КАДЫРКУЛОВА Мээрим: МЭЭРИМ КАДЫРКУЛОВА: ШАТЫ

АҢГЕМЕ

Таң атты. Күндүн бүлбүлдөгөн алгачкы шоокуму Беловодск айылына кирип келди. Эртең мененки тиричиликтин бака-шакасы башталды. Колхозная көчөсүнүн маңдайында орун алган воскресный базары бүгүн эмнегедир өзгөчө ызы-чуу. Анын үстүнө бүгүн дем алыш эмеспи. Базар күндөрү мында ар дайым элдин кыжы-кужусу, унаалардын күрүлдөгү, малдын маараган-мөөрөгөн добушу өкүм сүрүп турат.

Ар ким колундагы керектүү-керексиз оокатын апкелип сатыкка чыгарат: бири кой-эчкисин, бири тоок-моогун, бири чемичкесин, бири картөшкө-пиязын, а дагы бири темир-тезегин…

Бир маалда жанагы Колхозная көчөсүндө бойлой тизилген үйлөрдүн биринин тактай дарбазасы “чыйк” эте ачылды. Андан арык чырай, бекене бойлуу, сары чийкил кемпир чыга берди. Күн шооласынан ийменген кары алаканы менен чүрүш жүзүн калкалап, базар тарапка аста серп салды.

– Ик-ий, элди карачы! Жан талашып… – деди ал базар тараптан көзүн албай.

Бу кемпирдин аты – Бүбү. Кыялы чапчаң, оокатка чыйрак, бышык кемпир. Ал мында далай мезгилден бери жашайт.

Шаштысы кеткен Бүбү байбиче бурула берип дарбазаны шарт жаап, үйүнө кирип кетти.

– Ай, Астар, тур!– деди ал үйгө кирип келип. – Элди карачы, оокат деп жүрөт! А сен дале жатасың!

Төркү үйдө жылуу төшөктө жаткан Астар наристече былдырыктап алды да, аста көзүн ачты. Апасы түбүндө турган экен. Ал жерде жаткандыктан, адегенде эле апасынын кара көлөчү көзүнө урунду.

Астар – ушу кемпирдин кичүү уулу. Жашы али он жетиде. Узун бойлуу, буудай өңдүү, тармал чачтуу жигит. Жадагалса ынагына анчейин ачыла бербеген түнт мүнөз жан. Мындан улуу баласы Мурат беш-алты жыл мурун бөөдө кырсыкка учурап көз жумган. Бүбү байбиче учурга чейин ал баласын унута албай, эстегенде кабыргасы сөгүлүп кетер эле. Бу кемпирдин чалы да жок. Ал бир нече жыл мурун каза тапкан.

– Мурат жок,– деди кемпир бир маалда. – Ал жумуштан кийин досунукуна барып конуп калган го…

– Ушундайыңды койчу, апа! Баштан түшмөсүң!– деди Астар башын жаздыктан көтөрүп.

– Бир убак кайтып келер…

– Мурат жок. Ал келбейт. Болдучу деги! Обу жок жөөлүй бербей!

– Тур, арам! Чайыңды ичип болуп, Нинанын шатысын сурап кел. Анда болбосо Хасандан сура,– деп эчтеме болбогондой шапылдады кемпир. – Алма теребиз!

Астар макул демиш болуп, тынымга унчукпай калды. Апасы тышка чыкты.

Нина менен Бүбү байбичелердин үйү бири-бирине жакын. Жанаша турушат. Нина кыйла жылдан бери жалгыз жашайт. Жашы элүүдөн ашкан аял. Ал эми Хасандын турагы Бүбү байбичелерден эки үй окчунураак. Ал кара торусунан келген булчуңдуу, москоол жигит. Хасан жалгыз-жарым жашап көнгөн катын-баласыз бойдок эркек.

Астар бети-колун жууп, үстү-башын иретке келтирип, эртең мененки тамагын жеп отурду. “Шаты алып келиш керек тура,– деп ойлоду ал ичинде.– Тётя Нинага барбайм, анткени анын короосунда чоң дөбөтү бар. Ал эч кимди жакын жолотпойт”.

Апасы тыштан келип, уулуна кердендин кырына келтире мелт-калт айран куюп берди. Кемпир өзүнчө күпүлдөп, бирдемелерди баяндап отурду. Ал эми Астардын эс-дарты жанагы шатыда. “Эми андай экен, Хасандан алыш керек. Бирок Хасан – колу чүрүш, сараң неме…”– деди ал дилинде.

Бир аз мурун мында күйпөңдөп жүргөн апасы бир паста тышка чыгып кетти. Астар дале дасторконго карап отурду. Анын көңүлү дале шаты жөнүндө болуп жатты. Анан ал карды тойгон соң, тышка чыгууга камынып калды.

– Шатыга жөнө!– деди короодо алма үзүп турган апасы.

Астар макулдугун билдиргендей баш ийкемиш болду да, тыштагы жыгач каалганы “чыйк” эттире түртүп ачып, көчөгө чыкты. Базар тарап алиге кыжы-кужу.

– Тётя Нинага шаты сурап барбайм. Ити жаман…– деди ал ичинен дагы бир жолу. –А-а, тиги Хасан шатысын бербейт ко… Ал өлгөндөй катуу киши эмеспи. Көзү жокто эл аны “битирек” деп тилдейт. Бөлөк журтка бербеген неме, эмине, мага берет дейсиңби?”

Ал терең ойго батып баратканда туурадан тётя Нинанын үнү чыкты:

– Эгей-й, Астар! Таң атпай кайда жөнөп калдың?

Нина дарбаза түбүндөгү жука тактай орундукта бөкчөйүп отуруптур. А бирок бөкчөйгөнү менен, анан да курагы элүүдөн ашса да, кебете-кешпири теңдеш курбуларына караганда алда канча жаш. Анын табият эрежелерине караманча каршы туюлган жаш-секелек турпаты көпчүлүктү сонурката турган.

Нинанын сыртта отурганын көргөн Астар иттин чеңгелинен кутулгандай кудуң-кудуң этип, кубана кетти.

– Шаты издеп жүргөм. Болсо, бере турасызбы?– деди ал.

– Шаты жок. Кечээ кечинде Володя сурап кеткен.

Владимир – Нинанын жээни. Ал ушу айылдагы Ак-Суу дарыясынын аркы өйүзүндө үй-бүлөсү менен турар эле. Кез-кезде таежесине келип, учурашып кетмей адаты бар.

– А-а ата, мейли. Хасанга барайын… – деди саал дили сына түшкөн Астар.

– Хасандын шатысы бар, бирок ал эч бир жанга жылдырбайт,– деди Нина. – Бирок сурап көр, балким, берип калар. Баса, бая күнү болор-болбос иш менен башбагып калдым. Бу Хасан жөн киши эме-е-ес! Короо-жайына темир-тезекти топтоп алыптыр. Аркы жагында үймөк-үймөк алюминий бирдемелер, берки жагында кара металл… деги койчу, кайсы бирин айтайын! Аны чогултуп, бир ишине жаратат бейм эргул! А кайдан келген темир-тезек экенин ким билсин?.. Эми сен барып, сурап көрчү шатысын… – деп божурап сүйлөп отурганда Нинанын мурдунан шоргологон кан көкүрөгүнө чейин чубуруп акты.

Бир аз мурун жакшынакай турган келбети, эми кер-сары тартты. Астар муну көргөндө селт эте түштү.

– Ишь ты! Эмне карап турасың, жардам бересиңби мага!– деди Нина Астарга.

Астар Нинаны бир капталынан сүйөп, үйүнө киргизди. Ит нары жакта байлануу экен. Анда-санда жаалданып, Астарга арсылдап жатты.

– Ну, ну, Маркиз! Не рычи!– Нина борсулдаган дөбөтүн жубатуунун айла-амалын издегенсип. – Өз кишибиз, өз киши…

Үйгө кире бериштеги цемент тепкичтин түбүндө мом шамынын, жанып бүткөн ширеңкелердин калдыктары, чийки жумуртканын кабыгы жаткан экен. Тепкичти ашып, босогого жетер замат Нина Астардын кулачынан ажырап:

– Болду! Эми жолуңа түш, андан ары өзүм эле басып кетем,– деди.

Астар макул көрүп, тышка чыгып, Хасандыкына жөнөдү. Шаты сураш керек. “Шатысын бербейт экен да?! Аны көрөбүз, азырбы!.. А-а, бербесең, анда башкача сүйлөшөбүз сени менен… Көрдүңбү, жалпы эл билет сараңдыгын… Бербей эле көрчү, сени майып кылып коёрмун, керек болсо!”– деп кыжынып баратты Астар.

Бир оокумда Астар оюнан ойгонду. Хасандын үйүнө келип калган экен. Анын дарбазасын көзүн албай тиктеп, кыйлага шалдайып туруп берди. Дилинде Хасандын дарбазасы ачылып, аны менен сүйлөшүп тургандай элестетти. Хасан: “А-а ата, Астар, шаты жок менде”,– деп жооп узаткандай туюлду.

Астар бу оюна кыжалат болуп, уят-сыятты жыйыштырып, Хасан каалганы ачар замат, аны үнсүз-сөзсүз какыс-кукус кылууну көксөп турду. Бирок ал каалганы кагып, Хасанды чакырып үн салбай, тынч гана үйүнө жөнөп кетти.

– Кана шаты?– деди Бүбү байбиче уулунун кур кол кайтканын көрүп.

–…Жок экен.

– Экөөндө бирдей жок бекен, ботом?!

– Ооба. Тётя Нина да, Хасан да бирөөлөргө берип коюшкан тура…

– Э, кокуй! Кудай урбадыбы! Эми алманы кантип теребиз… Андай экен, чык бакка!

– Шаты таап келем жакын арада…

– Эми анда жөнө, сабагыңа даярдан!

“Ээ-эк, сенден ашкан чабалды көрбөдүм” дегендей Бүбү байбиче колун шилтеди.

Астар эмдиги жылы мектепти аяктайт. Ал азыр атайын сынакка даярдоочу курстарга катышып жүрөт. Өзү көбүнесе так илимдерин – математиканы, геометрияны жакшы көрөт. Ушу тапта ал китеп-дептерин салыштырып, мугалиминин үйүнө жөнөмөкчү болду.

– Астар, сабагың бүткөндөн кийин тез кел! Ой, арам, угуп турасыңбы?– деди Бүбү.

– Ооба, тез эле келем.

Астар оорукананы көздөй басты. Анын маңдайындагы үйлөрдүн биринде мугалими турчу. Анда ал математика, геометрия боюнча тереңирээк билим алмакчы. Баратып өзү менен өзү сүйлөштү: “Мен баары бир жогорку окуу жайга өткүдөй дараметте эмесмин. Минтип куру машакат тартып, бөөдө убара болгондо эмине? Ооба, эсеп-кысапка шыгым бар, бирок азыр окууга өтүш оңой-олтоң иш эмес деген пикирди далай ирет эшитпедим беле. Керек болсо өтө билимдүү, өтө сабаттуу окуучулар баш болуп, кээде сынактан өтпөй кыйрап калышат экен. Андыктан маа кайдан ага, ыя? Шаам жетчүдөй эмес… Же окуу-сокуу дебей эле тек койсомбу?..”

Жай мезгили капкачан аяктап, күзгө тартып калган маал. Бүгүн аба ырайы күндөгүсүнөн салкынырак. Кечке жуук Астар көчөгө чыкты. Кара терге түшкөн кошунасы Хасан жалгыз дөңгөлөктүү кол арабасына темир-тезек шыкап, тамын көздөй безилдеп келатыптыр. “Көр-жерди тинткилеп, кайдан-жайдан бирдемелерди чогултуп келип, короосуна үйө бермей адаты бар”,– деди ичинен Астар. Анын үстүнө Хасан эч жерде иштебейт, колу бош. Мобу темирлерди өткөрүп, өз күнүн өзү көрүп келатат.

Астар Воскресный базарын айланып өтүп, темир жолду ашып, андан ары жогорулай басты. Бир аз илгерилей бергенде христиандардын мүрзөсү кашкайып көрүндү. Ал жак гүлгө жык-жыйма. Ыраактан караган байкоочуга өзүнчө эле шаар сыяктанат.

Бир оокумда ошол көрүстөндөрдү бойлой тоскон дубалды белгисиз бирөө аттап өттү. Берилеп баскансыды. Аял киши экен. Этеги жерге тийген кара шифон көйнөк кийип, башына жоолук чырманып алыптыр.Эки колунда бирдей чака-чукасы, баштыктары бар. Астар жанагыдай арышын өтө кербей, эми жайма-жай басыкка өттү. А тиги келаткан аял тётя Нина экен. Көзү курч окшобойбу, ал да Астарды алыстан эле айныбай тааныды.

– Ого! Сен мында эмне кылып жүрөсүң?!– деп үн салды Нина.

– А мен жөн эле, сейилдеп десем болчудай…

Нинанын чакасындагы муштумдай түйүнчөк баамына чалынды. Ал бир-эки ууч топуракты ак кездемеге бекем түйүп-таңып коюптур. “Муну эмне кылат?– деп ойлоду Астар.– Топурак жокпу үйүндө? Кыязы, гүл отургузат ко…”.

– Бая күнү Хасан шатысын бердиби?– деди Нина бир маалда.

Астар кызарбай туруп:

— Жок, бербеди, – деп жооп кайтарды.

Ал да Нинага кошулуп, Колхозная көчөсүнө бет алды.

– Ну и скряга!

– Ооба, ошондой экен… – деди Астар.

– А мен мында маркум энекеме гүл койгонго келгем. Ага таандык көрүстөндүн жака-белин шыпырып-тазалап койдум. Бүгүн бу дүйнө менен кош айтышканына жыйырма жыл болду. Эне эмеспи, эстеп коюш шарт. Элеси ар дайым эсимде бечарам… А кез-кезде аны менен сүйлөшөм… Ооба, каңырыш уккан жоксуң, ыраматылык менен ар дайым байланыштамын. Далай пайдалуу нерселерди мага үйрөттү…

Воскресный базарынын тушунан өтө бергенде өгүнкүдөй болуп Нинанын кууш таноосунан кан жошулуп кетти. Астар бу жолкусунда да кичипейилдик кылып, жардамын аябады. Адатынча аны бир капталынан сүйөп, турагына чейин эринбей-этпей узатып барды. Дарбазасын ачкан соң, Нина үй тарапты жаңсады:

– Мобуларды да үйгө киргизүүгө жардам бер.

– Макул.

Үй ичи күнөс эмес, күңүрт экен. Күн нуруна бөгөт болсун дегенчелик терезелерине туташ гезит, кагаз чапталган. Анысы аз келгенсип кат-кат калың пардалар тартылуу. Бурчтагы үстөл үстүндө иретсиз жаткан нерселер Астардын көңүлүн заматта имерди. Анда бетине ар түрдүү фигуралар, оюу-чийүү чиймеленген кагаздар, жартысына чейин жаштай жошулуп, мөлт-мөлт жанып барып, саал катый түшкөн мом шамы, адам сөлөкөтүнө түспөлдөш кездемеге шыгырата кадалган теменелер, бетине жазуу салынган тактай руналар жатыптыр. А тиги төркү бөлмөдөн кургатылган чөп-чардын, шалфейдин жыты буруксуду.

Нина Астардын үстөл тарапты элейе тиктеп калганын байкай коюп:

– Болду, а сен жөнө үйүңө,– деди.

– Болуптур,– Астар чыкмакчы болуп босого тарапка жүткүндү.

Бир оокумда диванда суналып жаткан Нина:

– Жөнү жок жалган сүйлөбөй жүр!– деди.

Астар бир аз аярдай берип:

– Эмнени?– аң-таң болду.

– Шатыны.

– А эмне деп… жалган айттым?..

– Сказал бы богу правду, да чёрта боюсь! – көкүрөгүн кырылдата жөтөлдү Нина.

Бу кепти укканын угуп алып, эми Астар абдан оңтойсузданды. “Айыбы чыккан жигиттин узун бою пас болот” сымак, жүзү мала кызыл тартып, атүгүл тамылжып, жанып чыкты.  Ар кайсынын башын бир ойлоп отуруп, так үйүнө жете берерде жолун мышык кесип өттү. Астар тык токтой калды. “А бу жолдон эми өтпөш керек. Мышыктын жолу оор. Ал – кара жолтой. Жол кесип өткөн мышык жамандыктын жышаанасы. Кандай болбосун, “сактансаң-сактаймын” деген кеп бар. Көпчүлүк ошондой деп билет”,– деп акыл калчады да, тигиндейрээк боло берип, жолду тегеренип өтүүнү туура көрдү. Кудум ошондой кылды.

Апасы очок түбүндө каймак кайнатып, сары майын куюп, чөбөгөсүн чыныга калпып жатыптыр. Астарды бир жалт карап, чүрүшкөн таноосун ого бетер чүйрүйтүп, үнсүз оокатын кыла берди.

Бир оокумда:

– Арам, кайда жүрдүң? Келбейсиңби тамактаналы,– Бүбү байбиче маңдай терин аарчынып.

*   *   *

Астар бир нече күндөн бери тумоолоп төшөккө жатып калды. Мектепке барган жок. Бүбү байбиче карыганда көргөн уулум деп чыйпыйы чыгып, эки-үч курдай доктур чакырды. Медайым маал-маалы менен келип, көчүгүнө ийне жасап жүрдү. Астар ирдене албай, бир чети чабалдык кылдыбы, айтор, төшөктө боюн керип далайга жатты. Кезек-кезек жөөлүп калат. Өгүнү чоркоктук кылып Хасандан сурай албай койгон шаты эми көзүнөн учту. Ага кошул-ташыл Нинанын бүлбүлдөгөн карааны көзүнө илээшип кетпеди. Ал куту менен бирдеме апкелип, мобу Воскресный базарда сатып отуруптур. Астар жакындап барып:

– Кутудагы эмине, тётя Нина?– деп сурады.

– Шатычалар,– деди камырабаган Нина.

Куту оюнчук шатычаларга жык толгон экен. Ар биринин чоңдугу – бармактай. Анан калса өңдөрүн көрбөйсүңбү: кызыл-тазыл, жашыл, сары, деги койчу, иши кылып толтура! Астар ойго батып, тынымга мемиреп турду. Ал да бир шаты алмакка ашыкты. Алтын түстөгү шаты алгысы келди.

– Кандай түсүн аласың?– деди Нина.

– Алтын түстүү барбы?

– Ач! Карап көр!

Астар кутудагы шатычаларды биринен сала бирин сууруп карады. Алтын түстөгү шатыча көрүнбөйт. Уламкысын улам кутудан чыгарып, карап көрдү – жок. Көңүлүндөгүгө эп келишпегенин көздөн оолак, туш-туш жакка үйүп жатты. Бир маалда баамдаса, базар аянтчасы түмөн оюнчук шатычаларга толуп, эл ээн-эркин баса албай калыптыр. Бу куту жөн куту эмес окшойт! Астар канча ирет суурубасын, анда бүтпөс, сан жеткис көлөмдө шатыча бар сыяктуу.

– Хи-хи-хи, таптыңбы алтын түстүү шатычаңды? Бар бекен, деги? – Нина табалап күлүмсүрөдү.

– Азырынча билбейм. Мүмкүн бир аздан табылып калар,– ого бетер кара терге түштү Астар.

– Сен арифметикага ынак, тактыкты сүйгөн жан эмес белең?! Кана эми ошонуң, ия? Бар же жок дебейсиңби?! Чексиздиктер дүйнөсүндө эсеп-кысап илимиң да так жооп бералбай, аксайт экен го!– Нина дагы кыткылыктап күлдү.

Астар көзүн ачты. Апасы жанында чекесин нымдуу сүлгү менен кымтылап жаткан экен. Ал башын бир аз көтөрүп, апасынын мээримдүү колдорун кучактап өптү…

Бүгүн Астар эрте туруп мектепке бармакчы болуп үстүн кийинди. Кетеринде апасы жаңы бышкан куймагын алдына коюп, ысык чайын сунду. Оорусуна байланыштуу кыйладан бери дурус тамактанбаган неме, табити калыбына келе түшкөнгө куймакты бурдап жеди.

А бүгүнкү сабакта математика мугалими эмнегедир Астарга кыр көрсөтүп, титиреңдеп жатты. Мунун себеби, буга чейин эки курдай текшерүү иши жазылып, Астар анын бирине да катыша албай калганында окшобойбу. Ырас, ал сыркоолоп калбады беле.

Бир оокумда мугалими колундагы узун таякчасын Астарга кезеп:

– Чык доскага!– деди.

Астар жанындагы классташ курбуларынан ийменип, мас немедей теңселип, доскага жакындап барды.

– Бир метр узундуктагы түз сызык жүргүз!– деди мугалими.

Астар титиреген манжаларын куушуруп, борду мыкчый кармады. Бор доскага тиер замат тозуп, күкүмү жерге бырпырап жатты. Астар антип-минтип бир метр узундуктагы түз чийин түшүрө салды.

– Эми ушу кесиндини эки бөлүккө ажыратасың! Анан үчкө, төрткө, бешке, алтыга… Натыйжада нөл саны келип чыкмайынча бөлө бересиң. Болуптурбу?!

Астардын айласы түгөндү. Канча ирет бөлбөсүн, нөлгө жакындаганы менен, тыянагы таптакыр андай болчудай эмес. Мугалими кылдан кыйык издеп, тек туталанткысы келип турат окшобойбу. Астар дилинде ачууланды. Чындык ачык-айкын кашкайып турбайбы: нөл саны келип чыгыш үчүн бүтүндү чексиздикке бөлүү шарт. Анүчүн кырк беш мүнөттүк убакыт жетишсиз болор. Бу нерсени иш жүзүнө ашырыш өтө оор туюлду.

Аңгыча коңгуроо кагылып, окуучуларга жан киргендей орундуктардан обдула түшүштү. Астар ала-була кийимин, акиге чылангандай аппак алаканын учкай-учкай кагып күбүндү.

– Отур! Бүгүн сага “эки” деген баа берем,– деди мугалими камырабай туруп.

Астар сабактан кийин үйүнө жөнөдү. Апасы чака, күрөгүн белендеп, короонун бир четинде күтүп отуруптур. Бүгүн ал экөө картөшкө казышмак. Астар борпоң топуракка күрөктүн жазы учун матырган сайын, жумуру картөшкөлөр эңшерилип, сыртка күбүлүп жатты. Анча-мынча себелеген жаанга тоборсуй түшкөн топурак Астар күрөгүн шилтеген сайын бырпылдап, жагымдуу жыттанды. Бу жытты туйган Астар жаңкы математика сабагындагы машакаттуу ак борду эстеди. Саал ачуусу келе түштү.

– Бу Нина көрүнбөйт. Бир жакка кеткенби же ооруп калганбы,– деди апасы бир маалда.

– Мен да көрбөдүм.

– Бир көрүп-билип коюш керек ко.

– Ооба.

Астар картөшкө казып болуп, тётя Нинанын ал-акыбалын сурап койууну туура көрдү. Ушу тапта береги дөбөтү да үрбөй, караманча дымып калды.

Дарбазасы ачык экен. Астар үйдүн каалгасына чукулдап барып, дароо ачып ийбей, бир нерседен күдүк болгонсуп, жылчыкка көзүн кезеп, ичкери тарапты шыкаалады. Мына кызык, карап көрсө, Нина энеден туума жылаңачтанып, өгүнкү ак кездемеге оролуу топуракты кызыл боёкко каныккан суюктукка малып, денесине шыбанып жатыптыр. Тактай полдун бетине бор менен чийилген чоң төгөрөк фигура, анан да айланасында ар түрдүү ишарат-белгилер көзгө урунду. Нина ошо тегерек чөлкөмгө жайгашып, дубал саатын жанына алып, узун жебесин тескери багытта айлантып, жерди тиктеген калыбында бирдемелерди күбүрөп турду. Кызгылтым боёкко булганган манжалары саат жебесин тынымсыз артка айлантып жатты.

– Хагалас! Чабуулуңду башта! Карылыкты жекир! Мезгилди артка түр! – деди ал ызырынган кейипте.

Астарга бу көрүнүш эрөөн учурады. Ал чочулап, Нинанын ал-акыбалын билип койуу туурасындагы пикиринен бир паста айнып, кетүүгө ашыкты. Аяк дабышын угузбай, тепкичтен аста түшүп баратканда:

– Астар! Жалганчы! Апакеңди сегиз жыл толуп-толбой жерге бересиң! Андыктан ыкчам бол! – ачуу кыйкырык салды Нина.

Астар шашып-бушуп, көчөгө атып чыкты. Чыгып баратып жөн узап кетпей, сол тизеси менен дарбазанын миздүү кырына урунуп алды. Териси сыйрылып, жылуу кан дирилдей түштү. Бирок Астар кенебеген ийкемде жолун улантты. Эриндери кеберсип, оозуна ачуу даам келип, тили булдурап баратты. Аркы жактан Хасан баягы кол арабасын кыйчылдатып, дарбазасынан чыгып алда кайда жөнөп калган экен. Кыпындай сын бузбаган Астар ага баш ийкеп, салам узатымыш болуп, үйүнө бет алды.

Бүгүн дем алыш. Эл-журт кыжы-кыймаланып, ийне таштасаң жерге түшкүс кейипте. Астардын апасы таң заарынан алманын убарасында.

– Астар, сен шаты таап келгенче, алманы карга деген кара баскыр жеп коймой болду!– деди Бүбү байбиче.

Астар укса да укмаксан, ичинен сызды. А бир жагынан чечилбеген шаты маселеси кабыргасына батты.

Хасанга бармай болду. Тётя Нинага башбагып, бара албайт болчу. Анткени бая күнү Астар үчүн абдан уят иш болбодубу. Эми Нина менен жүз карашууга бети чыдабас. Бутуна бирдеме илип алып көчөгө чыкты. Нинанын короо-жайына анчейин жакындабастан, жат көзгө илээшпей, оолактай басты. Баж-баж добуштар угулду. Нинанын эшиги алдында кимдир бирөөлөр чогулуп тургансыйт. Астар аңыз кылып жүз бурбастан, жолун улантты.

Хасандын дарбазасына жеткен соң, сөөмөйү менен ортон колун түйүп тырсылдата кетти.

– Ким?– аял кишинин үнү чыкты короодон.

Хасан жалгыз турар эле. Бу аял кайдан пайда болду? Сүйүктүүсү го деп ойлоду Астар.

– Мен – кошуна Астар…Хасан үйдөбү? Ишим бар эле…

Тынымга эки кишинин кобурашкан үнү өкүм сүрдү. Көпкө узабай эшик ачылды.

– Ассалому алейкум!– деди Астар.

– Ва алейкум ассалам,– Астардын ооз кыбырынан көзүн албай туруп калды Хасан.

– Таң атпай келип калдым, айып көрбө… Шаты болсо бере турчу, Хасан…

Хасан “макул” дегендей башын ийкеп, “күтө тур” дегенчелик колун шилтеп, ичкери кирип кетти. Бир аз убакыттан кийин шатыны апкелип, Астарга карматты.

Астар шатыны бирде ийиндеп, бирде колтукка кысып, чоң иш аткаргандай кудуңдап келатты. Бир нече арыш жасаган соң Нинанын короосунан Володянын карааны көрүндү.

– Астар, басчы бери!– деди өктөм үн менен.

Астар жанына чукулдап барды. Володянын кабагы салыңкы, чарчаңкы туюлду. Анда Астардын жүрөгү ого бетер опколжуп, бирдемеден чочулады.

– Мурда күнү кечинде кайда элең?– деди Володя.

– Үйдө…

– Мурда күнү… каш карайып, эл жаткан маалда Нинанын там-ташынын жака-белинен, мүмкүн, өңгө бирөөнү байкаган чыгарсыңар?

– Кимди? Жоок… Эч кимди байкабадык…

– А-а… Мисалы, Хасанды, ия, байкаган жок белеңер…– Володя чылымын жагып, ыракаттана соруп-соруп алды.

– Жок, а эмне болду?..

– Эй, эмне болмок эле?! Жаман иш болду! Бүгүн таң заарынан мында баламды жиберсем, кемпир эшигин ачпай койду деп келди. Жөө-жалаңдап өзүм жөнөдүм. Дарбазасын араңдан-зорго ачтык. Анысы аз болгонсуп, үйдүн каалгасы ачылбай, бир топко убара болдук. Милиция чакыртып, каалганы сындырып кирдик. Кирсек, жансыз денеси жатыптыр… Жан жок… Бечара кемпир… Өфф-ф!.. Жүрөгү токтоп калган дешти… Сөөгүн азыр эле чыгарып кетишпедиби,– деп Володя чылымдын түтүнүн уюлгутуп, дагы бир курдай соруп койду.

– Жүрөктөн ооручу беле? Ооба, ооруп жүрсө керек эле. Мурдунан улам-улам…– деп келатканда сөзүнө жолто болгон Володя:

– Анысын билбейм, оорубаган жан барбы, деги?! Баарыбыз илкип-салкып оорукчанбыз. Иштин жөнү мындай: Нинанын айтымында, ал мурда күнү түндөсү электр жарыгын өчүрүп жатмакчы болуп диванга суналган кезде короо тараптан  бирөө бирдеме издеп, тинткилеп жүргөн өңдүү добуш чыгат. Башын көтөрүп, терезеге үңүлүп, короо жакты караса, караңгыда кимдир бирөө берилеп келип, кол фонардын жарыгын Нинанын так жүзүнө тийгизген имиш. Жүрөгү катуу түшкөн неме түнүчүндө мени издеп үй телефонума чалып, абалын араңдан-зорго айтып берди. Чулдурайт тим эле… Ошондо түн жамынып, алка-шалка түшүп, жетип келдим. Мени чакырган бу кемпир… Келип көрүп кеткем… Эки күн мурун… Анан бүгүн минтип… Хасан! Хасан!.. Өзү Хасандан шектенип жатты. Сарайдын жанындагы темирлеримди кымтып алмакка келген деп сыздады… Ия, Астар, Хасан мындай бузук иш кылышы мүмкүнбү?.. – деди.

– Жок… жок… чыны менен билбейм… – шатынын салмагынан колу талый түшкөн Астар аны берки колтугуна кыстара кетти. – Хасанбы?.. Кантип эле ал андай акмакчылыкка барсын?! Хасандын андай колу туткактык жөнү жок… Ооба, темир топтоп акча кылары чын, бирок ал элден сатып алып, анан өткөрүп жүрбөйт беле…

– Ммм… Ошондойбу?.. – колундагы тамеки калдыгын жерге таштап, майыштыра тепседи Володя.

Астар Нинанын жээни Володядан иштин чоо-жайын билген соң, шатысын көтөргөн бойдон жолуна түштү. Үйүнө тез жетүүгө ашыкты. Алмалар терилбей солгун тартып, апасы да уулунун жолун карап күтүп калгандыр…

Эртең менен базар тараптагы толуп-ташкан калың эл эми бирин-серин тартып азайып калды. Жылжый аккан Ак-Суу дарыясынын добушу билинер-билинбес ийкемде угулуп турду. Тоо тараптан соккон жел чоң унааларга жүктөлүү чөп-чарга урунуп, бирин-серин калдыктарын Колхозная көчөсүнө айдап келип жатты.