КЕРИМОВ Дүйшөн: ДҮЙШӨН КЕРИМОВ: «КИНДИК КАН ТАМГАН КОНУШ»

ЭССЕ

Биздин айылдын түндүк тарабындагы адырлуу тоолордон эки салаа кош колот түшөт. Аларды Кичи-Булак, Чоң-Булак деп коебуз. Бир кездерде жайкысын бул өндүрлөрдө өйүз-бүйүз айыл конуп, бээ байлаша турган. Арадан чейрек кылымдай мезгил өттү. Бирок азыр баягынын бири жок, таптакыр башка көрүнүш. Замандын учкулдугуна так каласың…

 

Өткөн жайда Кичи-Булактын өрдөшүнө атайылап чыгып бардым. Биздин айылдын ар дайым отуруучу конушу болгон имерүүдөгү түзөңдө олтурсам, өткөн-кеткендер эске түшөт. Раматылык чоң атам тажабай айтчу таржымал кулагыма угулат: «Сен так ушул жерде боз үйдө туулгансың. Август айы, күнгө дүйшөмбү болучу…» Балалыктын эң таттуу учурлары да ушул жерлерде өттү. Төштөгү жарчаларга керки менен жол салып, таш машинелерди зуулдатчу элек. Чолок ыштанчан, санды шапалактап, сазда жүгүргөндүн рахатын айт…

Бир күнкү кесүүдөгү окуя жадымдан чыга турган эмес. Кээде ал эске кылт дей түшкөндө өзүнчө бир жагымдуу, кайгы аралаш жыргалга батам да… Эжем менден үч жаш улуу болгону менен өтө чыйрак болучу. Айрыкча тезек, куурай тергенде алдына киши салчу эмес. Койдун кезүүсү келгенде экөөлөчүбүз. Чынында мени эптеп караан болсун деп эле ээрчитип алчу.

Ошол күнкү кезүү аяктап, күн кечки бешимге таяп бараткан. Эки көзүм айылда. Койлор кечке тойду, эптеп бир барып келе койсок дейм. Менин улам кыңкыстай бергенимди кыйбай, эжем койду төшкө кайырды да, айылга жөнөп бердик. Эки чакырымдай аралык кеппи, барып куймакка тоюп бат эле чыккандай болгонбуз… Анан көзүң жамандыкты көрбөсүн, койлор биздин артыбыздан эбак келип, козулары жамырап кетиптир. Катын-калачтын кокуй-алаты, кой-козулардын чуусуна кошулуп айыл үстү азан-казан эле болуп калган экен. Ошондогу аялдар «Көк долу» деп атачу кемпирдин үнү кулагыма даана угулат. Айылды бир күндүк сүттөн каңтарыш оңойбу, үрөйүбүз учкан эжем экөөбүз көздөн далдаа, айылдан оолактап кеткиче шаштык.

Тээ, жогору жактагы чийлүү кашаттан кылтыйып, айылды карап турабыз. Эжемдин жемесине кулагымды жапырып, ылдый тараптан көз албайм. Ал аңгыча айылдан бир атчан бөлүнүп чыкты. Апам экендигин жаземдебей эле тааныдык… Жанатан баамдап отурган экен, эжем оң жактагы жылгага салды. Артынан мен да декилдедим. Чуркап баратып эле ботинкамды силкип-силкип жибердим. Жыңайлак жакшы качат эмессиңби… Ошондон түз эле айылдын капталынан чыктык. Эжем таенемдикине жылт койду, мен болсо төштө жайылып жаткан көрпөчөнүн алдына кирип кеттим.

Коркуп жатып ошол боюнча уктап кеткенимди билбейм, тээ бир убакта эле бирөө жалынып-жалбарып көтөрүп баратыптыр. Тааныш, жагымдуу жыт. Асманда жылдыздар жымыңдайт…

«…Өттү, кетти жаш убагым, азыр жигит курагым,
Сагынгандан кайра келип, эски журтта турамын.
Боз үйүмдү көрсөтчү деп тагдырымдан сурадым,
Боз үй да жок, апам да жок. Суунун шары угулат…»

«Фудзиямадагы кадыр түн» спектаклинде Сабырдын ушул ыры эске түшөт… Баягы көк конуштун түсү өзгөргөн. Мындан он беш жылдай илгери бир түркөй бригадир «маданий жайыт болот» деп, колоттун биртике таманын коңтормолотуп салган эле. Эми минтип отоо куурайдын мекенине айланыптыр. Кабактагы булактардын көздөрү эбак бүтүп, чөп баскан. Ошентсе да төө тапан кемирчектер дале бар экен. Бирди казып, шашпай аарчып, ооз тийдим.

Кырга бастырып чыкканча зээним кейиди. Тескейдин баягы түркүн буралган чөбү жок, кыйма-чийме койдун чыйырына эми эзели чөп чыга турган эмес. Кырдын айдарым жели көңүлдү сергитет. Бир кур балдар калдыркан көпөлөк уулачу кыраңда бир аз отурдум. Калдыркан эмес майда көпөлөктөр көрүнбөйт. Тигине, кыштагыбыз. Бала кезде өтө алыс сезилээр эле. Андан бериде, колоттун чыга беришиндеги чийлүү дөңдө калың мүрзө жатат. Бир кезде андан аябай коркчу элек. Негедир азыр андай сезим менде жок. Кайра көбүрөөк баргым келет. Мүмкүн бул дүйнөгө мени жаратып, мезгилинен эрте кетишкен атам менен апам ошол жерде жатышканы үчүн ошондойдур…

Артыма кылчайсам, андагы көк конуш ушул. Менин киндик кан тамган жерим — кичинекей Мекеним.