КУРМАНОВ Жекшенбай: ШАКИРДИН ШАКАБАЛАРЫ

Жергебиз илгертен эле таланттарга бай. Алардын бири Эгембердиев Шакир болгон. Ал дүйнөдөн эртерээк көчүп кетти. Өмүрүнүн акырына чейин Калинин атындагы колхоздо (азыркыча Ак-Талаа айылы) мал доктур болуп иштеди. Турган жеринен төгүп ийме өнөрү күч эле. Нукура сатирик болчу. Кулк-мүнөзү начарларга, айрым алдым-жуттум активдерге, иштеги орун алган кемчиликтерге, терс көрүнүштөргө, жакшы көргөн тели-теңтуштарына арнап, «чымчыкейлүү» ырларын жазып, чогуу жүргөндөрүн зериктирчү эмес. Бүгүн маркумдун айрым жоруктарынан элге тааныштырууну ылайык таптык.

Сары тайган

Кайсы бир жылдары топ кишилер менен бир жактан жумуштап келаткан экен. Арасынан бирөөсү ээрчитип келаткан сары тайганын жерге-сууга тийгизбей мактай берет. Аңгыча алдыларынан түлкү качат. Келаткандар «Ал эле, ал!» деп тайганды сүрөөнгө алса, түлкүнү куубай эле аттарды тегерене качат кыңшылап. Ошондо Шакир:

Ургаачы жана тартайган,
Укмуштай экен сары тайган.
Кыйналбай биртке «иштеди»,
Кыпкызыл түлкү тиштеди… — деп төрт сап таштап, тайгандын ээсин уяткарган экен.

Баштан чыккан ыр

Мал доктурдун убактысынын көбү малчылардын арасында өтөт эмеспи. Бир күнү райондонбу же облустанбы, айтор жоон топ кызматкерлер малчыларды кыдырып калат. Бир үйгө тамак уюштурулуп, тамак тартылат. Жаңкы кызматкерлердин бирөөсү (кичүүрөгү го) башты чала мүлжүп туруп, четкерээк отурган балага «Ме менин устаканым, мүлжүп кой» деп жылдырып коёт. Аны байкап отурган Шакир башты карап туруп, мындай деп ырдайт экен:

Чокусунда болсочу,
Чокум этин койсочу.
«Берешен» экен ээси,
Бектигинен калыптыр
Ичиндеги мээси.

Муну угуп, өзүнүн осол иш кылганын түшүнгөн алиги жигит уялганынан кызарып-татарып отуруп калыптыр.

Ак топу

Шакир эки-үч киши менен Жумаалы деген теңтушунукуна түшүп калат. Жумаалы аппак жүндөн жаңы топу түйдүрүп кийген экен, чайлашып отурганда: «Шакир, топум кандай, жарашат бекен» деп улам сурай берет.

Анда Шакир:

Үлпүлдөк жана жупжумшак,
Жумаалынын топусу.
Өзүнө сонун жарашмак,
Өйдөрөөк болсо чокусу.
Аркасынан карасаң,
Кадимки Арабиянын сопусу…  — деп жым кылган экен.

Жана балта, бир күрөк

Колхоздун жиберүүсү менен бир топ мал доктурлар мал дарылоо үчүн Ак-Сайга барып, жатып-конуп иштеп жүрүшөт. Арасында Асанаалы деген курбалдашы да бар экен. Кеч күүгүмдө аттанып кетип эле анча алыс эмес жердеги уйчулардын буюм-тайымдарынан «кереги тийет» деп эле алып келе берет. Ошондо ага карата ырдаганы:

Асанаалы делдирек,
Ай батканда түн жиреп,
Ак-Сайлыктын малчысын,
Аста секин бүлдүрөт.

Эки чака, бир мискей,
Эңип келдиң билгизбей.
Жана балта, бир күрөк,
Жандын баарын күлдүрөт.
Бердиң мага балтасын,
Аныңы Шакир кантип алкасын.

Эң окшош

Айылда мектепте мугалим болуп иштеген мамилелеш теңтушу бар экен. Ал кабелтең, боюна жараша жасанып, башкаларга бой көтөргөн, көпкүлөң тарткан мүнөзү бар эле дейт. Бармак басым мурут койдуруп, ого бетер корооздонуп калган го. Ага карата минтип ырдаган экен:

Эси жок киши кеч көбөт,
Элүүдөн ашты курагы.
Дөөлөт күтүп дегеле,
Дөөгүрсүп турган убагы.
Панфиловго эң окшош,
Муруту менен кулагы.
Беш жылдыз тагып алганда,
Жарашмак экен тумагы.

Тост көтөрткөндө

Колхоздун эсебинен байыган, эби-сыны жок эткээл бир чоңураак кызматты ээлеген башкарма досу жаңы там салып той берип, колхоздун болгон активдерин чакырат. «Алигиден» сеп этип, кыйла кызып калышат. Тост айтуунун кезеги Шакирге келет. Ичинде «жалын» ойноп турган неме ыр менен каалоосун айтып турган жери:

Ак үлпөт салган тамыңда,
Аялың жаркып суу алсын.
Жаш өспүрүм балдарың,
Жайдары өссүн, кубансын.
Томпоюңку чоң көчүк,
Тоюң тойго улансын! – деп башкармалык мансапка жеткен досун капталга сайгылап, андан аркы ырында да башкарманын ашыкча эткээл мүчөсүнө тийише кеткендегиси экен:

Капталдарың буртуят,
Казыбы же желинби?
Төрөт үйдөн көргөмүн
Так өзүңдөй келинди…

Жыйнаган Жекшенбай КУРМАНОВ

«Ат-Башы жаңылыктары», 29-июнь, 2018.