КУРМАНОВА Сүйүн: СҮЙҮН КУРМАНОВА: АШМАЛТАЙ

АҢГЕМЕ

– Мына сага милиция, мына сага, жүзү кара, мен өзүм сага милициямын, чык үйдөн шерменде, арам тамак бетпак! Энең экөөң тең жогол көзүмө көрүнбөй, өлтүрүп сала электе жоголгула!
Тепкинин запкысынан эмес, ызадан ууккан кыз жылаңаяк, жылаңбаш көчөгө чуркап чыкты.
Боздогон бойдон апасы артынан жөнөдү. Кардуу бороондо карааны көзгө илээшпей «кызым, кызым!» деген энесинин үзүл-кесил үнү ээликкен кыздын демин зорго басты.
Экөө машинелер токтогон жайдан жолугушту:
– Апа, мен үйгө барбайм, сен бара бер, – деди кызынын тиши тишине тийбей, – менден кам санаба, өлүп калбайм, тиги айткандай мендейлер денесин сатып деле оокат кылып жатышпайбы?
– Эгер ушул үйдөн кете алсам мен эчак кетмекмин, – деди апасы. –Кетип кайда барабыз? Менин жарыбаган айлыгым менен төртөөңдү кантип багам? Кайда, кимге барабыз? Кичине чыда, окууңду бүтсөң күйөөгө чыгып, багыңачылаар…
«Күйөө деп айтып алып, апасы кайра тилин тиштеди. Бир кезде өзүнүн күйөөсү да көзүнөн учкун чачыраган жылдыздуу жигит эле. Институттун акыркы курсунда баш кошушкан. Далай бактылуу күндөрдү, далай кыйынчылыктарды чогуу көрүшкөн. Келечек анда аларга кереметтүү дүйнөдөй сезилчү. Ошондо эле анын кыялы адегенде илимдин кандидаты, анан доктору болчу, ошого жараша кызмат тепкичи да жогорулап… эң эле бери дегенде министрликке такалчу. Айтканындай эле кандидаттыгын жактап, доцент болду, баягы чап жаак, зыңкыйган жигит эми салабаттуу, бой-келбеттүү, өзүнүн коомдо ээлеген ордун жакшы билген адам. Төрт бала төрөп, баягы педиатрлык деңгээлдеги «өспөй» калган аялына эми окумуштуу «бийиктиктен» карайт. Бирдеме десе: «Сен эмнени билесиң, келесоо!», «Өңгө сүйлөсө да сен сүйлөбөчү!», «Жарыбаган айлыгың эмнеге жетет?» дечү болду.
Кийим-кече жөнүндө кеп болгондо да: «Сени ким көрүп атты эле, мен болсом окумуштуулар чөйрөсүндө, элдин арасында жүрөм, ошого жараша кийинишим керек», – дейт да машинени минип зуу коёт.
Үйдөгү бардык үмүт, тилек, аракет, каражат бүтүндөй бойдон анын докторлук диссертациясынын корголушуна багытталган.
Билинбей отуруп, үй-бүлө экиге бөлүндү. «Багып атам» деген ал бир тарапта. Ага көз каранды болгон аялы, балдары менен бир тарапта. Анын көзүнчө тамак ичкенден, атүгүл телевизор көргөндөн тартынышып, атасы келээри менен балдар бөлмөлөрүнө кирип кетишет. Эч качан: «Ал керек, бул керек» – деп айтышпайт.
Тиричилик көйгөйдү ыйлап-сыктай көтөрсө болот дечи, баарынан да минтип жөнү жок жерден уруш чыгарып, кылдан кыйкым таап, уят-сыйытты билбей бой жеткен кыздарды көзгө илбей мушташканы жанга батып кетет экен. Анын мындай экенин эч кимге айта да албайсың. Айткан менен бирди-жарым ишенеби десең, ишинде мындан илбериңки, кичи пейил, маданияттуу, сергек жан жок. Улуу-кичүүнү бирдей сыйлап, сыпайы мамиле кылат, коңшуколоңдор, дос-тааныштар менен да «сиз, биз» мамиледе. Үйдө болсо… анын бири жок, каардын кара булутун үйүп, оозуна ак ит кирип, кара ит чыгып, күн куру эмес «концерт» коюп турат.
Сырттан караган адамга ушундай сонун киши менен ымалашып жашай албаган аялы күнөөлүүдөй туюлат.
Аялы болсо… нечен уйкусуз түндөрдүн, сөөктү жарып өткөн суук сөздөрдүн, басмырлоо менен жетишпегендиктин залдарынан жүрөгү үшүп, кагаздай ушаланып, улгайып баратат. Анын жүзүндөгү бырыштын артында канча көз жаш, канча санаа, канча ыза катылганын өзү гана билет. Ушул ушаланган аялдын иштеген жерине бир күнү суйсалган сулуу кыз кирип келди. Көрсө, күйөөсүнүн студенти экен. Кыйлага кыйшаңдап жатып акыры: «Сиз Россияга кетип жаткан турбайсызбы. Агай экөөбүздүн мамилебиз өтө эле тереңдеп кеткен… Кетээриңиз чын болсо бизге ыраазычылыгыңызды билдирип, өз ыктыярыңыз менен эле…»
Мындайды күтпөгөн жаны таң калгандан эси ооп кала жаздаса да шек билгизбей сурады:
– А сиз агайыңыздын төрт баласы бар экенин билесизби?
– Билем.
– Мейли, мен каршы эмесмин. Бирок агайыңызды төрт баласы менен чогуу аласыз.
– Кандайча? Ал сизди баарын Россияга чогуу ала кетет дебеди беле?
– Жок, Россияга кетиш эч качан оюма да келген эмес. Сиз айткандай биз укмуш үйдө жашабайбыз, төрт баламды жалгыз бага албайм, ошон үчүн алсаңыз баарын чогуу аласыз.
Кыз бир кызарып, бир бозоруп чыга качкан.
Өзүнүкү эми болору болду дечи, баарынан жаманы –кыздарынын күйөөгө чыкпайбыз дегени. Атасынын чыныгы жүзүн билишкен кыздарына бардык эле адамдар ушундай эки жүздүү, мыкаачы,ташбоордой сезилет окшобойбу. «Жакшы» эркектер жөнүндө нечен мисалдар алардын көз карашын өзгөртө албай жатат. Зөөкүр эрге карата аларда башкача түшүнүк, башкача көз караш бар. Ар бир адам өзүнүн кылганы үчүн жооп бериш керек. Күйөөгө эч ким андай артыкчылык укук берген эмес, ошон үчүн милицияга кайрылып, жоопко тартыш керек дешет.Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы атайын закон чыкканын өзү деле билет, бирок милиция чакырсаң… ашып кетсе он айлык өлчөмдө штраф салат, ал да үй-бүлөнүн ырыскысынан кесилет, эгер чындап эле милиция чакырса өлтүрүп койгондон деле кайра тартпайт болуш керек. Ал деген анын «коомдук аброюна», доктордук даражага таасирин тийгизиши ыктымал да! Мындай «айлампадан» эч бир закон, эч нерсе чыгара албаса керек…
Бир чыкса мындай айлампаны өзү гана жарып чыгат окшойт. Чарчаган, чаалыккан аялдын туюк көкүрөгүнө ушул ой шоола болуп кирип, уламдан-улам чоңоюп баратты.