КАСЫМОВА Сайрагүл: САЙРАГҮЛ КАСЫМОВА: ЧЫМЫНДАР

АҢГЕМЕ 

Кейиштүү тагдыры кесирлүү мүнөзүнүн үзүрү эле… Аттиң, бири кем дүйнө. Кезинде жалганга жалгыз жаралгансып, анча-мынча нерселерди эликтей карап, көздөрү ботонукундай жайнап, музоо кирпиктери ирмелсе көргөндүн көңүлүнө бүлүк салып, далайларга күйдүм чокту ырдатпады беле? Эми минтип жалгыздыктын жан кейиткен зардабында жашап калды.

Көздөрү тумандап, жаздыктан башын араң көтөрдү. Үч күн болду наар ала элек… Тааныштарына телефон чалып жардам суроодон намыстанды. Жайкы аптап терезени өчү бардай куйкалайт. Ал: «Жок дегенде форточканы ачып алсам болбойт беле, ушуга да шайым келбейби», — деп ойлоду.Тынымга шаардын күү-шаа түшкөн дүйнөсүн тыңшады.

«Ушинтип жатып өлүп калсам не болот?» — өзүнө өзү суроо берип кайра сестене түштү. Көзү тумандап, ооруган башы кайра чыңала баштады. Аба жетишпей жатпасын, дубалдарды таяна басып, акыркы деми менен терезенин форточкасын ачты. Жайкы аптап менен терезенин сыртына учуп-конгон чымындар үй ичине шар эле дей түштү. Ал чымындарды көргөндө ичиркене: «Ачпай эле койбой, эми буларды кантип өлтүрөм?»- деп ойлоду. Саамга өзүнүн кылганына туттугуп, өкүнө да түштү. Негедир бүгүн буттары да денесин көтөрө албай калчылдайт. «Буттарыма эмне болгон?» — деп ойлоду ал. Чөк түшө жөрмөлөп, араң дегенде төшөнчүсүнө жетти. Акыркы демин жыйнап шаардын күү-шаа түшкөн кыймылын дагы тыңшады…

Терезеден кирген чымындар анын бети-башына конуп, «кезинде биздин жакындарыбызды аёосуз кырчу элең, эми өчүбүздү алалыбы» дегенсип ызылдап, учуп-конушат…

Анын эсине бир курбусунун айтканы түштү. Анда эмне, солкулдаган жаш кези. Илебине нан бышып, далай жигиттер ашыктык ырын созуп, далайлары сүйүүдөн мүңкүрөгөн учуру эле. Дүйнөгө жалгыз жаралгансып шаңкылдап күлө, жаккан адамдарына каш серпе, жактырбагандарына сыртын салып коёр адаты бар эле.

Курбусу жолдон жолукту ага. Ал-жай сурашкандан кийин «үй-жайымды көрсөтүп, мактаныч кылып, көтөрүлүп коёюн, жашоомду көрсүн» деп ойлоду ал.
Үйү шаардын чок ортосунда болуп, көп кабаттуу үйлөрдүн 3-кабатын жактыргандыктан издеп-тандап жүрүп, сатып алган. Курбусу үйгө бут малганда эле үйдүн музей экендигин байкады.

«Мобул кебетесине караганда көңүлдөштөрү көп, ошолор тартуулаган оокаты,- деп ойлоду курбусу. — Капырай десең, улагадагы бут сүргүчү да жапжаңы, кымбат килем турбайбы, тиги люстрасы эле канча миң доллардыкы болду экен ыя, жалгыз башына ала албай өлүптүрбү?! Же баккан баласы болбосо». Курбусу үйгө кирип олтургандан кийин ушуларды ойлогонго үлгүрдү. Сөз арасында курбусу кеп козгоду:

— Бир бала багып алсаң же төрөп алсаң деле болмок, «тууган туяк, туубаган уят» дейт, сенин багууга шартың бар да.

Курбусунун мындай кебин ал ичинен жактырбады. «Сүйрөлгөн өлүгүңдү көрөйүн, мага акыл айткандын балакетин алабы, бул ким, мен ким, менин аттуу-баштуу досторумду көрө элек да, анан адамсып ушул акыл айткандан кийин иштин бүткөнү да, андан көрө дөөдүрөтпөй эртерээк чайын берип жоготоюн, муну менен эзилишкенче жатып уктап, эс алып албайымбы»,- деп ойлоду ал.

Унчукпай курбусун ашканага чайга чакырды. Ал жактырбаган кишисин чайга ашканага чакыра турган, жактырган кишисин тамактанууга залга чакырып, хрусталь идиштерге тамак-ашын жайнатып салып, чечекейи чеч боло өзүн өтө маданияттуу көрсөтүп, сыйлай турган адаты бар эле. Бул жолу курбусун антип сыйлабады. «Чайдан ичсең»,- демиш болуп оозу бош, көңүл кош бурк этти. Үн-сөзү жок бир чыны чай ичилди. Анын курбусунун көңүлүн таптаза терезеге конгон эки чымын бөлдү.

— Капырай, карасаң, булар да дене кумарын кандырышат ээ, деги жаратылыш кызык, — ортодогу тынчтыкты курбусу бузуп жиберди.

— И-иий башыңды жегирлер, булар кайдан киришти?- деди да атып турду. Терезедеги гезитти бүктөп туруп жупташкан чымындарды чаап жиберди.

— Башыңды жегирлер бүт дубалды, терезени карала-торала кылып булгашат. Эми ушулардын богун тазалашым керек экен да ээ,- деп сүйлөнө да кетти.

— Каап, кичине кое турсаң болмок, махабаттарын бузуп жибербедиңби, -деди курбусу кейий.

— Ушу чымындарда кайдагы махабат?! — эртеден бери акылдуусунган курбусуна кыжыры келип туталана түштү. Ал сөзүн кайра улады. — Мен чымынды иттей жаман көрөм, бир чымын үйгө кирди дегиче аркасынан кууп жүрүп өлтүрөм, өлтүрбөсөм жаным жай албайт.

Ортону кайрадан тынчтык каптады. Курбусу унчукпай отуруп, бир топтон соң минтти:

— Кууп жүрүп өлтүргөнүң жаман экен, бир күнү ошол чымындар сени чогулуп туруп жеп салышса эмне кыласың?!- деди тигинин кыжырын келтире.

— Койчу, болбогон кепти, дени-кардың сообу? Чайыңды иччи, — деди ал курбусун жактырбай итиркейи келип.

— Эмнеси бар экен, чымын да тирүү жан, жегиси келсе жеп коет, — тиги өкүм сүйлөдү.

Мына ушуларды эстегенде анын көңүлү караңгылап кетти. Бала басты боломбу деп солкулдаган жаш кезинде боюнан алдырганын эстегенде көздөрү караңгылап, көңүлү айныды. Өкүнүчү жандүйнөсүнө тынчтык бербей алдастатат.

— Чын эле чымындар жеп салышабы, эгер өлүп калсам. Жок жебейт, эмнеге жемек эле ботом, — ал өзүн-өзү ушинтип жооткотту… Акыркы демин жыйнап телефондогу тааныш номерди терди.

— Ало-о, ким бул?- кичинекей баланын үнү угулду. — Чоң атаң барбы? Чакырчы балам, — ал алсыз үн катты.

— Чоң атам жок, атам айылга кеткен.

Анын телефонду ордуна коюуга дарманы келбеди.

— Дүүк, дүүк, дүүк.

Көздөрү караңгылап, терезеден тике тийген күндүн акыркы нурларын алсыз тиктеди. Күн болсо аябай ысып, терезеден кактап турган эле. Чымындар болсо терезени каптап, карала-торала чекиттер улам көбөйүп, алда-немени күткөндөй үймөлөктөп турушту.