КАРАЕВ Өмүрбек: ӨМҮРБЕК КАРАЕВ: «ТИРҮҮЛӨЙ ЖЕТИМ»

АҢГЕМЕ

Эскилиги жеткен жыгач дарбаза. Шыңгырагы жок. Тоолуу кыштакта кайдан болсун. Эртелеп келишкен жоон топ адам ошол дарбазаны сыртынан тарсылдата берип эстери ооду көрүнөт. Улам бирөөсү келип муштуму менен дарбазаны ургулап калат, үй ээлери ичинде жүрүшсө да негедир дарбазасын ачып, буларды киргизе турган ниеттери билинбейт. Киши жашабагансып, кошуналар тарап да жымжырт. Тургандарына эки сааттан ашты. Акыры чыдамы кетти көрүнөт, бараандуу, салабаттуу көрүнөйүн деп кара момосуй көйнөгүнө кыпкызыл галстук тагынып алган арык чырай, узун бойлуу кишиси кыйкырып кирди:

 

– Эй,баччагарлар, адамсыңарбы деги силер? Эртеден бери каада- салт сактап, кызыңарды келин кылып алдык деп кулдук уруп жатабыз, дарбазаңарды ачып койсоңор боло!

Үй тараптын үн болгон жок. Дарбаза ичинде бастырма бар экен, ийри-буйру жыгачтардан эптеп-септеп салынган, ошого жөлөнгөн тепкичтен эркектин төбөсү көрүнүп кайра жок болду. Жанагы ачуу басарга келген адам дагы кыйкырып атат, ачынып калыптыр:

– Эй, баччагарлар, деги силер кыргызсыңарбы? Атайын ат арытып бел ашып келсек, бу эмне деген жоругуңар? – үйдөн берээк басып келип сөгүнүп да алды.

Ошо маалда көрүнүп турган тепкичтен дагы бирөөнүн төбөсү көрүнүп, кайра жок болду.

– Артист немелер го буларың, – ачуу басарга келгендердин бирөөсү өзүнчө күңк этти.

Ортодон эки сааттай убакыт өттү. Буйрук менен куда болуп калгандардын дарбаза ачар түрлөрү жок.

Март айы эле. Күн тийип турса да чыкыроон. Тоолуу айыл, боордо кар кете элек. Шамал жүрүп өтсө, кадимкидей денени чыйрыктырат. Кара чыйырчык келип калыптыр. Сайраган болот, үнү чыйрак эмес, жылуулукту эңсеп жаткан кейпи бар.

Ачуу басарга келгендердин дагы бирөөсү дарбазаны өчү бардай каккылады. Жооп болгон жок. Баягы тепкичтен дагы бирөөнүн төбөсү көрүнүп, дароо жок болду. Баятан чебелектенип жаткан адам кайрадан кейип кирди:

– Буларың соо кишилер эмес же акылынан айрылып калган немелер, болбосо бизди теңине алгылары келбей жатат. Ошондуктан кимиң эмне кылсаң ошо кылгыла, мен кеттим кайра.

Ал адам өзү айдап келген эски «Москвич» машинасына отура кетти. Калгандары дендароо. Баштарында бир ой, келин үйдө отурса, ушунча чыгынып алыстан келсек, анан кудалар менен кабарлашып кетпесек эмне иш болот.

Тигил адам чын эле көгөрүп алыптыр:

– Эй, мага десе кызы чүрөктүн чүрөгү болуп кетсе дагы, өзүлөрү шаа-падыша болуп кетишсе да мен булар менен сүйлөшпөйм, кеттик.

Машинасын дароо от алдырып, артка зыр койду. Беркилер бу сөздү укканда бир аракет болор деп дарбаза жакты үмүт менен карап турушту. Дарбаза бекем. Арга жок алар да артка кайтышты.

* * *

Эртеси күнү шашке ченде ачуу басарга баргандар айдап барган, өңү гана башка эски «Москвич» келин алган үйдүн жанына келип токтоду. Кечээки окуяга бушайман болуп түнү менен уктабай айласы куурулуп турган баланын атасы чоочун адамдарды көрүп чочуп кетти. Биз жаңы келиниңиздин туугандары болобуз, кууп келдик деп калышты тигилер. Үй ээси келгиле, үйгө киргиле деп шашкалактап калды. Тигилер каадаланып, барк күткөн түр беришип, бири-бирин ыктай үй тарапка бет алышты.

– Ой, аба, кимдер экен булар? – кечээки чебелектеген адам нарытан үн салды.

– Келиндин туугандары экен, келип калганың жакшы болбодубу, киргиз үйгө буларды, – үй ээси бажак-бажак этет.

– Буларды үйгө киргизерден мурун кимдер экенин даана билип алалы. Мен кечээ келиндин ачуу басарына барганымда мындай немелерди көргөн эмесмин. А балким, буларың көчөдө тентип жүргөн желтамандар болуп жүрбөсүн? – деди ыза тартып калган адам.

– Бас жаагыңды, кудаларга да ошентип айтчу беле?

– Жаагымды баспайм этпейм, бир тууганыңды киши ордуна көрбөй койгон немелерге эми төрүңдү бастырган турасыңбы? – мурдагыдан катуу айтты бу киши.

– Мен баш алган бүлөмүн, кулдук ура турган кишимин, буларды үйгө киргизбей жолго салсам, келинимдин бетин кантип карайм?! – үй ээси актана баштады.

Бир туугандардын кайым айтышып атканын уккан кошуналар кары-жашы дебей бирин-экилеп чогула башташты. Аларга эмне, кызык да. Ачуу басарга барып мыш болуп келишкенин бая эле угушкан. Ошонун аягы эмне менен бүтөр экен дешип кулактарын түрүп турушат. Намыс деген оңой менен баш бербей турган сезим, бу саам да намыс дегендин жалыны бүркүп; үй ээсинин иниси, кечээ куда башы болуп барган адам жаалдана кетти:

– Кечээ келген келиниңдин баркы тоодой болуп, карачечекей бир тууганың мобу желтамандардын алдында бокочо болуп калган экен да.

– Куда дегенди кудай сыйлаган, сөзгө келсең. Ачууң мурдатан эле мурдуңдун учунда эле, эми ушундай абалда бир сабырдуулук кылсаң боло, – үй ээси инисин ыкка көнүүсүн суранды.

Кечээки ыза тарай турган эмес, мунусу ого бетер ачууга алдырып чарт-чурт дей түштү:

– Урдум мен сени, кудаларыңды да урдум мен! – деп колун шилтеп тетири басып кетти.

Ушу маалда:

– Ата! – деген кыздын үнү угулду.

Жалт караса жаңы келини бет алдында турат. Келин жаңы келгендик кылып бүшүркөбөй, жаалданган элден сүрдөбөй башын өөдө көтөрүп айтып турганы:

– Мен жетим кызмын, жетиммин мен, менин ата-энем, бир туугандарым жок. Буларды мен тааныбайм, үйгө киргизбеңиз буларды!

Ачуу сөз асмандан түшкөн чагылганга окшоду. Асманда ак булуттар бири-бирине аргындалып кайдадыр кетип баратышат. Миң түркүн окуяларды кучагына батырып эч бир камырап койбогон кебелбес жер. Асман жер ортосунда көңүл улаша албаган эки тарап. Бир тарапта – үй ээси жаңы алган келини менен, экинчи тарапта – келиндин төркүндөрү. Ортодо – ыза жеген үй ээсинин иниси. Бу жагдайда буларды бириктире турган эмне сыйкыр болушу мүмкүн? Каада-салт жөрөлгөсүбү, кетирген кемчилик болсо кечире билүү эркиби, болбосо жөн гана ыймандуулукпу? Ылайыктуу кеп-сөзгө ким биринчи келет? Үй ээсинин эси ооп тилден калган.

Биз келиниңердин жек-жааты болобуз деп келгендер, же үйгө баш бага албай, же кайрылып кете алышпай, баштарын жерге салып үнсүз турушат. Бейкапар жаткан бир гана Мойнок ит. Ал картайып калган. Учурунда кабаанак эле, эшиктин алдына караан жолотчу эмес. Эми ага баары бир. Ал үчүн жашоонун күнү батып баратканын өзү алдын ала сезгендей үйгө кимдер келип, кимдер кетип атканы менен иши жок. Кез-кез башын өөдө көтөрүп бирде бака-шака болуп, анан кайра тынчып калган адамдарды карап коюп, кайра башын шылк эткизип саман жаздыгын төшөнүп калат.

Кудалардын ортосун бөлүп койкоктоп короз өттү. Мунун бир билгени бар окшойт.Өтүп баратканда дегеле барктанып эки тарапты сынай карап жактырбаган турпат берди.Тили болсо какшыктаган бир сөз айтып алар беле?..

Жаш келин көз жаасын төркүндөрү тарапка мээледи. Келгендер улуу агасы, жеңеси, таэжеси, анан атасынын кичүү иниси экен. Кызыбыз менен бир ооз сүйлөшүп алалы деп айта алышкан жок. Беттери күйүп турбайбы. Жаш болсо да жаңы келин жигердүү, ичинен имерип жатат: «Кечээки жосунуңар үчүн кечирим сурап койсоңор эмне болмок? Мени бетиңерге кармап оюңдагыларды кылгыңар келип жатабы, мен эмне силерге оюнчук болуп калыптырмынбы? Жаңы бүлөдө мындан аркы тагдырдын жазганын көрөрмүн, а силерди көрөйүн деген көзүм жок».

Ушу тапта жагдайды жайдары кылып жиберер бир адам, бир жылуу сөз жетишпей турат. Ал киши ким болот да айтыла турган сөз кандай болот? Бу табышмак. Кууп келгендердин өз жолу бар, алар айбат турушат, сый көрбөй ызага баткан үй ээсинин инисинин терс жоругун да айыптап болбойт, жаңы келиндин жанына батып айтып турган акаарат сөзү ашыкчабы, үй ээси атадан калган салтты аттап кулдук урбай койсо адеп шарданы не болмок? Жарданган элдин ою эмнеде, муну билгенде пайда не? Кууп келгендердин жолу улуу болсо да жаш кудасынан жагымсыз сөз угуп калышты, азыр арасынан бирөө чыгып такылдап турса да кыз биздики, келген жери жайсыз экен, кызыбызды алып кетебиз деп чыр чыгарышса эмне болот? Кыз кетпейм деп каршы болор, жеңеси менен таэжеси ач айкырыкты салып, кызды колунан жетелеп жөнөсө эмне болот? Жаман ойлор чырмап алганын кара.

Мындайда жакшы ниеттер алыстап качып калат. Асмандагы ак булуттардын аягы сууп, асман бети капкара болуп калды. Мына-мына нөшөрлөп жамгыр төгүп жиберчүдөй. Балким, жамгыр төгүп жиберсе жагдай өзгөрө түшөр беле? Ал аңгыча чагылган түшкөндөй сөз абада калкыды:

– Таарынычтан шаар талкаланган кызым, кантсе да биз баш алган бүлөбүз! – Бул ыза-бугун чыгарып, кайдигер кайтып бараткан кечээки куда башы болчу.

Дал ушундай сөздү күтүп тургансып үй ээси жандана түштү. Анын көздөрү күлүңдөп ошол тапта колдоо көрсөткөн инисин барып кучактап калгысы келди, жарданып карап турган элден айбыкты.

– Ап баракелде, иш оңуна эми ооду көрүнөт, кантсе да бир боорумсуң да, жүрөгүң чыдабады да, – ал элтең-элтең этип кууп келгендерди бир карап жаңы келинине бажырая күлүп: – Иним туура айтып жатат, ачуу – душман, акыл – дос. Куру бекер араздашпайлы, – дегичекти иниси:

– Кана, кудалар, эмне турасыңар, киргиле үйгө, киргиле, – деп калды.

Эшик алдында мисирейип жаңы келин турат, ал мерез:

– Ата, мен ушул үйдө башымды өөдө көтөрүп жашасын десеңиз, анда киргизбеңиз буларды!

Жаңы келин шарт бурулуп үйгө кирип кетти. Ойлонуп калды кайната. Келиндин бул сөзүндө бүтүндөй бир жашоонун туюп-туя бербеген зор табышмагы жаткан. Эртең эле сөзгө сынып, мүңкүрөп кала турган учурдан алдын ала коргонуу аракети экендигин акыл тиши чыккан үй ээси дароо баамдады.Үн деген жок.

Иниси да бир нерседен кооптонуп, тили тишинин ичинде. Бу кезде кууп келгендер өздөрүнчө күбүрөнүп кетенчиктей баштаган. Өзгөчө жеңесинин нааразы үнү даана угулуп турду:

– Эсирген бейбак, акыл-эсинен ажырап калган окшойт. Өз төркүнүн тааныбай кууп чыгат деген эмне шумдук?! Көрөрбүз, чоочун бүлөнүн кадырлуу келини болуп жыргап кетериңди! Казан-аяк кагышпай койбойт, сени аяр бирөө жок, ошондо эстээрсиң бизди, бейбак! Шашпа, ал күн да келет, шашпа!

Эл арасында күбүр-шыбыр сөздөр: «Ай-ий, жашабай жатып тилинин узундугун карасаң-эй. Өз төркүнүн тааныбайм деп жатыркаган кызды биринчи көрүшүм». «Эй, анын эмнеси бар экен? Бу тараптагыларды ит ордуна көрбөй, тосуп алмак турсун үйлөрүнө киргизбей коюшса көңүлү калат да туугандарынан». «Ошондой болсо да кайын атасын элес албай кайым айтышып турушу кантип ыймандуулукка жатсын?»

Болуп жаткан окуянын аягына чекит койгонсуп күн дыбырай түшүп, анан төгүп келди. Кадимки март айындагы ак жаан. Жарданган эл тарап кетти. Кууп келгендер да шагы сынып өз жолдоруна түшүшкөн. Окуяга кириптер болгон үй-бүлө өз турмушу менен алек болуп кала берди.

* * *

Бул аңгеме кадимки турмуштан алынган илгерки кыргыз эл жомокторуна окшош. Жаңы үй-бүлөдө бала тарап эч качан кызга сенин төркүнүң жайсыз, куда болуп ата-энең менен сыйлаша албадык, кызымдын көргөн күнү эмне болду экен деп туугандарыңдан бир да бирөө басып келишкен жок деп акаарат сөз айтышпады. Кыз дагы сырын ичине түйүп менин атам-энем, бир туугандарым бар эле, ошолорду сагындым, бир барып келели деп ооз ачпады. Эки жаш балалуу болушту, үй турмушу кадимкидей жөнгө салынды, жашоо өз ыргагы менен уланып, салт-санаанын олуттуу бир жөрөлгөсү сакталбаса да, үй-бүлө курагандар кадимки кыргыз эл жомокторундагыдай бактылуу жашап калышты.