КАРАЕВ Өмүрбек: ӨМҮРБЕК КАРАЕВ: «ЭКИ ТАГДЫР»

АҢГЕМЕ

Жалаң чиновниктер өмүрүн өткөрчү беш кабат имарат. Бу жайга күндө эртең менен сыланып-сыйпанышкан аял-эркектер келишет. Маалы келгенде кайрадан үй-үйлөрүнө тарап кетишет. Беш кабат чоң имаратта ар биринин өзүнчө үстөлү бар, колдорунда калем сап, жайнаган кагаздар. Кагаздар ар тараптан агылып келет, отургандардын көбү линзадай болгон көз айнектерин тагынып алышып кызыктууларын окушуп, тажатма каттарды көңүлсүз четке таштап алектене беришет. Жооп жазышат. Көбүнчөсү карандай калп. Сүт эмизме сөздөр. Жалаң кагаздар менен жан баккан өмүрдүн эсеси канча, ага маани берген эч ким жок.

 

Узун бойлуу чапжаак чиновник ошолордун бирөө. Ал бүгүн демейдегиден жумушка эрте келди. Кечээ кечкурун бир кучак кагаз келген, анын баарын карап чыгыш керек, айрымдары кечиктирилгис болсо, аларды эртелеп аткарбаса болбойт, кантсе да узун бойлуу чапчаак чиновник кичинекей уюмдун башчысы. Жоопкерчилик дайыма ныл таштай болуп ийинден басып турбайбы.

Имараттын дарбазасынан кирер менен тааныш десең өмүрү учурашып көрбөгөн, чоочун десең күндө көрүп жүргөн адамга жолукту. Адаттагыдай эле ал адамды көрмөксөн-билмексен болуп басып кетти. Тигил дагы башын төмөн салып байкамаксан болду. Узун бойлуу чапжаак чиновник тимеле кычырайт, ак көйнөкчөн, моюнунда кызыл гастук, кара костюмчан эле, беркинин сакалы өскөн, көздөрү чылпактанган, өңүндө жашоонун кызыкчылыгы байкалбаган серт адам. Башында кийгени эски чүпүрөк шапке, үстүндөгүсү жедеп оңуп бүткөн тыш кийимдер.

Муну беш этаж имаратта иштегендердин баарысы билишет, адептүү жашоодон качкан көчө адамы деп коюшат. Бул имараттын подвалына келип башпааналап жатканына аз эле болгон. Күндүзү жок болуп кетет да кечкурун пайда болуп калат. Анын жүрүм-туруму дайын, акыр-чикирлерди аңтарып тамак таап жейт. Ошон үчүн бу жердегилер андан жаа бою качышып, жийиркенип турушат. Көчө адамына баары бир, ал үчүн намыс, уят-сыйыт деген сезим таптакыр талкаланып, өчүп экинчи тутангыс болуп, күлү көккө сапырылып калган шекилдүү.

Көзгө түгөл көрүнбөгөн дүйнөнүн бир бурчунда эки турмуш. Бирөөндө нарк-насилин сактамыш болуп зымпыйышкан мекеме кызматкерлери, анткен менен алардын ичтеринде буюгуу, жетип жетпей алган айлыктарына нааразы, үйгө келсе көйгөй көп, ишинде да бал каймак эмес, ар убак чоңдордон тил угуп калабызбы деп кооптонуп турушат, чиркин дүйнө, тиги көчө адамынын турмушун көр, коколой башы бар, үй-бүлө деген менен жумушу жок, бирөөнүн көзүн карап иш кылат элем деп ойлоп койбойт, эрмеги бир карандай курсагы, аны да кайдан таап жешти жакшы билет.

Узун бойлуу, чапжаак чиновник үйүлүп калган кагаздарды окуй берип, анын оң бурчуна кол тамга койгондон тажап кеттиби, ордунан туруп терезенин форточкасын ачты. Жамгыр жыттуу жаздын абасы атырылып бөлмөгө кирди. Сыртта күн тийип турган. Жаз айы болсо да аба салкын. Узун бойлуу, чапжаак чиновник баштатан эле назик жан, желге урунуп каламбы деп четке боло берди.

Терезенин чоң айнегинен тааныш чоочун адам көрүндү. Ал маңыроо басыш менен өзүнүн көнүмүш ордуна кетип баратыптыр. Көнүмүш орду четтеги жалгыз түп алманын асты. Ошо жерде жыгач отургуч бар. Илгертен турат. Мурда тамеки тарткандардын жайы болчу. Доминонун сазайын берген учурлар да көп эле. Көчө адамы пайда болгону, а жерге башкалар барбай калышты, кыясы бул адамдын сырт кебетеси, жүрүм-туруму үркүтүп таштады окшойт. Анын үстүнө отургучтун жаңы ээси ушул жерден шам-шум этет. Алгач келгенде жалгыз отурчу соксоюп. Бу саам куба ит пайда болуптур. Жан жолдошундай ысык. Жеген тамагынан бөлүп, иттин астына таштайт. Ит аны бир сугунуп, эки чайнайт да кайра эле куйругун шыйпаңдатып, жагалданып көчө адамынын оозун карап калат. Көчө адамы жумшак, иттин башынан сылап болгон тамагынан кайрадан бөлүшө баштайт. Кимиси мурда тоюнуп токпейил күтүп калганы сезилбейт, акыркы аракет көчө адамында, ал калган-каткан тамак-ашын будалап-судалап целлофан баштыктарга оройт да көтөрүп жүргөнгө ылайыктап коёт.

Анан ит менен жаш баладай ойноп кирет, бир саам аны эки бутунан тик тургузуп коюп канчага чейин чыдар экен деп санап кирет, белинен кучактатып алып өзү нары-бери басат, иттин алдыңкы эки бутунан кармап алып башы айлангыча тегеренет. Деги койчу, ит менен миң алакетке түшүп, ошондон жашоо моокумун кандырат. Анан башы оогон жакка маңгып жөнөп кетет. Кечке чейин кайда жүргөнүн, кимдер менен болгонун бир өзүнөн башка эч ким билбейт.

Телефон шыңгырады, узун бойлуу чапжаак чиновник сырттагы кызык окуяларды көрүүдөн аргасыз баш тартты, телефонду алыш керек, непадам жогору жактан издеп калышса, жумушчу ордунда жок экен дешип балээ кылышат. Издеген неме жакын досу экен, жума бүтүп баратпайбы, мончого түшүп эс алганды эскертип коёюн деп чалыптыр. Тапкан убактысын кара мунун. Унутпайм, эсте болот деп трубканы шаша ордуна коюп кайрадан көчө адамы менен иттин бекер оюнун көрөйүн деп терезе жакка келди. Тигилердин карааны жок. Көздөн кайым болушуптур.

* * *

Ушундан эки күн өтпөй өлкөдө кымгуут болуп калды. Эртең менентен баштап телевизордун бетин бербей эңгезердей болгон өкмөт башчыларынын бирөө сайрап атты: «Эл жаңыдан майкөлдүн үстүндө жашай баштаганда, бейпил турмушту бузушуп эмнеге митингге чыгып жатышат, алар эл бузарлар, журт жек көргөндөр, алардын сөзүнө ишенбегиле, провокацияга берилбегиле. Алар чектен чыккан кылмышкерлер, алардын баарын байлап-матап, колдорун артына кайрып туруп түрмөлөргө тыгыш керек» деп күпүлдөп атты.

Кабак- кашын үтүрөйтүп оозунан ак көбүк чыкканча опурулду. Кудай бетин салбасын, кирген буурадай жулкунуп буркулдады. Бир маалда телевизор жалп этип өчүп калды. Анан кадим комиктердин сахнада аткарган күлкүлүү номериндей болуп телевизордун экранына чыйылдаган үндүү башка адамдар чыгып, алар сүйлөй баштады. Алардын кебетелери көрүүчүнү өзүнө тарткыдай эмес, чачтары өскөн, сакал-муруттары кырылбаган, кийимдери шөмтүрөк. Аларың да өз дараметине жараша кыйкыра баштады: «Биз элдик баатырларбыз, өлкөдө революция жасадык, мындан ары баарыңар эркиндикте болосуңар, жыргал заман эми башталат» дешти.

Биринин артынан бири булбулдай сайрап атышты. Алар айткан эркиндик деген эмне, буга чейин кимге ким күңкор болуп жашап жатты эле, жыргал заманды кимдер алып келет, дегеле жыргал заман деген эмине, буларды ойлоп койгон эч ким жок, кары-жашы дебей баарысы ызы-чуу түшүшүп, ооздун жели менен пайда болгон жыргал заман алкагына сүңгүп кирип кетишти, эртеңкиси эмне менен бүтөрүн таңазарына алган эч ким болбоду.

Ошол күнү узун бойлуу чапжаак чиновник имаратка дежурный болуп иштен кийин калып калды. Жогору жактан буйрук болгон экен, өлкөдө жагдай кооптуу, сакчылык үчүн кошумча жарандык күчтөр топтолсо, керек болосуңар деп эскертилген экен. Узун бойлуу чапжаак чиновник бир чети кызыгып, экинчи жагынан убакыттын өтүшүн тилеп, телевизор көрөт. Кызыктуу эчтеке жок, жанагы эле жоон топ жүдөгөн кишилердин революция жасадык деп төш каккан сөздөрү.

Көзү талып, башы ооруй баштады, акыры телевизорду өчүрүп сыртка чыкты. Күүгүм кирип калган. Сырттагы жалгыз зым карагайда илинген шам чырак күйүп турат. Шылдыр-шылдыр үн угулду. Подвал тараптан чыгып жатыптыр. Ал жакта көчө адамы конорун билчү. Бүгүн жагдай башкача эмеспи, өлкө кымгууттукка чөмүлүп турбайбы. Дароо шектүү сезим пайда болду. Жоопкерчилик күч. Узун бойлуу чапжаак чиновник дагы алда не болуп кетпесин деп подвалдын ичине кирди, мурда өмүрү кирип көрбөгөн, сасык жыт мурунун өрдөп өттү, күүгүм, дагы эки-үч кадам алга таштады, борс-борс этип ит үрүп калды, иттин адаты ошол, чоочун кишиге айбат көрсөткөн болот, ал чоочун кишинин астын торомок турсун өзүнүн жанын сактамак болуп жанталашып көчө адамынын согончогуна кире качты. Көчө адамы чүмкөнүп алыптыр. Жаткан жери цемент пол. Картон кагаздардан төшөк ордуна салынып турат.

Кирип келаткан кишиге көңүл бурган жок. Ордунан козголуп да койбоду. Узун бойлуу чапжаак чиновник шекшиген тарап тынч экендигине көзү жетип артына бурулду, кулагы чалып калды, көчө кишиси өзүнчө күбүрөнүп жатыптыр: «Бу куу чирендер бийлик талашышып өздөрү да айбанга айланышып, көпчүлүктү да айбандардын короосуна айдай баштады». Сөзүн кара бу кызыталактын. Кайра кайрылып барып айткысы келди, «сен кимсиң? Алдагинтип сүйлөгөнгө, даана айбанга өзүң айланып баратканыңды сезбейсиңби?»

Өзүн өзү карманды. Жеңил баа болбоюн деди. Тилине алы келбеген көчө адамына теңелгиси келген жок. Учу-кыйырсыз жер чөлкөмүнүн бир бурчунда эки турмуш. Бири өзүн оголе жогору сезип айды апчып бер десе батына турган өкмөт чиновниги, экинчиси жосунсуз тагдырды өмүрүнө байлап, жайдак өтүп жаткан күндөрүн кызгана карай албаган бир бечара. Бу кезде айдын жарык нуру экөөнө бирдей тийип турду. Экөө бирдей жашоо деп аталган улуу көчтө. Ал ортодо мезгил зуулдап, экөөнүн тең өмүр жашын өөнөп өз таризинде.

* * *

Сыртта жамгыр төгүп жаткан. Жаздын кара жамгыры. Түштөн кийин башталган, жумуш бүтөөр маалда күчөп чакалап төгүп жаткан учуру. Узун бойлуу чапжаак чиновник да жаанга суу болбоюн деп эл катары аялдамага шашып жөнөп бараткан. Жалгыз түп алма тараптан иттин борс-борс үргөнү угулду, токтоп калды. Көзгө тааныш ит. Кайрадан борс-борс этип бери бир аз чуркап келди да түйшүктөнө артка кайтты.

Чакалап төгүп жаткан жамгырдан улам чар тарап бүдөмүк. Узун бойлуу чапжаак чиновник ит үрүп жаткан тарапка бир-эки кадам таштап, таасирдүү карады. Жерде оонап бир адам жатат. Дароо боолголоду, тааныш көчө адамы болсо керек. Ити айланчыктап үргөндөн кийин ошо да. «Мас болчу эмес эле, буга эмне болду? Жүрөгү кармап калдыбы? Тирүүбү же өлүүбү?»

Басып барып билгиси келди. Токтоп калды. Чиновник да, сагызгандай сак, алда кандай болот. Өлүп калган болсо милицияга кабар бериш керек. Анан милиция дегениң чырмоочтой жабышкан жан болот эмеспи, бу кишини таанычу белең, кырсыкка ким себепкер, муну жанына эмнеге келип калдың деген толгон-токой суроолорду берип, кагаз толтуруп, суракка кайра-кайра чакыртып абийириңди аштай төгөт. Андан көрө төө көрдүңбү жок, бээ көрдүңбү жок деген таризде жашаган эп.

Көчө кишиси кыймылсыз жатат. Асты сыз кара жер, үстүнө жамгыр төгүп турат. Канчадан бери жатканын ким билсин, жамгыр суусу өтмө катарынан өтүп, көлчүктүн үстүндө жаткандай эле болуп калса керек.

Ит байкуш чебеленип оонап жаткан адамды тургузуунун амалын кылып аракеттенип жатат. Ал бирде тиги кишинин жакасынан тиштеп тарткылаган болот, бирде астыңкы буттары менен оодармакчы болуп тыткылайт, анан туруп баш жагына барып алып катуу-катуу үрүп калат. Муну көргөн узун бойлуу чапжаак чиновник ичинен ойлоду, жарыктык итти карасаң, ит болсо да адамга жардам берейин деп жанталашып атат, биз, адамдар бери жакта туруп алып жардам бериш керекпи же жокпу деп көңүл кош керсейип турабыз. Итте ай чапчыган акыл-эс жок, анда жакшылыкты унут калтырбаган күчтүү сезим болсо керек. Тиги көчө адамы темселеп өзүнө араң тамак-аш таап жеп жүрсө да анысын ушул итке беришип багып келе жатпайбы.

Ит ошол жакшылыкты билгенин кара, жаза тайып жыгылып жаан астында жаткан көчө адамы тиги подвалга жеткирүүнүн амалы кылып жатат, аракети бош болгону үчүн кыялап өтүп баратышкан адамдардан жардам сурап көзүн кылгыртып карап атпайбы. Муну адам деген аты бар эки аяктуулар шылдың түрүндө кабыл алышып, көрмөксөн-билмексенге салып кетип жатышат.

«Эмне турасың жалдырап, жаанга шөмтүрөбөй кетпейсиңби үйүңө» – деп мекемеде иштегендердин бирөө тийишип өттү. «Тиги селсаякка бооруң ооруп атса керек, тургузуп үйүңө ала кетпейсиңби» – деди экинчи бирөө. Кийинкисинин сөзү катуу тийди: «Сага тиги кишинин жатканы кызык болуп жатса керек ээ?»

Узун бойлуу чапжаак чиновник бул жашоонун түпкүлүгүнө түшүнө бербей, жалган дүйнөнүн өзү ушул окшойт деген кыязда башын шылкыйтып жолуна түштү. Жаз жамгыры бул көчө адамына өчөшкөнсүп, өз өтөлгөсүндө бетеге чөптөргө кошумча жан берип төгүп жатты, төгүп жатты.

* * *

Күндөр өтө кооптуу эле. Жаңы бийлик келгени мурда иштегендер орундарынан чекесинен шыпырылып, революционербиз дегендер келе баштады. Төңкөрүштүн залакасы узун бойлуу чапжаак чиновникке да ылдам жетти. Бир күнү эртең менен жумушка келсе ордунда башка бирөө отурат. Бошсуң дешти ага. Денесин кумурскалар чаккансып бүшүркөй түштү, кара тер кетти чекесинен. Эки жагын караса эч ким жок. Сооротор, жакшы сөз айтар жан көрүнбөйт. Буга чейин бирге иштешкендин баарысы тымпыйышып бөлмөлөрүнө бекинип алышкан.

Эшикке чыкты. Көзүнө алгач урунганы, жалгыз түп алма багы. Көчө адамын көргүсү келди, ордунда жок экен. Шаабайы сууй түштү. «Өлүп калган экен да, сөөгү коюлду бекен жерге?» Аны эмнеге издеди. Ошого барып арыз-муңун айтмакпы? Пастык болуп калмак да. Ушундайда пендечилик ойгонуп жанга караан изделет окшойт…

Дарбазадан чыгып бир аз басты, үйүнө баргысы жок, өзөк өрттөнүп өзүн алсыз сезип турду. Жумушсуз калдым деп аялына, балдарына кантип айтат?.. Алар эмне дешет? Бул жагдай тозоктун тозогу, жанды кыйнаган жагымсыз сезим окшоду.

Узун бойлуу чапжаак мурдагы чиновник эч максатсыз дендароо басып келатты, бир кезде башын өөдө көтөрсө, бет алдында кичинекей көк дүкөн турат. Токтоп калды. Аны буйтап өтө алчудай эмес, көк дүкөндүн азгырыгы күч экен, анын үнсүз чакырыгы дароо эле ичине сүйрөп кирди. Алгач айттырбай келген ызаны жазыш үчүн жүз грамм алды. Аз болуп калды. Жана бирди уруп жиберди. Денеси чымырап баятан башын чырмап турган жагымсыз ойлор өзүнөн өзү учуп чыга баштады. Сатуучу күлмүңдөп дегеле элпек. Алар акча жасаш үчүн алчы-таасын жеп бүтүшкөн. Келген кишинин тамырын тартып, анын чөнтөгүн бүт шыпырып калуунун амалын кылып жатат. Улам сөзгө тартып буулугуп турган кишини кетиргиси жок.

«Ээ, жетеси жок кур дүйнө, жумуштан кеткен жалгыз мен бекем, шурудай тизилип баарысы эле кетип жатпайбы? Куйчу дагы бирди. Жана бир жүздү, мынча болду, эми бирди». Көзүн ачса көп кишилердин арасында жатат. Өңүмбү же түшүмбү деп көзүн жуумп кайрадан ачты. Астында төшөлгөн картон кагаз экен. Муну колу менен кармалап көрүп даана сезди. Тегерегиндеги адамдар эң эле жүдөө, көчө адамдары экен, аны да даана байкады. «Астапыралла, бир күндө эле мен ушу абалга жетип калдымбы?»

Кантсе да чиновник эмеспи алда не болот деп коомайланып ордунан турду. Сыр билдирген жок. Үн чыкты:

– Бул жер сенин ордуң эмес, азыр сен тезинен үйүңө кетишиң керек!

Ким экен деп караса, баягы көзгө тааныш көчө адамы. Өңүн көрүп сүйүнүп кетти. Боорундай көрүп кучактап калгысы келди. «Өгүнкү окуядан кийин эбакта өлүп калгандыр деп ойлоп жүрдүм эле тирүү турбайбы. Көңүлүм жай ала түшпөдүбү».

Узун бойлуу чапжаак мурдагы чиновник этек-жеңин кагынып, бу жерде жүргөнүмдү көрүп калган тааныш адамдар жокпу деп эки жагын элеңдей карап кетүүгө ашыкты. Берчү суроолор көп эле, жооп күтчү жагдай эмес.

Беркилердин муну менен эч бир иши жоктой. Аларың дүйнөнү топон суу каптап келатат десе да мылжыйып отура берчү түрлөрү бар. Узун бойлуу чапжаак мурдагы чиновник үн дебей топтон акырын суурулуп чыкты. Кетип баратып кантсе да жакын болуп калган тааныш көчө адамына көз жүгүртүп алууга үлгүрдү, ал айткан сөзгө ынап өз жолуна түшкөнүн көз оту менен жактырып туруптур.

«Жай жерден жолугушуп калсак жеке отуруп сүйлөшөрбүз» дегенчилик кылды ичинен. Азыр ошентип жатат, кайрадан чиновник болуп үстөл кучактап калса не болот, аны айтып болбойт да. Узун бойлуу чапжаак мурдагы чиновник шаша-буша басып, көп элдин арасына кирип аралашып кетти.