КУЛТАЕВА Үмүт: ЖОЛДОШ ТУРДУБАЕВ: ҮМҮТ КУЛТАЕВАНЫ КАЛЫСТЫКТАН ТАЙБАГАН АДИС КАТАРЫ ТААНЫЙМ

2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоого аттанган Өмүрбек Бабанов өзбек тектүү мекендештерибиз менен болгон үгүт жүргүзүү ишинде Он-Адыр айылында “тизелеп жашаганча, тик туруп өлгөн артык” деген сөзү үчүн Башпрокуратура ага «конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга үндөгөн жана улут аралык кастыкты козуткан» деген айып менен кылмыш ишин козгогон эле. Бул боюнча атайы лингвистикалык комиссия түзүлүп, тилчилердин талдоосунан кийин Үмүт Култаева Бабановдун сөзүндө эч кандай кылмышка илинчек жоктугун ачык билдиргени үчүн Улуттук университеттен жумушунан кеткендигине байланыштуу «РухЭш» сайты интеллигенция өкүлдөрүнүн пикирин коомчулукка жеткирип турмакчы

Мен Өмүрбек Бабановду сөзгө чоркок, саясатчы катары да кеңири ой жүгүртө албаган адам деп ойлойм. Мамлекет башчысы болом деген азамат өз оюн элге эч күдүк калбагыдай таасын айта билиши керек. Он-Адырдагы сөзү да стилдик, логикалык жактан кыйла алешем чыккан. Бирок биз анын жарыя айткан гана сөздөрүн талдап, ойлоруна баа бере алабыз. «Тизелеп жашагыча, тик туруп өлгөн жакшы!» деген чакырыгын түшүнүүгө аракет кылалы. Бул ураанды испан коммунисттер партиясынын көрүнүктүү ишмери Долорес Ибаррури 1936-жылы Парижде фашизмге каршы чыгып сүйлөгөн сөзүндө чакырган экен.

Ызы-чууга себеп болгон видеонун толук жана кыскартылган («монтаждалган») варианттарында өзбектерди КЫРГЫЗДАРГА каршы тургула деген сөз жок. Ошол жолугушууда даттангандар деле өзбектерди КЫРГЫЗДАР кыйнап жатат дебептир. Алар тийиштүү органдардын кызматкерлерине таарынычын билдирген экен. Логикага салсак, Бабанов ошол МЫЙЗАМСЫЗ ЖОСУН ЖАСАГАНДАРГА КАРШЫ ТУРГУЛА деп чакырган болот. Үмүт Култаеваны калыстыктан тайбаган адис катары тааныйм.