичине чөмүлүп кетер элем
угуп жатып теректин шуулаганын».

Өмүрдү бир тынымга токтотуп калар күч барбы?… Акын ырында эң кымбат адамы — Энесинин акыркы мүнөтүн элестүү, таасирдүү тартып берди… Жөпжөнөй, кирчимел, териге жакын сөздөр менен… Көп жыл төшөктө жатып, төрт бала таап, төрт балапанынын балалыгына тойбой, чоңоюп эр жеткенин көрбөй, кыздарынын тал-талдап чачын өрбөй, келин кезектен кызыгынан эми эле өткөндө, жаш жаны “жалп”деп өчтү. Энеден айрылуунун азабын энесин жоготкондор жакшы билет.

Жубайы Майрамбү илең-салаң ооруп жүрүп, жабышкан кеселден төшөк жазданып, көпкө жатып (илгеркилердин айтымында, ничке касалдан, көрсө, рак оорусунан) Салижан Жигитов он жашка чыкканда көз жумат. Көп өтпөй балдарга баш-көз болсун деген ниетте жашы кырк беш, элүүлөр чамасындагы Уулбү деген аялга үйлөнөт. Уулбү балдарга жакшы караган, үй тиричилигине  бүйрө, эмгекчил, боорукер эне катары сыйга татыганы бекеринен эмес.

1950-жылы атасы Жигит оорудан о дүйнөгө узаганда Салижан он төрт жаштагы улан эле. Ата-энесинин көзү өткөндөн кийин турмуштан кыйналды. Согуш бүткөндөн кийин дароо эле элдин турмушу оңолгон эмес. Кыйынчылык, оор күндөр, өксүк балалыгынын айынан Көлдүк айылындагы Кызыл-Октярь орто мектебиндеги окуусун таштап Фрунзедеги №5 мектепке келип окуйт.

Мурда Көлдүктүн баш жагында Тоо-Дыйкан айылы тарапка жакын, тээ алыстан эле ай-ааламды жаңырткан, күркүрөп аккан Шаркыратма болор эле. Сүрүнө жараша түрү айбаттуу, табышмак  сырына жарашкан касиети бар дешчү жергиликтүүлөр… Зоокалуу аскар ташты жарып, күүлөнүп, аптыгып чамынган суу, жерге жеткенде жети айланып тегеренип-тегеренип теминсе, айбатынан жүрөктүн үшү кетчү. Балыктар жөн эле сууда жайнап, секирип кирип-чыгып, колго деле уруна калчу.

Салижан Жигитовдун бир тууган агасы Мамазаир балык уулаганды жанындай жакшы көрчү. Мектепте мугалим болуп иштеп, бош убактысында дарыя жээгинде суу бойлоп эле жүргөн. Күндөрдүн биринде Шаркыратманын суусуна “аманалы” деген дарыны ыргытса, суу асманга көтөрүлүп, кайра түшкөндө балыктар жерге жайнап калса керек деген ойдо, дарыяны ыргытып жибергенде, чочуп алдастаган суу алай-дүлөйдөй асманга көтөрүлүп, жээгиндеги кишини кошо оп тартып кетет.

Үч күн бою тынбай издешет. Үч күн суй жыгылышат. Үч күн үч жылга татыгансыйт. Эски кишилердин айтымында, Шаркыратма илгери-илгери мазар болгон имиш. Сакмамат деген киши ай сайын бир тоок алып келип союп, кан чыгаргандан кийин үйүнө алып кетчү экен. Аксакалдар өз ара кеңешишет.

— Кан чыгарсак кантет?

Култайдын кызы кара Гүлү ( Жаныбек казынын жигити Омор паңсаттын бир тууган карындашы) эне:

— Жөн отур, кемпир шор сурап калыптыр деп, сөз кылат, — деп тыйып коет.

Туугандары эчкини мууздап, сууга канын куйганда, маркумдун сөөгү сууга калкып чыгып калат… Ичине суу толуп көөп, чаначтай шишиген сөөктү суудан көптөп алып чыгып, дароо жерге беришет….

«…Маркум агам, сен дайым оюмдасың.
Сен экөөбүз, кайраным, коюндашып
уктап жатсак теректер ойготчу эле
таң атканда угумдуу шыбырлашып,
там артынан жагымдуу шуулдашып».

Маркумдун артында бир уул, үч кызы калат. Эки карындашы Турна менен Мундуз бала-чакалуу болуп, үй-жай күтүп, аты жаман оорунун айынан биринин артынан бири жарыкчылык менен кош айтышат.

“Элегия”  эмнеси менен көңүлгө кетпес из калтырат да, кайсы касиети менен өлбөс-өчпөс атакка ээ болуп калды? Сөзгө сараң, сөзгө такыба, сөздү абайлап, сөздү  терип- тепчип, ой маңызынын энергетикасына кактап отуруп жазыганын автор өзү деле моюнга алат. Жөнөкөй, турмушта такай колдонуп жүргөн сөздөргө,  кадыресе карапайым сөз айкаштарына бир өмүрдү сыйдырып, бир өмүрдөгү жакын адамдарынын (апасы, атасы, агасы, карындаштарынын) образдарын өз-өзүнчө кынап, алардын ордун баса белгилеп, орду толгус кайгыдан кайышып калбай, философиялык көз караштагы, даанышман, гумандуу маңызга  бай, уюткулуу  ойдун корун иргеп, окуган кишинин жүрөгүнө мык менен оюп жазгандай таасир  калтырат.

«Бактысыз күн капыс келди, бат келди,
Агам өлдү. Туура отуз бир жашта өлдү.
Ачуу күйүт ичимди өртөп эңшерди,
Ыкыбалым шарт төгүлдү, бөксөрдү.

Ийип турган булак көзү бүтөлдү,
Тийип турган аптап өчүп, түн келди.
Башка эл үчүн кайдыгер бир киши өлдү.
А мен үчүн өзүнчө бир дүйнө өлдү».

Салижан Жигитов көзүнүн тирүүсүндө киндик каны тамган айылына көп каттаган. Эмгек өргүүсүнө чыкканда айылга келип, ит кабат деп колуна бир чыбыкты көтөрүп алып, бүт туугандарын үймө-үй кыдырган. Ушундай жөнөкөй, адамгерчиликтүү, жупуну мүнөзүнөн аты алыска кетип, элге таанылганына карабай, туугандарына, айылындагыларга ”акынмын, жазуучумун” деп бир ооз көптүрүп мактанып,” баланчанын баласын, түкүнчөнүн кызын окуттум, ишке киргиздим”(араптардын уул кыздарынын көбүн окутуп, тааныган-тааныбаган канча кишилерге жардам берген) деп айтпаган экен.

— Жакшысыңарбы, тынчсыңарбы, бир кабар алып коеюн, — дедим дечү сыпайы гана…

Туугандарынын сыйына карабай, нандан ооз тийип, жүз көрүшүп, учурашкандан кийин чыбыгын көтөргөн бойдон үйүн көздөй кетчү…