МЕДЕТБЕК Темирхан: КОЖОГЕЛДИ КУЛТЕГИНДИН КОТОРМОСУНДАГЫ КАЗАК АКЫНЫ ТЕМИРХАН МЕДЕТБЕК

КӨКТӨМДӨГҮ СҮРӨТ

Түнү менен жааган жамгырдан
Дүйнө салбырап,
Басылып калыптыр.
Жердеги чалчыктар –
Жыртып-жыртып таштаган
Фотосүрөттөр сыяктуу
Ар жерлерде
Чачылып калыптыр.

Үзүм-үзүм
Чалчыктын бирөөсүндө
Көмкөрүлгөн асман
Сынып жатат.
Бирөөсүндө
Сөөмөйдөй болгон
Чыбык жатат.

Бирөөсүнөн
Бутакта бүрүшүп олтурган
Таранчы көрүнүп,
Бирөөсүнөн
Токтоп турган машинанын
Капталы жаркыроодо.
Бирөөсүнөн
Кермедеги алынбай калган
Алда-кимдин
Көйнөгү самтыроодо.

…Булут түрүлүп,
Асмандын бир чети ачылып жатат…
Үзүм-үзүм чалчыктар
Жыртылган фотосүрөттөр өңдүү
Кара жердин бетинде
Чачылып жатат.

(Которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)

 

ЧАБЫТТАГЫ АКЫН

Мына бул акындын
Шамал күнкү өрттөй
Буркураганычы!
Элин ойлоп
Жан-жүрөгүнүн
Чыркыраганычы!
Жерин ойлоп
Сай-сөөгүнүн
Зыркыраганычы!

Көздөрү – чок шекилдүү!
Сөздөрү – от шекилдүү
Жанып тур!
Эмне деген чабыт бул!
Боорунан
Нөшөр көнөктөтүп,
Бороон өрөпкөтүп
Жапырган булут шекилдүү.
Бир өзү –
Азап-шорду тартып абдан,
Намысын жаркыраткан
Туташ бир
Улут шекилдүү!

(Которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)

 

ӨЗҮМДҮ ӨЗҮМ ЖЕП ЖАТАМЫН

Казактар
Бирин бири жеп жаткандай
Мен дагы өзүмдү өзүм
Жеп жатамын.
Өзүмдү-өзүм чайнап-жеп,
Ырахаттана
Толуп-шишип баратам.
Өз канымды
Шоркурата
Өзүм ичип баятан…

Өзүмдү өзүм
Лапылдата
Ашап дагы жатырмын.
Пай-пай-пай!
Өз каныма өзүм тоюп,
Жашап дагы жатырмын.
…Ушул ирмемдер
Менин сөөгүмдү үбөлөп,
Кайрат, кубатымды да
Майдалап тынар…
Эми менден ыр жаралса –
Үстүнөн каны шоргологон
Ырлар гана
Жаралат чыгар…

(Которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)

 

ТОКОЙДОГУ ӨРТ

Баары өрттөнүп жаткандай,
Жаным өрттөнүп жаткандай
Токой өрттөнүп жатыр.

Караган сайын
Жүрөгүм
Жашоодон
Түңүлүп баратат.
Кан ичип алгандай
Кыпкызыл өрт
Дарактардын үстү менен
Аттап-буттап
Жүгүрүп баратат.

Патыратып, шатыратып,
Жапжашыл жалбырактарды
Обору ачыла жалмап, жутуп –
Жоюп баратат.
Бутактарды
Күп эттире сындырып –
Оруп баратат.

Отко айланган
Ажыдаар шекилдүү
Ышкырып, шуулдап,
Добулдай уюлгуп,
Тороп тур.
Дүйнөнү кыпкызыл өрт
Ороп тур.

Бирде
Жыландай жыйрылып,
Калың чыргайга
Жутулуп кетүүдө.
Бирде
Асманды апчып,
Булуттарды чапчып,
Куюндай чимирилип,
Кутуруп кетүүдө.

Айлана
Темир көлкүгөнсүп,
Сууну бууга айлантып жибергенсип
Ысып кетти.
Быкшыган кара түтүн
Бургуйлап –
Асмандын колкосун
Кысып кетти.

Өрт чалган жерлерде
Жаңы өскөн шыргыйлардын
От чайнаган
Өөнү калды.
Жалаадан күйүп кеткен
Кечеги «Эл душмандарыныкындай»
Дарактардын
Капкара «сөөгү» калды.

(Которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)

 

КАЛП АЙТЫЛГАН КҮНҮ

Калптан мына
Казакстан калааларынын
Бүткүл көчөлөрүндөгү

Багытшамдардын (Светофорлордун)
Кызыл,
Сары,
Жашыл көздөрү
Агып түштү.
Ошол кара калп
Журттун жан-жүрөгүн
Аяздай каарып түштү.

Бурулуштар менен кесилиштер –
Күрмөп байланган
Жип менен көк.
Машиналар –
Канталамай кезиндеги
Жамыраган чүкөлөрдөй
Чик менен бөк.
Атаңгөрү-ай,
Былгыган
Газ иси канат жайып,
Машина боздойт да, сыздайт…
Өркөниет деген ушубу?!
Өркөниет деген бизби, айт?!
…Казакстан калааларындагы
Багытшамдар кайтадан жанар бекен?!
Замандын
Бурулуштары менен кесилиштерине
Данакер болуп –
Кызыл,
Сары,
Жашыл көздөрү менен
Кайтадан карар бекен?!
Билбей турам.

(Которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)

 

СОҢКУ СӨЗ АЛДЫНДАГЫ СОҢКУ СӨЗ

Майы түгөнгөн шамдай болуп
Өчүп баратам.
Ээсиз калган тамдай болуп
Көчүп баратам.

Кайсыл жакта жүрсөм да –
Эч ким көрүп-билбеген
Сүргүн турат.
Кайсыл жакка карасам да –
Капкараңгы
Үңкүр турат.
(Үңкүр ичи, Кудай-ай,
Толтура шайтан-нелер.
Үңкүр ичи, Кудай-ай,
Толтура жалжакелер).

Эмне кылам?!
Амалым жок.
Булуттун астынан
Бир ирет көрүнө албаган
Ай сыяктуу
Дүйнөдөн
Кезип барамын!
Күн жеп,
Жел мүлжүп,
Курт-кумурска үңүгөн
Камгак-уюк сыяктуу
Безип барамын.

(Которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)

 

ТАМБУРДА ЫРДАЛГАН ЫР

«Отырар» поюзунун
Тамбурунда
Башка жер куруп калгансып –
Есмухан Обаев менен
Аширбек Шыгай
Ой, бир обон созду!
(Ары-бери өткөндөр
Аларды алайып карайт
Көргөн сымал обу жокту).

Экөө тең ыр менен
Ички буктарын көшүлүп айтты,
Чечилип айтты.
Ырда бир арманы калгандай
Көмөкөйлөрүн
Көөрүктөй керип,
Өңгөчтөрүн
Кернейдей созуп,
Өчүгүп айтты.
Экөөнүн те качан эле
«Оңуп» кеткен көздөрү
Канталагандан канталап,
Тамырлары
Бүлөөдөй болуп,
Жин ургандай
Эсирип айтты.

Айтты,
Айтты,
Айтты.
(Ошол кездерде
Дүйнөгө бирөөлөр келип,
Дүйнөдөн
Бирөөлөр кайтты).

Асман жээгинде
Күндүн нуру
Өчүп бара жатты.
Түрмөктөлгөн булуттар
Далдактап
Көчүп бара жатты.
Зуулдаган поюз
Эки күндүн арасын
Кечип бара жатты.

Так ошол кайрыктардан
Асмандагы булуттар –
Не күндүн табы тийгендей,
Не ырдын табы тийгендей
Өрттөнүп кетти…
Так ошол кайрыктардан
Мен да теңселип кеттим,
Поюз да теңселип кетти.

Так ошол кайрыктар –
Ичиме
Өчпөстөй кылып
Муң сунганын көр!
Жээксиз, чексиз
Талаада туулган
Так ошол кайрыктардын
Тар капас – тамбурда
Чалмага түшкөн азоодой
Булкунуп-жулкунганын көр…

(Которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)

 

УШУНДАЙ БИР ЖАН

Ахалап-охуласа – көкүрөгүндөгү
Жарылуулар менен жулунуулардан –
Күйшөлгөн Семейдин
Күл-топурак
Деми чыгып тур.
Каарданса –
Кара таш как айрыла турган
Кээри чыгып тур.
Ыйласа – көзүнөн
Жаш эмес,
Аралдын апачуу
Тамчысы тамганын айт!
…Ушундай жанды да
Келгин бир адамдын кандеги
Багелегинен каап алганын айт…

(Которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)

 

БАЛБАНДАР КҮРӨШҮ

Белдерине
Алты кулач аркан орогон,
Демдеринен
Буркурап добул чыгып –
Жолду торогон,
Денелерин матаган чынжырды
Он жигит чиренип тарткан,
Тамандарын ташка коюп,
Тирелип тарткан,
Жин ургандай буулуккан
Эки балбан ортого чыкты.

Бирин бири көргөндө
Көздөрү канталап,
Апсыйган түктөрү
Тикендердей тикирейип кетти.
Атыла турган кайберендердей
Арка-далысы ылдый ташталып,
Бүкүрөйүп кетти.

Бирөөсү букадай башын чайкап
Айгай салды.
Бирөөсү
Кутурган буурадай
Жер чапчып
Кайгай салды.
Эл-журт азан да казан болуп
Чуулап жатты.
Эки балбандын
Булчуң эттери
Толкундардай сүрүлүп
Муунак жапты…
Бирине бири тап берди,
Эки аска
Кагышкандай болду.
Эки булут
Чабышкандай болду.
Дөң жер ойдуңга,
Ойдуң жер дөңгө айланды.
Алкынган демдери
Жалын болду.
Куюлган терлери
Жерде
Камыр болду.
Бирөөсү буулукту,
Бирөөсү тумчукту.
Очоктон чыккан түтүндөй
Денелеринен
Түрмөк-түрмөк буу чыкты.

«Оп-па-а!» – деп көтөргөндө –
Бир асканы бир аска
Алып бара жатты.
(Дүйнөнүн жартысы төңкөрүлгөндөй
Майып бара жатты).
Бир булутту бир булут
Сүйрөгөндөй болду.
Кабыргалар качырап,
Жүрбөгөндөй болду.

Эки балбан күрөшүп жатты.
Тиричилик деген да
Бири-бирин ала албай
Тирешип жатты.

(Которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)

 

ӨЛҮМ

Астыңа
Сынган чыны төшөп,
Башыңа
Таш койсо да тездете –
Өлүмдүн төшөгүндөй мамык,
Өлүмдүн жаздыгындай жайлуу
Эчтеке жок!
Эчтеке!

(Которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)

 

ШЕРХАН МУРТАЗА

Кабагы
Жаай турган булуттай түйүлүп,
Каштары
Саадактай ийилип,
Ар сөзүн
Жебедей кадап сүйлөсө –
Мүлгүгөн журтту
Добулдай силккилеп кеткен.
Ар сөзүн
Теректин шор көзүнө
Чегедей кадап сүйлөсө –
Эшиткен эл
Күндөй күркүрөп да, диркиреп кеткен.

Шерхан Муртаза!

Сен желге окшоп
Эсип сүйлөбөйсүң.
Сен
Кылычка окшоп
Кесип сүйлөйсүң.
Сен көктөгү булуттардай
Көчүп сүйлөбөйсүң.
Сен
Музтоолору кагылышып жаткан
Азоо агымга
Омуроолоп кирип,
Кечип сүйлөйсүң.

Сен кээде
Жоого согуласың.
Жоо да теңселе түшөт,
Сен да теңселе түшөсүң.
Сен кээде тоого согуласың.
Тоо да теңселе түшөт,
Сен да теңселе түшөсүң.

Опоосузду көрүп
Күйүнүп турасың.
Андай кездерде
Муштумдай түйүлүп,
Карчыгадай шүйүлүп турасың.
Эссизди көргөндө
Ачуудан
Кабылдап-жарылып кетесиң.
Толкун урган жээктей
Таш-талканың чыгып
Чагылып кетесиң.

Калкың сени
Намыска туулган
Калканым деп жүр.
Жонуна кол тийгизбей турган
Арстаным деп жүр.

Шерхан Муртаза!

(Которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)

 

КӨК БӨРҮ

Ортого көк бөрү ташталды.
Аламан додо башталды.
Адам аттуудан калбай
Көк бөрүгө лап барды.

Бирөөлөр элирип,
Тебинип жатты.
Үрккөн аттар
Камчыга көмүлүп жатты.

Сапырылган чаң
Күн көзүн көмгөндөй болду.
Бир бирине тирелип
Үймөлөктөшкөн
Опурак да топурак –
Музтоолорду бөлгөндөй болду.

Бир чабандес
Жолундагынын маңдайын
Как айыра чаап кетти.
Чапкандын башына
Абаны тилген камчылар
Жыландай ышкырып
Жаап кетти.

Бирөө келип,
Бирөөнү бет талаштыра
Шылып жиберди.
Анын атынын басмайылын
Башка бирөө
Кездиги менен кыйып жиберди…

Аттардын
Демиккен өпкөсү
Көнөктөй болду.
Парылдаган таноосу
Челектей болду.
Дододон бири чыгып,
Бири кирип,
Жан үрөгөндү айт,
Жан үрөгөндү!
Туяк туураган жуушаңдар
Кумдай ийленип,
Күлдөй үбөлөндү.

Кыйкырык менен
Чуудан чочуган
Канаттуулар
Жондон-жон ашты.
Булуттар
Ок тийген
Олчогой макулукча күркүрөп
Тоолорго качты.

… Атынын соорусу
Көмкөрүлгөн казандай;
Добушу
Чаңырып чакырган азандай;
Өзү ээрдин үстүнө
Куюлган чоюндай;
Моюну
Буканыкынан кем калбаган моюндай;
Түсү
Кара көмүрдөй;
Билектери
Даана темирдей
Бир чабандес
Уюлгуган додону
Музтоодой карс жарып келип,
Көк бөрүнү өзүнө ашырды да –
Башкача бир көрктөнүп алды!
Жанына жан жолотпой
Алыстап –
Өрттөнүп алды!

Бирөөлөр
Кумга шуңгуду,
Бирөөлөр жер жазданды.
Алдыга аянбай умтулган,
Адыраңдап жулкунган
Алаамат тартыш башталды…

(Которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)

 

КАРА НӨШӨР

Көктөм-ай!
Кара нөшөрдүн төккөнү-ай!

Бүт бардык булуттарды
Ушу жерге
Жыйып тургансыйт.
Төбөбүздөн сууну
Жамгыр менен эмес –
Чанач, челек менен
Куюп тургансыйт.

Асмандын түбү
Тешилип кеткендей.
Күрпүлдөтө бышылып жаткан
Сабаалардын оозу
Чечилип кеткендей.

Кара нөшөр –
Сел жүргөндөй
Тоону өзүнө
Туштап тур.
Шаркыраган суулар –
Чөккөн төөлөргө окшош дөбөлөрдү
Коркуратып
Мууздап тур.

…Тетиги кайыңды көрчү,
Тула боюнан
Суу жайпалып
Шорголоп жатыр –
Кара нөшөрдө
Баласын күткөн энедей
Жол карап жатыр.

(Которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)

 

ӨМҮР

Сен, өмүр,
Катаалсың, катуусуң.
Ачуусуң.
Ошондо деле таттуусуң.
Бирде жазамсың,
Бирде казамсың.
Ошондо деле базарсың.

Мен сенден
Канча бир жолу
Келтек жедим.
Кыркылдым, карардым.
Ошондо да мен сага –
Түрмөнүн тешигинен
Сыртка шыкаалап караган жандай
Ынтылып караймын.

(Которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)

 

ТҮЙШҮК ЫРЫ

Түн ичи.
Көктөгү ай
Мага карады.
Мен айга карадым.
Табышмактуу бир күчтөн
Тынчым кетип барамын.
Асманга илинген
Шамчырак бул.
Ошол шамдан
Көзгө көрүнбөй
Күмүш шоолалар
Жаныма тамчылап тур.

…Бир кезде бирөө
Байгыз-үкүдөй баж этип,
Сындырмакка шамымды –
Асманга таш атпаспы.
Ошонусу менен
Сүртүлгөн терезедей
Жаркырап турган жанымды
кашайтпаспы.

Таптаза дүйнө
Алеки саатта бүлүндү.
Көлөкөлөр көлбөңдөп,
Элес-буластардын бардыгы
Элбеңдеп жүгүрдү…

Өкүнүч-өксүктөн
Өрттөнүп барамын.
Түккө да түшүнбөй
Көктөгү Жан-Айым
Дагы да
Мага карады.
Мен жерге карадым.

(Которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)

 

ШАМАЛ

Чалгыдай өткүр
Мына бул шамалдын
Жаалданган түрүн кара –
Салчудай оруп.
Бирде тескейден,
Бирде күңгөйдөн
Аркырап согуп.

Метеорологдорго да
Белгисиз –
Шамалдын
Чыккан теги менен
Анык дареги.
Айтор, күн сайын
Өтө кооптуу
Бир циклон соңунан
Бир циклон
Алып келүүдө аны эми.

Талаалар да, тоолор да
Шаңга көмүлүп
Жутулуп барат.
Токойлорумдун
Чачтарын жулуп,
Өзөн-көлдөрүмдүн
Беттерин тырмап,
Күн өткөн сайын
Кутуруп барат.
Дүйнө
Буюгууда
Башын катып кала албай!
Ушу шамал
Ансыз да ачык-чачык
Калдайган Казакстандын
Этегин көтөрүп –
Уяттуу бир жерин
Ачып салардай…

Кантип кымтысам экен?

(Которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)

 

АЛЛА ТААЛА КУДУРЕТИ

Алла Таала
Көзгө сайса көрүнгүс
Капкараңгы түндөрдө
Жасалып жаткан балээлерди
Ширеңке жакпастан көрө алат.
Эшик-терезелери тарс бекитилген
Таш коргон менен таш үйлөрдөгү,
Ак коргон менен Ак үйлөрдөгү
Жасалып жаткан шумдуктарды
Кулпусун ачпастан көрө алат.
Кажет болсо,
Алла Таала
Күнөөгө баткан
Ким-кимди болбосун
Өмүрдөн бездирердей
Жанынан
Түңүлтүп коё алат.
Биринин артынан бирин
Үңүлтүп коё алат.
Чалчактап кеткендерди
Кайырчыдан бетер
Бүгүлтүп коё алат.
Алтын аяктардан
Аш ичкендерди
Колдоруна итаяк карматып,
Жүгүртүп коё алат…

(Которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)

 

ТООГО ЧЫККАНДА

Тоого чыгуу – көксөөм эле.
Тоону кездим.
Тоонун кереметин,
Мейли, ишен да,
Мейли, ишенбе,
Алгач сездим.
Күркүрөгөн дарыяны
Тээтетигил шаркыратма
Аппак бууга айландырып
Түтүп тургандай.
Тээтетигил
бутактары сороюп
Кургап калган карагай –
Кийим илгич сыяктуу
Келе турган конокторду
Күтүп тургандай.

Кыйналсам –
Дарактардын баарысы
Колдорун сунуп,
Капкара таштары болсо
Көтөрөм деп
Жапжалпак далыларын
Тосуп жатат.
…Тээтетигил тушта
Бир булутту
Аскага тиреп коюп,
Кыпкызыл чагылгандар
Чакчелекей чыгара
Тозуп жатат.

Алп тоолорум,
Мен эми сенин
Ырчым десең – ырчың болуп,
Күүчүм десең – күүчүң болуп жүгүрөм!
Таптаза абаңа  да,
Ар дайыма күч-кубат куйган
Дабаңа да сүйүнөм!

Сүйүнбөй коймок белем,
Мен канчалык бийиктеп,
Жердеги көр-тиргилик
Канчалык төмөнгө аласалды.
…Тоо дегениң да
Казак сыяктуу жоомарт экен! –
Кара нардай бир өркөчүн
Алдыма тосуп,
Бир булутун – мүрүмө
Жаба салды.

(Которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)

 

ДОБУЛДАГЫ ДЕҢИЗ

Асмандагы
Ай, Күндү өчүрөрдөй,
Жерди көчүрөрдөй
Алаамат добул согуп –
Айлана-тегерек
Дем жетпей тумчукту,
Деңиздин тереңинен
Улуп-уңшуган
Коркунучтуу үн чыкты.

Бирин бири жапырган,
Бирин бири сапырган,
Демдеринен суук айдатып,
Шаулдап асманга атылган,
Гүп этип кулаган,
Кайтадан күркүрөп баш урган
Миң-миллион толкундар
Мин-миллион жыйрылып,
Ажыдаарлардай
Туйлап-карашалап жатты.
Акыр заман келгендей күңгүрөнүп,
Андан арачалап жатты.

Долуланган толкундар
Деңиздеги кемелерди
Табак толо нерседей
Көтөрө калып,
Туңгуюкка лак тыгып жиберди.
Болот зымдарын
Жипчелик көрбөй
Чарт тилип жиберди.

Чынжырлар менен байланып турган
Жээктеги кемелер
Алп макулуктардай мөңкүп
Аласалууда.
Толкундар
Олжо баштантып
Бирөөнү бери ашырууда,
Бирөөнү ары ашырууда.

(Которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)

 

ДОБУЛ

Бирөөсүн бирөөнө сокту,
Кемелердин баарысы
Чынжырларын үзүп жиберердей
Булкунду.
Жин ургандай жулкунду.
Өгүздөй өкүрдү,
Атан төөдөй боздоду.
(Дүйнөнү бүт козгоду).

Асмандан атылган
Кыпкызыл чагылгандар
Көк деңизде тынч алабы –
Ажыдаардай толкундар
Аларды
Ширеңкечелик көрбөй
Бырчалады.

Добул
Ышкырып,
Бийикке тукуруп,
Көктөгү булуттарды
Түндүктөй учуруп,
Кийиздей кагып жиберди.
Аскаларды
Көкүрөгү менен согуп,
Жаңгактай чагып жиберди…

Деңиз буркурап долуланып жатты.

(Которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)

 

ЖАБЫККАНДА

Мен кире турган
Эшик калбагандай.
Ал турсун шыкаалай турган
Тешик калбагандай.

Дүйнө – мен дегенде
Түктөйүп,
Бүркөлүп алгандай.
Мен чыга турган чокулар
Көк тайгак, көк музга
Чүмкөнүп калгандай.

Туум кулап,
Жыртылып калгандай.
Телефондун тили
Кыркылып калгандай.
Мен азыр
Ийинден
Жулунган пагондоймун.
Иштен чыгып,
Ит карабас булуңга
Итерип ташталган вагондоймун.

(Которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)

 

СЫР ДАРЫЯДА

Бул өмүрдө
Көргөнүм көп менин…
Бала кезимде
Сыр дарыяда киринип жүрүп,
Сууга чөккөмүн.

Ошол күнү мени
Кайырмакка түшкөн балыктай
Ажал алдыда күткөн.
Боюмдан ал кетип,
Бир чөгүп,
Бир чыгып –
Жээкке жете албай,
Жаналакетке түшкөм.

Канча бир жыл өттү.
Бирок мен баары бир
Тумчугам –
Ошол суудан мени
Эч ким куткарбагандай.
Анткени алиге чейин
Бул өмүрдө
Жээкке жете албай
Бир чөгүп,
Бир чыгам.

(Которгон Кожогелди КУЛТЕГИН)