КЕРИМОВ Дүйшөн: ДҮЙШӨН КЕРИМОВ: «АДАМ ӨМҮРҮ — AККАН СУУ»

ЭССЕ


 “…Кайрандарым а силер жатасыңар,
Терек күүсүн укпастан шуудураган…”
Салижан ЖИГИТОВ

Орустун эң сонун жазуучусу Василий Шукшиндин чыгармаларын окуп олтуруп, элетте туулуп-өскөн адам сөз жок өз айылын, андагы бири-бирине окшошпогон, бирок бири-бирисиз жашай албай тургандай ынак, азилкеч кишилердин элесин көз алдыга келтирип, жаны жыргап эстебей койбойт. Раматылык чоң атам Керим да чоң тебетей, кат-сабаты жок, кыскасы, көчмөн кыргыз турмушунун акыркы тирүү «экземплярынын» бири эле. Жада калса, кийген кийими да жалаң үйдө, энелеримдин колунан даярдалчу.

 

Атам мен эс тартканы кайда гана кошо алып жүрбөдү. Тойго, ашка, өлүк чыккан жерге, мүрзөгө топо салууга, улак тартышка, ыштыкка, карагатка, отун алганга, чөп чапканга… Ал тургай сакалдуу кишилерге катар олтуругузуп, беш бармактуу чарага кол салдырчу… Мына ошол каргадай кезден, демек, далай-далай адамдарды көрүп, айрымдарынын аз да болсо кыял-жоруктарын, сөздөрүн эстеп калдык. Болот, Тоголок, Борбу, Сабит, Шапактын Осмону, Стамдын Турдубайы, Түлкүбай, бала Кадыр, Сары, Ыбрайым Молдо, Ысмакун Молдо, Бектурдун Ысасы, Үрүстөм, Алагөз, Абдрай, Касым, Мүдүн, Күчүк, Моңкош Календер, Өмүралы, Алым апа, Гулнар, Айша, чоң Ажар ж.б. айлыбыздын тарыхый адамдары көз алдыма келет. Эми ойлосок, аларда элибиздин көчмөн руху, салт санаасы, адеби, көркөм дасмиясынын көрөңгөсү сакталып келген тура…

Болот, Тоголок Борбу, Сабит, Баптаалы, Сайыр, Тилебалды аксакалдардын жылкыга, аңчылыкка, балбандыкка байланышкан эрдиктери аңыз кепке айланган. Ал эми Осмон, Ыса, Үрүстөм, Жолболду, Күчүк, Кадыр, Сары, Календер акелер сөздүн кунун мыкты билишкен эмеспи.

Эсимде, Усупбек деген тегирменчи чоң атабыз жай-кышы Бороондуда ун, талкан салчу. Жарыктык кышкысын өзөндүн үстүн муз каптап калган учурда, бээсине топурак, күл артынып муз үстүнө өтмөк жасайм деп, убараланып жүрөр эле. Эми а кишиге буйрук берген же акы төлөөр деле эч ким болгон эмес, тек гана адамдык милдет, инстинк ошого жетелеп турган. Жасаган, койгонун мындай эч кимге док кылбаган, «мен» деп төш какпаган соодагер Кадыр, Акматакун, Жумалы, Карачеке, Жусубакун, Мокеш, Карыбек, Калча, Турсун, Ырсалы өңдүү мээнеткеч адамдар да өттү.

Айлыбыздын «астрологу» Дүйшөмбү карыя кылымга жуук өмүр кечирди. Ал эми алгачкы башкармалардын бири Төлөнгүттүн Дүйшөмбүсү болсо кийин карыганда тапшырылган почточулук ишти да ушунчалык так аткарып жүрдү.

Бири өгүз, бири кой багып, Ленин орденин төшүндө жаркыраткан Байбагыш Мамыткасым аксакалдар айылыбыздан сыймыгы, көркү да болчу…

Башкарма дегенде ак-муздуктар дүйнөдөн мезгилсиз өтүп кеткен уулу — Мойдунду сөзсүз эскеришет. Акыйкатта айылдын бүгүнкү социалдык, маданий деңгээли ушул кишинин атуулдук ишмердигинин үзүрү.

Ажал адамдын туулгандан жан жолдошу экендигин, ал каргыш тийгир, эртеби, кечпи, сөзсүз саламдашпай кирип келээрин айныксыз сезсең да, пенде көңүлү өлбөстүктү эңсей берет. Баары бир акыры башта бир өлүм! Бирок ошол мыйзам аксиоманы билип-туюп туруп деле, мезгилинен эрте, кур дегенде алтымыш жашка жеталбай кете берген кайран агайларымдын тагдырын ойлогондо каңырыгым түтөп, кабыргам кайышат. Кайран агайларым! Алардын сабынан биринчи болуп Мырзажан агай көз жумду окшойт. Жомоктогу алптай болгон кайран киши өткөндө Ак-Муз айлы «солк» эткенсиди. Бала болсок да ажалдын күчүнөн коркуп, сестендик.

Кесиптеш жолдошун жалгызсыратпайлы дегенсип, анын артынан Манакен, Абыш, Касый, Токон, Бекмурза, Кадин, Жолочу, Илияс агайлар саналуу жылдардын аралыгында эле жарык дүйнө менен кош айтышты. Ал эми Мамытасым агай, Рыскан, Кенжегүл эжелер пенсияга чыгышканы менен узакка күн көрүүгө, эс алуунун  рахатын сезгенге чамалары келишкен жок. Ушундан улам мугалимдик кесиптин оор түйшүгүн, адам өмүрүн кыскартаар ырайымсыз кыскасын аргасыз баамдайсың. Көрсө, балдарды окутабыз деп жүрүшүп, эртелеп карып кетишет экен да!..

Ар бири асыл адамдар эле. Бири орус тилден, бири тарыхтан, бири математикадан, бири физкультурадан сабак берди. «Зарница», спектакль, концерт коебуз деп, чарбанын өнөктүк жумуштары деп, өздөрүн да аяшпай, бизди да тындырбай турмуш сабагын колдорунан келишинче үйрөтүштү. Устаттарым… Биринден бириңди айырмалап, алакчылайын деген ой менде түк жок. Окуучуларыңар үчүн баарыңар тең ыйыксыңар. Силер тирүүсүңөр…

«Комузчу Атай өлгөндө, кол барбай турду көмгөнгө» деп Ысмайыл төкмө ырдагандай, айлыбыздын келечекте көптү үмүттөндүргөн уулу Сарбагыш аке кырк жашка толуп, толбой көз жумуп кете бергенде, айыл бир башкача чайпалып, көз жашын төгүп турбадыбы…

Өлүм өз ишин тынымсыз жасай берет экен. Мына, кечээ жакында эле Ыбрай, Жумакадыр аке, көп өтпөй Касымакун карыя көз жумду деген суук кабар келди. Кайталангыс адамдар… Жумакадыр Шүкүров деп кезегинде эмгегинен даңкы чыгып, өмүр бою чарбанын малын бакты. Айлынын атын чыгарган мындай эмгек азаматтарын эстегенде, сөз жок Ысмат аке менен Мүкүл эженин да жаркын элестери көз алдыга тартылбай койбойт. Мал киндиктүү чарбанын өнүгүшүнө Касымакун аксакалдын да салымы чоң. Айрыкча бу кишинин мүнөзү мыкты эле. Жумшак сүйлөп, алдыртан мурч аралаш какшыктап койгондо күлбөгөн адам калчу эмес.

Көзү өткөн айылдаштарды ушинтип азыноолак кеп салып олтурсак, сөз учугу түгөнбөс… Булар го көрүп билгендер, а мен көрбөй, көрсөм да жадымдан чыгып кеткендери канча. Анда эле пендечилик кылганым үчүн ыйык арбактар алдында кечирим суроого даярмын. «Акыры башта бир өлүм» дечү эле атам. «Тирүүчүлүк — барынан улук» дейт акылмандар.

Демек, бул тирүү адамдар гана бири-бирин сыйлап, баркына жетүүсү кажет деген милдет жоопкерчиликти каңкуулап турган жокпу?..

Эсимде, алты-жетидеги баламын, атам экөөбүз Талаа-Булактан жакага түшүп келатабыз. Артынганыбыз кымыз, кечке ат үстүндө такымым жооруп, жайлата кыштак көздөн учкан мен үйгө жетсек дегенде эки көзүм төрт же жол түгөнбөйт. Күн кылкылдап батып баратканда Ичкеге жете келдик. Ак-Муздун чети көрүнгөндө эле сүйүнө баштадым. Аңгыча алдыбыздан бир атчан киши карпа-күрпө чыга калды. Атын кара терге түшүргөн Чөнө чабарман экен, атам экөө бакылдашып ал-жай сурашып калышты. Тезирээк бастырсак деп мен кыпылдап турам.

«Ой, Чөнө, көзүң өтүп баратат ээ, бери бастырып чаначтарды түшүр», — деп атам күтүлбөгөн жерден суу жээгине түшө баштабаспы. «Ата, бастырбайлыбы» дегенимди тыңшап да коюшпай, экөө жайбаракат гана кымыздарды түшүрүп киришти. Кудай урду, чабарман чаначтын оозун шашпай кайрып алып, боортоктой кымызга кирди, атам даарат алып намазга кирди…

Оо бир убакта күүгүм кирип, саратан чырылдап бирин-серин айыл оттору көрүнө баштаган маалда гана Ичкеден чыктык. «Эй балам, үңүрөйбө, — деди атам бир убакта — буюрса келбедикпи. Кымызды суусаганга бер деген. Тирүү кишинин ырыскысын өзүнөн кантип аяйбыз. Тирүү жүрсөң,  кымыз да болот, жетчү жериңе да барасың. Өмүрүң узун болсун, тирүүнүн ырыскысын бөлүшө жүр».

Алыста жүрсөң Ата Журттун адамдары гана эмес, акактай тунук өзөн суулары, аркырап соккон шамалы, тоо-ташы, кайберенинен өөдө түшкө кирип сагынтат.

Атыңдан айланайын Ак-Музум, өзүң барда биз да барбыз. Салаалап жай-кышы тынбай аккан Бороондуң, Ичкең, Ача, Көк-Күмөсүң… жан-жаныбарга өмүр улап, жака-белиңди саймалап келет. Адам өмүрү да аккан суудай кетет, келет, тынбай агат. Ылайым соолубасын!