КЕРИМОВ Дүйшөн: ДҮЙШӨН КЕРИМОВ: ӨМҮР ТОКТОП ТУРГАНСЫЙТ…

Жараткан мага комуз чертүү өнөрүн ыраа көргөн эмеспи… Атам деле алынча комуз черте коюп жүрчү эле. Аликүнчө эсимде, мектепке чейинки курагым эс тартканы эң бактылуу болду окшойт. Ошондо ушул эле азыр биз этибарга албай таштаган шам чырак бир үйдү жаркыратып турганга жарачу. Атам комузду ашмалтай черте берчү эмес, көңүлү жай болгондо гана анда-санда, эл орунга олтурган маалда колуна алчу. Андайда мен да даяр болчумун. Чөк түшө, үч буроонун жогору жаккы учун оозго салып, аста тиштеп алчумун. Кыязы, тентегинин ал кылыгына атам да ыраазы болсо керек, бир далайга чертчү. Мен бир эселек, анда күүнүн ыргагын түшүнүү кайда, мурундан сууну агызып, комуздун учун тиштеп отурганга ыраазы элем. Абдан ыраазы элем, күү айланага мен аркылуу гана угулуп жаткандай, астейдил жан жыргаткан рахатка кошулуп, бардыгы комуз күүсүн тыңшап, бир орунда токтоп тургандай…

Дагы шүгүрчүлүк, ата шыгын улап, комуз чертип кете албасам да, анын керемет күүсүнө куштарлануу ырахатын туюп-билүү сезими тээ кайрылбай кеткен баёо кездегидей эле. Ар бир кыргыз баласындай ушул ата-бабадан калган таберик мураска астейдил сыймыктанам. Өз алдымча аздектеп, азыркыларын болсо көзмө-көз көрүп, күүсүн уксам деп дегдеген комузчулар канча. Алардын бири — куланактык Мукул Абылов.

Мукул акени мындан үч жыл мурда Нарын муздрам театрынын сахнасынан көргөм. Эки күү чертти, ыкласы төгүлүп турган экен,  көрүүчүлөр жымырап, көшүлүп угушкан. Айрыкча комузчунун чеберчилигине, кол ойнотуп, күүнүн кайрыктарын так, даана кайрыганына, тапталган куштай сергек, ишенимдүү көрүнүшүнө ыраазы болгонбуз. Кийин да ошондогудай чеберчилигин телеберүүдөн, радиодон жана сахналардан көрүп, угуп, далай ирээт маашырландык ко.

Өткөндө комузчу тээ Арпадан атайылап түшүп келиптир. Ошентип, сааты чыккан күнү тааныш-билиш болуп калдык.

— Чарбанын коюн багып жүрөм, «Азем» аттуу телефестивалга чакырышкан экен, катышып чыктым. Ээн жерде жүрүп буулугуп да калабы, кааласаңар чертип, сүйлө десеңер, сүйлөп да берейин, — деп күлдү.

Жоргону жорго деш керек… Бу комуз күүсүн маңдай-тескей отуруп уккандан өткөн жыргал жок белем. Анан калса Мукул аке өтө эле элпек киши, кайсы күүнү атасак, ак дили менен чертип, шагыбызды сындырган жок. Оо, түн бир оокумга чейин черткенден ал, уккандан биз түк тажабадык. «Ата-бабадан калган салт, өнөрпоз ушинтип угам деген пенденин көңүлүн калтырбай, өнөрүн тартуулап келген», — деп отурду.

Комуз күүлөрүн комузчу чечмелеп, божурап айтып отурса, анда элдин өткөндөгү тарыхы, не бир уламыш, санжырасы, кайгы-касирети, кубанычы, үмүт-тилеги бар. Көркөм өнөрдүн күчү ошондо – чертилип  жаткан күүнүн ыргагында кошо термелип, сөз менен туюндуруп бере алгыс, кызык дүйнөгө аралашасың. Көртирликтин көйгөйү саамга болсо да эстен чыгып калат. Качантан бери унутта калган аялуу бир сезим коштой, өзүңдү бийик кармап, ой-сезим аруулана түшөт. Ооба, көркөм өнөрдү, өнөрпозду атам замандан ошол үчүн ардактап, айтып келатышпайбы. Ата-бабабыз аздектеген өнөрпозун ат чаптырып, жеткайттан болсо да алдырган, күнү-түнү уктабай өнөрүн уккан, төрүнүн куту деп колдо барын аябаган.

Мукул комузчунун санжыра, уламыштарын угуп отурсак, андагы өнөрпоздорго дайыма эле сый-урмат боло бербептир. Аны кылымдан кылым арытып, бизге жеткен мынабу күүлөр өздөрү айтып жаткансыйт. «Камбаркан», «Насыйкат», «Сынган бугу», «Көкөй кести», «Кер толгоо…» Оо, булар жөн эле чертилип калбаптыр да. Айрыкча «Кер толгоо»…

Илгери-илгери  даңкы далайга угулуп, өнөрү көкөлөп турган комузчунунун даңкына ичи таарыган ошол элдин кыйкымчыл башчысы өзүнө  чакыртып алат экен.

«Ии, кел комузчум, — дейт ал кекээрлеп, — атың алыска кетти го, биз биякта калдык. Чертет экенсиң, черткенде да жан-жаныбарды туурап, оюңа эмне келсе, ошонун баарын чертет экенсиң. Эмки кезек менин кер кашка атыма келди го дейм. Дубан бузган күлүктү бир апта жетелеп, күү чыгарып чертип көрчү, комузчум…»

Кер атты жетелеп, комузчу үйүнөн алыс чыкпай калды. Эл аралап, куштай сызган көңүл кирдеп, бийлик алдында аргасыз отуруп калды. Ошондо ал-жайын сурап келген санаалаштарына «кераттын толгоосун тартып атам», — деп күү чертип отурчу экен комузчу. Ошентип жаралган дешет кайран «Кертолгоо…” Мукул аке «Кер толгоону» кезегинде Нарын аймагына таанымал комузчу Алымкулдан үйрөнгөн. Дегеле өнөр башаты үйдөн башталган эмеспи.

— Атам аз-маз комуз чертчү эле. А кишинин таасири болду, бирок комузду мен өз алдымча эле үйрөнгөм. Анда теңтуш балдар бир нерсени атаандашып үйрөнөр элек.

«Мукулдун артыкчылыгы кол ойнотуп, өтө ийкемдүү черткенинде», — дешет. Бул баа — көпчүлүктүн баасы. Деги бу киши билбеген күү аз эле болсо керек. Бир эле күүнүн үч-төрт түрдүү аткарылышын билет. Табиятында тетик көңүл, курч сөздүү комузчу негизинен кол ойнотуп, кубулжутуп черткенди жакшы көрөт. Буга чейинки турмуш жолу да бир кылка эмес, далай кагылыштарга, өйдө-ылдыйга туш болгон. Бетке чабар түз сөздүү мүнөзүнүн «убайын» кыйла эле көргөн. Эми да ошол жаш бойдон, көргөнүн көргөндөй кылчактабай айтып салып баса берет. Балдары да өзүндөй ыр-күүгө шыктуу чыкты. Күмөндөрү күлкүгө тундурса, Сыймыгы комуз десе, жантыгынан жата калат. Балдарына каадаланып комуз үйрөтпөйт, «зээндүү бала өзү эле чыгат» дейт. Баса, Мукул акенин ыр жазып, ага обон чыгара коймою да бар. Бир гана ал шыгын чакан чөйрөдөн чыгарбайт, калк алдында комуз менен чыгып, жалаң кара күү черткенди гана артык көрөт.

Атайдын айтылуу «Ак тамак, көк тамак» күүсүн чертип атты. Чебердин чеберинин «тиши өткөн» күү. Дагы айтайын, Мукул комузчу бир кишиге болсо да пейилин төгүп, чын дилден чертип берет. Айрыкча, «Ак тамак, көк тамакты» кубулжутат, ов! Байкасаңыз, комузчунун көзү жайнап, ушул күүдө гана бар шыгы бажырая ачылгансыйт. Бир жуп кош чымчыктын көйгөйлүү тагдыры көз алдыга тартылып, күүнүн касиети ушунда, дилдиреген үч кыл адамча сүйлөйт, эй! Көңүлүң чымчык болуп сайрап, оболоп учат. Кара жумушка жедеп бышкан комузчунун калбаат манжалары бу саам не бир назик, ийкемдүү, көзгө илээшпей тыбырайт. Комуз черткиң келет. Күүнүн касиетин караң, акыркы чегин карай камчыланып бараткан өмүрүң — ыйык өмүрүң бир аз аялдай калгансыйт…

“Нарын правдасы”,1988-жыл.