КУЛТАЕВА Үмүт: ҮМҮТ КУЛТАЕВА: АШКАЗАН АЗЫГЫ ТАБЫЛАТ, РУХ АЗЫГЫ ТАБЫЛБАС!

Элибиздин уучу кур эмес экен, «кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты» болгон азыркы мезгилде, аздектеп окуган руханий булагыбыз ылайланып, гезиттин баары саясий ушак менен бийлик интригасын саймедиреп жаткан мезгилде, Олжобай Шакир деген кыргыздын бир уулу «РухЭш» деген сайт ачып, көркөм сөз өнөрүн баалаган окурмандын көңүлүн көтөрүп келет. Сатып алган гезиттен кайсалап, жан-дүйнөгө жарык чачкан нарктуу сөз, асыл ой таппай калганда, ии баса, «РухЭш» бар эмеспи деп, компьютерге жабыша калабыз.

Ачкан соң, үмүт акталат. Кыргыз интеллигенциясынын каймактарынан, дүйнөлүк адабияттын үлгүлөрүнөн, жаңы жазылган чакан, «кыздын баласындай» жаркын аңгеме, улуу адамдардын илимий, көркөм мурастарынан деги койчу, көзгө бир нерсе илешет да «РухЭш» өзүнө оп тартып кетет.

Бүгүнкү күндө бул сайт окурман журтчулугуна руханий бир булак болуп калды. Бүтүндөй бир мамлекеттик бөлүм, уюм же мекеме аткарчу жумушту ушул атка жеңил, тайга чак кыргыздын Эр Сыргагындай болгон бир фанат — Олжобай аткарып келет. Анын азаптуу эмгегин баалаган бир жан болсочу. Атаганат, жанагы 200 миң доллардан пара алып жаткандардын бу дүйнөдөгү максаты эмне болду экен? Андайлар «РухЭшти» окубайт, окуган болсо андай иштен акыл-эси менен жаа бою качпайт беле!!!

27 жылдан бери улуттук идеологиянын жолго салынбаганы, жалаң кызмат орундардын «соодасы менен коогасы» ушундай «жегич» муунду жаратып салды белем, ойлосоң жандан түңүлөсүң. Кара жанын карч уруп иштеп, элди агартам деген Олжобайдай урпагыбыздын оттой улук, суудай тунук максатын, аракетин ким баалайт?

Өкмөт көңүл бурбайт дейли десек, алар да азыр жыргап жаткан жери жок. «Жегендердин» учугун тапппай, ызы-чуудан башы чыкпай дегендей. Мындай учурда Олжобай экөөбүздү ким ойлосун. Байларыбыз карабайт дейли десек, алар да эртеңки күнүнөн элтеңдеп, качуу жагын издөө менен алек окшойт…

Мындайда баягы эле ак эмгек, кара тер менен эптеп эл катары жашоо кечирип жаткан өзүбүз бири-бирибизди колдобосок, башка жактан азырынча үмүт жок. Анткени биз көппүз. Биздин байлыгыбыз көптүгүбүздө. А жанагы акчанын алкашына айланган немелер бизден бир нече эсе аз го. Бирок үмүтсүз шайтан дейт эмеспи, бул күндөр да өтүп кетер…

Жакшы күндөрдүн жарык шооласынан үмүт үзбөйлү. Калыстык үчүн көкүрөгүн окко тоскондой, баш-аягын карабай жардамга келген, хандан-бектен кайтпаган өткүр сөзү менен коомду адилеттикке чакырган Олжобойдай досубуздун жок дегенде көңүлүнө аралжы болчу жардамга келели, достор! Маянасыз бир жарым жылдан бери иштеп жатат. Көп түкүрсө көл болот, өзү айткандай, 100 сомдон тамекисине деп, ЭЛСОМ эсебине салып койсок, бала кыял, барпаңбай ошого эле кубанат. Ал элден тыйын чогултуп байлык топтойун деген ою жок. Сайтты иштетүү үчүн интернетке төлөгөнгө тыйын таппай зээни кейигенин көргөн адамдын боору тилинет.

P.S. «РухЭш» сайты улуттук дөөлөт-мурастарды топтоп, келечекте өз ишин уланта берүүсүнө тилектеш окурмандар сайтыбызды колдоо үчүн 0558 08 08 60 (ЭЛСОМ), ошондой эле 4172210079305594 VISA эсебине акча которо аласыздар…