МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: «АЛА-ТООДОН ААЛАМГА ҮН САЛГАН АЙТМАТОВ»

Бүгүн кыргыз адабиятынын майрамы!

Бу Чыңгыз Айтматов кандайча чыгып калды, кантип кичинекей бир элдин кулуну планетардык масштабда сөз айтууга жетише алды жана жазгандары улам биринин артынан экинчиси кызыктуу боло берди, анын адабияттагы жылдызы неге жарым кылым бою жарык жанып турду деген сыяктуу суроолор дүйнөнүн өздөрүн улуубуз, бийикпиз, ак сөөкпүз деген калктардын ичиндеги жумуру баш пенделеринен бир чети таңкалыш менен, экинчи чети көзартуу менен тынымсыз айтылып келди.

 

Чын эле Чыңгыз Айтматов феномени кандайча чыгып калды?

Болочок жазуучунун атасы Төрөкул Айтматов өз кезегинин эң билимдүү адамдарынан болуп, ошол билимдүүлүгү, акыл парасаты менен Ош жакта чоң районду (Араван-Буура) башкарып жүрүп, тез эле көзгө көрүнүп, республиканын жетекчилеринин бирине чейин өсүп барат, дагы келечеги жаркын көрүнүп, Москвага окууга жиберилет.

Экинчиси – апа жактан Нагима Хамзаевна татар кызы, таяталары Татарстандан Каракол шаарына келип туруп калган, колунда да, башында да бар кишилерден болгон. Демек Чыңгызга эки кан, эки күчтүү ген келип кошулган, ошолордон кадимки бала гана эмес күчтүү каны бар бала жарык дүйнөгө келген.

Бул 1928-жылдын кыргыз асманында жылдызы жарык жанган өзгөчө күнү 12-декабры болчу.

Атасы, апасы баланын туулган жерин атайын ырымы кылып Шекерге каттаткан окшойт, кыргыздын байыркы салты менен май томоруп, киндигин кесип, бешикке салып, балага ырыскылуу Шекердин ырысын жуктурган сыяктанат. Андан соң жаш баланы Ошто, Фрунзеде, Москвада алып жүрүү менен ата-эне көктөйүнөн көзүн ачат, дүйнөнүн кеңдигин, башка улуттардын илим-билимдүүлүгүн көрсөтөт, а балким кыргыз интеллигенциясынын ичинен эң биринчи кино, театр, цирк, трамвай, китепкана, музей ж.б. дегендерди көргөн ушул Чыңгыз болуп чыкса керек. Балким эң биринчи Москвада орус классында окуган да ушул Чыңгыздыр. Анан эле ушундай билимдүү, келечектүү, ошол кездеги «жаңы кыргыздардын» очогунда отун алоолонтуп жагып жаткан үй-бүлөнү сталиндик репрессиянын кара туманы каптап, бир күндө эле жаш балага асман астын-үстүн болуп калып атпайбы.

Европанын цивилизациясына баш бага баштаган баланын кийинки жашоосу, балалыгы бүтүндөй Шекер жана шекерликтер менен байланып калат. Атасыз, атасынын кайда өлгөнүн, кайда көмүлгөнүн билбеген бала кимдир бирөөлөргө кектенип өстү, көк, өжөр, тырышчаактык, чындык издөөчүлүк мүнөздөрүнө ээ болду. Тилинип турган бала жүрөгү азык болор нерсени, көңүлүн жубатар нерсени Шекерден тапты, ал кездеги Карагыз, Айымкан, Досаалы сыяктуу байыркы кыргыз салтын сактап келген кишилер, жайлоо, андагы жаратылыш, элдик таалим-тарбия, элдик фольклор бала дилине ушунчалык жакын келди. Орус, кыргыз тилин бирдей билген зээндүү, зирек бала а түгүл шекерликтердин эң билимдүүсү катары 30-40-жылдары эле айылга аты тааныла баштады. Он төртүндө согуш эпкини тийген кыштакта элдин азап-тозогун башына үйүп салып, жеке тагдырындагы кайгы менен жалпы элдин кайгысын жуурулуштуруп жүрүп, өзүнүн болочок каармандарына туш болду.

Салык жыйноочулук, «каракат» таратуучулук анын балалык романтикасын басып салып, баланы карыган адамдай насаат айтууга, аксакал кишидей ой жүгүртүүгө түрттү. Бир карасаң Чыңгыз бала, бир карасаң Чыңгыз чоң ата айыл турмушунун кардиограммсы болуп жүрүү менен турмуштан жазбай коюуга мүмкүн болбогон окуяларга кездешти. Күйөөсү согушта жүрсө башка бирөөнү сүйүп кеткен келиндин, үч уулу менен күйөөсүн согушка жиберип жалгыз келини менен калган эненин, күйөөсү бозгун болуп келгенде аны жакшылап тосуп алып, бирок анын кандай адамдык пастыкка барганын көргөндө душманындай кармап берген келиндин окуяларын, Ак-Сайда дың бузуп жүргөндө аттарын уурдап кеткен уурулардын кылгылыктарын ал өз көзү менен көрдү, өзүнүн жүрөгүнүн тереңинен алып өттү, эми отуруш керек да, жазууга гана камынуу зарыл эле. Аны үчүн албетте, адабий билим, эстетикалык табит, жазуучулук көрөңгө болбосо болмок эмес да.

Чыңгыз айылдан жазуучу үчүн эң керектүү нерсени – түгөнбөс теманы тапты, ал жерден чынында билим алган жок, табигый-математикалык, гуманитардык илимдерди орто мектептин программасында өздөштүрбөдү, болгону турмуштун сабагын алууга жетишти, а бул болсо жазуучу үчүн эң керектүү оокат эле.

Кийин Жамбылдагы зооветеринардык техникумда, Фрунзедеги айыл чарба институтунда окушу анын жалпы билим алуусун гана шарттабаса, ал жерлерде гуманитардык билим берип, жазуучулуктун сырларын үйрөтчү эмес. Бирок дээринде адабиятка жакын, көркөм сөзгө ык койгон жигит 1951-жылдан котормолор, сөздүктөр тууралуу сын макалаларын жазып, М.Бубенновдун «Ак кайың», В.Катевдин «Полктун уулу» чыгармаларын кыргызчага, Т.Сыдыкбековдун «Тоо арасында» романынан айрым бөлүмдөрүн орусчага которуп өзүн сынап да көрдү, котормочулар менен эрөөлгө да чыкты.

1952-жылы «Газетчи Дзюйо» деген аңгемесин – адабий дебютун бастырат, ага удаа «Ашым», «Мы идем дальше» аттуу эч кандай жаңылыгы жок жалпы хордон бөлүнбөгөн аңгемелерин чыгарат.

1953-1956-жылдары бир жагынан чарбада жаш зоотехник болуп иштеп, жаңылыкка умтулуп, топоз менен Джерс букаларын аргындаштырып карамалдын жаңы пародасын аламын деп делбеленип жүрсө, экинчи жагынан орус тилинде «Сыпайчы», «Ак жаан», «На богаре», «Асма көпүрө», «Түнкү сугат» аттуу аңгемелерин биринен өтүп бирин чыгарып, адабияттагы өз «киндигин өзү кесип аткан» болот. Балким ошентип айылдык зоотехник, башкарма… болуп кете берер беле же ошол кездеги чарбакерлердин көбүнүн башына түшкөн күлпөткө – растаратага кабылып кесилип кетиши да мүмкүн беле, болбосо илимге кетип, айыл чарба илимдеринин кандадаты, доктору болмок беле, бирок адабиятка болгон ышкысы, көөдөнүн тээп келген «чымыны» анын тагдырын дагы бир жолу оң жолго бурду, СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынды, Москвадагы М.Горький атындагы бүткүлдүйнөлүк адабият институтунун эки жылдык адабий курсуна угуучу болуп отуруп калды. Бул 1956-жыл эле. Заман эми-эми оңоло баштаган, репессиянын курмандыктары да бир четинен акталып кирген.

Москвадагы ошол эки жыл – жазуучулуктун мектеби болду, дүйнөлүк адабиятты казып окуп гана калбай, адабияттын тирүү классиктери менен баарлашты, искусствонун калган тармактары менен жакшылап таанышууга мүмкүндүк алды.

Баягы-баягы согуш убагында топтогон багажы ага тынчтык бербей, ошолорду жазды, жазганда да жөн гана документалдык-мемуардык негизде жазбай аларга чыгармачылык фантазиясын, ойдон токуп чыккандарын кошту. Ошентип кыргыз тилинде жазган «Бетме-бет келгенде» деген чыгармасы «Ала-Тоо» журналына 1957-жылы жарыяланды. Согуш бозгунун сүрөттөө, кыргыз келининин күйөөсүн согуштан качып келгенде ардактап тосуп алуудан кайра анын уурулугу билингенде милицияга кармап берүүгө чейинки мүнөзүнүн эволюциясы мурдагы кыргыз прозасы үчүн көнүмүш эмес көрүнүш болгону менен адабий сын да, КГБ да байкай электе 1958-жылы «Обон» деген кыргызча чыгармасы, ушунун эле орусчасы «Жамийла» повести жарык көрүп кетти да жазуучунун аты «дүңк» эле дей түштү.

1958-жылы Москвадагы «калың журналдарга» «бала Айтматовдун» басылышы («Новый мирде» – «Жамийла», «Октябрда» – «Лицом к лицу», «Дружба народовдо» – «Соперники») кыргыз аксакал жазуучуларын күтүлбөгөн күлпөттөргө салса, жаш жазуучунун шыгына шык кошту, өз кудурет-күчүн сезип, өзүн адабияттан гана көрүүгө мүмкүнчүлүк алды. Дагы бир бактылуу учур «Жамийланы» даңазасы союзга таш жарган М.Ауэзов, аты ааламга белгилүү Л.Арагон аябагандай жогору баалап салгандыгы эле.

Ошол отуз жашында Москвадагы кыргыз адабияты менен маданиятынын декадасында анын чыгармалары көккө көтөрүлө макталса, Кыргызстан Жазуучулар союзунун талкуусунда жерге киргизиле жамандалып аткан. Дал ушул талкуулар аны курчутту, кыргыздардын «чөкүртөк» мууну аны түшүнбөшүн, керек болсо «беш түлөк кезинде тээп салышын», а түгүл атасынын тагдыры өзүндө кайталанышын аңдап билди, орус басылмаларынын А.Твардовский баш болгон редакторлору ага акыл-насааттарын айтты, эми ал орусча гана жазып, Москва журналдары менен гана иштешүүнү чечти. Бул аны жаңы репрессия туткунунан бошотту, болбосо Даниярды ээрчип кеткен Жамийла менен кошо адабият ааламынан түбөлүк кетмек. Кийинки муундун бактысы бар экен, «Жамийла» Чыңгыз Айтматовду аңга түртпөй ааламдын бийик чокусуна алып чыкты. Азыр окуп алып да чын эле Жамийла менен Даниярдын кылганы советтик коомго жат экенин ойлоп денең «дүр» эте түшөт, бирок коммунисттик идеологиясыз окусаң, жалпы адамзаттык гумандуулук идеялардан карасаң ал экөөнү ээрчип сен да кеткиң, ошолордун сүйүүсүнө түбөлүк күбө болуп жүрө бергиң келет. Көрсө, жазуучунун керемет күчү ошондо экен да.

Адабият институтунда курсту бүтүп келген орус тилдүү жазуучу орус тилдүү «Литературный Киргизстан» журналында редактор болду, «Правда» газетасынын кабарчысы катары эл-жер аралады. Журналисттик иш аны публицистика, очерк жанрында иштөөгө көнүктүрүп гана калбастан, чыгармаларын бурмалап, дилин сындырып коюучу калпыс сындардан калкалап турду.

Эки жыл аралыгында «Бото көз», «Кызыл жоолук жалжалым», «Биринчи мугалим», «Саманчынын жолу» деген чыгармаларын жазды, алар Москвадан «Повести гор и степей» деген ат менен өзүнчө чаканыраак эле китеп болуп чыкты, китебине 1963-жылы 21-апрелде Лениндик сыйлык ыйгарылды. Бул сыйлыкка жетүү үч уктаса түшкө кирбес нерсе эле, оңойлук менен орустардан башкага берилбеген жана берилгенде да жашы өтүп калган кишилерге гана мурдагы көп жылдык кызматы эске алынуу менен берилген саясый мааниге ээ сыйлык болчу. А бул жолу болсо СССРдин №1 сыйлыгы али тааныла элек, отуздан эми оогон «сары ооз балапанга», «контрдун баласына», бир «кара кыргызга» ыйгарылып жатса, бакыт эмей эмне, оомат эмей эмне!

Жогорудагы чыгармаларда мындай караганда ашыкча керемет дале эч нерсе жок сыяктанат, а түгүл тарпы чыккан сүйүү жана сүйүүдөн айрылуу үч бурчтугундагы тагдырлар, же Совет өкмөтүн орнотуудагы кыйынчылыктар, согуш азабы көрсөтүлөт. Бирок ошолор кандайча көрсөтүлөт, кеп ошондо эле, ал адабияттагы канондорду, схемаларды атайын талкалап ийет, каармандарын биз күтпөгөн нерселерге алып барат, мисалы, биринчи мугалим менен биринчи профессордун кыз кезиндеги назик сезимдери, «гүл сүйгөн» Алимандын башка бирөөдөн боюна бүтүп калып кайын энесинин алдында турушу, Байтемирдин ашыкча мыкты адамгерчилиги ж.б. окуялар, деталдар кимдин гана оюна келиптир да, ким гана ушинтип жазыптыр. Айтматовдун чеберчилиги ошолорду таап алгандыгында болуп атпайбы. Кокус бир нерсени жаздым кетсе, таба албай калса өкүнүп бармак тиштеп калмайы бар эле, баягы жылы В.Распутиндин «Эсен болуп, эстей жүр» повести чыкканда өзүнүн Сейдесинин боюнда болуп калбаганына, ошондой нерсени ойлоп таппаганына өкүнүп жүрдү.

Ошентип Лениндик сыйлыктын лауреаты Айтматовдун айтматовдук окурмандары пайда болду, Айтматов колдон колго өттү, чыгармалары искусствонун башка түрлөрүнө ооду. Айтматовду туурап жазган, анын изинен түшүп алган жазуучулардын бүтүндөй бир мууну өсүп чыкты. Айтматовдой жаза албагандан кийин жазып эмне кыламын деп калемин ыргыткандарды көрдүк.

Жазуучу үчүн бул жагында бир гана нерсе керек эле, ал мурдагы келген ордунда туруп калбай жаңы бийиктикке көтөрүлүү, окурманды ээрчип кетпей, окурманды ээрчитип кетүү машакаты эле, ансыз ааламды багындыруу, ааламга үн жеткирүү кыйынга турмак.

Дал ошентип «Гүлсарат» (1966) жана «Ак кеме» повесттерин жазды. Булардын ар бири менен жазуучу «өлүп, кайра тирилди». Эгер азыр ошол чыгармаларды жазган болсо, же ошол эле кезде цензура деген жок болгондо жазуучу таптакыр башкача өңүттө кетмек, ошол тоталитардык замандын тескөөсүнөн коркуп тоталитардык доордун адамдарга жайган торун комуздун күүсү менен акырын билиндирбей угузуп отурат. Баары бир түшүнөсүң, коом адамды кантип кыйноого саларын жана андан кантип таза чыгууга болорун аңдайсың. Муну үчүн жазуучу бирде байыркы мифологиялык притчаларга кайрылса, бирде каармандардын түшүн, кыялын берип отурат, каармандарды бири-бирине кескин карама-каршы коюп албай, ар бир адамдан ичинде оң жак да, тескери жак да уялап жатканын «уурдап» чыгып, сиздин астыңызга жайып таштайт. Эгерде «Гүлсарат» бүтүндөй советтик социалисттик коомдун тарыхый трагедиялык жолунун схемасын тартып берсе, «Ак кеме» бүтүндөй кыргыз улутунун байыртадан азыркы заманга чейинки ыймандык кризисинин энциклопедиясын көрсөтүп берет.

Жазуучунун кадыр-баркы, адабияттагы достору, чет өлкөлөргө чыгармаларынын ылдам таралып кетиши, Ленин атындагы сыйлыкты мурда алып алгандыгы бул эки чыгармасын да сактап калды, болбосо булар менен да коммунист жазуучунун тагдыры тамам болмок…

Канткен менен Айтматов акылман катары бул чыгармаларында системаны өзгөртүү керектигин, бул бойдон жашоого мүмкүн эместигин каңкуулады. Ал багытын тереңдетип 80-жылдарда «Кылым карытар бир күн» жана «Кыямат» романдарын жазды. Айтмакчы, ага чейин өзү жогору баалап келген «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт» менен «Эрте келген турналар» деген адамдын адептик жүзүн ачып берген, романтикалык да, трагедиялык да чыгармаларын элге берген эле. Ал эми жогорудагы романдары болсо көп пландуу, масштабы кеңири, жазуучунун стилин ар тараптуу көрсөткөн чыгармалар болду, буларды кийин «Тоолор кулаганда» да кандайдыр бир деңгээлде толтуруп кетти. Бул чыгармалар аркылуу жазуучу адамзат алдында айтарын айтты, бир чети адам баласынын кыйроосунун алдын алуунун зарылдыгын, экинчи чети рухий кыйроодон чыгуунун жолдору кайсыл экендигин көрсөтүп берди.

Анын бул чыгармалары жазуучуну орус адабиятындагы Л.Тостойдун, Ф.Достоевскийдин, М.Шолоховдун бийиктигине көтөрүп жетти, дүйнөлүк гуманист сүрөткер Ала-Тоодон үнүн мейкиндикке – жалпы ааламга жана мезгилге – кийинки-кийинки жылдарга угуза айта алгандыгын тастыктады.