КЕРИМОВ Дүйшөн: ДҮЙШӨН КЕРИМОВ: «СҮЙҮҮГӨ СОҢ-КӨЛ – ЭСТЕЛИК»

ЭССЕ

Жай саратанында айтылуу Соң-Көлдө болгонсузбу? Анда эмесе, элестетип көрөлүчү. Күн мына-мына тоо артына жашынайын деп турат. Андан кыйгай түшкөн кызгылтым нур көл үстүнө көпүрө салган. А көпүрө кылтылдап бир башкача ажайып көрүнөт. Кудум электен өткөрүп, жээкке кол менен төшөп койгонсуган жыбыраган аппак таштарга майда толкундар тынымсыз тийип качат. Сырдуу шыбыш угулат: Жагымдуу желаргы леп-леп соккон сайын көңүлүң сергийт. Ошол маалда кайдандыр кусалык сезим өзөктү өрдөйт. Тээ бүлбүл көрүнгөн көлдүн өйүзүндө бир жакын адамың жүргөнсүп, умсунасың. Үмүткөр сезим ненидир самайт, ненидир күтөт…

 

Мурда көрө элек жерге баратканда кайсы пенде кайдыгер болсун, жол боюнан көз албай жүрүп отурасың го. Бу Соң-Көлгө Ак-Талаа тарабынан барыш, чынында, татаалыраак экен. Молдонун-Белине чыкканча машинебизден да, өзүбүздөн да тер чыкты окшойт. Андан ары эңкейиш, жол түз, көлгө заматта кирип барасың. Анан көлдү айланта курчаган даңгыр жол менен кете бер.

— Мобу, Ак-Мөөр-Булуң, — деди жол улаш шеригибиз обдула. — Эжекебиз дал ушул жерден торго түшкөн экен…

— Чын элеби? Анда бир аз аярлабайлыбы?

Кеткиче ушул булуңга канча ирээт келдик. Келген сайын мени белгисиз күч бийлеп алчу болду. Жакындап баратсаң — бирөө күтүп тургансыйт, узап баратсаң — аялуу нерсең калгансыйт…

Эжекебиз ушул жерден торго түшкөн… Булуңду тиктеп отуруп, кыялым кылым арытып айтылып келаткан баяндын элесине өзүнчө имерилип, көз алдыга келтиргиң келет. Булуңду жандай өткөн жол менен күн чыгыш тараптан келаткан жанга мындагылар жакын келмейинче көрүнбөйт шекилдүү. Ошол сапар да ошондой болгон дешет…

Тобунан бута атым алдыда келаткан Жантай баатыр эңкейишке кире берген жерден аргымактын тизгинин чое, аңкайып туруп калган экен. «Капырай, мынабу жомоктогу үрдүн кыздарыбы же асмандан түшкөн периштелерби?» — деп сонуркап турганда, арттан жигиттери да жете келди.

Сулуулук кимди жипсиз байлабаган-ов! Топ саамга демин ичине алып, жарданып туруп калды. А кыздар таптакыр беймарал болчу, аруу денелери күнгө чагылып, сууда ого бетер көз уялтып ойной беришти, сүзө беришти. Аңгыча аттардын бышкырыгы же адамдардын кобуру жетти белем…

…Ошондо тобунан өксүгөн ак куу сымал, кундуздай чачы көлгө жайылып булуңда бирөө калды. Ошол ак куу калды кылымдан кылымга ырдалып. Ашыктык ыр, арман ыр дагы-дагы ырдалат, далайга ырдалат…