КУРМАНОВА Сүйүн: СҮЙҮН КУРМАНОВА: БӨӨДӨ ӨМҮР

АҢГЕМЕ

Чачы тармал, мурду кырдач, арык кыз кыйылып, кысталып отуруп ырын окуду. Ыр окуганда баштан аяк өзгөрүп, мынчалык назик, алсыз болбой, алда канча бийиктегендей, алда канча кубаттуураактай көрүнчү. Башка убакта… баарын ичине батырган тартынчаак, ийменчээк, үлбүрөгөн жан эле. Күйөөсү дал ошол кишинин көзүн тике карай албаган мүнөзүнө «кызыгып» артынан калбай асылып жүрүп, акыры ала качып алган. Бою заңкайган, мурду кырдач, мүнөзү өткүр жигит аны дароо эле «багынтып» алган. Ансыз да өткүр жаны аны биринчи күндөн тарта эле башкарууга өткөн.
Азыр да кыйылып, кысталып, кызарып ыр окуп жаткан келинчегинен көзүн албай акшыйып отурган. Алагүү болгон курсташтар аны менен иши канча, Алимандын жаңы жазган ырларына маашырланып кол чаап жатышат.
– Экинчи мындайыңды көрбөйүн, – конокторду узатып, кайра короого кирээри менен күйөөсү анын каруусунан бекем кысып сүйлөдү: – Мен мындайды жаман көрөм.
Алиман уят иш жасагансып чочуп карады:
– Эмне болду?
– Ыр окуп артисттенгениңди жаман көрөм.
А деп оозун ачып келаткан аялынын жаагын шарт басты.
– Бүттү, бир айттымбы болду, мага артист аялдын кереги жок, экинчи укпайын.
Кудум кастарлап жүргөн нерсесин бирөө талкалап салгандан бетер ошол түнү көкүрөгү күйүп, түтөп чыккан. Ошондон тарта оргуштап турган кичинекей булагынын көзүнө таш бастырып, ыр жазгысы келсе жашыруун жазып, анысын бекем катып койчуб олду. Бара-бара жазмак түгүл чачын тараганга убактысы болбой, күйөөсүнүн жазгандарын машинкага басып, иретте дегенин иреттеп, курсагындагы баласынын алсыз бүлкүлдөгөнүнө аста кубанып, квартира акысын алганы келген орус кемпир менен анда-санда сүйлөшкөнү болбосо, киши менен деле катташпай калды. Дүкүлдөп, зүкүлдөгөн күйөөсү илимге жаңылык киргизгени жатканын, жакында мен окумуштуумун деген далайлардын оозун аппак кылаарын айтып боо-боо кагаздарды алдына таштачу.
– Бу менин эле оокатым эмес, биздин үй-бүлөнүн оокаты. Үйбүлөбүздүн келечеги ушунда билсең, – дечү да алдындагы тамакты шаша-буша ичип, жөнөп кетчү.
…Жүрөгү лакылдап, көзү караңгылап, бүткөн бою чымырап кетчү адат качан пайда болгонун өзү да байкабай калды. Өзгөрүүлөрдүн баарын кош бойлуулугу менен байланыштырып, көз жарса эле баары кайра калыбына келчүдөй ээрдин бекем тиштеп, эчтеме айтпай чыдап жүрдү.
Ичинин ооруганынан онтоосу күчөп, жаздыктын бурчун тиштеп жатканына далай убакыт болгон, көзүнүн жашы он салаа, ордунан козголоорго дарманы жок, бирде эсине келип, бирде жоготуп жаткан келиндин үстүнө орус кемпир кирип келбегенде эмне болот эле, бир кудайдын өзү билет. Келиндин толгоосун болжолдоп, бурчтагы саатты караган кемпир алаканын шак чаап, кокуйлап калды.
– Толгооң бышып калган тура, кызым, мен азыр…
Далбастап баратып чалына кыйкырды. Анысы тепкичтен чуркап чыгып, доктурга телефон чала баштады.
«Тез жардам» келгиче жанында айланчыктап, жалынып-жалбарып жүргөн ак чач кемпир өзүнүн чоң энесине окшоп эреркеп, ыйлап жатты.
– Ыйлаба, кызым, мына эми өлайлуу болосуң, апа болгон кандай ыйык дейсиң, азыр доктурлар келет…
Доктур эңкейип анын алсыз билегин кармап, тамырын текшерди да: «Шакек, сөйкөңдү, саатыңды үйгө калтыр», – деди. Анысы кулагына абдан суук угулду.
Андан кийин эмне болгону эсинде жок. Айтор, өлүп кайра тирилип, үйүнө эки ай дегенде араң келди. Багына жараша кызы да ыйлаак болуп, апасы экөөлөп эптеп-септеп торолтуп алышты. «Маанилүү» иштер менен алек болгон күйөөсү жалаяк, буламык дегендерди аялдар зериккенде эрмектей турган нерселердей эле көрчү.
Төрөттүн кыйындыгы ансыз да алсыз жүрөгүнө оңбогондой доо кетирген Алиман оңоло албады. Баланын түйшүгү өзүн такыр унуткартып, илмийгенден илмейип, сүлдөрүн араң сүйрөп жүргөн аны күйөөсүнүн «жүдөгөн», «сүйрөлгөн» дегендери ого бетер басынтып, такыр чөгүп кетти. Күйөө баласынын аса-баса караганынан жазганган апасы да акыры айылга кетти.
Бир күнү кызын уктатып коюп күзгүгө басып келген келин өз кебетесинен өзү чочуп кетти. Бетинин чүкөсү чыгып, жаак териси сөөгүнө жабышып, көзү акшыйып акыреги аркайып калыптыр. Баягы терезенин кырында отурса көчөдөн өтүп баратканда кылчайып карачу кебетесинен эчтеме калбаптыр. Эми ушу түрү менен күйөөсүнө: «Бир кезде мени колума көтөрүп багам дебедиң беле?» – деп көрсүнчү, эмне дээр экен.
Күйөөсүн ойлоду. Кыйын экен, кандидаттыгын жактап, окумуштуу болуп алды. Бир эмес далай жолу чет өлкөлөргө барып, жүргөн жүрүмү да, сүйлөгөн сөзү да, сырткы кебетеси да өзгөрдү. Айлык алган сайын: «Мен эл аралап жүрөм, азыр кебетеңе карап мамиле түзүшөт, сен го үйдө отурасың, мен Ак үйгө күнүгө барам, уят экен…» – дейт да баштан-аяк өзү кийинет. Кийим эле эмес, башка бардык иштерди өзүнө гана тиешелүү кылып жасап жүргөнүн кийин, кийин билбедиби. Бирден бир даражалуу окуу жайын жакшы бүткөнү, табият берген таланты тиякта эле калып, кадимки карала катынга айланганында, иштеген иштен жок, жонунда илип салаар эчтемеси жок оору менен алпурушуп, кызынын түйшүгүн жалгыз тартып калганына канча түн күйүгүп ыйлабады, анысы абалын жеңилдетмек түгүл илдетти күчөтүп, айлап-жылдап доктурдан башы чыкпай калды.
Каны азайып, ого бетер арыктап кызын көтөргөнгө алы келбей калганда апасына жеткирип берди. Эжесинин күйгөн шамдай өчүп баратканын көргөн инилери «дарыланыңыз, курортторго барыңыз, каражатты биз таап беребиз» дегенине кубаттанган Алимандын көрүнбөгөн доктуру, барбаган табыбы калбады. Өз жаны менен алек болгон анын күйөөсү менен деле иши болбой, экөө эки башка турмуш өткөрүп калышты.
Ичине бук толуп, камыгып чыкканда илгерки, илгер китеп тегерек айды карап, белгисиз бир кубанычка өрөпкүп жылдыз саначу жылдар эсине түшүп, кусалыкка толгон саптарды жазып, эс ала түшөт. Анысын чогултуп жарыкка чыгаргысы келбейт. Кийин, кийин кызы чоңоюп, өзү кемпир болгондо, неберелерим менен чогуу кайра окусам кандай болор эле деп кыялданат.
Кээде туруп өзүн, анан күйөөсүн элестетет. Күйөөсү дүпүйгөн эмен бакка окшоп, бийиктегенден бийиктеп, министрдин орун басарына чейин жетти, өзү болсо анын көлөкөсүндө күн нуру жетпей калган алсыз бир чырпыкка окшоп… Башка, анын ички дараметин түшүнгөн, өсүшүнө түрткү бере турган, талантына таканчык боло алган башка бирөөгө жолукканда кандай болор эле? Ким билет…
Дарысын кылк жутуп, ойлордон алаксыгысы келип, оорукананын терезесинен сыртты карайт. Эки ай мурда уккан: «Күйөөңдүн башка аялы бар экен, айылына алып барып нике кыйдырып келди» деген сөз аны биротоло төшөккө жыккан. «Ушундай болмок, мен ага көңүл бура албасам, каалаганындай боло албасам, анан алат да» дегени менен түшүнүксүз бир ыза муунткандан муунтуп, бутун тушап, көзүн тумандатып таштаган.
«Ушинтип жүргөндөн көрө ажырашып, башыңды ачып алсаң жеңилирээк болот» дешкенин туура көрүп ажырашайын деп ойлогон. Антсе ай-талаада калчудай экен, күйөөсү болгон-бүткөн үй-жайды, машинасын,баарын тууган-туушкандарына жаздырып коюптур. Башын бошоткон менен барар жери, батар үйү жок экен. Анын үстүнө кызы чоңоюп келатат, аны кантип окутуп, кантип жайгара алат?
Үйлөп койсо учуп кетчүдөй болгон тармал чач арык аял көзүн чүңүрөйтүп терезени карап турат. Төмөндө кетип бараткан кемпирлерге суктанат: «Ушул жашка чейин жашагандар кандай гана бактылуу…»