КУРМАНОВ Жекшенбай: ЖЕКШЕНБАЙ КУРМАНОВ: «ШИШИҢ ТОЛДУ»

(Элдик макалдын жандырмак жомогу)

Бизге чейинки кайсы бир заманда бир кемпирдин жалгыз уулу бар экен. Баланын атасы эрте өлүп калып, энеси эркелетип багат. Бала бой тартып, жигит болот. Башкаларчылап мал багып, суу сугарып, дан бастырбай, үй оокатка деле карабай жалкоо болуп чыгат. Качан болсо жалгыз атын минип алып, акыры уурулукка бара баштайт. Наркы айылдан козу, берки айылдан кой уурдап, үйүнө эт ташып келе баштайт. Энеси бул жаман адатты токтот деп жалынып айтса да болбойт. Айласы кеткенде жайына коёт. Акыры атайын шиш камдап алат да, баласы уурдап союп келген малдардын этинен кичинеден кесип алып шишке сайып тизе берет. Толоруна аз калганда:

— Балам, шишиң толгону калды, эми токтот,- дейт. Укпайт.

Дагы мал уурдап келет. Андан бир кесип сайганда шиш толот. Ошондо энеси:

— Мына балам, шишиң эми даана толду. Өз убалың өзүңө. Сени элдик жыйынга салам да, кылык-жоругуңду жарыя кыламын деп айыл аксакалдарын, баланын жакын туугандарын чакырат. Алдыларына чыгып, баласынын баардык кылгандарын айтып, эт сайылган шишти ортого коёт.

— Мына бул шиште сайылып турган эттер балам уурдап келген ар бир малдыкы. Балам, ууру кылба деп айттым, тыйылбады. “Шиши толгон” кезде силерди чакыртып, уксун-көрсүн дедим. Мен карыдым, бул менин эле эмес, силердин да балаңар. Кандай жаза колдонуп, кандай айып саласыңар, өзүңөр чечкиле,- деп сөзүн бүтүрөт.

Чогулгандар ары кеңешип, бери кеңешип, буга чейин уурдалган малдын ээлери деле чыккан жок эле. Бүгүнкү айтылгандар ортобузда калсын, эч жакка чыкпасын. Мындан ары уурулугун токтотсун. Эми кайталаса катуу жаза тартаарын эскертип, баланын убадасын алышат.

Ошондон кийин ал бала уурулугун токтоткон экен. Ошентип “Шишиң толду” деген сөз ошол күндөн ушул күнгө чейин айтылып калыптыр.