КЕРИМОВ Дүйшөн: ДҮЙШӨН КЕРИМОВ: «ҮЧ СОМ»

АҢГЕМЕ

Атайбек баш калаадан келатат. Мезгил кеч күз эле. Таң эрте болсо да айлана кечки ымыртка окшоп, калың тумандын кучагында төнүп жатат. Аба ным, көңүлсүз. Жана автовокзалга келгенде бир аз жеңилдей түшкөндөй болду эле, сарсанаа аралаш кусалык кайра эле жолдогата коштоп келатат…

Колуктусу бир айдан бери ооруканада. Төрөттөн кийин сыркоолоп жүрүп, дартка чалдыгып алган экен. Врачтар ушундай дешти. Калыйдын ой-боюна койбой, ушуякка алып келгени жакшы эле болуптур. Жакында операция жасалат, буюрса, бардыгы ордуна келет. Врачтар ушундай дешти…

 

Автобустун жумшак орунтугунда термелип баратып, жанындагы жолоочу шеригине алдыртан карап койду. Кыязы студент ко, бийкеч бейкапар, колундагы «Мода» журналы менен алек. Анын субагай жүзү, талчыбыктай бой келбетине көңүл бурбаска арга жоктой. Бирок аны ойлоор чагы эмес, кабагы сырттагы тумандай түнөрө кеткенде, оор үшкүрүп алат. Үшкүрүп алат да, кыз кишинин жанында отурганын эстеп, чочуп кетет. А кыз бейкапар, журналдын кызыгына баткан. Үйүндө отургансып, жайдары баратат…

Жигит ушуга суктанды. Анын али кол тие элек баелугуна суктанды. Кечээ эле Калый да ушундай бейкапар кыз эле, ушинтип даай албай, суктанып турар эле…

Акыл эмгиче ойгонгондур. Ойгонуп алып, чыр салып жатпаса экен. Кайдан-жайдан кулагына уулунун үнү угулгансып кетти. Адатынча чалкалап алып, аталап ыйлап жатабы… Анда эле таежеси кошо кыйналып чуркап жүргөндүр. Балдызын эстегенде жеңилдей түштү, андай жапакеч, боорукер жан болбостур. Баланы жанындай көрөт. Дагы Айкенин бу калаада туруп калганын кара, анын бир бөлмө үйү уулу экөөнө стадиондой эле кенен, каалагандай басып турушат.

«Бара бериңиз жезде, отпускамдын эсебинен бир жума уруксат беришти. Эми сиз жокто Акылды аябай сабайм дейсиз… — деп күлгөн Айке. — Ансыз деле үнү тогузунчу кабатка чейин угулат экен. Кечээ ошол жакта жашаган тааныш эже жолугуп, «жакындан бери биздин корпуста ыйлаак бала пайда болду, уктатпайт, жашабагыр, — деди. – Анан да уйкунун дарысын иче баштаптыр». Айке ушинтип күлгөн.

Чын эле Акылтайдын чырына дабаа жок эмеспи. Биринчиден тогузунчу кабатка угулат деген эмне. Уулунун  чырын көз алдына келтирип, байкоостон күлүп жиберди да, айнекке жүзүн бурду. Жанатан жанында баш көтөрбөй келаткан жолулаш шериги ага таң кала карагандыгын, анан ийнин куушуруп, кайрадан журналга тигилгендигин сезип отурду. Уулун эстегенде көңүлү ачыла берди. Байкаса, эшиктеги туман да тарай баштаган экен. Тоолор жакын көрүнүп, талаалар артта калып баратыптыр…

«Эчтеке эмес, уулум, — деди жигит ичинен күңгүрөнүп, — сени караар киши жок, минтип убактылуу иштебей жүрөм. Колумдан келсе, жаныңдан карыш жылбас элем. Бирок акчасыз жашоо да кыйын. Айылга барып, бирөөдөн карыздап болсо да көп акча таап келем. Ыйлабай турсаң, тез эле келем. Ал ортодо апаң да айыгып кетет. Анан кыйналганыбыз, сени кол арабага салып алып күн сайын ооруканага барганыбыз, экөөбүздүн кейпибизге апаңдын жаш аралаш күлгөнү, сенин чыргоолугуңдун айынан уктабай чыккан түндөр, мени жарык дүйнөгө жаратып, чоңойтуп коюшуп, жер алдына эрте кеткен кайран апам менен атамды эстеп кайгырганым, анан да акча сарсанаасы, көчөдө баратсак, каргалардын шылдыңдагандай чуулдаганы, анысы аз келгенсип, киймибизди булгап жүдөткөнү… баарысы, баарысы унутулат…»

Аңгыча автобус жолдон бурулуп, капчыгайдын оозундагы булактуу аялдамага токтоду. Ал да жүргүнчүлөр менен жерге түшүп, ары-бери серүүндөн басты. Булак суусунан ичип, гезит сатып алды. Областтык мекеменин жетекчиси — жанатан бир автобуста чогуу келаткан айылдашы менен сүйлөшүп калды. Ал шаарга эс алууга келип, эми кайтып баратыптыр. Жанындагы эки жолдошу көңүлдүү бакылдашат. Болуктугунанбы, айылдашынын жүзү албырып, зыркаар желге рахаттанып турду. Андан жагымсыз, ачкыл жыт келет. Буга иренжигендигин билдирбеске аракеттенди. Аңгыча кудай жалгaп, автобус от алды…

Калаадан бери бош келаткан алдыңкы орунга ушул аялдамадан бир жолоочу кемпир отурган экен. Чыр ошондон чыкты. Курган кемпир областтын борборуна баруучу автобус менен келатып, бул автобусту көрөт:

— Мына айланайын, белетим бар. Мен ошол силер баруучу районго барат элем. Автобустун мандайындагы жазууну көрүп эле сүйүнүп кетиптирмин… — шашкалактаган кемпир кемселинин чөнтөгүнөн билетин сууруп чыкты.

— Эне, — деди мурутчан шофер жай сүйлөөгө тырышып, — сиздин билет башка автобуска сатылган. А бул, башка автобус.

— Ошо мээнетиңди алайын, ырас болбодубу, — дей берди кемпир шоферго жалынып.

— Ой эне, албарстыдай жалынганыңды кой. Бизге акча керек, отурган орундугуңуздун акчасын төлөңүз.

— Ооба, ооба, белеттин үстүнө эки сом кошомбу. Мына, мына бу үч сомду бүт эле ал.

— Куусуң, ээ, эне, кой башты оорутпай, алты сомду толук бер. Болбосо түшүңүз, эй Эрик, токтот, — деди рулда бараткан шеригине өктөм. Автобус жол жээгине чыгып токтоду.

— Төлөңүз, болбосо түшүп калыңыз, — деди эшикти ачкан  мурутчан дулдуюп.

— Ээ, катыгүн, келиндин берген акчасы ушул. Буюрбасын, башка акча болсо. Уулум, «небереңизди карай туруңуз» дегенине атайын келип, мына бул чүрпөмдү алып бараттым эле.

— Уулуна да баракелде, — деди эң алдыда отурган бирөө. — Баласын бактырып, бергени үч сом. Ай, ай жаштар, кантип кетишээр экен.

— Кой, балам, оозуңа карап сүйлө, уулум андай эмес. Чет өлкөгө саякаттап кетишти. Неберемди убактылуу бага турбай, мени кудай алыптырбы… – Ал аңгыча шоферлор жерге түшүп кетишти. Кемпир менен акыйлашып бекер дешти окшойт. Алар орундуктун акчасын толук алмайынча жылбай тургандыктарын билдиришип, сыртта тамеки чегип туруп алышты. А жүргүнчүлөр автобустун ичин үч көтөрүп, чуулдап атышты. Бир гана кемпирдин алдындагы небереси элди таң калыштуу карап коет…

— Кайран кемпирди келини каңтарган экен.

— Ой, өлүгүн көрөйүн ошонун, өзү да турист болот имиш. Баласы үчүн он сом берип койсо өлөбү.

— Жанагы уулу да ит неме да.

— Мүмкүн кемпирде акча бардыр. Ой, чоң эне, түйүнчөктү чыгарбайсызбы, элди кармабай!

— Жок эле, айланайын. Болсо кантип… — деди кемпир элди карай албай. Кемпирдин үнү калтаарып чыкты.

— Жанагы үч сомду мага бересизби, — деген үнгө жалт карады. Кабагын саал чытыган куба жигит жанында туруптур. — Бериңиз эне, капа болбоңуз,  боло берет.

Кемпир үч сомду узатып жатып жигитти дагы бир жолу карады. Кабагы саал чытылган,  орто бойлуу жигит… Чөнтөгүнөн үч сомду алып чыгып, жанагы үч сомго кошту да шашпай басыл барып эшикти ачты.

— Жигиттер, бардыгы жайында,  кеттик! — деди. Ордуна кайра кайрылып келгенде, ары жактагы жанагы айылдашы, минтип барк этти:

— Эй, эмне бердиң! Оңбогон кемпирде акча бар. Баары бир алып кетет деп отурат. Э мейлиңчи, акчаң көп да…

Айылдашы ойлогондой эмес, ал учурда анын чөнтөгүндө бир да тыйын жок эле. А үч сомду эртең менен жөнөп атканда балдызы Айке берген. Ошондо жонунан тер чыкканын эстеди. Ошол үч сом минтип ажаат ачып отурат. «Эчтеке эмес, — деди жигит ичинен. — Айылга жөө-жалаңдап деле жетип алам. Анан…»

— Журнал көрөсүзбү? — деген үндөн селт этти. Кыз колунан мода журналын асте алып, жылмайды.

Бул учурда кыз да, журнал да, дүйнө да кызык эле…