КЕРИМОВ Дүйшөн: ДҮЙШӨН КЕРИМОВ: «РЕДАКЦИЯНЫН ЭСКИ КОРООСУ»

ЭССЕ

«Время бежит как зверь».
Сергей Мнацаканян

Кеп ошол эски короодо… Биринчи жолу дарбазасын аттаган адамга өтө жупуну көрүнгөнү менен, ич жагы кызыкка толо эле, жарыктык.

Окууну бүтүп келерим менен мени күтүп аткансып алдуу-күчтүү курагында атам дүйнөдөн өтүп кетти. Беш жылча айыл мектебинде аргасыз жүрүп калдым. Аргасыз дегеним, анда тилчи мугалимдер мектепке батпай, бошой калган орундарга сабак бергеним болбосо, намыска тиер,  бирок китеп-гезит окуганга шарты мыкты «кызыл үйчү» кызматында буулугуп жүргөн кез болчу. Ал күн кантип унутулсун… Кышкы каникулда Нарынга келип калып, чоң кызматтагы эжеге кокус жолугуп, арманымды айтып жиберсем, ажаатчыл жан экен, түз эле ушул короого ээрчитип кирип келди. Ахыбалым Тайгадан келген чукчадай…

 

Эсимде, дарбазадан ары узун короо, он жакта райгезит «Жеңиш». Оозуңда жанказандай башы бар, тармал чач Амантур аке бурулдатып чылым чегип отурат. Солдо бухгалтерия, арыда түрмөк кагаздар жыйылган кепе. Кепеден кийин ажаткана. Ал редакция, типография, маңдайдагы банкка орток болгондуктан эшиги тынчу эмес. Анан терезесинен эшиги, эшигинен тешиги көп айтылуу «Нарын правдасы»…

«Туратур» деди да, «Башкы редактор жол. Д.Мусаев» деген эшикке эже тарсылдатып кирип кетти. Анда-санда мени текебер карап коюп, Каке деген сулуу машинка басып атат. Аңгыча ичкериден эже башбакты да, «тү-ү ата, атың ким эле, жүрү» деди. Атымды кайталап, артынан бастым. Эки жагында орундуктар тизилген көк кабинеттин төрүндө жаңы эле таякемден бир тайга алмашып алган меникиндей каракүл жака пальтону желбегей жамынып, өңү да, сүйлөгөнү да ачык айкын, көз айнекчен адам алик алды. Бул таланттуу акын Шайлообек Дүйшеев жазган кадимки «редактор Мусаев» эле. Толкунданган мага анда адамдар да, айтылган сөздөр да классиканын үлгүсүндөй сезилип турду.

«Жигит, бешенең түзүк, — деди редактор. — Момундай эжең бар, бактылуу экенсиң. Редакция тентип-тербигендердин мекени эмес. Москванын «Правдасында» жүздөгөн кишилер иштейт, а биз отуз киши ошондой объемдогу гезитти жумасына беш жолу чыгарып атабыз. Ничево, керек болсо үч киши диктовать этип чыгарып койсок болот. Эми сени түз эле отургузуучу жерге отургузайын» — деди да, катчы кыз Какеге «Жуматаев менен Токтоевди чакыр» деп буйруду.

«Сенин атбашылыгың, — деди биринчи кирип келген Жуматаевге. Кочкорлуктарды топтоп атат деп жанагы кашка баш экөөң, мыңкылдап калат дейт. Силерден коркуп кетип алып аткан жокмун, каршы эмессиңерби?»

«Мен анткен эмесмин, Дүйшөнбай Мусаевич»,  илбериңки Жуматаевдин колу менен үстөлдү тыкылдаткандагы ритм анын безилдеп актанганын коштоп турду…

Редактордун отургузчу жерге отургузам дегени, айыл чарба бөлүмүнүн адабий кызматкери деген милдет болду. Бөлүм башчы Темиркан Токтоев тааныштырганча андагы дагы бир адабий кызматкер Бурул Абдылдаева экөөбүз бул жерден кездешкенибизге таңгала күлүп жибердик. Редакция боюнча эки бөлмөгө ээ айыл чарба бөлүмү эле. Ошентип төркүсүндө бөлүм башчы, оозунда классташым Бурул экөөбүз Токтоевдин катчысындай  болуп отуруп калдык.

Мурда-кийин гезит чыгаруу менен таптакыр тааныштыгы жок айылдыкка алгачкы күндөрдүн жомогун эскерсе түгөнбөс. Биринчи күндүн кечи тез кирип келди. Кетким келбейт. Мунумду байкагансып, бөлүм башчым менен коңшу бөлмөдөгү партиялык турмуш бөлүмүнүн башчысы Аруун Мамбеткадыров менин ордумду аз-маз белгилеп коелу дешкенин, «эгер туура көрсөң, кичүүлүк кылып дүкөнгө барып келе койбойсуңбу» деген өтүнүчтөрүн билдиришти. Туура көрбөгөндө… Алардын берген акчасына өзүмдүкүн кошуп, жетип келдим. Аркысы шыр кетти. Айрыкча адабий тема бизди аралаштырып жибергенсиди. Темике кыргыз адабиятынын не деген жаңы туундусу болбосун аңдып окуп, баамдап барктоочусу десем аша чапкандык болбос. Ошондон берки биздин аке дос, үкө дос мамилебизди да адабиятка болгон ышкыбыз бекемдеп келатат ко деп ойлойм.

Ошол ошол болду, биринчи жарыяланган тепкедей макаламды он сыйра окуганым эсте. Экинчиси да эсте. Редактор өзү чакырып, «Тянь-Шань райондук элдик контроль Мукаш Боромбаевге барып рейд жасап келесиңер» деп жөнөттү. Сөзү да өзүндөй салмактуу Мукаш аке менен кийин далай сапарлаш болдук. Биринчи рейддин материалы жарыяланган гезиттин летучкасы башталарда редактор «Керимов барбы?» деди да, чочуп тура калган мага карап, «сен жигит, мыкты жазат турбайсыңбы. Буюрса, мына менин ордум сеники болот…» — деп мактоону жаадырып жиберди. Кызарганды айтпа, бирок ачуусу келгенде, дал ушундай шатыра-шатман сөгөрүн анда кайдан билиптирмин, раматылыктын.

Айтор, медалдын эки бети сыяктуу облгезиттеги беш жылдык турмушта ачуу-таттуу аралаш жүрдү. Айрыкча бир тамгасы түшүп калса, теңирден тескери мааниге айланып калар кагылайын кыргыз сөзү үчүн таң атканча тирмейип гезит окуган дүжүрлүк кайран эмгегиң текке кетип, далай «сөгүш» алып, маянадан кол жуур элек. Атыңдан айланайын Акопян (типографиянын Жумагазы аттуу кочкор тумшук кызматкерине ушундай ат коюп алганбыз), каталарды оңдоп аткандагы биз «о, кудайлап» турчу ботала, суу мурун келбетиң дале көз алдымда…

Акопян сыяктуу эле ар бир кызматташтын кыял жоругу унутулбас. Немистердей так жана аяр Сулайман Мамбеталиев, компартиянын түбөлүк жоокериндей өз чындыгы үчүн өзүн да, өзгөнү да аябас Асанкадыр Эсенканов, сырдуу жылмайып, сырын чыгарбас Салия Жолдошова, катаал турмушун оптимисттик жашоого айландыра алган кексе мүнөз Жумабек аба, боюнан адамдыгы бийик Сейит байке, калем акыны арбын табуунун мастери, соо-масы байкалбас, санаасы жок Кайыпбек аке, редакцияга адашып келип калгандай эшик жакка эле умтулуп турчу Шарип, макаланын майын чыгарар, кайыны түшкөн кыздай бир мүнөз Кайыр, эртеден кечке эшиги тынбас чайкор жана ак көңүл Бурулсун, кеби эмес келбети менен төргө өтөр фотокорр Өскөн Бабаев, жыла басып далай ишти бүтүрчү Амантур, тепкедей фактыны терең драмага айланта алчу Молдакмат, ишинен басканы көп Ишенбек, бала кыял Качкын эже, чындыгын айтам деп ыйлап ийер Кубан, уулдуу болгондо баарыбыз бир жыл бою «майлаган» Жусуп аке, каталардын чын душманы Марат, «мен моңолдор» деп коюп Мусаевден тил уккан Майрамбек, түз жана оолак жүрчү Темирбек, эч кимге жамандыгы жок Эркинбек, өз билгенин бербеген өлөрман Акил, демилгелүү кыздар Акылай менен Гулмира, элпек мүнөз секелек Кади… бардыгы жакын, бардыгы санаалаш.

Кайра куруу биздин эски короого да келген. Редакторго каяша айтылып, арыздар жазылган. Азыр ойлосок күлкүң келет, бирок учурунда бизге окшогон жаштарды тамтаңдатып, кекселерди калчылдаткан окуялар болгон эмеспи.

Бир жолу, мүмкүн редакциянын тарыхындагы жалкы көрүнүштүр, бизге обкомдун биринчиси Матен Сыдыков келип калды. Адатыбы, айтор, кире бериштен кол жуугуч издеп, редакторубуз Мусаев баш болуп сууга чуркап «кырылышканыбыз» эсте.

«Силер, журналисттер минени жазышты билесиңерби? — деди ал бизге сөөмөйүн кезеп. — Маселен, кой туутту жазыш үчүн тууру кырк беш күн сакмалчы менен бирге жатып-туруш керек. А утопияны пускай Айтматов менен Сыдыкбеков жазсын. Силер турмуштун өзүн жазгыла. Бу мине деген имарат, адегенде эле туалетине урунат экенсиң. Быйыл өзүм прораб болуп, бир жакшына редакцияны типографиясы менен курдуруп берем…»

Матакең да кетти кызматтан, редакциянын өмүрү эски короодо улана берди. «Бу отузунчу жылдары курулуп, сот болгон экен. Репрессияда далайларды өкүртүшкөн да. Подполунан кан жыттанып турат оңбогурдун». Мусаевдин ушул сөзү дүжүрлүгүбүз таң атканча созулуп кетчү жалгыздыкта эске кылт этип, сезимди түшүнүксүз сестенүү бийлеп ала турган. А майрамдарда болсо сөзсүз корообузга имерчиктеп калчубуз. Параддан кийин шарт эле жетип келип, ачык болбосо, дарбазадан ашып түшүп, кайран короону бир дүңкүлдөтчү элек…

«Колтуктап бирге басканга кең Нарын ичи тар болду…» — деп кайсы бирөөлөр арман кылгандай эки чоң көчөсү бар Нарын шаары анда бизге Москва, Париждей эле сезилчү да. Бир ирээт Казарманга командировкалап, «кукурузник» деп койчу АН-2 самолету менен учуп баратсам, дайра бойлой чубалжыган калаа бир ажайып көрүнүп, орто чениндеги биздин редакциянын короосу да көзгө илээше сызылып өтүп, толкунданган элем…

Кайран короо… Береги өткөн өмүр самолетто учуп баратканда көрүнгөн тилке-тилке жер бетине окшоп элестейт. Ошол облгезиттеги эмгектенген жылдар да өмүрүмдүн жашыл айдыңындай эмес беле, атаңгөрү…

Эски короо эсимен кетпейт, түшүмө да кирет…