КУДАЙБЕРГЕНОВ Эсенбек: ЭСЕНБЕК КУДАЙБЕРГЕНОВ: МОЛОНУН СЫРЫ

АҢГЕМЕ

Алар бүгүн кык жыттанган таш короону калтырып талаага жөнөшмөк. Кызыл аскадагы Ак-Эркечти карай акыркы жолу көз чаптырган Кумар ичинен кейиштүү. Ка-ап, – деп алыштын бат эле бүтүп калганы ай. Болбосочу, те эркечтер турган аскага чыгып, бийиктен дүрбү үйрүп карабайт белем. Сонуну тарабай калган Кумардан оюн баамдаган чоң атасы небересине:

— Уулум, торуну токуп койдум. Күн кыска, жолубуз кыйла бар, эми бастыралы. Калган черди дагы бир дем алышта жазарсың, – деди эркелетип.

Учкашкандар желе-жорто ничкенин сайын өрдөп, күмүш булактын шыңгыр күүсүнө кулак төшөй, өз алдынча кыялга чөгүүдө. Аңгыча тынчтыкты бузуп, күңгөйдөн шакылыктаган кекиликтин дабышы чыкты. Дагы берилегенде кекиликтер көз кызытып, таш үстүнө жабалактаган сайын Кумардын буту ат үстүндө тыбырчылады. Андан өткөндө асканын бетин бербей учуп-конгон кептерлер. Тээ мейкинде калдайган караан канатын суй таштап жер кыбырын чалгындайт. Тек, табигаттын сүрөттөрү улам бирине алмаша берди. Чоң атанын карт көкүрөгү эргип, кыялга чумуду. О, жарык дүйнө, мен канча жашасам ошондо көрдүм сени. Дале жашсың, дале сулуусуң, аркайган Ала-Тоо. Аралап абаңды жутуп, тунук булагыңдан татсам канчалык кубат алам. Аркар оттогон аскаңды талыганча тиктеп, ачык асманыңды жамынып жаткым келе берет. Көрбөсөм куса болом, а дагы сенин демиң, Ала-Тоо!

Булар көз байламда Курман-Молого жетишти. Эл Курман-Молону «ээси» бар дешчү. «Молонун жонунан өткөнүмдө чыкпаган жеримен тер кетти, ботом» деген эл сөзүн Кумардын кулагы чалган. Ошондон уламбы, шаңк эткен сай жаңырыгына кошул-ташыл, баюулунун уңулдаган үнү молону демейдегиден сүрдүү көрсөттү. Артынан тартып кала тургансып, Кумар ансайын чоң атасына жабыша ыктайт. Жолоочу ким болбосун, алда кайдан молону жар кылган карт баюулунун үнүн угар замат өзүнүн кай жерге келгенин билет. Курмандын молосу эскерилет. Чоң атасынын акылдуу сөздөрүн угуудан тажабаган Кумар суроо таштады.

— Чоң ата, эмне үчүн Курман-Моло дейт?

— А балам, эл оозунда унутулбай атадан балага айтылып калган кыйла тарыхы бар мунун. Илгери алдуусу алсызын баса калган опосуз заманда Курман аттуу кедей өткөн экен. Ал көптү көрүп, көптү билген акылдуу адам окшобойбу. Буурул сакал болгончо ташкара болуштун чарбасынан колу бошобойт. Коюн кайтарып, жылкысын багат, кошун айдап, эгинин эгет. Курман болушка эки курдай жандатып айтат. Бирок эмгекчил, акылдуу адамдан кол жууп калгысы келбеген болуш тигинин тилегин кулагынын сыртынан кетирет. Колдо болсо кайрылып, болбосо акылын айткан Курманды кедейлер тобу кантип ызат кылбасын. Баарыбыз жалчыбыз, кордолгонго арка боло албайбыз. «Асыл таштан, акыл баштан» Кумаке, сизге баш коёлу, аксакалыбыз болуңуз. Башчыбыз болгон соң арабызга келиңиз, — дешти жатакчы кедейлер.

— Мунуңар туура, мен көптөн бери ойлоп жүргөм. Манап бошоткусу жок, кыязы, катуу чыр болот окшойт. Ачыкка чыгып тикелешербиз, амал ойлошорбуз. Ошондо бирдик кылып душманга тик туруп берсеңер болгону. Кабар алып, камсыз болбогула, — деп кетет кеңеште.

Чын белсенип, Ташкара болуштун алдына таазим кылат.

— Улук, сөзүмдү угуп ырайым кыл. Ак батаңды берип азаттыгымды колума кармат. Жашап калдым, карылыктын артын өзүмчө жашайын. Кемпир-чалдын эмнесине жетпейт?

Башын булкуп алып, өңү кара көк тартып чыңалган Ташкара ач жолборстой айкырды.

— Я де, кунарсыз, атаң менин атамдын кол алдында өмүрү өткөнчө кетем-коём дебептир. Сен эмне атаңан акылдуумун дейсиңби? Курсагың ток, кийимиң бүтүн, ырысыңды тээп жүрбө, как баш!

— Болуш, ушунча кордогонуң жетишет! Эркин болгум келет дебедимби. Баш кесмек бар, тил кесмек жок. — Ал бир кылчайбай бет алды басып кетет.

Кеп жеп катуу сынган Ташкара жаралуу аюудай кышылдады. Көпкөн жигиттерин чакырып катуу дабыштайт. «О тиги куу сакалды «эмдеп» койгулачы. Ирегемдеги иттин тукуму-эй, сени элеби, кеткичилканасын чапкыла, тез…

Бөрк ал десе, баш кескен чаар Алымкул, Бектурган кесеп куюн ызгытты. Устукан сөөк аңдыган дөбөтчө ташкараны жандап, күнүмдүк шорпого тойгон кем акылдар жетип, удаа-мудаа салып өтөт.

— Ой, Ташкаранын килеңдеген кош дөбөтү сөзгө келгиле. Мен го акылдуу итмин. Сен экөөң айдакка көнүп, көрүнгөндү каба бересиңерби, же…

— Ит дебе, биз деген болуштун оң колубуз!

Курман тил тартпай:

— Жо-ок, силер баш кесер желдетсиңер.

— Мазактаба как баш, мына желдетпиз! — Бозтек сабагандай бөрү тилдүү булдурсун тарс-тарс чабылганда, коргошун өзөк түйүлгөн учу сол көзгө кадалат. Көзү агып түшкөн Курман бар кайратын жыйып:

— Мен адам болуп өлөм. А силер айдакталып жүрүп ит өлүмүндө өлөсүңөр, — деп эстен танат.

Жакын ортодогу бардык кедейлер жыйылып, Курмандын үстүнө баш кошот.

– Сиз үчүн өлүмгө барабыз. Биз элбиз, жабылсак да бир көзчө кудуретибиз бардыр. Мудааңызды айтыңыз, акыл сизден.

— Ыракмат, кагылайын журтум. Бир ооз сөзүңөр мага дем болуп, канатсыз учпай турам. — Жанатан маанайы пас, жаралуу карт бүркүтчө үрпөйүп турган Курман жагалданып, жалгыз көзү балбылдады. «Эрегиште эр өлөт», анын сыңары бир чал үчүн жалпыңар жабыр тартпагыла. Бир башыма бир көзүм жетишер. Заман алардыкы, колунда бардын сөзүн сүйлөйт, ошентсе да бирдик кереги чын. Эгерде болуштун кан чеңгелинен бошонуп кетсем, жалгыз көз садага. Кубат берген сөзүңөргө кулмун, журтум.

Эртеси баш көтөргөн бардык кедейлер колуна союл алып, Ташкаранын айылын курчайт. Туш-туштан заардуу кыйкырган үндөр.

— Кана болуш, жанагы иттериңди чыгар быякка. Көз чыгара чапмайды көрсөтөлү. Эрте соолуй турган көздүн эмнесине аяналы!

Эси чыккан болуш шашканынан көйнөк-жектечен, көлөчүн бутуна коңултак салып, жылаң баш сыртка чыгат. Колун бооруна алып жайпактап:

— Айланайын эл, ошол эки ит эле болсо колуңарга берем. Боорун жарып, өтүн алгыла. Бий чакыртып, калыс кармагыла. Өзүм баш болуп ак-карасын ылгашам. Курман менден алыс бекен. Ирегемден конуш алып, туз-даамдаш болгон жакыным.

Али бий, калыска кедейден Көчөрдү алышты. Эл Алымкул, Бектурганды көргөндө тилдеп сала беришти. Кээси ыкыс берип келтегин тап кылды. Курман колун көтөрүп:

— Акылдуу адам итти уруп, колун булгабайт элим, — деп кеңеш берди.

— Кана агайын, Курман туура айтат. Битке эрегишип тонуңарды отко салбагыла. Эки акмак күнөөлүү.

Экөө бир ооздон:

— Болуш сиз… — деп келатканда Ташкаранын көзүнөн чаар чымын учту.

— У, тексиз эшектер, токтот сөздү, өлүп калса доо кимге, көздү чыгара чабабы. Киши деген байкабайбы. Мына бул тургандар тирилей этиңерди тытканы турат. Менин болуштук даражамды сыйлаган элге ыракмат. Жан соогалап арачы түшпөсөм, экөөңдүн бир көзүң эмес, эки көзүңдү оюп кетишет. Эл алдында жыгылып айып төлөгүлө. Кана, калыстар кеңешке киргиле.

Кеңештен кийин Али бий жарлыгын айтты:

— Айыптуулар бир жылкы, үч койго жыгылсын.

Тургандардан бирөө кыйкырып жиберди:

—Кедей болсо тогуз айып тартмак, тууралык кайда?

Бардыгы дуу дей түштү.

— Туура айтат, аз жерден өлбөй калды. Көз оңойбу, жарык дүйнөнүн шам чырагынан ажырады. Бизге татыбаган нерсени коюп, эки дөбөттү колубузга бергиле. Кандай айып аларыбызды өзүбүз билебиз.

Ташкара көпчүлүктүн ниетин сезе койду.

— Туугандар, жыйынтыгын мен чыгарайын. Жакшы кишиден жатыркагым келген жок эле. Курман менден кетүүнү каалайт экен көпчүлүк силер үчүн кечтим. Бар Курман, кайыр дооң болбосун.

Эми гана эл көңүлү жайланды. Курман өңгөн доону ортого салып, кой союлуп, кедей жааты түлөө кылып жиберишти.

— Бул жалпыңардын жеңишиңер, күч бирдикте экенин өз көзүңөр көрдү. Эгерде жалгыз-жарымдап доо айтып көрчү, манаптар жарып салгандан тартынар бекен.

— Туура! — дешти кедейлер акылга уюп.

Ошондон баштап ар кандай иш Курмансыз чечилбейт. Кабыланча чалып, каман болуп челип көнгөн Ташкаранын биринчи мертиниши. Элдин ким экенин сезип калды. Эми баягыдай ачыкка чыкпай бир кадам чегинип түлкү «капканга» өттү. Анткени жан алкымга келгенде түлкүчө ойпуланып кутулбадыбы. Тымызын кек жутту, куур тондор силердиби… айласыздан «кедей бий» дешип, Курман менен эсептешүүгө мажбур болушту. Антпесе да бир жолку жыйында кара көңүл Ташкара тийиштик кылып:

— О итке минер бий келди — дейт. Манап жааты каркылдап күлүп жамажайы тыйылбады. Курман чым деп койбой:

— А ташкара баатыр, өгүзгө эле минейинчи, сенин абийириңден эмне калар экен. Бай-кедейи биригип сенин элиң. Мен ошол элдин бир мүчөсүмүн. «Өздү өздөй сыйлагын, жат жанынан түңүлсүн» демекчи сөздү ойлонуп айт, болуш.

— Кедей ит турмак доңуз минсин, корогудай кайдагы «арсыз» абийир?

— Ырас айтасың, болуш. Томаякты эл десек, ак сөөктөр тукуму ким болот?

Али бий жээрде сакалын экчей, жыртык көзү жылчыйып, мылжыя күлдү.

Күндөр өттү… Ташкараны жоон топ жан-жөкөрлөрү коштоп баратты. Алар күркүрөөнүн ары өйүзүндөгү Алпышбайдын энесине бата кылышмак. Дуулдаган атчандар жер-сууну дүңгүрөтө өкүрүк салып, өбөктөй шаңдуу түштү. Ташкаралар кырга салганда Курман сай менен жүрүп барып, чыга бериште аларды утурлап токтогон.

Ыңырчак токулган кызыл өгүздүн мурдун тырыйта тартып, Курман да топко аралашты… Эт тартылды. Аксакал катарында Курманды болуштун табагына кошту. Аңгычакты Алпышбай:

— Ой-бай, таскара кудам, тайша атың болмаса да, койша атың бар. Сенин кимдигиңди күлдүмү журттун бари биледи. Аксакал киси экен, минерге элиңен бир мингиш ат шыкпадыма? — дей салды.

Мындайды күтпөгөн Ташкаранын өңү өчүп барып, анан чыйкандай кызарды. Көзү бадырайып, эриндери былк-былк жыйрылып, салбар муруту бириндеп кетти. Тек шорпону ууртап чолосуз өңдөндү. Баягы өткөндөгү сөздүн жандырмагы экенин эстеп, ичине ит өлүп, айласыз муунуп отурду. Манчыркаган болуш төрө пейилдигин карматып, аш аяктан колун чыгарды. Калгандары да үзүлүп-жулкунбай болушту туурашты. Курман, тескерисинче, ток пейил болгусу келбеди. Берекелүү кешик койбой куйруктан сугунуп, «болуш аяктын» шүйкүмүн учурду, Ташкара белги берип акшыя тиктейин десе, сокур көз жагында олтуруптур, жалгыз көздү табактан албайт, Алпышбай кычы сөзүн кайра жылдырды.

— Ашыгып келгенсиздер гой, жеңдер, тамекты жесин деп салады. Айелдер, мына болуштуң аягына күлшөдөн таштаңдар. — Отургандардын күлкүсү келсе да, болуштун абийири үчүн араңдан оозун басып дым.

Бир күндө болуш эки өлүп шерменде болгонуна чыдай албай Курмандын жолун тосту. Мындай болорун Курман сезген. Тобокел, төө кыядан өткөндө эмнесине өкүнөйүн. Ал шыдыр бастырып Ташкаранын үстүнөн чыкты.

— Ээ, күйүп өлгөн куу сакал эй, бүгүнкү кылыгың жүлүнгө жетти го. — Болуш тиштенип туруп чак дегизе төбөгө тартып алды.

— Баягы сөздүн чындыгын мойнуңа алдырайын дегем, болуш.

— О куу баш, сокурдун акылманканасын. Ыя, томаяк, кайсы алыңа салмакташасың! — Жана бир камчы басты. — Алгыла итти! — деп бурк этти. Тарс-тарс согулган камчынын уусуна чыдабаган Курман эси ооп өгүздөн кулады.

Курман көзүн ачканда күн кечтеп калыптыр. Айлана-тегерегин каранды. Нарыда кызыл өгүз чүлүгүн сүйрөп оттоп жүрүптүр. «Өлбөптүрсүң Курман. Ташкаранын кычуусу кана турсун. Атаңа наалаттар тирүү калтырдыңарбы, кутула албайсыңар. — Курман шыбырап, жаткан ордунан обдулду. Ал жаралуу арстандай кансырап темтеңдей басты. — Курман өлбөйт, мен өлбөс Курманмын» — деп ааламга кыйкыргысы келди. Бар кайратын жыйып, балбылдаган жалгыз көздү асман түпкүрүнө кадап, муштумун түйдү. Анысы дагы бир шумдуктуу өч алуунун белгиси эле.

Курман Асыранбайга жолугуп өтүнөт:

— Бай, жашап калсам да чекилик кетти. Болушка айыптуумун. Журт атасынын назарын сындырганыма өкүнүп, өз сакалымы өзүм жулуп салгым бар. Колуму боорума алып конокко чакырып келдим силерди.

— Болуптур, болушту жибитүүгө дарман кылайын. Кетирген жаңылыштыгын түзөгөн киши акылдуу. Бул эзелки элден калган нуска. Ниетиңе баракелде.

Асыранбай быржың-быржың каткырган болду. Бай, болуш менен бийге тезинен жетти.

— Баягы итке минер сага даабай мени ортомчу салып алдыңа түшкөнү жатат. Өлгүдөй эси чыгыптыр.

— Болуш, бир табак болуп үчөөбүз баралы. Шыбага арбын болгону ийги. — Али бий ашыра лукулдады.

— Томаяк кедейдин этин жеп, кийитин кийип кайталы, коркпосо аке дээр беле. — Асыранбай да ала өпкөлүгү кармап оорун агытты.

— Барысын коюп кедейлердин жүрөгүн түшүргөнүмө кубангыла. Эми баш көтөрүүгө чамалашары барбы?

— Таштыбы, жанчып салбадыңбы, болуш, акылмандыгыңа баракелде. Салакаң тийип олжого тунабызбы, — дешти беркилер шыйпаң үйрүлүп.

Ар уугу ар кандай сайылып, калбыр үзүк, жыртык курмушудан жылдыздар саналуу. Көзү сөгүлгөн сынык кереге болумушу чойроюп, тирөөчкө таңылган. Үйдүн сыртына тикесинен үч сыйра коюлган боолануу камыш-куурайлар. Болуш сыртынан сыр бербей чамгарак тиктеп, ичинен денесин жыйрыды. Ашың курусун «ит минер». Камыштын үстүнө кебези булаган төшөгүн салыптыр. Мунусу менин итимдин жамынчысы. Айла жок «иттин жатагына» көчүк бастыкпы, ыя?

Курман меймандарды кабыл алды. Ичтегисин айтып, кеткен каталыкты кечирүүсүн өтүндү.

— Болуштун ыйыктыгына түшүнүпсүң, Курман. Күнөөңү кечейин. Антпегенде бир кедейден дүнүйөнүн эли кемибейт чыгар. — Болуш кытмыр жылмайып далайга уу тилдүү сөзүн чаргытты.

Демейде куш жаздык чыканактап, курсагы бүктөлбөгөн манаптар кыш-кыш демигип жүдөө отурду. Болгондо коломтодо шири баш козунун эти борк-борк кайнап, алардын табитин ачты. Кобур көбөйүп, сырт дүбүрөйт. Курман зайыбын жаңдады:

— Ал ким экен, чыкчы.

— Ботом, силер кимсиңер?

— Биз элебиз. Курмакеме келдик.

— А Кумаке, бул кандайча? Кечээ сизди бир эмес, эки өлтүрүп коё жаздаган зулумдарга жасакерленип…

— Биздин таламды талашып жүрөт десе, манаптар менен чыгышып жаткан тура.

— Кан чокуган кузгундар ачырканган күнү калган соо көзүңүздү чокубаса де.

— Эзелки эл макалында таш менен урганды аш менен ур деген. Болуш, бийдин башы болсо ойлонор. Не тарп аңдыган жоруча өлүмтүк издеп өмүрү соолор. Асманга чыгып кетпес, буларды да кара жер сорор, — дейт Курман.

— Жер үстүн булгаган ыпластарды эртерээк сорсо кана? Канкорлорду аёо болбосун. — От койгон камыштын жалыны шыр-шыр алоолонду.

— Ай, ай, адепсиздик болбосун, журтум.

— Кумаке, бул жолку бийлик бизде.

— Күйгөн үй меники, эл.

— Жыландар кирген үй күйсө, кейибеңиз.— Айтыштын арты эмне менен бүтөрүн угуп турган үчөөнүн көздөрү чакырайып, ыйманы учту. Бекилген эшикти тарткылап, жаны алкымга такалып ыйламсырайт.

— Кагылайындар, жан соога. Курманда айып жок. Айыпты биз тарталы.

— Кокуй ай, үчөөнө кийгизем деген куржундагы үч чепкен күйүп калды го.— Курман калп эле кейип, санын чапты. Кедейлер каткырат:

— Күйсө баштан садага, меймандарыңыздын өлүгү киймек беле.

— Оо эл, башыбыз тартуу кечиргиле, өлтүрбөгүлө. Бир жашың миң болгон Курман бизди ажыратып кала көр, —деп үчөө үн алышып боздойт.

Уугу күйгөн түндүк майышып барып кулады. Чала күйүк жыгачтан төрдөгү төшөлгөн камыштар от алып, соймоңдогон жалын курчап үчөөнү куткарар эмес. Курман каардуу кыйкырды:

— Журтум, коёсуңарбы же мени кара бет кыласыңарбы. Анда мени да кошо өрттөгүлө.

— Сабыр этиңиз, Кумаке. «Жоо аяган жаралуу» болуп жүрбөңүз?

— Иттик кылышса, мени жутсун.

— Жок, эч кимди жутпайлы, мусурмандар, ишенгиле,— деп өңгүрөштү.

Ошондо эшик ачылып, үчөө өлүмдөн калды. Тизелерин калтырак басып, жалын чапкан чапандары күйүк жыттанат. Асыранбайдын быжыгыр сакалынын дүмүрү кала жаздаптыр. Али бийдин жээрде сакалы да аяптоор кыскарып, болуштун суусар бөркү чала куйкаланып, салбар муруттун бир жагына жалын чаап чодоё түшүптүр.

— Болуш суудан өтүп алып, арамза оюңар болсо аянбагыла. Акыры өлгөн кишибиз. Алдыңды ала жатарбыз. Биздин ой башка эле. Кумакем куткарып жиберди.

— Антсек бизди ант урсун. Агаиндер, абийир төгүлгөн жерде калсын. Башка жакка угулбасын. Бул ортодогу Курманга жамаатташ жатакчы кедейлерге запкы тийгизбейли. Мындан ары сен, мен дешпей ынтымак кылалы, Курмандын астына ат, үстүнө үй берели.

— Сөзгө бек бол, болуш, ичте кек калбасын.

— Калбайт. — Болуш Курманга кол берип, жыгылгандыгын билдирет. Мунун бардыгы алдыртан иштелген амал эле. Ошондон тартып, Курман баштаган кедейлерге катылбай калыптыр дешет.

Курман «ыңа» деген бала үнүн укпай туяксыз өтүп баратканда арман кылып: «Көргөндү жазып калтырууга не кат таанып сабаттуу болсомчу. Мен эмне билсем бардыгы караңгы көрдүн түпкүрүнө түбөлүк чөкмөй болду. О дүйнө, турмушта эмне из калтырдым? Арман, ай! Артымда туяк жок. Эстелигим таш моло болсун. Адам көп өтөт» — деп жол тоому ушул жерди тандап таш жыя баштаптыр.

Жолдон өткөндөрдүн тааныгандары сурайт.

— Ээ Курман, бул түйшүгүң эмне?

Ал боргулданып чеке терин шыпырат да:

— Курман моло, — дейт. Терең сырдын максатына түшүнө бербегендер, оң сүйлөп өлбөйсүң го дешип кете беришет.

Тааныбагандары кылчайбастан, «жер ташын терген дыйканбы, жок, таш короо калайт ко» дешип, кээси короонун пайдубалын көтөрөр, айтор, жиндинин ишин кылган «ташчыны» түрдүүчө жоромолдошту. Нечен күн мээнет кечип шымаланган Курман чепкенин тетири кийип, өңүрүнө таш терип жөө-жалаң жер арытты.

Бул аймакта кокус кабанаак итке каяша кылгыдай муштумдай таш калса эмне?! Үймөк таш көтөрүлүп үйдөй болгондо токтоду. Ошондон көп кечикпей дүйнөдөн өтсө да анын «сыйкырдуу» молосу күнү бүгүн Курман аталып жыйылып турат. Аманат ташты бузууга эч ким даабайт. Себеби ар бирине Курмандын колу тийип, тери тамган. Жок, көз жашын чайган. Алгачкы ташын кармаганда ай талаага арманын айтып боздогондур. Ээн талаа, жансыз таш түбөлүккө сыр каткан дудук. Ар дайым молонун жанынан өткөндөр баюулунун үнүн угат.

А балким, үңүлдөгөн карт баюулу Курманды билер? Курман атын ташка калтырса да унутулган жок. Өзү айтып олтурбайбы: Курмандын молосу — бул адам эмгегинен бүткөн эстелик.

Борс-борс үрүп чыккан ала күчүк, чоң атанын үнү чыкканда куйругун шыйпаң үйрүп, Кумардын бутуна оролду.