МУРАТОВ Абдыкерим: АБДЫКЕРИМ МУРАТОВ: «БИРИ КЕМ ДҮНҮЙӨ»

Шиңгил аңгемелер

«Оомал-төкмөл дүнүйө» түрмөгүнөн

(Курсташым Адылбекке)

Сулайман тоосу менен Ай бири-бирине жетише албай, тоонун чокусу Айга карап, Ай болсо тоонун чокусуна карап асман каршылыгын жиреп, жылдыздарды да ары түртүп жакындашып бараткан эле. Жакын жерден жайдын орто чениндеги Акбууранын түбөлүк басылбаган өмүр ыры угулат. Бирок аны биздин ыр басып кетти.

 

Жалындаган студенттик кезимде,
Жаркылдаган канат бүттү сезимге.
Түбөлүккө ардакташып өтүүгө,
Түркүн достун түсү калды эсимде.
А-а-а-а-а-а-а-а-ай,
Түркүн достун түсү калды эсимде.

Коштошуу кечесинен кийинки биздин ырга, оюн-күлкүгө шаар көпкө чейин кулак түрүп турган. Биз бүт баарыбыз ырдаганбыз. Аянттагы фонтанды тегеректеп кол кармашып алып Булбул эжебиз да, Күмүш эжебиз да ырдашкан. Бизге кошулуп дарактар да, фонтан да, институттун имараты да, карт Сулайман тоосу да, Акбуура да – бүт шаар ырдаган, асманда Ай да, жылдыздар а жакын түшүп келип биздин ырга мемиреп кулак түрүп турушкан. Ошондо биз кандай бактылуу элек!

Биздин ырыбызда төрт жыл илгери ар кышактан келип чогуу окуй баштаганбыз, анан төрт жылдагы ар бир күнүбүз, ырахат-кайгыбыз, достугубуз чагылып жаткан. Коштошуу кайгысын көтөрө албай ырдап жаттык. Таанышуу болбосо, ажырашуу болбойт эле деп, таанышканыбызга нараазы болуп ырдап жаттык. Эртең эле бири-бирибизди көрө албай каларыбызды ойлогубуз келбей алаксыш үчүн ырдап жаттык. Бүгүндөн баштап кырк сегизибиз кырк сегиз жол менен кетерибизди ойлоп ырдап жаттык.

Окусак да бирге окудук кадалып,
Жүрсөк дагы бирге жүрдүк шаңданып.
Аягында турмуш башка, шарт башка
Учкан куштай туш-туш жакка тарадык.
Биздин ыр таң боёгу чыгышка сүртүлгөндө араң басылган. Анан биз туш-тушка узап кеткенбиз…

…Беш жыл өттү. Убадалашкан боюнча кайрадан ошол аянтчада кезигиштик. Кырк сегизден тогузубуз гана келиппиз. Экөө шашылыш иштерин айтып, алар да кетип калышты. Анан биз куду баягы коштошуу кечесиндегидей ырдамак болдук. Кана, баштадык:

Жалындаган студенттик кезимде,
Жаркылдаган канат бүттү се-ез…
Үнүбүз жетпей калды. Доошубуз да чоочун болуп калыптыр, ыгы келбейт, мурдагыга түгү жакындашпайт. Бирибиз бирди ырдасак, экинчибиз башканы айттык. Сөзү да эстен чыга түшүптүр. Ошентсе да эски күүгө түшөрбүз деген үмүттө ырдай бердик. Бир убакта балдарыбыздын бири чочуду көрүнөт, коляскада чыңырып ыйлап жиберди. Анан экинчи бала ага кошулду. Эми балдардын ыйлаган хору башталды.

Биз болсо баарыбыз балдарыбызга чуркадык…

 

БАЙЧЕЧЕК

Алар баш кошушканда эрте жаз эле. Нике түндөн эки күн өткөндө жигит эригип, тоо тарапка чыккан. Байчечек көрдү. Кар эми гана кеткен күңгөйдөгү чоң таштардын арасында булут жылчыгынан көрүнгөн күнгө кактанып, ошол күн бар үчүн гана жашап жаткансып, жерден күнгө кичинекей боюн созуп, али күчүн берип бүтө элек кыштын желине белин сындырып жибербей туруштук берип туруптур.

Жигит жакшылыкка арнап топурагы менен экөөнү казып чыгарды да, үйүн көздөй шашып келди.

— Садагам, мен сага эмне алып келдим? – Жигит белегин табышмактанткан. Жаш келин өмүр бактысы деп сезген күйөөсүнүн мойнун кучактап көп нерселердин атын атаган да, такыр таба албай, анан кайра айтып бербейсиң деп жаш балача таарынган, эки күн мурда балалыгын, жаштыгын, өзүндөгү болгон бардык-бардык нерсесин аябай берген күйөөсүнө эркелеген.

Анан алар ошол жуп байчечекти өздөрүнүн сүйүүлөрүнүн символу катары кастарлашып, тынымсыз суу жаңылап куюп, эң кымбат буюму катары сезип жүрүштү. Кийин жаш келин алардын солуп баратканын сезип экөөнүн чакыруу билетиндеги сүрөттөрүн жанаштырып, бири-бирине айкалыштырып койгон.

Бүгүн да жигит тоого чыкты. Жолдоштору менен, шаардан келген бейтааныш келиндер кошо дарыянын боюнда көпкө арак ичип олтурушту да, буту-колун жазганы арыраак барса, жаныбар, байчечекейлер жайнап кетиптир. Мындан эки жыл мурдагыны ойлодубу же тим элеби, аялына, өзүнө, баласына атап аңдап үчөөнү жулуп алды да, жаз келгенин сезип-сезбей кайра дасторконго кошулду.

Кечинде келин өлөрчө мас болуп келген күйөөсүнүн чөнтөгүнөн акча издеп жатып солушуп калган үч даана байчечекти көрдү да, күндө эле көрүп жүргөн буюмундай кайдыгер кабыл алып, шыпырындылар жакка ыргытып таштады…

 

ШУКШИНГЕ «ОКШОО»

Ал окуясы тез-тез алмашып турган, кызыктуу жазылган кара сөз түрүндөгү чыгармаларды окуганды жакшы көрөт эле. Өзү жазбайт, жазгандарга гана таң берип, ыраазы болуп, башын чайкап калат.

Бүгүн болсо тамдын башындагы үймөк чөптүн четин тешип күн жакка карап кактанып олтурду да, Шукшинди окуду.

Күн олтуруп, айлана чилденин кечки суугунан муздай баштаганда ал тамдын башынан учуп кете тургансып шатынын эки баканасын бирден аттап шашып түштү да, печканын күлүн чыгарып аткан аялын шаштырды:

— Бол тез, балдардын ручкасын, дептерин бер!

— Эмне болуп кетти? Кудай жалгагыр, уулуңа кат жазасыңбы?

— Бол дегенде, болбойсуңбу? Китеп жазам, карап тур, жазуучунун аялы болосуң!

Ал столго олтурду да, жаза баштады.

«Өткөн жекшемби күнү биз автобуста элек. Бир аял баласы экөө телевизор оңдотуп келаткан экен. Алар телевизорду адам олтура турган олтургучка коюп коюптур.

– Ал телевизоруңду! — деди мас адам чыгып.

— Албайм, — деп урушту аял, — мен телевизорго жыйырма тыйын төлөп билет алганмын.

– Андай телевизор көргүң келсе, такси менен алып кет! – деди мас адам.

– Сен өзүң такси менен кет, — деди тигил аял.

– Менин таксиге берчү акчам жок! – деди мас адам…»

Аңгеменин ары жагын улагысы келбей калды, анткени мындан аркы сөздөрдү айтыш да, жазыш да кыйын, анын баарын милийсаларга күбө болгондо жазып бербедиби.

Көпкө ойлонуп турбады да, барагын ары жылдырып, экинчи аңгемесин баштады. «Чоң эненин шаардагы баласы айылга келгенде, тоок соём деп, жарымын сойгондон кийин качырып жибергени» деген тема койду да, жазууга киришти: «…Мен дубалдан карасам, энеси баласына айтып атыптыр:

— Шаарда бир ичеги болуп кыйналыпсың, анабул тооктон бирди союп жеп кет!

Баласы бычакты алып чыкты да, чоң короздун бирин кууп жөнөдү. Куба берди, куба берди. Акыры койлордун арасына кирип бысып жатып калганда кармады да, буту менен канатын кошо тебелебей эле мойнунан кармап соё баштады. Короз бир кыйкырып алды эле, кемпирдин баласы токтоп калды. Бир убакта каны куюлган  короз качып жөнөдү. Туш келди теңселип качып келди да, анан биздин дубалга чыкты, башы салаңдап калды, бир-эки кыйкырып алды да, «күп» этип биз жакка түштү. Жаныбар, анан дароо эле жан берди».

Жазуучу аңгеменин аягына чыкты. Баятан бери ручкасын талашып сабак жаза албай калган баласы да, аялы да мемиреп уктап жатыптыр. Аларды бир карады да, байкуштарга боору ооруп кетти. А өзүн болсо, көкүрөгү толо орден-медалар менен элестетти. Лениндик, Мамлекеттик, Нобелдик сыйлыктын белгилери көкүрөгүндө жаркырап тургансыды.

Ордунан кубанычтуу турду да төшөккө кулады. Уйкусу келбеди. Жаңы аңгемелердин сюжеттери биринен сала бири келе берди. Таң атарда ойлонуп жаткан бойдон уктап кетти. Түшүндө анын мойнунун жарымы кесилип, жарымы жерге салаңдап калыптыр. Ары жактан салабаттуу басып Шукшин келатыптыр. Жанынын барынча кыйкырып жиберди:

— Василий Макарович! Василий Макарович! Кечирип коюң?!

 

БИРИНЧИ СҮЙҮҮГӨ ЧЕЙИН

Параллель класстар акыркы саатта географияны кошулуп окушту. Эжей кызуу сөзгө кирди: «Монголия Борбор Азиядагы мамлекет болуп, Советтер Союзу жана Кытай Эл Республикасы менен чектешет. Калкы бир жарым миллиондон ашык…»

Кансулууга мугалимдин сөзү түшүнүксүз болуп жатты. Өзү менен катар партада олтурган «Б» класста окуй турган Абзийдан көзүн албайт. Улам-улам карай берди, Абзий болсо аны карагысы жок, эки көзү эжейде.

— Тынч олтурчу, Бейшеева!

Кансулуу тынч боло түштү. Эжей сөзүн уланта берди: «Элинин токсон проценти монголдор, мындан башка тувалар, казактар, кытайлар…»

Кансулуу дагы бир жолу Абзийди карагысы келди. «Кантип олтурат болду экен? Акыркы жолу карайынчы? Эми карабаса, мен да такыр карабайм»… Кансулуу эжейге билинбей акырын карамакка чыгынды. Көзүнүн каректерин уурулук кылып жаткансып Абзийлер тарапка узатты. Ал болсо куду баягы эле бойдон жаагын таянып, кунт коюп эжейди угуп жатыптыр. «Кыздардан ким менен сүйлөшөт болду экен? Кызык, карарып мурут чыга баштаптыр. Куду эле…»

— Бейшеева, чыгып кетчи, сабак укпасаң?!

Эжей доскага туруп алып, ачуусун келтирип, баарына угуза айтты. «Уят. Аны баары карашты. Жек көрүштү. Сабакты бузуп жатат дешти. Баарынын караганы, жек көргөнү мейли эле го, Абзийчи? Абзий да карап жатат болсо керек, ал да жек көрүп атабы?»

Кансулуу башын көтөрө албады.

Коңгуроо кагылды. Ал эжейине да карабай китептерин жыйнаштырып чыгып кетти. Абзийди чоң чынар теректин түбүндө туруп алып күттү. Ана, ал келатат. Үйүн көздөй келатат. Акырын басканы, бою, китеп колтуктаганы, кийими, баары-баары жагат Кансулууга.

— Абзий, мен сага бир нерсе берейин аласыңбы?

— Бир нерсең эмне?

— Бир нерсе да, анан үйгө барганда көрөсүң?

— Бер, алам.

Кансулуу Абзийдин колуна кагазга оролгон бир нерсе карматты да, кызык бир абалда, бир нерсе айтайын деп кыйла турду да, ошол сөзүн айта албай өзүнүн көчөсү тарапка карай чуркагысы келип, бирок чуркай албай, шашып кетти.

Абзий үйүнө барып бир сындырым нан алды да, кагазга оролгон нерсени эч кимге көргөзбөй койнуна бекем жашырып чай кайнамча жүрүп дарыя боюна барды. Жүрөгү ордунда турбай, кагазда бомба сакталгансып, ал азыр эле атыла тургансып, элеңдеп алжак-булжакты карап, суу боюндагы чычырканактардын арасына кирип, анан бирөө колунан жулуп ала тургансып тез ачты.

Колдо сайылган бет аарчы – дасормол. Открыткада түркүн түстөгү түр калем менен боёлуп жазылган төрт сап ыр:
«Шабдоолунун паригин,
Ийип алчы көрөйүн.
Мени таштап бирөөнү
Сүйүп алчы көрөйүн».
Абзий шашып калды. Кыйла ойлонуп турду. Бет аарчыны жыттап көрдү. Атыр жыты. Анан элеңдеп дагы эки жагын каранды. «А» класстагы Кансулууну эстеди. Аны байкабаптыр. Ырын жаттап алды. Бет аарчысын бирөөлөр көрүп койбосун деп сууга ыргытты.

Кооздолгон колдо сайылган, эчен түнү кыздын жаздыгынын алдында кастарланып жаткан жүз аарчы сууга ыргытылары менен адегенде өзүндөгү атыр жытты сууга аралаштырып, анан айлампада төмөн агып кете албай кыйла айланып турду да, кийин гана суунун иримине кирип көрүнбөй калды…