КУРМАНОВА Сүйүн: СҮЙҮН КУРМАНОВА: ШОРГО МАЛЫНГАН МАХАБАТ

АҢГЕМЕ

Орустарда жакшы макал бар: «Кайда барып түшөрүмдү билсем, алдыма саман төшөбөйт белем» деген. Анын сыңары өйдө-төмөн калчаган турмуш кай жакка кайыктырып барып не дүйнөнү башка салат, билбейсиң. Анүстүнө жаштыктын алдыда бир жомоктогудай керемет күтүп тургандан бетер аңды-дөңдү карабай баш оогон жакка кетмей адаты бар.

Ольга а кезде Ыраакы Чыгыштагы порт шаардын четинде жашачу. Тегерете аскер бөлүктөрү, түрмөчүлөрдүн мөөнөт өтөөчү жайлары болчу. Элбир-делбир ээликкен жаш кыздардын солдаттар менен таанышмай, жылдызы келишсе андан ары достошмой адаттары бар эле. Кокус бирди-жарымы ошондой «дос» күтсө күн куру эмес гарнизонго жолугушууга чуркап, анысын кайра курбуларына айтып келип… айтор, жок сүйүүсүн бар кылган чөлкөм болчу.

Бала кезинен илмийип, эки көзү чүңүрөйүп нары кирген, мүнөзү түнтүрөөк, уялчаак Ольга шартылдаган шайдоот жигиттерден айбыкчу. Курбу кыздары жанын койбой дискотекага сүйрөп барышканда бийге түшкөндөн тартынып, четте жашынып турчу. Бир күнү ошентип бийлегендерге оолактан көз салып турганда, өзүнө окшоп коомайлап турган кара тору жигит сөз катып калды. Өзү кара, көзү бүтүк болгону менен орусча таза сүйлөгөн жигит ал күнү демейде үйүнө жалгыз келчү Ольганы узатып келди. Мындай күтүлбөгөн окуяга эреркеген Ольга «оюнга» кантип кирип кеткенин өзү да байкабай калды. Күн артынан күн өтүп, алиги кара тору солдаттын бош убактысынын баары Ольганын үйүндө өтчү болду. Ири кораблдер менен айлап-жылдап сүзүп жүргөн апасына кызынын «досу» анча деле жаман көрүнгөн жок. Атүгүл мөөнөтү бүткөндөн кийин ушерде калса өзү иштеген кеменин бирине ишке орношконго жардам берээрин айтты.

Апасынын мындай дилгирлигин солдат да четке каккан жок. Сыртынан сыйда-сыпаа көрүнгөн жигиттин күйөө бала болорунан шектенбеген эненин кызын жок дегенде ушинтип алыска кетирбей алып калам деген аракети текке кетип, Кадырбек үйлөнгөндөн эки айдан кийин: «Туугандарыма отпускага барып, кайра келишим керек» – деп калды. Жаңы эле баш кошкон колуктусу кыйылып жатып макул болду. «Өзүң ойлосоң, мен келинчегимди салт боюнча ата-энемдин алдына алып барып, туугандарымдан бата алышым керек, билесиңби, бизде үйлөнүү тою кандай кызык…»

Күйөөсүнүн сүрөттөөсү боюнча башына жоолук салынып, кооз көшөгөнүн артында отурганын элестеткен Ольга өзү да шашып калды. Поезд менен үч күн, үч түн тынбай жүрүштү. Акыры келдик дегенде Кадырбек келинчегин бир үйгө жеткирип коюп, өзү телефон чалганы кетти. «Үйлөндүм, келинчегим менен баратам» – деп жиберген телеграмма жетпептир, – деди кабагы салыңкы кайтып келип. – Эми кам-чомдору жок экен, капилет эле кирип барабыз, бизди эч ким тоспойт».

Шаардын четиндеги айылга түн ичинде келишти. «Салт ушундай, бизде келинчекти ушинтип эч кимге көргөзбөй ала качып келишет».

Терезе тыкылдап, жарык күйдү да, күлдү калакайга түшкөн аял чалына жүгүрүп чыгып, уулун кучактай жыгылды. Баласынын бети-башынан өөп болуп, жанындагы арыкчырай орус кызды чочуркай карап калды.

Эртеси күн аркан бою көтөрүлгөн маалда бырышкан-тырышкан эскирээк көшөгө тагылып, убай-чубай эл келип, аялдар көшөгөдө сербейип отурган сары келиндин бетинен өөп, башына жоолук салышып, жылмайган тейден чыгып жатышты.

«Отпуска» ошентип он алты жылга созулду. Орус келинди келин эмес эле оюн сурабай турган күңдөй пайдаланган кайнене Ольганы оттон алып сууга салды. «Келиндин милдети ушул» демиш болуп, үй-тиричиликтин бүт жүгүн арык келиндин жонуна жүктөдү. Отурган-турган жеринде: «Ой, менин орус келиним кыргыздын беш келинине татыйт» – деп мактанган менен ал келиндин эмне күн көрүп, эмне көйдө жүргөнүн ойлоп да койгон жок. Алыста калган энесин, бир туугандарын он алты жыл бою көрбөгөн бечара келиндин жаштыгынын аягы барып, минтип шорго малынды. Бир кезде «сүйөм, күйөм» деген күйөөсү эми «өлтүрөмдөн» башканы айтпайт.

Эки күндүн биринде мас болуп алып, үй-бүлөсүнө тополоң салган жоругун: «Мен армияда жүргөндө таяк жегем, ошонун залдары, өзүм эчтеке билбей калам» – деп бастырып койчу. Ал мас болуп келатат дегенде Ольганын жаны оозуна кептелип, жедеп таякка бышып бүткөн денеси өзүнөн өзү калчылдап, бөрүнүн тишиндеги чаарчыктай диртилдей баштайт. Нечен жылаң аяк, жылаң баш качкан күндөр, нечен бычак менен кансырап жаткан күндөр өттү. «Жаны иттикинен да бекем экен, башка неме болсо өлүп калмак» дечү кайненеси анын артынан.

Өзү болсо жанчылган денесин араң сүйрөп, ыйлаган баласын сооротууга дарманы келбей, жумалап төшөктө жатчу. Күйөөсүнүн ичкени көбөйүп, таягы күчөп, такыр жашоо болбой калганын көргөн коңшусу бир күнү Ольга үйүнө качып келгенде ушинтип запкы көргөндөргө жардам көрсөтүүчү мекеме бар экенин айтты. Кайсы жерге кирип кетээрин билбей айласы кетип жүргөн Ольга жабыша калды.

Ошентип, кыштын чилдесинде эки чиедей баланы жетелеген, отузга чыкпай оозунда бүдүр тиши калбай калган аял үй-бүлөдөн запкы көргөндөргө убактылуу калканч болчу «Сезимге» келди. Эми аны өз үйүнө, Ыраакы Чыгышка аман-эсен жөнөтүү милдети турду. Миграция боюнча эл аралык уюмдун колдоосу менен он алты жыл бою күң ордуна эзүүдө жүргөн эки баланын энеси кулчулуктун курмандыгы деп таанылды. «Үй-бүлө мүчөсү» деп саналган менен эки бала төрөп, аларды чоңойткончо никеге турбаган, өз жакындары менен катташа албаган, түмөн-түйшүк тартып, күң ордуна кызмат кылган, бир нерсе десе өлөөрчө таяк жеп, денесинин тамтыгы жок жарат алган, адам сүлдөрү гана калган аялдын абалын аныктоо жана балдарга болгон ата сөрөйүнүн укугунан ажыратуу маселесин караган сот Сокулук районунда болду.

Сот болорун, анда өзүнүн маселесин караларын алдын-ала билсе да Кадырбек келген жок. Акыры аны атайын машине менен «Сезимдин» укук борборунун юристи күч менен алып келди.

Эмне болуп атканы менен иши деле жок, жаңыдан эле соолуккан Кадырбек өңүмбү же түшүмбү деген кыязда сотто теңселип турду.
– Урганың ыраспы? – деген соттун суроосуна: «Ырас» – деп жооп берди. «Күнөөңдү мойнуңа аласыңбы?» – дегенде: «Алам» – деди камаарабай. «Анда сени дал ушерден эле камаш керек. Аялыңдын денесиндеги тактар сага айгак болуп берет» деген прокурордун кеби гана анын бейгам дүйнөсүнө бүлүк салды.

«Жок, жок, камабагыла, кереги жок!» деген аялдын үнү залдагыларды селт эттирди. Баятан башын жерге салып, көзүнөн аккан жашты тамчылатып отурган, Ольга кыйкырыптыр. Залдагылар анын тиши жок бүйлөсү гана көрүнгөн оозун карап калышты.

Кадырбек да аны эми көргөндөй, көзүн ачып-жумуп тиктеп калды.
– Кереги жок, биз бияктан кетсек болду, ушунун баарын унутсак болду…
Прокурор жарылып кеткенсип, залда отурган айыл өкмөтүнүн башчысына, аялдар кеңешине, аксакалдар сотуна бир тийди.

– Билесиңер да, билмексен болуп жүргөнсүңөр. Эл деги эмне болуп баратат, ыя? Карыңардан жашыңарга чейин арак ичесиңер, ойногонуңар карта, анан барып үй-бүлөңөргө асыласыңар. Жардыбыз, итке минип калдык деп жалдырап отурасыңар. Силерди ошол абалды ойлойт деп шайлашкан, иштебейсиңерби!

Соттун чечими менен үй-бүлөсүнө азаптан башка эч нерсе кылбаган Кадырбек аталык укугунан ажыратылды. Ольга уул-кызы менен Ыраакы Чыгышка, апасына жөнөп кетти.