КАДЫРКУЛОВА Мээрим: МЭЭРИМ КАДЫРКУЛОВА: КАРА ДЕЛЬФИН

АҢГЕМЕ

Узун коридор менен эки киши келатты. Алардын бири – чап жаак, жапалдаш бойлуу аял, бири – көз айнек тартынган толмоч жигит. Экөө бирдей ак халат жамынган. Жаңкы аял артынан кимдир-бирөө түшкөндөй шашкалактап, чоң-чоң кадам таштап баратты. Жанындагы көз айнекчен жигит да андан калбай ээрчий жүрдү.

Туткасы кетик каалганын тушуна келгенде аял аярдай берип, бирдеме издегендей халатынын эки өңүрүн сыйпалап көрдү. Анан чөнтөгүнө колун сунуп, шыгыраган жоон топ ачкыч чыгарды. Каалганын ачылышын күтүп калган көз айнекчен жигит болсо жер тиктеп, терең ойго баткансыйт. Эшик ачылып, экөө бөлмөгө өттү.

Аял кирер замат тамдын боорун кармалап, бөлмөнүн жарыгын күйгүзгөнчө шашты. Эми теребел жанагыдай басмырт болбой, жаркырай берди.  А бирок бу бөлмө кароосуз калгандай жайсыз эле. Анда жабуусуз жылаңач үстөл, тегерегинде тактай отургучтар турган экен. Мындан башка көзгө басарлык эчтеме көрүнбөйт. Бир маалда жанагы экөө ортодогу чоң үстөлгө кадала отуруп, бирдеме күткөндөй эшик тиктеп калышат.

Арадан көп убак өтпөй, курагы жыйырма-жыйырма беш чамасында кыз бөлмөгө башбакты. Ал боюна балбыраган кең көйнөк кийип алыптыр. Анысы жүз бүктөлүп бырышкан. Кыязы, уйкудан жаңы ойгонгон окшойт. Кыска алынган жумшак чачы уйпаланып, желке жагы жаздыктын калыбына кире жапырайган. Жүзү кабарыңкы. Алакай көздөрү бири-бирине алыс, маңдайы жазы. Адегенде эле анын бүркүттүн тумшугундай коңкогой мурду отургандардын баамына чалынды.

– Мында отуруңуз, Умсунай,– ак халатчан аял келген кызга отургучту жаңсады.

Көз айнекчен жигит учкай болсо да бир-эки сөз ырымдап коюуну туура тапты:

– Жакыныраак отуруңуз,– демиш болду ал.

– Марат Бегалиевич, сөздү өзүңүз баштайсызбы?– деди ак халатчан аял тиги көз айнекченге.

Марат Бегалиевич баш ийкеп, макул көрдү.

– Кандайсыз, Умсунай? Баары жайынчабы? – ал сөзүн жайма-жай баштады да, ак халатчан аялга карап: – Дарига Бековна, жанагы калемдерди бери узатып коюңуз,– деп өтүндү.

Марат Бегалиевич көз айнегин бет аарчысына сүртүп тагынды да, колуна калемин алып, алдындагы кагаздарга үстүртөн көз жиберди.

– Кадимкидей эле… – деди  бир маалда Умсунай үлдүрөгөн үн менен.

Ал бөлмөнү айланта бир карап алды.

– Жакшы болсоңуз эле болду,– күйпөңдөгөн Марат Бегалиевич кагазга бирдемелерди жазып атып: – Кай курактасыз?

Бу суроо Умсунайга жакпады.

– Бая күнү эле сурабадыңар беле?! Айтпадым беле!– корс эте кайчы жооп кайтарды.

– Анда эмесе, дагы бир ирет кайталап коюңуз.

– Жыйырма беш жаштамын, 1973-жылы туулгам.

– Ооба, ооба… Ошондо үстүбүздө кай жыл?– Марат Бегалиевич көз айнектин кырынан карады.

– Пай-пай, акебай, эс тутумум ордунда эле. Иши кылып бир жыл эсеби эмеспи!

– Айтыңыз!

– 1998-жыл!

– Ооба. Мында төртүнчү палатада турасыз, ээ?

– И-и.

– Жакшы.

– Эми мени билгениңердей таптайсыңар, ээ?! Жандырып сурап, анан дагы… дагы…  – деди тиги экөөнөн көз айырбаган Умсунай.

– Алган билимиңиз жөнүндө айтыңыз. Буга чейин каякта эмгектенгенсиз? Чөйрөңүз менен ымалаңыз кандай эле?

– Окугам, иштегем. Анча-мынча курбуларым бар. Кыйла жылдан бери эжекем менен турам.

– Кесибиңиз?

– А бу туурасында да айткам. Кагазга жазып алгансыңар.

– Гмм. Окуу жайда эмгектениптирсиз. Сабак да өтүп жүрчү экенсиз. Туурабы?

– Эчтеме дегим келбейт. Анын үстүнө эмне кыласыңар аны? Жеке өзгөчөлүктөр, мүнөздүү белгилер жана да ар кыл сыпаттар… Жөн койгулачы буларды! Менин дельфиним бу өңдүүлөрдү анчейин жактыра бербесин өгүнү эскертпедим беле?!  Унутуп койдуңарбы же? Кудай уруп… антип айтпаңыз! Чүш-ш-ш!– Умсунай чыканагы менен үстөлгө таянып, Марат Бегалиевичке карай жантайды.

– Эмне үчүн айтпаш керек? Кайсы дельфин?

Умсунай белин түзөп, муштумун ыптай кармап, манжасын кычырата кетти.

– Айтпаш керек!– дагы бир курдай корс этти ал.

– Макул. Сиздин дельфиниңиз барбы?

– Бар дельфиним!

– Гмм.

– Белги, сын-супат – мага тийиш көлөмдү тарытат дегем. Жазып алгансыңар, кечээ баягыда. Ана, алдагы жерде жазылуу… Эмне улам-улам баштан түшөсүңөр? Алар эгерим жарытпайт дегем! Кандай десем, деги буларга кандай десем… – бирдеме издегендей ордунан козголду.

Алиге бейгам отурган Дарига Бековна башын көтөрүп:

– Отуруңуз, Умсунай!– деди өктөм үн менен.

– Гм… Отуруп уланта бериңиз,– Марат Бегалиевич кесиптешинин буйругун колдой кетти.

– Мен – кишимин. Болгону ушу!– деди тиги отургучка көчүк басып атып. – Ар кыл белгилерди үстөкө-босток кайталай берүү кажет эмес. Жашымды, атымды, жынысымды, алган билимимди сурап, эмине, мени кичиртүүнү тилеп калгансыңарбы?! Антип сонунду кандыралбайт экем! Анте берсеңер, дельфиним менден чет болбойбу… Силер аны үркүтүп коёсуңарбы деп коркомун!

– Айтыңызчы, бу оору качан жана кандайча кармады? Жанатан дельфин деп турасыз, ал кайда өзү?– Марат Бегалиевич түшүнбөгөндөй ийин куушурду.

– Мендеги – абалкы оору. Бирок катуу демитип турганына бир аптанын ары-бериси болду. Бу жерге мени эжем таштап кеттиби? Анан эмине, баса, ошо билерман апкелбеди беле. Жадагалса тууганыңа ынанба! Жип учугун ага карматпа, катыгү-ү-үн! Адеп жибиңи жонуп, кудукка салуучу как өзү! Кудукка салат, кудукка!

– Акырын, жай сүйлөңүз.

– Иши кылып сейилдемек үчүн тышка чыкканым эсимде, анан жанагы брусчаткалар… Көчөдө эл басыш үчүн шыгырата төшөлгөн төрт чарчы брусчаткалар мени жедеп кыжырлантты! “Кандай немелер булар деги?” дедим ичимде. Анан калса бутум кээсине сыйбайт десең. Эки брусчатканын бириккен жерин баспаш үчүн жан үрөйм, бирок ар жолкусунда үлгүрө албайм. Болбой эле кылтыйып ашып калат. Кайра-кайра жаза басам. Ошондо ындыным сөндү.

Бу абалга кыжырланып, манжаларымы кычырата баштадым. Муун тырыштырган бу балакеттен тезирээк чыгышым керек эле. Бир курдай кычыр-кычыр, анан дагы кычыр-кычыр… бүтпөс кычырак, өнүмсүз кычырак, түйшүктүү калжырак!.. Чакан ритуалды араңдан-зорго бүтүрдүм. Ошондо барып көөнүм жайбаракат боло түштү. Бир оокумда баамдасам, жанагы кара дельфин бирде жагымдуу үн салып, бирде ышкырык чыгара кыңкыстап, айтор, мага үйрүлүп түшүп атыптыр. Андан ары күр бактуу паркка карай басканым эсимде. Дельфин болсо жанымда. Каш карайганда парк тарапта жанган фонарлар мага Күн сымак жалындуу сезилди. Ошо Күндүн жылымык нуру жалаң мени аймалап, анда турган сөлөкөттөрдүн баарысы жылуулук эңсеп, мага имерилгенден имерилишти. Мен оттой күркүрөп жандым!  Дельфиним болсо жарданган караандарга үн безеп ырдап атыптыр. Тиги сөлөкөттөр ага алкыш айтып, анда-санда алакан чапактап калышат. Анда ал ого бетер экиленип, абада каршы-терши сүзгөнүн койбойт. Ийилчээк тулкусу бураң-бураң, бураң-бураң…

Кезек-кезек дене-боюн мага жолотуп, кежигемди жагымдуу укаламыш болот. Анан дегеле ошондогу денесинин муздагычы. Чылгый териден бетер маа чап жабышкан тулку-бою чоктой ысык этиме эт болуп бүтүп, серүүндүк өткөзүп атты. Оштонгон жан шеригими желкесинен сылап, мончоктой жылтыр көзүн тиктесем, анда бүтүндөй дүйнө алаканга салгандай бир тынымда көрүндү,– Умсунай Дарига Бековнага бурула берип: –Сиз, өмүрүңүздө жалгыз гана жолу бүтүндөй дүйнөнү бир тынымда көрө алдыңыз беле?

Дарига Бековна бу суроо каршысында чайналды.

– Мага алаксыбай сүйлөй бериңизчи,– деди Дарига Бековна сустайыңкы.

– Бу кандай маанини туюндурат? Жанагы брусчаткалар, дельфин деп атасыз, ошо маалда чын-төгүндү ажырата албадыңызбы? Күн менен фонардын ортосундагы ажырымды биле албадыңызбы?– Марат Бегалиевич суроолуу тиктеди.

– Билбейт экем. Күн жана фонарь. Бар нерсени акмалап ээрчишип, өчөт-күйөт, күйөт-өчөт. Көзгө сайса көрүнгүс караңгыда экөө бирдей дарексиз жоголгон эр-азаматтар. Кандай ажырым болушу мүмкүн?

– Мунун жообун сиз айтышыңыз керек эле. А тиги жазыксыз брусчаткаларга  эмне үчүн анча териктиңиз?

– Алардын кесилиши басууга тийиш эмес. Бөгөт!

Эми ал бешманжасын жанчып, тынымсыз кычырата баштады. Муну туйган Дарига Бековна аябай иренжиди. Тырсылдакты уккусу келбеди. Ал кежигесине оролуу токочтой томолок чачын сыйпалап болуп:

– Умсунай, колуңузду жөн коюңузчу!– деп суранды.

– Гмм… Айтыңызчы, а жумуштагылар менен мамилеңиз кандай эле? Алар мамындай абалыңыздан кабардар беле? – Марат Бегалиевич ойчул көз караш менен.

– Ошондой бекен?

– Кандай?..

– А-а, жумуштагылар… Алар кантсин? Замана оор. Анда анча-мынча ийин бүтөлгөнү менен, баары бир кем-карч! Соңку күндөрү жумушка барганым жок. Далай нерселер дельфинимдин купулуна толбой, тобокелге сала баарынан кечким келди. Толуп-ташкан сын-белгилер, анан дагы уч-кыйрына көз жеткис дүрдүйнө… Анан калса,  көркөм өнөр таамай мейкинге абдан эле жуук сымак. Мен андан баш тарттым.

– Эми муну кандай түшүнсө болот?

– Менин кесибим сиздин оймоктой оозуңуздан төбөңүздөгү алдагы бөкөн чачыңызга чейин таамай айтып берет ко! Ошондо сизди айгинелеген белгилер көбөйгөнү менен, өзүңүз кыттай болуп бир калыпка куюлуп, мүмкүнчүлүктөгү башка далай-далай сапаттардан өксүп, жардыланып каларыңыз төгүнбү?! Сиз… врач! Андыктан сизге адабиятчы болуш эми кайда?! Сиз береги сапатты энчиге басканыңыз менен, башка өзгөчөлүктөрдөн кол жуудуңуз!  Тарыга түштүңүз. Аттиң, мен тек гана “киши” аталсам, кандай көлөмдүү болор элем! Кара дельфиним да ушу пикириме өнөк. Билесизби, ал күңүрт болгусу келбей, түпкүрүндө тек гана дельфин болууну арзуулай турган.

– Чын менен жалганды ажыратып, андан ары уланталы. Гмм, суранар элем, көп бурмалабай сүйлөсөңүз. Сиз азыр кайда экениңизди туюп турасызбы?

– А-а! Туюп турам, туюп турам! Мен го, макоо чалыштардын жайында экем, а сиз, өзүңүз, кай жайдасыз? И-и, анан да сизге кайсы чындык керек, акетай?  Мен – эжеме сиңди, досума курбу, сизге бейтапмын! Мен ким экем? Канакей анык чыныгы абал? Ал абдан эле кө-ө-өп окшобойбу… Бир адамга мынча арбын сапат не керек? Кедерги! Ошончүн сурабаңыз деп атам! Чаалыктым деп атам! Чектелген абал! Кудум жанагы брусчаткалардай! Кимдир-бирөөдөн ырайым болобу? Же… же мага өзгөчө ритуал керекпи?! Көмөктөшкүлөчү!

Дагы манжаларын чоюп, тырсылдатмайга өттү.

– Ооба, ооба, беребиз жардам… Колуңузду тынч коюңуз! Эми мага караңызчы. Мынакей, мобу үстөлдүн үстүндө эки калем турат, – Марат Бегалиевич калемдерди үстөлдөн алып чокчойтту. – Анан маңдайыңызда эки киши отурат – мен жана Дарига Бековна. Чынбы? Эмнеге антип жан-жаныңызга каранып элеңдеп атасыз? Мында эч кандай дельфин көрүнбөй эле. Туюнуп турасызбы?

– Ооба. Сиз, анан Дарига Бековна. Туура. Мен ошол эки санын сүйөт окшойм, мен ага ченебей ашык белем… –Умсунай эки колун көкүрөгүнө алып, эки бетин чытып күлүмсүрөдү. – Ха-ха, аны мобу дельфиним да сүйөт. Кандай гана адилеттүү сан, ээ?! Жарыктык! Анын жынысы жок, даамы жок, жыты жок, кесиби жок, улуту жок… Эки калем – эки адам. Кандай сонун жетик нерсе! Анын жеткилеңдигин элдин баары билбеспи! Калыстыгынын туу чокусун көрчү чиркиндин! Жадагалса адам менен калемдин болушун теңдеп турганын… Экөө тең – экиден. Ооба, ооба! Анда мобу эки калемден экөөңдүн эмне айырмаң бар, йе?..

Бу сөз Дарига Бековнанын кычыгына тийди.

– Бу эмне дегендик? Маңдайыңызда опол тоодой эки врач отурса! Кичине адепти сактаңыз. Бизди калемге текшилеп-теңдеп деле… – деди ал.

– Ооба, ооба! Ошонүчүн жаңкы  сан тариздүү немелер текшиликти сүйөт деп атпаймбы. Аны биздин заманда ким билбейт, кокуй? А жанагы… жанагы белги, сыпат өңдүүлөр – киши турмушунда бүтпөс машакаттын чордону! Алар брусчатка сыяктуу майдачыл, кыйкымчыл!  Көркөмдүк да белги-сынга тең-тууган болуп, ансыз күнү өтпөс бейм. Антпесе, эби-сыны жок кунарсыз нерсени ал кантип көркөмдөп бермекчи? Аа, де-е-е… Ошонүчүн мен бу ишти таштабадымбы! Мен андан ошонүчүн кол жуубадымбы! Ылазым эмес дедим өзүмө! Ха-ха… Анан обу жок чынчыл боло калышат. Менин кара дүмүрдөй болгон дельфиним, эмине, чын эмес бекен?  А өгүнү мен тышка чыкмакка камындым. Кайсы күн экени азыр эсимде жок. Анда дельфиним жанымда эмес. Босогого жете берерде бирдеме унутуп калып, аны алыш үчүн төркү бөлмөгө өттүм. Жайдын саратан ысыгы мээ какшатып турган. Кирсем, эжем жумуштан кайтып келип, вентиляторду иштетип койгон экен. Анын дирилдеген жеңил канаттары тынымсыз чимирилип атты: диррр-диррр… диррр-диррр… Эжекем керилген шердей болуп адатынча керебетинде жүзтөмөн жатыптыр. Кийимин чечпей бүкүлү уктап калган экен. Аны көрүп, бир убак көөнүмө бүдөмүк ой кылт эте түштү.

Ырас, ошо тапта мен аны “ким көрдү” кылууну эңседим. Түбүндөгү вентилятордун кылаңдаган чубалжыны көзүмө түштү. Аны сууруп алып, тигинин мойнуна кат-кат кылып, бекем чырмагым келди. Анан калса жанагы чубалжын мага өлтүргүч курал сыяктанып туруп алды. Бир убак алда кайдан кара дельфимдин алсыз-күчсүз добушу кулагыма угулгансыйт. Жүрө-жүрө ышкырыгы күчөп барат. Дааналап угуш үчүн кулак төшөйм. Ал ыркырап итче үрүп атыптыр. Оолугуп калганбы? Дабыш ээрчий тышка чыгам. Эгер мен ошондо эжекемди биротоло тыйпыл кылганымда, ия, Марат Бегалиевич, сизге жанагы чубалжындын табияты туурасында собол сурашса, кай чындыкты атайт элеңиз? Бу вентилятордун чубалжыны дейт белеңиз же өлтүргүч куралбы?

–Гм… – колундагы калемдерин бири-бирине сүртүштүрө кармады Марат Бегалиевич.

– Табышмак айтып, жандырмагын чегип сурап, үстөм келгиңиз барбы?– Дарига Бековна билинер-билинбес жылмайып: – Оо, кокуй десе! Албетте, ал – вентилятордун чубалжыны. Эртеден бери суроого суроо иретинде жооп узатып…

– Андай экен, Дарига Бековна,– Умсунай ага үңүлө берип: – ошо вентиляторду жанагыдай суук болмуштан кийин сизге ыроолосом, бөлмөңүзгө койкойто коюп урунат белеңиз?

Марат Бегалиевич оор үшкүрүнүп, сөзгө бөгөлдү:

– Башка айтар кебиңиз барбы, Умсунай? Же кандайдыр бир сураныч, өтүнүчүңүз?

Умсунай “жок” дегендей башын чайкады.

– Жүрүңүз анда,– Марат Бегалиевич ордунан козголду.

Узун энсиз коридор менен үч караан алыстап баратты. Экөө – аял, бири – эркек. Бир аз мурун түшкөн ымырттын көгүлтүр шоокуму тээ алыстагы чакан тезеден үрүл-бүрүл тийип атты. Ак халатчан Дарига менен жаңкы илең-салаң Умсунай коридордон оңго бурулуштагы тепкич менен өйдө көтөрүлүп, көздөн кайым болушту. Санааркап бараткан Марат Бегалиевич  тык токтоду да, бир аз кетенчиктей берип:

– Дарига Бековна, бешинчи палатадагы Керимбеков Канатты ээрчите түшүңүз!– анан жооп күткөндөй бир тынымга кыймылсыз туруп калды.

Дым. Үн жок. Жооп келбеди. Марат Бегалиевич салмактуу адым таштап, андан ары жолун улантты.

2018-жыл.