МАВЛЯНОВ Жунай: ЖУНАЙ МАВЛЯНОВ: ЖАЙЛООДО

АҢГЕМЕ

Небереси Азиздин көңүлүн көтөрөм деп Жаркынай өз көңүлүн чөктүрүп алды. Жайлоого келбесе антмек эмес да. Жыл сайын жайлоо маалында сөзсүз, бир кусалык, кандайдыр эски сагыныч жүрөк-боорун аралай чаап, санаасын эңшерип, маанайын басайтып кете турган. Андай кусалык, орду толбогон сагыныч бир нече күнгө созулчу. Ал күндөрдө Жаркынай бети шылынып, көздөрү алайып, айлап төшөктө оору менен алпурушкан кишидей шапайып азып кетер эле. Күн сайын бирин-бири көрүп жүрүшчү кошуналар биринчи байкашат ал өзгөрүүнү. Алар тарабынан: «Эмне болду, Жаркынай? Арыктап кеттиң го?» – деген суроонун сөзсүз берилерин алдын ала билген анын жообу да белен: «Жайлыгым жокпу, жылда эле ушу маалда арыктап алам го», – деп гана басып кете берчү.

Ошентип, Жаркынайдын дарты эч ким эмдеп айыктыра алгыс дарт. Аны өзүнөн башка жан да билбейт. Июнь айынын 11-күнү – анын эсине өз атындай түбөлүккө жат болуп калган күн. Ошол күнү – анын ою боюнча элдин түп көтөрө жайлоого көчкөн күнү. Жумалап төө байлашып суутуп, аттарды таң ашырып, өгүздөргө чейин белендеп, эки күндүк жол азыкты кошо даярдашып: оймо-боорсок салышып, эжигей бышырып, быштак жасашып, береги сары журтка айланып калган бөксө жайлоодон таң тыяктан жаңы гана куланөөк салып, асман бетин каймактаган сүт сымал саргыч агыш түскө бөлөп келаткан маалда энелерин издеген козу-улактарды мааратып, тайлактарды боздотуп, музоолорду мөөрөтүшүп, азан-казан болуп, анан бир таман жолго улуулата түшүп, улуу жайлоого көчкөн кездин бир күнү ошол бойдон Жаркынайдын сезиминде кала берген. Андан бери кырк жылга жакын убакыт өттү… Бирок июнь айынын 11-күнү бүгүнкүдөй эсинде.

…Ошол жыл жаан-чачындуу келип, тоодо али суук болгондуктан андагы чөп жетилбей, ошондон улам элдин он-он беш күнгө кечигип көчкөнү менен да Жаркынайдын иши жок. Азыркылар июнь эмес, майдын аягына жетпей эле көчөрүн, андагыдай жүктөрүн төөлөргө, өгүздөргө, аттарга, артып, мал-кели менен кошо самсаалап жолго чыкпай, машиналар менен жетип алышарын деле эстебейт. Андагыдай эки түнөп жетишпестен, үч сааттан ашпаган убакытта барышып каларын деле ойлобойт. 11-июнь күнү мурдагыдай эле шаан-шөкөт менен алды-арты алда кайда созолонгон көч жашылга оронгон арасындагы бир таман жол менен бараткандай туюлат ага. Жакшы жасалгалуу кунан, быштыларды минген, жарашыктуу кийинген жаштар: жигиттер, кыздар, келиндер жарыша чабышып, үзөңгүлөрү кээде тийише калып, «шыңгыр» этсе, анысы кылык көрсөтө шаңкылдаган кыз үнүнө кошул-ташыл болуп, теребелдеги гүл жытына атыр куюнуп, упа сүртүнүшүп, эндик коюшкан кыз-келиндердин жыты аралашып, эки күн, эки түн бою алда кандай керемет жытка толгон абадан жутуп магдыраган, эсирген Жаркынайга ошондогу гана июнь, ошондогу гана жайдын көркү жаштык сезимине мөөр болуп басылып калган.

Ошондуктан жылдын ал мезгили анын жан дүйнөсүнө дүрбөлөң салып таштайт. Июнь айынын бүтүшү менен аны аздырып-тоздурган алиги түпөйүл оору да кетет. Мурунку баралына келет.

…Жалгыз уулу Калый бала-чакалуу болгону быйыл биринчи жолу апасы Жаркынайды жайлоого барууга мажбурлайт. Жок баласы эмес, небереси. Былтыр көл ичинде эс алышып жүргөндө, Калыйдын андагы тааныштарынын бири күн мурунтан макулдашып алгандай машина менен келип, буларды Каркыра жайлоосуна алып барат. Чоң-Капталдагы жыш карагайларды, андагы булактарды, Сан-Таштан ары керилип жаткан жайыктагы иче чапкан түркүн чөптөрдү көргөндө, бирде энесинин, бирде мамасынын, бирде папасынын колун кармай жүрүп, такыр эле башка дүйнөгө келгенсип таңыркай оозун ачып, тегерегине көз чаптырып алаңдаган, кайсы гүлдү үзөрүн билбей алдастаган, кайсы көпөлөктү кууп жөнөшүн билбей элеңдеген Азиз эки-үч сааттык сейилден кийин чоң энеси Жаркынайды туурап,борсойгон кыпкызыл боорсоктон улам бирде кеседеги мелтилдеген кымызга матырып жеп отуруп, анан чоң энесине суроо таштабайбы.

– Биздин жайлоо жокпу, эне?

– Кантип жок болсун, бар. Жайлоосу жок кыргыз болмок беле.

Жаркынай кеңирсиген бул жайлоонун береги четине бут койгондон тартып, мындан отуз сегиз жыл мурдагы жайлоо маалы, аны менен кошо бир жарым айга гана бирге өмүр сүрүп, анан согушка кеткен бойдон кайтпай калган жары Кубатын эстеп заарканып алган эле. Атүгүл бушайман жеген жайлоого келгенине. Баласын, келинин жиберип коюп, өзү бир нерсени шылтоо кылып, келбей койсо болмок да. Элүүдөн ашкан кишиге шылтоо табылат эле. «Ары-бери жүргөндө кыйналам. Жүрөгүм жаман эмеспи» – десе эле жетишмек. Эч ким аны кыстамак эмес. Кала бермек. Бирок антпеди. Антмек түгүл, жайлоону укканда эмнегедир делбиреп, эңсеп жүргөнүнө барчу кишидей көңүлү көтөрүлө түшөт. Жүрөгүнүн бир четине уялап, ушунча жылдан бери эскирбей келаткан бир сезим кайрадан козголуп, тулку боюна алда кандай күч-кубат тартуулаган эле.

Жаркынайдын дүйнөсүн эстеген сайын өрт илебиндей кайрып алчу жайлоо эмес бу. Бу даңазалуу жайлоо экенин, бир көргөн киши дагы көрсөм экен деп дегдечү атактуу жайлоолордун бири экенин угуп жүргөн Жаркынай. Бирок көз карегине уюп калган тиги жайлоодой таасир эткен жок. Көңүлүн өксүттү тескерисинче. Жоготконун издеп, бирок таппаган кишиче, умсунуп калды. Ошентип, ич туйгусу менен алек болуп кыйналып отурганда небереси ушул суроону берип жатпайбы.

– Бизди алып барбайсыз го, болсо? – деди жайлоонун жаркын күнүнөн, нары аз да болсо сыр кеседен ууртап отурган кымыздан торсоюп эки бети кызарып, тегерек көздөрү моймолжуп чыккан небереси эч нерседен бейкапар.

– Алып барса болот, – деп койду биерге бут койгондон бери эчаккы окуя эсине түшүп, кыжалаттана баштаган энеси.

– Качан? – деди бакыракай көз сегиз жаштагы небереси, көлөкө жапкандай ажары күңгүрттөнө түшкөн энесинин жүзүнө ишенбегендей тиктеп.

– Быйылкы жайлоо маалы бүтүп атпайбы, уулум. Эми келерки жылы барабыз да. Сен экинчини жалаң «беш» менен бүтсөң, өзүбүздүн жайлоого алып барам, – деди ал ушул сөзү менен да небересин бир нерсеге милдеттендиргендей. «Келерки жылга чейин эсинде жүрмөк беле менин бу убадам. Унутуп калат да эртең эле. Бала эмеспи», – деп Жаркынай ичинен бейкам жыйынтыктап койду.

Машиналардын жытынан алыс, алардын күр-шарынан да алыс, абасы таза, туш тарабы көкмөк жыттанган жайлоо Жаркынайдын ой-санаасына бүлүк салып, санааркатып таштады. Баласы политехникалык институтун бүтүп, илим-изилдөө институтунда иштеп калган. «Үйлүү болдук, апа, биз менен бирге туруңуз» – дегенге көнгөн эмёс эле. «Балалуу болдук. Эми небереңиз үчүн да келбейсизби?» – дегенинен көңүлү түтпөй шаардык болуп калган.

…Жок, небереси эстен чыгарбаптыр энесинин андагы убадасын. Мурда жайлоо дегенди укса да өз көзү менен көрбөгөн ага Каркыра катуу таасир эткен го. Түшүнө да кириптир бир жолу. Энесине айтып берген. «Баягы чоң кырдын төбөсүндө жүрүптүрбүз кол кармашып. Тизеден чөп, гүл. Үстү жагыбыздан бир нерсе шуулдайт. Өйдө карасам чоң куш шукшурулуп келатыптыр. Жайлоодо жүргөндө сиз айткан бүркүт дегендин өзү. Канаттары кулач келет. Көздөрү бир нерсени аларында сенин көздөрүңдөй болуп чоңоюп, анан оттой жанып кетет дебедиңиз беле? Кийикти, түлкүнү айры-куйрук жөжөнү көтөргөндөй эле көтөрөт. Аларына эч нерсе табылбай калса, жаш балдарга деле кол салгандан тартынбайт дебедиңиз беле? Эсимде калган экен ошентип айтканыңыз. Анан канаттарын капталдарына кыса кармап, төмөн карай шукшурулганда үңкүр оозуна кирип жаткан шамалдай күүлдөп угулат дегениңиз да эсиме түштү алигини көрүп. «Эне! Бүркүт! Бүркүт келатат!» деп кыйкырган бойдон ойгонуп кеттим», – деп энтиккен наркы бөлмөдөн чуркап келип, бүркүттөн качкан канаттуудай кенже небереси менен жаткан энесинин колтугуна башын ката берип Азиз.

Анда бир эске салат энесинин убадасын. Жаркынайды ал түндүн калган бөлүгүн уктабай өткөрүүгө мажбурлаган. Жайлоо жөнүндө дагы сураган. «Жаш балага коркунучтуу немени айтып, натура иш кылган экенмин», – деп небересинин алиги түшүнөн улам өкүнүп алган эне эми жалаң гана жакшы нерселер тууралуу кеп салат. Жайлоонун жанга жагымдуу абасын, жылга сайын эритилген коргошундай жылтырап аккан булак сууларын, бийик чокулардын этегинде эл көчүп барган кезде деле мелтиреп жатчу нык, нары муздак мөңгүлөрүн, жүк түшүрүлүп, үйлөрдүн керегелери али жайылып-жайыла электе өзү сыяктуу айылдын жаш балдары, кыздары топтолуп алышып, ошол мөңгүлүү тоолордун капталдарынан солкулдаган ышкын терүүгө баргандарын, айлуу түндөрдө «Ай көрдүм! Ай көрдү-ү-ү- үм!» – деп айылдын жаштары кечкисин кой-эчкилерин эртерээк саадырып бүтүп, козу-улактарын көгөнгө мурдараак байлап коюшуп, оюнга чыгышарын, андай түнкү шаңдуу чууга жамаатташ отурушкан, кемегелеринен түндүн бир оокумуна чейин асман төшүнө көк түтүндөр булап, кечки абаны тезектин, арчанын жан сергитчи жытына толтуруп, кут орногондой камур-жумур бойдон түн койнуна көшүлүп кирип бараткан кокту-колоттогу, кырдагы айылдардан да шарактаган жаштар келишип, оюн курулчу жайык жер боз балдарга, бийкечтерге толуп чыгарына чейин, небересине эмес, ошол оюндарга өзү менен моюндашып бирге барчу курбу кызына көптөн кийин жолугушуп, өткөндү чогуу эскеришип жаткандай Жаркынай толкундануу менен сүйлөп берген эле.

Ошонусу менен небересин дагы бир жолу бүтүндөй башка дүйнөгө үндөп таштаганын, аны өз көзү менен көрүүгө дегдетип таштаганын эне байкаган эмес. Түшүнөн чоочуп калган небересин сооротуш үчүн гана айткан. Жанагылардан тышкары кере тартылган желелерден кечке маал агытылган кулундардын оюн салганын, болочокку аргымактары энелеринин үстүнөн ары-бери секирип ойногондорун, көгөнгө тизилген козу-улактардын энелерин көргөндө айылды түп көтөрө маарагандарын, ачык асмандан төмөн төгүлгөн аппак ай нурун колдоруна шамдай кармап алышып, кызыл ашыктан келип желпилдеген жашыл шибер ичинен «Ак чөлмөктү» издеп жайылып жүргөн балдарды, кыздарды же тегерене отура калышып, бирин-бири эшилген жоолук менен кууп ойношконун энесинин эргий жатып айткандарынан так элестеткен небереси айыл ортосундагы кык жыттанган короо ичинде жуушап, күн бою жеген чыктуу чөптү аш кылуунун аракетинде кепшеп анда-санда гана оор онтошкон малына чейин мемиреген түнкү айылдын бейкуттугун бузган күкүк үнүнө дейре мөңгүлөрдөн төмөн жылга менен агылган суулардын шылдырына чейин кулагына угулгансыган, башын ийилте желге ыргалган ышкындарды өз колу менен терип, өткүр тиштери менен «кырт-кырт» эттире бир четинен тиштеп жеп киргендей сезген неберенин, сөзсүз, жайлоо дегенге барууга, барган да энеси айтып берген булардын баарын адатынча анын колунан кармай жүрүп, өз көзү менен көрүүгө үмүтү, тилеги биротоло бекемделип калганын да эне байкаган эмес эле.

– Кайсы айда барабыз? – деген небересинин акыркы суроосу болгон. – Урра! Биздин окуу бүткөндө тура! Барабыз, энеке, барабыз! – деп төшөктүн жакасын арыга кайрып таштап небереси кыйкырып жибергенде, сол колтугунда бышылдап уктап жаткан кенже небереси ойгонуп кетпесин деп чоочуган эне анын оозун алаканы менен баса калган.

Июнь эмес, апрелден тартып эле, кээде дем алыш күндөрү папасы, мамасы, апасы менен автобуска олтурушуп, эл менен кошо белгилүү аялдамага чейин барышып, андан ары көк жыттанган, ным жыттанган, нары күн жыттанган талаага сейилдеп чыккандан тартып Азиз «Жайлоо, баягыда энеси айтып берген керемет жайлоо» жөнүндө тез-тез эстей баштады. Папасынан да, мамасынан да жайында айылга, андан ары жайлоого барууга убадасын ала баштады. «Таекемдикине барабыз. Сүтү бар, майы бар. Тооктору бар. Биз мине турган эшеги да бар. Ошол алып барат андан ары жайлоого», – деп бар болгону ал эс тарткандан бери эки жолу гана болгон энесинин айылдагы колхозчу инисин айтып, чоңдордун бир нерсени шылтоолоп буйтап кеткенине жол койбостон жүрдү.

Шаар четиндеги ал көргөн чөптөр, ал көргөн көпөлөктөр деле Каркыра жайлоосунда көргөнүнө окшошпой туруп алды. Карагайлары кана? Чөбү эмне үчүн андагыдай тизеге чаппайт? Булактарычы? Тамылжытып жагымдуу ныксыраткан кымызычы? Энеси айтып берген жайлоо андан бетер кооз. Али уга элек жомоктой кызык. Балалык кыялы менен сүрөтүн тарта баштаган ал ажайып көрүнүштү шаардын четинен көргөндөрүнө салыштырса такыр эле окшошпойт. Каркырага барганга чейин биерге келген сайын жаңы эле ваннага жуунуп, аарчынып чыга калгандай тазара да, жеңилдей да түшө турган. Бу жолу антпеди. Аркы-берки басышкан ата-энесинин жанында алыстабай суз жүрүп, суз кайтты. Анткени жайлоо, энесинен уккан күмүш булактуу, дың этип чымын учпаган, коңур салкын жайлоо, жылкылары бетеге жегендиктен кызгылт кымызынан бир пияла ичсең эле магдыратып уйкуну келтирчү касиет чөптүү, түркүн үндө сайраган куштарга толгон токойлуу жайлоо, чындап көзүнөн учуп калган болчу.

Күндө болбосо да күн алыс энесинин мазасын ала берди: «Жайлоого барабызбы?» «Барабыз» – анын жообу. Башка шылтоо жок да. Папасы, мамасы гана бир жолу «Биздин отпускабыз кандай болор экен быйыл, билбейбиз (мамасы ошол эле институтта лаборантка болуп иштөөчү). Мекемеде график деген болот, уулум, алдын-ала түзүлгөн. Ошо боюнча отпуска берилет. Азырынча ал түзүлө элек. Биз барбасак да энең, сөзсүз, барат сени ала барат», – деп анын үмүтүн үзүшкөн эмес. Жайлоо жөнүндө сөз болгондо небереси менен кошо Жаркынай өзү да кийинчерээк, эмнегедир, толкундай түшчү болду.

Көптөн бери жолугуша элек кишиси менен кездеше тургансып, ашыгып, шашып калып жатты. Жаркынай өз баласы да билбеген 11-июнду болжолдоп жүрдү. Акыры небересин алып баруу керектиги чечилген соң ошол күндү, кырк жылга жакын убактан бери жыл сайын бир жолу эсине түшүп, бир топ күнгө чейин бүткөн боюн шалдыратып, алдан тайгызып, көңүлүн эңшерип, сүйгөн жары менен жаңы гана коштошуп кала бергендей жалгызсыратып таштачу учур менен аргасыздан беттешүүгө бел байлады…

…Ошентип, небере менен чоң эне күткөн күн да келди! Жыл бою жайлоону сөз кыла берип, өзү менен кошо энесин да дегдетип таштаган Азиз, бирок тигинин жүрөгүн өйүгөн кусалыкты сезген жок. Кичинекей алакандарын шакылдата чапкылап «Ура-а. Ур-а-а!» дегенден башкага жарабады энеси: «Камын, эртең жөнөйбүз айылга, андан ары жайлоого», – деп билдиргенде.

Жаркынай небереси менен айылга 8-июнь күнү келишти. Эки-үч күн инисиникинде болуп, өзү болжолдогон күнү жайлоого бармак. Жайында аякка каттаган машиналар көп болорун билчү. Малчыларга азык-түлүк, койлорго туз, жакага сүт, кымыз ташышат. Ошолордун бири менен жетип алат да. Аердегилердин дээрлик баары: мейли уй кайтарганы, мейли койчулары, мейли жылкычылары болсун, аны таанышат. Анткени айылдаштары да.

Жаркынайдын согушка кетип, келбей калган күйөөсү да ушу өзүнүн айлынан эле. Бул бир колхоздо бириккен эки айыл качан казылганын биердегилердин эч кимиси билбеген чоң арыктын эки жагынан орун алган эле. Бу эки айылдын бирге ойноп, бирге өскөн, мектепте да чогуу окуган балдары жана кыздары: «Медеттер, Жаркынайлар болгондо «Арыктын астындагы айылдан», «Арыктын үстүндөгү айылдан», – деп гана бөлүп сүйлөшчү керегинде. Шаардык болуп кеткенден бери Жаркынай айылына келгени менен, айылдагылар көп барышчу болгон алардыкына. Кыздарын, балдарын окуу жайына өздөрү келип өткөрүү адатка айлангандан бери, белек-бечкегин куржунга же чемоданга салышкан ата-энелерден жыл сайын келишет.

Тыяктан чыкканда эле «Жаркынай бар эмеспи аерде» – дешип, анын ак көңүлдүгүн билген алар ошерден эле ушунун үйүн болжолдоп жөнөшчү. Июль, август айларында самсып келчү ата-энелерден шаардын мейманканаларынан орун тийбесин билип алышкандан кийин алар бир жолу Жаркынайдын үйүн конок үйүнө айландырып алышкан. Канча күн турушса да кабак-кашым дебестен (уулу менен келини күңкүлдөшсө: «Антпегиле, уят болот, үйгө коноктордун келип турганы жакшы; өзү менен алар ырыс-кешигин кошо ала келишет», – деп калчу) тапканын эртели-кеч алдыларына коюп коноктоочу. Сыйынан ошентип жазбаган Жаркынайды кайтып кетээринде ар кимиси чын ыкластан айылга чакырышчу. «Быйыл барганыңызда меникинен чай ичпесеңиз, экинчи үйүңүзгө кирбейм. Таарынам. Учурашпай коём» – деген сыяктуу сөздөрдү айтышчу.

Алардын эч кимисин ичинен карыз деп эсептебеген Жаркынай адатынча күлүмсүрөп туруп гана: «Барганда көрөрбүз. Ыракмат» – деп гана узатып коё турган. Келип-кеткендердин ичинде малчылары да бар эле. Небереси: «Жайлоого алып барасың» – деп каадаланган сайын алар да эске түшпөй койгон жок. Жайлоого барса, айылдын четинен чыгат аны кучагын жая тосуп алчулар. Бирок ал эки ата өтүшкөн тууганынын койчу баласы кылый көз Табылдыны болжоп чыкты үйүнөн.

…Жаркынай топурап келген коңшулары менен учурашып, бажырашып аркы-беркини сүйлөшүп отуруп, өзүнө аталып союлган козунун эти бышып калганын да сезбеди. Мында келгенине бир саат болбой жатып, өзүнө а дегенде таңыркай тиктешкен айыл балдары менен таанышып, анан табышып алган небереси ысык боорсоктон эки чеңгелине мыкчый кармаган бойдон ойноп кеткен эле, чарчаганбы, жайлоонун таза абасы көшүлттүбү, күн батары менен уйкуга кетти.

…Сыртка Жаркынай чыкканда ай береги маңдайдагы кырка тоодон өйдө көтөрүлүп калган экен. Ээрчий баскан инисинин келинчегине: «Сен жайыңы ырастай бер. Мен бир аз басып келемин», – деди да жалгыздап кетти. Медет экөө баш кошкон журтка барды. Аерге эч ким конбой калган, анткени андагы булактан суу чыкпайт азыр. Жалпак таш бар болчу. Ошону издеди. Булактын көзүнө жакын жерде эле, көп убараланбай таап алды аны. Ордунда жатыптыр. Болгондо тегерегин чөп басып, жерге чөккөнгө агарып эки алакандай гана жери көрүнөт. Ага бут койбостон карап туруп калды. Эңкейип тиктеди. Издери жаткансып, ошону издеди үңүлө карап. Көрүнгөн жок эч кандай из. Таш тимирейет… Бул ташты Медет өзү мал башын салып, же тепсеп булгабасын деп үстү арча бутактары менен жабылган булак көзүндөгү таштардын арасынан тандап ушерге көтөрүп келип койгон. Буларга нике кыйылган алгачкы түндө алып келип койгон. Ошонун үстүндө отуруп, а дегенде өзү жуунган береги булак суусунан жез кумганга куюп келип. Бир жагынан муздак, бир жагынан кандайдыр бир от ич жагынан бүткүл боюн жандырып чыгып келаткандай алоолонгон денесин жууркан ичине кийирип жатып, келиндикти мойнуна ала мемиреген колуктусунун оттой ысык бетине өзүнүн муздак эриндерин тийгизе жыттап өпкөн соң энтигип шыбыраган: «Мен жуунуп келдим. Эми бар. Жез кумганда суу толо. Анын жанында жалпак таш бар. Ошонун үстүнө отуруп жуун». Күйөөсүнүн бу сөзүнөн уялып кеткен Жаркынай «булт» этип төшөк ичине качып кеткен бойдон лаззатка мас болгон күйөөсүнүн бышылдап уктап киргенине көзү жеткенде гана жууркан этегинен акырын жылып чыгат. Медет айткан жерде жуунат. Ай тоо артынан тыктанып калган экен. Айыл жымжырт. Төбөсүнөн денесин жайпап, бут башына жылжыган ошондо булак суусунун жумшактыгы, тоо желинин алиги суу тамчыларын кургаткысы келгенсип сылап турганы, алыстан-алыстан ушул таш үстүнө коюлган мрамор эстеликтей аппак денени көрүп, ошого таңшып киргендей күкүк «көрүп койдук, көрүп койдук» – деп, тамашакөй теңтуштардай жымыңдашкан көк төшүндөгү жылдыздар, койчу ошол минуталарда көзгө урунуп, денеге сезилгендердин баары Жаркынайды кырк жылга жакын убактан бери коштой жүрчү.

Ошол түн менен бүгүн ал дагы кездешти. Таш үстүнө чыгып отура кетти… «Жанагы ташты эмнеге койдуңуз, жумшак шибер турса?» – деп эми күйөөсүнүн ысык көкүрөгүнө өзүнүн муздак бетин коё эркелегиси келген жарынын акырын узаткан суроосуна Медет ошондо минтип жооп берген. «Экөөбүздүн аруу сүйүүбүзгө, биринчи түнүбүзгө күбө болсун, эстелик болсун деп атайлап койдум аны. Дагы канча жолу ошол таштын үстүндө жуунаар экенбиз? Ушуну унутпа, Жаркыным!» – деген, жакын арада аны менен коштошорун алдын ала сезгендей. Ошол таштын үстүндө отурду Жаркынай. Жайлоонун кучагында, жаңы эле чыккан айдын шооласына киринип отурду…

Бүгүн да июнь айынын 11-түнү эле… 1974 БИЗДИН ЭНЕБИЗ «Сарт эне» – деп биздин атабыз, энебиз айтышчу. Аларды ээрчип, биз да аны «сарт эне» – деп калганбыз. Биздин эл эзелтен эле өзбектер менен иргелеш жашап келатыптыр. Ошондуктан болуу керек: алар менен карым-катнаш, алака алиге чейин калың. Алым-берим мезгил өткөн сайын азайбастан, тескерисинче арбып келаткансыйт. Илгертен эле эл менен элди жакын кылган баарынан мурда кыз дешет ко. «Алысты жакын кылган – кыз, ачууну таттуу кылган – туз» деген акылман сөз да ошондон келип чыккан окшобойбу. Сарт энебиз өзбек экен. Биз бала кезде аларды, эмнегедир, «сарт» дешип коюша турган. Ошондон улам келин-кесек тергеп, аларды ээрчип бала-бакыра да «сарт эне» дешип калган тура. Кийин ал анын кыргыздарга келин болуп келгенден кийинки экинчи аты катарында айтылып кала бериптир. Бул чакан кыштактагылардан бизге туугандыгы жоктор деле биздикилерди ээрчип, аны «сарт эне» дешчү. Ошондуктанбы, биздин андагы түшүнүгүбүз боюнча «сарт энебиз» ушул айылдагы биз көрүп, биз билип жүргөндөрдүн баарын төрөп-өстүргөн Умай энедей туюлар эле. Жанагы «сарт эне» деген «Чоң эне» же «Улуу эне» дегендей угулчу. Анткени андан картаң адамды ал аймактан биз көргөн эмеспиз. Биздин бутубуз жетип, көзүбүз көргөндөрдүн ичинде андан аксакалы жок болчу. Ата-энебиз менен кээде той, ашка деп алыс-алыс айылдарга деле барып жүрчүбүз да, бирок сарт энебиздей картаңды жолуктурчу эмеспиз. Ошердегилер деле биздин «сарт энебизден» тарагандай сезилип кетер эле. Сарт энебиз – чоң атабыздын атасынын зайыбы экен. Биз а кишиге эбиреби, кебире болот экенбиз.

Сүрүштүрүп жатышып, биздин ата-энелер жаңылышып да кетише турган. «Иши кылып ушу кемпирдин зилиятынансыңар» деп гана кыскарта чабышчу андайда. Келин-кесек тамашалашып жашын сурашса: «Кудайдын өзүнүн эсинде болбосо, мен унутуп калдым» – дечү кырылдаган алсыз үнү менен тигилердин тамашасына – тамаша менен жооп берүүгө аракеттенген энебиз. Жарыктык чын эле жашын билбей калыптыр. Биздин ата-энелерибиздин айтуусуна караганда жүздүн ары-берисинде. Биз эс тарткан кезде а киши эки бүктөлүп калган экен. Жаш келин-кесектер ал басып баратканда жонуна баласын мингизе коюшчу. Бирөөнү да эмес, кээде экөөнү катарынан отургуза коюшуп, сандарын чапкылай кыраан-каткырып күлүп алыша турган. Бала эмес жонуна суусу толо аякты коюп койсо деле чайпалбай кете бергидей. Ошончолук эңкейип калган эле. Эгер колунда жоон аса таягы болбосо, ошол калыбында ээги менен жер сайып жыгылчудай көрүнчү бизге. Беттин, алкымдын, колдорунун бырыш-тырыш терисинен ичиндеги суюктугу түгөнүп бараткан түтүкчөлөрдөй ичкерип калган кан тамырлары кыйма-чийме болуп билинип турчу. Каш-кирпигине чейин агарып кеткен. Баарынан да бизди, балдарды кызыктырып, нары таң калтырган нерсе а кишинин колдору титиреп, башы калчылдаганы эле. Тамакты өзү жеп-иче алчу эмес.

Кимдин үйүндө жүрсө (А кишиден тарагандар он чакты үй-бүлө экен) ошолор өздөрү жанында отуруп, үч маал жедирип-ичириши керек. Биздикине кезек келгенде да ошентчүбүз. А дегенде апабыз, атабыз а кишинин кашына тизелей отура калышып, табактагы, же чыныдагы тамакты жедирип, же ичирип жүрүштү. Бара-бара энебизди биз, балдар, тамактандыра турган болдук. Кесеге аш келгенде (көбүнчө а кишиге суюк тамак даярдашчу да) бирибиз артына өтө калып башынан, дагы бирибиз колдорунан кармай, үчүнчүбүз анын ар убак биригип турчу шиш тизелерине кесени коё калчубуз. Анан ошонубуз кашык менен ичире баштачу элек. Көп ууртатып жиберип какалтып- чакалтып алган учурларыбыз да болчу. Бирок а кишиге пайдабыз тийгенге кубанып калар элек.

Чоңдор башын, колдорун кармап тамактандырып жатканда далай жолу а кишинин бу абалына таңыркай тиктеп отурганбыз да. Биз үчүн тамаша, оюн эле анысы. Аяганды, боору ооруганды билбесек керек анда. Кийин өзүбүз а кишиге жардам берүүгө жараган кезде деле ал ишибизге оюн катары мамиле кылып жүрдүк. Сарт энебиз кээде бизге так ушул абалында жаралгандай да туюлуп кетер эле. Анын эч качан башкалардыкындай солкулдаган жаштыгы, башкалардын сугун арттырган чырайы, күндөп-түндөп казан-аяк кармап, иш кыла да чарчап-арыбаган күч-кубаты, бала төрөп, бала баккан, бешик терметип түн күзөткөн энелик доору болбогон сыяктанып кетер эле.

Басса-турса ээрчип, колу-башын калтаңдата төгүп-чачып тамак жегенин карап, башкалардыкына түк окшобогон бу кебетесине күлүп, шылдыңдап жүрүшсүн үчүн гана аны кудай атайлап жаратып койгондой мамиле кылчубуз. Көрсө, андай эмес экен. Чоң атабыздын атасы ага ашык болуп калып, анысын жашырбастан жакын туугандары аркылуу атасына айттырып жатып, араң үйлөнгөн экен. Сарт энебиздин атасы чоң атабыздын атасынын кыйышпас досторунан-ашыналарынан тура. Базарга барган сайын ал атын ошонукуна байлап, ошонукунан көк чай ичип, жумушу бүткөн соң ошонукунан аттанып кетчү экен да. Алар да кыргыз достору жайлоого чыккан маалда, быяктын аптабы мээни кайната баштаган кезде, ага чыдай алышпастан бала-бакырасы менен барышып апталап сейилдеп, өздөрү айткандай «салкындап» келишчү экен да. Өзбек ашыналары жайлоого эшектерине мөмө-чөмө артына барышкандыктан биздин чоң аталарыбыздын үйү үч-төрт күнгө чейин андайда коон, дарбыз, шабдаалы, жүзүм жытына толуп, башка үйдөгүлөрдүн шилекейин чуурутчу экен.

Ал эми кыргыз достору жакада аңыз ачылып көчүп келишкенде өзбек ашыналарынын ал-ахвалынан кабар алышканы сары май, сүзмө, курут, быштак артынып барышкандыктан, тигилердин үйү бир нече күнгө чейин чанач, кымыз жыттанып турчу экен. Ошентип, ансыз деле карым-катнаш калың болуп турган кезде чоң атабыздын атасы (анда жыйырмага караган курагы экен) аны дагы бекемдөөгө, андан ары чыңдоого себепчи болгон тура. Чоң атабыздын атасы баласынын оюн билдиргени өзбек досуна барбайбы. «Каримжан ашына,– дептир бир аз ойлонуп отурган соң жай гана, экөөбүз ансыз деле дос элек. А дегенде аталарыбыз достошуп, алардан экөөбүзгө өткөн эле. Бала кезден сен эшекке, мен атка учкашып, аталарыбыз менен ары-бери келип-кетип жүрүп достоштук эле. Эми бизди бир тууган кыла турган дагы бир иш чыгып атат, Каримжан. Менин уулум Бектурду билесиң. Биерге да көп келген кичинесинде базарга мал айдашып. Силер аякка барганда да а дегенде эшегиңерди алып, колуңарга суу куюп, үйгө киргизген да ошол тун уулубуз эмеспи. Эсиңдедир. Оозуңа сала берген белем жараткан: ушу балаң мага жагып калды; кыздарымын бирин берсемби, качан келсем алдыман тосуп чыгып, алик алган ушул балаң», – деп бир жолу айткан да экенсиң. Менин эсимде жок, өзүнүн эсинде жүрүптүр. Каримжан абам унутуп калбаса, берген убадасы да бар дептир мага орточу салган кишисине. Кыскасы, куда түшкөнү келип отурам бу жолу, Каримжан. Бектурума кызыңы сурап келип отурам. Буга маакул десең, мындан ары кудайлашкан куда болуп калабыз. Бир тууган болуп калабыз. Бар быдырым калбаса да мейли, беремин: айта бер оозуңа батканын. Тун уулуман, тун келинимен аяй турган эч нерсем жок. Орточу салбай өзүм келдим. Сага өзүмдөй ишенгендиктен ушинтип өзүм келип отурам».

Каримжан шар киши экен. Ар кандай ишти ачык айтып, ачык сүйлөшкөндү жактырган адам экен. Сөз ээрчитип маалкатканды жактырбаган мүнөзүн да биздин чоң аталар билишсе керек да. «Бар» же «жок» деп кесе айтканды жакшы көргөн Каримжан бул жолу да ал шардыгын карматыптыр. «Сураганыңыз эле Айсарабы? Бердим. Алып бериңиз уулуңузга. Менин да эсимде жок экен жанагинтип айтканым. Анын эсинде жүрсө, демек, айтканым ырас. Жараткандын демек оозума сала бергени да ырас. Лабизден кайтууга болбойт, – деп нарыда очок жанында күймөнүп жүргөн кемпирин чакырат да, бетине бата тартып жиберет. Анан минтип кошумчалаптыр: «Камына бериңиз Жуман ака, тойго.» Чоң атабыздын атасы эки колун бооруна ала коюп: «Ыракмат, Каримжан! Сенин шардыгыңа ишендим эле, мени умсунтпадың. Бирок айт аларыңы. Калыңды бычып коёлу. Биздин кыргыздардын салты боюнча атайын кишилер келип, кесим-бычымын бүткөрүш керек эле, ал кааданы бузуп өзүм эле келе бердим дебедимби. Ортого адам салгыдай жат-жалаң эмеспиз да. Кадича (Каримжандын зайыбы) экөөңөрдү сыйлагандан, силердин адамгерчилигиңерге ишенгенден өзүм келе бердим алдыңарга. Жок дебесең да, маакул десеңер да а дегенде өзүм угуп сүйүнүп же күйүнүп тим болоюн деген элем. Бали, Каримжан, адамгерчилигиңе!» – дей бериптир чоң атабыздын атасы кубанганынан башка сөз таппай.

Ашынасынын жетине албай жатканын албырып чыккан ак саргыл өңүнөн көрүп турган Каримжан да толкундап кеткен го. «Нимеге жок дейм? Силерди жакшы билсек, балаңарды жакшы билсек. «Алма сабагынан алыс түшпөйт» деген кыргыз туугандардын макалы туура. Ата-эне жакшыбы, перзенттери да жакшы. Көрүп келатабыз. Камына бериңиз, Жуман ака, куда кааласа, күздө балдарыбызды баш коштурабыз. Өзүбүздүн өзбектерден да келип жүрүшкөндөр көп эле. Аларга айткан шылтоом эле – али кызыбыз жаш деп койчумун. Чынын айтсам, ал адамдардын өзү көңүлүмө, эмнегедир жакпаган. Мына сизге, сиздин балаңызга буюрганын, ошондуктан башкаларга болбой жүргөнүмү бүгүн, азыр түшүнүп отурам. Тагдырдын буюрганы болот деген ушу экен да. Оомийин!» деп дагы бир жолу бетине бата тарта буурул тартып калган сакалын сылаган калыбында ордунан тура келген Каримжанды кучактай калып, чоң атабыздын атасы дагы жалынып жиберет экен: «Ой мусурман, калыңды айт, дебедимби. Бир жолу көңүлдү жамдап кетейин, Каримжан. Айт, оозуңа батышынча айта бер, өзүмүн дүнүйөм жетпесе, туугандарымкы бар. Силер Айсарадай кызыңарды аябаганда, мен силерден мал аямак белем, айта бер, уялбай. Анан биротоло бата кылабыз деп аптыгат экен. «Эмне деп атасыз, Жуман аке? Калың алгыдай мен кыргыз белем? Ата-бабаңыздан бери ашына болуп жүрсөк да өзбек туугандарыңыздын салтын билбейт турбайсызбы ушул убакка чейин. Тамаша кылып атат десе, чындап эле сурап аткан турбайсызбы. Биздин расмини билбегениңизди караңыз а-а. Кайра үстөк беребиз кызыбыздын үстүнө биз, өзбектер. Үстөк бергенибиз ушу: көрпө-төшөгүн өзүбүз жасайбыз. Кийим-кечесин өзүбүз даярдайбыз. Тоюн да өзүбүз кылып беребиз жамаатыбыздагыларга. Үстөк берет бекенбиз, Жуман ака? Мына ушундай биздин ирасми, билбесеңиз. Сарпайын жакшылап камдасаңыз болду», – деп анан жонун таптап күлөт да – эмне дээрин билбей туруп калган ашынасынын көңүлүн көтөрүш үчүн дагы минтиптир: «Менин бирин-экин малым сиздин мал менен эмеспи канча жылдан бери. Ошолорду өлтүрбөй-житирбей ити-кушка жедирбей багып турсаңыз бизге жыл сайын берчү калыңыңыз ошо. «Ал достугубуз үчүн, Каримжан. Кудалашпастан мурун деле андай болуп келген, мындан ары деле ошондой боло берет. Мен алардын оозуна чөп жулуп салбайм. Алар өз буттары менен басып, өз ооздору менен опочу мал деген болот. Биздин мал кайда жүрсө кошо жүрө берчү макулук. Кыргыздын эмнеси көп, тоо-ташы көп, демек жайлоосу көп. Алар үчүн мен да, менин атам да силерден эч качан акы доолаган эмес, доолабайбыз да. Бирок жанагы ирасмиңизге мен макул боло албайм. Мен кыргызмын: өзүмдүн элимин салтын кылышым керек. Анда мен өзүм айтайын: биздеги малыңарга бүгүндөн баштап, бир ат кошулат – ал сеники, бир уй кошулат – ал Кадичаныкы. Быяктагы тоюңардын да союшун мен берем. Күрүч, сабиз, пиязына чейин берем. Сарпай өзүнчө. Кана эми кайрадан бата кылалы» – деп андан кийин чоң атабыздын атасы отура калып, бетине бата тартыптыр.

Ушулардын баарын жана кыргыздарга келин болуунун толуп жаткан башка салт-каадасын, өзбектердикинен кандай өзгөчөлүктөрү бар экенин, кантип тилди үйрөнгөнүн, кайната, кайнене, кала берсе кайнилерге, кайын-сиңдилерге чейин мында башкача мамиле болгонун, аларды өздөштүргүчө кандай кыйналганын, төшөккө жаткандан кийин түндүн бир оокумуна чейин андай өзгөчөлүктөрдү күйөөсү, биздин чоң атабыздын атасы айтып берип үйрөткөнүн «сарт энебиз» колдорун калтыратып, башын тынымсыз термелтип отуруп кызыксына сураган бизге тажабастан айтып берер эле.

Бизден мурункуларга да далай жолу айтып берип биротоло жат болуп калган белем, мүдүрүлчү эмес. Акырын, күч менен айтса да ыраатын бузчу эмес. Көздөрүбүз, кулактарыбыз али курч биз, а кишинин мышыктыкындай кырылдап тээ көмөкөйдөн араң чыкчу сөзүн эптеп укчубуз, эптеп түшүнчүбүз. Бизге таржымалын айтып берүү менен жаш кезин эске түшүрүү анын өзү үчүн да жагымдуу нерсе экенин биз кайдан билели анда. Кыйначубуз да аны калтыраган колдорунан, калтаңдаган башынан кармап туруп алып: али тигини, али муну айтып бериңиз деп. Жомоктору түгөнүп калат белем, анан өзүнүн башынан өткөндөрдү айтып кирер эле жанагинтип. Кызык да, кайгылуу да болчу а кишинин айткандары.

Алиги тынымсыз калтыраган колдору тизесинде кезектешип жаткан биздин башыбызды «сылагылап», чачыбызды «уйпалап» киргенде, алардын тери менен гана сөөктөн турганын да унутуп калар элек. Ушунчалык жумшак, ушунчалык жагымдуу сезилчү анын колдору. Кээде уктап кетчүбүз тизесине башыбызды койгон бойдон. Уктап кеткенибиздин башынан абайлап кармаган бойдон нарыга жаткырып коюп, кезек күтүп турганыбыздын башын тизесине коёр эле. Башыбыздан «сылап», чачыбыздан «уйпалагандан» сарт энебиздин колдору талучу эмес да. Дайыма кыймылдап турат дебедикпи. Аларын башыбызга алып барып койсо болгону, андан ары өздөрү эле уктап калганга чейин бир тыным албастан «сылагылай» берчү. Өз энебизге антип эркелесек андан кийин эле: «Болдучу, колум ооруп кетти» – деп башыбыздан түртө тургузуп жибере турган да.

Сарт энебиз антчү эмес. Ошондуктан а кишинин арык тизелерин талашчубуз. Тамактандырганда да талашчубуз энебизди. Жаш балача мойнуна боркок илип, алиги кырчыйган тизелерин да жоолук менен ороп таштап, анан гана колдорун, башын кармап кирчүбүз. Антпесек идиштеги тамак чайпалса, баарын булгап албайбы. Канчалык бекем кармасак деле кээде ээгине, андан барып тизелерине аштан таамп кетчү. Ошондуктан алиги боркокту тагып, тизелерин да жаап коюп атпайбызбы…

Сарт энебиз күйөөсү менен узак деле жашабаптыр. Бир уул, эки кыздуу болгондо андан ажыраптыр. Ачарчылык болуп, анысы аз келгенсип, элди кара тумоо каптап, ошондо жесир калган экен бу киши да. Эмне шыпаа болгонун билбейт, ал улуу тумоодон аман калгандардын катарында бу да айыгып кетиптир. Жаздыктан баш көтөрүп эсине келген соң гана эринин өлгөнүн билиптир. Эптеп сооротушат. Башына алып барышат. Эл жаткан соң уурданып эки чакырымча жердеги көрүстөнгө дагы барат экен. Эртеси билишип барышса, мүрзөнү кучактап жаткан болот. Анын денесинен аккан терге бейит жамгыр жаагандай карарып кеткен имиш. Ошондон кийин дагы үч айдан ашык төшөктөн турбай калган экен. Айыкканда ушинтип, башы калчылдап, колдору калтырап калган тура. Бирок эс-акылына доо кетпептир. Баягы жалгыз уул, эки кызы да азыр жок экен. Көздөрү өтүп кетиптир. Алардан тарагандар бул айылдагылардын чоң тобу.

Өзү жанагинтип, бирөөлөрдүн жардамысыз тамак-аш жей албай калгандыктан тиги өзбек кыштагындагы ага-туугандары аны алып кетишкен тура. Ошол жактан келип жүрөт экен. Баарыбыздын атыбыз а киши үчүн эки гана сөз менен айтылат: «Уулум», же «кызым». Ушул эки сөз менен гана кайрылат баарыбызга. Аттарыбызды угаары менен эле кайра унутуп коёт экен. «Уулум, бери келчи, бетинен өөп коёюн». «Кызым, бери келчи, маңдайынан өөп коёюн», – деп калтырап-титиреген арык колдорун узатып анан, эмнегедир, ар убак муздак жүрчү жука эриндерин былбыратып, бетибизге, же маңдайыбызга тийгизээр эле.

А киши келгенде биердегилер үймө-үй кыдыртып, төбөлөрүнө көтөрүшчү. Анын мындагыларга кадыр-баркын ушундан билчүбүз. Чоңдордун ушундай мамилесинен улам ага биздин ыкласыбыз арткан. Анын үстүнө сарт энебиз төркүнүнөн бизге, сөзсүз, бир нерсе ала келчү. Биздин эмнеге үзүлүп түшөрүбүздү жакшы билет да. Мөмө-чөмөгө. Карылыгына карабастан а кишинин куру кол келгенин такыр билбейбиз. Калтага же себетке мөмө-чөмөсүн салып жонуна көтөрүп келер эле. Анысына чейин сурачыбыз да.

Калтаңдаган башы титиреген колдору менен эч нерсеге жараксыз деп ойлогон биз жанагыдай жүк менен алда кайдан жөө келгенине да таңданчубуз. Сарт энебиз дайым жөө жүрүп келатыптыр. Бели жанагинтип бүктөлүп, «көкүрөгү кирилдеп, көздөрү ириңдеп» дегендей таяксыз баса албай калгандан кийин деле эч кандай унаа минбептир. «Келин болуп келгенде чүмбөттүү араба менен жеткиришкени болбосо, андан мурда, андан кийин деле же арабага түшүп, же атка минген жан эмесмин», – дечү а киши.

Ата-бабаларынан бери жерден көк чымырагандан тартып, жаканын эгини жыйылып, түздөрү сары аңызга айланганга чейин малынын жайын ойлоп, жайыттан жайыт которуп көчүп жүрчү элдин келини болгондогу анын эсинен ушул убакка чейин чыкпай жүргөн бир машакат – ошол көчкөн болуптур. Ошондо да айылдын андайда шарактаган кыз-келиндерине кошулуп, жасалгалуу ат минбептир, бешик өңөрбөптүр; бирок төө жетелептир. Таңга маал жүк артылып, анан чубалжып жөнөгөн көч жолдо бир түнөө менен эртеси кечке жуук араң жетчү өр, кыя жолдуу жайлоого да жөө барчу экен. Жүктүү төөнү жетелеп, ошончо жерге жөө басчу экен жарыктык. Анын көңүлү деп, күйөөсү да атынын тизгинин ээрдин кашына арта таштап коюп, кыл чылбырдын учунан коомай кармаган калыбында аны жандап жөө басчу экен. Мунусун эрөөн көргөн айылдын тили узун келин-кесеги: «Кыргыз кыздарынын тукуму куруп калгансып, кайдагы сартты алып, карасаң тиги байкуштун бөжүрөгөнүн. Жүрөгү түшүп кетсе деле атка мингизип койбойбу тигинисин. Уялбастан өзүнүн жөө басканын кара буту күйгөн тооктой кыбыраган катынына кошулуп. Желенин жанына барбаса, кой, эчки сааганды билбесе, элдин катынычылап тезек терип, отун алганды билбесе, анын эмнесине алып жүрөт? Чырайын эмне, чылап ичмек беле» — деп сарт энебиздин бу тегеректе жок сулуулугун көрө албагандар, ага тымызын ичи тарыгандар, айрыкча сыртынан анын күйөөсүн жактырып, өздөрүнө ыраа көрүп, бирок ал купуя тилектери ишке ашпай калган соң мурдагы сүйүү сезими эми жек көрүү сезими менен алмашып кеткендер угузуп да, угузбай да күңкүлдөшүп, наалый беришет тура. Бирок биздин чоң атабыздын атасы андайлардан сөз жечү эмес экен. «Бээ сааганды деле, кой-эчки сааганды деле үйрөнүп алса болот. Бирок мен өзүм каалабайм аны. Анткени жарымы кый жыттанткым, чанач жыттанткым келбейт. Башкача айтканда, силерге окшоткум келбейт. Менин жарыма жандашсаңар гүл жыттанат. Мурдуңар иштейби? Гүл жыттанат. Силер көң жыттанасыңар» — деп теңтуш жеңелерин ал кайра кемсинтип таштачу экен.

Анысын сарт энебиз чыканактай тулкун «бүлк-бүлк» эттире алсыз күлүп отуруп, кээде эскерип калар эле. Чынында эле сарт энебиз сулуу, нары таза-табгир болгон экен. Өзүнүн үстүнөн да, күйөөсүнүн үстүнөн да бир жерин кир чалган кийимди көрүшпөптүр. Жаш балалуу башка үйгө киришкенде заара жыттанса, биздин сарт энебиздикинен күйөөсү айткандай эле гүл жыттанып турчу экен. Көрсө, дайыма өзү да, кийин балалуу болгондон кийин аларын да күнүнө эки-үч маалдап жуунтуп жүрөт тура. Кан базардын босогосунда ата-бабасынан бери жашап келаткан немелер андай нерселерди элеттиктерге караганда жакшы билери шексиз да. Дүйүм дүнүйөгө толуп турчу базардан, албетте, издеген буюмдар табылчу. Наристе кезинен андай пакизеликке көнгөн Айсара апта сайын атайын аттанып-тондонуп дегендей кем-каржысын ошол базардан гана бүтөрүп көнгөн кыргыз күйөөсүнө алиги атыр самынды зыноорлоону да унутчу эмес экен.

Башка керектүү нерсе эсинен кээде чыгып кетсе да, таза жуунуп-чайынып жүргөнгө тиешелүү самын, бет май, упа, атыр өңдүү нерселерди эч эсинен чыгарбаганын сөз кезеги келгенде бизге деле энебиз айта жүрчү. Айрыкча анысын оркойгон арык тизелерин бизден талашып башын коё калган кыздарга акыл-кеңеш катарында эскергенин угаар элек. Алардын чачынан айрандын жыты мурдуна урганда ошенткен көрүнөт. «Айран ичкенге жакшы, кызым. Анан анда-санда чачтын кебегин кетириш үчүн жууганга да жарайт. Ошондо да артынан самын менен жууп коюш керек. Кыз баланын башы айран жыттанып жүрсө, уят. Базарда атыр самын деген болот. Кымбатыраак, бирок ошо пулуна жараша ырахаты да бар. Атаңа айт, базарга жөнөгөндө. Кийин келин болгонуңарда да уялбастан күйөөңөргө айтып, ошондой самын алдырып, жуунуп жүргүлө. Упа менен атырдын да жакшысынан пайдаланыш керек. Ургаачынын экинчи көркү ошондо» — деген өңдүү сөздөрүн угуп калчубуз кенет-кенет.

Сарт энебиз андай тазалыкка жаш кезинен үйрөтүлүптүр. Өздөрү намазгөй ата-эне балдарынын баарын, ошонун ичинде муну да тогуз жашынан тартып, беш маалдап даарат алууга, беш убак жайнамазга бут коюуга көндүрүшкөн экен. Чоң атабыздын атасы да ушу кишинин таасири менен сопулукка өткөн дешет. Арак эмес, бозо да оозуна албаптыр. Айылдын айрым катындары да сарт энебиздин үлгүсү менен орозо тутуп, намаз окууну үйрөнүшкөн экен. Ошондуктан сарт энебиздин экинчи аты – Атин эле.

Аялдардан чыккан молдону ошентип атаашарын кийин билдик. Биз эки жаагына акырын эки алаканыбызды коюп, калчылдап турган башын токтотуп, дагы экөөбүз диртилдеп турган эки колунан кармай, дагы бирибиз тизесине коюлган идиштен тамак ичирип, же жедирип жүрчү кезде деле а киши намаз окучу. Убагы келери менен жылуу суусу бар кара кумганды (энебиз кайсы үйдө жүрбөсүн, ичинде суусу бар кумган күндүз деле, түндө деле очоктон бери түшчү эмес) таяктан бош колу менен шылкылдата көтөрүп алып, далдаага жөнөчү. Сарт энебиз быяктагы урпактарын сагынганда эле жөө- жалаң жанагинтип белек-бечкегин көтөрүнүп келип калат экен да.

Улуулардын айтуусуна караганда мурда алигидей мөмө-чөмөсүн көтөрүнүп ал киши тиги улуу жайлоого чейин жөөлөп барып калчу экен. Айран, сүткө, кымызга кынуу таап калган ал кээ жылдары эл жазгы журтка чыгаары менен келип, алар улуу жайлоодон кайткыча көчүп-конуп жүрө берчү экен. Биздин тушубузда жакага араң жетип келчү болуптур. Көбүнчө күздө, эгин-тегин жыйналып, аңыз ачылганда, биздин ата-энелер жакага көчүп келип отурганда келчү. Кечиге берсе, быяктагылар атайын киши жиберише турган. «Кабар алчы, кечигип атат ко сарт энебиз, ооруп-нетип калбады бекен» – дешип чоочулагандарын да укканбыз. Ал келсе өзү менен кут-берекени кошо ала келчүдөй убактысы жеткенде кадимкидей жол карап калышаар эле. Биз, балдар, ого бетер. Биздин жол караганыбыздын себеби белгилүү да: анын желкесине көтөрүп келчү мөмө-чөмөсү, анан такыр тынбастан-чарчабастан башыбыздан «сылап-сыйпаганы».

Сарт энебиз ошол бойдон боз кыроодо кетчү. «Мен эми сандалга барайын. Төркүнүмдөгүлөрдүн кимисиникине кирсең да мындан быякка сандалы бар. Колу-бутуңу кошо салып ысытканга ошо жакшы. Өлбөсөм, бохарда (сарт энебиз өзбек сөздөрүн аралаштырып сүйлөөр эле. Жаз дегенди айталбастан «бохар» деп атпайбы), же күздө дагы темселеп келип кетем» – деп анан аны жардана тиктеп, коштошуу жакындап калганынан жүрөгүбүздүн бир чети тызылдап турган ар бирибиздин башыбызды калтыраган колдору менен кармай берип, муздак эриндери менен маңдайыбыздан «чоп», «чоп» эттире өөп чыкчу. Аны биз, балдар, кыздар көпкө чейин узатып барчубуз. Ийнинен тартып, таяктан бош колун кармаган калыбыбызда узатып жөнөчүбүз.

Анын колуна, таягына жетпегендерибиз алдынан, артынан акмалап жүрүп отурар элек. Жонунда дагы көтөрүнчөгү бар. Эми быяктагылар берген курут, быштак, кургатылган эт. Аларды калтага салышып, өзүнүкүндөй кылып чапан өңүрүнө ороп, сыртынан белине кошо таңып коюшкан. Өзү да мөмө-чөмөнү ушинтип алып келчү да. Тыяктан да ушинтип таңып беришет экен да. Кыштактын четине чыккандан кийин энебиз муздак эриндерин дагы бир сыйра маңдайыбызга кырылдап-шырылдап жатып тийгизип, андан ары бизди бастырчу эмес: «Быяк ээн. Кичинекей балдар жүрбөйт мындан ары». Эки бүктөлүп, анда-санда бут коюп, өмүр жолунун акыркы аралыгын өлчөгөнсүп, бейкумар, беймаанай бараткан сарт энебиздин карааны көрүнбөй калганча алиги жерден кетпей карап тура берер элек. Ананчы. Андай эне бу айылдагылардын эч кайсы балдарында жок да. Биз барып жүрчү коңшу айылдардан да көргөн эмеспиз, дедим го. Демек, андай эне бизде гана бар!

Ошого сыймыктанып жүрбөйбүзбү. Ошондуктан андай энеден ажыроо, убактылуу болсо да, биз үчүн кыйынга турчу. Биздин андагы баамыбызда сарт энебиз ошол абалында жердин түбүнө барчудай туюлар эле. Андан улам ага болгон биздеги аёо сезими ого бетер күчөп чыкчу. Артынан аяп карап турар элек.

Кийин аталарыбыз менен базарга мал айдашып барууга жарап калганда көрсөк, а кишинин төркүнү беш-алты эле чакырым жерде экен. А кишинин кетиши менен биз, балдар, колубуздагы оюнчугубузду тарттырып жибергенсип, сустая түшчүбүз. Башыбызды «сылагандан», чачыбызды «тарагандан» талбаган анын арык, бирок жагымдуу колдорун заматта эңсеп калар элек. Чапан өңүрүнө салып, балачасынан жонуна көтөрүп келчү мөмө-чөмөсүн сагынып кетер элек.

…А кишинин өлгөнүн укканда биздин көзүбүздөн жаш агызган ошол керемет жыттуу мөмө-чөмөсү, уктап калганыбызга чейин эрикпей-зерикпей, чарчабай-арыбай башыбыздан «сылап» отура берчү башка кемпирлердикине окшобогон колдору болду.

…Жүздөн ашкан сарт энебиз бышыкчылык маалында өлдү. Төркүнү менен биздин айылдын ортосунда, сексен жылдан ашык убактан бери ары-бери жөө каттаган жолунда өлүптүр. Белине белдемчи ордуна байлана жүрчү жайнамазын жайып таштап, анын бир четине бут коё намаз окуп жаткан учурунда көз жумуптур. «Башын сейдеге койгон бойдон, көтөрбөй калыптыр» – дешти тегирменден келаткан бирөө көргөн экен, ошонун кабары боюнча анын денесин биздин айылга алып келгендер. Биздин эмки сүйүнгөнүбүз эки жактын тең көңүлүн калтырбас үчүн тирүүсүндө далбас уруп ары-бери жөө каттачу энебиздин сөөгү биздин жерде калганы болду.

«Кайда жан берсе, ошо жердин топурагын жазданып жатышы керек. Буюрганы ошо» – деген молдолордун чечими биздин пайдабызга болуптур. Сарт энебиз биздин чек арага өтүп, анан жан берген тура.

…Алиге чейин биздин тукумдун чоң-кичинеси ал көрүстөнгө барганда өзүнө жакын кишисинен кийин сарт энебиздин жерге айланып бараткан чакан бейитинин жанына да барып чөгөлөй отура калып, куран билгени анын арбагына багыштап куран окуйт, куран билбегени ала барган гүлүнөн үч-төрт талды анын мүрзөсүнүн үстүнө да таштап коёт.