КЕРИМОВ Дүйшөн: ДҮЙШӨН КЕРИМОВ: «ЖАЗ АЙЫНЫН ЖАМГЫРЫ – ЗАЛКАРДЫН КӨЗ ЖАШЫ»

ЭССЕ

“Өзүңө ой-санаасы, руханий дүйнөсү, табигый мүнөзү шай келишкен адамды жолуктуруудан өткөн бакыт жок”.
Чынгыз АЙТМАТОВ

“Дал өзүңдөй кайдан билсин кайгымды эл,
Ашык көңүл түбөлүк жаш, айдың көл.
Сүйүү менен сүргөн күндөр гана өмүр,
А калганы жай күндөр”.

Муктар ШАХАНОВ

“Айланайын Чыңгыз, адабиятта кандай улуу болсо, махабатын жерге берерде да ошондой улуу, чыныгы жигиттигин көрсөттү” деп төбөм көккө жетип турду”.
Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ

 

Бүгүн май айынын он бири. Таң сүрө себелей башталган жамгыр бирде нөшөрлөй, бирде жай, удургуп соккон шамалдын ыргагында доошун өзгөртө берип, күн шашке ченде сээлдей дыбырап, бир калыпта жайма-жай ыргагына өткөндөй болду. “Тунарып баары жаап атты, туманы жаман жадатты…” деп Сагын акын жазгандай кечээ эле толукшуп турган май айынын жаркын гүл жыттанган теребели бир паста мына минтип түнөрүп турат. Дыбыраган жумшак жамгырдын алдында кол чатыр көтөргөн, кабак-каштары да береги түнөргөн күн жарыктыкка окшошуп, баштарын ийе ыйбаа жер караган адамдардын узун тизмеги борбор шаардын көркөм имараты опера-балет театрынын алдына убай-чубай келип атат.

Бул жерде бүгүн улуу траур-кыргыздын ааламга аты кеткен айтылуу бийчиси менен коштошуу зыйнаты… Театрдын фое-астанасында сахнанын ай жаркын жылдызы, чабалекейдей чаалыкпас таланты, шам чырактай нурлуу актрисасы гүлгө оронгон секиче табытта ак жүзү ачык, тал чыбыктай суналып жатканы… Бир кезде ушул сахнанын ак көпөлөк чеберин “бир көрсөк” деп, ак эткенден так эте театрга үзгүлтүксүз келип жүргөндөр эми ал айчырай дидарды дагы бир көрүп калуу үчүн ашыгышат-ов! А бийчи болсо келгени менен да, кеткени менен да иши жок… Бирок анын жүзүндө баягындай эле мээрим жылмаюу, көзү жумулуу, уктап жаткан таризде мемирейт. Өлдү деп, кайран асылды айтууга ким даайт, кимдин оюна келет…

Табыттын төр тарабында маркумдун кара кийинген жакындары кыркалекей отурушат. Алардын артында карууларына кара чүпүрөк байланган атайын түзүлгөн өкмөттүк комиссия мүчөлөрү тикесинен-тик тизилип турушат. Театрдын күн батыш тарабындагы негизги каалгадан кирген эл бир катарда илкий басып, табыттын жанына келип бир саам бийчи менен үнсүз коштошот да, туурадагы эшик аркылуу түз өтүп кетип жатат. Мына бир саатка чукул мезгилден бери ушул көрүнүш, ушул сүрөт. Сөз тургай, үн да угулбай тымтырс. Эл аягы үзүлчүдөй түрү жок. Сыртта жамгыр, ичте үңкүйгөн жымжырттык, үшүткөн үнсүздүк…

Аңгыча, тээ түпкүрдөн чыккандагыдай “гүү” деген үн ээн капчыгайдагыдай фоени капилет жаңыртты. Бул үн – табыттын жанында кара кийип жана кароолдо турган көпчүлүктүн күтүүсүздөн болуп кеткен көрүнүшкө таңгалгандагы добушу эле. Коштошууга келип аткан ошончо элди да селт эттирип, бардык тургандарды селейтип таштай катырган береги акылга сыйбас, окуя болумушту кайталап айтуу, чечмелөө анда кандай оор болсо, кийин андан да кыйын болорун ким билди экен…

Эшикте тынбай жааган асмандын түнөргөн кара булуттарына шайкеш чылк кара кийинген: кара шляпа, кара көз айнек, кара көйнөк, кара галстук, кара костюм-шым, кара плащ, кара туфлийчен адам катар тизилип келаткандарды жандай эшиктен көрүнгөндө эле жогоруда айтылгандай бир “гүү” добуш чыгып-чыкпай тып басылды да, отургандар да, тургандар да, басып бараткандар да селейип катты да калды. Бир гана кара кийимчен адам кыймылда, ээн талаа, эрме чөлдө жалгыз жүргөндөй жай басып келди да, табыттын баш жагына токтоду. Ал ошол калыбында канчага турду… Аны өзү билген да, сезген да жок, сезмек да эмес. Ал эми көрүп тургандарга да бул табышмак, таңгалаарлык учур оголе узакка созулгансыды. Ким эмне дейт? Алдыртан бири-бирин карашат, бирок бирдеме дешке эч кимиси да даабайт, деги мындайды мурда-кийин ким көргөн. Ким эмне дей алат?..

Кара кийимчен адам көз айнегин алды, анан анысын акырын жан чөнтөгүнө салды. Мына ошондо анын өңү, түнү бою, мүмкүн күнү-түнү ыйлагандан тоодой шишиген көздөрү, баарыга таанымал, азыр кайгыдан кара-көк тарткан жүзү айкын көрүндү. Фоеден дагы түпкүрдөн чыккандагыдай баягы “гүү” добуш жаңыра түшүп басылды. Кара кийген киши болсо калтыраган эки колун алдыга сунуп, табытта суналып жаткан аппак аялзатынын уктагандай күлүмсүрөгөн жансыз жүзүн аста-секин алакандары менен сылай баштады.  Ал ушунчалык аяр эң назик гүлдү үзөйүн деп, бирок колу барбай, жыттайын деп ниеттенгендей эңкейгенден-эңкейип, анан өзүн кармана албай калды да, табытты кучактай бой таштады. Анан… бышактап ыйлаган, улутуна солуктаган аянычтуу үнү кошул-ташыл заңгыраган имарат ичинде күңүрт угула берди…

Эл катып турат. Мындай шумдуктуу көрүнүштү эч кимиси мурда-кийин көрбөгөн, укпаган. Мындай күтүлбөгөн кызык, катаал, обу жок десе да болор кыйын-кезең көрүнүшкө бирөөлөр таңдана, бирөөлөр кыжырдана, бирөөлөр аяп, бирөөлөр суктана карап турганы.

Адам акылы айраң. Ким көргөн мындайды… Көрмөк түгүл, китептерде да жок ко. Бир гана жомоктордо гана ушундай болор. Ушундай жакын адамынан: ата-энесинен, сүйгөн жарынан, кара чечекей баласынан айрылган адам эс акылын жоготуп, өзүн унутуп дабдаарыган, жарыктык жараткан дүйнө менен да эч иши жок берегидей акыбалда калаарын айрымдар билсе билгендир дечи, а мынабу…

Жо-жок, мындай иш болгон экен, Олжобай менен Кишимжан, Аксаткын менен Кулмырзадай бири-бири үчүн жан кыйган ашыктар болгон экен да кыргыздын өтүмүш тагдырында.

“Жетпегенин “чын сүйүү” деп,
Арман кылат алсыздар.
А экөөбүздү табыштырган,
Кудай деген калыс бар”, — деп кайсы бир акын сыймыктана муңканып ырдагандай, аял-эркек табышканда, кошулганда, билишкенде… сүйүүгө айланып, адам пенденин айрыкча бир аялуу, кумарлуу, кусалуу сезимдери дайра болуп шоокумдап, өрүкзарлуу көктөм болуп көлбүп, көкмөк нурлуу күн, толукшуган ай, жыбыраган көл, ак мөңгү аска-тоо, кызгалдактуу айдың, үлбүрөгөн гүл, алоо эрин, аялуу шыбыр… болуп, а-ал анан ал унутулгус, ажайып, армандуу да дүйнөгө жетелеп, махабат (!) аттуу касиет жаралат турбайбы. Ошол улуу махабат, аруу ашыгылык арзуунун перзенттери – Жамийла менен Данияр, Танабай менен Бүбүжан, Бороондуу Эдигей менен Зарипа, Раймаалы жана Бегимай кайда болду экен а…

Кубанычы, кайгысы, рахаты, азабы… аралаш бу сүйүү, арзуу, махабат аттуу кызык, татаал, дегеле адамзат акыл-эсин тумандаткан ыйык дейбизби, бийик дейбизби же бирөөнү шордуу, бирөөнү таттуу тагдырга жетелеген сезим мамилеси, көңүл парасаты менен кимдин иши бар? Деги түшүнүгү бар болду бекен… Бу арман, албан ажайып дүйнөнү ким көрүп, ким бир келген кайталангыс, кыйырсыз жашоосунда кабылып, керт башынан өткөрө алды экен?..

Аңгыча… үнсүз, улуу жымжырттыкты “Эй! Тетиги кара жигит  шерменде кыла турган болду, кокуй! Алып кеткиле, тез алып кеткиле!..” — деген кароолдо турган комиссия башчысынын буйрук шыбыры бузуп, мынабу укмуштуу болуп турган көрүнүшкө күбөдөр, табытта жансыз жаткан маркумдай, тикесинен эстеликтей катып турушкан көпчүлүккө жан кирип, бир дем менен оор улутунуунун хору алдыртан жаңырды…Баары, ортодогу оор окуяга күбөдөр, капкара кийинчен кишинин кайгы-азабына аргасыз арбалгандар эстерине келип, бир дем менен шуу үшкүргөндөй болушту.

“…Кайран тунжур сыздыбы? Кайрылгыс учтубу? Кош асылым! Өмүрүмдө бир келген карлыгач ырахатым, жүрөгүмдүн алоо жалыны, мүнөз менен көркүнө өнөрү шай келген тубаса бүткөн ажайып таланттуу делбирим! Тынч жатагой, мен кеттим…”

Колтуктаган кош жигиттин коштоосунда өпкө кага, далысы солкулдай, майдан талаасынан жаралуу чыгып бараткан эрендин элесин элге калтырып, келбетине өнөр-таланты, даңаза-даңкы айкалышкан алп жазуучу көчөгө чыга келгенде жаздын чабалекей чагылганы капилет жарк эте, артынан күн жарыктык албуут күркүрөй жамгыр нөшөрлөй төктү. Кан жуткан кайгынын, түбү – өлүк (!) ажырашуунун ээ-жаа бербеген көз жашы жаан суусуна аралаша жаак ылдый куюлуп, акырекке акты…

Береги ааламды алаканына салгандай ой-жүгүртүү, кыял чабыт, үмүт айдыңына, калем чеберчилигине эгедер ушул зор кишини жаш баладай муңкантып, зарланткан айжаркын арзуунун, улуу махабаттын табышмак күчүнө күү кошуп, муюгансып табийгат да азалуу залкарды коштой көз жашын төгө берди.

Май-декабрь, 2016-жыл. Бишкек