КАПАРОВ Нуралы: НУРАЛЫ КАПАРОВДУН ЖАҢЫ ЫРЛАРЫ

Нуракем жалындап телефон чалат кээде. Жөн чалбайт. Жөн эле убактыңды жеп телефон чалгандар канча. А Нуракем чалганда сөзсүз бир жаңы чыгарма баштап койгон болот же сыясы кургай элек ырын окуй турганын билем… Билем да чыгармасын кунт коюп угуш керек болот: интернеттен ташкөчүгүмдү көтөрөм же радионун жаагын басам. Агер ишим кызуу жүрүп аткан учур болсо, телефонун албай да коём. Кайра чаларын билем… Себеби көңүл уйгу-туйгу болуп ишке алаксып турган учурда жакшы чыгармага кунт коюш кайда. Андайда адамга куру сөз айтып көңүлүн улагандын не кереги бар. Кулагыңдан кирген сөздүн баары эле көңүлгө куюлар болсо кана…

Шон үчүн кол-жол бош учурда телефондогу Нуракенин үнүнө кулак төшөйм, көңүл төшөйм. Төшөлүп тыңшайм да – «РухЭштин» окурмандары үчүн колума жаңы табылга тийе турганын ойлоп, ичимден кудуңдап баштайм… Нуракеге окшоп кубанта турган акындар ансыз да саналуу. А Нуракемдики шылдыраган суусу жок, нукура поэтикалуулугу менен байлап алат.

Бүгүн да чырылдаган телефонумду алсам, Н.Капаров экен. Шак көтөрө койдум. Амандыкты сурашкан жерден эле береги жаңы жазган ыры дамбаны жарып чыккан шар суудай кетти. Дайранын суусу кандай күргүштөп агат-а. Кандай тунук, кандай шар, кандай мыскал…

Олжобай ШАКИР

РАЗЗАКОВ КӨЧӨСҮНДӨ
Атамбаев салган үйдүн жанында
алакандай,
Байболов салган үйдүн жанында
балапандай
бир үй бар Раззаков көчөсүндө дары саткан.

Бишкек ысык. Бишкекте
саратан жай.
Ошол үйгө бет алып баратам жай.

Үй эле кезегинде эл сүрдөгөн,
дүгдүңдөп жаман-жакшы эл кирбеген,
Чайнектей мурду сынган чоргосу жок,
ошол үй калды азыр коргоосу жок.

Дарбаза ачык. Коргон бар. Кулатпаган
ошол үй, ошол коргон ордосунда
элим деп ойлор туулуп булактаган,
элим деп жүрөк согуп дүкүлдөгөн,
идеялар көз жарып күтүлбөгөн,
Турдакундун мээсинде ГЭС айланган,
темир жолуң, заводуң, ТЭЦ айланган,
кыргызымды канткенде өстүрөм деп
акыл менен чаалыкпас эс айланган.

Кулатовдун мээсинде мыйзам кайнап,
жүрөгүндө боркулдап ыйман кайнап,
Акматбектин мээсинде арпа түтөп,
Сопубектин мээсинде эсеп күчөп,
ушул үйдө туулуп жаркын ойлор,
ушул үйдөн башталып курулуштар,
күжүлдөгөн күрдөөл иш, бурулуштар,
кыргыз деген зор өлкө түптөлгөнүн,
кыргыз деген жарды өлкө күчтөнгөнүн,
кыргыз үчүн бул үйдө жаткан жандар
түн уйкусун кыргыз деп үч бөлгөнүн,
күл чукубай астында кемегенин,
кырк жыл иштеп бул ооздор жебегенин
айтып турар ушул үй тарых тилин,
айтып турар ушул үй ыйыктыгын,
айтып турар ушул үй бийиктигин
музей кайда? Бүгүнкү төрөлөрүм?

Үлгү  кылып биз кимди айталаарбыз,
ушул үйдө жашаган пенделериң
эл башчысы эле го кайталангыс!

Сөзүм жогун сезгиле сүйүнчүлөөр,
ошол үйдү Раззаков көчөдөгү
ижарага беришип кийинкилер
соода менен тебелеп тарых үйдү,
мода менен тебелеп ыйык үйдү,
чечилбеген бут менен баскан сайын
жепирейтип басынтып бийик үйдү.

Турдакунуң жашаган ошол үйдү,
Кулатовуң жашаган ошол үйдү
соода үйгө айлантып келе дешип,
мода үйгө айлантып мега дешип,
ардак менен караган ал үйлөрдү
адамы да, акмагы тебелешип
чаң учуруп асманга жаткандыгын
бүт кыргызың бак тапкан ошол үйдөн
бир кыргызың нанын таап жаткандыгын
көрөр кыргыз бар бекен арабызда
көңүл бөлөр кимиң бар калаабызда,
калың кыргыз миң жылдык бечелдигин
жоюп чыккан зор иштин өтөөсүнө,
уйку көрбөй нечен баш нечен күнүн
өмүр кечкен Раззаков көчөсүндө.

Наполеондун үйүндө болгонум чын,
ижарага берилбейт, ыйык дешет.
Лениндин үйүндө болгонум чын,
ижарага берилбейт, тарых дешет.

Капталдагы Кытайга барып келдим,
баспай калган башчысын мактап турат,
адам эмес ит киргис эски үйлөрүн
тарыхым деп алпештеп сактап турат.

Бишкек ысык. Июль ай. Саратан жай.
Ижарага берилген ошол үйдөн
соода кылбай куруюн баратам жай.

Күн чакчайып балбылдап төбөдөгү
кара жолдун үстүндө кактап барат.
“Тарых үчүн керек ал! Төрөлөрүм!”
Кан дүргүткөн абийир-сот какшап барат!

КЕТИП ЖАТАТ
Он сегиз жыл жылуу коюн күздү көрдү,
он сегиз жыл күжүлдөгөн күчтү көрдү.
Оң-сол деп бөлгөн эмес жаш-карыга,
отуз жаш кичүү эле ойронуңан,
көз салып койгон эмес жаштарыңа,
бой салып койгон эмес бойдогуңа.

Эрим деп жаман чалга туш келгени
кол шилтеп койгон эле эченине,
капилет күз аяктап, кыш келгени
тоң түшүп калды жылуу төшөгүнө.

Шаарым деп жалынаарда шаңы бүткөн,
кыйналып араң айтат кыштагым деп,
тизеси тийишкенде титиреткен
тил катпай калды эми муздагым деп
бороонум, борошом деп, ызгаарым деп
туш келген тагдырына таарыналбай,
жарым жолдо чаалыккан жаман чалга
жатат азыр жаш келин жалыналбай.

Күзү күз, жаркыраган жайы жайдай
кезинде сүйгөн эле жаны калбай,
он сегиз жыл өтүп-өтпөй ошол эркек
эңкейген чалга айланды алы калбай,
көчкүдөй түбү нымшып көлдөп турган,
айнектей шайы кетип тердеп турган
өмүрдүн кышы түшүп жылый албай
өчөйдү кайран чалым тыңый албай.

Жонунан тону түшпөй,
койнунан тоңу кетпей жаткан чалдан
кетип жатат жапжаш келин.
Муздак көздөн “мөлт!” этип
качып чыккан ысык жаштай,
ызгаар кыштан “булт!” этип
качып чыккан көктөм жаздай
кетип жатат жаш келин жылууну эңсеп,
асманыңды, айыңды, күнүңдү эңсеп,
жалбырттаган жаш курак сүйүүңдү эңсеп!

Кетип жатат жаш келин, жапжаш келин,
аппак келин, ак келин, аптап келин,
назик келин, наз келин, көктөм келин,
жаш өмүрдөн жалын-от төккөн келин,
бошонуп кыш тоңунан, муз деминен,
бошонуп колдо шакек — кишенинен…

Он сегиз жыл от болгонун кечип салып
билерик, шакегин бүт чечип салып,
күйүп турган күрдөөлдүү күзүңдү эңсеп,
күжүлдөгөн күнү-түн күчүңдү эңсеп,
бек кармаган колунан колун жулуп,
тороп турган жолунун торун жулуп,
чачтарынан чатышкан чачын бөлүп,
чапталышкан кашынан кашын бөлүп,
кетип жатат жаш келин бүтүм кылып,
сайгылаган сакалдан жүзүн буруп,
чырмалышкан денинен денин бөлүп,
өзөктөшкөн жанынан жанын бөлүп,
өөдөнү да, төмөндү көрүп жатып,
онтоп алды жаш келин, оонап алды,
өмүрүнөн өмүрүн бөлүп жатып,
жапсар чөптөй кулады жапжаш келин
жашаң чөптөй жаздагы тура калбай,
буркурады жаш келин, жашын төгүп,
тамырынан тамырын чыгаралбай…

…Кеч табышып кайран чал кошулду эле,
кеч күзүңдү бөктөргөн курак эле,
он беш жылды от болуп кечирди эле,
келээр кышың оо анда ыраак эле.

Үмүт кылбай үксүйгөн кыш каарынан,
үшүк, бороон, бурганак, ызгаарынан,
жанаарында жана албай, жаркырабай
кайран келин кыйкуулап канат какты
кыштан качкан күздөгү каркырадай!