КУЛТАЕВА Үмүт: ҮМҮТ КУЛТАЕВА: МИҢ СЫРДУУ СИАНЬ ЖЕ АДАМЗАТКА БИЙЛИКТИН КУМАРЫНЫН КЕЛИШИ

Сиань шаарынын алгачкы аталышы Чаң ан. Кытай тарыхында 13 династия мамлекеттин борбору болуп, (Бейжин борбор болгонго чейин) алгачкы Жибек жолунун ааламга сапарын баштаган жер. Ханзулардын даңазасы таш жарган гүлдөө доору – алтын кылымы Таң династиясы мезгилинде биздин ата-бабалар барып, элчиликтин үлгүсүн көрсөткөн жер. Кыргыз кагандарынын акылына азуусун айга бүлөгөн ханзу өкүмдарлары баа берген жер. Кыргыз тоолоруна окшош Лишан, Хуашан тоолору асман мелжиген көркөмү менен жер шарынын кооздугун даңазалаган жер. Адам акылын таңдандырган тарыхый окуялар  менен инсандардын тагдыр-трагедияларын камтыган, музейлердин мекени. Ааламдын бир нече кереметин кучагына сыйдырган жер.

Ханзулар өздөрү Шиан десе, эл аралык деңгээлде Xi an аталган керемет бул аймакта биринчи кытай өкүмдары кулаалы таптап куш кылып, курама жыйып, журт кылып 7 өлкөнү бир мамлекетке бириктирип, империя түзүүгө жетишкен. Өзүнүн тарыхта жасаган ишинин наркын билген ал өкүмдар адам болуп жарык дүйнөгө келгенде берилген ысмы — Ин Чжен экенин жокко чыгарып, Цинь Шихуанди (Qin Shi Huan-di) ысмын алган. Бул сөздүн маанисин которгондо – биринчи улуу император, империяны негиздеген өкүмдар дегенди түшүндүрөт. Оомал-төкмөл дүйнөдө, өмүр талаш, жер талаш жоокерчилик заман доорунда бир кандуу кагылышта колго түшкөн туткундан туулган Ин Чжен 13 жашынан бийликке келип, 40 жашында император бийлик титулуна ээ болгону ага кудайдын кокустан берген бактысы, улуу тагдыр эсептелет. Атасына көрсөтүлгөн кордукту эстен чыгарбаган уул акылдуу да, мыкаачы да, улуу ишкер катары Кытайдын гана эмес, дүйнөлүк тарыхка өчпөс из калтырган.

Ал биринчи ички Кытайдагы бытыранды башаламандыкты жөнгө салуу үчүн күрөшүп, жети өлкөнү бир империяга бириктирген. Империянын көрсөткүчү,  кепили катары катаал стандарттарды: бирдиктүү акча, салмак менен ченди өлчөөнүн бирдиктүү ченин, бирдиктүү жазууну, бирдиктүү курулуш системасын негиздеп, империянын бийлик күчүн бекемдеген. Ал эмес мамлекет кызматкерлерин тартуучу арабанын өлчөмү, көлөмү да бирдей стандарт менен жасалган.  Аскердик түзүмдү негиздеп, ага темирдей тартип киргизген. Гунндардан коргонуу үчүн Улуу Кытай Сепилин курдурган.  Тартип бузгандын башын алуу, аны тирүүлөй көмдүрүү, өрттөп жиберүү кадимки күндөлүк жазанын түрү эсептелген. Катуу жазага кабылгандардын туугандары бүт, үчүнчү урпагына чейин кыргынга учураган. Алардын башын алып, эл көп жерге илип коюу негизги мыйзамдардын бири эсептелген. Кытай тарыхы мен император болгондон кийин башталат деп, б.з.ч. 213-жылга чейинки летопись, китептерди өрттөткөн. Мындай мыкаачылыкка моюн толгогон 460 окумуштуу илимпоз, чыгармачыл инсандарды тирүүлөй көмдүргөн.

Азыркы Сиандын миң түрдүү сырды ичине кулпулап, дүйнөгө али да табышмактуу купуялыкты кармап турушунда Цинь Шихуандинин түздөн-түз салымы бар. Адамзат ааламына биринчи чоң бийликтин балдан таттуу даамын, уудан ачуу азабын жараткан өкүмдардын адамдык тагдыры татаал жана табышмактуу. Бийликке келгенден баштап, анын азезил азгырыгына берилген, жыргал жашоонун даамын сезген, бийликтин адамга экинчи  кудайдын күчүн берген кудретине азгырылган  императордун жанын кыйнаган азаптуу ой –  адам өмүрүнүн кыскалыгы болуптур. Ал өлбөстүктүн дарысын издетип, тамырчы-табыптарды тынымсыз кыйнап турган. Илимпоздорду дары чөптөрдү изилдөөгө жумшап, расмий мамлекеттик деңгээлдеги экспедияларды уюштурган. Өлбөстүктүн элексирин жасаткан. Кадимки чыгыш өкүмдарларына таандык (балким биринчи өзү негиздеген) салт менен гаремде сайран жашоо кечирген. Цинь Шихуандинин өлүмдү багынта албаганы бийлик күчү да, адам акылы да өлүм алдында алсыз экенин далилдейт.

Кызыгы, канча аракет кылган менен өлүмдүн ак экенин сезди белем,  өкүмдар  тирүү кезинде өзүнө жер астынан 60 кв.метр аянтка Мавзолей-көр жасатып, аны жалаң алтын-күмүш менен гана кооздотуп чектелбей, түбөлүк жатчу жайынын шыбын жалаң бермет менен жаптырган. Ошол эле учурда өзүнүн өлбөс жан экендигине элди үгүттөп, өлбөстүгү тууралуу жарлык чыгарган;  тиги дүйнөдө өзүнө кызмат кылуучу жана коргоп туруучу 8100 аскердин статуясын курал-жарагы, 200 минген аты менен жер алдына жасаткан. Бул кызматка 700 000 адам чегилген. Бул статуялар 1974-жылы капысынан кудук казып жаткан кадимки катардагы дыйкан тарабынан табылып, “Топурак аскерлер” деген ат менен аларды кайрадан калыбына келтирүү иши бүгүнкү күнгө чейин уланып келет.

«Топурак аскерлер» (Терракотовые воины) азыркы учурда ааламдын 8-керемети

ЮНЕСКО тарабынан улуу мурастар тизмесине кирген бул архитектуралык жана искусство чыгармачылыгы  өмүр менен өлүмдүн драмалык күрөш сахнасына айланып, адамзатты таң калтырып келет. Анткени жер алдынан табылган мындай табылга кытай скульпторлору тарабынан ушунчалык чеберчилик менен жасалгандыктан, 8 100 адам келбетинен бири-бирине коёндой окшош эки статуяны табуу мүмкүн эмес. Атайын мамлекет тарабынан конкурс жарыяланып, чоң суммадагы сыйлык чегилгенине карабай, ага эч ким татыктуу боло алган эмес. Ушунчалык чеберчилик менен ар бир статуяга индивидуалдуулук  берилгендиктен, ар бир аскер статуясы өзүнчө искусство чыгармасына айланган. Жер алдында эки миң жыл жаткан курал-жарактардын түсүн сактаганы, мокобогону, бузулбаганы технология өнүккөн ХХI кылым үчүн табышмак… Тескерисинче, алар абага чыкканда бузула баштайт экен. Ошондуктан мавзолей күн нурунан оолак караңгылыкта жана муздак температурада кармалат.

Сиандын дагы бир керемети абанын тазалыгы, шаардын жашыл арчадай жаш көрүнгөн келбети таң калтырат. Мелмилдеген эки тараптуу магистралдарда алты катар машина кыйма-чийме жүрүп жатканына карабай жолдун эки чети гана эмес, эки тарапты бөлүп турган ортодо жашыл арчалар кулпура өсүп турат. Ушундай экзотиканы көрүп туруп жаратылыштын да адамдан башка колдоочусу барбы деген ойго кетесиң. Оо, падышалар сайраны, өкүмдарлар мекени, кулдар менен туткундардын азабы, тарыхтын даңазалуу изи калган Сиань! Сенин кайсы сырыңды айтууга тил жетет? Сенин табышмагыңды табууга адамзаттын өмүрү жетер бекен!?..