МОЛДАЛИЕВ Орозбек: ОРОЗБЕК МОЛДАЛИЕВ: АЛКОГОЛЬ ИЧИМДИКТЕРИН ИЧҮҮГӨ МУСУЛМАНДЫК КАНОНДОР БОЮНЧА КЕСКИН ТЫЮУ САЛЫНГАН

Президент А.Атамбаев Чолпон-Ата шаарында журналисттер менен болгон пресс-конференциясында анын алкоголь туурасында айтканы коомчулукту уу-дуу кылды, бирок диний коомчулуктун аттуу-баштуу өкүлдөрүнөн да, КР муфтиятындагылардан да буга дароо жооп бергендер чыкпады! Демейде «астагфируллахын» ооздорунан түшүрбөгөн ажыларыбыз менен молдолорубуз өз позицияларын дароо билдирбесе да биз бүгүн КР Президентинин алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси Орозбек Молдалиевдин позициясын чагылдырмакчыбыз…

Ислам тарала баштагандан тартып диндин кебелбес, туруктуу принциптерине келгенде олку-солкусуз, катуулук позициясын карманган менен байыркы замандан бери келе жаткан коомдук адаттарга тиешелүү маселелерде кылдаттыкты көрсөтүп, аларды өзгөртүү акырындык менен жүргүзүлгөн. Буга кыргыздын «момун болуу аста-аста, каапыр болуу бир паста» деген даанышман макалы дал келет.

Кечээ эле жапайычылыкта жүргөн, мас болуп каалашынча аял ала берген, кыз төрөлсө чөлдүн кумуна көөмп салган бедуиндерди мусулман кылуу өтө оор маселе болгон. Ыйык Курандын акылмандуулугун арабдарды чыдамдуулук менен улам бир кадам жакындатып олтуруп, анан Исламга алып келгендигинен аңдап, байкаса болот.

Пенденин көнгөн жаман адатын таштатуу үчүн анын аң-сезимин өзгөртүү керек. Себеби адамдарга калыптанып калган өнөкөт жашоосун дароо эле башка нукка буруу өтө оор, кыйын. Ошондуктан Кудай-тааланын бүтүмдөрү ыйман келтиргендерди улам акыйкатка жакындатып олтуруп, анан гана акыркы өкүм жиберилген. Буга биз сөз кылып жаткан алкоголь ичимдиктери боюнча Жараткан тарабынан Мухамммед (сав) пайгамбарга түшүндүрмөлөрдүн бөлүм-бөлүм болуп жиберилип жана түшүндүрүлүп турушу да мисал боло алат. Ошону менен катар ичкиликтин «пайдасынан зыяны көп» деп белгиленип, адамдын акыл-эсине да чакырык жасалган.

 Исламдын алкоголго көз карашы

Ыйык Куранда алкоголь жана бардык эле баш айлантып, баңги, мас кылуучу нерселер жөнүндө төрт сүрөөнүн ичинде айаттар түшүрүлүп, эң соңкусунда мусулман адамга алкоголь ичимдигин колдонууга тыюу кесе айтылган акыркы тыянак билдирилген. Алардын чубамасы төмөндөгүдөй:

  1. «Финик[1] пальмасынын мөмөлөрүнөн, жүзүмдүн сабагынан силер мас кылуучу ичимдик (мускир) жана пайдалуу (сонун) азык чыгарасыңар» (Ыйык Куран, «Аарылар» сүрөөсү, 67 айат). («А из плодов финиковой пальмы и виноградных лоз вы получаете опьяняющий напиток и доброе питание»Св. Коран, 16:67)

Ыйык Куранды изилдөөчү Дарйабадинин пикири боюнча финиктер арабдардын негизги тамактарынын бири жана абдан ток алып жүрүүчү азык; ал эми жүзүмгө болсо баалуулугу боюнча тең келе ала турган жемиштер сейрек, ошондуктан байыркыдан бери жүзүм жана анын ширеси жардамдын жана дарынын синонимдери болушкан. Арабдар алардан түрдүү тамак-аш жана ичимдиктерди – жүзүм кантын, уксус, вино жасашкан.

Диний аалым Асад бул айаттагы «сакар» («мас кылуучу ичимдик», «вино») деген сөз мазмуну боюнча «ризк хасана» (пайдалуу азык) сөзүнө карама каршы коюлуп, алкоголдун оң жана терс аспекттери көрсөтүлгөн деп эсептейт.

Айаттагы «пайдалуу азык» делгендин мааниси — Маудудинин чечмелөөсүнө ылайык, «финик менен жүзүмдүн ширеси эки нерседен турат. Биринчиси — бул таза жана адамга пайдалуу, экинчиси – бузула баштаганда алкоголго айлана турганы. Алланын берген бул белегинен таза жана жакшы тамак табууну же делебесин козгоп жана өзүн-өзү кармай албай турган абалга жеткирүүчү мас кыла турган ичкиликти ичүүнү адам озү чечет». Анын оюнча бул жерде алкоголго тыюу салууга ишара бар.

Ыйык Куранды изилдөө боюнча адис Йусуф Али «Аарылар» сүрөөсү Мухамммед пайгамбарга (сав) ал Мекеде жашаган мезгилде келгендигин, ал ему алкоголь ичимдиктерине тыюу Мединада берилгендигин белгилейт.

  1. Мас кылуучу ичимдиктер жана кумар оюндарына тиешелүү биринчи буйрук «Бакара» («Уй») сүрөөсүндөгү айатта келген жана анда: «Сенден арак жана кумар оюндары тууралуу сурашат. Айткын: ал экөөндө тең адамдар үчүн чоң күнөө жана (айрым) пайдалары да бар, бирок пайдасынан күнөөсү чоң». [«Они спрашивают тебя о вине и майсире (азартных играх). Скажи: «В них обоих — великий грех и некая польза для людей, но грех их — больше пользы» (см. Св. Коран, 2:219)].

Бул айатта айрым нерселер менен макул эместик гана билдирилгендиктен, муну Куран боюнча адистер ичкиликке тыюу салууга даярдык деп эсептешет.

  1. Андан кийинки айатта спирт ичимдиктерин колдонууга чектөөгө кийинки кадам башталгандыгын көрөбүз, анда мусулмандарга мас абалында намаз окууга тыюу салынган: «Силер мас болгон абалыңарда намазга жолобогула жана өзүңөрдүн эмне деп айтып жатканыңарды түшүнгүчө күткүлө» (Ыйык Куран, «Аялдар» сүрөөсү, 43 айат) («Не совершите молитвы, когда вы пьяны и ждите, пока не будете понимать, что вы говорите») (см. Св. Коран, 4:43).
  2. Эң акырында Ыйык Куран жана хадистер Кудайга ишенгендерге акыл-эске таасир этип, маң кылуучу нерселерди (хамр) — алкоголь ичимдиктерин, наркотиктерди жана психотроптук заттарды колдонууга бир беткей эле чечкиндүү тыюу салган, ошондуктан аларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү мусулмандар тарабынан талкууланбайт.

Ыйык Курандын Маида («Тамак ичүү» же «Насип») сүрөөсүнүн 90,91 айаттарында: «Ой, ыйман келтиргендер! Вино, кумар…  бузукулук, шайтандын иши. Бактылуу болуш үчүн андан оолак болгула”. “Шайтан вино жана кумар оюндары менен душмандашууну жана жек көрүүнү ортоңорго салганды гана каалайт жана силерди Кудайга зикир келтирүүдөн жана намаздан четтетүүнү каалайт. Силер [мындай эң жаман жана кара ниет иштер менен алек болгондон] тыйылбайсыңарбы?! [Муну менен аракетенгенди таштагыла!]”.   

«О верующие! Вино, азартные игры… гнусны, дело шайтана. Сторонитесь от этого, чтобы быть счастливыми. Шайтан хочет только посеять вражду и ненависть между вами вином и азартными играми и отвратить вас от упоминания Господа и от молитвы. Не прекратить ли вам [заниматься этими скверными и гнусными делами]?! [Прекратите же заниматься этим!]» (см. Св. Коран, 5:90, 91).

Алкоголь ичимдиктерине тыюу салуу Хадистерде да бар. Мухаммед пайгамбар (сав): «Көп көлөмдө мас кыла турган нерсе, азанда да тыюуда» деген. Бул хадис Джабир жана Ибн ‘Амрдан; ошондой эле Ахмад, Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насаи ж.б… лар да келтиришет. Мисалы, Ас-Суюты Дж. Аль-джами‘ ас-сагыр. 478 бет, хадис № 7815, «хасан».

Пайгамбар «мас кылып, жүүндү бошотуп, акыл–эсти бошоңдото турган баардык нерселерди тыюу салынгандарга (харам) кошкон» (Абу Дауд С. Сунан аби дауд. С. 407-бет, № 3686 хадис).

Дагы бир хадисте: «ичкилик – эң жаман, таза эмес, жийиркеничтин тамыры» деп баары түшүнүшөт, бирок абдан аз кишилер муну баамдашат деп айтылат. (Аз-Зухайли В. Ат-тафсир аль-мунир. Т. 1.  647 бет.)

Жогоруда белгиленгендей, алкоголь ичимдиктерин ичүү, мусулмандык канондор боюнча кескин тыюу салынгандардын катарына кирет. Дарылык максатта медицина кызматкерлери тарабынан спиртти колдонуу мүмкүн.

[1] Айрым Ыйык Куранды которгондор «финик» деген сөздү «курма» деп жазып жүрүшөт. Анда курманы эмне деп айтышыбыз керек? Финик (Phoenix dactylifera) пальманын жемиши (мөмөсү), ал бир нече жолу ыйык китептерде сөзгө алынган.

Курма (фарсиче хурмалю, лат. Diōspyros – грекче «кудайлардын тамагы», «кудайдын оту» деп да аташат), жалбырактуу эбен дарактарынын жемиши. Буларды чаташтырып алуу мүмкүн эмес.