КУЛТАЕВА Үмүт: МАТЕМАТИКАЛЫК ОЙЛОМГО БАЙ ЫРЛАРДЫН ЭЭСИ ЫСМАЙЫЛ КАДЫРОВ

Ы.Кадыров балдар адабиятына 90-жылдары келди. Адегенде балдарга арнаган ырлары мезгилдүү басма сөздөргө, анын ичинде «Байчечекей» балдар басылмасына жарыяланып жүрдү да, 1998-жылы басмадан жарык көргөн биринчи «Түстөн чыккан түркүн сөз» жыйнагы окурмандар тарабынан сүймөнчүлүк менен кабыл алынды. Албетте, бир жагынан акындын начар чыгарма жаратышы мүмкүн да эмес болчу. Анткени, өзү көп жылдар бою «Энциклопедияда» иштеп, балдардын табияты талап кылчу энциклопедиялык билими жетиштүү болгондуктан, ички рухий жактан балдар поэзиясына батыл кирүүгө даяр болчу. Экинчиден, бул мезгилде кичинекейлердин көркөм сөз өнөрүндө жаңычыл адабий тажрыйба да жетиштүү эле.

 

Акын адегенде балдар адабиятындагы бардык жаңычыл адабий салтты жакшы өздөштүрдү. Анын чыгармачылыгында балдар акындары кийинки жылдары жараткан тамга үйрөнүү алиппеси, улуттук дүйнө таанымга байланыштуу түшүнүктөрдү өздөштүрүү боюнча жаңы жанрдагы ырлар, жаңы жаңылмачтар, табышмак ырлары кездешет. А бирок, Ы.Кадыровдун ырлары даярдалган адабий тажрыйбага өзүнүн жаңылыгын кошо албаса, анда ал балдарга ыр жазууга аракет кылгандардын арасында аты билинбей кала бермек. Ал ушул мыйзам ченемди туура түшүнүүгө жеке инсандык кудурети да, ички илимий билимдерди өздөштүрүү мүмкүндүгү да жеткен соң, балдар ырларына жеке салымын кошуунун үстүндө иштей алды. Ал кайсы салым? Калемгердин жеке индивидуалдуу көркөм дүйнө жаратышы капыстан келчү нерсе эмес. Бул жагынан акын «Байчечекей» журналынын тегерегине баш кошкон «Самудиновдук мектепке» таандык балдар акындарынын тобуна кирет. Аны акындын өзү да ачык мойнуна алганы ага таандык жакшы сапат. Бул анын «Байчечекей» журналына арнап жазган ырынан көрүнүп турат:

Түркүн түскө чулганып,
Чыгып турдуң кызыктуу.
Балдар түгүл чоңдор да,
Мазмунуңа кызыкты.

Сөз оюнду мурда жок,
Таап бердиң балдарга.
Сөздөн сөздү жаратып,
Саап бердиң балдарга.

Балдарга татыктуу чыгарма жазуу үчүн изденүү керектигин сезген акын адегенде жеке индивидуалдуулукту түстөн издеп көрдү. Анын «Түстөн чыккан түркүн сөз» жыйнагы «Түстөн чыккан түрмөктөр» деген бөлүм менен башталат. Ак түстөн баштап, 26 түскө мүнөздөмө берген бул ырлар балдарды да, чоңдорду да кайдыгер калтырбай турган деңгээлде жазылган. Ырлардын максаты түстөргө гана мүнөздөмө берүү эмес, түстү билдирүүчү сөздөрдүн башка маанилерин чечмелөө, алардын этномаданий маанисин балдарга таанытуу, түшүндүрүү болуп эсептелет. Бул боюнча автордун бир топ изденүүлөрүнүн акыбети кайтып, ар бир түстү туюнтуучу лексикалык бирдиктин андан башка маанилери аркылуу балдарды эне тилиндеги сөздөрдүн ички мазмунунда кулпуланган туюнтмасын терең өздөштүрүүсүнө жардам берүүчү жакшынакай ырларды жараткан. Айталы, «ак» деген сөздүн сүт менен кардын өңүн билдирүүдөн башка да суунун агышы (ак деген этиштик маани), абийирдин тазалыгы үчүн колдонулуучу «жазыксыз», «таза» (сын атооч маанисинде) деген мааниде колдонулушу, аксакалдардын, улуулардын ак пейилден берилген «ак батасы», «ак жаан» сөз айкашынын мааниси, «ак жүрөк», «ак кол», «ак көңүл», «ак дил», «ак жол» сыяктуу ондон ашык маанисин чечмелөө менен бирге ырдын аягы «ак» деген сөз жакшылыктын символу деген логикалык жыйынтык менен корутундалат (Бир гана «ак кол» деген сөз айкашынын мааниси автордун көз жаздымында калган).

Ар бир улуттук тилдеги сөздөрдүн мындай этномаданий мүмкүндүктөрүн изилдөө, аны кийинки муунга үйрөтүү азыркы учурда дүйнөлүк лингвистикада эң актуалдуу проблемалардан болуп турган шартта Ы.Кадыровдун бул багыттагы изденүүлөрү жаш окумуштуулар үчүн да керектүү материалдардан болуп саналат. Ошондой эле «Ала-Тоо» деген сөздө колдонулуучу «ала» түсүнөн келип чыккан: «ала салуу», «ала шалбырт», «ала булут», «ала дөң», «ала бата» деген сөз маанилерин чечмелөө, алардын жасалуу жолдорун түшүндүрүү аркылуу бул ырдан чыккан жыйынтык пикир — адамдар арасын ала сөз араласа, ыркы кетип бөлүнөт. Мындай жыйынтык пикирдин келип чыгышы да элдик дүйнө тааным менен тыгыз байланышта. Убагында кара сөздүн даркан жазуучусу Т.Сыдыкбеков өзүнүн «Көк асаба» романында сөздүн наркын билген кыргыз элинин Улуу сөз системасын көркөм интерпретацияга алуу менен «ала сөздүн» маанисин чучукка жеткендей айткан эле. Демек, мындай сөз туюнтмаларын талдоого алуу жана аларды кийинки урпактарга үйрөтүүнүн мааниси жалаң гана балдардын сөз байлыгын өстүрүү менен чектелбейт. Анын андан терең этномаданий жана тарбиялык мааниси бар.

Автордун улам кийинки «түстөн чыккан түркүн сөз» маанилери улам татаалданып олтуруп, чоң эмгекке сыйчу фразеологиялык сөз айкаштарынын туюнтмаларын ачып берет. Айталы «кер» деген түстөн келип чыгуучу «кер кашка», «кер мурут», «кер сары», «кежигеси кер тартуу», «кер какшык», «кер аяк», «кер ооз» сыяктуу сөз айкаштарына окуу китептеринде берилген супсак эрежелерге караганда, ыр аркылуу берилген алардын түшүндүрмөсү балдарга анда канча кызыктуу. Түстөрдүн Ы.Кадыровдун ырларындагы көркөм интерпретациясы тил сабагында «Сөздүн көп маанилүүлүгү», «Омоним сөздөр», «Фразеология», «Туруктуу сөз айкаштары» деген темаларды өздөштүрүүгө жардам берүү мүмкүндүгү бар.

Жыйнактын экинчи бөлүмү «Сөз оюндар» деп аталат. Автор өзү белгилегендей, «Байчечекей» журналынын рубрикалары аркылуу балдар поэзиясындагы жаңы жанрдык белгиге ээ болгон таанып-билүү ырларынын үстүндө акындын үзүрлүү эмгектенгени байкалат. Ал «Анаграмма», «Логогриф», «Метаграмма», «Шарада», «Акроыр» аталган сөз оюндарынын учкул кыял үлгүлөрүн жаратты.

Башы жалпак,
Аягы балчак.
Көзү тосток,
Аябай коркок, — деген акындын «Акроыры» бала бакчадагы балдар үчүн кызыктуу да жеткиликтүү да. Ырдын баш тамгаларынан: б+а+к+а=бака сөзүн наристелер оңой жасай алышат жана текстти жаттап калышат. Акроыр мазмунуна табышмак, оюн элементин камтып, балдарга затты, кубулушту жакшы аңдап таанууга үйрөткөнү менен кызык. Акындын «Амал менен окусаң», «Баш тамгасын өзүң тап», «Эмне болот?», «Оң тетири окусаң», «Курап оку» сыяктуу сөз оюндары балдар поэзиясында 80-90-жылдары жаралган эстетикалык табылгалардын учугун татыктуу улап кетүүчү келечектүү балдар акыны экендигине кепил боло алат. Ошол эле учурда биз сөз башында белгилегендей, ар бир калемгер өз салымы аркылуу гана адабиятта аты калат. Ушул көз караштан алып караганда, Ысмайыл Кадыров балдар поэзиясында таанып-билүү ырларын эсеп ыры менен байытты. Акындын математик болушу, анын жан-дүйнөсүндөгү жөндөм, албетте, чыгармачылыгына өз изин калтырууга тийиш болчу жана ошондой болду. Акындын биринчи эле балдарга арнаган жыйнагында «Канча чымчык?», «Канча мышык?», «Канчадан жешкен?» ырларында коюлган суроолор сурама ат атооч маанисинде эмес, кадимки математикалык ойлом менен жазылып, балдардан логикалык ой жүгүртүүнү жана математикалык жоопту талап кылат.

Карасаң мына кызык,
Төрт бурчта бирден мышык.
Чокчоюп олтурушат,
Таранып, сыланышып.

Маңдайында ар биринин,
Олтурушат үчтөн мышык.
Кана эмесе тез эсепте,
Бардыгы канча мышык? (Жообу: төрт)

Акындын дал ушул жөндөмү анын балдарга арнаган экинчи «Сандар санаты» деген жыйнагын жаратты. Балдар акындары А.Кыдыров менен Т.Самудинов тамга таануунун, үйрөнүүнүн, өздөштүрүүнүн өзүнчө «Ыр-Алиппесин» жаратса, Ы.Кадыров «Математика-Алиппесин» жаратты. Акындын бул багыттагы изденүүлөрүн анын азыркы балдар адабиятына кошкон жеке салымы катары эсептөөгө негиз бар. Чакан жыйнакка «Сандар санаты» деген аталманын өзү да жакшы коюлган. Ы.Кадыровдун «Сандар санатында» саноо гана эмес, сандарды таануу, алардын ар бирине таандык шарттуу белгини башка бир нерсеге ассоциациялоо аркылуу маанисин түшүндүрүү максаты көздөлөт. Жыйнак сандардын табышмактуу сырлары математика илиминин мазмунун түзөрү жөнүндөгү ойду образдуу берип, сандыктын сүрөтү менен коштолгон ыр менен ачылат:

Бул сандыктын ичинде
Бирдик, ондук сандар бар
Бүт бардыгын салууга,
Батпай калды калгандар.

Нөлдөн онго чейинки бирдик сандарга аныктаманын ордуна берилген эки сап ыр балдарга алгачкы математикалык түшүнүктөрдү: бирдик, ондуктарды жеңил өздөштүрүүгө жардам бере алат. Мындай иштелмелер балдар үчүн гана эмес, бала бакчанын тарбиячылары, башталгыч класстын мугалимдери үчүн эң керектүү дидактикалык материал боло алат. Ыр саптарынын түзүлүшү балдарды ойнотууга, сандын атынан сүйлөтүүгө негиз түзөт. Балдарга сандар жазылган кагаз корона кийгизип, бирдиктерди жыйынтыктоочу чакан сабак-сценка өткөрүү аркылуу окуучуларды математикага кызыктыруу мүмкүнчүлүгү бар. Анткени ыр саптарындагы

О: Мен деген нөлмүн,

О тамгасына окшотуп көргүн, — деп катары менен өзүн тааныштырып турган 1,2,3,4,5,6,7,8,9 бирдиктеринин аягында 10го сөз кезеги тиет да, анын:

Мен он деген чоңдукмун,

Кенжесимин ондуктун, — деген жыйынтык сөзү менен сандар өзүнөн өзү баладай сүйлөп, ойноп турат.

Акындардын ичинде кичинекейлерге ыр жазбаган калемгер жокко эсе. Бирок алардын арасынан башкалардан айырмаланган өзгөчө айтар ою болбосо, жазылган ыры окурмандын эсинде калбайт, балдар да аны тааныганга аракет кылбайт. Ал эми Ысмайыл Кадыров балдар адабиятына аралашканы аз гана убакыт болсо да, окурман ой токтото турган, наристелердин жарпын жазууга татыктуу чыгармаларды жаза алды. Аны азыркы учурда адабий коомчулук башка ишмердүүлүгү менен бирге балдар акыны деп тааныган кез.

_local

Үмүт КУЛТАЕВА,
филология илимдеринин доктору