МАВЛЯНОВ Жунай: ЖУНАЙ МАВЛЯНОВДУН ЭТ ЖЕБЕС ЭСТЕБЕСОВУ

АҢГЕМЕ

Эстебесов Эргештин «атак-даңкынын» чыгышына башкы себеп – барган жеринде эт жебегендиги болуптур. Жол жүргөндө жип боосунан колуна чырмай кармап алчу, ат мингенде анын ээр кашына илип койчу эски кош кабат сумкасына (аны кайдан, качан алганын эч ким билчү эмес) нанына чейин салып алчу дешет мурунтан билгендер. Райондон районду кыдырып иштеп жүрүптүр. Мунусун да аны тааныгандар ошол эт жебестигине ыйгарышып, «эл башында тургандарды ак жолунан азгырган эзелтен эле тамак менен катын. Тамагын тыя албаса ал узабайт. Катынпоздук кылса андай чоңдун да бийлик өмүрү кыска» – дешип, Эстебесовдун ал жагын көптөр жактырып жүрүшөт.

«Элдин акысын жебе. Жалган сүйлөбө. Бирөөнүн аркасынан кыянат айтпа. Бей-бечарага көз сал дейт тура өкмат. Эстебесов ошондойлордон экен. Актип дегендердин далайын көрбөдүкпү. Бербесек тартып алышты го. «Эбин тапкан эки ашайт» – болуп кымырып-кымтыгандарына эмне бересиң. Алиге чейин ошол «актиппиз» деп адыраңдаган айрымдарынын астындагы аты, эшигиндеги кой-эчкиси, а түгүл башындагы тебетейине чейин кимдики экенин билебиз. Эстебесов окшогондорго туш болбоптурбуз да ошондо» – дешип анын тээ алгачкы жылдардан бери эле айыл-кыштакка уполномочен болуп барчуда, канча күн жүрбөсүн иши бүткөн соң колхоздун, же сельсоветтин «контору» деп аталган жайда өзү жалгыз, жылаңач столдун үстүнө шинелин жая таштап, баягы сумкасын башына жазданып жата берчү экен деп сөз кылышат эле билгендер. Эч кимдикинен чай иччү эмес экен. А кезде азыркыдай ар бир сельсоветте, же колхоздо ашкана жок акчасына сатып алып жеп-ичип кете бергидей.

Ал эми Эстебесов канча күнгө командировкага барса, ошого жетерлик нанын алиги сумкасына салып алчу экен. Анысы катып калса, сууга жибитип отуруп жечү экен көргөн-билгендердин айтуусуна караганда. Ак кишинин корккону – пара тура. Бирөө бекер чай берсе – демек, пара бергени. Тоок сойсо да – паралаганы. Үйүнө акча төлөбөй түнөп кеттиби – параланганы. Мына ошондуктан ал бирөөнүкүнө жатпаптыр да, чакырган жерге барып тамак да ичпептир. Бир жолу кышында чогулуш өткөргөн сельсоветтин конторасында темир меши да жок болгондуктан, Эстебесов анын төрагасынын үйүнө барууга мажбур болгон имиш. Жолмо-жол төрагага эскертип барыптыр: «Эт дегенди мага көрсөтпөйсүң. Бай-манаптардын тамагы ал. Жакшы жууркан жаппайсың, жаңы төшөк салбагын: ал да биз жок кылган кулактардын иши. Мен кедейдин тукумунан. Сен да кедейлигиңен азыр ушул даражага жетип отурасың. Жармаң барбы? Бар болуш керек, сөзсүз. Ошондон бир кесе бересиң. Эски төшөк салып, үстүмө да эски жууркан жабасың. Өзүңүн бала-чакаңан артышпаса, анын деле кереги жок. Үстүмдөгү шинелим жетет. Аскерден кийип келгениме жети жыл болду. Кышкысын сыртта жүргөндө ошол менин жууркан-төшөгүм. Бир өңүрүн жамбашыма төшөп, экинчи өңүрүн үстүмө жабамын. Ал жагынан кам санаба. Менин сеникинде түнөгөнүмү эч ким билүүгө тийиш эмес. Билдирсең чатагыңы чыгарам» – деп жатып барат экен.

Меймандын айтканындай эмес, үй ээсинин билгениндей болуш керек деп түшүнгөн төрага тоок союп, күлчөтай жасатат экен. Эстебесов жебей коюптур, дасторконду табагы менен кошо тээп. Андай «кылык-жоругун» барып иштеген ар бир районунда көрсөткөн го. Биринен-бири угуп отуруп, акыры ушул «Эт жебес Эстебесов» – деген атка конуптур.

Биздин районго келип, иштеп калган кезде Эстебесов элүүлөрдөн ашып калган экен. Коркойгон узун мойну толо тырыш, кырчыйган арык киши экен. Анын ишинен мурда жанагыдай элге кеңири тараган кошумча атын уктук. Райондук, айылдык активдердин арасында күбүр-шыбыр көбөйдү анын келгенине байланыштуу. Райондун эки чоңунун бири болуп келди келгенде да. Согуш маалында ал областтык кызматкер да болуп жүрүптүр. Райондук, областтык жооптуу кызматтарда үзгүлтүксүз иштеп келатканына ошентип, чейрек кылымдан ашып кетиптир. «Алдым-жуттум киши ушунча жылдан бери эл башкармак беле. Эчак шыпырылмак. Ишенимди аткарбаган кызматкер катарында айдалмак. Көрүп жүрбөйбүзбү, угуп келатпайбызбы. Көпчүлүгү эл айткандай тамагынын айынан же катындын айынан. Эстебесов окшоп эркин бийлей алган, жанын үрөп иштеген, берилген тапшырманы аткармайын уйкусу келбеген, отуруп тамак ичпеген бейтынч, ак ниет, адилет кишилер гана бийликте узакка отура алышат. Мына ошондойлордун бири эми биздин районго келди» – дешип мурунтан аны уккандар сүйүнүп жатышты.

Айрыкча активдер. Алардын оозунан эми: «Эстебесов Эргеш», «Эргеш Эстебесович» – деген сөздөр көп чыкчу болду. «Таш, ташты эриткен – аш» дегендей бирөөнүкүнө кирип чай ичкенден шектенсе, андайды айыптаса, кантип иштешээр экенбиз» – деп түпөйүл күңкүлдөшкөндөр да болду. Өзү председатель болуп шайланган сессияда Эстебесовдун мындай деген сөзү райондун баш-аягына жетет: «Жолдоштор, силердин районуңар мен иштей турган жетинчи район. Эч кайсынысынан жаман иштедиң деген сөз укканым жок. Алкыш алдым; сыйлык алдым; бирок жаза дегенди ала элекмин. Силердин райондо да андайды албаймын го деген тилек менен келип отурам. Партия каякка жиберсе, ошол жакка барып иштеп келатам. Менин бар билимим – совпартшкол дегенди эле бүткөм. Ташкенде, жыйырманчы жылдарда. Бар тажрыйбам, жөндөмүм бир нерсеге багытталган – партиянын, өкмөттүн ишенимин актоо го. Кыскасы, мен ишти гана билем. Иш менен менин ата-бабам күн көргөн. Иш менен өзүм да өсүп-өнүп, көгөрүп келатам. Менин башкалар жөнүндөгү жакшы-жаман пикирлерим да иш аркылуу гана пайда болот. Адамдарды сыноочу менин бирден-бир куралым – иш. Иш үстүндө, иштин натыйжасы менен гана сынаймын мен адамдарды. Башканы билбейм. Мага жагынам дегениңер жакшы иштегиле. Тамак-ашы, акчасы, сылык-сыпаа мамилеси менен жагынууга аракеттенгендер да болот. Мен адеген жерден эле ачык айтып коёюн – менин жек көргөндөрүм ошондой кишилер. Андайлар менен күрөшүп келгем, мындан ары да күрөшө берем. Чоңдорду сый тамак-ашы менен, акчасы менен сатып алып, ошонусу менен алардын көзүн пардалап, ишинин кемчилигин, өзүнүн жаман жагын көрсөтпөй калгысы бар айрымдардын. Андайларды мен күнчүлүк жерден көрөм. Азыртан эскертип коёюн. Менин «Эт жебес Эстебесов» деген экинчи атымы да уксаңар керек. Ошо чын. Бирөөнүкүнөн эт жебейм. Барганда мени коноктойм деп убара болбогула. Эгер жатып калууга туура келсе, машинага салып жүргөн тамагым жетпей калса, анда жаткан үйүм, жеген тамагым үчүн акы төлөйм. Таарынбайсыңар. «Кыргыз да ушинтет беле?» – деп таң калышат кээ бир жерде. Кыргыздыгым чын. Бирок мүнөзүм жаңыча. Башкача айтканда — балшабекче. Мени сыйласаңар ушу талаптарымы аткарасыңар. Муну силерге, эл кызматкери деп аталган депутаттарга, райондун активдерине айтып атам. Эл деген силер менен бизден үлгү алчулар. Ар кимибиз кызматыбызга, ишибизге жараша мамлекеттен акы алабыз. Ошо жетишет. Андан ашык эч кимдин, эч нерсе алышка акысы жок. Мына ушундайча, жолдоштор, менин кызмат жагындагы мүнөзүм. Ошонуму силерге а деген жерден түшүндүрүп койгум келет».

Бул сөздүн мазмунун төкпөй-чачпай, а түгүл өздөрүнөн кошумчалап, анын боёгун коюулантып жатып элге жеткиришпейби сессияга катышкандар…

…Эстебесов чындыгында мыкты жетекчи экен. Бат эле райондогулар аны мактоого өтүштү. Бири кара кылды как жарган анын калыстыгын айтса, экинчиси күнү-түнү чапкылаган ишмердигин кеп кылып жатты. Контордо отурганын аз көрүшчү. Кош айдоо маалында, оруу-жыюу жүрүп жаткан кезде талаадан кетпей, төл башталганда короодон-короого жүрүп, ар бир ишти өз көзү менен көрүп, өзү талдап, тиешелүү көрсөтмөсүн бермейин тынчый албаган кишиге айрыкча элдин ыраазылыгы арта берди. Райондун башчысы тигинтип элден мурун туруп, элден кийин жатып жүрсө, андан төмөнкү кызматкерлер чапкылабай көрсүнчү. Райондун иши ошентип, алга кетти. Областтык, республикалык Тууларды алып, Ардак тактага жазыла баштады. Муну эң обол Эстебесовдун эмгегинин натыйжасы катары карап жатышты мындагылар.

…Үчүнчү жыл бараткан бул окуя болгондо. Эстебесов республиканын жогорку советине депутаттыкка көрсөтүлүп калат. Мурда райкомдун биринчи секретары гана болчу депутат. Эстебесов келгенден бери мактоонун үстүндө болгонгобу, бу жолу райондун эки жетекчисине тең көрсөтүлүптүр бу зор ишеним. Мына ушул учурду ыңгайлуу деп эсептеген анын бул райондогу карындашы кой алып келип куттуктоону чечпейби. Аталаштардын кызы экен. А жаңы көчүп келгенде күйөөсү экөө кой жетелеп, өрүлүктөп келишкен эле. «Тыштан үйүнө эч нерсе киргизбейт имиш а киши» – дегенди карындашы деле, анын күйөөсү деле элден укканына карабай ошентишет. Мастаатташа келгенде зайыбы (Эстебесовдун карындашы) өзүнүн оюн айтпайбы: «Акем антип ойлогудай биз жат-жалаа эмеспиз да. Үч ата өтүшкөн агасынын кызымын. Карындашымын, демек. Акем көчүп келип отурса босогомо, өрүлүктөп барбасам, карындаштыгым кайсы? Уккан эл эмне дейт? А кишинин корккону пара тура. Биздики пара эмес да. Пара бергидей сен да кызматкер эмессиң, колхозчусуң. Карындашы менен күйөөсүн кууп чыкмак беле» – деп безилдеп туруп алгандыктан, жоош күйөөсү малын кызгангандай болбос үчүн үндөбөй бара берген. Чынында кууп чыккан. Кууп чыкканы ошо да – тамак-ашын бергенден кийин коюн кайра өңөртүп жиберген. «Мындан ары бир нерсе алып келчү болсоңор – алып келген нерсеңер эмес, өзүңөр да үйгө кирбейсиңер. Карындашсыңбы, келип тур. Качан келсең сен үчүн үйдүн эшиги ачык. Күйөөң үчүн, балдарың үчүн да. Бирок бир нерсе алып келчү болсоң, ошо замат эшик жабылат. Акеңин ушундай адаты бар. Сен уга элек болсоң керек. Мындан ары билип ал», – деп карындашын күйөөсү менен кошо коюн өңөрткөн бойдон жолго салган болчу.

Үчүнчү жылга баратканда жанагыдай окуяга байланыштуу бир кездеги өтпөгөн коюн эми өткөрүүгө үмүттөнгөн карындашы агасыныкына дагы келбейби. Баягыдан бери карындашчылыгын көрсөтө албаганга нааразыланып жүргөн Жийдегүл бу сапар ыйлап отуруп жеңесин орточу салат. «Алып келгенин албасаң, карындашчылыгынан деле кечип таштабайсыңбы? Карындаш кылып үйүңө киргизесиң. Анан бергенин албаганың кандай? Карындашыңын бергени да парага жатабы? Кудайга карасаң боло? Чесныйлыктын да (Эстебесов отуздан өткөндө үйлөнгөн аялы жетинчини бүтүп алып, мугалим болгондордон эле. Орусча анча-мынча билгенин аралаштырып сүйлөгөндү өнөкөткө айландыра баштагандардын бири) чеги болуш керек да. Жийдегүлдүн ыйлаганынча бар. Жакынына каалаганын бере албаса, туушкандыктын эмне кереги бар? Ошондой чесный болуп жүрүп мүйүзүң чыктыбы? Эмнең артып кетти? Артса да каалаганынча тебелеп-тепсеп жеп-ичип, күнүнө бирди чечип, бирди кийгендердики артып атат. Угуп деле жүрөбүз, көрүп деле жүрөбүз. Ошондойлордун алган ордендери да сендей честныйлердикинен көп. Айтпайын десе айттырасың…. Келген сайын кулагыма шыбырайт бу байкуш. Акеме айт: үйгө чакырсак барбаса, жок дегенде биерге алып келип берели бир козуну. Элден уялып өлмөй болдук. Баягыдан бери жеген-ичкенибиз аш болбой жүрөт күйөөм экөөбүздүкү деп. Эмне, булардын бир кылмышы барбы, сен чоочулагандай? Колхозчу байкуштар өз малына өзү кожоюн эмеспи. Соёбу, сатабы, биротоло береби – өз эрки. Анын эмнесинен коркосуң? Касаптан күндө килолоп эт ала берип да тажадык. Бир жолу балдарың кенен-кесир жаш шорпо ичип, эт жеп койсо эмне болуптур? Сенин чесныйлыгыңан биз курумак болдук», – деп бир топту жобурап таштайт аялы түшкү тамакка келген күйөөсүнө.

Көптөн ичкүптү болуп жүргөн зайыбына шылтоо табыла калган окшобойбу. Аялынын бул айткандарына жообу нарыда даяр турса да, биринчиден кызматына шашып, экинчиден жыйырма жылга жакын бирге өмүр кечирип, алты баланын энеси болгон жубайын таарынткысы келбегенби, унчукпастан саамга башын кош колдоп чеңгелдеген бойдон отуруп калат. Анан минтет экен: «Маакул, Жаңыл (аялынын аты), сен мени ак жолдон чыгармай болдуң. Сенин, анан мына бул таарынчак карындашымын көңүлү үчүн мейли, чыгайын. Бирок баягыдай күйөө менен өзү атка өңөрүп келишпесин. Эки күндөн кийин базар. Жийдегүлдүн күйөөсү бизге берчү коюн базарга алып келсин. Сен, Жаңыл, аны сатып аласың. Коркпой эле кой, акча бербейсиң. Бирок базардан алган киши болуп, балдарыңдын бирине жетелетип, бирине айдатып келесиң. Ушуга маакулсуңарбы? – деп Эстебесов карындашына, аялына карайт. Экөөнүн тең башында жок эле мындай ой. Эстебесов туура айтып жатат. Андай болгондо эч кимдин шекшинүүгө акысы жок. Базардан сатып алганга ким шектенмек эле. Бул акылга тигил экөө тең күлүп жиберет. …Бирок ошол күлкү кийин ыйга айланаарын Жийдегүл да, Жаңыл да ойлогон эмес. …Ошондон жарым жыл өтпөй Эстебесов кызматынан бошотуу жөнүндө партиянын областтык комитетине, Борбордук Комитетке арыз берет. Ал арызында: «Мен өкмөт менен партиянын ишениминен тайдым. Ошондуктан бул кызматтан бошотуп коюуңарды суранам» деген эки гана сүйлөм экен. Обкомго, Борбордук комитетке чакырышып сүйлөшкөндө, анын айтып берген «себебине» андагылар а дегенде күлүшүптүр. Анан: «Бу биринчи жолу болуп жаткандыктан, мурда сиздин үстүңүздөн мындай иш үчүн эч жерден арыз түшпөгөндүктөн, бу сапар деле өзүңүздүн үстүңүздөн өзүңүз арызданып отургандыктан, күнөөңүздү кечирели, иштей бериңиз», – дешкен тура. Анда Эстебесов: «Силер кечирген менен өзүм кечире албайм. Бошотуп койгула», – деп көгөрүп отуруп алган имиш.

…Көрсө, жанагы окуяны Эстебесовдун аялы эринин «чесныйлыгын» айтам деп коңшусуна (Эстебесовдун орун басарынын аялына) бир жолу үлпөттө кызып отуруп айтып койгон тура. Ал дагы бир коңшусуна. Ошентип, ал сөз тегеренип жүрүп отуруп, төрт-беш айдан кийин Эстебесовдун өзүнө келип жетиптир да…
1975