КУЛТАЕВА Үмүт: ҮМҮТ КУЛТАЕВА: ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНДА ЭНЕЛИКТИН КӨРКӨМ КОНЦЕПЦИЯСЫ

Энелик – тирүүлүктүн чен-өлчөмүн шарттап турган улуу био-социологиялык жана нравалык руханий баалуулук. Жашоонун учугун улап турган  өзгөчө категория катары энелик  генетика, биология, психология, педагогика, философия, социология сыяктуу бир нече илимдин  объектиси. Көркөм адабиятта көбүнесе энеликтин нравалык баалуулугу иликтөөгө алынат.

Адамзаттын баалуу бул феномени Ч.Айтматовдун чыгармаларында  аӊдоого алынышы бир нече илимге таандык мыйзам-ченемдерди камтыйт. Анткени жазуучунун чыгармаларында «жаратуунун туу чокусу –  адамды» (Ч.Айтматов)   төрөп өстүргөн Толгонай Энеден баштап, маңкуртка айланган уулунун колунан ок жеген Найман Эненин ак жоолугу башынан шыпырылып баратканда, чыгып бараткан жаны: «Эсиңе кел, сен кимсиң? Атың ким? Сенин атаң Дөнөнбай! Дөнөнбай! Дөнөнбай!» — деп  сайраган кушка айланып, сөөгү Эне-Бейитти пайда кылганга чейинки мезгил, жердеги улуу дайра Энесайдан асмандагы айдын ичинде олтурган, карышкырлардын кудай энеси –  Бөрү-Анага чейинки  мейкиндик жатат.  Демек, жаралуудан → жок болууга чейинки бул аралыкта бүтүндөй тирүүлүктүн кудурет-күчү, мазмун-мааниси, бакыт-ырахаты,  азап-тозогу, асирет-арманы энеликтин табияты аркылуу аңдоого алынган сүрөткердин көркөм-эстетикалык, нравалык, философиялык концепцияларынын системасы жатат.

Дегеле Ч.Айтматовдун чыгармаларында аялзатынын жашоодогу миссиясы үй-бүлөдөгү жубайлык турмуш, пенделик тиричилик, биологиялык тукум улоочунун масштабы менен чектелген жок.  Жазуучу ал чектен эбак чыгып, энеликтин табиятын  эволюциялык кыймыл менен улам бир кийинки чыгармаларында кеңейтип да, бийиктетип да, тереӊдетип олтурду. Эгерде 50-жылдардын аягында жаралган чыгармаларында аялдын сулуулугу, жаштыгы, аруулугу негизги кароолго алынса, 60-жылдары жазылган «Саманчынын жолунда» Адам-Эненин жаратмандык кудурети кадимки тирүүлүктүн бешиги Жер-Энеге теңеле, экөө биригип  ааламга суроо салышты. Жер Эне менен Адам Эненин диалогу аркылуу көркөм ойлоодон (вымысель) терең философиялык маани-мазмунду ичине камтыган жыйынтык чыкты.  Жашоонун түбөлүктүүлүгү жөнүндөгү улуу ойдун жанында жеке адамдын, бир үй-бүлөнүн  трагедиясы да майда нерсе экенин, аял турганда өмүр учугу улана берери тууралуу окурман күтпөгөн корутунду жасалды.

Толгонайдын энелик табияты негизинен эки ракурста аңдоого алынды:

  • Идеалдаштыруу;
  • Символдоштуруу

Кайсы гана улуттун искусствосунда болсун, аялдын образы улуттук идеалдарды көркөм-эстетикалык жактан жалпылоо максатында түзүлөт. Ошондуктан Толгонайдын образында кыргыз аялына таандык өмүрлүк жарга берилүү, анын тукумун улоо, эмгекчилдик, балага болгон чексиз мээрим, келинди күтө билүү, өз тагдырын эл менен бирге кароо, мекендин алдындагы уул баланын парызын түшүнүү, башка бирөөнүн кайгысын бөлүшө билүү сыяктуу эң мыкты нравалык сапаттар берилген.

Эгер жазуучу улуттук ушул баалуулуктар менен гана чектелсе, Толгонайдын образы улуттук адабияттагы  бир мыкты аялдын көркөм бейнеси деңгээлинде  кала бермек. Жазуучунун улуулугу ушунда, аялдын жан-дүйнөсүнүн артыкчылыгын жалпы адамзаттык мааниде ачуу үчүн андагы улуу касиет – энеликти символдоштурду. Же изилдөөчү Г.Гачевдин сөзү менен айтканда: “…с точки зрения психологической правды, нелегко поверить в образ такой матери. Но он и не претендует на бытовую достоверность, он достоверен скорее как образ символ”1. Үч уулду катар төрөп, өстүрүп, бакытка чалкып турган Адам-Эненин тагдырын трагедияга айланткан согуштун кесепетин жеткире “жектөө” үчүн Толгонайдагы энелик улуу касиетти жазуучунун “баарын көтөргөн, баарына күбө болгон” жан аттуунун Энеси – Жерге теңегени жөн эле метафора эмес. Албетте, чыгарманын аягында “О, кутмандуу талаам, сенин азыр дем алып жаткан кезиң. …Адамга буюрган күл азыгын өзүнө берип, бир милдеттен кутулгандай, тоңдурмага кош чыкканча, тып-тынч жаткан кезиң. …Төрөгөн аялдай көшүлүп жатканыңдан, жер-энем” – деген Толгонайдын монологунан аял менен жерге таандык жалпылыктар ассоциациялаштырылат. Экөө тең жаратман, төлдүү, “мөмөлүү жана жемиштүү”, көтөрүмдүү, кечиримдүү, берекелүү, мээримдүү, куттуу. А бирок чыгарманын идеясы жалаң ошол окшоштуктар менен чектелеби да ченелеби? Эмне үчүн жерге “тил бүтүп”,  Толгонайга кайрат айтып, аны менен сырдашып олтурат?

Көрсө, Эне менен Жер турганда гана тирүүлүк учугу уланат экен. Аялга табияттан берилген тубаса сезимдин касиети “эне” деген улуу сөз менен кайрылып турган бала (кандай жол менен төрөлгөнүнө карабай) барда аны кандайдыр бир башка жандууда жок улуу күч жашоого шыктандыргандыгында экен. Жазуучу тирүүлүктүн туткасы – энеликтин дал ушул феноменин Толгонайдын Жанболотко жасаган мамилеси аркылуу ажайып эстетикалык жаңы деңгээлге алып чыкты. Келининен никесиз төрөлгөн  Жанболот маалына жетерге аз калганда катуу тумоолоп, шайы ооп бараткан учурда, кыштын күнү Толгонай чоң сууну кечип доктурга келет да: “Балам, ушунумду аман сактап кал. Бул өлсө, мени тирүүлөй көмгүлө. Жашабайм” –  деген чечим кабыл алышы аял-эне эле эмес, Адам Энеге  таандык касиет.

Баланы сактап калуу энеликтин табигый инстингине аялдагы нравалык адамгерчилик жуурулушканда өзүн отко салууга даяр турган Толгонай кыштын күнү муздак суу кечип, кийинки күнү өзү кан жөтөлүп жыгылат. Качан гана бала жакшы боло баштаганда: “Андай болсо, өлбөйм!” – деп, жашоого умтулушун Толгонайдагы энелик миссиянын биологиялык-нравалык гана эмес, философиялык жалпыланышы катары эсептөөгө болот. Анткени Толгонай жеке үй-бүлөнүн тукумун эмес, адамзат тукумунун учугун улап жатат.

Кийинки чыгармаларында жазуучу  энеликтин улуу күчүн, анын ички кубатын берүүгө  символдоштуруу да, идеалдаштыруу да жетишсиздик кылгандай, изилдөөнү андан ары тереңдетип, уламыш, миф, легендаларга кайрылды. Натыйжада, жазуучу тарабынан колдонулган адам менен жаратылыштын өзгөчө “ынтымагын” туюндурган мифология ааламдык көйгөйлөрдү энеликтин табияты аркылуу изилдөөнүн  табышмактуу татаал сырларын ачууга өбөлгө болуп берди. Адабияттын архаикалык бул катмарлары аркылуу аялдагы энеликти аңдоонун дагы төмөнкү багыттарын аныктады:

  • Мифтештирүү;
  • Сакралдаштыруу

Дүйнөлүк масштабдагы адабий чөйрөнүн бүйүрүн кызыткан “Ак-кеме” (1970) повестиндеги полемикалуу талаш-тартыш  баланын “балык болуп сүзүп кетишине” байланыштуу болгону менен мындай жоруктун түпкү себеби “Мүйүздүү Бугу-Эне” жөнүндөгү жомокко барып такалганы түшүнүктүү эмеспи. Кыргыз элиндеги бугу уруусунун генеалогиясына байланыштуу фольклордо сакталган бул миф жазуучунун эстетикалык өнөрканасында түпкү маани-маңызын жаңыртып да, байытып да энеликтин табиятындагы дагы башка улуу сапаттарга дүрбү салып берди. “Элдин өткөн турмушунун жандуу эстелиги болгон мифтин азыркы замандын руханий оорусун дарылоочу мүмкүндүгүн”1 жазуучу жаныбардын “маңкайган сулуусу, тазасы, ак пейилдүүсү” —  Бугунун табигый сапаттарын сыйкырлап, андагы энеликти мифтештирди.  Бугу-Эне адамча сүйлөп, балага мээрим төгүп, ак сүтүн эмизип, багып-чоңойтуу (андай болсо жаныбардагы энеликтин чегинен анча алыс кете алмак эмес) менен гана чектелген жок.

Бугу-Эне Алтайда кырылган кыргыздан калган урпактарды Ала Тоого алып келип, үйлөндүрүп, улуттун мезгил бүктөмүндө жаңы туула турган тун баласын төрөр алдында, “толгоосуна Ысык-Көл толкуп жатканда, алыстан, алыстан шыңгыраган жылаажын үн угулуп, кайыңдан жасалган ак бешик көтөрүп” жетип келди.  Кыргыз элинин этнологиялык түшүнүгүндө аял төрөтүн бир гана энелердин Кудай энеси – Умай Эне колдойт. Ал ымыркайдын да коргоочусу. Мүйүздүү Бугу-Эненин толгоо учурунда жетип келиши менен жазуучу Энеликтин кудурет-күчүн кадимки улуттук аң-сезимдеги Кудай эне – Умай Эненин касиетине теңеди. Жомоктун сыйкырына берилген баланын баёо, аруу, таза ишениминде Мүйүздүү Бугу-Эне жакшылыктын, бакыттын гана символу эмес, ал ыйыктыгы менен баалуу.

Жомоктон улам баланын дилине  орноп калган бул ишенимди суу жээгине келип калган маралдар ан сайын күчөттү. Бекей таежеси зөөкүр күйөөсүнөн кордук көрүп ыйлаганда, кызынын бактысыз турмушуна таятасы сыздаганда, балалык турмушу кайгыга батып, дили ооруганда баланын түшүнө дайыма Бугу-Эне кирчү.  Баланын жалгыз жаркын дүйнөсү Бугу-Эне менен дилинде баарлашууну эңсей берчү: “Мүйүздүү Бугу-Эне, мүйүзүңө бешик илип, Бекей таежеме апкелип берчи. Суранам, бешик  апкелип берчи, Бугу-Эне. …Атам ыйлабасынчы, Орозкул аба Бекей таежеми урбасынчы, экөө бактылуу болушсунчу, …аларга бир балаңы берчи, айланайын Бугу-Эне. Мүйүзүңө  илип, бешик  апкелип берчи”2. Баланын бул суранычында жазуучу кайра иштеп чыккан мифтин күчүнөн кубат алган энеликтин экинчи касиети бар эле. Ал –  эненин ыйыктыгы (сакралдуулук). Сакралдуулук азыркы учурда жалаң диний түшүнүктү берүү менен чектелбейт. “Сакралдуулук  адам жашоосундагы рухий баалуулукка сыйынуу же аны кадырлоо көз карашынын көркөм берилишин камтыйт”3.

Адамзат тарыхында ыйыктыкка ишенүү гана адам баласын жанын курман кылууга тете эрдик жасоого шыктандырып келген. Ошондуктан бала өзү ыйык санаган Бугу-Эненин “жылаажын үндүү бешик илип келчү” мүйүзү талкаланып жатканын көргөндө жеке кудретине жараша “эрдик жасагысы” келди. Эки ыйыгынын бири талкаланган соң, экинчи ыйыгына – Ак кемеге сүзүп кеткиси келди. Энеликтин ыйыктыгынын кордолушу менен бала келише алган жок. Бала үчүн “балык болуп сүзүп кетүү” Орозкулдун зөөкүрдүгүнө, таятасынын момундугу менен чабалдыгына, Сейдекматтын кайдыгерлигине, Бекей таежесинин байкуштугуна каршы чыгуу эле. Энеликтын ыйыктыгы кордолгон нравалык катастрофа бир гана үч үйлүү токойчу жашаган Кордонго эмес, ачык асман, түктүү жер арасында болуп жаткан ааламдык катастрофа. Энеликти ыйыкташтыруудан келип чыккан нравалык-философиялык жалпылоо ушунусу менен баалуу.

Андан кийинки чыгармалары “Кылым карытар бир күндөгү” (1980) Найман-Эне, “Кыяматтагы” (1988) Бөрү-Эне жөнүндөгү миф, уламыш аркылуу жазуучу дүйнөлүк масштабдагы глобалдуу проблемаларга ой-жүгүртүп, натыйжада энеликтин  улуу касиети замандагы,  доордогу, мезгилдеги катастрофаны сактап калуучу күч экендигине басым жасады. Энеликтин күч-кудурети менен нравалык кыйроолорду  эстетикалык жактан аңдап-таануунун дагы бир көркөм ыкмасын ойлоп тапты. Ааламдык масштабдагы глобалдуу кризистердин келип чыгышынын себеби болгон цивилизация, илимий-техникалык прогресстин таасиринен келип чыгуучу адамдын руханий  жакырлануусун жазуучу ЭНЕнин көзү менен карады; анын табиятындагы тирүүлүккө жан берген улуу сапат аркылуу бул жашыл ааламды – дүйнөнү  сактап калуунун аргасын издеди.

60-жылдардагы   Толгонайдын образында берилген кыргыздын нарктуу аялына таандык “муундардын үзгүлтүксүз рухий байланышын камсыз”1 кылуучу  улуттук асылзаадалык касиеттер эми жалпы адамзаттык проблемалар: экологиялык кыйроо, руханий баалуулуктарды жоготуунун кесепетинен келип чыгуучу трагедия жөнүндөгү  философиялык ойлор менен жуурулушуп кетти да, ааламды ойго салды. Адам баласындагы энелик менен жалпы табияттагы энелик бир бүтүндүктө, өз ара шайкештикте каралганда  бул улуу сезимдин табигый күчүнүн ички булактары ачылып чыга келди.

Жазуучу «Кылым карытаар бир күн» романында бийликтин жексур идеологиясы адамдагы эң баалуу касиет – тарыхый эстутумду жоготуу аркылуу руханий кыйроого алып келерин метафоралык түрдө энесин тааныбай калган маңкурттун трагедиясында чагылдырды. Найман-Эненин баласы тааныбай турганда зар какшаган  монологунун контексттинде жаткан идея жазуучунун энелик концепциясынын дагы  бир жаңы бийиктигин жаратты. «Кулунум, сенин эс-учуӊдан ажыратып жатканда, кычкачтап жаӊгак чаккансып, башыӊа шири кийгизип, мээӊди чагып жатканда, кулунум, чемгерлеп мыкчып мээӊди, чанагыӊан коркунучтун кан-шүүшүнү аралаш  көзүӊ чыгып баратканда, кулунум, Сары-Ɵзөктүн түтүнү жок кыямат оту жаныӊды куйкалап, канын катып жатканда, эриниӊе бир тамчы суу тамызбай асман мисирейгенде, — мына ошондо бүт дүйнөгө жан берген жараткан Эгебиз Күн сага жексур көрүнүп, жарык чачкан Күн эмей эле ааламдагы жаркын Эгелердин эӊ караӊгысы сен экенсиӊ деп Күндү каргай алдыӊ бекен?;  …чымындай жаныӊ кыйналып, чыркыраган үнүӊ чөлдүн үстүндө жаӊырып турганда… бу дүйнөгө бизди жаратып коюп, өзү таштап кеткен кудайды кашайта каргай алдыӊ бекен?; …эс учуӊан ажырап, караӊгы тунгуюкка кулап бара жатканыӊда, жүрөк астында көтөрүп, жарык дүйнөгө төрөгөн апа, мына ушул күнгө туш кылууга төрөдүӊ беле деп, кантип апаӊды каргай албадыӊ экен? (курсив — биздики)»2.

«Сары-Ɵзөктүн тунжураган кыйырсыз эрме чөлүндө» акыл-эстен ажырап, ата-тегин унутуп, маӊкуртка айланган уулунун азабы – Эне көтөрө алгыс трагедияны  Найман-Эне аркылуу окурманга «айтып жаткан» жазуучу жүрөк титиреткен драматизм  менен энеликтин  табиятындагы жаратмандыкты тирүүлүктөгү улуу үч күчкө теӊеди:

  • Бүтүндөй жандуу жаратылышка жан киргизген теӊдешсиз энергиянын, аптаптын ээси – Күн;
  • Жандуунун баарын жараткан – Кудай;
  • Жандуунун эӊ асылы – адамды жараткан – Эне

Жазуучунун дүйнөлүк масштабдагы окурмандары эле эмес, адабияттаануучулар  таң кала  аялдагы энелик  ыйык касиет тууралуу мындан артык сөз айтууга мүмкүн эмес деген ойдо турганда, Ч.Айтматов ээ болгон сейрек таланттын мүмкүндүгү чексиз экен, ургаачыга таандык бул сапаттын дагы бир кыры менен сыры «Кыямат» (1984) романында айтылды. Кылым трагедиясы – баңгилик менен аракечтиктин “жараткандын жаркыны – адам” (Ч.Айтматов)  баалуулугун кыйраткан бүлгүн экендиги  “Кыямат” романында жандуу жаратылыштын эң мыкаачы, жырткыч жаныбары карышкырлардын турмушун параллель аңдоого алуу аркылуу адабиятта буга чейин айтылбаган залкар ойлор айтылды. Болгондо да чыгарма дал ушул карышкыр эне Акбаранын табигый энелик туюмун сүрөттөөдөн башталат.

Кыштын оор карлуу күндөрүндө Ысык-Көлдүн Ала-Мөңгү ашуусуна  жакындап келаткан вертолёттун добушунан коркуп, төлдөө алдында турган Акбаранын “…туңгуюк туюмунда урук-тукум сактоонун табият берген улуу сезими (астын сызган – К.Ү.) күч алды. Энелик табияттын кемибес сезимин ала жүргөн канчык өз жанын эмес, …туула элек күчүктөрүнүн амандыгын ойлоду”1. Адегенде, Моюнкумда туулган үч бөлтүрүгүнөн, андан кийин Алдаш камышында төрт бөлтүрүгүнөн ажырап, улуу чөлдөн орун таппай, акыры ушул Ысык-Көлдүн Ала-Мөңгү ашуусуна ооп келген жуп карышкырлардын турмушун сүрөттөөнүн максаты эмнеде?

Чыгарманы талдай келгенде жазуучу алдына койгон эң негизги максат-милдеттирдин бири кайра эле энеликтин табяты аркылуу доор проблемасын изилдөөнүн жыйынтыгында адамзатты адам болууга чакыруу экени ачыкка чыгат. Ч.Айтматов мурунку чыгармаларындагы энеликтин табиятын мифтештирүү аркылуу аңдоону андан ары тереңдетип, Акбараны, “сезимтал, зирек” (чыгарманын 8-б.) акылга ээ, “адамга буюрбаган сезимдин күчү менен ар биринин жытынан ажыратып, каалаганын кандайдыр ишарат же үн менен чакырып алышы” менен карышкырдагы энеликтин буга чейин адабиятта белгисиз сырларын ачты. Ушундай өзгөчө энелик туюмдун ээси Акбаранын акыркы бөлтүрүктөрүнөн ажыроо трагедиясы – ал үчүн биологиялык кыямат деген көркөм жалпылоо жасады. Карышкыр эненин энелик табияты көтөрө алгыс трагедиясы кайрадан “Бөрү-Ана” жөнүндөгү миф менен коштолот:

“О, кудай эне – Бөрү-Ана, мени карачы бери, мына мен, Акбара, муздак тоолордун арасында шорлуу болуп, жалгыз олтурам. Өрттөнүп-күйүп бүттүм! Көз жашым төгүлгөнүн көрүбатасыңбы? Өксүп-өкүрүп улуганымды угубатасыңбы? Ичимди жалын каптап, эмчектеримди сүт тээп жарылганы турат, кимди эмизем, бөлтүрүктөрүмдөн айрылдым. …Түш бери  Бөрү-Ана, мага түшүп кел, жаныма отур, чогуу улуйлу, чогуу өксөп ыйлайлы. Кел бери, жерге түш бөрүнүн эне-кудайы, мен сени өзүм туулуп-өскөн улуу чөлгө алпарайын, а жерде бизге, бөрүлөргө орун калбай калды. Кел бери, мынабу аска-зоолуу тоолордун арасына түшүп кел – биерде да бизге орун жок; бизге эч жерде орун табылбайт окшоп калды… Эгер түшүп келбесең Бөрү-Ана, анда мына мени, карып болуп олтурган эне-бөрү Акбараны алып кет. Мен да сени менен ай бетинде жашап, жер жөнүндө кошок кошуп, көз жаш төгүп отурайын”1.

Жаратылыштын бир бөлүгү болгон Карышкыр эненин мындай ый-зары жоопсуз калмак эмес. Акыры акыркы бөлтүрүктөрү акыркы жолу кирген короону акмалап жүрүп, адамдын (Бостондун) акыркы баласын мерт кылып тынды. “Гүлүмкан баласынын баш жагына чыңырып келип кулады, Акбара түнкүсүн кандай улуса, так ошондой боздоп озондоду”. Карышкыр эненин биологиялык кыяматы Базарбайдын “нравалык кыяматынан” келип чыккан трагедияны жаратты.

Кызыгы, карышкыр тукум улоо үчүн көкжалдык менен күрөшүп, бөлтүрүктөрүнүн өлүмү үчүн кайрылгыс күрөшкө чыгып, өч алуунун аёсуз кеги менен жортуп жүргөндө,  баңгиликке берилген нашачылар тукум улоону, өзүнүн артында из калтырууну ойлошкон жок. Баңгилик деген социалдык бүлгүн аларды  карышкырчалык табигый инстинктен да кур калтырган. Бул адамзаттык кыямат.

Ал аз келгенсип, “Ар кимибиз пейлибизди Кудайга, Жакшылык Ээси Жаратканга буралы, жандуу табиятка кыянатчылык кылган адамдардын жамандыгы үчүн тайынып-табынып кечирим сурайлы” – деп зар какшаган Авдийди бөкөндөрдү кырып жүргөн хунта-аракечтер: “Кудайыңдан коркуп калчу биз эмес, ит, тапкан экенсиң коркутар кишини! Биз буерде мамлекеттик тапшырманы аткарып жүргөн элбиз, а сен болсоң, ит, паланга каршы экенсиң да, …билесиңби, кимсиң, сен деген – эл душманысың, айбан” – деп кашайта каргап, “чарбактагы каракчыдай төрт бутун керип сөксөөлгө” асып салышты. Дал ушундай Кудайдын ыйыктыгын, Эненин ыйыктыгын тааныбаган жерде жандуу жаратылышка – бүт Планетага кыямат келерин жазуучу Акбаранын зар какшаган ыйы менен, Авдийдин зар какшаган рухий ишеними менен ааламга жар салды.

Аял жана үй-бүлөлүк баалуулук

Үй-бүлөгө таандык адеби, эркекти туу тутуп, үстүндөгү үйдүн, алдындагы очоктун кутун сактоо ыйманы, баш ээсинин амандыгын тилеген ак тилеги адамдын адамдыгын сыначу оор согуш мезгилинде эч нерсеге арзыбай калганын адегенде түшүнө албаган кадимки элеттик келин – Сейденин ички дүйнөсүндөгү психологизм да кыргыз аялдарына таандык «стандарттан» башкача. Үй-бүлөнү сактагысы келген Сейде эң акыркы минутага чейин Ысмайылды жээриген жок. “Мейли, качкын болсо, качкын. Алтын башы аман болсун!” – деп,  өз “принцибинде” турган Сейде ээндеп отун теримиш болуп, Ысмайылга тамак ташыганына да, түнү бою санааркап уктабаганына да, Мырзакулдан камчы жегенине да кайыл болчу. Эптеп Ысмайылды жаз чыкканча багып, анан  Чаткалга качып кетсек, кандан бүткөн балабызды ортого алып оокат кылып кетебиз деген ою, анын кудайдан тилеген тилеги үй-бүлөнүн бүтүндүгүн сактоо максатына байланган. Бир гана акыркы күнү Ысмайылдын жырткыч айбандай арааны ачылып, жетимдердин ырыскысына кол салганын көргөндө гана  мындай адам менен бирге боло албасын түшүндү. Жетимдердин ырыскысына кол салуудан башка бир да себеп Сейдени айныта албас эле.

Анткени менен Сейденин аялдык табиятында асылзаадалык бар экендигин от кечип келген, жаман-жакшынын баркын да даана түшүнүп калган эстүү жан – Мырзакул туура баамдаган экен. Айтматовдун чыгармаларында каармандар ички сезимин оңой-олтоң таңуулай да, тартуулай да  салышпайт. Алардын сезими  өздөрүндөй терең жана токтоо. Ошондуктан Мырзакулдун «…балбылдаган назик тиктеген көздөрү Сейдени эркелетип карап: «Айтпасам да түшүнөөрсүң, мен сага ишенем… Дайыма ишенем… Сен жакшысың, абдан жакшысың…» — деген купуя сырды карегине чөгөрүп жүрүшүн көрүп турса да, оңой эле кабыл алган жок. Качан гана Ысмайылдан терс бурулганда бул улуу сезимдин баасын түшүндү. Ага чейин колунда наристеси турганда анын атасын сактоону ойлогон Сейде  «…мурунку Сейде эмес, кандайдыр башка, кандайдыр өзүнүн укмуштуу күчүн, артыкчылыгын, адалдыгын билип, жалтанып койбостон, баласын көтөрүп, «…маңкайып турду».  Демек, Сейденин Ысмайыл менен бетме-бет кезигүүсү үй-бүлө жөнүндөгү идеалынын бузулушу эмес, эки башка нраванын, эки башка жан-дүйнөнүн кагылышы катары кабыл алынат.

Ч.Айтматов чебер сүрөткер эле эмес, адам турмушун терең изилдөөчү «инженер» психолог катары  аялдын эр адамдан табылгыс  сапаттарына аяр мамиле жасай  билгендиги менен образдын өзгөчө нравалык баалуулугун жаратты. Аялдын үй-бүлө маселесине келгенде эркекке караганда алда канча сезимтал, кең пейил, кечиримдүү экенин жазуучу Жайдардын образы аркылуу көрсөтө билди. Жайдардын ордунда аял болбой эркек болсо, ошол капилеттүү бороондуу түндө Танабайдын кайда экенин  «аялдык сезиминде туюп туруп, анын ордуна эркектерге кошулуп, жубайынын жеңилин жерден, оорун колдон алуу үчүн аттанып чыгат беле. Элге билгизбей кийимин берип жиберүүнү ойлойт беле, өзүнөн Бүбүжанды бийик коёт беле, анын «чөйчөгү бөксө» бактысын аяйт беле!

Албууттанган Танабайдын ичиндегисин дайыма жадыбалдай жатка билген  Жайдар аны жөнгө келтирүүнүн жолун да мыкты технологдой жакшы билет. Танабайдын курагында эң ыйык баалуулук үй-бүлө экенин Жайдар мындайча эскертти:   “…азыр кетсең да мейли. Бара бер. Ал менден артык, сулуу экен, жаш экен. Жакшы аял. Мен да ага окшоп жесир калмак элем, бирок өзүң аман-эсен келдиң. Канча күттүм мен байкуш! Мейли аны колко кылбайын.  Бирок үч балаң бар. Аларды кантесиң?”

Акыркы суроо менен акылдуу жан  «өзүң бил» деп,  жубайын абийир сотуна оңой эле тапшырып койду.

Жайдардын жөн билгилиги  «ай жууган аппак түндөрдө» кезикчү жигиттик зор бактысынан айрылып, Танабай ааламга батпай каңгырап турганда ооз комуз менен «Боз ингендин арманын» кагып, анын “көңүлүн сурап” отурушунан көрүнөт. Замандын таланттуу жазуучуларынын бири В.Распутиндин сөзү менен айтканда Жайдар   “…башканын кайгысын сезгичтик менен туя билген аялдык камкор сезим”1 сапаттына ээ.  Өзүнүн эркекте жок артыкчылыгын билип, жеке кудуретине ишенген Жайдардай аялдар гана үй-бүлө коломтосун өчүрбөй, өз бактысын чайпалтпай сактап кала алат. Анын ички терең ишениминен чыккан өктөмдүгү, этегин кармаган эркекке сиңирген ак эмгегинин, өз тазалыгынын, өмүр бою жакшы-жаманын тең көрүп, азап-тозогуна чыдап, өзүн Танабайдын тең жарымы болууга арнай билгендиги менен шартталган. Ошондуктан Жайдар айтканынан кайтпаган, өжөр, бир мүнөз, албуут Танабайдын эркектик тизгинин убагында оңой эле тартып, жөнгө салып, сөзгө жыгып, уяткарып коё алат.

Ал эми  “Кылым карытар бир күн” романында Эдигейдин Зарипаны жактырып калган сезимин жеңе албай, жан-дилин азапка салышы, жакшы көргөн адамына кошо анын балдарын сүйүп, анын кайгылуу тагдырын да  өзүнүкүндөй кабыл алганына карабай, Зарипанын кетип калышы да үй-бүлө баалуулугуна байланыштуу. Эдигейдин дили  Абуталип камалган соң, эки үй-бүлөнү кошуп, бир бүлө кылууну эңсеп турду. Логикалык жактан окурман да Эдигей тарап болгусу келет. “Атакелеп” ата сагынычына кумар Даул менен Эрмекке да Эдигей ата ордуна ата болмок. А бирок Зарипанын терең аялдык адамгерчилиги Эдигейдин мындай максатына каршы тура алгандыгынан көрүнөт. Зарипа Эдигейди жактырбаганынан эмес, анын үй-бүлө бүтүндүгүн чачыратпай сактоо үчүн өз кызыкчылыгын курмандыкка чалды. Кышында бороондуу суугуна кутурган ит чыдабаган, жайында ысыгынан жылан жай издеген Бороондуу Сары-Өзөктө өмүрүн өткөрүп, этегин кармаган эркегинин эркинде болгон Үкүбаланын бактысын уурдап, өзү бактылуу болгусу келген жок.

Эдигейдин арзуу сезими улам тереңдеп баратканын сезген Зарипа ыңгайлуу учурду күтүп жүргөн. Ошондуктан Эдигей Каранарды алып келүү үчүн Ак-Мойнокко кеткенде, дарегин билгизбей эки баласын алды да, кетип калды. Өзү да Эдигейге кайдыгер эмес экендигин балдары аркылуу берип жиберген колго токулган моюн орогуч аркылуу билдирип кетти. Көңүлүндөгү жылуулугун ушул өзү токуган моюн орогучка саймалап, акыркы коштошуусун тымызын билдирип, мындай ажырашуу айласыздан экенин берген белегине “беките” айтып кетти.

Зарипанын мынтип кетип каларын билбеген Эдигейди бороондуу кыштын ызгаарын сездирбей, ушул моюн орогуч “ичтен жылытып”, Ак-Мойноктун алыс жолун  жакындатып  баратты. Мойнундагы орогучту улам сылап, андан жанына кубат алып бараткан Эдигей кайра келгенде аңгырап бош калган үйдүн ортосунда дел болгондой жан-дүйнөсү кошо аңгырап каларын билген жок. Өзүн коёрго жер таппай турганда анын көңүл оорусун Казангап сезди да, ачуу чындыкты мындайча айтты: “Сага караганда анын акылы терең экен, ошого ыраазы бол. Жоругуң акыры эмне менен бүтөрүн ойлодуң беле? Жок ээ? А келин ойлоптур да, кеч боло элегинде кетип калайын дептир. …Бирдеме деп өз баркын түшүрбөй, сенин катыныңдын баркын да сыйлап, унчукпастан кете берди. Экөө ынак коштошту. Сени жаман жоруктан таза сактап калгандары үчүн экөөнүн тең этегине таазим кыла турган жөнүң бар. Үкүбаладай аялды кылымдын кыйырынан издеп таппайсың”1.

Жазуучунун “Кылым карытар бир күн” романына тиркеме повесть аталган “Чынгызхандын ак булуту” – үй-бүлө баалуулугун даңазалаган метафоралык кыйытма чыгарма сыяктанат. Ааламды алаканыма салам деген өкүмдар Чынгызхандын үй-бүлө бактысын талкалоочу “Жүрүш мезгилинде эч ким төрөбөсүн” – деген өкүмүн жокко чыгаруучу күч деп сезген. Бирок мындай күч бар экен. Көрсө, дал ушул жаратылыштын улуу мыйзамына каршы мыйзам чыгарганы үчүн Чынгызхандан  Теңир тескери бурулуптур.

Уламышка негизделген повесттин контекстинде жаткан ушул улуу ой чыгарманын идеялык баалуулуктарынын бири эсептелет. Жашоонун мыйзамы өкүмдардын буйругунан күчтүү болгондуктан, Догуландын боюна бүтүп олтурбайбы. Каарынан кан тамган каган буйругунун эки болгону үчүн, наристенин ата-энесин өлүм жазасына тартып, үй-бүлөнүн кутуна кол салганда, анын төбөсүндө көлөкө болуп ээрчип жүрчү бир үзүм ак булут дайынсыз жоголот. Ага чейинки даңазалуу жүрүштүрдө курман болгон миңдеген адам каны суудай аккан мезгилде жоголбогон ак булут наристенин ата-энеси өлгөн күнү жоголот.  Ага чейин дербиш айткан: “Көкө-Теңирдин сени колдогон, сенин бул дүйнөдөгү даражаңа ыкласын берген белгиси. Бирок сен ал булутту, жоготуп албооң лаазым, аны жоготконуң – колуңдагы зор күч-кубатыңдан айрылганың…”1 – дегенде,  бийлик кумарына мас өкүмдар ага анча маани бербей кантип сактайм деп кекерлеген эле:

— “Нөөкөрлөрүмө канаты бар ат мингизип, асманга учуруп, булут кайтартып коёмбу?”

— Ал сенин ишиң, мен айтарымды айттым2, —  деген дербиш.

Мына эми жаңы туулган наристеге Кунан деген ат коюп, үй-бүлөлүк бакытка чалкып турганда Догулан менен Эрдене бала жараткандары үчүн кагандын каарына калып, экөө тең дүйнө салышты. А бирок чыгарманын философиялык корутундусу ушунда, алардын артынан ак булутун жоготкон Чынгызхан да, Батышка бараткан жүрүшүнөн кайтып, Чыгышка кайра кайтты да, көп узабай Догулан менен Эрдененин артынан дүйнө салды. Ата-энесинен ажыраган  Кунан калды. Кызыгы, наристенин ырыскысын Теңир берип, денеси катып, улгайып калган күң катын Алтундун эмчегинен диркиреп сүт чыгып кетти. Демек, бийлик да, буйрук да, кагандык таажы да, өкүмдарлык да түбөлүк эмес, үй-бүлөнүн урпагы гана жашоону улай алат деген улуу идея чыгармадан эң сонун көркөм жыйынтык чыгарууга окурманды жетелеп турат.

1Гачев Г. Чингиз Айтматов (в свете мировой культуры). – Ф.:Адабият, 1989. – 117-б.

1Барт Р. Мифология. – М., 1996. – 283-б.

2 Айтматов Ч. Үч томдон турган чыгармалар. II том.– Фрунзе:Кыргызстан, 1982. – 85-б.

3 Феодорова И.В. Сакральное и его литературоведческая типология / Интернет журнал СахГУ: Наука, образование, общество, 2012, февраль, №1. – 3-б.

1Игнатьева А.В. Эволюция образа русской женшины в творчестве В.Г.Распутина. – Тюмен, 2008.

2 Айтматов Ч. Чыгармаларынын сегиз томдук жыйнагы. Төртүнчү том. – Бишкек: «Учкун», 2009. – 139-б.

1Айтматов Ч.Кыямат: роман. – Ф.:Адабият, 1988. – 6-7-бб.

1Ошондо, 287-б.

1Интервью с В.Распутиным //Новый город, 2004. – С.5.

1Айтматов Ч. Чыгармаларынын сегиз томдук жыйнагы. Алтынчы  том. – Бишкек: «Учкун», 2009. –300-б.

1Айтматов Ч. Чыгармаларынын сегиз томдук жыйнагы. Алтынчы  том. – Бишкек: «Учкун», 2009. – 406-б.

2Ошондо. – 407-б.